Урматтуу поэзия күйөрмандары, «Турар» басмасынан белгилүү драматург жана жазуучу Султан Раевдин «Антистандарт» аттуу ырлар жыйнагы жарыкка чыкты!

Аталган  китептин биринчи барагы төмөнкү ыр саптары менен башталат:

Анти дүйнөм, анти оюм, анти чөйрө,
Өзүмдү өзүм чакырып эрөөл талаа,
Стандартын көкүрөктүн жырткым келет,
Чыркыраган чындыкты чаңда калган,
Чыйкан сымал денемден сыккым келет.

Китептин баш сөзүн жазган белгилүү акын Сагын Акматбекова автор жөнүндө: «…учурунда ошол эле Уолт Уитмен, ошол эле Маяковский, ошол эле Рамис Рыскулов поэзияга алып келген, жадатма стандартка, ашмалтай уйкаштарга камалбаган, сыйбаган, от десең оттой, суу десең суудай, шамал десең шамалдай сергитме, эргитме, илептерди, ритмдерди сезип, сүйүнүп, таң калып… эски дүйнөм жаңыргансып, тыштагы жамгыр дагы башкача жаап аткансыйт… Көрсө, биздин Султан Раев кашкөй кара сөзчү, чебер романист гана эмес, ырайлуу, чырайлуу, ойлуу, сезимдүү турмуштун өзүндөй одур-будур, ойку-кайкы ырларды жазган акын экен…» – деп белгилейт.

Аталган китепти издеген окурмандар, С.Раевдин ырлар жыйнагын борбор калаабыздын «Нуска» китеп дүкөнүнөн таба аласыздар! Китептин жарык көрүүсүнө колдоо көрсөткөн – Улан Турдалиев.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *