ӨНӨРКАНА

Арабызда бүгүн Мурза Гапаров да, Алым Токтомушев да жок. Экөөнүн тең көздөрү өтүп кетти. Экөө 2001-жылы «Агым» гезитинде «Гяпкана» рубрикасын ачып, адабият-маданият жаатындагы өтө талылуу жагдайлар туурасында сандан-санга сукбат куруп суктандырышкан. Мурзакенин өлөр алдындагы эң мыкты маектеринин бири ошол маек болуп калды…

Кийин аталган маекти талантуу жазуучу, белгилүү публицист агабыз Абдыкерим Муратов «Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны» аттуу китеп түзүп чыкты. «Коом жана Мен» сайтынын окурмандары үчүн Алым Токтомушев өзү иштеп берген «Жаңы Ала-Тоо» журналындагы вариантын сунуш кылууну эп көрдүк. Андагы маектешүү өткөрүлгөн күндөрдүн ирети так сакталбаган учурлары бар экен, б.а., мурдараак алынган маектер кийинирээк берилет, муну А.Токтомушев окуялардын ырааттуулугу үчүн атайын жасаган сыяктанат, биз да ошол бойдон калтырдык. 

Маек башында А.Токтомушев окурмандарга минтип эскертет: «Булар – бир кыйла ай, күндүн «башын жеген» интервью. Гезит үчүн алгам. Андан аз өтпөй үлкөн жазуучудан айрылып калдык. Өзү да өмүр өтөлгөсү бүтүп баратканын сезгендей, оюнда жүргөндөрдү, жүрөгүнө жашагандарды аз да болсо, олуп-чолуп да болсо айтып калууга ашыккандай айтыптыр. Ооруп жүрдү эле, кытай табыптарга акча төлөп дарыланып аткан. Өзү өтө көркөм адам болгону менен басма сөзгө койкоңдоп чыга бергенди жактырчу эмес. Мен аны араң көндүргөм. Дагы далай сүйлөп берүүгө макулдаткам. Атүгүл тоо этектеген бир дүкөндүн бурчундагы кафетерийди «Гяпкана» атап, ошондон жолугуп турчубуз. Тилекке каршы, үлгүрбөй, бүтпөй калдык».

Албетте, бул маектер башка чыгармаларынын ичинен никесиз баладай бааланышы ыктымал. Арийне, никесиз бала никелүү баладай эле төрөлөт.

Алым ТОКТОМУШЕВ

ЧЫНЫГЫ ТАЛАНТТАРДЫ КЫРГЫЗСТАНДА ЖИНИККЕН АТТАРДАЙ АТЫП САЛЫШАТ

– Мурзаке, кийинки учурда атыңыз угулбай кетти. Китептериңиз чыкпайт, пьесаларыңыз коюлбайт, кинолоруңуз тартылбайт дегендей. Бура сүйлөгөндө, акыркы 5-10 жыл ичинде «Эл жазуучусу» деген наамыңыз эле эске түшөт…

– Заман ошондой болбодубу. Кыргыздын кайсы жазуучусунун аты кыйратып чыгып атат? Ошолордун биримин да. 4 жылга айланып баратат, 34 басма табак китебим басмаканада жатат. Эмне десе, акча жок, каражат жок дейт. Килейген китеп өндүрүшүндө жок акча менде болмокпу? Кыргыз өкмөтүндө жок акча менде болмокпу? Спонсор же продюсер таба турган мүмкүнчүлүгүм жок. Өзүң билесиң, бирөөгө сурамчылап, тилемчилеп барганга да талант керек экен. «Невостребованный» деп коюшат го жазуучулар, эч кимге кереги жок эл болуп калдык. Көпчүлүгү тирүүнүн өлүгүнө айланды. Китеби чыкпаса, эл окубаса, ошондой болот да. Кинону алалы. Бир кезде кыргыз искусствосуна атак-даңк алып келип, кадыр-баркын көтөрдү эле. Эртең 60 жылдыгын белгилейбиз деп атат. Бир кезде тартылып, хрестоматияга айланган кинофильмдер, хрестоматияга айланган киночулар менен тосот. Жаңы эч нерсе жок. Актан Абдыкалыков өңдүү 2–3 жаш режиссерду айтпаганда. Театр деле ушундай.

– Абалдан кантип чыгабыз?

– Мен кайдан билем. «Билем» деп бийликке эптеп илингендер билбей атса, мен кайдан билем.

– Маселени башкача коюп көрөлүчү. Эч кимге керегибиз жок болуп калды деп атасыз. Эмне үчүн Сиз, мисалы, Казакстанга керек болуп калдыңыз? Жакынкы эле жылдары 2 пьесаңыз Казакстандын 4 театрына коюлду. Азыр жаңы пьесаңызды сурап атыптыр. Эмне, аларда драматургдар жетишпейби же Сизден начарыраакпы?..

– Аякта мамлекеттик мамиле башка. Адабиятка, кино, театрга, деле мүлдө рухий турмушка мамиле башка. Маданиятсыз эл – эл болбой каларын билишет казак агайиндер. Патриоттук сезими өскөн эл. Телевизордон көрүп турдуңар го, президент өткөн жылды: «Маданиятты көтөрүү жылы» деп жарыялады. Казакстандын президентинин айтканы айткандай аткарылат экен, резонанс катуу болду, бай жигиттер колдоп кетти. Меценаттар клубу ачылды. Жылдын аягында көркөм ишмерлерге жаш меценаттар сыйлыгы берилди. 3 миң доллардан 10 миң долларга чейин. Канча жазуучу, артист, киночулар алды. Сыйлык тапшыруу кечесинде биздин Айтматов байбичеси менен отурду. Сөз сүйлөдү. Акылдуу сөздөрүн айтты. Эмне үчүн ошол  сөздү, акылды бизге, биздин чоңдорго айтпайт?..

– Кыргыз киносу Айтматов кеткенден бери түшүп кетти деп атышпайбы?..

– Таппасаң сыйпалап кал! Кыргыз киносун Айтматов жасаган жок. Айтматов кыргыз киносунун эсебинен жашады. Кадыр-баркы менен, бийликке жакындыгы менен акча бөлдүрүп келип, кошоматчылардын койлорун жайнатып сойдуруп, бүт чыгармаларын экрандаштырды, гонорарларын алды.

– Казакстанга коюла турган жаңы пьесаңыз Бакен Кыдыкееванын эстелигине арналат экен…

– Ооба, «Өткөн жылдын кары кайда?» деген бир актылуу пьеса. Аялым – Галина Гапарова экөөбүз жаздык эле. Бир топ жыл болду. Алматы жаштар театрынын баш режиссеру коём деп атат. Кыргыз театрларына көрсөткөнүбүз жок. Жогоруда айтпадымбы, көрсөтсө эле акча сурайт, спонсор тап дейт. А казактар, айталы, Караганды театрына коюлган пьесам үчүн 500 доллар салып жибериптир. Өзүбүз үчүн эле жазганбыз…

– Үйдөн эле ойноп коёлу деппи?..

– Үйдөн окуп коёлу деп. Бир отуруп эле жазып салдык. Бакен Кыдыкееванын трагедиялуу өлүмү катуу таасир этти. Тирүү кезинде ал кишиге арнап бир пьеса жазып, а кишини ойнотуп, өзүм кумардан чыксам деп кыялданчумун. Тилекке каршы, пьеса жазылган жок, а кишинин көзү өтүп кетти. Өтө трагедиялуу өлүм болду. Ал атпай журтка белгилүү окуя. Көмүү зыйнатына катыштым. Кыргызстандагы художниктердин тагдыры ошондо тартылды көз алдыма. Көрүстөндөн үйгө, почти, көз жаш менен келдим…

– Көмгөнгө республика чоңдорунан эч ким барган жок дейт го?..

– Чоңдордон келген жок. Бирок эл азан-казан болуп жакшы узатышты. Жаман өлдү да. Ошол өкмөт менен партия, ошол Ак үйдүн 7-кабатынан 1-кабатына чейинки аткаминерлер, эженин толгон-токой достору, толгон-токой душмандары, атүгүл ойноштору, эженин миңдеген күйөрмандары, артистмин, акынмын, жазуучумун деп дердеңдегендер, анын ичинде мен да бармын, өлтүрүштү. Өмүрүнүн акырында ал-абалын сурабай, тагдырын бөлүшпөй, өзү түбүн түптөшкөн театрына да киргизбей, өзү менен өзү болуп, акчасыз, нансыз, үстү-башы жупуну, жапжалгыз жашатып өлтүрүштү. 31-декабрда өлүп атпайбы. 18 күн моргдо – өлүкканада жатып калыптыр. Издеген киши жок, сураган киши жок. Сураса 31и күнү телефон чалбайт беле. 1-январь күнү чалбайт беле. 15-январда чалбайт беле. Жаңы жылы менен куттуктап, бир ооз жылуу сөз айтып койбойт беле. 18-күнү табылып атпайбы. Коштошордо кандай гана көшөкөр сөздөр айтылган жок. Кыргыз ушундай. Өлгөнүңдө айтат. Тирүүңдө мойнуна кылыч такасаң да, оозунан жылуу сөз чыкпайт. Ойноп жүрөт, ичип жүрөт, чычып жүрөт дейт. Колуңдан бирдеме келип турса, бийлигиң болсо айтат жылуу сөздү. А чыныгы художникте каяктагы бийлик, каяктагы байлык…

– Мени да ушундай тагдыр күтүп турат дегениңизби?..

– Мени эле эмес, бардыгын. Чыныгы художниктердин тагдыры ушундай болот. Айрыкча Кыргызстанда. «Жиниккен аттарды атып салышат, туурабы?» деген кинофильм бар го. Туура, чыныгы художниктерди жиниктирип туруп атып салышат. Алыкул, Таттыбүбүнүн тагдыры ошондой болбой койду беле? Пьесанын таржымалы ошондой. Үйгө буулугуп келдим дебедимби, эжеге болгон мамилемди эстедим, сүйүүмдү эстедим, аялыма айттым, пьеса жазалы, бенефис үчүн жазалы деп. Бакен Кыдыкеева ойнобой кетти, менин кыялымда ойносун деп…

– Пьеса мага бенефис эмей эле реквиемдей таасир калтырды. Пьесада эже ушунчалык сүйгөн бир киши бар экен. Айтып атпайбы: «Миң бир ойношум бар, бирок сени гана сүйөм» – деп. Болгон окуябы?..

– Жок. «Миң бир түн» деген жомок бар эмеспи, мен ошону перефразаладым. Тиги киши да: «Миң бир киши менен өбүшсөң өбүшө бер, мен кызганбайм, бир билгеним, сага эч качан кир жукпайт» – деп айтат эмеспи. Мен бул жерде бытовой жагын айтканым жок, символдоштуруп жатам. Ар элдин ардактаган кишилери болот, Б.Бейшеналиева, Т.Турсунбаева, Б.Кыдыкеева сыяктуу. Алар деле адам да, айрыкча аялзатына көп эркектер көз артат. Анан алардын тирүү кезинде артынан чын да, калп да сөздөр көп ээрчийт. Кыдыкеева деле ошондой болгон, тирүү кезинде. Көзү өтүп кетти. Эсибизде эмнеси калды? Жаркын таланты калды. Кир жукпайт дегеним ошол. Каарманым айтканы – менин айтканым. Андай кишилерге кир жукпайт, баткак чачсаң да жукпайт. Мезгил мөлтүрөтүп жууп салат. Бүгүн жуубаса, эртең жууйт. Баса, француз художниги Модильяни жөнүндө кино бар эмеспи, «Монпарнас, 19» деген. Модильянинин ролун Франциянын улуу, сулуу актеру Жерар Филипп ойнойт. Көзү өтүп кетти. Б.Кыдыкеевага кандай тиешеси бар? Кайсы бир жылда эжебиз Парижге барат. Эжебиз да тири укмуш сулуу киши эмес беле. О, анда ого бетер болуп-толуп турган убагы. Банкетте Жерар Филипп менен бирге болуп калдык дейт. Ошондо айтыптыр: «Сага арнап атайын фильм тартып, башкы ролго чакырам» – деп. Чакырган жок. Бирок тагдырдын тамашасын кара, эженин өмүрү Ж.Филипп ойногон каармандай бүттү.

2001-ж., 16-ноябрь 

Уландысы мында

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *