(1-маек)

«Өлгөн башка, мени көөмп жатышат»

– Мурзаке, өткөн жумада кайран эжебиз Бакен Кыдыкееванын күйүттүү өлүмү тууралуу кеп кылдык эле. Бүгүн дагы бир көйкашка талантыбыз Болот Бейшеналиев менен коштошуп, чын жайга узатып келатабыз. Кыязы, бул дагы бир өткөн өмүрдүн өктөсү болуп калды сыяктанат?.. Болот менен акыркы ирет кай жерден жолуктуңуз?

– Жолукмак түгүл чогуу жүрбөдүкпү. Кыргыз киносунун 60 жылдык тоюнда кыргыз киночулары жана башка жерлерден келген коноктор менен өбүшүп, жытташып, бакылдашып, бокалдашып чогуу болгонбуз. Анан эртеси эле үрөй учурган ушул кабар угулуп атпайбы. Сүрүштүрүп, сураштырып келсем, Боке жүрөгүнөн кетиптир, кечке тойлоп, ойноп жүрүп кыйла арып-чарчаган окшойт. Түндөсү башка киночулар үйүнө жеткиргенден кийин эле кете бериптир. Анан бир кызык деталды уктум. Геннадий Базаров, биздин досубуз, Болотту өзүнүн киносуна тартып жүргөн ардактуу режиссерубуз аялына айтыптыр, ал менин аялыма айтыптыр, ошолордон уктум. Салтанат филармонияда өткөн, филармониянын сахнасына коюлган экранга көзү өтүп кеткен биздин киночулардан кино кадрларды көрсөткөн. Ошону көрүп бүткөн соң Геннадийге: «Гена, мынабу өлгөн кесиптеш кайрандарды карап отуруп, жүрөгүм ооруп чыкты» – дептир. Ошону менен жүрөгүнөн кете бербедиби. Биздин турмушта жүрөк ооруй турган нерселер көп болуп атат.

– Болот менен аябай жакын болсоңуз керек?

– Сырдаш, муңдаш болчубуз. Стакандашып калчубуз. Ал арак, мен вино иччүмүн. Мага өзүнүн башынан өткөн киного, театрга, кесиптештерине байланыштуу не бир кызык окуяларды айтып берчү. Кыргыз актерлорунун ичинен киного эң көп тартылган Болот болчу. Кино жагында анын кадыр-баркы абдан зор эле. Болот сыяктуу 100 киного тартылган кыргыз жок. Кыргызстанда туулалек. Бүт союзга, дүйнөгө таанымал болчу. Чыкканда эле чагылгандай жарк этип чыккан. Андрон Кончаловскийдин «Биринчи мугалиминде» баш роль ойногон. Андрей Тарковскийдин «Андрей Рублев» фильмине тартылган. Өзүң билесиң, экөө тең дүйнө кулагын дүңгүрөткөн режиссерлор. Анан Бокенин окуялары оңой болмок беле. Мен айтчу элем: «Эй, Боке, жаз, көркөм өнөрдүн да, сенин да өмүр баяның болуп калат» – деп кан какшачумун. Көп жолу, көп жылдар бою. Бар болгону акыркы эки жылда айтып калды: «Мырза, сенин айтканыңды эми аткарып, эми жазып атам» – деп. Эми китеп жазылбай калды, чыкпай калды. Кыргыздар ушундайбыз да: кенебейбиз, өлбөстөй болуп жашай берип, бир күнү өлүп калабыз.

– Бокенин тагдыры да татаал болду сыяктанат?

– Кайсы чыныгы таланттын тагдыры татаал болбой калчу эле? Өзү театр актеру болчу. Ташкенттен бүтүргөн. Бирок театрдан багы ачылбай, бир кирип, бир чыгып жүрдү. Көп жылдар Москвада жашап, «Мосфильмде» иштеди. Бир чети Москвада иштегени актердук мансабына жардам берди. Аякта талантты жакшы ардактайт, жакшы тааныйт. Көп элдердин, чет өлкөлөрдүн кинолоруна тартылууга шарт түзүлдү. Бирок улгайган сайын Ата Журтун сагынып, эңсеп дегендей баса берди да.

– Мүмкүн Москвадан келбей койсо жакшы болот беле, быякта ишсиз калды да?..

– Бокемдин иштей турган жери кино болчу, театр болчу. Кино тартылбай калды. Театр болсо түшөр жерине түштү. Ар кайсы кокту-колоттогу байлардын, бектердин же совет доорунда жашаган көрүнүктүү адамдардын өмүр баянын коюп атат академиялык деген театрыбыз. Себеби алар кайсы бир чоңдун ата-жотосу болуп чыга келет. Алар өкмөттөн акча бөлүп, же бир бай сүрөөнчү таап берет. Бекер эмес экендиги белгилүү. Ал 2–3 жолу коюлат. Ошо бойдон оомийин, түшүп калат. Боке ошолорду ойномок беле? Ал оболу Жаштар театрына орношту. Андан чыгып кетти. Театрларда иш деген аты эле бар. Символикалык иш бардыгы. Айлыгы арабага түшкөнгө жетпейт. Өткөндө казак театрлары тууралуу сурагансың. Киносун сурасаң болмок. Казак киносу баягыдай эле гүлдөп, өсүп-өнүгүп атат. Б.Бейшеналиевди да чакырып, тартып жүрүштү. Баласы экөө тартылып келип атканын айтчу. Өлбөй турган каражатты ошояктан тапчу. Бул жаатынан экөөбүз тагдырлашпыз. Өгүнү айтпадым беле, облустук театры эле мага 500 доллар салып жибериптир, гонорарың деп.

– Бирок бир жолу Король Лирди ойногондой болду го?

– Ооба. М.Рыскуловго арналып, өткөн жылы эл аралык театр фестивалы болду. «Король Лирди» Искендер Рыскулов койду. Абдан таланттуу режиссер. Жакшы атанын, жакшы эненин баласы. Ташкент, Москванын билими бар, Европанын маданияты бар, ыйманы ысык жигит. Кийинки жылдары аны да анчалык тоотпой, куугун-сүргүн кылып жүрүшөт. Ичет, тиги-бу деп. Кор болуп келатат. Быйыл 60ка толду. Кыргызбайлардын бири унчуккан жок го, оозуна ысык талкан куюп алгансып. Мунун тагдыры да Б.Кыдыкееванын тагдырына келатат. «Король Лирди» да өз театрына – академтеатрга койдурбай атпайбы. Чүй облтеатрына коюп атат эки дөө – Б.Бейшеналиев менен И.Рыскулов. Мен жюри төрагасы элем. Академтеатрга түркмөн режиссерун чакыртып койдурушуптур. «Король Лирди». Жакшы спектакль болду, мен аны чанбайм. Бирок мага Б.Бейшеналиев менен И.Рыскуловдун варианты жаккан. 1-сыйлыкты ошолор алсын же экөө бөлүп алсын деген сунуш айткам. Жюри мүчөлөрү макул деп туруп эле буйтап кетишти. Күн мурунтан чечип коюшуптур, сатылып кетиптир, сукин сындар! Ишсиз, кыргыз искусствосуна ошентип «невостребованный» калуу да анын өлүмүн тездетти болуш керек. Чыгармачылык анүчүн кубаныч, рахат болчу да. Андан ажырап атпайбы. Жөнөкөй эле кишинин колунан ишин алып, отургузуп кой, өлүп калат эки жагын каранып атып. Өзүн керексиз киши сезип калат. Албетте, ишин сүйсө.

Караколдо мындай бир окуя болуптур. Бир ажайып мугалим аял жашачу экен. 70 жашка чыкканча эр деле күтпөптүр, үй деле курбаптыр, бала-чака туубаптыр. Бүт өмүрүн мектепке, балдарга бериптир да. Калп айтпасам, Караколдун жарымы ошол кишиден окуптур. Химиядан берчү экен. Кимди болбосун: «Атаңды окуттум эле, ал мындай эмес болучу, сенин эмне кылганың» – дечү дейт. Кийинки жылдары завуч болуп иштептир. Мектепке эртең мененки саат 6да кетип, үйгө кечки 8–10до келчү дейт. Өзүнүн курдаштарына, коңшу-колоңдоруна, ылым санагандарына: «Мен мектептен кеткен күндүн эртеси өлөм» – деп койчу экен. Ошондой болуптур. Сырдакана деректир борборго чоңоюп кетип, ордуна 28 жаштагы келин келген экен, пенсияга барыңыз деп приказ чыгарып салыптыр. Байкуш киши приказын көтөрүп көрүнгөн таанышына: «Мени айдап жиберишти» – деп арыз-арманын төгөт имиш. Караколдуктар аны ушунчалык ардактап, сыйлайт экен: «Биз муну жөн койбойбуз, эртең арызданып, кайра ордуңузга койдурабыз» – дешет. Эртеси кеңешели деп барса, өлүп калыптыр дейт. Өз үйүндө, жапжалгыз. Б.Кыдыкеевага, Б.Бейшеналиевге окшогон сахнасыз, экрансыз жашай албаган адамдар азыр Кыргызстанда ошондой акыбалда калды да…

– Бейшеналиевди узатуу зыйнатында мамкатчы О.Ибраимов сөзүндө: «Айрым жазуучуларыбыз сатылгыч журналисттерге интервью берип, артисттер, жазуучулар кароосуз калды деп, бийликти каралап атат» – деген мааниде айтып кетти. Кыязы, сиз менен биздин Б.Кыдыкеевага байланыштуу маегибизди эске алып атса керек…

– Азыр көркөм өнөр, анын өкүлдөрү жөнүндө сөз кылган, анын таламын талашкан кишилер аз. Акын, жазуучу, артист, художник, композитор-музыкант дегендерибиз көп учурда суу жүрөк болушат. Бийликтен коркушат. Экинчиден, бийликке болгон үмүтү да чоң: бир нерседен – өздөрү өтөбөгөн атак-даңк, наам, сыйлык, орден-медалдан үмүт этип турушат. Же тынч жашагысы келет. Базары бар, магазини бар, бизнеси бар, кызматы бар кишилер Ак үйгө асылбай тынч жашагысы келет. Ошон үчүн жер өрттөнүп атса да унчукпайт. Ошентип максаттарына жетип, орден, наам алып атышат. Аны алгандар кийин бергендерге каршы сүйлөйт деп ойлобо! Өмүр бою бергендердин этегине намаз окуп, кул болуп жүрүп өтөт. Бул кесиптештеримди билем. Калыс ойлонгон саналуу эле киши бар, алар да кыргызчылыгынан, жалкоо, энөөлүгүнөн ачык айтпайт. Үн чыгарып айтпайт. Осмонакун Ибраимовдун жөнү башка. Билгенин, мээси жеткенин айтат да. Менин таңгалганым: андан кийин сүйлөгөндөрдүн дээрлик бардыгы аны сүрөп, колдоп: «Осмонакун Ибраимович айткандай» деп, бир ооздон тоту кушча кайталап атпайбы. Ошондо ойлоп кеттим: биз кимди узатып, ким менен коштошуп жатабыз? Болот Бейшеналиев мененби же Осмонакун Ибраимов мененби?.. – Юрий Кузнецовдун ыры бар, мен котордум эле: «Күн чак түштө чырак кармап басышат, Өлгөн башка, мени көөмп жатышат» – дейт. – Дал ошондой!

Алым ТОКТОМУШЕВ2001-ж., 23-ноябрь

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *