Шакен МАМБЕТАИПОВА

ПОЭЗИЯ 

КАМЧЫ
Уулум! Ме, бу камчы сен үчүн.
Учунда улуулук жолу бар.
Өрүмүн жакшылап карасаң
Өнөрдүн тарыхы жолугаар.

Манастын колунда ойногон
Мына эми, сага өттү кыйладан.
Жеңишке сүйүнүп баатырлар,
Жеңилсе таянып ыйлаган.

Арка кыл көңүлгө ар дайым,
Атаңдын арнаган жөлөгүн.
Сагынсаң сабырдуу карап кой,
Сага өткөн калкыңдын өнөрүн.

Илип кой төрүңө, кулунум.
Бабаңдын байыркы камчысын.
Ийилип душмандын зулуму
Бийиктеп зоболоң жаркысын.

САБАА
Жайдары, күйөөсүнө көзүн кысып,
Жаш келин күрпүлдөтө сабаа бышып,
Жылаажын күлкү кошуп сунган кымыз
Жыргатат, жылкычынын дили кызып.

Жароокер мүнөзүнө көңүлү ысып,
Жалбырттайт көөдөнүнө жарын кысып,
Ортодо шыбырашып көбүк чертет
Ожого куйган кымыз келин бышып.

Жүрөгү андай кезде күлүк минип,
Жаштыгы гүл өмүрдүн балын шимип,
Алоолойт ал мезгилдин шам чырагы,
Артылып ал жалынга сезим билик.

Жайлоонун гүлүн кечип, күлкү күрөп,
Жаштыктын жаңы үйүнө бакыт түнөп,
Жетүүгө максатынын марасына
Жебедей сызып барат жанын үрөп.

Ак гүлдөй назик келин, сөзү сылык,
Ал бышкан сабаасынан дүбүрт чыгып,
Жылкычы кыялында айдап барат,
Жылкысы түрмөктөлүп таскак уруп.

ТҮНКҮ ЖАЙЛОО

Түн бетин кайчылап,
Түндүктөн ай чыгат.
Үргүлөйт жерге ооп,
Үлбүрөк май чырак.

Көңүл от дүрт этип,
Көшөгө бүлк этип.
Эшикке кыз чыгат,
Эргилчек кыйч этип.

Ай көктө жалдырап,
Алтын нур жандырат.
Баладай уйкуда,
Бардык жак магдырап.

Тынчтыкты сындырып,
Капыстан сыр кылып.
Койчу атат мылтыгын,
Карышкыр «чыр» кылып.

Кыз карап алыска,
Кулагы дабышта
Кемпирин ойготот
Чакча издеп абышка.

Боз атты камчылап,
Бозой жан талпынат.
«Кечип көр» дегенсийт,
Кирген суу шаркырап.

Тулпардын туягы,
Жаңыртат кыяны.
Күңкүлдөйт кумайык,
Дабышты туябы?

Каралап ишине,
Кечиксе кичине,
Чоёктойт селки жан,
Чок түшүп ичине.

Ай нурун чайынып,
Алп кучак жайылып,
Шыбыштар башталат,
Ширелүү жалынып.

Карагай — көлөкө,
Көрсөтпөй бөлөккө.
Бакытка малынган,
Бал сүйүү, өрөпкөө.

АК ХАЛАТТАН АЙЛАНСЫН
Булкуп сайып ийнени,
Бузук экен жүргөнү.
Ачык айтсам жарашпайт,
Ак халатты кийгени.

Тырс-тырс басып туягы,
Тыңсынат го сыягы.
Кыйкым таппай кыйкырган,
Кызык экен кыялы.

Суроо берсек силкинип,
Суук сөз айтат бир тийип,
Ийибеген байталдай,
Имерилбей тиртийип.

Жаман көрсө кылыгын,
Жыйып-терип кайра алсын.
Же болбосо андайлар,
Ак халаттан айлансын.

УУЛУМА
Каалаганга каймактай калпынып кой,
Кара ниетке өзүңдөй тартынып кой
Орду менен айтылган акыл сөздү,
Олжо толгон куржундай артынып кой.

Кекенгенге мылтыктай атылып кой,
Кең пейилге берметтей чачылып кой.
Кутман ойлуу, акылман адамдарга,
Кулпусу жок эшиктей ачылып кой.

Кашандыкты капталга теминип кой,
Бошоңдукту болоттой жемирип кой.
Калыстыктын саа тийген токмогуна,
Кур намыска чиренбей жеңилип кой.

ЖАМАН ПЕЙИЛ ЖАКЫНЫМА
Көңүлүмдүн ириңдеген жарасын
Көрүп туруп тырмагыңды маласың.
Өчүң болсо матыра түш манжаңды,
Тагдыр ошол! Канашынча канасын.

Жаратылыш жазып койсо не чара?
Жарты канат жаралсам мен бечара.
Жанч жүрөктү, жанчыш үчүн жаралсаң,
Жаны чыгып кетсе гана тез ара.

ҮМҮТ
Түйшүктөрдүн далайына жешилип,
Түтпөй барат ден соолугум кетилип,
Жаңы гана бир жыртыгын жамасам,
Жан жагынан дагы бир жер тешилип.

Боордун тушу сүзүлгөндөн кылайып,
Боз жамачы бастырганмын муңайып.
«Бүттү го» деп копшоп көрсөм өзүмдү,
Бөйрөк тушум дырт дей түштү булайып.

Издеп жүрүп ден-соолукка жамаачы,
Иргелбестен өттү мезгил арасы.
Жаңы гана көктөп-сактап козголсом,
Көрүнүүдө ашказандын арасы.

Ак халаттан жардам сурап, жалынып,
Аны дагы бүтөп койсом, жаңырып
Жүрөк барат жалкоо тартып иштебей,
Жүрүп-жүрбөй, ирети жок кагылып.

Күлгүн кездин күнү батып кеч кирип,
Гүл өмүрүм картаюуда эскирип.
Төркүлөтчү түрү бар го бул жалган
Түбөлүккө жер энеме жеткирип.

Жашайм, жашайм, көтөрөмүн баарысын,
Жан курусун, издеп жакшы дарысын.
Өлбөс үчүн дары жасайт деп уктум,
Аз чыдайын, сатып калаар анысын…

Ш.Мамбетаипованын поэзиясын таануу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *