Каныбек ИМАНАЛИЕВ

ГЕНИЙ ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА

  1. …Артыбызда Москва! Бир кадам да артка чегинүүгө акыбыз жок. Мына ушундай ураан менен казак жана кыргыз жергесинен келген эр жүрөк панфиловчулар Москванын Дубосеково разъездинин жанында өлбөс-өчпөс эрдигин көрсөтөөрдүн алдында ал жерде Саякбай болуп, Манас айтып, рух дем берип кайткан.

…Кыргызстандан фронтко атайын өнөрпоздордун делегациясы келип, белектерин беришти. Жылуу чыптама, калың жумшак мээлей. Андан башка кыргыздын боорсогу, чучук, казы-карта, эт. Минтип кан күйгөн согуш болуп жатса да кыргыз меймандостугунан, наркынан жанбайт экен го. Тылдагы келин-кезектер, энелер аманат кылып белек-бечкектерин берип жиберишип атышса анан…

…Сакең болсо Манас менен келди…

…Ошондо Москвада декабрдын кычыраган суугу эле. Ок жыттанган, мылтыктын үнү гана угулган согуш талаасы. Жыш орус токоюнун ортосунан жалгыз жол өтөт. Ошол жол фашисттер менен бетме-бет кармашка алпарат. Алар алыс эмес. Ошол жолду этектей казылган окоптордон советтик солдаттардын эле баш кийимдери көрүнөт. Кээде эле үзүл-кесил жөтөлгөн үндөрү угулат. Үшүсө да, жөткүрсө да бу алар үчүн өз жери эмеспи. …А жиниккен душмандарды айтпайсыңбы, башканын жерин басып кирип, элин өлтүрүп, жерин тартып алып жатканын. Мына ушул окоптордогу жашоого да жоокерлер көнө түшкөндөй. Жашаган үйү да, коргоноор чеби да, уктаган төшөгү да ушу согуш талаасы. …Октор, мылтыктар. Сакең мергенчилик ышкысы ойгонуп, не бир эчен түркүн курал-жарактарды бир сыйра көз жүгүртүп карап алды. Сакең согуш жытын сезгенде өзү кылыч менен куралданып, басмачылар менен кармашкан Кызыл Аскердеги күндөрү эсине түштү.

— Жолдош командир, кезинде кылыч кармап мен да согушта болгом. Мүмкүн болсо согуштун алдыңкы сабына чейин душманга жакыныраак, бетме-бет келген жерине чейин барып келбейлиби, — деди манасчы.

— Менин агам да кылыч менен Яков Логвиненконун полкунда согушкан экен. Совет бийлигин орнотууга катышкан. Согуштун  алдыңкы линиясына сиздерди алып барууга адатта тыюу салышат. Бирок, сиз мурда кармашты көрүп жүргөн турбайсызбы. Тобокелге салып барып келели, — деп макул болду.

Себеби кечээ түнү бою кыймыл-аракет, катуу үнү менен дастан айтып, жоокерлерге өтө жаккан киши ушу болчу. Өтүнүчүн аткарбаса болбойт.

Командир алдыда, Сакең артынан келатты. Аскердик бөлүк турган жерден бир аз узап кетишти. Анан жыгылган, сынган, снаряд талкалап кеткен карагайлар. Ошондой бир жаш балаты сынып жатыптыр. Күйүк, ок жыттанат. Кара майдын жыты да кошо келет. Бу жерде кечээ эле кан күйгөн согуш болгондой. Саякбай өзөгү онтоп жаткандай сынган балатынын бутагын кармалап, жыттап, ал жакты бир аянычтуу карап, анан балатынын наристе бутагын кайра түбүнө этият койду, этин оорутуп албайын дегенсип.

Ага лейтенант анын баарын көрүп, баамдап турду.

— Бу жаш балатыга убал болот го, айрыкча жаз келип, жандана баштаганда. Жарака кеткен жеринен кыя араалатып салсаңар мүмкүн жашап кетээр, — деди манасчы.

— Биз болсо дарак сынмак түгүл, адам курман болуп атканына да көнүп калганбыз. Бирок, сиз өтүнүп жаткан соң, сөзсүз аткарабыз, — деди командир, анан андан ары барып акыркы траншеяны көрсөттү.

Экөө ал жакка секирип түштү. Көзмөтчү командирге честь берип, жагдай боюнча маалымат берди. Блиндаж кууш, өтө узун экен. Жоокерлердин деми менен жылып аткандай. Ушу жерде күн батырып, тамак бышырып, таң атырып атышкандыктан, өзүнчө бир турак-жайга окшой түшүптүр. Тигинде болсо түнкүсүн күзөттө болуп келген алты жоокер уктап жатат.

Аскерче эмес, карапайым артис кийим кийип келгенин сезгендиктен заматта отуздай киши блиндажда чогулуп калышты.

— Кароолдогулар жана кезметтегилер өз ордуларында калышсын, — деди ага лейтенант.

Ат чабым жерде фашисттик аскерлер жайгашкан. Атса мылтык жетет. Кыйкырса үн угулат. Анан ушундай жерге келип Сакең тим кетмек беле.

Ошентип согуштун эң алдыңкы сабындагы жоокерлерге окоптун ичинде эле Сакең улуу сөздү баштады. Адегенде жомок айтып жаткансып жобурап, кобурап, анан ай-талаада аргымак чапкандай буту-бутуна тийбей кетти тээ кайда.

Ал эми жоокерлердин ынтоо коюп укканычы! Моюндарын созуп, муздак жердин сызы өткөнүнө карабай бири-бирине ыкташып, тар окоп өзүнчө бир зор театр сезилип. Көбү орус, украин, казак, кыргыз улутундагылар болчу. …Эми Сакең чуу-кыйкырык салган жерине келди.

Ак асаба, кызыл туу
Айгайлаган ызы-чуу,
Көк асаба улуу чуу
Көк жаңырган улуу чуу.
Дене бойду дүркүрөтүп, жүрөктү титиретип, кечээ кан күйгөн согушта да жоокерлер мындай сезимге кабылган эмес эле.

Кыргызстандан келип, өз мекенин сагынып жүргөндөрдүн көзүнө Ала-Тоонун ак кар, көк музу, адырлуу белестери, албуут дайрасы, көйкөлгөн көлү, туптунук мөлтүр кашка булактары, деги койчу не бир ажайып кооздугу элестеди… Андай жерди душмандарга тепсетүү душмандыкка тете эмеспи. Намыстанышты. Чыйралышты. Кайраттанышты.

Кан Манас кырк чоросу менен ушул жерде жүргөндөй болду. …Бадана кийген баатырлар, …соот кийип сонундар, …эр жүрөк эрендер жүрдү, ушу жерде тегеректеп. Кылычын кантип чапканы, Аккуланын кантип сызып баратканы көз алдыларынан чубуруп өтүп атты.

Айкөлдүн баатыр экендигин, кыргыз элинин бөтөн элге баш ийбес көктүгүн, катылгандын катыгын берген кайратын, жоону чапкан айбатын, кээде кыргын тапканын, кээде бейиште жашап жатканын, Көкжал Манастын арбагы тирүү экендигин айгактап айтты.

Мындай үндү уккан душман жакын жолоочудай эмес. Манасчынын сүрү Манастын сүрүндөй албууттанып баратты. Көз карашы эле кылычтын мизиндей курч. Тешип өтөт. Кыймылын карасаң. Туш келген душманды шилеп келаткандай…

Мына, бүтөөрү менен жоокерлер манасчыны кучактап, ортого алышты. Сакең ошондо кыргызчалап батасын берди:

— Бай да, бий да, баатыр да, коркок да – баарына бир өлүм. Ата-журт үчүн кан-жаныңарды аябагыла! Эр төрөгөн эл өлбөйт. Манастын кырк чоросундай Антка бекем болгула!

Улуу манасчы жоокерлерди эрдикке үндөдү.

Ушул окуядан көп өтпөй панфиловдук дивизиядагы 28 жоокер даңазалуу укмуштай баатырдыгын көрсөтүшөт. Алардын бири өз денеси менен душман пулеметун жапкан Дүйшөнкул Шопоков болчу.  Душмандын чабуулун майтарып, курчоосун жарып чыгып, советтик аскерлерге жолду ачышат. Кыргызстандык дагы бир Бейшен деген жоокер душмандын тогуз самолётун талкалап, эрдик көрсөтүп, курман болот.

Же Сакеңдин Манасын уккан жоокер эч нерседен, эч кимден коркпос эр жүрөк боло түшөбү?

Ошондогу карчылдашкан кармаш, кызыл кыргын болду. 28 баатыр баштарын өлүмгө байлады. Эки күндүн ичинде 400 жоокер курман болду, 600 жоокер дайынсыз жоголду, 100 жоокер оор жараат алды. Жер онтоду ошондо кайгыны көтөрө албай. Ар бешинчи жоокер гана тирүү калды. Алардын арасында мени окуткан агайым Байыс Жумалиев да бар болучу.

Эми бул Саякбай манасчынын деми, руху мененби, же ошондой баатырдык өлүм маңдайларына жазылганбы, түбөлүккө табышмак бойдон калар, эрдиктери жомок болуп айтылып.

ТОГОЛОК МОЛДОНУ ЭСКЕРҮҮ

 

  1. Улуу манасчы жорго сөздүн чебери болгон менен калем сапка жок болчу. Өзү айткандай «калем сапты кармаса «каранар» алаарда эле бир кармап, анан тыштай каччу. Төмөндөгү дагы бир залкар манасчы жана ойчул акын, торгойдун тилин токтоткон Тоголок Молдо тууралуу эскерүүсү сыягы радиотасмага жаздырылып алынып, анан кийин кагазга түшүрүлгөн шекилдүү.

Экөө 1939-жылы Москвадагы декадага чогуу барган. Анан да Тоголок Молдонун Москвада өткөн 100 жылдык салтанатында Сакең эргип Манас айткан.

…Тоголок Молдо менен бир нече жолу жолугушуп, бир канча сөздөрүн уккандыктан ал киши жөнүндө угуучуларга анча-мынча айтып берүүнү милдетим деп сеземин.

1936-жылы бир күнү Илим изилдөө институтуна кирсем, үстөлдүн үстүндө татынакай жазылган кагаз жатат. Эмне үчүндүр көзүмө жылуу учурап кетти. Өзүм кат билбегендигиме ичимен өкүнүп, ошол катты ким жазганын Кусейин Карасаевден сурап калдым. Ал:

— Бул кат эмес, Саке. Муну кол жазма дейбиз, — деп толуп жаткан дептерлерди, барак-барак кагаздарды ары оодарып, бери оодарып көрсөттү. – Муну Абдыракманов Байымбет деген киши жазган. Аны азыр эл Тоголок Молдо деп аташат. Бул киши акын, өзү ыр жазат, «Манасты» да айтат. Ырчылыгы, шайырдыгы, элдин муң-зарына ортоктош болуп, дайым эл менен бирге жүргөндүктөн, эл «Тоголок Молдо дулдулум, топту жарган булбулум» деп жүрүшүп, азыр Тоголок Молдо аталып кетти. Ошо кишинин жазып жиберген ырлары.

Бул сөздү уккан соң ошол адамды бир көрсөм деген ой отурсам оюмдан, уктасам түшүмдөн кетпес болду.

Менин «Манасымды» жазууга Ыбырай Абдыракманов бекитилди. Аны менен бир күнү аңгемелешип олтуруп, Тоголок Молдонун алы-жайын, ким экенин сурасам:

— О кокуй Саке, Тоголок Молдо биздин Тян-Шандык… Ал – чоң акын. Чыгарган ырлары бай-манаптардын жүрөгүнө таамай тийген ок. Азыр ал ушу жерде, эртең эле сизге көрсөтүп, жолугуштурам, — дебеспи.

— Ал кайсы курактуу киши? – дедим мен.

— Ата, Саке ай! Жакшы атты канча асый экен деп тишин ачпа, ал сыяктуу адамдын жашын сурап, көңүлүн баспа! – деп койду.

Эртеси Ыбырай Молдону ээрчип, Алма-Ата көчөсүндөгү 99-номерлүү бир үйгө бардык.

Үйгө кирсек, узун бойлуу кара кемпир отуруптур. Анын оң жагында бачайы жуурканды төрт бүктөп астына салынып, кичинекей, жапыз үстөлдүн жанында бир абышка кат жазып жатат. Сыйда сакал-муруту буурул тарткан, кара сур, орто бойлуу, көздөрү чанагына тереңирээк кирген киши экен.

Салам айтып, учураша келгенибизде абдан кичипейил, сөздөрү ары сылык, ары жылуу, адамдын ичи-койнуна кирген, эрксизден адамды өзүнө тартып алгыч адам болуп чыкты.

Бир аз отургандан кийин менин ким экендигимди Ыбырайдан сурап калды. Ал : «Молдоке, «Манасты» жазып жатпайбызбы… Сагынбайдан кийинки айтып жүргөн манасчыбыз, Саякбай Каралаев деген ушу» деп менин чоо-жайымды түшүндүрдү. Ошондо ал колуна калемин алып, бир далай жазды да: — Мына, мен жазган «Манастын» бир үзүндүсү, — деп Үргөнчтүн боюнда, отуз кыз, отуз келиндин ортосунда Күлчоро Айчүрөк менен жолугушуп турганын ырдап берди:

Башында
Алтындан кылган такыя,
Бул Акундун кызы капия
Аста басып жаркылдап,
Алтымыш седеп, кырк ачкыч,
Көнчөгүндө шаркылдап.
Көк кундуздан кымчат бөрк,
Төбөсүндө жаркылдап.
Көрүнгөндүн көөнү бөлүнүп,
Көрсөң сулуу бейбакты
Көркөмү сонун көрүнүп
Көргөндүн көөнү бөлүнүп,
Канчалыгын айталы.
Бели тутам, бети айдай
Белгилүү сулуу түгөт ай!
Кара жерге кар тамса,
Карды көр да этин көр,
Кар үстүнө кан тамса
Кандан кызыл бетин көр!
Чолпонду көр, көзүн көр.
Шекерди көр, сөзүн көр.
Токсон түрдүү кубулуп,
Келишимдүү бейтаалай
Кер маралдай көрүнүп…
— деген жерине чейин уктум.

Ушундан улам Тоголок Молдону абдан жакшы көрүп калдым. Ал кишинин жашы улгайып калганына өкүндүм. Ичимде колдон келген арга болсо, кайра жыйырма беш курагына алып келсем болбойт беле деп кейидим.

Тоголок Молдонун ар бир сөзү Ала-Тоодон оор, алтындан кымбат болуп угулду. Сыр чечкич, эң жатык, кызыл тилден бал таамп турган адамдын булбулу экен.

Анын ар бир нуска сөзү менин кулагыма чүкөгө кыт куйгандай орноп калды.

Кийин Молдокем менен далай-далай кезиктим. Ал киши менен 1939-жылы Москвада кыргыз элинин декадасы убагында да бирге болдум

Декада бүтүп, өкмөт сыйлык бергенде Тоголок Молдокемдин сүйүнгөнүнөн көзүнөн аккан ысык жаш сакал-мурутун аралап, сымаптай мөлтүлдөп куюлуп турганы күнү бүгүнкүдөй эсимде турат».

Тоголок Молдо 31 манасчынын ичинен «Манасты» кагазга түшүргөн жалгыз өзү болгон.

Сөз эмес бекен, ой эмес бекен, кеп эмес бекен.

САГЫМБАЙ ЖАНА САЯКБАЙ

 

  1. Азырга дейре кээ бир чөйрөлөрдө «Сагымбайдын «Манасы» күчтүү» десе, кээси «жок, Саякбайдын «Манасы» укмуш» деп талаш-тартыш сөздөр уланып келет. Неси болсо да калыс адам, казак, кыргыз элинин даанышманы Мухтар Ауэзов мындай деген бийик баасын берген экен: «Саякбай эпик. Ол сүрөттөгөндө жөн чоро – алп, жай күлүк – тулпар. Эпоско жан бүтүп, каршы жоону селдей каптайт. Сагымбай күчү сөзүндө көбүнчө. Анау кеби өткүр, өздөрү керемет көркөмдүк сүрөткө оролгон касиет айкын кайрат бар чоролордун ар биринде».

Бул тууралуу дагы ушул эле ойду кошумчалап кыргыз элинин чыгаан акыны Жолон Мамытов мындай деген: «Сагымбай – лирик манасчы. Жердин көркүн, табиятты, адамдардын ортосундагы мамилени укмуш сүрөттөйт. Саякбай болсо – эпик манасчы. Окуяны, ат чабышты, айкашты, балбандардын күрөшүн укмуш сүрөттөйт. Анан үнү керемет. Экөө тең залкар, эки бийик тоо сыңары».

Ал эми Сакең болсо кезинде Сагымбай Орозбаковдун талантын бийик баалап: «Эми мындай манасчы чыкпайт» деп кейип айтканы бар. Бул Сакеңдин айкөлдүгү, марттыгы, кенендиги, улууну сыйлагандыгы, Манас дүйнөсүндөгү жүрөгү аруу, таза экендиги. Андан калса, эки залкар ат менен ашса чай кайнамдык жол кеткен бир тоонун эки тарабында жарык дүйнөгө келишкен. Сагымбай Орозбаков Кочкордун кара күңгөйүндө туулса, Саякбай Каралаев Ала-Тоонун күн чыгыш тарабындагы Ак-Өлөңдө туулган. Ортодо эки манасчынын тең балалыгы өткөн Семиз-Бел жайлоосу жатат чалкайып.

Сагымбай манасчы Саякбайдан айырмаланып жар чакырган, элдик ырларды, тамсилдерди, кошокторду көп айта турган. Экинчи бир өзгөчөлүгү, С.Орозбаков куудулдук менен жумушу жок, сөздү шашпай айткан, токтоо, эч жалган айтканды билбеген байистүү жан эле. Кийин «Манасты» жаздырып жатканда эртеси келип, «Түндө түш көрдүм, баланча жери жаздым жазылып калыптыр, кайра жаздыралы» деп улам оңдоп, түздөп отурган. Саякбай өтө карапайым болсо, Сагымбай аттуу-баштуу адамдар менен үзөнгүлөш жүргөн. Билими жок болсо да көкүрөгү кенен, айрыкча зээндүү болгон.

Саякбай негизги каармандарды өтө эле берилип сүрөттөсө, Сагымбай алардын ата-жотосуна чейин кылдат чечмелеген. Мисалы, Бакайдын атасы Бай, Кутубий жана башкалар жөнүндө узак баяндар камтылат. С.Каралаевде эң көркөм эпизод «Каныкейдин жомогу» болсо, С.Орозбаковдо эң элестүү көркөм эпизод Манастын Терек-Суудагы Текес ханды чабышы.

Эки алп манасчынын айтуусунда тең «Чоң казат», Манастын Алтайда калмактар, Кытайдын ханы Алооке, Ооган ханы Шоорук менен согушкандары жана Кошойдун Кашкарга жасаган жортуулдары айтылат. Ал эми кээ бир эпизоддор Саякбайда жок, Сагымбайда болсо кеңири сүрөттөлөт. Маселен, Манастын Орто Азияга, түндүк менен батышка жортуулдары, Айганхан, Ооган ханы Түлкү, Манжу ханы Нескара жана Нукер дөө менен болгон согушу.

Ал эми окшоштугу Саякбайга окшоп жаш этти жакшы көрө турган. Бир койдун этин бүтүн өзү жалгыз жеп, чоң чанач кымызды же бозону өзү жалгыз түгөтүп коё турган. Атүгүл суу кошулбаган бир нече литр таза спиртти кулкулдатып жутуп коюп, эч мас болуп, сөзүнөн жаңылчу эмес. Сакең сыяктуу жаш кезиндеги кыз-келиндер менен болгон окуяларды өтө кызыктырып, кызыгып аңгеме кылчу. Дагы бир окшоштугу, экөө тең бир эле учурда ГПУнун куугунтугунан көп азап чегишкен.

Сагымбай түнү жол жүргөндө көбүнчө көзүнө караан көрүнүп, «тээтиги калдайган караан Алп Манастын колу» деп жаңсап көрсөткөн учурлары көп болгон. Токтогул Сагымбайды «Кыргыздан мындай манасчыны эч көргөн эмесмин, эстен тандым» деп баа берген. «Торгой менен жылан» деген дастаны тилекке каршы эч жазылып калбаган. Ошону менен бирге:

Кур семирген кунандан,
Арык да болсо ат өөдө.
Сан малдуу сараң байлардан
Сарамжалдуу март өөдө,
— деген сыяктуу санат ырларды да ырдаган. Сакең айкырып Манас айтса, Сагымбай күңгүрөнүп Манас айткан. Эң кызыгы, экөө тең бир доордо жашап, бирок экөө эч кезикпеген экен. Бу жараткандын буйругу го. Эки дөөнү жолуктурбайын деген тура.

Кезинде алп жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков мына ушул улуу манасчы Сагымбай тууралуу чыгарма жазууну кыял кылып жүргөндө артынан НКВДнын кишилери сая түшүп алган экен.

Атаганат, кандай улуу сөз айтылбай кетти өзү менен.

БОЗ ТУЙГУН

  1. 1931-жылы Сакең Пишпекке келип, борбор шаардын тынымы жок турмушуна анчейин көнө бербейт. Адегенде Кусейин Карасаевдин үйүндө туруп калат. Анан манасчыны Манаска тиешеси бар окумуштуулар менен тааныштыруу иретинде өз үйүндө эле этнографиялык кече уюштурат. Ага «Кызыл кыргыз тарыхчысы» Белек Солтоноев, кызыл кыргыз профессору Касым Тыныстанов, ошондогу партиялык көрүнүктүү жетекчилер Ыбырай Тойчинов, Осмонкул Алиев, Бөрүбай Кененсарин, Турсун Осмонова, Мамбетаалы Жаңыбаевдер катышат. Маселе – Көлдөн келген манасчы С.Каралаевди угуп көрүп, эгерде сыноодон ийгиликтүү өтсө келечекте Манасты жаздыруу эле. Баарына Сакеңди тааныштырганда бир аз сүрдөгөнү байкалып турду. Антпей, анан өзү да мындай чөйрөдө биринчи болуп атса. Тааныштырып бүтөөрү менен Касым Тыныстанов Манастан бир нече куплетти төгүп жиберди. Атүгүл Сакеңе «сен бозонун тобуна тойгон тору быштыдай экенсиң» деп да ат коюп, түз эле тийишип тамашага өттү. Айылдан жаңыдан келген Сакең айбат бералбай, адегенде абдыга түштү. Жүрөкзаада болуп, сыртка чыгып Кусейин Карасаевди чакырып:

— Ой Кусейин, тиги жерде отургандардын ичиндеги эңчегер, башы чарадай боз жалпак киши манасчыбы? – деп сурады.

— Жок, андан чочубаңыз. Сизден башка манасчы жок. Ал Тыныбектен жаттап алганын айтып жатат. Өзүңүз көнгөн, таанып-билген адамдар менен отургандай эркин сезип эле Манастан бир келиштирип айтып бериңиз. Ошолор жактырып калса, аны жаздыруунун чамасын көрөбүз, — деп жооп айтат.

Ошондон соң гана Сакең бир аз канат байлап, алиги көзү курч кара тору жигитке эми тике карап, сөзү менен болбосо да көзү менен айбат берип, кепке аралашат.

Манасчынын «качан Манас айтсам» деп дегдеп турганын сезгендер улуу жомоктон кеп баштоону суранышат. Сакең демейдегисиндей малдаш урунуп, мурутун коомай жанып алып, ичинен бир аз күбүрөнүп, улуу арбактар менен сүйлөшкөндөй болуп, анан кетти бейм…

Алмамбет менен Чубактын жол талашканын, айрыкча Алмамбет баатырдын жаны кашайып, өзү Айкөл Манаска жүрөгүндө таруудай арам ою болбосо да андан шек санаганда, каңырыгы түтөп тургандыгын айтты.

Жаңыдан кызып, эми улуу дүйнөгө арбалып калган Сакең түгөнбөс жомокту улап, «Тайторунун чабышына» өттү. Муну айтканда Сакең жаңылбай айтат, ак жамгырдай себелете келип, анан нөшөрдөй төгүлөт. Саякбайдын Саякбай экенин баамдаш үчүн мына ушул эпизодду сөзсүз көрүп, угуш керек. …Төрт туяктын астында жер чимирилет. Айрыкча, арбактар сүрөп келаткан учуру дене дүркүрөтүп, каныңды кызытып, жүрөгүңдү толкундантып, сезимдерге бүлүк салат. Сакең болкулдап ыйлап кирет, көз жашы буурчактап. Аны көргөндөр жашыбай койчубу. Тарыхчы аксакал демин ичине катып, башын төмөнгө салып дымып укту. Алиги өткүр сүйлөгөн профессор эми манасчыдан көзүн албай ар бир кыймылын, колун жаңсаганын, улам алга обдулуп койгонун, денесин күйшөп, башын оңду, солду буруп, жүзү улам бир башкача кубулуп турганын, дастан ыргагына жараша көздөрүн ачып-жумганын, муруттарынын кыймылдаганына чейин кылдат баамдап отурду. Добулбас кагылып, кулак жаңырды.

Каныкей эненин төлгөсү төп келди бу жолу.

Боосун тытып калган Ак шумкары шаңшыды кайрадан.

Кылкылдаган кыргыз туусу илгеркидей желбирей турган болду, жаңы чамгарак көтөрүлүп.

…Күргүштөп Манас айтканда
Күркүрөп дайра киргендей.
Айкырып Манас айтканда
Агылып өзөн киргендей – болду бу жолу.
Профессор К.Тыныстанов эми жаттама Манас менен төгүлмө тубаса Манас эки башка дүйнө экенин чындап аңдады.

Сакең кобуранып келип тынганда, миңдеген кол жыйнап келип, курал-жарагы менен эшиктин алдына токтогондой болду.

Адеп таанышканда Сакеңе сөз менен «сокку урган» К.Тыныстанов көз жашын аарчып бүтпөй алиги «тору быштыдай неме» эми опол тоодой талант экенин баалап, туруп барып кучактап алды. Дагы бири бетинен өпсө, дагы бири колун кысты.

Андан кийинки сөз дасторкон үстүндө уланып, «Бул Саякбайдын Манасын сөзсүз жазуу керек» деген тыянакка келишти. Талашып, талкуулашты.

Сүйлөшүп, акылдашып, текстти кагазга түшүрүү эмгек майыбы Жунуш Ырысовго тапшырылды. Ал жигит менен К.Карасаев 1914-1916-жылдары Караколдогу жатак үйүндө бирге окушкан экен. Албетте, бул иштин башында Касым Тыныстанов өзү турган болучу. Саякбайды уккан соң көпкө дейре ошол үн кулагына жаңырып, Манас айтып жаткандагы тиги кишинин келбети, духу көзүнөн кетпей жүрүп, анан Касым Тыныстанов өзү биринчилерден болуп Саякбайдын варианты боюнча «Каныкейдин Букарга качышы» деген бөлүмүн 1934-1935-жылдары өз колу менен орусчага которуп, 1936-жылы бүтүрүп, 3015 саптан турган чыгарманы боз папкеге салып, архивге тапшырат. Ошондон туура бир жыл өтпөй өзү репрессияга дуушар болот. Эң өкүнүчтүүсү, улуттук мамлекетибиздин негиздөөчүлөрүнүн бири Касым Тыныстановдун 106 беттен турган бул баалуу эмгеги алиге чейин жарык көрбөстөн Москвадагы Адабият менен искусствонун борбордук архивинде сакталуу бойдон турат. Качан алтынга тете эмгектин багы ачылаар экен…

Аттигиниң, көздүн майын, көкүрөктүн отун коротуп, аны тунгуч профессор архив үчүн эмес, урпактар үчүн которсо керек деп ойлойм.

1935-жылы өткөрүлгөн конференцияда да Касым Тыныстанов «Манас» эпосунун улуу руханий дөөлөт экендигин далилдеп, биринчилерден болуп саясий чөйрөдө айтып чыккан. Ошондогу сөзүндө үч кырдаалды баса белгилей кетүүбүз абзел:

Биринчиден, ошол докладында: «Бул жерде конференцияга катышып отурган жолдоштордун арасында 16-18 күнгө чейин тынбай айткан чоң манасчыларды көрүп, күбө болгондор бар» деп айтат. Демек, Манасты эң узак айтканда үч күн, үч түн айткан деген кеп эң эле бери болгондогусу. А болбосо 16-18 күнгө дейре улуу дастанды улагандар болгон.

Экинчи бир жагдай, Манас эпосунун калың элдин катмарына терең сиңип кеткендигинин далили катары К.Тыныстанов Бакайдын образына токтолот: Эпостогу белгилүү каармандардын бири Бакай бүткүл Кыргызстан боюнча улама атка айланып кеткен. Эл башкарган, журт башкарган ардактуу карыларга алар дайым Бакай Ата деп кайрылат. Бакай чыгармада акылдуу, кең пейил адам. Ал кыйын, кысталыш кырдаалдарда таң калаарлык укмуштарды ойлоп таап, Манас баштаган көпчүлүктү оор абалдан куткарып чыгат, окуянын жүрүшүн оң жагына өзгөртөт. Ушул мааниден алганда «Бакай» деген сөз легендарлуу, ылакап ысымга айланып отурат».

Үчүнчүдөн, Манастын обону тууралуу: «Манас түрдүү музыкалык ритмге өтө бай. Мазмунуна ылайык ар бир окуя өзгөчө ыргак менен коштолот. Музыкалык тексттерди абайлап карап көрсөк, андан ритмди гана эмес, башка да кубулуштарды байкайбыз. …Биз кээ бир манасчылардын айтуусунда «Манастын» музыкасын жазганыбызда айтуучулардан 21 кызыктуу музыкалык обондорду кезиктирдик. «Манастын» обонунан кызыктуу улуттук колоритти кездештиребиз».

Жана да ошол сөзүндө К.Тыныстанов манасчы С.Каралаев жөнүндө токтолуп, «Каралаевдин алиге чейин «Семетейи» толугу менен жазылып алына элек, бирок анын оозеки айтканын уккам. Менимче, «Семетей» деле көркөмдүк жагынан «Чоң казатка» теңдеше албайт.

Айталы, өз өмүрүндө С.Каралаев канча ирет «Манас» айтса да, бирок бул эбегейсиз чыгарманын стилин жана композициясын бирдей формага салалган эмес».

Башкача айтканда, буркан-шаркан түшкөн Саякбайдын Манасы эч бир музыканын мыйзамдарына баш ийбей, өзүнчө бир чулу дүйнө сөзү обонунан, обону сөзүнөн ажырагыс.

С.Каралаев кийин К.Тыныстанов камалып кеткенин укканда, өзүн бир муштап, «Ата-аң, боз туйгунум. Торго түшүп канаты кыркылган тура, кандай айла кылабыз» деп өкүнүп, өксүп алган экен.

МАНАСТЫ КОММУНИСТ КЫЛАБЫЗ ДЕГЕНДЕ

  1. Сакең жаңыдан филармонияга келгенде көркөм адабият менен искусствону коммунисттик партиянын идеологиясынын камчысын чаап, ырын ырдап, обонун созуу үчүн не деген аракеттер гана көрүлбөдү.

Чыныгы өнөр, тубаса талант, накта искусство мындай калып, саясат өнөргө эмес, тилекке каршы өнөр идеологияга кызмат кылууга аргасыз болду.

Ыр жазсаң, обон чыгарсаң, сүрөт тартсаң, киного киришсең эң ириде Ленинге, коммунисттик партияга, СССР элдеринин бузулбас достугуна гана арнашың керек болчу.

Өкмөт менен партиянын укуругу узун экен, ал бир күнү Сакеңе да келип жетти. Бул окуя «адабият менен искусствонун партиялуулук принциби» деген токтом өкүм сүрүп турган өткөн кылымдын 50-жылдарынын соңу болчу. «Бөрк ал десе баш алган» коммунисттик желдеттер Манастан башка бир да «партияны» тааныбаган Саякбай менен «беседа» өткөзүшүп, «Сизди эл көп угуп атат, сизге эл ишенет,  эмнеси болсо да Манасты бүгүнкү күнгө алып келип коммунист кылышың керек. Орустун баатыры менен достоштурушуң керек» деп талап коюшат. Саякбай ары кетип, бери кетип атып, акыры аргасыздан көнүүгө ык коёт. Өзү айтмакчы, адегенде «Бранжүз деген элдин Аполлон деген баатыры менен сайыштырып көрүп, жолдон келатып орустун жалгыз көз Кутус деген баатыры менен бет келерде жер бетине кара туман түшүп, кайчы өтүп кетет. Анан баягы үч тамгадан келген тыңчылар «эмнеге Кутузов менен жолуктура албай жатасың» дегенде, Сакең: «Баатырымдын көңүлү жок эле, ошондо жолукса сайыша кетмек, орус-кыргыз достугуна шек келмек, андан көрө кайчы өткөнү дурус болду го» дейт. Анда тигилер талап коюшат «Эми эпосту айтып атканда арасына беш-алты сап кошуп кетесиң, Манас коммунист болгон деп, эл байкабай калат» деп. Сакең ага да көнүп, макул болот. Бирок, Манаска сүңгүп кирип келип аны унутуп калат. Ошондо беркилер айтат: «Эми биз алдыңкы катарда отурабыз, сиз унутпаш үчүн биз тура калабыз көзүңүзгө көрүнүп, ошондо коммунисттик партияны кошуп кетесиз» деп убадасын алат.

Эл чогулган жерде үч тамганын ушак чогултуп, айың таркаткан тыңчылары келип, алдыңкы катардан орун алышат. Саякбай эпоско сүңгүп кирип, ортолоп калганда берген убадасын унутуп калышы мүмкүн эле. Ошон үчүн Сакең айтып баштаганда эле бою узун коопсуздук кызматкери белги бергенсип тура калат. Сакең аны бир олурая карап алат да:

Көзү күйгөн чок эле,
Сөзү өткүр ок эле.
Калп айткан менен болобу,
Кайран атаң эр Манас,
Партияда жок эле… деп кошуп төгүп кете берет.
Тигилер ушундан кийин Сакеңден биротоло түңүлүшөт, өзүлөрүнүн идеялык өзгөчөлүгүн таңуулагандан баш тартышат. Сакеңди багынтуу мүмкүн эмес экенин түшүнүшөт.

Учурунда мындай кыстоого тушуккан улуу манасчы Сагымбай Орозбаков да Манасты Наполеон менен согуштуруп, Илья Муромец менен жолуктурууга аргасыз болгон экен.

МАНАСЧЫ МАСКӨӨНҮ БАГЫНТКАНДА

  1. Кыргыз элинин рухун, демекчи Манастын зоболосун, анан Саякбайдын улуулугун астейдил аздектеп, терең аңдап түшүнгөн жазуучу Николай Удалов Москвада өткөн кыргыз адабият менен искусствосунун он күндүгүндө улуу манасчы менен бирге болуп, ошондо улуу дастанды укканын тамшануу менен эскерет.

Декаданын алкагында кыргыз өнөрпоздорунун талантына күбө болуу үчүн Москвадагы «Трехгорная мануфактура» текстиль фабрикасынын маданият үйүндө эл жыкжыйма толгон. Бул ишкана Орусия тарыхында эң ири жана илгерки болуп эсептелгендиктен мурда бул залда Шаляпин, Маяковский, Есенин сыяктуу атак-даңктуу таланттар келип, жумушчулар менен жолугуп, эчен ирет биринин обонун тыңдаса, биринин ырын тамшанып угушкан. Бирок, эч качан «Манас» угуп көрүшкөн эмес. Кыргыз баласы менен «Манасы» бу жерге биринчи ирет келип айгай салып туру.

Зал жыкжыйма эл. Жумушчулар, тигүүчүлөр, коммунисттер, тигине сахнага чакан бойлуу, азыр эле малдаш окунуп ийчүдөй баскан, бутуна туфли эмес маасы кийген, костюм-шым эмес, чепкен кийген, галстук эмес, кемер кур тагынган, мурчуйган муруту адеп көрүнгөн, азыр эле минген атын сыртка байлап жайлоодон түшүп келгенсип карапайым тоолук басыгы менен Саякбай көрүндү өнөр секисинен.

Бу чарчы бой, чымыр дене, байыркы даанышмандарды элестеткен томолок чалды көргөндө шыңкылыктаган кыздардын үнү басаңдай түштү. Сакең орундукка отуруп, бүркүт кабагына салып, залдагы элди бир телмире карап, анан көз карашын бийиктетти. Элди эмес, тээ алыстагы улуу тоолорду карап жаткансып, тээ кайдандыр дайранын чайпалган үнү угула калгансып, адегенде Сакең от алалбай шашпай жай кобуранып баштап, азыр эле кошкөңүл угуп отургандар эми алиги томуктай чалга кулак төшөп, алдыга моюндарын созгон болду. Манасчынын көзүнө тескейинде текеси оттоп, адырына аркары жайылып, жакасына малы батпаган улуу тоолор элестеди.

Кар көчкү басып калган өзөн эми гана албууттанып жырып аккандай күрпүлдөп Сакең агып кирди. Сакең дайра болуп агылып, калдырап таштар кошо агып, жээкке көбүгү атырылып, жер дүңгүрөп, ат кишенеп, чагылган түшүп, күн күркүрөп аткансыды.

Эми эле тыптынч залда эми алай-дүлөй түштү.

Бирде айкырып, бирде шолоктоп, бирде кудуңдап, бирде төгүп, бирде ырдап, бирде кара сөзгө өтүп саймедиреп, бирде колуна кылычын алып жоо сайып, бирде алаканын шак чаап өкүнүп, өксүп, бирде ээн талаа, эрме чөлдө жөө калып боздоп, бирде Аккуланы өзү минип атырылтып кербезденип, бирде нөшөр болуп төгүлүп, бирде көктөм болуп ажайып жаткан сыйкырчы өңдөнгөн Саякбай миң кубулуп төктү «Манасын».

Мындайды угуп көрбөгөн орус калкы тимеле залда Баатырдын өзү жүргөндөй дымып укту. Тынч кезинде кой оозунан чөп албаган момун кыргыз элинде да ушундай Баатыр мүнөз болобу деп таңгалгандар да болду. Демейде ар бир номурун үч-беш мүнөттөн ашырбаган партиялык маданий кызматкерлер Сакеңди туура бир жарым саат болгондо гана азоого сыйыртмак салгандай араң токтотушту.

Бу кайталангыс руханий эпизод эле.

…Бир карасаң лирика, бир карасаң эпика.

Кээде – ыр, кээде – обон, кээде – кино, кээде – драма, кээде – кошок, кээде – жомок! Сөз жетпейт кенендигине.

Зал бир саамга тынчып, анан азыркы артист жомок эмес, элес эмес, чындап эле сахнада экенин бир сезишип, эстерине келе түшүп шатырата алакан чабышты.

…«Браво!», «Молодец!», «Ещё, ещё!», «Продолжайте!», «Просим!» деген үндөр жаңырды.

Кезек боюнча эми башка өнөрпоз чыкмак. Бирок, козголуп алган эл тынчый турган эмес. Дуулдап алган элдин суранычы менен Сакең «Манасты» дагы бир саат созуп, айгай салып берди. …Анан кайра эми эле табышмактай Манас дүйнөсүнө аралашып көнүп баштаган угармандар үчүнчү ирээт сурап айттырышты.

Тартип бузуп көнүп калган Сакең, бу жолу да сценарийди буздуртуп, күн тартиби белгиленгенден үч саат ашыкча болуп кетти.

Сакең ошондо тердеп-кургап чыгып, «Манасты» котормосуз түшүнгөн орус элине миң мертебе ыраазы болуп, «Салкын аба болсо дагы айтат элем, бул жер үп экен, кыйналып кеттим» деп бултуңдап алган дейт. Бута атым жерге эле чабылып, маарага озуп биринчи келип, бирок моокуму канбай калган, анан туйлап, ооздугун чайнап турган күлүктөй.

Азыр эле сахнада жупуну кийинип, карапайым басыгы менен келген Сакең эми бул жердегилерге башка дүйнөдөн келген бир пайгамбардай сезилип, маашырланып басып, өнөр секисинен түшүп баратканда эл тура калып, дүркүрөтө кол чаап узатканы орус калкынын манасчыга болгон не деген сый-урматы!

Алиги чакан бойлуу чал эми бу жердегилерге өзүнчө эле бир гигант сезилип кетти.

Дүйнөлүк поэзиянын алпы А.С.Пушкинди жараткан орус эли эми минтип «Манасты» окубай туруп эле, котормочусу жок эле Саякбай аркылуу түшүнүп, таазим этип турганына бир ирет сыймыктангың келет, бир ирет таң каласың.

Ал эми орустун белгилүү музыка таануучусу, калемгер В.Орлов 1963-жылы Чыңгыз Айтматовго Лениндик сыйлыктын лауреаттыгын тапшырууга байланыштуу салтанатта Сакеңдин «Манас» айтканын көрүп алып, тура калып кол чаап «Какая инструментовка! Потрясающе!» деп аң-таң боло баа бергени бул сыйкырдуу өнөр өзгө элдерге да укмуштай таасир калтырганынан кабар этет. Кыязы Сакең дастан айтып жатса бир эле киши эмес, жалпы оркестр ойноп жаткандай сезилип, кээде добулдастар угулуп, кээде сыбызгы, кээде кылкыяк муңдайт, комуз сайрап, ал эми кээде керней-сурнайлар жаңыргандай сезилет го чиркин!

Жанында отурган А.Салиев мейманга урматтоо менен айтылып жаткан текстти которуп баштаса, Р.Орлов сылык гана: «Простите, давайте лучше я полюбуюсь этой удивительной инструментовкой» деп суранган тура. Керемет дүйнөнү которуп не кереги бар деген кеби го сыягы.

Анан эртеси В.Орловдун Манаска болгон зор ынтаасын байкаган кыргыз жазуучулары: «Биз сизге дагы башка манасчылардын үнүн радиодон угуза алабыз» деп кайрылса: «Жок, Саякбайдан кийин башканы угуп олтуруунун кереги не» деп жооп узаткан экен. Касиетин бир көрүп түшүнгөн бейм.

ТУТКАН ПИРИ КИМ БОЛГОН?

  1. Улуу дастанды айгайлап айтканда кадимки Айкөл Манаска теңдеш жүргөндөй сезилген Саякбай көп залкарлар менен өзү жазгандай бирде тамакташ, бирде сабакташ жүргөн. Улуу-кичүүсү менен бирге жашы өйдө-төмөн болсо да жаны курбу болуп, кайда жүрсө тамашалашып чогуу болушкан.

Бирок, алардын арасынан залкар комузчу Карамолдо Орозовду пир туткан. Сакең кирген өзөндөй шар жүрсө, Молдокең басмырт, сыдыргыга салгандай сыпаа, билгенин ичтен кайырган бир мүнөз адам болгон. Бир чети өзү жазгандай «бирге ыйлап, бирге күлүп, көпөлөк кууп бирге жүрүп, көйнөктү чечип жылаңайлак, «көлгө түшүп, куушуп, кээде тилдеп урушуп», «бир күндө жүз таарынышып, жүз табышып», «топурактан там салып, чыбыктан ат кылып» көл жээгиндеги Корумду айылында балалыгын бирге өткөзүшөт.

Саякбай өмүрүндө Манастан башка бир гана поэма жазып, аны мына ушу күүсүн уккан сайын уккуң эле келген, күү дайрасы – Карамолдо залкарга арнап жазган. Ал поэманы ак кагазга чиймелеп эмес, дастан сындуу төгүп айтып, кийин жазылып калган.

Поэма өтө көркөм жазылып, кээде эпостун ыргагында айтылып, Карамолдонун таланты Манас дастанындагы баатырлардан ашса ашат, бирок кем сүрөттөлбөйт. Поэмада экөө эгиз улактай эрке, чогуу өскөнү, атүгүл бир көнөчөктөгү каймакты бирге уурдап жегендиги ырдалат. Ошондо эле Бердикожо чеченден жаш зирек бала эң алгач «Мендирман» күүсүн үйрөнөт. Улуу комузчу кичинесинде эле «Окубастан кат билген, Бир укканын жат билген», чыйрак, тиригарак бала экени билинип, комузду так сайратып черте баштаганда азан чакырып койгон Токтамбет аты эми «Карамолдо» аталып, аксарбашыл сойдуруп, жакшы тилек ой менен бата алат. Бирде комузду «булак болуп аккандай, бирде кайра сыбызгып, турумтай болуп жаткандай» чертет. Эл оозуна алынат. Күү артынан күү чыгып, күндө таланты уланат. Сакең ошонун баарына күбө болуп, ал учурду:
«Ашуудан ашуу» деп чертет,
Комузун сырдап кооздотот.
«Ботоюмду» боздотот,
Көрөйүн деп көз шашат,
«Кумар күүнү» сыздатат, — деп сүрөттөйт.
Карамолдонун иниси Усуп да, алар менен курбалдаш өскөн Орозакун, Чалагыздар да комузга өтө шыктуу болушат, бирок колдору Карамолдонукундай маш келе бербейт. Молдокеңди манасчы минтип сүрөттөйт:
Оор басырык, бир мүнөз,
Кыял күтүп, кылк этпей,
Сыр алдырып шылк этпей,
Комузга туулган молдодой,
Дубан жарган жоргодой.
Байгазы комузчудан бир угуп эле Карамолдо акын күүсүн таптак комузга салат. Буга кубанган Байгазы жашып, жаш комузчуну кучактап алып ыйлап, чапан жабат. Азыр чертилип жүргөн «Байгазынын күүсү» ошол Карамолдо аркылуу өлбөс-өчпөс болуп бизге жеткен.

Кырча мурут, кыйгач каш Карамолдо да кыз сүйүп, кыялга батып жүргөн чагы болсо аталган поэмада:

Шаани менен таң атып,
Шапар менен күн батып,
Шашат белем жашчылык
Шарап бербей мас кылып
Биздин Карамолдо да
Ашыктыктын белине
Келаткан эле бастырып, —
деп элестүү баяндалат. Ошондо комузчу ашыкзар болгон Бермет аттуу сулуу кудум эпостогу Айчүрөктөй эле сүрөттөлөт:

Оймок ооз, бото көз,
Кыз келатат, жетпес сөз.
Кара каштуу, айча бел,
Оюңда сөздү айта бер,
Айталбасаң кайта бер,
Ак бетинде меңи бар,
Айтчы кайда теңи бар.
Бешене жарык, кең соору,
Бу кайдагы кыз болду?
Маралдай болуп торолгон.
Мойнуна шуру оролгон.
Бугудай болуп торолгон,
Бутуна чачы оролгон.
Беш саамайы бөлүнүп,
Бетинен ылдый төгүлүп,
Төшүндөгү эки алма
Төрсөйүп даана көрүнүп,
Кылыя карап астыртан,
Кыя салып бастырган,
Күлө карап астыртан,
Күймөнө түшүп бастырган,
Шекерди көр, сөзүн көр,
Ботону кара, көзүн көр.
Жаштык деген жанган от,
Токтонуп турар айла жок.
Ичтен түтөп жалдырап
Караган менен пайда жок.
Комузун алып колуна
Карамолдо бурады,
«Кыздар ай» деп күү чертип,
Кыздын колун сурады.
Анан сулуудан жарытылуу жооп ала албаган соң Молдокең арзуусун ачык билдирип, комузчулуктан төкмөчүлүккө өтөт.

Кечүүгө барып буралып,
Келатсаң үйгө суу алып,
Адырдын гүлүн тестелеп,
Алдыңан чыксам кубанып,
Күлөр белең Берметкан,
Сүйлөр белең Берметкан,
Же болбосо кайгыны
Үйөр белең Берметкан.
Адамдын мен да баласы,
Аяп бир койчу Берметкан,
Сүйүүнүн болсун белгиси
Карап бир койчу Берметкан…
Кийин жолдоштору менен Молдокең күйөөлөп келсе Бермет сулуу көңүлү бар экенин, бирок ата-энеси жалгыз тургандыктан, аларды таштап кете албастыгын кыйытат. Махабатка мас болуп, арзуу жытына азгырылып алган комузчу анда:

Мага да ата атаңыз,
Мага да апа апаңыз.
Таш чайнап турган чагымда
Кантип бакпай калабыз, — деп антын берип, «жылдыз тарай, таң ата» келин алып келишет. Бул кырдаал эң лирикалык боёкчолор менен берилип, сүйүү сезими өтө дилгирлик менен сүрөттөлөт. Карамолдо кел-келине келип, кемелине толуп, келиштире комузда кол ойнотконун бир айтса Саякбай эле сүрөттөп бере алаар:

Бир кайрыгын карасам,
Аккан сууну бургандай.
Бир кайрыгын карасам,
Ботосу боздоп тургандай.
Бир кайрыгын байкасам,
Ителги ташты тепкендей,
Бир кайрыгын карасам,
Ысык-Көл ташып кеткендей.
Кийин эл шайыры Чынгышбай «Эл кадырын билгиле, Эгер келип сураса, Эңкейбей өрткө киргиле!» деп батасын берет.

Поэмада Карамолдо черткен «Насыйкат» сыяктуу улуу күүлөрдүн кантип жаралган баяны көркөм, кооз сүрөттөлөт. Айрыкча «Манастагы» «Каныкейдин арманы» күүсүн черткенде, уккан адам муун-жүүнү бошобой тим туралбастыгын:
«Боздотуп Молдо, боздотуп,
Бой-денени козготуп,
Ыйлатып Молдо, ыйлатып,
Ырлары жанды кыйнатып» деп таамай белгилейт.

1916-жылы Үркүндө Карамолдо да эл менен кошо үркүп, «комузу түшпөй колунан, кээде чертип үн кошуп, кейиштүү элин сооротуп», эл ичинде энтелеп кошо баратканын ошол азапта:

Каруу жетпей басууга,
Камы жетпей качууга,
Канчасы өлдү ашууда
Энтелеп суудан өтө албай,
Эчкиси менен чал агып,
Эчкирип эне кокуйлап,
Бешиги менен бала агып,
Калдактап учуп жорулар
Канга, этке тоюшту,
Каалаганча болушту.
Кыргыз эли киндик кесип, кир жууган алтын жерден айрылып армандап келип, ошондо Кытайда малай болуп кыйналган комузчуну:

Энеден эки туулбас
Элден чыккан жоргону
Кайрылып мүрү чор болду,
Кайран талант кор болду, — деп бирге мөгдөп, бирге өкүнөт.

Саякбай даңктап ырдагандай эле Карамолдо Орозов укмуштай залкар талант болгон. Комузчулардын алпы десек туура болот. Атургай «Тоо булбулу» Токтогул атабыз Карамолдонун күү черткенин биринчи ирээт көргөн соң эле: «Ыр бизде экен, күү сизде экен» деп тамшанып таамай баа бербеген чыгар. Сакең комуз угуп Молдокеңе таасирленсе, кайра Манасын угуп комузчу Манаска арбалып, бекер жерден Улуу Айкөлдү комузга салып, аны даңазалаган Манас күүлөрүн чыгарбагандыр. Сакең комузду бийик баалап, «Бу жупуну көрүнгөнү менен кыргызымдын бак-таалайына жаралган ыйык нерсе го. Комузубуз болбосо эл өнөрү соолуган көлгө окшоп кемип калбайт беле» деп айтып жүргөн.

Муратаалы, Байымбет, Атай, Муса, Шаршен, Адамкалый, Осмонкул, Калык не деген залкарлар. Саякбай залкар өзү айткандай:

«Комузчу менен короолош,
Акындар менен жоролош,
Ырчылар менен жамакташ
Өнөрпоз менен сабакташ» жүрдү.
Осмонкул Бөлөбалаевди «Осокең – төкмөнүн жеткирбес күлүгү», Калык Акиевди болсо «Калык – ырчынын төрөсү», Муса Баетовду болсо «Ырчыдан алдына киши салбайт, керемет ырдайт эмеспи» деп эпостогу баатырларды сүрөттөгөндөй баа берип, комузчулардан болсо Карамолдо менен Атай Огонбаевди кадырлаган. Атайды «ырчылардын сырттаны» деп ат коюп, көкөлөтө мактап жүрүп, кийин көз жумганда «…Атайдай сырттан таланттуу жалындап жүрүп эле күйүп кетет турбайбы» деп бир өкүнүп, кайгырганын айтышат көргөндөр.

Алардын ичинен карачечекей ага досу Карамолдонун өлүмү Саякбайга катуу тийди. Сыр сандык сыяктанган Сакең ошондо бир ачылып миң жашыды. Арман болуп ташыды. Кудум Айкөл Аккуласынан ажырап жаткандай өксүдү. Чынында эле К.Орозов комузчунун сырттаны болчу. Комузчу менен манасчы. Бири-бирин пир тутуп жашады. Бээнин эки эмчегиндей эгиз жүрүштү. Турмуштун кууралын да, жыргалын да бирге татышты. Карамолдо көз жумган соң манасчы көпкө дейре чүнчүп, эл менен көп кошула бербей маанайы пас болуп кеткенин айтышат. Жер муштап, боздоп ыйлады. Ажалга айла табалбай, анан ушул поэманы арнады. Сөздөн гүлчамбар жасап, эстелик калтырды.

Сакең кээде тамашалап ыр төгө койчу бирөөгө, арнап же тийишип. Кайра анысын унутуп калчу. Бирок Карамолдодон башкага арнап бир да ыр жазбаган. Муну баамдаган ошол кездеги жазуучулар союзунун төрагасы Азис Салиев «Сиз деле төкмө акындык кылып, кээ бир акындарды ырга аралаштырып неге жазбайсыз?» десе, эзели сөздөн жаңылбаган манасчы «Ай, менин салганым бүркүт болсо, мага кыргыйек, чымчыктар кереги не» деп тамаша менен таамай жооп берген экен.

Кеп кезегинде айтылбаса сөз атасы өлбөйбү.

ПИШПЕКТИ КӨЗДӨЙ

  1. Айтылуу аалым Хусейн Карасаев Саякбай байбичеси өлгөндөн кийин «кор болуп калган экен» деп Манас таануучу Самар Мусаевден укканын эскерет.

«Сагынбайдын «Манасын» сынап Манас комитетин түзөм деп, Каралаев Саякбайды таап келип жаздырам деп, түрмөгө түштүм. Өмүр бою куугунтукта болдум. «Жамандыкты амандык жеңет» деген макал чын экен. Аман жүргөндүгүм үчүн акыры эл алкышына татыдым» деп жазат өз эскерүүсүндө Хусейн агай. А түпкүлүгү залкар манасчыны борборго алып келген өзү болгон.

Сакең турган турпатындай ачык-айрым, алпейим, колу ачык жоомарт инсан болгонун кеп кылышат. Хусейн аксакал 1946-жылы Көл башына барып кайра кайтып келатып, учураша кетели деп Саякбайга кайрылышат. Сакебиз жан алы калбай тосуп алып коноктоп, күпүлдөтүп «Манасын» айтып, кетээрде Айша апага түлкүнүн терисин белек кылат сүйүнүп. Ал табериги ошол замандын эң кымбат белеги болсо керек. 1930-жылы Фрунзе шаарына манасчы катары чакырылып, коомчулук тарабынан таланты жогору бааланат. Анын Фрунзе шаарына келип коомчулук менен таанышышына жазуучу Жекшен Ашубаев, белгилүү илимпоз Хусейн Карасаевдер көмөкчү болот. Чындыгында Саякбай манасчыны эл арасынан таап, борборго 1931-жылы алып келген кадимки аалым Х.Карасаев болгон. Сөз касиетин иликтеген Хусейн ага өзү айткандай «кара сөздүн сакасы» Саякбайды издеп барып ошондогу Каракол райкомунун катчысы Абдылда Айылчы уулунун жардамы менен Кытайга качканы жатат деп шектелип, ГПУнун тырмагына илинип калган Саякбайды бошотуп, бүркүттү тордон чыгарып, томогосун сыйрыгандай, ошол шектүү адамдардын катарынан бошотуп, борборго алып келет.

Сыягы Сакең да ошол замандын режимине көнө бербей, боштондук эңсеген бүркүт сыңары азаттык эңсеп Кытай жакка көңүлү ооп калган заман болсо керек. Көрсө Сакең «Шапалакты бек тиштеп, жалгыз атты күш-күштөп, Кытайга кетсем деле Манасым менен оокат кылам» дей берчү экен. Аны узун кулактар эки эсе кылып жеткизип, «Кытайга качканы камынып жатат, советтик түзүлүшкө каршы жамактатып ырдап жүрөт» деп үстүнөн материал топтолуп калыптыр. ГПУнун кылычынан кан таамп, Саякбайды суракка алганда: «Мен ката жиберипмин. Кытай эли биздин досубуз экен. Эми Манасты кайта баштан айтып, аны кара калмак менен тытыштырып коёюн» деп айтып араң кутулган экен. Бөрк ал десе баш алган «гпушниктерге» райкатчы А.Айылчинов да «Бу манасчыны окумуштуулар атайын издеп келишиптир. Алып кетүүгө уруксат берсеңер жолдош Каралаевди өзүбүз тарбиялап алабыз» деп жатып көндүрүшөт. Болгонун болгондой айтып жүргөн, ошол доордун идеологиясына анча баш ийе бербеген, көкүрөктөгү Манас духу тим жаткырбаган Саякбай Каралаев сыягы өтө коркунучтуу оппозиция сыяктуу көрүнсө керек. Ошондон уламбы, Сакең кээде өткөндү эстеп жанына батканда «Бул алмадай шордуу башым эмнелерди гана көрбөдү» деп өз башын өзү муштап калар эле дешет билгендер. Ошондо куткарып чыкканына сүйүнгөн Карасаев манасчыны үйүнө да кирбей  түз эле борборду көздөй алып жөнөйт. Жүк тарткан машине менен келишип Саякбайдын инисиникине токтошот. Келини жактырбаганы кабак-кашынан билинип, аны байкай койгон Сакең ыр саптарын төгүп ийет:

Оо иним, сенин Балыкчыда айылың.
Байкап карап отурсам,
Сенин суу чулдуктай зайыбың.
Эркелетип алыпсың,
Эркектик кайда дайының – деп.
Пишпекке кеткенге унаа жок дагы үч-төрт күн туруп калышат. Колхозго каршы ыр чыгарып жүргөнү чын болду бекен деп:

— Саке, сиз «Манастан» башка да ыр чыгарасызбы, ошол тууралуу кеп салсаңыз, — десе,

— Ии, силерге мактаган гана ыр керек го! – дейт. – Мен андай жамандаган ырды чыгарбйм. Биздин сельсоветтин катчысы ошондой ырларды келиштирип согот. Силерге керек болсо, — дегенде Х.Карасаев:

— Анда ошондон билгениңизден бир ооз айтып бербейсизби, — деп суранат.

Сакең оң колунун сөөмөйү менен мурутун бир сылап алып: «Эми сурап калдың, бир ооз айтып берейин.

Колхоз кылды баарыңды,
Уй кайтартып салды го,
Токсон беште чалыңды, — деген ыр саптарын айтат.

Атактуу аалым С.Каралаевди «Абдан шар, ичине эч нерсе жашырбаган адам эле. Өзү айткан Манасындай төгүлүп турчу. Көрсө Манас сындуу касиет ошондой адамдардын тагдырына туш келет тура» деп баа берген экен.

…Бир күнү эки академик – К.Юдахин жана Б.Юнусалиев, аларды коштоп Х.Карасаев жана С.Каралаев болуп борбор шаардын тоо тарабына серүүндөп келүүгө чыгышат. Иттерин ээрчите чыгышкан экен. Тиги эки академиктин иттери согумга союлчудай тимеле килкилдейт, Саякбайдыкы болсо өтө эле арык. Анда Хусеин аксакал: «Ой Саке, эмне, итиңе тамак бербейсиңби?» деп тамашага салса, «О айланайын Кусейин, ит тамагын өзү таап жейт. Ошол үчүн ит да. Керек болсо аң уулап ээсине тамак берет. Тигилердики болсо ээси итине тамак издейт экен» деп бир күлдүрүптүр.

ТААСИРЛЕНҮҮ

  1. Куш өмүрдө Саякбай манасчы дайым тамаша сала жүргөндү сүйгөн, жанындагыларга тийишип сүйлөгөн, өзү болсо окуяны көөнөртпөй, кайра кошумчалап, көбүртүп-жабыртып айтып бере турган. Улуу-кичүүлөр менен бирге азилдешип, тамашалаш достору аны «Сашка» деп эркелетишчү. Салыштырып айтканда, эпостогудай эле укмуш сүрөттөп, элдин көптүгүн «көчөдөгү эл коктудагы малдай» деп, кассага айлык алганын «цыганга карыз берген акчамды доолаган немедей күндө эле бухгалтерияга келем» дечү.

Кээде алигиден сеп эткиси келип калганда аны да түз айтпай: «Менин шумкарларымдын жүрөгүнө чай барбай, суусап калышыптыр, бир сугарып албасам болбойт» деп кыйытат. Анысы бирдеме апкеле койбойсуңарбы, болсо куйбайсыңарбы дегени. Аны да чени менен ичип, шумкарларын сугарып, суутуп алган соң анан узун сабак жомокторуна өтчү.

Бир күнү эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков менен ошентип тамашалашып отуруп, а киши манасчыга тийишип калат:

— Саке, кээде Манас айтып жатканда унутуп калат окшойсуз, бир айтканыңызды эки айтып коймой жайыңыз бар экен. Ал эмнеңиз?

Сакең болсо бир саамга ойлонуп, өңү өзгөрө түшүп, ошентсе да сөзүнөн жаңылбай:

— Ээ, кагылайындар, мен «а» деген тамганы тааныбайм. Кол кой десе, сүйрөлтүп чокмордун сүрөтүн тартып коюп эптеп эле «канарар» алып жүргөн курган баш. Бабаңардын жомогу чытырман токой экен, кээде адаштырса, адаштырып салгандыр. Анын эмнесине тыңсынасыңар? Академик, жазуучу, окумуштуулар бир үйүр болуп он-он  беш жылдан бери силер чуулдап жүрөсүңөр. Кагазга түшүрүлүп, темир сандыктарга катылган мурастарды эмгиче элге берип койдуңарбы? — деп татыктуу жооп таап, кайра Түкөңдүн өзүнө чабуулга өткөн экен.

Улуу Кыргыз улутчул жазуучубуз өзүнүн али бала кезинде кантип «Манас» жомогуна таасирленгенин эскерип келип, аны угуучулар бийик баалап, ага сыйынышып, аны айтуучулар да, аны угуучулар да жан-дили менен берилип угуша турган. Манасчыларды улам үйдөн үйгө, айылдан айылга чакыра беришип, кээде күндөп-түндөп кезек күтүп, манасчыны зарыгып күтүшөөр эле дейт.

Адеп чыныгы манасчыны көрүп, ага таасирленип, аны туурап айрым саптарын жаттап айтып жүргөндө апийим отоо учурунда бир кызык окуя болгонун минтип эскерет. Бул окуя улуу жазуучу 12 жашында 1924-жылы жазында болгон экен.

…Биз чоң-кичинебиз болуп алты-жети кишибиз. Суунун боюндагы узун тилке айдалган апийимди отоп жатабыз. Бирден солду ээлеп жарыша ишти кызытыш үчүн бирибиз жаак жанып ырдап, бирибиз күпүлдөп «Манас» айтып кечке тынбайбыз. Мен ал кезде ырдан да жомокко өтө кызыкчумун. Өзүм семетейчи, өзүм Семетей болуп күпүлдөп… тигил отоо чөптөрдү менин «чоюн башыман» кырылып жаткан Коңурбайдын колу деп… эпилдете чанжинин жанын тындырбай отоо чөптөрдү «кырып-жоюп» бир маалда ордумдан тура калдым.

Дал ошол замат бизден жүз саржандай окчунураак тээ апийим аянтынын аягынан зор-зор үч-төрт атчан чубаша жарышып өтө беришип… экрандан көрүнгөн элестердей көздөн кайым болушту. Мен адегенде сестейе түштүм. Анан чын ишенимде: «Тигине, Семетейлер, чаап өтүштү!» дедим. Отоочулар ишенер-ишенбестен селдее калышты да, анан мага бири «Дөөдүрөбөчү бала» деди.

Бирок Содонбек деген агабыз чын пейли менен бизди ишендирди: «Жарыктык алптардын арбагы тирүү. Көп кеп салып, аларды көп эстегенде көзгө көрүнө берет бабаларыбыз…».

Өтө берилүүнүн, аша кызыгуунун натыйжасында болгон бул көрүнүш жеке менде эмес, дал ошол мендей жаштардын далайында боло келген иш. Далайлар Манасты не Семетейди түшүндө көрүшкөнүн айтышчу. Ал тургай кандайдыр бир адам алыс жолдо жолоочулап келатып элсиз төрдөгү жалгыз ак ордого келип кымыз ичкени, ал жолоочу аттана берип артына караса ал ак ордонун ордунда жок болуп калганын көрсө, ал ордодо олтурган ак сакал адам Бакай, жолоочуга кымыз сунган көзөл зайып Айчүрөк экен деп айтылчу…

Ошол доордогу ата-бабаларыбыз дагы ошондогу залкар манасчыларга тете болгон тейде. Себеби эл манасчы келерде дене боюн тазаланып, даарат алып, ал эми жомок айтылып жатканда арбактарга шек келтирбей ичинен сыйынып отуруп угушкан. Залкарлар «Манас» айтканда  Алп Баатыр жанда жок зор, айбаттуу, адамда жок адилет катары элестелчү. Ошол себептен жаш балдар бири-бири менен уруша кетсе: «Манас Атанын арбагы урсун де. Ак бараңдын огу урсун де. Анан ишенем» деп антташа турган.

Неси болсо да элибиз сүйгөн ушул улуу жомокту чоң манасчынын оозунан уксам деп көксөп калгам. 1927-жылдын март айы болуу керек. Мен Караколдо (Пржевальск) окуп жүргөн кезим. Манасчы келди деген соң сабак бышыктоону коюп, коңшунукуна бардым. Аял-эркек эшиктен төргө жык толушуптур. Боз шинелди желбегей жамынып, төрдө олтурган арыкчырай, кызыл тоголок адам жаңы эле айта баштаганбы. Үнү улам ачыла, улам ыргага, улам көтөрүлө берип, өзү да улам кызып, күпүлдөп чубурган алп сөздөрдү мөндүрдөй сабатып жибергенде тымып олтурган кишилер козголушуп, сүрөй калышат.

Мен иреге жактан орун алгам. Ушуга дейре мындай жетик айткан манасчыдан укпагандыгымбы, не Тайторунун чабышын чоң манасчынын оозунан биринчи угуп жаткандыгымдан болдубу?! Билбейм. Айтор тигил боз шинелчен кызыл-тоголок адам эчен албан күчтүү, көркөм, элестүү жомок сөздөрүнүн сыйкырдуу күчү менен мени бат эле арбап алды. Ал улам кызып, улам күпүлдөгөн сайын тек кандайдыр бир бизге окшобогон зор, акылман, баатыр кишилердин кеп-сөздөрү угулуп, укмуштай чоң аттардын туягынан чыккан дүбүрттөр келип, биз олтурган үй, кишилер, мен – баарыбыз бүтүндөй ошол алп дүйнөгө аралаша бердик. Мага баарынан башкача ыйык сезилген зор элес – ал энебиз Каныкейдин элеси болду. Манасчы Каныкейдин элесин баяндай баштаганда эле менин көз алдыма өз энем Айымкан келе түштү да, анан ал бат эле зор тартып, бат эле тайманбас алп тартып, өз ырайынан сулуу, сүрдүү тартып өзгөрүп олтуруп анан жомокто сүрөттөлгөн укмуштуу элеске айланып кетти. Ошондон баштап эле менин сезимим дүркүрөп, ал тургай чочуп «Энем аман кайткай эле. Энем аттан жыгылбагай эле, энемдин аты чыккай эле…» деген тилек байкалбай сезимимди аралап кетти. Мен кызып, дирилдеп көзүмө жаш келчүдөй болуп чымырап олтурдум… Бир кезде үйдөгүлөрдүн көбү жашып олтурушканы байкалды. Улгайган зайып аста ичтен шыпшына – жарыктык энебиз ай! – десе, жүрөгүнөн ысык илеп ургандай болот. Улгайган үй ээси сакалын учкай тутамдай калып – Ой, акылман, асыл энебиз ай! – десе, колу да, сакалы да дирилдейт.

А тигил кызыл баркыт бешмантчасынын көкүрөгү күмүш тыйын, күмүш топчу, седепке жыш толгон төрт-беш жашар кыз бала тамылжып, жуулган карагаттай көздөрүн бакырайта, телмирте манасчыдан албай не корккону, чочуганы, не анын айткандарын боолголой түшүнгөнү байкалбай көз ирмебейт. Баланын ички жумшак демин чыгарып аста улутунат. Айтор чымын учпай калган үй ичине алп жомоктун ыйык касиети жыш толгондой кишилер бирде тымып тынч, бирде жээкке урулган толкундай күжүлдөй-бажылдай манасчыны сүрөй калышат… Айтор мезгилдин өткөнү сезилген жок. Ошол түн, ошол түндөгү ортого коюлган лампанын жарыгында курчай олтурган кишилердин кубаттоосунда Сакемди биринчи көрүшүм, Сакемдин Тайторусун биринчи чаптырышы эч кетпес-өчпөс элестей көз алдымда сүрөттөлүп калды. Ооба, не коркуу, не аша кубануу баланын эсинде өчпөй-кетпей калгандай дал ошол Сакемдин таасирдүү айтуусу, анын сыйкырдуу күчү жеке эле улуу манасчынын өз элесин, жеке эле анын айткан жомогун эмес, аны сыйлап, аны угуп олтурган ошол үйдөгү улуу-кичүүлөр эстей калганымда дал бүгүнкүдөй бардыгы жаадырап, жайнап көз алдымда! О, бул не деген күч! Мындай алп элестүү – ата-энени, элди-журтту, жер-сууну көз алдыңа тартып турган көркөм зор сыйкырдуу күч Саякбай сыяктуу алп манасчынын, зор таланттын, укмуштуу акындын колунан келер.

Кудум көк жал Баатырга тете Түгөлбай Сыдыкбеков коммунисттик доордун тушунда улутчул аталып, ошол режимдин идеологиялык көз карашына туура келе бербеген «Көк Асаба» романын жазды. Улуттук азаттык үчүн азаптуу күрөшүн даңаза кылды. Мүмкүн ошондой эркти бала кезинде көргөн Саякбайдын рухунан таасирленген жокпу? Дегеним, Манастын Манас экенин, кыргыздын кыргыз экенин жүрөгүнүн тереңинде сезе билген сүрөткер гана «Көк Асабаны» жарата алмак. Же андай эмеспи.

Маликов багынганда

  1. …1937-жылдары Т.Сыдыкбеков өзүнүн жакын көргөн теңтуш акыны Кубанычбек Маликов менен Көлгө барып калып Саякбайга жолукканын мындайча сүрөттөйт: «… атагы жаңыдан жергебизде даңктала баштаган манасчы Саякбай үстүнө чымын коно элек тору кунандай допдомолок – чыпчымыр денеси касиеттүү күчкө толуп, өзү айткандай «Айт дегенде кыйт» деп оолугуп турган кези экен. Кубанычбек өзүнөн он алты жаш улуу Саякбай менен бирге чүкө атышып жүрүп чоңойгондой көрүшкөндө эле кылжыңын баштады:
    Эки бети манаттай
    Бутту керип манаптай
    Коноктор келди үйүңө
    Жата бербе Саякбай…
    Сакең кебелип койбой, мындай тамаша кепке көнүп бүткөн мүнөзү менен кабагым-кашым дебей, муруттары калганданып, көзү тикирейип, өзү мурчуя:

— Коноктор келсе, төр тигине – деп меймандарын төргө өткөзүп, ал аңгыча кой союлуп…

Бирок, Сакеңдикине келген конок Манас укпай кетчүбү.

Тайторуну чапты. Үч жүз алтымыш күлүктүн чаңында калган Тайтору арымын демдеген сайын улам бир күлүктөн озду. Туура он бир жыл мурда Караколдо окуп жүргөн кезимде Такырбаш деген кишинин үйүндө үстүнө боз шинелди желбегей жамынып партизандык деми кетелекте ушул Тайторунун чуркашын сүрөттөгөн Сакем сай күлүктөрдүн ал жарышында өзү кошо жүргөндөй болуп сезилген мага. Каныкей эненин каргылданган үнү эшитилген. Кызыл чырай жүзү талаа, талаа жашка жуулган. Жалгызым кайрадан Ата-конушуна үйүн тигип, кырк уруу кыргызга атасындай асаба болор бекен, Теңирим деп төлгө этип чапкан Тайторусу чаңда келатканда үй толо олтурган кишилер муң жутуп өксүгөн ал жолу. Үч жүз алтымыш күлүктүн чаңында калган ат кайдан чыксын. Каныкей энесин өз баласы Семетей чын эле аябайбы деп мен да тымызын момурагамын ал жолу.

Андан бери жакшылыкка төлгө эткен – Тайтору чабылышын нечен жолу эшитип: Төлгөгө чабылган карт күлүгү акыры чаңдан арылып үч жүз алтымыш күлүктөн марага озуп келгенин биле туруп азыр да ошол алгачкыдай «Эмине болор экен» дедиртип кайран Сакемдин айгайы мени чымыратты. Ак тилек санаадан жаралган жомок эмес, ата-баба өз баштарынан кечирген өмүр-тарыхтын элеси дал ошол жарышка түшкөн орошон күлүктөрдүн арымындай көз алдыга келип жатты дейсиң. Күлүктөрдүн туягынан ыргыган даңканды кубаттаган айкырыктар кадимкидей эшитилди. Кантсе да конорун конуп учалбай калганбы. Тайторунун камыш кулагына жабышкан кара чымын көрүндү. Үстүдө учкан торгой безенбей, астыда жер артка чимирилди…

Ана, алтымыш, анан отуз, эми он эки күлүктүн артында келаткан Тайторуну Айкөл өзү баштап, Алмамбет, Чубак сүрөөндөштү.
Каныкей эненин төлгөсү төп келип чапкан күлүгү озду.
Боздоп калган боз инген боорун жерден көтөрдү.
Боосун тытып Көккө кеткен акшумкар шаңшып туурга конду.
Наар татпай улуп калган Кумайык боор көтөрүп жойлоду.
Семетей каржайган сарбан Бакай абасына көрүштү.
Жаңы, жаңы чамгарак көтөрүлдү. Кең Таластын боюна баягы ак ордолор тигилди. Баса:
Түгөнгөн сайын түтөгөн
Түптүү Манас тукуму.
Өлгөн сайын өөрчүгөн
Өткүр Манас тукуму…
Неси болсо да «Манастай» улуу баянды өзүндөй улуу тарыхый окуялар төрөгөнү анык!, деп жазат Т.Сыдыкбеков.

Саякбайдын Манасын уккан киши толкунданбай тим тура алмакпы. Тайтору чабылып бүтөөрү менен Сыдыкбековдон мурда К.Маликов баягы тамаша кебин токтотуп, озунуп барып:

— Талантыңдан айланайын Саке, оозуңдан өөп коёюнчу! – деп жүткүнгөндө Сакең жактыра бербей мурчуюп, кайра Кубанычбек Маликовдун өзүн качырган болуп:

— Эмине, оозумдан өптүргүдөй мен сага, жанагы өзүң кызыл түлкүгө салыштырып жүргөн келин белем. Өппөйсүң, — дегенде байбичеси жумшак күлүп:

— Сыйлап жатпайбы. Өптүрүп эле койбойсуңбу.

— Эркекти эркек өпчү беле, мулжуңдаган неме аны да билбейт, — деп чукчуңдап кетет.

Дасторкон үстүндө тамаша кайра уланып, Маликов боруктун жото жилигин мулжуңдап жеп жатып:

— Атаң Караладан да кары кой союпсуң, — дейт.

— И… — деп Сакең тийишкиси эле келип турганын билип. – Ышталган шириге деле тишиң өтчү эмес беле. Боруктун этине эмне өтпөй калдыбы эми, — деп аны, — эт жештин алпы Кожомкул балбандын жүрөгүн түшүргөн Кубанычбек мешкей деген ушул, — деп өзүн ыңгайсыз сезе түшкөн байбичесине айтат.

Алп өмүрдү жашаган Сакең эртеси кайра бир жандык аяп сөзгө жыгылбайын деп, тигилер туралекте дагы бир алты айлык күрпөң козу алдырып, сойдуруп, казанга астырып койгон экен. Аны көргөн К.Маликов:

— Багындым Саке, сизге, — деп айткан турбайбы!

Жарыктык залкарлар, сөздү сүйлөй да билишкен, сөзгө жеңиле да билишкен нарктуулар эмеспи.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *