№4

Жомок

Илгери-илгери өткөн  заманда бир   өтүкчү   болгон  экен.  Ал  кечке  ар  кимдин  өтүгүн  жамап,  эки  нандык   гана  акча  таап,  анын  бирөөнү  аялы, а  экинчисин аялы   экөө  бөлүп  жечү  экен.  Ошентип  жок  дегенде  бир  нанды  толук  жебеген  өтүкчүнүн  аялы  аны  кемирип  кесип,  акча  таппайсың  деп   кулагынын   кужурун  ала  берчү   экен.  Мына  ушундай  тагдырдан  тажаган  өтүкчү  бир  күнү   эки  нанын  аялына  таштап,  ага  айтпастан  үйүнөн  чыгып  кетет.  Арып-ачып,  өзү    ыргайдай  болгондо   жолдо  жер  айдап  жүргөн  бир  карыяга  жолугуп  калат.  Анан  ал  болгон  тагдырын  айтып,   жашоодон    бакыт  издеп  келатканын  айтат.  Анда  ал  карыя:

— Мен  кечке  чарчадым,   үйдөн  тамак  ичип  келе  калайын,  сен  өгүздү  жетелеп кош  айдап  тур, –  деп  суранат.

Өтүкчү  макул  болот  да,  карыя  үйүнөн  келгенче  кошун  бүтүрүп  коеюн  дейт,  бирок  соко  жер  алдынан  бир  нерсеге  такалат  да,  такыр  жылбайт.  Өтүкчүнүн  айласы  кетип,   соконун  тишин  жерден  сууруп  алганга  аракеттенип,   жерди  алынын  келишинче  казат. Бир  убакта  жердин  алдынан  жаркыраган  эле  алтын, күмүш   тыйындар  чыга  баштайт.  Эмне  кыларын  билбеген  ал  карыяны  чыдамсыздык  менен  күтөт.  Карыя  эки-үч  күндөп  кош  айдоосуна  келбейт.  Өгүз  менен  сокосун  же  алтын, күмүш  тыйындарын  таштап  кеталбаган  баягы  өтүкчү   карыяны  күткөнү менен болгон  жерин  айдап  коет.
Анан  бир  аптадан  соң   карыя   келет.  Өтүкчү   болгон  окуяны  карыяга  айтат:
–Билем,  – дейт карыя. Өтүкчү  абыдан   таң  калат.  – Мен  баарын  билем. Сага  мен  азыр  он  кап  алтын  күмүш  берем,  сен  жардылыктан  кутулуп,  бактылуу  жаша, –  деп  ага  он  кап  алтын, күмүш  салып  ал  дейт.

Бала  карыя  айткан  он  кап  алтынды  салып  алат  да  калганына   тийбейт.

– Сен  эмнеге  көп  салып  албайсың? – деп  сурайт  карыя  өтүкчүдөн.

– Мага  артыкбаш  оокаттын  кереги  жок,  сиз  мага  берген  гана  он  кап  алтын, күмүштү  алам, –  деген  өтүкчү  карыяга  ыраазычылыгын  билдирип,  андан  ары  сапарын  улайт.

Бирок  өтүкчү  жолдо  катар  алтын, күмүштөрүн   жетим- жесирлерге,  жарды-жалчыларга  таратып  жүрүп  олтурат.  Ушинтип  берешен  өтүкчү  жөнүндө  аңыз  кеп  бүт    элге    тарап  кетет.

Муну  уккан  айлакер  дагы  бир  жигит  өтүкчүгө  жакындап  дос  болуп,  анын  алтын, күмүштөрдү  кайдан  алганын   сураштырат.  Өтүкчү  ага болгон  окуяны  айтып  берет. Анан  байлыктан  үмүт  эткен  ал  жигит  өтүкчү   айткан  жол  менен  карыяны  издеп  жөнөйт.  Айткандай  эле  карыя   өгүзүн  минип  кош  айдап  жүргөн  экен.  Саламдашкандан  соң  тиги  жигит  арып- ачып  келатканын,  барар  жери  жок  экенин  айтат.  Анан  карыя  өтүкчүгө  кандай  мамиле  кылса,   ал  жигитке   так  ошондой  кылып,  өгүзүн   ага   таштап  кетет.  Амалкөй  жигит  жер  айдоодо  өтүкчүдөй  эле   алтын,  күмүштүн    корун  табат,  бирок  карыяны  күтпөстөн,   баарын  каптарга  салып,  өгүзгө  жүктөп  жолуна  түшөт.

Аз  жүрдүбү,   көп  жүрдүбү,  айтор   бир  убакта  кеч  кирип, жол  көрүнбөй  баштаганда,  баягы  амалкөй  жигит   алтын, күмүштөрүн   түшүрүп,  баарын   башына  жаздап,  өгүзүн   аркандап   уктап   калат.  Эртең  менен   кыйналып  көзүн  ачса,  жыландын  уюгунда  жатат.  Өзүн  болсо  жыландар  дулайдай  кылып  бардык    жерин   чагып  салган  экен.  Маңдайында  болсо  баягы  карыя  турат,  ачуулуу  тиктеп:

– «Жигиттин  ач  көздүгү – ажалы,  артык  дөөлөт  баш  жарат”, —  деген  ушул,  бирөөнүн   эмгегине  көз  арткан  акыры  мына  ушундай  болот,  бул  менин   хан  салыгым  эле. Сен   аны  ачкөздөнүп   алып,  жыргоону  ойлодуң,  бирок  ал   сага  ажал  алып  келди.  Акылы  кыска  адамдар  сендей  дүнүйөкор  болушат,  бирөөнүн   эмгеги  менен   байыганды  жактырышат,  бирок   мындай    байлык  эч  кимге  буюрган  эмес,  буюрбайт  дагы, – карыя  өгүзүн   минип  көздөн  кайым  болот.

Амалкөй болсо кылган  кылыгына  абыдан   өкүнөт,  бирок  артка  жол  жок  эле…

Өтүкчү  болсо  карыядан   алган  байлыгынын   бардыгын  жетим-жесирлерге,  мискиндерге, жарды-жалчыларга таратып  берип  турат.  Негедир  анын  10  кап  алтыны   такыр  түгөнбөйт.  Мунун  сыры  эмнеде  экенин  билбеген баягы  өтүкчү  жигит  ойлонуп  жүргөндө,  түшүнө  баягы  карыя  кирип  минтип  айтат: «Балам,  сен  эли-журтуңду,  кедей-кембагалдарды,  жетим-жесирлерди  сыйлаган  адилеттүү  жигит  экенсиң. Сен  элге  жакшы  карашкандыктан,  элдин  көбү сени  хан  шайлап  алсак  дешет. Сен  эл  менен  бийиксиң, элден  чыксаң  кийиксиң. Ушул  шакекти сага  берем, ортонуңа  салып  жүр. Кандай  тилек  айтсаң, баары  аткарылат, –  деп  колуна  шакек  салып  коюп  кетип  калат.

Ойгонсо  чын  эле  оң  колунун  ортонунда  алмаздан  көзү  бар  алтын  шакек.  Өтүкчү  жигит  эмнелерди  ойлосо  бардыгы  аткарыла  берет.  Мына  ошондо  ал «Элим  бай  болсун,  бакубат  жашоодо  жашасын,  алардын  бардыгынын  тагдыры жакшы  болсун»,-  деп  ойлонот. Анын  жакшы  пейилинен  улам  эл  аны  хан  шайлашат.  Ошентип  ал  узак-узак    жылдар  бою адилеттүү хан  болуп,  элин  башкарып, эли  аны  абыдан   сыйлашчу  экен.

Ошондон  ушул  кезге  чейин “жигитти  ач  көздүк  өлтүрөт”,  “пейли  тар  адам  бай  болбойт”,  “пейилиңе  жараша,  берди  кудай  тамаша”,  “туура  бийде  тууган жок,  туугандуу  бийде  ыйман  жок”-  деген  макал-ылакаптар калат  эл  арасында.

Сынак шарты менен ушул жерден тааныша аласыздар.

P.S. Сынакка келип түшкөн чыгармалардын авторлору жана калыстар курамындагы төрт адамдын аты-жөнү сынак жыйынтыгына чейин эч жерде жарыяланбайт. Азырынча купуялык үчүн ар бир автор номер түрүндө гана белгиленет.

Аталган сынакка катышкан авторлор менен калыстар курамындагы адамдар туурасындагы маалымат сынактын жыйынтыгынан кийин гана коомчулукка жарыяланат. О.э. бул сынакка тандалган калыстар курамындагы мүчөлөр да азырынча бири-бирин тааныбайт…Балдар үчүн жарыяланган бул сынак объективдүү баасын алсын үчүн сынактын катышуучуларынын да, калыстар курамынын да аты-жөндөрүн ачыкка чыгарбоону туура көрдүк.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *