Султан ЖУМАГУЛОВ

Аңгеме

Марадона деген – бу Чолок көчөдөгү Ысмайыл чоң атанын тун небереси. Эки жылга ооду го, азан айтып койгон Эсен аты калып, Марадона атка конгонуна. Ой-санаасынын баары футбол деп жүрүп тапканы. Марадона болбой куруп кетсин, жаман тамдын тамтыгын чыгарганын укпайсыңарбы. Тамы да ошончондон төрт кошкондо болуп, өткөн-кеткендин же көзүнөн далдоо эмес. Жол жак ыптасында кеңдиги чаранын бетиндей тегерек чийин бар, анын акиси эбак күбүлүп бүтүп, эми шыбагы оюлуп баратат. Таамай тээп машыгам деп ошол чийинге тебе берип, ушул болду. Дегеле дубал бети чолоо жок, жалаң топтун издери. Марадона акеңдин кылганы да. Ырзыңке тобу менен бет маңдайдан тебет, кыйгачтан тебет, асманга көкөлөтө тээп ийип, жерге түшүп келаткан ченде соку башы менен “чулк” сүзмөйү бар. Тобунун тамтыгы кетип бүттү, канча жарылат, олтура калып, бир заматта жамап алат, там бети алдыгинтип тешилип бүтөйүн деп калды капырай.

Мобу тобунун ырайын кара. Дүкөндөн берки ыптасы кыпкызыл, аркы ыптасы көпкөк бойдон келген. Аны Эсен акең сыя карандаш менен шыпылдата ар жеринен беш бурчтук кылып боёп салды. Эмне десе, телевизордогу чаарала топко окшоштурганы экен. Анысы аз келгенсип, чың топту жоон мык менен тешип, мыктын эниндей көзөнөк ойду. Анткени ырзыңке топ өтө чың келип, дыңкылдаган бойдон киши боюна жеткирбей кете берет да, кубалай берип өлө жүдөйсүң. Көзөнөк жасап койсоң анча дыңкылдабайт. Дыңкылдап ала качпаган, телевизордогудай чаарала топ менен футбол ойногон өлө жыргал да.

Чолок көчөлүк аттуунун баарына сөзү өткөн Ысмайыл акенин ушул небересине алы жетпеди. “Там бетине тепкенди койсоң боло, ой, жарыбагыр”, — деп жүрүп өмүрү өтмөй болду капырай. Чоң апа болсо жеринен момун киши, “ок, мээнетиңди алайын, кара жанымдан” бөлөк сөзү жок.

Бир сапар Ысмайыл аке ачуусуна чыдабай, топту эки тизесине кыпчып туруп, макиси менен шашпай тилип салганы бар. “Марадона” тобунун “быш-ш” деп барып, чүрүшүп калганын алая карап турган да, өңү заматта кубарып, көчө өйдө безип жөнөбөйбү. Ошол бойдон жоксун алып жок. Ысмайыл аке менен Чоң апа Чолок көчөдөн баштап кыштакты түрмөтүр кыдырып, натыйжа чыкпаган соң аркы айылдагы Чоң апанын төркүндөрүнүкүнө чейин издеп, таң аткыча беймаза.

Эртеси эми жер жарылганда тегирменчи Кыдырбай аба Эсенди тору жоргосуна учкаштырып жеткирди. “Каш карайган маалда Ортоктун секисинде эрбеңдеген караан бар. Ат чалдырып турдум эле. Бул мурдуңду урайын тетигиле төрдөгү атасына баратыптыр. Жөө жетеби анча жерге? Алдап-соолап араң дегенде үйгө кондурбадымды, ушундай да көк болобу, мурдуңду урайын”, — деп божураган тегирменчи.

Калп айтканда болобу, Ысмайыл аке сыртынан билгизбегени менен небересине ичинен эзилип эле турчу. Баланын баласы ысык болот тура. Чоң атасы ал күнү “лам” деген жок, эртеси биринчи автобус менен районго чейин барып, сактап жүргөн пенсиясына кызыл бөйрөк, көк бөйрөк эки топ сатып келип берди.

Бу көк бет Эсен чоң атасын баш кылып, Чолок көчөлүктөрдү топко көндүрдү. Колу-жолу боштордун баары төрт кошконго чогулуп, караан көбөйө калганда Ысмайыл аке актана минтет: “Биздин тукумда оюнга ышкыбоз жан жок эле, бу таң оозуна урайын кайдан оюнкарак чыкты билбейм. Же тайларын тартканбы? Жанагы куркут таякеси балибол чаба калчу эле, ыя?”. “Ысмайыл аке, аман болсо мындан бутболис чыгат, ошондо телевизордон көрөбүз, буюрса, — дечү бирөөсү. – Мектеп боюнча кыйын ойнойт экен”.

Мектепте футболго анча назар салбагандарына Эсендин куйкасы курушчу. Футбол аянтын да эптеп салып койгондорун кара. Чийиндери такыр көрүнбөйт, бир дарбазасынын үстүңкү устуну жок, мешке жагабыз деп көтөрүп кетишсе керек. Физкультура агай да кызык, волейболдон башканы билбейт. Футболду жакшы ойногондун көбү да ошоякка ооп кетпедиби. Кечинде төшөктө жатып санаса жетөө эле калыптыр: Сүйүндүк, Алмаз, Мурат, Ыйса, Токо, Ороз, анан өзү. Бир команда болуш үчүн дагы төртөө керек. Районго барганда ойногонду көрсөтүшөт эле. Баягыда агайга айтса: “Футболдон башкасын эле кыйраткылачы, мен кудайга салпылдап кетейин”, — деп кагып койгон.

“Марадона” төшөктө жатып, калган жетөөнүн ордун бөлүштүрө албай башы катат. Оюна койсо баары эле чабуулчу болгусу бар, артта ким ойнойт? Ошондуктан атакага кезектешип барышат. Сүйүндүк кыйын ойнойт, бирок пас бербейсиң деп кыйкыра берет. Өзүчү өзү? Бир да пас бербейт. Чоң класста болгондуктан, ага эч ким каяша айта алчу эмес. Атаң көрүнүкү-ү, эми төрт баланы кайдан табабыз? Балдар бар, бирок кичине класста да, ал кодолорду районго барганда жөөлөп кетишет… Аркы-теркини ойлоп атып, “Марадонаны” уйку басат.

Түшүнө да футбол кирет. Телевизордо футбол ойноп жүрүптүр кызык. Көк шибер, апаппак кийинип алышкан. Стадиондо аба жарган эл. Кадимки беш бурчтуктардан куралган булгаары топ. Оме-ей, Блохин, Чивадзе, Яковенколор жүрөт да. Бир убакта көк шиберге оонап, уктагысы келет. Бирок жатууга болбойт да. Кайсы бир чет өлкө менен беттешип жатышкансыйт. Бир топ кишинин: “Ой, карагылачы мобу кичинекей баланы! Өлө алдайт экен”, — деп сүрөгөнү кулагына жетет.

Аңгыча чаарала топ бутуна тийди. Алдын торой бирөө чуркап келатат. Топту чебердей алаасынан өткөрүп ийип, анан дагы бирөөн буйтап өттү эле: “Ой азамат, өнөрүңө баракелде, кыргыз Марадона!” – деп чуулдап калышты. Блохин жетип келип, башынан сылап койду. Бир нерсеге эле жанатан бери башы жетпей жатат – чабуулчу же коргоочу экенине. Далысында номуру болуш керек, телевизордогуларда сөзсүз номур болот. Же далысын өзү көрө албайт, Блохинден сурайын деп уялат. Э кокуй, Сүйүндүк менен Алмаз да жүрөт го?

Эсепти билбей койду. Элдин дуулдаганына караганда, кыязы, утуп атышкан окшойт. Көк шиберде ойногон жыргал турбайбы, такыр күйүкпөйсүң. Анан эч ким да сөгүнбөйт экен. Ойной беришти, ойной беришти. Бир маалда Эсендин уйкусу келди, шибердин берки четине чыгып жата кетти. Караса, чоң атасы бери келатат. Колунда тобу бар. “Таңоозуна, жүрү эми үйгө кетели, — деп эркелетет. – Жакшы ойнойт деп булгаарыдан тигилген топту беришти саган”…

Бир сапар “Марадона” менен Алмаз торпок издеп, Ийри сууга түшпөйбү. Сай бойлоп төмөн барышса, айылдын аяк тушунда көк шибер жайык бар экен. “Иттей түз жер турбайбы, футболго тимеле өлүп калат. Кел, ушерди футбол аянт жасап алалы, Сүйүндүктө чиймеси бар”.

Дем алыш күнү жети берен он чакты майда баланы ээрчитип келип, телевизордогудай футбол аянтын кура башташты. Бүгүн чийиндерин оюп алышат, эмкиде устун таап келип, эки дарбазасын орнотушмакчы. Тиги дөңгө болсо эл отурат.

Түш оой дөң үстүнөн “Уазик” куркурап түшө келди. Агроном аке экен.

— Ой чунак балдар, биерди эмне кылып атасыңар? Кудай урбадыбы, сокого жеткирбей оё башташканбы?
— Футбол аянтын куруп аттык эле.
— Бутбол дейби? Атанын гана де, булардын бышыктыгын көр, — агроном аке салаасындагы чылымынын күлүн чертип койду. – Мектебиңерге барып ойнобойсуңарбы?
— Мектептики туура эмес салынган, түз эмес, кичине, шибери жок такыр…
— Анда эмне ишим бар, анан ушу калкоздун талаасын бутбол кылганы атасыңарбы, деги силерге ким уруксат берди ыя?
— Бу жер ээн эле жатпайбы, эмне болмок эле? — деп күңк этти Сүйүндүк.
— Эмне болмок эле деп, бу сен Маамыттын баласы топ деп жүрүп бир күнү шыйрагың сынар бекен! Бу балдарды баштаган сенсиң го. Чыймыт чүкөдөй болуп мобуга эмне жок? Тамыңды жыртып бүтүп, эми калкоздун талаасынын тамтыгын чыгарайын дедиңби? Ысмайыл акеге айтып, жазаңды окутуш керек экен сенин. Давай, көр-жериңерди алып, бу жерден кеткиле. Тимеле Пеле болуп кетишет.

Балдар бозала болуп тарай баштады. Сүйүндүк куркуюп алдыга түштү, “Марадона” балдардын артында кабагы суз солбуйт. Агроном аке чылымын чертип таштап, машинеге отурду. “Уазикти” дөң калкалап калган кезде “Марадона” шиберге көмөлөнүп түшүп, үн чыгарбай ыйлап жиберди. Балдар бир саам шылкыйып, унчукканы болгон жок.

… “Марадона” түш көрсө, телевизордо футбол ойноп жүрүшүптүр. Стадион толо чуулдаган эл. Ийри суунун боюндагы көк шиберди стадион кылып коюшкан окшойт. Блохин, Чивадзе, Сүйүндүк, Алмаз жүрөт. Бир убакта караса, — мына кызык! – кадимки Марадоначы, ошол Эсенди көздөй келатат. Кудум телевизордон көргөндөй. Эсенди далыга чаап, бирдеме дегенсийт. Жылмайып коёт, Марадона жакшы байке окшойт. Аңгыча: “Ой, бу биздин Марадона накта бутболис болгон турбайбы!” – деген Чолок көчөлүктөрдүн үнү угулат. Аппак кийимчен, чаарала булгаары топ менен көк шиберде футбол ойногон өлө жыргал да…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *