Биз бүгүн балдар адабияты боюнча тынымсыз эмгектенип келаткан авторубуз Абдыкерим Муратовдун котормосундагы түрк элинин жомогун тартуулайбыз. Мындан ары да А.Муратов агабыздын «Чоң энемдин алтын сандыгы» аттуу эмгегиндеги түрк боордошторубуздун элдик жомокторунан жарыялап турмакчыбыз. 

Кембагал бала

Бар экен, жок экен, илгери өткөн заманда бир жесир аял*  жашаптыр. Анын жалгыз уулу болуптур. Алар абдан кыйналып, кембагалчылыкта жашайт экен. Көбүнчө кошуналары жана тааныштары өлбөс үчүн анча-мынча кардыларын тойгозуп турчу.

Ушинтип карыпчылыкта күн кечирип жүрүшүп, акыры өлбөгөнгө мезгил өтө берет экен, баланын балтыр эти толуп, эрезеге жетет.

Анча-мынча кол арага жараган учурда бирөөлөрдүн майда-чүйдө ишин кылып бала бир нече пара* табат да, ага балта жана аркан сатып алып, энесине келет.

— Апа, мен эми токойго барам да, отун камдап, аны сатып, акча кылып, ошол акчага падышанын кызын аялдыкка алам, — дейт энесине.

— Тилегиңден айланайын, — энеси уулунун кебине ыраазы боло, ага ишенбей айтат, — бирок сенин нан алууга акчаң жок, падышанын кызын алууга кайдагы акчаны тапмак элең?

— Көрөбүз!- Ушинтет да бала колго балтасын алып, жонго арканды таштап, үч нанды калтага салып тоону көздөй жөнөйт.

Тоонун адамдар оңой жетпес жерине чейин барып, алачык жасап, ага калтасын илип, ишке киришет.

Күн бою ал отун кесип, жыйып, караңгы болуп калганда гана алачыкка келип жатат. Жер жарыганда кайра ишин баштайт.

Ошентип ал үч айда үч чоң үймөк отун даярдайт.

Анан ага соодагер келет да, отундарын сатып алууга маакулашат. Бала ар бир үймөктү бирден алтынга* сатат.

Соодагер үч алтын акча берет.

Өмүрүндө мындай көп акча кармап көрбөгөн томаяк уул кубанганынан эмне кыларын билбейт. «Апама алып барып берем, ал мага падышанын кызын сатып берет» деп кыялданат бала тоодон кайтып келатып.

Жолдо келатса кыялын бузуп бир ит кыңшылайт. Караса, бир чал итти кыйнып өлтүргөн атыптыр. Баланын итке боору ооруду да чалга айтты:

— Атаке, бул итти өлтүрбөчү, мен сага канча акча сурасаң берейин?

— Эгер мага бир алтын берсең анда итти өлтүрбөйм? — деди каардуу чал.

Бала бир алтынын тигил чалга берет да, итти анын колунан бошотуп, кое берет.

Ит болсо баланын изинен калбай ээрчип алат.

Андан ары барса, бир мышыктын эле жалынган-жалбарган үнү кудайга жетет. Караса, дагы бир чал бир мышыкты кармап алып өлтүргөнү калыптыр. Бул жолу да бала бир алтынын берип, мышыктын ажалына аралжы болот.

Ал мышык да баланы ээрчип алат.

Тоодон дагы төмөндөп түшүп келатса бир олбурлуу жигит эле килтейген ташты алып, жерде бир нерсени урганы калыптыр. Караса – жылан. «Кой-койлоп» тигини да токтотот. Акыркы алтынын берип жыланды да ажалдан алып калат.

«Акчамдын баарын түгөттүм! Бирок ага кейибейм. Мен үч жанды өлүмдөн алып калдым!» — деп кыялында өзүн өзү сооротот да жолун андан ары улайт.

Бара берет, бара берет, бир жерге жетип артын караса ит, мышык, жылан – үчөө ээрчип келатат. Бала жыландан коркуп кетип, катуу чуркаса, адамдын үнү чыгат:

— Адам баласы, сен менден – жыландан коркпо, менден сага эч качан жамандык болбойт. Сен мага жакшылык кылдың, өлүмдөн алып калдың, эми мен да сага жакшылык гана кылам!

Бала андан бетер коркот. «Жылан да кишиче сүйлөйбү, бул бир балакет болуп жүрбөсүн» деп ойлонот.

Жылан дале сөзүн токтотпойт:

— Мен жылан эмесмин, мен – Чин* өлкөсүнүн падышасынын уулумун! Эгер сен кезикпесең жанагы чал мени жайлап салмак. Ошон үчүн мен сени атама алып барайын, сен анын сыйын ал!

Бала эмне болсоң ошол бол деп маакулдук берет.

— Мен сени атама алып барганда, — деп үйрөтөт адамча сүйлөгөн жылан,- атам сенин ким экендигиңди сурайт, а мен ошондо сенин мага жакшылык кылганыңды айтып берем. Анан атам сенден « менден эмне кааласаң, ошону сура» дейт. Ошондо сен: «Мен сенин тилиңдин астындагы мөөрдү сурайм, эгер берсең — жакшы, бербесең — аман бол!» дегин да, шарт артыңа бурул!

— Айткандай болот! — дейт бала.

Анан алар жолго чыгат.

— Биздин жер алыс, адам сымал арыш менен жүрүп отурсак, өмүрүбүз жетпейт, — дейт да жылан ат болуп кубулат.- Кел, мени мин да, чап!

Бала көз ачып жумганча тоодон өтүп, түздөн өтүп, суу басып, бир тоонун чокусунда турган болот. Керемет бир келишкен сарайлар көк тиреп көз жоосун алат.

— Мына ушулар — менин атамдын ээлиги, — дейт да ат бир силкинип балага айланат.

Алар ээрчишип хан сарайлардын ортодогусуна келет. Аерде алтын такта, алтын таажы кийип куу сакал кары отуруптур. Ал сырттан келгендерди көрүп, уулуна кайрылат:

— Айланайын балам, сен жоголуп кайда жүрөсүң? Сенден кабатыр болуп атпайбызбы?! Неге буерде бул адам баласы жүрөт!?

— Эх, ата, ушул адам баласы болбогондо, сен экөөбүз эми оо дүйнөдө көрүшмөкпүз, ал мени өлүмдөн алып калды, — дейт да баласы атасына бүт болгонун болгондой кылып айтып берет.

— Аа, ошондойбу! — дейт Чин паашасы. — Андай болсо адам баласы сен менден не сурасаң сура?

— Мен эмне сурамак элем, — дейт да бала анан чечкиндүү, — мен сенин тилиңдин астындагы мөөрдү сурайм, эгер берсең — жакшы, бербесең – аман бол!

Күтпөгөн суранычка падыша дендароо боло калды да:

— Мөөр алам дегенден кайра кайт, мен сага алтын, жакут, бермет берем, маржан берем… Андан башка не сурасаң ал, бир гана аны эмес?..

— Жок, мага андан башканын кереги жок! — дейт да бала шарт кайрылып кайра кетмек болот.

«Аны куру кол кетиргенде болбойт, — деп ойлонот падыша, — сураганын бергенден башка айла жок».  Тилинин астынан мөөрүн алат да балага сунат:

— Мына сураганың, балам, ал, ала кой! Сен муну менен эч качан кор болбойсуң. Бир гана суранычым — сен муну эч качан жоготпо!

Бала падышага ыраазылык билдирип, аны менен коштошуп, хан сарайдан чыгат да, кайра жолуна түшөт.

Сапарда көп жүрөт, чаалыгат, буту жооруп чор болот, өзү чарчап кор болот, жол учу көрүнбөйт. Бир жерге келип катуу чарчап, алдан тайып, булактын жанына кыңкая кетип уйкуга кирет. Түшүндө Чин падышасынын уулун көрөт.

— Сенде мөөр болгон соң неге ушунча азапка кабылып жүрөсүң? — дейт ал түшүндө.

— А мен эмне кылышым керек эле?

— Сен аны акырын жалагын…

Бала ойгонуп, мөөрдү алат да, акырын жалап коет. Ошондо так астынан чоң араб* пайда болот.

— Не кызмат буйруйсуз?! — дейт араб.

Бала арабдан айбыкса да, анча курсагы ачпаса дале минтти:

— Дасторкон жайылган дүйүм тамак алып кел?!

Араб теменна* кылып, чыгып кетет. Анан ал дүйүм тамак жайнаган дасторкон алып келип баланын астына жаят.

Бала курсагын кампайтат да, не кыларын билбей кайра мөөрдү жалайт.

Баягы араб дагы пайда болот:

— Мени жергеме алып бар да, үйүмө жеткир!

Араб баланы кучактайт да жерге жыгылат.

Бир караса эле бала өз үйүнүн эшигинде турат. Үйүнө кирип, энесинин колунан өбөт.

— Ой, балам ай, сен мынча жоголуп кайда жүрөсүң? Канча күндөн бери менин ичерге суум, жегенге тамагым жок, минтип же өлбөй, же калбай отурам, — дейт да энеси шолоктоп ыйлап кирет.

Бала мөөрдү өөп, энесине деп бир табак дүйүм тамак алып келет. Ал тое жеп, ичип, жаратканга ыраазылык билдирет. Бул анын өмүрүндөгү биринчи жолу таттуу тамактарды тое жеши эле.

Анан бала энесине кайрылат:

— Эми, апа, баргын да, падышанын кызына жуучулукка түшүп кел!

— Сен эмне, акылыңдан айныдыңбы, балам? — энеси уулуна таң кала карайт.

— Биз кимбиз да, падышанын кызы ким? Биздин ушул тоокканадай алачыкка падышанын кызы келмек беле. Андан көрө акчалуу болсоң бир кедейдин кызын алып кел, уулум?

Бирок бала эненин кебине көнбөдү.

— Менин айтканыма көн, апа, мен айттымбы — аткар!? Баргын да, падышанын кызы менен сүйлөш?!

Бечара эне эмне кылсын? Айрылган-тытылган жаман фереджесин* үстүнө жаап падышанын сарайына жөнөйт. Аердеги сакчылар жыртык кийинген аялды кармап алып, аны бир кайырчы катары түшүнүп, бир нече теңгени колуна карматат. Ал ошол теңгелерге ыраазы боло үйүнө кайтат.

— Кандай апа? Кудалаштыңарбы?

— Жок балам, — дейт эне, — мен аякка барсам, мага бир топ теңге берди, мен ыраазы болуп келе бердим.

Бала апасынын колундагы теңгелерди алат да, аны алыс ыргытат.

— Мен сени кайыр сураганы жиберген жокмун го! Сени кудалашып кел деп жибербедим беле?! Бар, эми кайра бар да, эч нерсе берсе алба?! Падышанын өзүнө бар?!

Аял кайрадан падышанын сарайына барат. Бул жолу сакчылар берген теңгелерди албайт.

— Мен кайыр сурап келген жокмун, — дейт ал, — менин падышанын өзүндө гана бир өтүнүчүм бар. Ошол кишиге гана жолугушум керек.

Сакчылар тилемчи аялдын өтүнүчүн өкүмдарга жеткирет да, падыша аялды кирүүгө уруксат этет.

— Неге келдиң, сага эмне керек? — дейт падыша ороңдоп.

— Оо, өкүмдар, менин жалгыз уулум бар, ошого Алланын буйругу менен кызыңды берер белең деп келдим, — дейт айыптуудай.

Падыша таң калды, ачуусу келди, бирок анысын билдирбегенге тырышты да сынай сүйлөдү:

— Жакшы болот, апа, бирок мен да жалгыз кызымды алыска жибергим келбейт. Уулуңузга айтыңыз, менен хан сарайымдын бет маңдайына дагы бир келишкен хан сарай салсын да ошого экөө кирип жашай беришсин. Мына бүгүндөн баштап кырк күндү санагыла, бүтсө – бүттү, бүтпөсө – сенин да, ошол уулуңдун да башы кесилет!

Аял ый менен падышанын сарайынан чыгат.

— Айтпадым беле, тынч эле жүрөлү дебедим беле, кайдагыны чыгарып…

оюңа келгенди айтып… эми не кылабыз? — Эне бышактап кирет.

— Ой, бул жөпжөнөкөй да! — Бала кубанганынан күлүп ийет.

Күндөр өтө берет. Биринчи, экинчи, отузунчу… Эне болсо көзүн соолутуп күнү-түнү ыйлайт.

Ошентип кыркынчы күндүн алдындагы кечи келет. Айла кеткен апа байкуш тагдырдын жазганына маакул болот.

Бала баягы каткан мөөрдү алып, аны акырын жалап көрөт. Араб келет.

— Падышанын сарайынын алдына анын хан сарайынан да өткөн заңгыраган сарай салып кой. Ошол сарайдын алдында падышаныкы тооккана болуп калсын! — деди бала ага буйруп.

Күн чыга электе араб кайра келди:

Эфендим*, баары даяр! Мага дагы эмне кызмат буйруйсуз?!

— Эми ошол сарайды алтын-күмүш менен жасап чык!

Араб аны да аткарат. Бала аны кое берет.

Күн чыкканда падыша ойгонсо эле анын хан сарайынын бет маңдайында ажайып бир хан сарай турат. Өзүнчө эле бир керемет. Жалтылдайт. Жаркылдайт. Чатырлары көккө сайылат. Дале муну адам баласы жасай албайт.

— Мына керемет! Кечинде эле эч нерсе жок эле, түн бою муну ким курду, кантип курду?! — деп таң калып да, ишенип да, ишенбей да падышанын айласы кетти.

Ошо кезде бала арабды дагы чакырат:

— Мага парчадан кийим кийгиз да, алдыма ак боз ат тарт!

Араб ошол замат анын айткандарын аткарат.

Бала кийинип, ак боз атты теминип, падышынанын алдына барат.

— О, өкүмдар, мына айтканыңдай кылып сарай салдым. Эми султан-ханымды убада боюнча мага бер?

Падыша анын жөн жигит эместигин байкайт:

— Айтканыңдай болот уулум. Бирок сен келинчегиңе алмаздан тигилген той көйнөгүн сатып кел? — деп сынайт.

— Жарайт! — деп кетет да үйүнө барып мөөр менен арабды чакыртып султан-ханымга арнап укмуш кооз алмаз менен тигилген, ар кыл кымбат кооздуктар менен шөкөттөлгөн ажайып көйнөк алып келет.

Көйнөк падышага аябай жагат. Ал сарайдагы ажылар* менен кожолорду* түгөл чакырат. Эки баланын никеси кыйылып, шербет жайнап, кырк күн, кырк түн той тойлонот.

Той аяктарда падыша күйөө баласына буйрук берет:

— Эми менин сарайымдан сен салдырган сарайга көпүрө кур да, ошол көпүрөгө баркыт сал, менин кызым ошону тебелеп өтсүн!

Эртеси туруп карашса, эки сарай ортосун билинбеген ушунча бир кооз, жолуна баркыт салынган көпүрө туташтырып калыптыр. Ошол көпүрө аркылуу кыз жаңы сарайдын эшигин аттап, не бир керемет шөкөттөлгөн өз бөлмөсүнөн  орун алат.

Ошондон кийин бир топ күндөр өтөт.

Эми бул жагын угалы.

Ошол кыз берген падышанын сарайында дагы бир араб жашаган. Бир жолу ал падышанын кызын капысынан көрүп алат да, анын көркүнө ашык болуп эстен танат. «Ушул жаш келинди кантип азгырып алсам?» деп күнү-түнү ойлонуп, кыз-жигиттин артынан калбай аңдыйт.

Бир күнү кыз күйөөсүнө эркелеп айтат:

— Сен мен үчүн канча бир керемет нерселерди жасадың. Чынында бул оңой эмес. Мунун бир сыры бар. Сен ошол сырды мага айтып бер?

Күйөөсү сырын айтпаш керек болчу да. Ошентпеди беле Чин өлкөсүнүн падышасы, аны силер билесиңер да. Бирок аялынын назына алданган жигит ага мөөрдү көрсөтүп салат.

Дал ошол убакта жанагы булардын артынан калбай акмалап жүргөн араб

пайда болот да, ал мөөрдү шап жулуп алып, аны жалап жиберет. Дароо мөөрдүн кызматчысы – араб пайда болот.

— Мынабул жигитти ал да тигиндей ыргытып сал! А бул сарайды болсо деңиздин аркы жээгине алып барып ташта! — дейт сарайдагы араб берки пайда болгон арабка. Мөөрдүн кызматын кылган араб бул буйрукту толук аткарат.

Эчтекеси жок калган бала падышага баарын айтып берүүгө мажбур болот.

Падыша каарданат.

— Демек буга чейин сенин жасагандарың бүт сыйкырчылык турбайбы?! — дейт да башына темир алкак золу*, бутуна кишен* салып камоого буйрук берет.

Ошентип жигит түрмөгө түшөт.

Ал ошерде жатып турсун.

Силер баягы отунчу бала куткарган мышык менен итти унуткан жок белеңер? Ооба, унутпагыла?

Ал экөө ошол бала өлүмдөн куткарган учурдан бери бир да жолу артынан калбай ээрчип жүрүшкөн. Бала жанагыдай түрмөгө кабылганда мышык итке айтат:

— Эй, дос, эми бизге кезек келди окшойт. Ал бизди өлүмдөн алып калса, биз аны кантип түрмөдөн алып кала албайбыз? Ушул арабды эмне кылсак?..

Алар сарайдан чыгышат, жээкке келип, сууга түшүп, мышык иттин желкесине минип, ит сүзүп, сүзүп, бир деңизди бүт сүзүп өтүп, түрмөгө келишет да, баягы жигитти куткарып чыгат. Үчөө кайра деңизде биринин үстүнө бири чыгып, тиги жээкке өтөт.

Анан алар сарайга кирет. Бала жашынып турат. Араб уктап жаткан экен, мышык анын мурдун тырмап ийет, ал болсо жөтөлүп, анан чүчкүрүп ийди эле оозуна салып алган мөөр алыс ыргып түшөт. Бала чуркап жетип өзүнө тааныш мөөрдү алып, аны жалап жиберди эле, кызматчы араб заматта пайда болуп, теменна кылып туруп калды.

— Бул кишини алгын да, аны Каф* тоосунан ары ашырып ыргыт! Бул сарайды болсо мурдагы ордуна – падыша сарайынын жанына алып барып кой! — Бала ушинтип буйрук кылды.

Айткан буйрук эки болмок беле. Мөөрдү тартып алган араб Каф тоосунан ары ыргытылып, сарай болсо падыша сарайынын бет маңдайына келип калат.

Падыша буга аябай сүйүнөт. Баланы тагына отургузат. Алар өмүрү өткөнчө бактылуу жашашат.

— Асмандан үч алма түшүптүр, — деп айтышат жомокчулар андан ары жомок-масалин улап, — бири – мага, экинчиси – Хүсанга, үчүнчүсү – жомок токуган кишиге.

— А магачы? — дейт дагы бирөө.

— Ошол үчөөнүн бирөө – сага!

Сөздүк:

жесир аял – күйөөсү өлгөн аял

пара – майда тыйын, майда акча, жалпы эле акчаны пара деп аташат

алтын – акча бирдиги

Чин – Кытай өлкөсү чыгыш элдеринде ушинтип айтылат

араб – түрк эл жомокторунда бул сөз «сыйкырчы» деген мааниде колдонулат

теменна – ызаттоонун бир түрү: оң колун эриндерине, маңдайына, жүрөгүнө

таазим кылып койгон ыраазычылык

 фередже – аялдардын эски чапаны

 эфенди – адамга карата кайрылуу

 ажы – мусулмандардын ыйык жайы Меккеге барып, парызын өтөп келген киши

 кожо – диний наам, чин, ошол эле кезде медресенин окутуучусу

 золу, кишен – кылмышкерлерди кыймылдатпай кармоо үчүн атайын жасалган буюмдар

 Каф – жомоктордо айтылган, бул дүйнө түгөнгөн жердеги тоо

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *