(1-МАЕК)                                      (2-МАЕК)

Памир аралап, Айтматов мээрине, комидеология кээрине калган ак поезд

– Мурзаке, 60-жылдардын аягында го. Сиз, Кубат Жусубалиев, Кеңеш Жусуповду шабыратып окуп аткан кез. Анда силер «атылбай калган бугудай» аз чыкчу элеңер. Партия чыгарбай атат деп койчубуз. Ошол учурда «Ак поезд» дегениңиздин үзүндүсү асмандан түшө калгандай чыга келди эле. Болгондо да «Советская Киргизияга». Партиянын көрөр көзүнө. «Ак поездди» ошондон бери Сиздин чыгармаларыңыздан учурата албай калдым. Эмне болду?

– Эми мындай да, Алым. Сен жана башкалар ВГИКтин жогорку курсу деп айтып, жазып жүрбөйсүңөрбү. Ал ВГИКтин эмес, Госкинонуку болчу. Киносценаристтер менен кинорежиссерлордун жогорку курсу аталчу. Андан бүт дүйнөгө таанымал киночулар чыкты. Албетте, менден башкасы. Мисалы, Төлөмүш Океев экөөбүз параллель окучу элек. Ал кинорежиссерлукта, мен киносценарийликте. Өгүнү айтпадым беле, Рүстөм Ибрагимбековду. Дүйнөдө албаган сыйлыгы аз. Экөөбүз курсташ элек. Грант Матевосян, Андрей Битов ж.б. айта берсек көп. «Ак поезд» менин ошол окуп жүргөндөгү дипломдук ишим эле. Жогорку курстун тартиби мындай эле да: жогорку билимдүүлөр кабыл алынчу, кирген жылдан баштап дипломдук иш жаздырып кирчү.

– Кечиресиз, Сиз кимдин мастерскоюнан окудуңуз?

– Нагорный Семен Григорьевич дегендин. Бу киши советтик мезгилде белгилүү кинодраматург эле. Биздин кыргыз киносуна да тиешеси бар болчу. Эсиңдеби, «Жоро» деген фильм, Георгий Тушкандын романы боюнча сценарийин ошо киши жазган. Көп мыкты фильмдери тартылган Прибалтикада, «Өзбекфильмде», «Мосфильмде». Эки жыл мени окутту, эки жыл сценарий жазганды үйрөттү, абдан кадырлаган кишим…

– Ошол кишинин көз алдында жазылдыбы?

– Ооба. Бир жыл окугандан кийин ал дипломдук ишимди кыйла жерине жеткирип койдум. Сценарий айыл жөнүндө, мургабдык кыргыздар жөнүндө болучу. Мургабда мугалим болуп иштебедимби. Бир эле жыл. Университетти бүткөндөн кийин атайлап ошол жакка суранып баргам. Болбосо «Советтик Кыргызстан», азыркы «Кыргыз Туусуна» ошонун мурунку күнү эле документ тапшырып, ишке өткөм.

– А эмне үчүн анчалык эле Памирди аңсап калдыңыз?

– Эми жаш элем, романтик элем. Анан Хемингуэйди жакшы көрчүбүз. Хем деп коюшчу эмес беле. Хемдин Африкасы бар экен. Гапаровдун Африкасы жок. Гапаров анан өз Африкасын ойлоп таап атпайбы. Экзотика издегем да. Мургаб чындыгында эле керемет жер. Кытай менен чектешет, Афганистан менен чектешет. Тыягында Тажикстан турганы турган. Ошол тажиктердин бир районунда көчмөн кыргыздар, байыркы кыргыздар жашайт. Ошонун өзү эле экзотика эмеспи.

– «Кара көлдүн каздары» ошондо жазылганбы?

– Ооба.

– «Унутулган сокмо жол» дагыбы?

– Ал өзүбүздүн турмуштан. «Ак поезд», «Кара көлдүн каздары», кийинирээк «Жол кырсыгы» деген аңгеме жаздым. «Дружба народов» деген калың журнал бар эле го, ошого басылган. Ошонун баары Мургабга байланыштуу.

– «… каздарында», «токойдо ырдап жүргөн мас булбул» өзүңүзбү?

– Жок. Хорог деген шаар бар. Аны жарып аккан дарыя бар. Аркы өйүзү Афганистан, бери өйүзү Тажикстан. Ошол Хорогго Дүйшөмбү аркылуу самолет менен учуп түштүм. Ага бир түнөп, анан Мургабга жөнөп кеткем. Түнөгөнүмдү бекер кетиргеним жок. Шаар аралап, кечинде паркында болдум. Ашканасы бар экен. Ашканасынан жалаң Ош жактан барган шоопурлар оокаттанышат экен. Вино сатылат экен, арак сатылат экен, башка сатылат экен. Вино заказ кылып, «ээмп» коюп отургам. Нар жагында көмүр-сөмүр, отун-сотун жаккан жай бар экен. Бир тажик жагат экен.

Ошо киши оозумду ачырбадыбы: отун-сотунун жагып коюп эшиктин оозуна, босогого туруп алып, мойнунда илинген чоору бар экен, ошону сууруп чыгып, ой, бир кубулжутуп чалып кирбедиби. Көз алдыңа келтирчи, биздин Чуйковдун «Песня Кули» деген керемет полотносу бар, Индия циклдеринен. Кудум ошондой болуп туруп калды. Мен да көзүмдү албай туруп калдым. Оозум аңырдай ачылып турганын а киши да байкады. Чоорун тартып бүтүп, жаныма отура кетти. Келиңиз дедим, отуруңуз дедим. Анан экөөбүз винолоштук да. Атын сурабадым, меникин да сурабады. Экөөбүз жылмайышып винолоштук да чыгып кеттик. Кийин-кийин «Кара көлдүн каздарын» ошо киши жөнүндө жаздым.

– Мурзаке, бу кейпибиз менен Мургабга жетпейбиз го?..

– Азыр жетебиз. Жол узак да кысталак. Ары 200бү, 300 нечеби километр. Мынабу Оштон Хорогго чейин 727 км. Бир сөз менен айтканда, Мургабга келдим. Кыргыздар жашайт. Топоз багат, кой багат. Кышын-жайын боз үйлөрдө. Ошо кезде. Кыштакчалары бар, ылай менен, сокмо менен салынган тамдары бар. А дагы 1–2 эле бөлмө. Тамбашы жалпак болот. Анткени кар турбайт, шамал учуруп кетет. Мынабу Балыкчы бар го, шамалы ошонукундай күн сайын болуп турат. Кишилеринин беттерин тотуктурган ошол ызгаар шамал. Мен а кезде жапжаш, супсулуу элем. Кийин кайтып келгенимде таанылгыс болуп калбадымбы. 8 жылдык мектепте мугалим болдум. Балдардын, ата-энелердин турмушун көрдүм. Жайы кыска, кышы узак болот ал жердин. Сен айткан «Ак поезд» ошондон чыкты да. Мен иштеген мектеп-интернат болчу. Малчылардын балдары окучу. Интернаты бир узу-ун үй. Сокмо дубал. Бир четинде көмүр-сөмүр сакталат, бир жеринде оокат-соокат бышырылат, бир четинде балдар жашайт. Ошону көргөздүм да.

Ата-энелери кыштын кыраан чилдесинде бүт кокту-колоттордо кой багып, бозүйдө жашайт. Ошо кезде. Азыр билалбайм. «Ак поездди» ошолорду элестетип жазгам. Жанагы узу-ун, кара дубал интернатты актап койсо, ак поездге окшоп калат эле деп жазгам, кыялдангам. Жогорку курста окуп атпайымбы. Бир сыйра окугандан кийин курстун жетекчилери айтып калды: дипломдук иш жазыш үчүн кимге кандай жардам керек? Мисалы, командировка керекпи, акчасын төлөп беребиз, жана башка деп. Мага командировка керек дедим. Каякка? Мургабга дедим, менин сценарийим ошол жерге байланыштуу. Эй, Памирге барып кел дешип, акча төлөшпөдүбү, байкуштар! Алар айтты: Фрунзе өзүңдүн жериң эмеспи өзүң бар, биз Фрунзеден – Памирге, анан Памирден – Фрунзеге төлөйлү. «Хоп, аке!» дейсиң да…

– Фрунзеге ошол замат эле жөнөдүңүзбү?

– Ооба. Чала бүткөн сценарийимди көтөрө келдим да, «Кыргызфильм» киностудиясына бардым. Касыке – Касым Каимов баш редактор экен. Ошого кирдим. Өзүмдү түшүндүрдүм. Ал киши мени анча деле жакшы тааныбайт эле. Москвадан келдим, дипломдук ишим бар, таанышып көрбөйсүзбү дедим. Келе деди. Бердим. Үйгө барып окуп келем деди. Өтө так киши болчу. Ой-бо-ой! Ошо түнү окуп келиптир. Эртеси чакыртып атпайбы. Келсем, отур муерге деди. Башка унчуккан жок. Анан бир келишимди алып өзү толтуруп кирди. Баш редактор өзү толтуруп атат. Кол койду. Кол кой деди. Койдум. Жүрү деди. Түз эле киностудиянын деректирине алып кирди. Кокеев деген болчу. Мынабу Мурза Гапаров деген болот деди Касыке. Сценарий алып келиптир, абдан жакшы экен, мен кабыл алдым, 25% гонарарын төлөтүп бериңиз деди. Ушундай киши болчу. Деректир кыйшаңдай баштады, акчабыз жок, а-бу деп. Кийин алар деп. Сценарийди коллегияда талкуулабайсыңарбы деп. Мен кол коюп койдум, – деди Касыке, – талкууланды деп биле бериңиз. Ушундай киши болчу. Мындай чечкиндүүлүктү бир да советтик кыргыздан жолуктурган жокмун.

Кийин уксам, ошол учурда бийликтен ыдык жеп жүрүптүр. Арыз жазышканбы, айтор текшерип, коргоол да таба алышпаптыр. Өзүн өзү актап, түкүрүп туруп, «Кыргызстан маданиятына» баш редактор болуп кетти. Өтө мырза, өтө сыпайы-сылык киши болчу. Бир сөз менен айтканда, канча акчабыз бар деди деректирге. Болгонун бериңиз, сценарийин бышыктаганы Памирге баратат деди. Деректир 100 сом жетеби дейт. Жетет дедим. Чөнтөктө Москва берген акча ойноп турбайбы! Ошентип алгачкы сценарийимдин акчасын алып, Памирге жөнөп кеттим. Досум бар эле Азиз деген. «Асаба» Асаба болуп турганда бир жолу бастыңар го. Завучум эле. «Иж» мотоцикли бар эле. Ошого отургузуп алып көрбөгөн жерлердин баарын көрсөттү. Мотоцикл аякта жакшы унаа. Жеңил машинелер алардын жолунда жүралбайт. Памирде көл аябай көп. Жапайы каздар балалаган, тукумдаган. Тукумдап, торолтуп алып, ысык өлкөлөрүнө учуп кетет. Аралдары бар. Баарын көрдүм. Бир жолу кар жаап ийбедиби. Августта. Каздар учуп кетиптир. Канаттары калыптыр. Мен аны терип чогултуп, Москвага алып кеттим. Бөлмөмө илип коюп, сценарийимди бүткөрдүм.

Айтор, Памир жөнүндө айтсак, өзүнчө жомок. Жайлоо, көл, сууларын кыдырдык дейсиң! Эски тааныштарымды, досторумду, окуучуларымды, жакшы көргөн кишилеримди көрүп, кумардан чыктым. Мен иштеген мектепте көмүр, отун жок болчу. Кыкты кыркып, көң кылып жагышчу, мугалимдер баш болуп. Мектептин алдынан апаппак, туптунук суу агар эле. Ак суу деп коюшчу, дарыяга куйчу. Ал дарыя жанагы Хорог шаарын жарып аккан дарыяга жетчү. Дарыя жээгин жапайы каздар, өрдөктөр, аңырлар, чулдуктар жердейт. Бир жарым ай жашашат. Өйүзүнөн жапайы теке, эчкилер көрүнөт. Биз мектептин терезесинен көрүп турабыз. Эми балык деген толтура. Деректирдин үйүндө турчумун. Ошонун баарын кайра көздөн өткөрбөдүмбү…

– Ага чейин «Ак поездди» «Советская Киргизияга» таштап кеттиңиз беле?

– Жок, кеп ошондо болуп атпайбы. Памирден кайтып келбейимби. Жакшы тааныш акам бар эле, телевидениенин баш режиссеру Балташ Кайыпов деген. Фрунзенин эски аэропортунан ошо кишиге звон кылбайымбы, учуп келдим, тата-пата деп. Десем: «Ой, үйгө кел, жеңең да жок, баш таңабыз» – дейт. Мени жакшы көрчү, мен андан бетер жакшы көрчүмүн. Сылык-сыпаа, мырза, таза киши болчу ыраматылык, кыргыз ТВсын түптөгөндөрдүн бири эле. Болжошкон жерден жолугуп, үйгө кирдик. Колунда гезити бар экен, аны столдун үстүнө койду да, чайынып чыга калайын деп ваннага кирип кетти. Бекер отурганча деп жанагы гезитти ачсам, «Советская Киргизия». Барактасам, Мурза Гапаров, «Белый поезд» деп жүрөт. Оозум ачылды. Бул менин сценарийим эле, дипломдук ишим болучу, муну киностудияга тапшырдым эле, анан кантип?.. Бир чети сүйүнүп, бир чети таң калып атам да. Балташ ака чыкты, ага айттым. Окуй элек элем, чын эле сен экенсиң деп калды. Анан уландысы бар деп жүрөт. Эртеси экөөнү тең сатып алдым. Баягы дипломдук ишимдин так өзү кысыталак. Толугу менен басыптыр. Бул эми жомокко окшош окуя да.

– Ошо бойдон ким чыгарганын билген жоксузбу?

– Ошого келатпайымбы. Ч.Айтматов анда Кинематографисттер союзун башкарат. Секретаршасы бар эле Мехри деген. Жакшы тааныш элек. Ушунчалык жумшак, ыймандуу жан эле. Ошого кокусунан жолугуп калдым. «Мурза, сени Айтматов издеп, келип кетсин деп атат» – дейт. Айтматовдун кабинетине салам айтып кирип бардым. Алик алган жок: «Окудуңбу?» – деди. Мээме шак этип эле «Советская Киргизия» урунду. Окудум дедим. Бул кандайча аерге түшүп калды десем, Болот Шамшиев алып келди, кыргыз жазыптыр, оригинальный экен деди дейт. Кызыгып окуп көрсөм, сеники экен, жакшы проза экен, менден Москвадагы «Литература и мнение» журналы суранды эле, жакшы көргөн кыргыз жазуучуңуздун чыгармасын рецензияга берсеңиз деп суранды эле, сеники ылайыктуу экен дейт. Ыракмат, ыракмат дедим. Сен эми «Советская Киргизияга» жөнөгүн, аларга 2–3 экземпляр бастырып койгула деп сурандым эле, бирөөнү өзүң ал, бирөөнү мага апкел, Москвага жөнөтөм деп калды. Бардым. Машинкелеп коюшуптур. Айтканындай кылып, Москвага учуп кеттим. Москвадан баягы журнал сүрөтүң барбы, а-бу деп кайрылышты, жаңы сүрөтүм жок эле десем, эски сүрөтүм менен эле басып жиберишиптир.

– Анан эле Кубат Жусубалиев экөөңүздөр Айтматов өз башынан артпайт дейсиздер…

– Жаңыдан чыкканда щедрый болчу да. Анан эле космоско чыгып кетпедиби. Жаңыдан чыкканда зоотехник болчу, жерге жакын эмес беле. Биз да ошончолук сыйлачубуз. Бир деталь. Мен жанагы Памирде, Мургабда жүргөндө Кубат телеграмма жибериптир: Мурза, Чыңгыз лауреат болду деп, камбагал сүйүнчүлөп атпайбы. Мен да аябай сүйүнгөм. Жаш элек, романтик элек, патриот элек. СССР ал кезде биз үчүн эң улуу держава болчу да, биздин кичинекей эл, кичинекей журтубуздун уулу анын улуу сыйлыгын алып атса, кубанбаганда кантебиз? Баары сыймыктанган, эл сыймыктанган, Памирде жатып алып мен сыймыктангам. Андагы Айтматов азыр таптакыр башка Айтматов болуп калды да…

– Ошентип «Ак поезд» тартылбай калдыбы?

– Тартылды, бирок аябай приключения менен тартылды. Сценарийдин каарманы өзүм дегидей эле болучу. Университетти бүтүп, Памирге барып дегендей. Окуяны Фрунзеден баштадым эле. Бир орус кемпирдин үйүндө батирде жашаган жаш жигит аяка чарпылып, буяка чарпылып, иш табалбай, акыры Памирге кетүүгө аргасыз болот да. Москва ушуну жактырбай койду. Улуттар араздашат деппи, кыргыз интеллигенттери орустардын үйүндө акча төлөп жашап, кор болуп жүрөт деген каңкуу бар деппи. Айтор, ушундай. Эки жолу барды, экөөндө тең сылык-сыпаа  аткез беришти.

– Айтматов киришкен жокпу? А кишинин кадыр-баркы Москвага аябай чоң эле го?..

– Жок, ал эми биздин Госкинонун иши болчу да. Госкинонун башчысы Шаршен Усубалиев болчу. Кудая шүгүр, ал киши узак жашап, кадыр-барк менен келатат. Бардыгыбыз сыйлачубуз, а киши деле киришти. Өзүбүздөн да кетип атты да. Адегенде мен тартам эле, мен тартам деп, 3–4 режиссер чыкты. Биринчиси Геннадий Базаров болчу. Кубанып кеткем. Кыргыз киносунун классиктеринин бири да. Ал менин «Көчө» деген сценарийим боюнча да фильм тарткан. Азыркыга чейин көрсөтүлүп келатат.

Бирок мында негедир көзкарашыбыз бир чыкпай калды. Менден да кетти. Ал режиссердук сценарийге келгенде таптакыр эле башканы жаза баштады. Мен чыктым тете-пете деп. Болбойт дедим. Андан кийин Мелис Убукеев тартам деп чыкты. Убукеевди өзүң билесиң, кыргыз киносунда гана эмес, кыргыз искусствосунда, маданиятында, тарых илиминде да таасын талант, эң алдыңкы интеллигенттердин бири эмес беле. Мен бу киши менен аз-маз болсо да теңтуш болуп, достошуп дегендей, жакын мамиледе жүрүп калдым. Ага «Ак поезд» да аралжы болду. Анын айынан экөөбүз сөгүшкөнгө чейин да, өбүшкөнгө чейин да бардык. Иштештик. Анан ишибизди өткөрүү үчүн Москвага Госкиного чогуу бардык. Госкино деген монстр эмес беле. Ансыз эч жакка жарым карыш узабайсың, акчаны ошолор бөлөт. Бардык. Шаршен Усубалиевич, агездеги студиянын деректири, Мелис, мен, дагы башкалар болуп. Белек-бечкегибизди көтөрүнүп. Анан Госкинонун баш редакциясынын коллегиясы талкуулап атпайбы. Чыгып сүйлөштү, ийгилигин, кемчилигин айтышты. Кыскасы, сценарийди кабыл алмай болушту. Баш редактор Кокарева деген эле, ошол: – Авторду, режиссерду угуп көрөлүчү, – деп калды. Мен ыракмат силерге, сценарийде кемчиликтер көп, кудай кааласа, режиссер экөөбүз оңдойбуз дедим. Анан режиссер туруп сүйлөбөдүбү, жок, турбай эле отуруп сүйлөчүбүз. Ал кишини билесиң, амбициясы чоң, аябай кердейген киши эле, өлүп баратса ийилчү эмес, өзүнө өтө ишенип алган.

– «Күүнүн сыры» ошон үчүн бүтпөй калды дешет го?..

– Анын өзүнүн сыры бар. Кино деген жөнеле искусство эмес, бул өндүрүш дагы да. Ошону уюштура албай койду. Акчаны киного караганда оюн-күлкүгө, тамаша-тойго көбүрөөк жумшап ийген дешет. Мен билген, мен билбеген дагы бирдемелери бар өңдөнөт. Жана айтпадыкпы, таланты да, мүмкүнчүлүгү да зор эле. Менимче, анын ондон бирин ачпай кетти. Документ фильмдери шумдук. Акыркы «Өлбөстүккө жанашуусу». «Вселенная Манаса» дегенин аябай жакшы көрөм. Бирок мыкты дегендей бир дагы көркөм фильм тарталган жок. «Күүнүн сырынан» көптү күткөнбүз. Анысы ал болду. Анан таарынып, Алматыга кетти. Баланча жыл. Бирок балан дегидей кино тарткан жок. Кайтып келди. Жакшы фильм тартканга үлгүргөн деле жок, кайтып келгенден кийин. А «Провинциальный роман» дегени болбогон нерсе. Москвадан тартууга деңгээли жетпеген, бирок авторлорун да кыйбаган сценарийлерди элет киностудияларына жиберишчү. Иванды Асан кылып оңдоп. Ошону тартты да…

– Ошентип талкууда эмне деди?

– Катуу айтпадыбы. Бул сценарий бышалек, полуфабрикат деп айтты. Мен муну бүт кайра башынан жазып чыгам деди. Ошондо жанагы Кокареванын (аты-жөнүн эстей албай уят болуп атпайымбы!) жини келе түштү: «А-а, вот что, – деди. – Биз, Госкинонун Баш редакция коллегиясы полуфабрикатты кабыл алып аткан турбайбызбы. Авторлор барсын дагы иштеп туруп фабрикат алып келсин, анан сүйлөшөлү» – деп точка коюп салды да…

– Ошо бойдон кайрылган жоксуздарбы?

– Анан Кыргызстанда кино саясаты өзгөрүп кетти. Жолдош Усубалиев Шаршен Усубалиевичти кызматтан алыш үчүнбү, айтор, Госкинону маданият министрлигине бириктирип салды. Маданият министрлиги өзүнчө саясат жүргүзөт да…

– Киностудиядагы сценарийиңиз башка эч режиссердун көңүлүн бурбаппы?

– Буруптур. Яков Бронштейн деген бар болчу. Ташкендик еврей. Кийин АКШга кетип калды. Видигурис экөө «Замки на песке» деген фильмди бизде тартып, Польшанын Краковунан «Золотой Дракон» сыйлыгын алган. Ошол келиптир, «Кыргызфильмде» кандай сценарийлер бар экен деп. Меникине кабылыптыр. Үйгө келишти, давай, биз тартабыз деп. Пожалуйста дедим. Бизге акыркы вариантынын кереги жок, биринчисин бер дейт. Бердим. Москвага алып кетти өткөрөбүз деп. А Москвадан өтпөй калат. Яша телефон чалат. Өлгүчө тажадым да, өтпөсө эмне кылайын ыргыт дедим. Соавтор алсак болобу дейт. Ала бер, энеңди урайын дедим. Көрсө, ал Андрон Канчаловский менен жакшы тааныш экен. «Биринчи мугалимге» экинчи режиссер болуп иштептир. Ошого барыптыр. Койгонго эптеп улуксат алдым, сценарийди оңдош керек болуп атат, соавтор таап бер деп. Ал баягы менин досум Рүстөм Ибрагимбековду таап бериптир да. Ошол замат Бакуга учуптур жаны жок.

Мен анда «Кыргызтелефильмде» иштейм. Р.Ибрагимбеков Азербайжан Кинематографисттер союзун башкарчу. Кабинетинен звонить этип атпайбы: – Мурза, редакторуң менен жетип кел, баарына сүйлөшүп койдук, командировка берет, – деп. Бакуга учпадыкпы. Кыштын күнү. Кар. Рүстөм деңиз жээгинен, кайсы бир эл аралык эс алчу жерден жай алып коюптур. Сценарийди ошояктан жаза баштадык. Москва кабыл алды. Режиссердук сценарийди бизге келип иштедик. Анан кино тартыла баштады. Башкы ролду керемет актерубуз Советбек Жумадылов ойнойт. Аялы өлүп калган, бойдок болчу. Анан бир студент кызды сүйүп калыптыр. Жанына ар дайым ала жүрөт дейт. Съемка Сары-Челекте, дайранын боюнда тартылып жатат. «Приключения счастливого человека» деген ат менен. Баш каарман шаты көтөрүп алып дайра бойлоп жүрө берген комический каарман болчу. Яша Бронштейн кийин мага айтып берип атпайбы: чечинип сууга кир десек, кирбейт дейт. Көрсө, жанындагы студент кызга курсак-пурсагын көрсөтүп чечингенден уялып жатыптыр. Бардык кыргыздардай эле курсагы толо болчу да. Мага арызданышты: Сокең жанагы кызы менен туруп-туруп эле бир жумача жоголуп кетти дешет. Кинонун ар бир мүнөтү акча талап кылат да. Анысын урганы барбы, Ташкенттеп кетиптир. Кийин ошол кызга үйлөндү. Ал Сагын болчу, ыраматылык а дагы өтүп кетти. Ажайып аял эле.

– Кино ошентип тартылып бүттүбү?

– Бүтпөй калды. Жарым-жартылай эле бүткөн. Эмне деп койчу элеңер, КП БКбы, айтор, ошонун идеология бөлүмү токтотуп койду. Кандай болуп жетип калганын билбейм, ошол кездеги идеология боюнча секретарь материалды атайын алдырып көрүптүр да, бул чырдуу фильм болот, башыбызды «Биринчи мугалимден» да жаман оорутат деген имиш. Анан жаптырып таштады.

– Тартылгандары ошо бойдон архивге кеткен экен да?

– Жок, көп каражат жумшалып кеткен да. Кыргызстандыкы да эмес, Москваныкы. Биздин «жапкычтар» ошону актагыла, тартылган материалдан бир кино чыгаргыла, ошол эле жетишет дейт. Кыска метраждуу кино кылып чыгармай болушту. Мени отургузуп сценарийди кайра жаздырышты. Аны ойлоп, муну ойлоп, акыры бир вариантты тандадым. Ал, 4 часттуу, 40 мүнөттүк фильм болуп калды. Аны Москва кабыл албай коёт. Стандартка туура келбейт деп. Кыска метраждуу фильм же 10, же 20 мүнөттүк болуш керек. Булар 20 мүнөттүк кино жасамай болушат. Мен билбейм. Р.Ибрагимбеков Москвада. Аны табышат. Ары кетип, бери кетип, сөзү жок, диалогу жок эле 10 мүнөттүк 1 часть фильм жасап салышат. Аты да өзгөрөт: «Это – не беда» деп. Ал Краковдогу эл аралык кинофестивалга барып, эсимде жок, биринчиби, үчүнчүбү сыйлык алып келди. Фильмдин титринде сценарийин Р.Ибрагимбеков М.Гапаровдун катышуусу менен жазган делинип калыптыр. Көрсө, оңбогон еврей авторлорго гонарар толук төлөнөт деген закон казып чыгыптыр да, тең  бөлүшкүсү келбептир.

– Ошол бойдон «Ак поезд» оомийин болдубу?

– «Ак поезд» деп атоого болбой калды. Айтматовдун «Ак кемеси» чыгып кетти. Кыргыз эртең эле бул Айтматовду туурап атат деп кыйкырып чыкмак. Эмесе «Ак поезд» деген ат менен орусча, французча чыккан. «Ак поезд» менен «Ак кемедеги» символика да окшоштой эле.

– Кандай окшоштук?

– Кыял, максат, үмүт тууралуу болуп атпайбы. Памирдин балдары Ак поездге түшүп, Памирден чыгып кеткиси келет. Айтматовдун баласы да Ак кемени карап, атам ошонун капитаны, ошого кетем деп кыялданат. Дүйнөлүк адабиятта андайлар боло берет. Бирок Кыргызстанга окшогон алакандай жерде кадыр-барктуусу, орден, наамдуусу утуп кетет. Ошо утулуп калбаш үчүн «Кыштакча» деген жупуну ат коюп чыгардым да…

2001-ж., 14-декабрь

Алым ТОКТОМУШЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *