Түрк жомогу

Байыркы өткөн заманда эки бир тууган жашаптыр. Алардын улуусу али үйлөнө элек болсо да бай турат экен. Кичүүсү болсо үй-бүлөлүү болуп, өзү да өтө жакыр жашаптыр.

Бир мертебе кедей иниси бай агасына келет да, андан минтип сурайт:

— Бүгүн жегенге эч нерсе калбаптыр, бир аз акча берчи?

— Ушу сеники өттү! Иштеп, акча таппайсыңбы? Тапкан экенсиң бекер оокатты! Жетет, бүттү, эми акчадан үмүтүңдү үз!

Антсе кедей иниси айтат:

— Болуптур, анда, жер кыдырып кетем, бактымды сынап көрөйүн!

Ошентет да ал белгисиз сапарга чыгат.

Ал туш келген жакка кете берет, кете берет. Көп жолу ач калат, ток болот, бирок токтобойт, же бир жакшы жумуш табылбайт.

Бир күнү ал бир дарактын түбүнө көлөкөлөп отурса, алыс-алыстан асманга кара булут көтөрүлөт. Жакшылап караса муну көздөй түптүз эле дөөлөр келатат. Алыстан санаса алар кырк экен. Коркконунан дарактын коңулуна* кирип кетет.

Дөөлөр дарактын жанындагы кара ташка келишет да «Чанга!»  деп кыйкырат. Ошондо эле баягы кара таш ачылып, дөөлөр ээрчишип кире башташат. Баары кирип бүткөн соң эң арттагы жаш дөө кыйкырат: «Чунга!» Ошентери менен таштын эшиги кайра жабылат да алардын баары бул жер үстүндө такыр болбогондой кара ташка сиңип жок болушат.

Кедей жигит таң атканча баягы дарактын коңулунда отурат, же бир уйкусу келсечи, эптеп таң атырат. Таң атарда «Чанга-Чунгасын» айтып дөөлөр кайта чубап чыгып, алыс жакка ээрчишип кетет.

Жигит кара ташка жакын келет. Эмне болсоң ошол бол деп туруп айтат:

«Чанга!» Ошондо таш ачылып, ал коркуп атса да тобокелге салып акырын ичине кирет. Анан «Чунга!» деп кыйкырды эле таш эшиги кайра бүтөлүп калды. Ичи өзүнчө керемет үңкүр экен. Кире бериште бир бөлмө жайгашыптыр да, анда стол туруптур, стол үстүндө кырк ачкыч жатат.

Ачкычтарды алып катары менен ар бир бөлмөнү ачып кирет. Биринчисинде – толо алтын, экинчисинде – жалтыраган таза күмүштөр, үчүнчүсүндө – жакут, төртүнчүсүндө – жапжашыл зымырат таштар, бешинчисинде – лаал, алтынчысында – бермет, жетинчисинде – маржан… ошентип-ошентип кете берет, кете берет. Ар бөлмөдөн бир аздан ала жүрүп отурат. Анан ачкычтарды ордуна коет да «Чанга!» деп кыйкырат – таш ачылат. Чыгат да,

«Чунга!» деп коет – таш жабылат.

Ошентип ал үйүнө көп байлык менен кайтат.

— Сен мынча байлыкты кантип таптың? — деп жанын койбой сурайт агасы.

Ал болгонун болгондой айтып берет.

— А эгер мен барсам, байлыкты алып келе аламбы? — Агасы аябай кызыкты.

— Аласың, бирок «Чанга» менен «Чунганы» эле жакшы ажыратып билип ал!

Эми бир туугандардын улуусу жолго чыгат. Ал чоң кап алып алат. Жолдо кыйналып-кысталып акыры бир тууганы айткан даракты, анын жанындагы кара ташты табат.

«Чанга!» деп кыйкырды эле чын эле кара таш тең жарылып ачылды. Ал сүйүнүп ичине кирди. «Чунга!» деп койду, таш жабылды. Иниси айткандай эле кире бериш бөлмөдө кырк ачкыч бар экен. Аны менен бөлмөлөрдү бирден ачып, кабын ар кыл асыл таштарга толтурат. Салмагы жеңил, бирок баасы кымбаттарын терип алат.

«Чунга!» деп кыйкырды эле таш ачылган жок, андан бетер гүлдүрөп бекип калды. Ал туура эмес айтып алды да. Байкадыңарбы? Ооба, «Чанга!» деш керек болчу. Балекет болуп байлыкка жеткен соң ушул сөздү унутуп калып атпайбы. Көпкө турду. «Мейли эми бир жерге жашынып калам да, дөөлөрдүн эмне дегенин угам, анан эртең капка асыл мүлктөн дагы толтуруп биротоло чыгам» деп ойлоду. Анан ал кабындагыларды кайра бөлмөлөргө орду-ордуна коюп чыкты. Жашынар жер издеп кирди. Тапты.

Очок бар экен. Ошонун ичине кирип алды.

Бир убакта титиретип дөөлөр келди. «Чанга!» деди эле таш жарылды.

Баары киришти. «Чунга!» деди эле, таш жабылды. Биздин жигит «Чанга!» дегенди эстеп алып аябай кудуңдап сүйүндү.

Ошол кезде дөөлөрдүн эң кичүүсү минте баштады:

— Ох, бул жерде кишинин эти жыттанат да!

Башкасы айтат:

— Биз талааларды, шалбааларды, эгинзарларды аралап келбедикпи, ошон үчүн кийимдерибиз кишилердин жытын ала келди да. Буерде кайдагы киши болсун?

Жашы дале жыттап-жыттап сөзүнөн кайтпайт:

— Кишинин эти жыттанат.

— Бул жакка кишиң эмес, чымчык да кире албайт! — дейт экинчиси.

— Жок, эмне десеңер ошол дегиле, кишинин эти жыттанат! — Ошентти да эң жаш дөө ар жерди аңтарып адам баласын издеп кирди.

— Мына айтпадым беле! — Ал очокто отурган жигитти сууруп чыгат. — Айтсам ишенбейсиңер!..

— Бул жакка кантип кирдиң?! Сен кимсиң?! Неге келдиң?! — Дөөлөр адамды суракка алып атышты.

Баягы бай жигит баарын төкпөй-чачпай айтып берет.

— Сенин бир тууганың — кедей экен, ага тагдыр ошону буйруптур. А сага тагдыр башканы буйруду! — деди да дөөлөрдүн башчысы аны кырк бөлүккө бөлдү.

Эмнеге дейсиңерби?

Алар баары кырк эмес беле, бирден бөлүк жетиш керек да…

Сөздүк:

коңул – дарактын көңдөй жери

очок – от жага турган атайын жасалган жер

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *