Бейшебай УСУБАЛИЕВ

Аңгеме

…Кош бол эми Ала-Тоо – Кыргыз атам,
Ак карларың эрибес – Акак апам ….
А мен болсо эмитен эрип атам,
Кош бол эми Ата Журт … Кучагыңды кучактап … эркин жатам …
Мурза ГАПАРОВ

Мурза байке экөөбүз ата-баладай да, ага- инидей да элек. Аны мен, негедир, көп эстечүмүн, азыр болсо ого бетер көп эстейм. Мурза байкенин көзү тирүүсүндө ак дилимден ага арнап, аңгеме да жазгам. Ал өз мезгилинде Мурза байкем экөөбүздүн сүймөнчүк гезитибиз «Агымга» жарыяланган. Аңгеме жарыялангандан кийин көп өтпөй ага капыл-тапыл жолугуп калдым. Ал: «Бейшен, айланайын, сени издеп таппай жүрбөймүнбү. Жанагы Алымдан (Токтомушев) үйүңдүн телефонун сурасам, башканыкын берип койгон окшойт, чалсам эле тили бурууларга туш болчу болдум… Сенин аңгемеңди окугандан кийин мени дагы канча кыз-келин жакшы көрүп, сүйүп калды болду экен…» – деп жадырап кубанган. Анан экөөбүз бар жерде отуруп, үч саатка чукул сыр төгүшкөн элек (бул жөнүндө өзүнчө жазармын). Бир маалда эле Мурза байке ордунан шак ыргып туруп, саатын карап: «Бейшен, бизде («Манас» университетинде) бир түрк катын бар, ошол катын биздин бөлүм башчыбыз болчу, бүгүн биз менен коштошуп, Түркияга биротоло кетмек. Узатууда мен да сүйлөшүм керек, элди күлдүрүшүм керек!..» – деп шашылып жөнөп калган. Мен аны артынан карап туруп, өзүмчө шыбырагам: «Арыктап кетиптир…» Бул биздин акыркы жолугушуубуз экен – ушундан бир ай өтүп-өтпөй ал эрип кетти…

Мына, андан бери билинбей эле тогуз жыл өтүптүр. Эгер бул дүйнөнүн жалгандыгы чын эле чын болсо, эгер адам жаны чын эле түбөлүктүү болсо, анда Мурза байкенин арбагы бир козголуп, мен жазып жаткан ар бир тамганын тегерегинде чымындай жаны чыркырап, чарк айланып жүргөн чыгар. Мурза байке кыргызбайлар деп тегеренип-тегеренип кетер эле, анда ошол кыргызбайлар жөнүндө жазган ушул чыгармам анын бейитине койгон гүлчамбарым болсун!

…Алар төртөө болучу. Жол тоскондорду айтам. Баары жардамга келишкендер. Анда жайкы каникул учурунда университеттин экинчи сорттогу окутуучуларын (илимий даражасы жокторду), аспиранттарын, кош бойлуу болууга үлгүрө элек лаборанттарын айыл-айылдарга жардамга жиберишчү. Ошолордун бири катары булар да жардамга келишкен. Бүгүн үйлөрүнө кайтып баратышат. Бир жумадан кийин окуу башталмак. Бир жарым ай катуу иштешти. Чарчашты. Чөп чабышты. Болгондо да токойдун ичинен. Топ-топ болуп иштешти. Математик менен физиктер өзүнчө кетишти, химик менен биологдору өздөрүнчө кетишти…

Анан кайдан-жайдан экени белгисиз, филологдор менен тарыхчылар кошулушуп, бирге иштешип калышпаспы. Баса, булар (жардамга келгендердин баарын айтам) бир-бирин беш колундай жакшы билишет. Бирок бул бир жерде, жашырбай айтканда, университетте далай жылдан бери чогуу иштеп келатышкандыктарынан деле эмес. А ошол далай жылдан бери экинчи сорттон өйдө көтөрүлө албай, жардам берүүгө айдалуу бактысынан ажырай албай жүрүшкөндүктөрүнөн. Булардын баарын бул айылдагы чоңдордун баары (бригадир, башкарма, агроном ж.б.) да жакшы билишет. Өзгөчө бригадир. Буларды көргөндө тим эле энеси эркек төрөгөндөй сүйүнөт десең. Анткени эрмек табылып отурбайбы. Кичине кыймылдасаңар боло деп жергиликтүүлөр менен чабышып жүргүчө, экинчи сортко киришсе да, алардын акылдуу сөздөрүн, жорук-жортуулдарын угуу жыргал да.

Бул жолу да сүйүндү. Эски клубдун жанында топурашып турган жардамчыларды көргөндө эле, сүйүнгөнүнөн эмне дешти билбей, кыйлага жадырап турду да, анан адатынча жарылып кетти:

– Эми агайлар, өзүңөр билесиңер да. Баягы эле жериңер, баягы эле ишиңер. Баягындай эле кыймылдамай … Анан баягындай эле

Муну баары түшүнүштү. Айда сонун түшүнүштү. Бригадир айтпаса деле түшүнүшмөк. Мына, баягы эле жериңер дегени – токойдун арасы, баягы эле ишиңер дегени – мокок чалгылар менен чөп чабышары, баягындай эле кыймылдамай дегени – бир же эки сол эптеп тарткын да, түшкү тамакты күтүп, бактын көлөкөсүндө отура бергиле дегени. Анан баягыдай эле деп келатып, калганын жутуп албадыбы. Туура кылды. Анткени баягыдай эле дегенин баары тең жакшы билишет да. Эки солду тартышкан соң, бактын көлөкөсүндө жөн отура берген, же солуп жата берген уят да. Кичине болсо да, душман көзүнө көрүнүшүң, кыймылдамыш болуп турушуң керек да. Ооба, кыймылдашышат. Топ-топко бөлүнүшөт да, челкилдеше башташат. Челкилдешкени ушул – карта ойношот. Убакыт зымырайт, а буларга анын зымырап жатканы сезилип да койбойт. Качан гана чалгы чыңагычтын эшеги айкыра баштаганда, кара филолог (бул – олбурлуу киши, ошон үчүн курсагы тез ачса керек) селт этип:

– Балдар, токтоткула картаңарды. Эшек айкыра баштады, тамак ичер маал болду окшойт, – дейт да, ордунан ыргып турат.

– Эшегиңди!… – дейт оюндун кызуусуна жаңы эле кирип бараткан, көзү тостойгон филолог кыжына. – Жаңы бүйүрүм кызып келатканда… Айкырып… Ушул үчүн эшек да!..

Кызык, ушул маалда ар жактагы бактын түбүндөгү чоң ташка кыңкайып, же тирүү экени, же өлүү экени белгисиз, козголбой жаткан тарыхчы-аспирантка да жан кирет десең:

– Кандайча тамак ичээр!.. – дейт ал саатын карап элеңдей. – Дагы беш мүнөт бар да. Эшегиңер туура эмес…

– Эшектики туптуура! – дейт аны толук сүйлөтпөй, бери жактагы карта десе жантыгынан жата калган жаш филолог. – Эшектер өмүрү жаңылбайт, алар туптуура айкырышат. А сенин саатың дайыма туура эмес, дайыма беш мүнөт артта калат. – Анан өзүнчө эле сөгүнө кетет:

– Энеңди урайын десе, эшектики туура эмес деп, өзүң шалдай болуп солуп жатсаң, саатың деле сендей эле шал да…

Аңгыча кара филолог эки жагын олуттуу карап коёт да, баскыла дегенсип көч баштап жөнөйт. Калгандар үн-сөзсүз анын артынан ээрчишет. Бир гана тарыхчы аспирант басар-басмаксан болуп өзүнчө ыргылжың да, өзүнчө кыжалат: басып келатып эле токтоп калат да, саатын карап башын чайкайт, анан көңүлсүз кадамын улайт, көп өтпөй эле кайра токтойт да, саатын карап кайрадан башын чайкайт.

Акыры тээ алдыда бараткан жалпы топтун жетекчисин көрөт да, санаасы тынгандай кадамын ишенимдүү шилтей баштайт. Аз жерден унутуп кала таштаган турбаймынбы, бу жардамчылардын бир жалпы жетекчиси сөзсүз болот. Ал филологго да, тарыхчыга да, математикке да айтор, баарына жетекчилик кылат. Көбүнчө башкарма менен жүрөт. Даражасы боюнча бу сорттогуларга да кошулбайт. Анткени илимдин кандидаты да! (Илимдин докторлору башыңды алам десең да, жардамчы болуп келишпейт, анткени алар илимдин докторлору да!) Ошол жалпы жетекчи, илимдин кандидаты, кээде чокчоңдоп текшерип калмай адаты да бар эле. Кесиби – тарыхчы. Бир күнү эртең менен баарын тизип алып кечиккендерди, эчтеке иштебей, керээли-кечке карта чабышып отургандарды түз эле ректоратка билдирип, иштен айдатарын айтып, каарый баштады эле, аны менен курбалдаш, экинчи сорттогу жанагы кара тарыхчы тигинин оозун аппак кылып таштаган:

– Сен кайсы арыңа чыкчырыласың, ыя?! Болуптур, отузунчу жылдардагы комсомолдор деп эптеп кандидаттыгыңды жактап алдың. Эмне, ушунуңа мактанасыңбы?! А баягыңды билесиңби, Пётр биринчи ким десе, Пётр биринчи социалисттик революциянын негиздөөчүсү деп ГОСто шерменде болбодуң беле… Биз деле кишибиз, кечигебиз, үй-бүлөбүз, балабыз бар дегендей. Балдардын энеси бар дегендей. Анан…

Эл дымый түшкөн да, анан кыраан-каткы болушкан. Тиги болсо, колун шилтеп басып кеткен. Ошондон бери текшергенин койду. Өзү менен өзү. А анын катыгын берген тарыхчы ошондон бери дердейип жүрөт. Кадыр-барктуу. Өзү болсо жетекчи курбалдашын кийинчерээк мактап калчу болду: «Эси бар да!.. Бир айттым эле, ошондон бери тизгинин тартты да койду. Акылы бар да…» Мына ушул топ, филологдор менен тарыхчылар бүгүн үйлөрүнө кайтып баратышат. Бир жарым ай жүрүштү. Чарчашты да. Арийне, ара-чолодо үйлөрүнө барып-келип жүрүштү дечи. Өзгөчө үй-бүлөсү барлары. Буга бойдок бир аспирант таңдана берчү. Ал жума сайын эле үйлөрүнө салып-уруп жөнөп калгандардын ар бирине:

– Ай, байке, бая күнү эле барып келбедиңиз беле. Эми бүгүн да жөнөп калдыңызбы? Эмне бар, жөндөн-жөн эле акча коротуп… – деп өзүнчө кыжалат боло берчү.

– Ээ, иним, – дечү алар олуттуу, – үйдө бала-бакыра бар дегендей… Аларды сагынасың дегендей… – Анан сырдуу жылмайышып.

– Анан да балдардын энеси бар дегендей… Анан ошол балдардын энесинде бир ишим бар дегендей…

Муну укканда, тегерегиндегилер каткырып калышчу. А тиги аспирант өзүнчө таңдана күңгүрөнүп койчу: «Бир иши эмнеси?..» Ошентип, филологдор менен тарыхчылар үйлөрүнө кайтып баратышат. Бирок баары эмес. Жаштары гана. (Калгандары кайда отурушканын анан айтып берем.)

Балээ мындан башталды. Кечээ бир солдон тартышып, эс алышканы картага жаңы киришкенде, карт тарыхчы сөз баштап калбаспы:

– Балдар! – деди ал шыдыр эле отургандардын намысына тийип. – Айткылачы, биздин математиктерден эмнебиз кем? Мына, алар кечээ бир жараган козу союп жешиптир. Мага аны мени менен кошо жаткан, коңуругу таш жарган (ошонун коңуругуна кантип чыдап уктап жүргөнүмдү да билбейм, атаңдын оозун урайындын баласы десе), ошол математик бала айтып келбедиби. Кечкурун эле оозу-мурду майланышып, свежий эт жыттанып кирип келбеспи, ой кайдан дептирмин саламга келбей эле. Ээ, байке, эмнесин айтасың бир чардадык да, акча чогултуп бир жараган козу сатып алдык да… Анан чардадык дейт. Эт да болду, тигиниси да болду дейт…» Анан биз эмне, алардан биздин эмнебиз…

Бул кара филологго жага бербей калды:

– Чын эле, ошол жаман математиктерден биздин эмнебиз кем, ыя? – деди ал тигини толук сүйлөтпөй. – Атасынын көрү…

Анан эле эсине бир нерсе түшкөндөй, капысынан тык токтой калды.

– Анан… Анан… Кеп-сөз болбойбузбу, ыя, тигилерге жетип калса…

– Кимдерге, кимдерге?!. – Тосток филолог негедир ачуулана кетти.

– Деги эмнени жетет деп жатасың?..

– Жетет дегеним деле жок, – деди кара филолог жалтактай, – кокусунан жетип калса деп жатам. – Титирей кетти. – Ректораткачы. Анан … Иштебей эле ичип жүрүшөт дешип … Анан …

Муну укканда баары дымый түшүштү. Бир гана жаш филолог өзүнчө сөгүнө кетти?

– Бүжүрөгөн энеңди! .. Дайыма эле сактанып, бүжүрөп …

Тынчтыкты кайрадан карт тарыхчы бузду:

– Ай, баатырлар, – деди ал жайдаңдай, – буга эмне эле кызаңдашып жатабыз. Эмне, математиктер деле эчтекеден коркпой-үркпөй эле… Эмне, алардыкы жетпеген биздики эле…

– Жетсе жете берсин! – Тосток филолог буулуга кетти. – Жеткенин мен уруп да койбойм. Көп болсо кандидаттыгыңды… жактаттырбай коюшар. Керек болсо, мен кандидаттыгыңды да уруп ойнобойм. – Тык токтоду да, чочугандай карт тарыхчыга кайрылды.

– Айтыңызчы, андан көрө козуну кайдан, кантип алабыз?

– Анын жарасы жеңил, – деди карт тарыхчы кыт-кыт күлүп. – Иттин богунан арзан десем да болот. Мына, жанагы ветврач менен менин жакшы экенимди билесиңер, ошол мага жолуккан сайын эле: «Агайлар, силерди мен бир сыйлай албай жүрөм», – деп калат. Эми ага барбай жаным жокпу, кана, баатыр, ишке жарай турган болсоң, эми жара дейм да… – Чөнтөгүн оодара кетти да, он сомдукту сууруп чыгып, филологдорго кайрылды.

– Мына муну кечээ силердин бир профессоруңар таштап кетти эле, чарчадыңар го, буга бирдеме тытмалап койгула деп… – Он сомдукту силкилдетип. – Мунуңар болсо ошо бойдон эле кыймылдабай турат. Эми чөнтөгүңөрдө калган-катканыңарды чогултсак эле, тигинисине да, мунусуна да… – Калганын өзүңөр билесиңер да дегендей, адатынча кыт-кыт күлүп койду.

– Болуптур, – деди жана кагуу жеп калган кара филолог ызалангандай, – козуну алдык дейлик, аны кайда соёбуз, кайда бышырабыз да, кайда жейбиз? Ушул талаага союп, талаага жесек, – негедир титиреп кетти, – ошондо тигилерге … ректоратка жетип, таза ит болуп … – Коркконунан кебин улай албай калды.

Жаш филолог кайрадан өзүнчө сөгүнө кетти:

– Бүжүрөгөн энең …

– Ой, кокуй күн о-ой, – деди карт тарыхчы жайдары, – мунун жарасы ого бетер жеңил. – Элди айландыра бир карап алды да, шыбыроого өттү. – Ушу айылда бир келин бар, келин деле эмес, аял. Өзү – мугалим. – Өкүнгөндөй. – Күйөөсү өлүп калыптыр, бечаранын … Эки кабат үйү бар, өзүм жалгыз турам дейт. Университетте чогуу окуганбыз. Ошонун үйүнө эле…

Бул сөз тосток филологго жага бербей калды:

– Ой, жарыктык, бая эле ошентпейсизби, – деди ал алаканын жайып. – Көрсө, сиз эчак эле цементтеп койгон турбайсызбы …

– А-ай, агай, баягы чогуу окуп жүргөндө эле цементтеп койгон окшойсуз, ээ, – деди жаш филолог башын чайкай. Бул сөздү укканда, карт тарыхчы кадимкидей сыймыктана:

– Оо, чычымдар, – деди жылмайып, – силердин билбеген битиңер жок, ээ… Тигиниси болбосо да, мунусу дегендей… Кармалап-сармалап дегендей… – Эсине бирдеме түшкөндөй тык токтоду да, отургандарга кайрылды. – Жанагы коңуругу таш жарган математикти чакырып койбойлубу, ыя, биз деле чардайбыз деп мактанып койдум эле… – Эч ким үндөбөдү. Буга супсуну сууй түштү да. – Кечинде баарыңар тең берчиңерди бер-гиле, – деди өкүм. – Мен ветврачты эртең менен эрте кармашым керек. Болбосо…

Айткандай эле, ал мурдатан даярдап койгон жибин алып, силер кыймылдамыш боло бергиле, мен бир-эки сааттын ичинде келип калам деп эртең менен эрте жөнөп кетти. Бирок ана келет – жок, мына келет – жок. Акыры карта чабышмай башталды. Баарынын эс-дарты бөлөктө. Көңүлсүз. Ойномуш болушат. Качан гана түшкө чукулдай бергенде, карт тарыхчынын карааны көрүндү.

– Келатат! .. – деди жаш филолог сүйүнчүлөгөндөй.

– Жолу болбой калган экен! .. – деди кара филолог ындыны өчө.

Тосток филолог, негедир, чукчуңдай кетти:

– Аны кайдан билдиң?!

– Колундагы жипти көрбөйсүңбү?..

– Аа…

Аңгыча карт тарыхчы жетип келди да:

– Аа, отурган экенсиңер да – деп койду олуттуу. Көрүп турбайсыңбы дегенсип, тегеректе эч кимиси үндөбөдү. Өзү да отура кетти да, элди бир сыйрадан тегерете карап алып, «жомогун» баштады. Эртең менен эрте түз эле конторго барганын, барса кашайып планёрка башталып калганын, күтүп-күтүп чарчаганын, Баягылар кете берейин десе, атайы барып шалпайып куру кол өзү келди деп уят болорун ойлогонун, башкарманын секретаршасынын тырмагы мастан кемпирдикиндей узундугун, күтүп отурса терезенин тушунан бир тааныш киши өтүп кеткенин, анын артынан кууп жетип учурашып, сен баланчасыңбы деп сураса, мени көрүнгөнгө эле окшоштура бересиңер, баарыңар тең итсиңер!.. деп кагуу жегенин, бирок ал бир мезгилде чогуу иштешкен кишиге коёндой окшош экендигин, бул коёндой окшош киши менен Оштогу бир мектепте чогуу иштешкенин, анда жыйырма төрт жашта болсо да, бакыйган бир мектепте деректир болуп иштегенин, кол алдында бир газик машинеси, өзүнүн шоопуру болгондугун, ошол айылда мындай бир кызыктуу окуя болгонун: бир жигит супсулуу кызга үйлөнүп, анын сулуулугунан жалтанып төшөктө анын жанына жолой албай койгонун, акыры кыз жеңесин чакыртып, кыз эле бойдон экенин айтып ыйлаганын, буга ызаланган жеңеси кызыкени тирүүлөй өлтүрмөк турбайсыңарбы деп кызды төркүнүнө алып кеткенин, ошол эле жигит көп өтпөй көргөндүн жүрөгү түшчүдөй түрү суук, аткыдай болгон бир кызга үйлөнгөнүн, анысы чууртуп бала төрөп бергенин, ушундай кызык окуя болгонун, акыры планёрка бүтүп, ветврач аны жадырап тосуп алганын, эмнеге келгенинин чоо-жайын билгенден кийин, оо аксакал, анын жарасы жеңил деп девитине салып алганын, артына эле отурайын десе, сиз агайсыз, сый коноксуз деп туйлап, алдыңкы орунга отургузганын, анан экөө девит менен койчулардын баарын кыдырып чыкканын, кашайып койлордун баары жаңыдан эле кралинге салынганын, андай койлордун этин жешке болбостугун, киши өңдүү кишилер келип калышы мүмкүн деп эттүүлөрүн кралинге салбай бөлүп койгула дебедим беле деп бир койчуну айда ашатканын, анысы андайларды атайы бөлүп, жонуна уйдун жампасын сыйпап койгонун, бирок түндө кара басып катуу жаан жаап, жампаны жууп кеткенин айтып безилдегенин, акыры айлалары түгөнүп, кайра айылга түшкөнүн, мында да алдыда отурганын, анан бир үйгө келишкенин, ветврачтын девити келип токтоору менен үй ээси үйүнөн атып чыкканын, ветврач аны менен учурашпай туруп эле, бул адам ким экенин билесиңби, университеттин бакыйган профессору (атасынын көрү, ветврачтын оозуна сала берип, профессор болуп калгым да бар- дыр, профессоруң эмне, көктөн түшүптүрбү) болот, ушундай бүтүндөй Кыргызстанга сыйлуу кишиге бир жараган козу керек, бекер эмес, сатып алат деп өкүм сүйлөгөнүн, муну угары менен тиги киши үйүнө шып эле кирип кетип, бир жараган шишекти жетелеп келип, девитке өзү салып бергенин, канча берейин десе, ветврачты жалтаңдай карап алып, арзы- баган бир бааны айтканын, бакыйган профессор деп көкөлөтүп атса, анан ушуну эле бергеним уят эмеспи деп, үстүнө он сом кошуп бергенин, ветврач девити менен баягы келиндин, жок, аялдын үйүнө өзү жеткирип койгонун, келин, жок, аял эпилдеп-жепилдеп жан-алы калбай жадырап тосуп алганын, ветврачты көргөндө гана кичине уяла түшкөнүн, азыр ошол шишек анын короосунда байланып турганын айтты да, чөнтөгүнө акчаны тутамдай сууруп чыгып:

– Мына, акчаңардын арткандары, эч бир кыймылдабай турат – деп, биресе өзүнө өзү маашырлангандай, биресе жанатан бери сайрап жатып чарчагандай, үндөбөй отуруп калды.

– Өхш!.. – деди боргулданган кара тарыхчы шоргологон терин шыпыра. – Анан жана эле ушундай дебейсизби …

Карт тарыхчы нааразылана башын чайкап-чайкап алды да:

– Анан, эмне, жанатан бери мени эшек такалап жүрдү дейсиңерби!.. – деп көңүлү чөгүңкү отуруп калды.

Эч кимиси үндөбөй, атүгүл сүйлөгөнгө батына алышпагандай, бир азга дымый түшүштү. Аңгыча орус филологиясы боюнча аспирантурада окуган, дулдуйган кара жигит тынчтыкты бузду:

– Коё турсаңар, – деди ал элди бир айландыра карап.

Анан чочугандай тике эле карт тарыхчыга кайрылды.

– Сиз… Тиги… Эмне эле… Шимек…

– Шимек эмес, шишек,– деди жаш филолог күлүп.

– Сиз тиги… Ошо шишек дедиңиз, ээ. Деги шишек деген эмне?

– Эмне болмок эле?!. – Карт тарыхчы ачуулана, атүгүл ызалана кетти. – Шишек деген кой да!..

– Кой экенин билем, бирок аныңар эркекпи, же кызбы …

Бир карт тарыхчыдан башкасы кыраан-каткы күлүп калышты.

– Кыы-зз эмес, эркек!.. – Карт тарыхчы кыз деген сөздү өзгөчө кекене айтты. – Шишек болгондон кийин эркек да, эркек дейм! – Анан ызырынып, өзүнчө сөгүнүп алды. – Кы-ызз деп, анан дагы кыргызмын деп коёт иттин баласы десе!..

– Анда… Тиги… – Аспирант дале түшүнө албай жатты. – Аныңар кочкор тура, койдун эркегин биздин айылда кочкор дейт… – Айласы кеткендей, отургандарды суроолуу эле карап калды. Кызык, отургандар бирдемеден шектенгендей, шалдая түшүштү.

– Эмне эле тыбырчылай баштадыңар?.. – деди карт тарыхчы маанайы пас.

– Тыбырчылаганда… – Тосток филолог кебин жутуп алды да, карт тарыхчыга акырын шыбырай кетти. – Деги сиз тыяк-быягын сыйпалап көрдүңүзбү?

– Кантип антпей калайын! – деди карт тарыхчы сыймыктана. – Шыдыр эле жонун… Бүлкүлдөйт тим эле… семиздигинен…

– Ой, жарыктык ай, мен аны айткан жокмун… Мен тыягын кармалап-сармалап дегендей. Чын эле шишекпи, же…

Карт тарыхчы кеп төркүнүн эми араң түшүнүп, жаны күйүп кетти:

– Ой, мен силерге шишек дедим го! Шишек деген шишек да, анан анын эмнесин кармалап-сармалайм. Шишек дебедимби… Шишек деген бул… Шишек… – Шишек деген эмне экенин өзү да жакшы билбейби, же кандайча түшүндүрөрүн билбей койдубу, айтор, туттугуп токтоп калды. Анан ар жакта сол тартып жүргөн Муканды көрүп, сүйүнүп кетти да, кол булгалай кыйкырды.

– Мукан, Муке, бери келсең. Тезирээк… Мукан айылдык мугалим эле, Кочкор районундагы бир айылдан келген. Азыр кайнисинин ордунда иштеп жүрөт. Кайниси – филолог- аспирант. Аты – Нартай. Өзүнүн ордуна аны жибериптир. Бул жердеги мугалимдердин баарын тааныйт, анткени филфакта сырттан окуйт. Ошондуктан баарына агай деп кайрылат. Адептүү. Буларга көп деле кошулчу эмес, картаны жакшы ойносо да, негедир табити тартпайт. Кээде өнөк табылбай калганда гана, аны ой-боюна койбой оюнга кошушчу. Эч ким менен эзилишип да сүйлөшпөйт, бир нерсе жөнүндө сурашса, же бар, же жок деп кыска гана жооп берип койчу. Иштен тажачу эмес.

Булар карта чабышып жатса, бир азга карап турчу да, чалгысын алып чөп чапканы жөнөчү. Эгер элдин баарынын чапкан чөбүн чогултса, ушул жалгыз Мукандыкына жетмек эмес. Чалгысын жанындай жакшы көрөр эле, эч кимге карматчу эмес, сол аягына чыккан сайын, чалгысынын мизин аяр сылап, өзүнчө маашырланып койчу. Кокусунан ташка же бир нерсеге тийгизип алса, чалгысынын мизин улам-улам сылагылап, күнөөлүүдөй, башын чайкап-чайкап, чалгы чыңагыча жөнөчү. «Капырай! – дечү аны карап туруп карт тарыхчы дайыма таңдана, – бизде бир жапжаш эле мугалим бар, минип жүргөн машинесин катынынан да артык көрөт. Эгер аялы өлүп калса ыйлар-ыйлабасын билбейм, бирок машинеси кокусунан талкаланып калса, анын артынан өлөрүн бөркүңөрдөй эле көрө бергиле. Так ушундай эле бу Мукандын жаны да чалгысы менен бирге бүткөн, эгер аныкы бирдеме болсо…»

Ушул Мукан, эмне болуп кетти дегенсип, заматта эле жетип келди.

– Айтчы, Муке, – деди карт тарыхчы аны эркелеткендей, – айтчы, айланайын, сен айылдан эмессиңби, жакшы билесиң да, бу, эмне, шишек дегениң кочкорбу?

Мукан үндөбөстөн башын чайкап койду. Карт тарыхчы компоё түштү.

– Бирок эркек деп жатпайбы!.. – деди дулдуйган аспирант чый-пыйы чыга.

– Ооба, эркек, – деди Мукан жай гана, – бирок кочкор эмес. – Анан жылмайып койду да, өзүнөн өзү эле жазылып, жайма-жай түшүндүрө баштады.

Шишек деле эркек экенин, бирок кочкор эмес экенин, эмне үчүн кочкор боло албастыгын – баарын-баарын, атүгүл шишектин эти жегиликтүү келеринен өйдө зор берилүү менен түшүндүрдү.

– Мына, айттым беле! – деди карт тарыхчы ордунан ыргып туруп, Мукан сөзүн бүтөрү менен. – Силерге какшабадым беле, шишек деген шишек деп… – Өзүнө өзү ыраазы болгондой, аркы-терки басты да, Муканга кайрылды.

– Эми, айланайын Муке, сен тиги баланы кошуп алып (бул бала агасынын ордуна келген, атын билишчү эмес, билишпесе да мектепте окуганынан улам бала деп коюшчу), түз эле жанагы келиндин, жок аялдын үйүнө баргын, мени жиберди де. Өз үйүңдөй көрө бер. Койду сойгун да, колуң билет эмеспи, жакшылап жиликтеп, бышыра бергиле. Биз болсо бир-эки саатта артыңардан жете барабыз… Тигилерди болсо, бөтөлкөлөрдү айтам, келинге, жок аялга алдыралы да, ыя?.. – Отургандарга суроолуу кайрылды эле, алардын эч кимиси үндөбөдү. Жооп күткөн да жок, сөзүн кайра улады. – Болбосо, өзүбүз шарактатып бөтөлкө көтөрүп жүрсөк, университеттин мугалимдери азыр эле арак ичишип, чардап жүрүшөт дешип… – Башын чайкай кетти.

Аңгыча чалгы чыңагычтын эшеги адаттагыдай эле айкыра баштады.

– Түшкү тамакка барбай эле койсок кандай болот, ыя? – Карт тарыхчы отургандарга кайрылды. – Дыңкыя тоюп алсак, шишектин этин каякка … Муну укканда кара филолог чок баскандай секирди:

– Жок, болбойт! Сөзсүз барышыбыз керек, сөзсүз! Болбосо, бүгүн эмне үчүн филологдор менен тарыхчылар түшкү тамакка келген жок дешип, бир балээлери бар дешип, анан ал ректоратка жетип… – Титиреп кетти.

– Бүжүрөгөн!.. – Жаш филолог адатынча кыжынып алды.

Карт тарыхчы кара филологду кубаттай кетти:

– Сенин айтканың да жөн… Жебесек да, жалмаламыш болуп коёлу. Болбосо, чын эле… Анда жүргүлө!..

Баары бирдей жөнөп калышты. Ушул маалда бактын жанындагы чоң ташта кыңкайып жаткан баягы тарыхчы-аспирант башын шак көтөрдү да, саатын карап, нааразы болгондой башын чайкап-чайкап алып, тигилердин артынан жөнөдү…

Айткандай эле, бирдеме жалмамыш болумуш этишип, эки саат өтүп-өтпөй, баягы келиндин, жок аялдын үйүнө жапырт кирип барышты. Чын эле аял карт тарыхчынын айтканындай эле бар экен. Эски тааныштарындай баарын жадырап тосуп алды. Дасторкон үстү жайнайт. Эт да бышып калыптыр. Демейдеги Мукан, негедир, өзгөчө көңүлдүү. Тили чыгып калыптыр. Буга баары таңданышты. Аны коштоп барган бала гана сырдуу күлүп койду. Анан тамак да тартылды, тигиниси да болду. Бир топ эле күүлдөп калышты. Акыры келинге, жок аялга улам бири ыракматын улам-улам айтышып, тарай турган болушту. Чогуу чыгышмак болушту эле, кара филолог канча кызуу болсо да, туйлай кетти:

– Жок, болбойт! Баарыбыз жапырт чыксак, булар уюшушкан экен деп… Анан ректоратка… Биринчи жаштар кетишсин, анан биз кичине эс алып алып…

Карт тарыхчы кубаттай кетти:

– Мунуң жөн…

Ошентип, бешөө биринчи кетишти. Жана жол тосуп жаткан төртөө – ошо биринчи чыккандар. Жашырганда не, бир баладан башкасынын ичтери ысып, кандары дүргүп турат. Өзгөчө Мукандыкы. Баса, булар башында бешөө болчу дебедим беле. Жолго да эч бир сыр алдырышпай жакшы жетишкен. Кантсе да, университеттик сезим бар да! Бирок жолго жеткенде эле, дулдуйган орус филологу Муканды бир карап алып, бул айылдагы таанышына сөзсүз жолугуп кетиши керектигин айтып, кайра артка жөнөп калды. Аны кой-ай деген деле эч ким болгон жок, бир гана Мукан булдуруктап койду:

– Ии… Ошентип… Бирден кача баштадык дегилечи, академиктер!..

Мына, калган төртөө жол тосуп турушат: Мукан, Бала (мунун атын билбейм дебедимби), ташка кыңкайып солуп жата берчү тарыхчы-аспирант, кара тарыхчы чочулаган сайын, сөгүнө берчү филолог-аспирант. Эки аспирант тең, негедир өздөрүнчө эле кыжалат. Бала болсо бейкапар, анда-санда гана Муканды карап туруп, биресе ичи жылыгандай, биресе таңдангандай жылмайып коёт. Мукан болсо ыргала ары-бери жүгүрүп жүрөт: өйдө бараткан машинага деле кол көтөрөт, ылдый өткөндөрүнө деле көтөрөт. Көтөргөндө да дал ушул жерге токтошуң керек дегенсип, сөөмөйү менен бир жерди сайып көрсөтүп коёт.

– Мунуң таза шерменде кылмак болду го… – деди бир маалда филолог- аспирант кыжына. – Биз менен чогуу жүргөндөн кийин, муну деле университеттин кишиси экен деп ойлошот да, ыя?.. Энеңди!..

– Ошон үчүн жана эле такси менен кете берели десе… – деди тарыхчы аспирант эки жагын элеңдей карап. – Эми бизди тааныган бирөө-жарым жолдон өтүп калса…

Бул сөздү укканда араң турган филолог-аспирант жарылып кетти:

– Таксиге акчаң жетпесе, эмне, шымыңды чечип бересиңби?! – деди итатайы тутула.

– Жанагычы?..

– Кайсы?

– Бирдеме ичип койгула деп таштап кетишпеди беле…

– Ага бирдеме ичиш керек да шаарга жеткенде.

– Аа…

Ушул маалда Бала энтигип жүгүрүп келди да:

– Байке, – деди филолог-аспирантка кайрылып, – тигиниңиз шаарга эмес, тоого бараткан бир машинаны токтотуп алып, мээсин чагып жа- тат… – Бырс күлүп койду.

– Түү, ата, чын эле ит кылмай болду!.. – деди филолог-аспирант аргасы түгөнгөндөй колун шилтеп. Анан тарыхчы-аспирантка кайрылып.

– Бар, алып келгилечи. Экөөңөр бирдей эле ичкендей болбодуңар беле?

– Бирдей эле ичкенбиз. Эт менен үч-төрт жолу эле көтөрдүк да. Ага чейин эле согуп албаса… – Көтөрүлө кетти. – Мен болсо тамаксыз бир грамм да… – Таңдангандай башын чайкай. – Кызык, тамакты да ылгабайм десең…

Филолог-аспирант өзүнчө кыжынып койду:

– Ошон үчүн жатасың да шалдай солуп…

Экөө Муканга кетишти. Жалгыз калган филолог-аспирант аркы-терки басып, өзүнчө эле кыжырданып сүйлөнө берди:

– Ичип алса таза акмак экен да!..

Аңгыча жетелешип келаткан үчөөнү көрдү да, тигиле карап калды. Ортодо Мукан келатат, келатканда да булдуруктап наалып келатат:

– Атайы токтотсом… Түшпөй керсейишип… Мен эмне… Өздөрү шишекти билишпейт…

Муну укканда чыдай албай кетти да, алдыларын торой чыгып, Муканга кыйкырып кирди:

– Ой, сен деги кайда барарыңды билесиңби, ыя?! Шаарга барабыз дейм, шаарга!.. А сен тоого барчу машинени токтотуп алып…

– … Аа… Чын элеби… – Мукан эсине келе түштү. Бирок көп өтпөй, кайра наалый баштады. – Керсейишет тим эле… Эмне, шаар… Пиво…

– Пиво дейби? – деди филолог-аспирант чочугандай, балага кайрылып. – Эмне пиво…

– Билбейм… – Бала ийнин куушурду. – Жанатан бери эле пиво деп жатат. Пивого баралы деп атат го…

Филолог-аспиранттын жаны күйүп кетти:

– Түү ата, мунуң ушу кейпи менен дагы пиво ичкиси бар го дейм, ыя?!.

Тиги кайра булдуруктады:

– Ооба … Пийва …

– Кой!.. – деди филолог-аспирант аргасы түгөнгөндөй колун шилтеп. –Такси менен эле кетпесек, болчудай эмес. Болбосо мунуңар…

Баланы суроолуу карашты. Ал түшүндүм дегендей, ары жакта тизилип турган жеңил машиналарга жүгүрүп барды да, бирөөнү заматта айдатып келе калды.

– Кана, отургула!.. – деп буйра сүйлөдү филолог-аспирант өзүнүн машинесинен бетер, алдыңкы эшикти ачып жатып. – Бул геройду ортоңорго алып алгыла…

Отурушту. Таксист бүттүңөрбү дегендей айландыра бир карап алды да, айдап жөнөдү.

Кыйлага үндөбөй барышты. Мукан отурары менен уйкуга кеткенсиген. Филолог-аспирант артка бурулуп аны бир карап алды да: «Уйкуга кеткен экен да кайран эргул! Ырас болбодубу…» – деп өзүнчө ойлоп койду.

– Эмне… – деди аңгыча Мукан чочугандай, капысынан эле. – Эмне… Биз, эмне, көрүстөндөбүзбү, ыя?..

Таксист филолог-аспирантты ормоё карап койду.Филолог-аспирант ийнин куушуруп койду да, тарыхчы-аспирантка бурулуп:

– Мунуңар кайра дөөрүй баштады го…

– Анда эмне… – деди Мукан анын сөзүнө көңүл да бөлбөй. – Эч кимиңер тиги… сүйлөбөйсүңөр…

– Чарчадык да… – деди тарыхчы-аспирант кайдыгер гана. – Бир жарым ай талаада жүрсөк, үй бетин көрбөй …

– Чар-чаш-ты! – Мукан муунга бөлө айтты да, өзүнчө эле каткыра кетти.

Кайрадан үндөшпөй калышты. Тарыхчы-аспирант адатынча үргүлөп баратты. Мукан көзүн жүлжүйтө аны бир карап алды да:

– Академик… дума… думает… –деп каткырды.

Тарыхчы-аспирант бир селт этип алып:

– Академик! Кайсы академик? – деди элеңдей.

– Силерчи?! – Шылдыңдагандай ого бетер каткырды. – Баарыңар тең академиксиңер да! – Алдыга мойнун созуп. – Академик дума думает… Ха-ха-ха…

– Кыргыз мас болсо, орусча сүйлөйт деген чын экен да, – деди филолог- аспирант мыскылдагандай, таксистке карап.

Таксист үндөбөдү, атүгүл анын эмне дегенине көңүл деле бурбады окшойт. Буга, негедир, филолог-аспиранттын шагы сына түштү. Анан өч алгысы келгендей, кайрадан таксистке кайрылды:

– Күн сууктай баштады го…

– Күз келди да, – деп койду таксист кайдыгер гана, алды жакты мелтиреп караган тейде.

Филолог-аспиранттын дагы шагы сына түштү:

– Канча аласыз? – деди таксистке, өзүн өзү жооткоткусу келип.

– Канча эсептесе, ошончо да… – деди ал ого бетер кайдыгер.

– Аа…

Филолог-аспирантка таксист аны жактырбай бараткандай, атүгүл ичинен жек көрүп жаткандай туюлду. Ызалангандай таксистти жаман көзү менен бир карап алды да, артка бурулуп:

– Деги сен барчу үйүңдү билесиңби? – деди Муканга.

– Биле-ем! Аламүдүн бир.

– Ой, Аламүдүн бириңде жайнаган үй бар да. Үйүңдүн номерин билесиңби дейм.

– Биле-ем, – деди тиги эч токтолбостон. – Аламүдүн бир… Пивзавод…

– Кайдагы пивзаводду айтып жатасың! – деди филолог-аспирант жаны кашая. – Деги сен билесиңби, пивзавод кайда да, Аламүдүн бириң кайда?!

Мукан тигинин эмнени сурап жатканын түшүнбөгөндөй, булдуруктап койду:

– Пивзавод… Бир эле кружка…

– Пивонун балакетин аласыңбы! Өлалбай жатып. – Филолог-аспирант ызырына шыбырап алды да, угуза: – Үйүңө барып ич бир кружкаңды.

– Ичирбе-еейт!

– Ким?

– Академик…

– Кайсы академикти айтып жатасың?!

– Аякта да бар академик. Силердей академик. Так эле силердей. Жазып жатат. Тиги эмне эле?.. Тиги…

Филолог-аспирант таксистке карап ийнин куушуруп койду. Бирок таксист ага көңүл буруп койгон да жок.

– Академик ба-ар! – деди Мукан кайрадан кекээрлүү. – Ал дума думает. А мен анын ордунда жүрөм чөп чаап шелпейип…

– Нартайды айтып жатат окшойт, – деп койду, тарыхчы-аспирант кепке аралашып.

– Аа… Көрсө, кептин баары биякта экен да… – деди филолог-аспирант өзүнчө. – Эмне эле чамынып жатат десе… – Муканга кайрылды. – Сен, эмне, сессияңды бүтүп алгандан кийин эле ушинтип каласыңбы? Кечээ эле жүрчү элең го бөйпөңдөп, агайлап артыбыздан калбай ээрчип…

Муну укканда Мукан кичине өзүнө келе түшкөнсүдү:

– Кечирип коюңуз… – деди күнөөлүүдөй. – Силер бизди алты жыл окуттуңар, чокуттуңар дегендей… – Көп өтпөй кайра айныды. – Ээрчип деп… Ээрчийсиң да, ээрчитсеңер…

Филолог-аспирант кыжырдана колун шилтеди. Тарыхчы-аспирант кайрадан үргүлөй баштады. Мукан көзүн жүлжүйтө аны таңдана карап калды да:

– Аа… Бу академигиңер да куйругун түйгөн экен да. Эми мунуңар эшек айкырмайынча козголбойт… – Өзүнчө каткыра кетти.

Тарыхчы-аспирант селт эте башын көтөрдү да, кайсы эшекти айтып жатасың дегендей Муканды олурая карап койду. Филолог-аспирант үндөбөдү, алды жакты мелтирей карап, өзүнчө эле кыжынып баратты. Баары дымышты. Муканга негедир ыңгайсыз боло баштады. Алды жакка мойнун созо филолог-аспирантка тигилди. Ал өзүнчө ойго баткан сыяктуу мелтирейт. Тарыхчы-аспирантты карады, ал болсо эчак эле көшүлүп уйкуга кетиптир. Мукан не кыларын билбей буйдалып туруп калды да, аргасы түгөнгөндөй Балага кайрылды:

– Ушу сенин мага… бир бөтөлкөгө алың жетеби?

Бул сөздү укканда, филолог-аспирант бир селт этип алды да, башын чайкап-чайкап жиберди. Бала болсо не дээрин билбей кайсалактап калды да:

– Алып берет элем… – деди күнөөлүүдөй актана. – Бирок … Чөнтөктө…

Мукан түшүндүм дегендей колун жогору көтөрдү да, төш чөнтөгүнө салды:

– Анда, – деди анан чөнтөгүнөн акча сууруп чыгып, – анда муну оң чөнтөгүңө салгының. – Акчаны баланын оң чөнтөгүнө салды. – Буга ичкиниң, айда ичкиниң! Ичпегиле дешет, былжырашат! Ошолордун баары өздөрү пыянкечтер!..

Бала ыңгайсыздана тарткынчыктады эле, тигил аны колунан тартып, өзүнө жакындатты. Чөнтөгүнөн дагы бир акча сууруп чыкты да, аны баланын сол чөнтөгүнө салып:

– Муну болсо… – деди балага ого бетер ыктай, – тиги балакеттерге, милийсаларга түшүп калсаң бергиниң …

– Эмнеге?! – деди Бала корккондой элейе.

– Бергин да, эптеп суурулуп чык!

Бала аңырайып карап тура берди.

– Мен түшсөм эчтеке эмес!.. – деди Мукан негедир ызырынгандай. – Силер түшпөгүлө! Академиктер!.. Шоруңар…

Муну укканда филолог-аспирант артын жалт карады да, шылдыңдагандай бырс эте бир күлүп алып, башын кайра буруп кетти.

– Академик дума думает!.. – деп койду Мукан кекенгендей.

– Өнөрдүн баары ушунда тура!.. – деди филолог-аспирант ызырына таксистке карап. Ал жооп кайтарбады.

– Түшүндүңбү?! – деди Мукан Балага, филолог-аспирантка назар салбай.

– Түшүндүм.

– Бок да түшүнгөн жоксуң! – деди Мукан эркелеткендей. – Милийсанын милийсасы калып калды, байке, дебейсиңби!.. Ага мына муну… – Чөнтөктөрүн оодарып эчтеке табалбады да. – Бетиңди тосчу.

Бала бетин тосту. Тигил чоп эттирип өптү да:

– Андан ушинтип кутулгун. Маңдайынан сылап өөп кой, бүттү!.. Акча эмне!.. Ошол кутуласың, анан…

– Кимден? – деди бала элейип.

– Химикатың барбы?

– Химикат? – Бирөө менен тиги… өөп-жытташып жүрөсүңбү дейм.

– Аа… – Бала күлдү. Анан эчтеке түшүнбөгөндөй бир сөздү кайталай берди. – Химикат… химикат… хи…

– Анан эмне?! – деди Мукан баланы сүйлөттүрбөй. – Шыбанабы, шыбанат. Анан… – Эмнени?

– Сен, эмне, нинармальныйсыңбы?! – Мукандын жаны кашайып кетти. – Эмне шыбанмак эле, упаны да. Дагы эмне эле, жанагы ооз…

– Помада!.. – Филолог-аспирант шылдыңдагандай бырс этти.

– Академик дума думает!..

Филолог-аспирант лам дебеди, бирок ичинен бүлкүлдөп күлүп барат- кандай болду. – Эми түшүндүңбү? – деди Мукан кайра Балага кайрылып.

– Түшүндүм.

– Эмнени?

Бала жылмая ийнин куушурду.

– Химикат менен өөп-жытташып жүргөнүңдү түшүндүңбү дейм!..

Бала күлүп, башын ийкеди.

– Ошон үчүн экөөбүз тең тыртайып арыкпыз да! Бизди соруп жатат да ошол хим…

– Ох-оо, – деди ушул маалда филолог-аспирант сөздү бөлө, башын чайкай. – Сен мурда кайда жүргөнсүң, ыя?!

– Академик дума думает!.. – Мукан кайдыгер кол шилтеди да, Балага даттана кетти. – Мен жанагыга, аялымды айтам, дайыма какшайм, өзүң химиксиң, анан химиянын богун да билбейсиң дейм. Сен балдарды уулантып, керек болсо өлтүрүп жатасың дейм. Ойлоп көрсөң, күнүнө бир тонна упа сүйкөнсө, анан мектепке барса… Мектеппи же химзаводбу?!

– Бир тонна!.. – деди Бала таңдана. – Коюңузчу кантип…

– Койбой-этпей эле… Сен уксаң мени жакшылап… Бүгүн мектепте бүт аялдар иштейби – иштейт. Ошолордун бири да соо барбайт, баары шыбанышат… Анан мен жанагыга, аялымды айтам, дайыма айтам, силердин мектебиңер мектеппи же химзаводбу дейм. Десем…

– Ох-оо!.. – деди, ушул маалда филолог-аспирант, кайрадан сөздү бөлө.

– Химзавод дечи… – Таңдангандай башын чайкады да, Муканга карап:

– Анан эмне мокочодой болуп кирип барышмак беле мектепке. Мына сенин эле келинчегиңди алалычы, балдарга сүйкүмдүү, сулуу көрүнүшү керек да, аткыдай болбой…

– Ким аткыдай!.. – Мукан бир кыйкырып алды да, анан муунуп сүйлөй албай калды. Таптакыр соолуга түшкөндөй болду. – Кудай сактасын, – деди анан жакасын кармай, – меники төөлүк өйдө силердин тиги көчүктөрүңө караганда…

– Көчүктөр?

– Ооба…

Филолог-аспирант артка бурулуп, эмнени айтып жатасың дегендей, Муканды олурая суроолуу тиктеп калды.

– Көчүк деген мобул. – Мукан уйкуга баткан тарыхчы-аспирантты жамбашка нукуп койду. – Көчүгү мындай экен, жамбашы тигиндей экен дешип… Аялдарды эле аңдытып койсо силерди…

– Ох-оо! – Филолог-аспирант аргасы түгөнгөндөй, ызырына жылмая кетти. – Сен шпиондукка келгенсиң го дейм, ыя? Сени атайы бирөө жиберген го?..

– Силер өзүңөр шпионсуңар, бириңерге бириңер шпионсуңар! Мактанасыңар анан… – Мактанасыңар?!. Кызык… Эмне деп?..

– Минтип койдум деп, жайлап салдым деп… Өзүңөр баарын былгытып, бузуп коюп, анан шыбай баштайсыңар… Жайлап салдым деп…

– Кызык… Кимди?..

– Тигилерди да. Көчүктөрүңөрдү…

Филолог-аспирант сага даба жок экен да дегендей, башын чайкагылай тим болду.

Мукан эми өзү эле жалгыз калгандай, эч кимге көңүл бурбай, өзүнчө эле сүйлөнүп кирди:

– Болуптур жайла, эмнеге мактанасың? Ушу да жигиттикпи, эртеси анын бетин, – балага кайрыла кетти, – аялдарды айтам, уялбай кантип карайсыңар, ыя?.. Кордойсуңар!.. – Кекене муунуп калды да, анан табасы кангандай каткырды. – Атаңардын башына жайлайсыңарбы, баарыңар шишек болсоңор, ха-ха-ха!..

Ушул маалда тарыхчы-аспирант селт эте башын көтөрдү. Эки жакты айландыра карап алды да, жанатан бери калп эле уктамыш болуп келатканбы, айтор, титирей кетти:

– Мен… мен… – деди аптыга, – мен… тиги бир да жолу айткан эмесмин… Тиги жайладым деп… Мен… мен… барган да эмесмин…

Филолог-аспирант башын шарт артка бурду да, өңү-башын тырыштыра, аны жийиркеничтүү карап калды. Анан айласы кеткендей, башын бир чайкап, бир ийкеп:

– Эй, – деди, – сен экөөбүз жайлайм деп шимшип кетсек, уйкуну ким уктайт?..

– Аа … – Тарыхчы-аспирант көңүлү жайлана компоюп калды. Мукан да мемиреп кеткенсиди. Филолог-аспирант өзүнө өзү батпай, туталанып баратты. Көп өтпөй Мукан чочугандай башын шак көтөрдү да:

– Шишек деген эмне экенин айтып берчи дешип!.. – деди, түшкө кирбеген нерсени эсине түшүрүп. – Шылдыңдашып… Силер…

Филолог-аспирант Муканды элейе карап турду да, жаны күйө:

– Ой, деги сенин силер дегениңдин өзү ким?!.

– Силер деген… Силерсиңер да… Ордуна иштеп кел дешип… Сен дешип… Шылдыңдашып…

Филолог-аспирант Муканды карап турду да, башын чайкап-чайкап алып, өзүнчө күңк этти:

– Сенин эмнеңди шылдыңдамак элек!..

Муну Мукандын кулагы чалып калдыбы:

– Эмне!.. – деди үнү кардыга. – Эмне, мен киши эмесминби!..

Филолог-аспирант жооп кайтара албады, ичинен бирдемелерди күбүрөп барды да, кимдир бирөөгө нааразы болгондой колун шилтеп койду. Өзүнүн катуу кетип койгонун туйдубу:

– Эми баарына жайып чык… – деди көп өтпөй, жайдарылана Муканды карап. –Агайларым мындай экен деп, тигиндей экен деп…

– Жайбайм!.. – деди Мукан чечкиндүү. – Силерчилеп көтүнөн шыбабайм. Мен деген… Мен деген бетине эле айтам!..

– Азаматсың!.. – филолог-аспиранттын же чындап эле ыраазы болгону, же какшыктап жатканы билинбеди. – Биз да Нартайга баарын айтып барабыз, жездең колунан да келген, тилинен да келген азамат экен деп…

Бул сөз отко май куюп жибергендей эле болду.

– Нартай!.. – деди Мукан жүзүн жыйра. Негедир сөзүн улай албай, кыйлага туруп калды да, кимдир бирөөгө даттанып жаткансып, өзүнчө эле сүйлөнүп кирди. – Срочно келе кал деп телеграмма уруптур. Жүрөгүм шуу эле дей түштү. Шыдыр эле жөнөдүм. Келсем… Сен менин ордума жумушка барып, иштеп келгин дейт. Приказ берет. Көрдүңбү, «сен!» дейт…

– Ким? – филолог-аспирант элейди.

– Нартайың да!.. Сен дейт!.. Мен жездесимин да!.. Мен деле адаммын да!.. – Сүйлөй албай мукактана кетти.

Бала боору ооругандай Муканды жалдырай тиктеп калды.

– Анда, – деди филолог-аспирант артка бурулуп, Муканды аягандай. – Келбей эле койбойсуңбу…

– Кантип келбей коём?.. Окууга өткөрсө… Кулап калсам, жүгүрсө…

– Ии… Көрдүңбү… Анда унчукпа…

– Келбейт эле болчумун… – Мукан өзүнчө күңк этти да, негедир туталана кетти. – Мен силерди!.. – Кайра ындыны өчө. – Келбейт эле болчумун…

– Ой, анан сени ким айдап келди дейм?..

– Силер!..

– Эмне?! Менин эмне ишим бар сени менен!..

– Келгин деп… Срочно деп… Сен дейт, менин ордума барып дейт, иштеп келгин дейт… Анан мен эмне дейм?.. – Мукан аргасы түгөнгөндөй, алаканын жая кетти. – Айтпайсыңбы?

– Эмнени?

– Бара албайм, менин өзүмдүн жумушум бар дебейсиңби …

– Айтпай коюптурмунбу? Айттым. Айттым, айтсам, ишиңди коё тур дейт. Меники күйүп жатат дейт… Силер ушундай!..

– Кишини ала жыгылба дейм!…

Мукан филолог-аспирантка көңүл бурбай, өзүнчө сүйлөнүп кирди:

– Болупту-ур!.. Мени сыйлабаса сыйлабай эле койсун, мен анын сыйлаганын!.. – Ээлиге кетти да, өзүн көкүрөккө бир урду. – Жок дегенде эжесин сыйлабайбы, ыя?! Сен дейт, менин ордума дейт… – Филолог-аспирантка мойнун созо. – Силер көнгөнсүңөр!..

– Эмнеге?

– Кордогонго!..

– Кудай урбадыбы! Сени ким кордоп жатат?

– Сен деп… Ордума иштеп кел деп… Сенде кайсы жарытылуу иш бар болмок эле деп… Менин ишим күйүп жатат деп… Оо-й, сенин ишиңди!.. – Сөгүнө кетти.

– Мукан байке!.. Мукан байке!.. – деп жиберди бала корккондой, Муканды колунан тарткылап.

– Бас жаагыңды!.. – деди филолог-аспирант титирей.

Мукан селт эте өзүнө келе калды да, эки жагын тегерете карады. Анан санаасы тынгандай жылмая кетти да, кайра кекенди:

– Мен билем силерди!.. Мен баарын билем…

– Эмнени билесиң?!. – Филолог-аспирант кайрадан титиреди да, анан Муканды карап, башын ийкегилей мыскылдуу. – Алдагы кебетең менен таш балакетти билесиңби!..

Мукан өзүнө келе калдыбы, кыйлага үндөбөй барды. Ойлонуп бараткансыды.

– Ты всё знаешь да… Всё… Вы ни… ни…

– Эмнени айтып жатасың?.. – Филолог-аспирант айласы кеткендей күлүмсүрөдү. Өзүнчө кыжынды. – Эми кайра орусча дөөрүй баштадыбы.

– Нет, ты мне скажи, скажи мне, кто бросил атомной бомбу Японии!..

Филолог-аспирант бырс эте бир күлүп алды да:

– Деги мунун эмнени айтып жатат? – деди Балага карап, Муканга сөөмөйүн көзөй.

– Японияга бомбаны ким таштаган деп жатат окшойт, – деди бала да түшүнө бербей. – О! – деди Мукан кубангандай сөөмөйүн чычайта. – Кто?!.

– Америка!.. – деди филолог-аспирант биресе шылдыңдагандай, биресе кыжырдангандай.

– Именно кто?..

Филолог-аспирант Муканды карап, башын чайкагылай бир аз турду да, жооп кайтарбастан алды жакты карап калды.

– Билесиңби … – деди Мукан, үнү кардыга. – Билесиңби, ал жинди болуп калган!..

– Ким? – деди бала элее.

– Лётчик да. Бомбаны таштаганчы. Ошол …

– Ох-хоо, сен аны кайдан билесиң? Мурда кайда жүргөнсүң? – деди филолог-аспирант таңдана.

– Билем да… Эмне, силер эле… Учкуччу… Ошол жинди болуп кеткен. Жерге консо эле, жинди болуп калыптыр дейт…

– Ыя?! – деди таксист чочугандай. – Эмнеге?

– Түшүндү да… Эмне кылганын. Мурда эчтекени билген эмес да. Бомбаны таштай электечи. Анан эле жерди караса, айланайын!.. – Башын чайкап-чайкап алды да, филолог-аспирантка атырыла кетти. – А силер… Ойлоп да коймок эмессиңер… Силер… Шишектер… Мээңер да, жүрөгүңөр да…

– Эй! Оозуңа карап сүйлө… Болбосо, азыр ыргытып салабыз. Түшкүн да кал, талаада жалгыз соксоюп…

Мукан сестене түштүбү, жоошуп үндөбөй калды. Бирок көп өтпөй:

– Калса эмне экен… – деди өзүнчө эле сүйлөнүп жаткансып, – каламын!.. – Кыжырдана кетти. – Ыргытып салабыз деп… Мурда кайда жүрдүң эле деп… Ордума иштеп келгин деп… Сен деп!.. Шишектер!..

– Шишектер!.. – Филолог-аспирант титиреп кетти. – Былжыраган энеңди!.. – Туттугуп сүйлөй албай калды.

Мукан тигинин жаалынан чочуладыбы, кайрадан бир азга дымый түштү да:

– Сен, – деди анан алдыга жүткүнө сөөмөйүн кезей ээлиге. – Энеден келбегиниң!.. – Энтиге. – Мени сөккүнүң, баламды сөккүнүң, мейли, керек болсо атамды сөккүнүң!.. Бирок сен энеме асылба!.. – Не дээрин билбей туруп калды да, колун шилтей. – Ээ, ушул үчүн шишексиңер да. – Кыжырдана шыбырай кетти. – Жүрөгүңөр да, мээңер да!..

– Энеме асылба дейби, ыя?! – Филолог-аспирант өңү-башын тырыштыра мыскылдагандай Муканга карады. – А асылсам эмне кылып аласың?! – Кыжырдана өзүнчө шыбырап алды. – Шишектер деп!.. – Негедир чыдай албай жарылып кетти. – Ой, энеңди сенин… Асылсам эмне кылып аласың, ыя?!.

– Асылсаң!.. – Мукан не дээрин билбегендей, мукактана түштү. – Асылсаң, мына мобуну! – Чыдай албай кеттиби, муштумун түйүп, алдыга жүткүндү да, уруп калды. Муштуму филолог-аспиранттын көк желкесин жанып өттү.

– Байке, коюңуз, – деди Бала алаңдап, Муканды артка тарткылап, – Мукан байке…

Мукан оор жүктөн кутулгандай, шалак эте ордуна отуруп калды. Филолог-аспирант калчылдай таксистке өкүрдү:

– Токтотуңуз!.. Бирок такси бая эле токтогон болчу.

– Эмне, келдикпи?! – деди тарыхчы-аспирант, көзүн ачып эки жагын элеңдей карап. Филолог-аспирант атып чыкты да, арткы эшикти шарт ачты.

– Түшкүнүң!..

– Эмне келип калдыкпы?! – деди тарыхчы-аспирант дагы эле түшүнө бербей.

– Атаңдын башы келип калдык!.. – Филолог-аспирант калчылдай аны колдон тартты. – Түш дегенден кийин түшө бербейсиңби!..

Тарыхчы аспирант эңги-деңги эшикке чыкты. Филолог-аспирант Муканды карай колун созду эле, Мукан аны кагып жиберди да, өзү эшикке атып чыкты. Чыкты да, артты көздөй шарт бурулуп жөнөп калды. Филолог-аспирант анын артынан жүткүнүп барып токтоду. Анан эчтеке түшүнбөй дел болуп катып турган тарыхчы-аспирантка отургун деген ишарат кылды да, өзү да шуу кирип, ордуна боюн таштады. Таксист аны сырдуу карап койду да, машинесин айдады.

– Жанчып салайын дедим эле – уялдым… – деди көп өтпөй филолог-аспирант калчылдаганын баса албай актана. – Нартайдын жездеси болсо… Анын үстүнө университеттин мугалимдери мас болуп алып чабышыптыр дешип…

– Мунуңар болбойт го, – деди таксист негедир жалтактай. – Чогуу ичишсеңер, анан бирөөңөрдү талаага таштап… Анын үстүнө тиги мас болсо…

– Кудай албайт!.. – Филолог-аспирант бурк этти. – Сопсоо эле турат, арак эмес, уу ичсе да эмне болуптур!.. – Сөгүнө кетти. –Тымпыйып, агай, агайлап бөйпөңдөп турса эле, киши экен деп жүрсө… Кептин баары ушунда тура. Тымпыйып жүрүп алып, ичинин баары бок экен да көрсө… – Туттугуп мукактана түштү да, таксистке ачуулана кетти. – Чогуу ичишсеңер деп… Аны менен ким чогуу ичишиптир, ой, аның биз баргыча эле тоюп алыптыр!..

– Ошентсе да… – деп койду таксист, дагы эле жалтактай.

– Байке, токтотсоңуз… – деди Бала аңгыча. – Мен да түшүп калайынчы…

– Калып эмне кыласың!.. – Филолог-аспирант ого бетер жинденди. – Айтып атпаймынбы, аны кудай албайт деп… Ал деген сопсоо… Калп эле… Энеңди!.. Таксист анын сөзүн укпагандай, тык токтотту.

Бала эшикти ачты да, түшүп баратып жакшы калгыла, – деп койду.

Таксист башын ийкегиледи. Филолог-аспирант калмактан өлүп кет дегендей колун шилтеди. Бала артка бурулду да, жол жээгиндеги чоң ташка отуруп алып, өзүнчө эле сөгүнүп жаткан Муканды көздөй бет алды. А такси шаарды көздөй зуулдап баратты…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *