Искусство искусство үчүн
Искусство искусство үчүн деп чуулдагандардын көпчүлүгү искусствонун чуркалары. Ашынган улутчул адамдардын көбү да ата мекенсиздер. Биздин эч кимибизге кудай кут кылган нерседен башканын кереги жок.

Тарыхый материализм
Агер ар бир прозачы турмушту Маркстын тарыхый материализмине тууралап сүрөттөсө, анда ар бир акын ай менен күндү, тоо менен сууну Коперниктин күндү айлануу теориясына ылайыктап ырдашы шарт. «Батыштан күн батты» – деп айтуунун ордуна, «Жер мынча градус, түкүнчө мүнөткө ооду» – деп айтууга туура келет. Аны көркөм сөз деп ким айтат.

Кытай
Жаңыдан жаралган жалтырак коңуз үлүлдү канчалык кемиргени менен аны акырына чейин жеп үлгүрбөйт. Ал бар болгону улам жаңы тамак табуу үчүн тигинин денесин чукулай берет. Биздин япон империясынын, дегеле бардык дөөлөттөрдүн Кытайга болгон мамилеси коңуз менен үлүлдүн мамилесинен ашпайт.

Дагы ошо жөнүндө
Азыркы Кытайдын ашкан чоң трагедиясы – улутчул романтиктерге, мындайча айтканда, «Жаш Кытайга» темирдей тарбия берер Муссолони сыяктуу адамдын жоктугу.

Роман
Окуя оңутунда кокустук аз учураган роман эмес, турмушка караганда кокустук аз учураган роман чындыкка жакын.

Адабият чыгармасы
Сөздүккө караганда адабият чыгармасында сөздүн көркү көбүрөөк ачылышы шарт.

Дагы ошо жөнүндө
Бардыгы эле Тегюну[1] туурап: «Стиль – бул адам» – дешет. Бирок бардыгы: «Адам – бул стиль» экендигин ичинен туюп турат.

Аялдын жүзү
Кумарга толгон аялдын жүзү кыз көрүнгөнү кызык. Арийне, андай кумар кол чатырга да болушу мүмкүн.

Тирлик акылмандыгы
Өчүргөнгө караганда өрттөмөк оңой. Турмуштун мындай акыл азуусу «Bel ami»[2] романын каарманынан катуу байкалат. Оттой ойнош күтүп-күтөлекте, аны менен кантип ажырашууну ойлойт.

Дагы ошо жөнүндө
Тирлик акылмандыгы жалындын аздыгынан жабыркаба деп жаңсайт. Тескерисинче, бир аз салкындык жетишпегени азап.

Материалдык байлык
Материалдык байлыкка жетпегендер рухий байлыкка да жетпейт. Эки миң жыл мурдагы байтак мезгилде ушундай эле. Азыр башкача: материалдык байлыкка жеткендер рухий байлыкка жетпейт.

Алар
Эрди-катын бирин бири сүйбөй кантип ынтымактуу жашаарына ар дайым таңданар элем. А алар болсо бирин бири сүйгөн эрди-катын кантип бирге өлөрүнө таң калышат.

Балдар
Биз эмне үчүн кичинекей балдарды жакшы көрөбүз? Анткени аларга алдатып ийбей турганыбызга ишенебиз.

Дагы ошо жөнүндө
Көр көкүрөк, кем акылдыгыбызды ачык көрсөтүүдөн кичинекей балдардын же ит менен мышыктардын алдында гана уялбайбыз.

Икэ Тайга[3]
«Тайганы таптакыр эле тарткынчаак адам катары карашат. Ал адамдарга аралаша алчу эмес экен, а түгүл Гёкуранга үйлөнгөндөн кийин бир ирет да этегин ачпаган имиш. Аял алып, бирок эркектин эрежесин аткарбаганын бул дүйнөнүн кумарынан кечкен адам катары көрсөткүлөрү келгени кызык. А чындыгында бул акылга сыйбаган, ойго жукпаган аңыз». Ушул үзүндүнүн өзү эле үргүлжү далилдеп туру: художниктер менен искусство тарыхчыларынын ичинен айрым адамдар азыр да ал аңызга ишенет экен. Тайга мүмкүн, Гёкуранга үйлөнүп, үстүнө бир жолу ашыкпай койгондур, арийне, ага айныбай ишенгендер ашкере сезимталдыктын азабынан антпей коюуга болбойт деп ойлосо керек.

Огю Сорай[4]
Огю Сорай куурулган боб буурчагын жеп атып байыркыларды боктогону жакшы эмес. Албетте, аны үнөм үчүн ашап атканын түшүнсө болот, бирок байыркыларды эмне үчүн боктогонуна такыр түшүнгөн эмесмин. Кийин ойлоп-ойлоп отуруп мындай жыйынтыкка келдим: замандаштарды сөккөнгө караганда, байыркыларды сөгүү коркунучтуу эмес.

Жазуучу
Жазмакерлик кылуу үчүн абалы чыгармачыл от зарыл. Ал отту жандырууга, албетте, абалы денсоолук керек. Швед гимнастикасына, вегетириандыкка, тамак-аш таасирине көңүл бурбай, мурун чүйрүгөндөр, демек, жазуучулукка жанын бербегендер.

Дагы ошо жөнүндө
Жазуучу болом дегендер эки миң шаардык болсо да, жандүйнөсүндө варвар болушу шарт.

* * *
Жазуучу болом дегенден уялуу – өз тамырына өзү балта чабуу. Антип уялгандардын жандүйнөсүнө өзгөчөлүк өспөйт.

* * *
Кырк аяк: «Эр болсоң басып көрчү». Көпөлөк: «Эр болсоң учуп көрчү».

* * *
Көркөмдүктүн уясы жазуучунун желкесинде. Жазуучу аны көралбайт. Көркөм десе, мойну сынат.

* * *
Сынчы: «Сен эмгек адамдары жөнүндө гана жазаласың, туурабы?» Жазуучу: «Анан бүт бардыгы жөнүндө да жазалган адам болобу?»

* * *
Кайсы заман болбосун генийлер калпагын бизге окшогон кулпенделер жеталгыс мыкка илет. Ага чыгып жетээр отургуч табылбайт деп ойлобогондуктан эмес. Андай отургучтар эски-ускуну саткан дүкөндөрдө толуп атыр.

* * *
Кайсы автордун болбосун көкүрөгүндө кандайдыр бир жыгач устанын сыймыгы жашайт. Анын эч кандай өөнү жок. Кайсы гана жыгач уста болбосун кандайдыр бир өзүнүн авторлугуна сыймыктанат.

* * *
Анан дагы кайсы автордун болбосун кандайдыр бир дүкөнчөсү бар. Мен чыгармаларымды канткенде сатпайм? Качан сен албай койгондо. Же мен сатпай койгондо.

* * *
Артисттер менен ырчылардын бактысы – алардын чыгармалары түбөлүк калбайт. Минтип ойлосо да болот.

Коргоо
Башкаларга караганда өзүңдү коргомок азап. Ишенбесеңер, адвокаттарды карагыла.

Аяыл
Акыл айтат: «Аялдарга жолобо!» Инстинкт тескерисинче буйрук берет: «Аялдардан качпа!»

Дагы ошо жөнүндө
Биз, эркектер үчүн аял анык турмуш. Айталы, ал бардык жамандыктын булагы.

Акылдын кулу
Мен Вольтерди жаман көрөм. Карандай акылдын кулу боло берсең, бүт жашоо каргышка айланат. Арийне андан «Кандиддин» автору дүйнөлүк атак-даңк таап, бакытка тунган.

Жаратылыш
Жаратылышты жандай көргөнүбүздүн себеби, бери калганда, дагы бир себеби, бизден, адамдардан айырмаланып, ал кызганбайт жана алдабайт.

Тирлик акылмандыгы
Тирлик акылмандыгынын олуттуу осуяты – турмуш шарттуулугун жерибей жаша, ага каршыгып каршы чыкпа.

Аялга таазим
«Түбөлүк аял бойдон калгандарга» таазим эткен Гёте эң бактылуу өмүр өтөгөн. Йехулардын ургаачыларын жек көргөн Свифт жинди болуп өлгөн. Бул аялдардын каргышынан улам эмеспи? Же акыл-эс каргышыбы?

Акыл
Акыл мага акылдын алсыздыгын түшүнүүгө жардам берди.

Тагдыр
Тагдыр кокустан эле эмес, зарылдыктан да куралат. «Мүнөзүнө жараша тагдыры» деген сөз тегин жерден чыккан эмес.

Профессорлор
Медицина терминологиясы менен айтканда, адабияттан дарс окуган профессорлор оорукананын дарыгери болууга тийиш. А алар болсо эч качан турмуш тамырын кармап көргөн эмес. Айрымдары англис, француз адабиятын жакшы билгени менен өз элинин тилин начар билет.

Билим менен моралдын биримдиги
Биз атургай өзүбүздү өзүбүз билбейбиз. Билбегенибизди билмегибиз да азап. «Акылмандык менен тагдырды» жазган Метерлик акылмандык эмнелигин такыр билген эмес.

Искусство
Эң татаал искусство – эркин жашоо. Бирок эркиндик деген бетсиздикти билдирбейт.

Эркин ой жүгүрткөндөр
Эркин ой жүгүрткөндөрдүн бир кемчилиги – эркин ой жүгүртүүчүлөр экендигинде. Алар көздөгөнүн бербеген көк адамдар сыяктуу «кандуу кармашка» кайыл болалбайт.

Тагдыр
Тагдыр – жака уучтап өкүнүүнүн перзенти. Же жака уучтап өкүнүү – тагдырдын перзенти.

Анын бактысы
Анын бактысы – билимсиздигинде. Ошол эле учурда анын бактысыздыгы… О, кандай гана зериктирме!

Прозачы
Эң мыкты прозачы – турмуш акылына тунган акын.

Сөз
Бардык сөздүн тыйын сыяктуу эки бети бар. Айталы, «сергек» деген сөздүн экинчи бети – «коркок».

Материалисттин маңызы
«Мен Кудайга ишенбейм. Бирок нервге ишенем».

Идиот
Идиот (мээсинде жели бар адам. – Которм.) – өзүнөн башкалардын баарын идиот ойлойт.

Тирлик таланты
Жек көрүүчүлүк – тирликтин дагы бир таланты.

Жака уучтап өкүнүү
Байтак заманда адамдар Кудайдан кечирим сурап, таат-ибадат кылчу. Бүгүнкү адамдар коомчулуктан кечирим сурайт. Кыязы, кудайдан жөө качкан шылуун-шумдардан башка адам жамааты жака уучтап өкүнүү менен гана турмуш кыйынчылыгына туруштук берсе керек.

Дагы ошо жөнүндө
Бирок ал жака уучтап өкүнүүнүн канчасы чын, канчасы калптыгына ишенүү – башка маселе.

«Жаңы турмушту» окуган соң
Бул «жаңы турмуш» болду беле, болбоду беле?

Толстой
Брюковдун «Толстойдун өмүр баянын» окуган соң, жазуучунун «Ыймандай сырым менин», «Ишенимдин маңызы эмнеде?» чыгармалары карандай калп экендигине ынанасың. Бирок ошондой карандай калпты айтуу үчүн Толстойчолук эч кимдин жүрөгү канабаса керек. Айрымдардын акыйкатына караганда анын калпы жүрөктү аябай канаткан.

Эки трагедия
Стриндберг өмүрүнүн трагедиясы – айдан ачыктыгы. Толстой өмүрүнүн трагедиясы, тилекке каршы, айдан ачыктыгында эмес. Андыктан Толстой Стриндбергге караганда чоң трагедияга туш болуп өлгөн.

Стриндберг
Ал баарын билген. Билгендерин эч тартынбай эле эл алдына жая салган. Эч тартынбай… Жок, бардыгыбыз сыяктуу эле ченеп-бычып.

Дагы ошо жөнүндө
Стриндберг «Легендаларында» өлүм азап-тозогун өз башынан өткөргүсү келгенин жазат. Арийне, ал тажрыйба өтө татаал. Андыктан ал дагы «өлөйүн деп, өлөлбай койгондордун» катарына кошулуп калды.

Бир идеалист
Ал турган турпаты менен реалист экендигин жакшы билчү. Бирок өзүн идеалдаштыра турган. Коркунуч
Душмандан коркуу – куралданууга аргасыз кылат. Бирок көпчүлүк учурда жок нерседен, элестетип алган душмандан коркосуң.

Биз
Биз өзүбүздөн өзүбүз уялабыз. Ошол эле учурда коркобуз. Бирок эч ким аны чындап моюнга албайт.

Сүйүү
Сүйүү – жыныстык кумардыктын поэтикалуу чагылдырылышы. Бери дегенде, поэтикалуу чагылдырылбаган жыныстык кумардыкты сүйүү деп атоого арзыбайт.

Чебер сынчы
Чындыгында ал ашкан билерман эле. Ал сүйүүнү да чыр-чатаксыз элестете алчу эмес.

Өзүн өзү өлтүрүү
Адамдардын бардыгында бирдей сезим – өлүм коркунучу. Андыктан өзүн өзү өлтүргөндөрдү айыптоо да бекер жеринен чыкпаса керек.

Дагы ошо жөнүндө
Монтень өзүн өзү өлтүргөндөрдү актап-жактаганынын да негизи бар. Өзүн өзү өлтүрө албагандар өзүнө колу барбагандыктан деле эмес, антүүгө темирдей эрки жоктугунан өзүн өлтүралбайт.

Дагы ошо жөнүндө
Өлгүң келсе, кай учурда болбосун өлөсүң. Аны аткарууга аракет жасап көр.

Революция
Бир революцияны бүтүп, экинчисине киришебиз. Турмуштун азап-тозогун мындан да жаман тартарыбызды анда биз азыркыдан дагы аябай сезебиз.

Өлүм
Майнлендер өлүмдүн сулуулугун өзгөчө так сүрөттөйт. Чындыгында эле өлүм кумарына кирип алсаң, андан чыгуу кыйын. Андан да ашыра айтсак, анын тегерегине айлана берип, ага жакындагандан жакындай бересиң.

«Танк алиппеси»
Турмуштун зарыл идеялары бүт «танк алиппесинен» алынат.

Тагдыр
Тукум куучулук, жагдай-шарт, кокустук – биздин тагдырдын такоолу ушул үчөө. Кубанычка баткандар батат. Арийне башкаларды айыптоо адеп-ахлакка сыйбайт.

Шылдыңдоолор
Башкаларды шылдыңдап атып, өзү күлкү боломбу деп коркот.

Бир япондун даңкы
Мага Швейцарияны, же болбоду дегенде сөз эркиндигин бергилечи.

Адамкерчилик, ашынган адамкерчилик
Адамкерчилик, ашынган адамкерчиликтин акыр түбү айбанчылыкка окшогон бирдеме.

Белгисиз акылман сөрөй
Ал шүмүрөйгөн шүмшүк болсом да, эч качан көк мээ болбойм деп ойлочу. Жылдар өттү. Шүмүрөйгөн шүмшүк болгон жок, көк мээ болду.

Гректер
Юпитерди кек алуунун кудайы кылган о, гректер! Силердин көз бардыгына жеткен.

Дагы ошо жөнүндө
Бирок ушунун өзү эле адамзат ушунчалык акырын алдыга жыларын далилдеп салды.

Ыйык китептер
Адам акылмандыгы менен эл акылмандыгын салыштыруу мүмкүн эмес. Эгер түшүнүктүүрөөк болсо гана…

Энесинин баласы
Ал энесин аябай жакшы көрчү. Албетте, анын эркелеткени менен өөп-жыттаганы жесир энесинин сезимин жубатарын билгендиктен.

Белгисиз азезилчи
Ал азезилчил акын эле. Арийне, албетте, чыныгы турмушта бир ирет коопсуз конолгосун таштап, көрбөгөн кордукту көргөн.

Белгисиз өзүн өзү өлтүргүсү келген адам
Бир ирет арзыбаган иш үчүн өз өмүрүн өзү кыймай болот. Бирок арзыбаган иш үчүн өлүп атканына аябай арданат. Колундагы тапанчаны кокурая көтөрүп минткен экен: «Мен түгүл Наполеон деле чиркей чаккан жерин: «Кычышып атат» – деп тим болуптур».

Белгисиз солчул
Ал ашынган солчулдардан ашкан солчул болчу. Андыктан ашынган солчулдарды жек көрөр эле.

Аң-сезимсиз
Биздин мүнөздүн өзгөчөлүгү, эң өзгөчөлөнгөн өзгөчөлүгү – аң-сезимди жеңүүгө аракет жасоо.

Сыймык
Биз баарынан мурда өзүбүзгө жок касиеттерге сыймыктангыбыз келет. Т. немис тилин жакшы билет. Бирок столунда ар дайым англис тилинде китептер жатат.

Жасалма кудай
Жасалма кудай жаратууга бүт баары каршы. Бирок бардыгы тең жасалма кудай болгусу келет.

Дагы ошо жөнүндө
Арийне, эч ким жасалма кудай жарата албайт. Албетте, тагдырды эсепке албаганда.

Бейишке чыгуучулар
Бейишке чыгуучулардын ашказаны менен бала туудурар жабдыгы жок болмогу шарт.

Бейтааныш таалайлуу
Баарынан артта калган адам ушул экен.

Өзү өзү жемей
Жан-жагыңдан бүт жалганга кабылуу – өзүн өзү жемейликке алпарат. Жок, ал эле эмес. Ошол жалганды көргөндөн кымындай да канагат албагандык.

Четтен караганда
Атам замандан бери эле ашкан суу жүрөктөр айбыкпас эр жүрөк болуп көрүнөт.

Адамдык
Биз, адамдар, кудай кетирбес кемчиликти кетиргенибиз менен айырмаланабыз.

Жаза
Жазанын эң коркунучтуусу – жазасыз калуу. Агер жазаңды кудай кечип жиберсечи… Анда башка кеп.

Кыргызчалаган Алым ТОКТОМУШЕВ

[1] Такаяма Тегю – Такаяма Тегю (1871–1902) – япон жазуучусу, адабият изилдегич.  

[2] Bel ami – «Асылкеч курбу» – француз жазуучусу Мопассандын романы.

[3] Икэ Тайга (1723–1776) – япон художниги, конфуциячыл-окумуштуу, тарыхчы.

[4] Огю Сорай (1666–1728) – япон конфиячыл-окумуштуусу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *