(1-МАЕК), (2-МАЕК), (3-МАЕК)

– Мурзаке, сиз кыргыз адабиятына ушул бойдон эле түшө калгандай сезилип кетесиз. Алгачкы чыгармаларыңыз, балалыгыңыз, өспүрүм кезиңиз тууралуу негедир сөз жок. Бүгүн ошол кенемтени толтурууга аракет кылып көрбөйлүбү?

– Мен деле ырдан баштагам. Ырларымды ошол кездеги популярдуу гезит «Кыргызстан пионерине» салып турчумун. Бирок бири да басылган жок. Жооп келип турчу фирменный кагазга. Менин фамилиям машинка менен басылып. Аягында: «Жаза бер, Мурза» – деп коёт эле да. Ошого эле курсант элем, ошого эле сүйүнүп калчумун, кудум гезитке чыгып, бүт республикага тарап аткандай. Кийин ойлосом, мектепте жазган ырларым басылышка даяр эмес экен.

– Даяр эместигине мектепте окуп жүргөндө көзүңүз жеттиби, же?..

– Мектепти 1953-жылы – Сталин өлгөн жылы бүтүрдүм. Турмуш шартка жараша Фрунзеге келип, окууга өтүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. 4 жыл кечигип өттүм университетке. Ага чейин колхоздо иштеп, кыйырым чыгып кетти да. Ал кезде балдар эмгеги эске алынчу эмес. Эмгек күн жазылбайт, ата-энесинин жардамчысы катары эсептечү. Байкасам, колхоздун ичинде колхоздун кою болуп баратам. Кой, качайын деп, өзүбүздүн Ноокат районунда геологочалгын партия бар болчу, ошого кирдим. Ар кайсы жумуштарын аткарып жүрдүм. Анан баш геологу, азыр ойлосом, жашыраак кыз экен, институтту жаңыдан бүтүрүп барган, Башмачникова деген. Ошол мени жардамчы кылып алды. Бир жыл ошону ээрчип жүрдүм. Экөөбүз эки ат минип алып, кокту-колот, жылгаларга кирип, тоо сууларынан шагыл издеп, шагыл жууйт элек. Анан ошол керектүү деген шагылыбызды куржундарыбызга салып, аттарыбызга жүктөп, лабораторияга тапшырчу элек. Кечинде белчеден суу болуп келчүбүз. Толь менен жабылган чатырчада өзүмчө жашачумун. Партиянын отунчулары бар болчу. Ошолор алып келген отунду жагып дегендей. Движок менен түнкү саат 11ге чейин чырак жагар эле, анан өчүрүп коюшчу. Кара чырак сатып алгам. Ошолордун жарыгында китеп окуур элем, аңгеме жазар элем. Кээде ошо кийимчен уктап калчумун. Бир жолу өтүгүмдү кургатам деп печкага жайып койсом, эртең менен таптакыр эле куурап калыптыр. Бутума батпайт. Саар менен жанагы баш геолог Башмачникова ойготот эле: «Мурза, дагы уктап калдыңбы, тур, атыңды току» – деп. Бутка батпаган өтүктү ыргытып жиберип, эски батиңкени кийип чыга калып атпайымбы. Аттарды байлап коюп, кар малтап баратсак, геологум бутумду көрө салып: «Мурза, өтүгүң кана?» – дейт. «Куурап калды» – десем, «Эми бул батинке менен бутуң даана куурайт, үшүк алып кетет» – деп жемеледи эле. «Павел Корчагин деле жыңайлак жүргөн» – деп жооп берип атпайымбы. Ал жылмайып күлүп, башын чайкап койгон. Ошондой, китептин таасиринде кездер да.

– Экөөңөрдүн ортодо сүйүү-күйүү болгон жокпу?

– Кайдан, ал менден бир топ улуу эле. Эми айтсакпы, айтпасакпы, кыз өбөлек, аял көрөлек дегендей кез эле да анда. Динчил чөйрөдө өскөм, чоң аталарым молдо болуп дегендей. Кээде түшүмдө алар менен өбүшүп, жытташып кетчү элем. Кээде шейшебим сууланып калчу. Антип ойгонор замат керзи өтүгүмдү коңултак кийип, жылаңач этке купайке жамынып, чатырдан атып чыгып, калың кар малтап, дарыяга чуркачумун. Дарыя чатырыма жакын эле, Кыргыз-Ата аталчу. Ошого чуркап келип, дырдай жылаңач болуп, какшаган сууга боюмду таштачумун. Көп учурда бул айдын жарыгында өтчү, форелдердин туш-тарапка үрккөнү али көз алдымда.

– Анан жазган аңгемелериңизди эч жакка жөнөткөн жоксузбу?

– Утуру жазганымды утуру көчүрүп, Фрунзеге «Жаш ленинчи» журналына жөнөтөм. Өзүң билесиң, ал жалаң мектеп окуучуларыныкы эле эмес, студенттердин да журналы болчу. Бул редакцияда да сонун кишилер иштейт экен, ар бир аңгемеме жооп берет да. «Мурза, аңгемең жарабай калды, себептери мындай-мындай, дагы жазып тур» – деп. Мен баягыдай эле фирменный кагазга жазылып, аты-жөнүм башында турган жоопко курсантмын.

– Акыры ошол журналга жарыяландыбы?

– Ошого келатпайымбы. Бир жылдан кийин күзгө чыкканда менин партиямды жаап ташташты. Кайда барарымды билбей, ишсиз калдым. Маң болуп туруп… Кызыл-Кыяга барып шахтер болоюн дедим. Шаар – чоң шаар, ал жерден орус тилин үйрөнөйүн, анан эмдиги жылы Фрунзеге барып, университетке тапшырам деп чечтим. Барсам албай коюшту: шахтер болуш үчүн 6 айлык курс бүтүш керек экен. Бекер тамак, бекер кийим берет, ошого бар дешти. Арга жок бардым. Шахтыга да түштүм. Практикада. Практикага да акча берчү эле. Ошол акчаларды жыйнап жүрөм. Жумушчу жаштардын кечки мектеби бар экен. Мектепти бүткөнүмдү жашырып, 10-класстан окуп алдым. Унутпайын, орусча билейин деп атам да. Убакты-сааты келип, курсту бүтүрдүм. Комсомол шахтасына бар, документтериң ошоякка кетти дешти. А мен вокзалга акырын жашырынып качып барып, Фрунзеге белет алып, поездге түшүп кете бердим. Баса, Жолон Мамытов менен ошондо поездден тааныштым. А да окуу издеп кетип бараткан экен. Поезддеги жоруктар айта берсе чоң жомок. Заара кылалбайм да кысыталак. Сууга заара кылып көргөн эмеспиз да…

– Ошентип университетке өтүп кеттиңизби?

– Ооба, кудай жалгап мен дагы, Жолон дагы өтүп кетти. Ал айыл чарба институтуна. Эми биринчи аңгемемдин кантип жарыяланганына өтөйүн. Окууга өткөндөн 15 күндөн кийин эле кайра түштүккө пахтага айдабадыбы. Университеттин алдында отурабыз оголе көп студент машине күтүп. Жүгүбүз бар, машине келбейт. «Комсомольская правданы» барактап отурам. Окусам, Франция менен Алжир согушуп атыптыр. Бир жеринде ойноп отурган жаш баланын сүрөтү бар экен. Дагы бир жеринде, башка эле бир макаланын ортосунда марш тээп келаткан солдаттардын сүрөтү. Буттарын көтөрүп турат, тамандарында свастика. Тиги бала ылайдан көгүчкөн жасап отурат беле, же өзүм ойлоп таптымбы, айтор, Алжирдин баласы көгүчкөн – тынчтыктын символун жасап отурса, солдаттар талпылдатып басып кетсе, көгүчкөндүн үстүндө свастиканын изи калат да деп элестетип кеттим. Аңгеме жазайын деген оюм жок болчу. Бирок Фрунзе – Жалал-Абад поездинин ичинен оюман кетпей койду. Биринчи полкада жатат элем, мектеп дептерин алдым да, башка балдар ойгонгончо бир отурушта жазып салдым, «Бөтөн таканын изи» деген аңгемени. Пахтадан келдик кайрадан. Баягы аңгемемди көчүрүп жазып, «Жаш ленинчи» журналын сураштырып таап, апардым. Кирсем үч киши отуруптур. Кийин билсем бирөө Шатман Садыбакасов экен, ошол кезде бөлүм башчы бекен, экинчиси Жумабек Кыдырмышев, үчүнчүсү Булан Акматбеков деген агай эле. Кел, эмнеге келдиң деп калышты. Аңгеме алып келдим дедим. Аты-жөнүмдү сурашты. Жакшы. Таштап кет, бир жумадан кийин жообун аласың дешти. Таштап чыгып баратсам, Булан Акматбеков: «Сен бизге басылгансың, ээ?» – деп калды. «Жок, агай, басылган эмесмин, бирок аңгемелеримди жөнөтүп, жообун алып турчумун» – дедим. «Токточу, сен басылган болушуң керек эле» – деди да, бир жаман шкафтын үстүндө журналдардын тиркемеси бар экен, ошону аңтарып: «Мына, сенин аңгемең турбайбы» – деди. Карасам, «Сырдуу окуя» деген аңгеме. Автору Мурза Гапаров деп жүрөт. Ушунчалык сүйүндүм. «Кандайча мындай болуп кетти?» – дептирмин. Ошондойчо, сен салып турган аңгемелердин бирөө жараган дейт. Акчасын алдыңбы дейт. Каяктан алам, өзүм эми көрүп атсам. Биз жөнөткөнбүз, кайра келсе керек, баланча жерде бухгалтерия бар, паспортуң менен барсаң акчасын аласың, бул жылдан калып кетсең, акчасын алалбайсың деди. Кеч күздө баргам, пахтадан кийин. Жүгүргөн бойдон университеттин жатаканасына барып, паспортту алып, бир комната курсташтарды ээрчитип, ошолордун көзүнчө алдым. Теңтуштарымды Панфилов паркына ээрчитип келип, кара вино, кызыл вино, пивосу, иши кылып, баарын алып берип, биринчи аңгемемди жуудум, азыркыча айтканда, презентациясын өткөрдүм.

– Биринчи аңгемеңиз ушинтип чыгыптыр. «Бөтөн таканын изи» эмне болду?

– Бир жумадан кийин барбайымбы. Үчөө тең окуп чыгыптыр. Шакем (Садыбакасов): – Отур, Мурза – деди. Отурдум. Мына бул аңгемеңди өзүң жаздыңбы же Алжир-палжирдин жазуучуларынан которуп алдыңбы дейт. Жок, өзүм эле жаздым дедим. Кантип жаздың? Жазганың Алжир Франция менен согушуп жатканы жөнүндө болсо, өзүң бу жерде отурсаң, кантип ойлоп таптың дейт да. Мен болгон окуяны айтып бердим. «КПнын» ошол санын бизге алып келип бераласыңбы? – дейт. Ооба – дедим, — Алып кел — деди. Университеттин китепканасына келип, «КПнын» тиркемесин окуп аткан киши болуп, акырын бир санды жулуп алып, коюнга салып кайрадан редакцияга келбейимби. Алдыларына мынабу, мынабу деп, картадай жайып бербейимби. Болуптур, гезитти бизге таштап кой да, өзүң кете бер, кийин кабарлашабыз деди. Бир жума өтүп-өтпөй филфактын коридорунда баратсам, 4–5-курстун керсейген студенттери терезенин жанында турат. Бирөө: «Эй, Мурза Гапаров деген сенсиңби?» – дейт. Мен десем, «Бөтөн таканын изи» деген аңгемени сен жаздыңбы дейт. Көрсө, алардын ичинде аңгеме, ыр жазып, редакцияга каттап жүргөндөр бар экен, ошолорго айтыптыр да Шакем, биринчи курстун студенти мындай жазат, силер болсо булсуңар маанисинде. Көп убакыт өтпөй, ошол эле санга чыгып кетти.

– Шакенин менде да эмгеги көп эле. Жаңыдан чыгып келаткандарга ушунчалык сергек мамиле жасай турган…

– Шакем жөнүндө айта берсе сөз көп. Аны кийин сен экөөлөп кенен-чонон эскерербиз. А киши жөнүндө жалаң жакшы сөздөрдү айталам. Анткени жакшылыгын көп көрдүм. Чыгармачылык жагынан да, улуулук жагынан да мага мамилеси өмүр бою түз эле. Университетти бүткүчө ошол «Жаш ленинчиге» басылып турдум. «Мейман» деген биринчи повестим да Шакем аркылуу журналдын үч санына басылды. А киши мага моралдык, духовный эле колдоо эмес, материалдык да көп колдоо көрсөттү. Ошо кезден өзүмдү өзүм бакканга акча таап калдым да. Ал мени бир четинен эркелетип, бир четинен менден жабыр тартты. Б.а., каприздеримди көтөрүп, чыдап жүрдү. «Мейман» повестимди басканда да оңдобойм деп моюн толгободумбу. «Безотказный жазуучу» болгондон калып, «жазуучу» албетте тырмакчада, көбө баштагам да. Кийин ойлонуп, ыраазы болуп жүрбөйүмбү. Ал ушунчалык жумшак, сылык-сыпаа, табигый маданияты бар киши эле. Кийин «Ала-Тоого» баш редактор болуп калды. Биздин досубуз ыраматылык Төлөндү Акматов проза бөлүмүн башкарчу. Ошого бир повестимди тапшырдым. Ал окуп чыгып катуу мактап, Шакеме ошо замат өткөрөм деди, «Ала-Тоодо» материал көп, өзүнүн милдети бар, иши арбын дегендей эле да. Бир ай жооп бербей койсо, колунан жулуп кетип атпайымбы. «Ой, Мурза, тура тур, колум тийбей атат, сен жакшы эле байымдуу, байыстуу киши эмессиңби» дегенге көнбөй. Кийин ойлосом осол иш кылыпмын. Тиги кишинин көңүлүн оорутуп коюпмун. Аякка көчүп, буяка көчүп, анча маани бербей жүрүп, повесть деле акыры жоголуп тынды. Бирок андан кийин деле арабыз алыстаган жок. Кийин Ж.Самаганов жазуучулардын справочнигин түздү. Шакем жөнүндө библиографияга менин макалам кириптир. Студент кезимде жасаган докладымдын негизинде жазылган макала эле. «Ала-Тоого» чыккан биринчи чыгармам ошол болчу. Менин биринчи сынчылыгым да ошол болуп атпайбы!..

– Биринчи китебиңиздин чыгышына да шарапаты тийдиби?

– Ошентсе да болот. Университетти бүтүп, баягы сага айткан Памирге кетип баратам. Анан жарыяланган, а жарыялаган Шакем эмес беле, аңгемелеримди, жогоруда айткан «Мейман» повестимди жыйнадым да, «Мектеп» басмасына тапшырдым. Анда басма-сасма дегенди деле билбейт элем. Түз эле Аралбаев деген аксакалга кирип кетипмин. Редактор экен. Кел деди. Жазып жүрөм, студент элем, окууну бүтүп Памирге баратам, анан ушул жазгандарымды сиздерге таштап кетейин дедим эле, окуп чыксаңыз дедим. Ал кол жазманы алып барактап чыкты, жана айтпадымбы, баары журналга жарыяланган. А билем, билем, сен кете бер, окуп чыгайын деди дагы столуна салып алды. Памирде бир жыл иштеп, экинчи жылы эмне болду экен деп кирсем, ал китебим чыгып калыптыр. Аралбаев деген адамдын аурасы, жаш авторго болгон мамилеси, түшүнүгүн карачы! Атын эстей албай уялып турам. Мага калемакы койдуруп, аз коюпсуңар деп урушуп атпайбы. 450 сом экен. Мага ушул эле жетет дедим. Биринчи китепти эстесем, ошо киши көз алдыма тартылат. Эң негизгиси, ошол жылдары балалыгымды жыйынтыктап, кош-мур айтышкан экем.

Алым ТОКТОМУШЕВ

2002-ж., 4-январь

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *