Өзбек жомогу

Кербен менен сапар улап бараткан соодагер жанындагыларга мактанат:

– Албетте, Алдар Көсөгө баары алданышы ыктымал, бирок мен ага алданбайм. Алдар Көсөңөр аңкоолорду гана алдай алат.

Жолду караса, как маңдайынан Алдар Көсө көрүнөт.

– Арыбаңдар, – дейт Алдар Көсө, – жолуңар шыдыр болгой.

Соодагер болсо дардаңдап алган:

– Эй, Алдар Көсө! Эгер кыйын экенсиң, мени алдап көрбөйсүңбү бир. Кана… Колуңан келеби? А биз сага алданчулардан эмеспиз.

Алдар Көсө ага сылык гана баш ийкеп: – Атаң гөрү дебейсиңби, сарт ака. Ушундайда алдамчы баштыгым үйдө калганын караң. Берчи атыңды, үйгө тезирек чаап барып, баштыгымды алып келе койоюн. Көргүңөр келеби алдамчылыгымды?

– Жарайт, апкеле кал! – соодагер Алдар Көсөгө атын кармата берет.

Алдар Көсө чапкан бойдон жөнөйт.

Соодагер аны ошол бойдон көрбөптүр.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *