Боордош элдердин адабиятынан: Грузия
Нодар ДУМБАДЗЕ
Аңгеме

Кармаган ит балыктарын ичке жипке тизип алып, дарактын көлөкөсүндө башын көтөрбөй чачын алдырып шылкыйып отурган бала муңайым көздөрү менен өзүнүн өлчөөсүз ылай бутун карап, анан ойлонду: «Мобу карыянын менин атама окшошун кара! Аппак чачын кара… Мурунун көрчү… А көзүчү… дал өзү… Үнүн айтпа… жапысыраак чыкса да жагымдуусун. Эгерде көзүмдү жуумп туруп уксам, туура эле атамдын өзү демекмин»…

Анан бала көзүн жумуп алды.

– Ошон үчүн мен сизди чакырдым, урматтуу Кишварди!.. Менин айлам алты кетип, аргам түгөндү! Чычым алгыр, чындап эле мени жинди кылып бүттү. Башка балдар баладай – колунан китеп түшпөйт, а бул чычым күн-түн дебей ит балык кармайт!.. Үч күн өтөлек, Голодзе экөөбүздүн кудугубузга даңкайган дарбызды салып жибериптир. Анысы жарылып, бир жумадан бери эки үй-бүлө суунун ордуна компот ичип калдык!..

– Оо, Кудай, мени алып кетсечи! Эй, бала, ушу чынбы?! Урматтуу Юлия, камтама болбоңуз! Жакында муну Гурияга алып барып, тирсегинен чынарга илип коюп, бийлетпесем элеби… Карап тур… Сениби?!

– Эмнеге асып коёруңузду мен билбейм, бирок мен да айтып коёюн: ушул чыркөтөн чычымды көрбөй, билбей калган ата-энесинин бактысы тоодой экен…

– Кандай дейсиз, урматтуу Юлия, тентекти теске сала албай калдык го дейм?

– Билбейм, билбейм, эч нерсе деп айталбайм. Өзүңүз калыс болуңузчу: жакында буну тегирменге жибергем… Бир пуд сопсонун жүгөрү алып кеткен бул чычым, келгенде беш кана кил жүгөрү ун апкелсе болобу… Калганын кудай аткан Валико Кухалашвилинин куу тумшук балдарына салып берип баса бериптир. «Алардын үйү толо бала экен, – дейт чычым, – жээрине нан жок, жел жейт бекен?» – дейт кайра. Буга не дейсиз?!

– Оо, Кудай мени алып кетсечи! Эй, бала, ушул чынбы?!

– Ушул эле дейсизби! Мурда күнү жылаңайлак, жылаңбаш досу Кукури Угулава менен бакка уурулукка кирип, Кудайды бир карасачы, чычымдар, өздөрүнүн география мугалими Датико Чвераванын шабдалысын уурдашып, анан аны тамекиге алмашыптыр. Буга эмне дейсиз?!

– Оо, Кудай, мени алып кетсечи! Ушул чынбы, эй бала?!

– Сиз эмне эле: «Чынбы?.. Чынбы?» – деп сурап жатасыз! Сиздин оюңузча, мен эмне сизди алдап жатамбы?!

– Жок, жок, урматтуу Юлия! Мен бул баланы балээден куткаруу жагын айткан жатам. Кайран баланы кайрый албай калдыкпы үшүнтүп?!

– Эмне үчүн…Куткарып калса болот балээден, албетте болот, бирок менде ырп этер дарман калбады… Буга кол керек, кол болгондо да эңгезердей эркектин күчтүү колу керек! Мындан башка менин мойнумда кокуйдун үстүнө чыкый болуп, Коли баламдын Зураб, Вахтанг деген эки айбаны отурат. Бирок ал экөө будан тазараак. Жайлоодон түшкөндө көрөсүң го.

– Мда-а-а… Сизге эмне десем, урматтуу Юлия!.. Бунун ата-энеси тирүү кезинде мени буга жакын жолотчу эмес эле… Эми мен эмне кылайын. Кантип буну өзүмө үйүр кылып, бунун жүрөгүн кантип жылытам? Түшүнүп жатасызбы, мен ага башка, бөлөкмүн. Жатмын!..

– Андай дебеңиз, андай дебеңиз урматтуу Кишварди! Бул эркектана эмеспи, эркек менен эркектин тил таап кетиши бат эмеспи… Анын үстүнө бул сиздин урук, сиздин тукум уларыңыз…

– Ал жагы чын дечи… Бунун окуусу кандай, урматтуу Юлия?

– Мм!.. Өзүнүн мугалиминин шабдалысын уурдап, «Декамерон» деген ыплас китеп үчүн өз чоң энесинин күмүш кашыктарын саткан баланын кайсы оңгон окуусу болсун, урматтуу Кишварди!

– Эй, бала, ушул чынбы? Болду! Алып кетем буну Гурияга, анан тирсегинен чынарга асып коём!

– Мына, карагылачы, канчадан бери бу экөөбүз тытынып жатабыз ушун үчүн, а буну кара, чымын чаккандай болгон жок! Бир кулагынан кирген сөз, бир кулагынан чыгып туру. Кызармак кайда буга!

Көзүн жумуп көлөкөдө турган бала ойлонду: «Байкуш Юлия чоң энем аябай чарчаптыр… Мурда үнү кандай жагымдуу эле, азыр кандай жагымсыз!.. А мүмкүн мага жөн эле ушундай угулуп жаткандыр? Бул эмне, шашылбай шаңдуу сүйлөп жаткан тиги абышка, менин болочок чоң атамбы? Бечара таэнем таптакыр чарчаган окшойт… Чоң ата дейби, ушул болочок чоң атам менен бүгүн мени таэнем жибербей эле койсо, мен аны мындан кийин бир да жолу таарынтпайт элем… Эч качан таарынтпайт элем!.. Жибербей эле койсо… жибербей эле койсо»…

– Бул жетим, урматтуу Юлия… Уруштан башка буга ууздай таттуу сөз да керек. Жакшы сөз укпаган неме жакшы иш да жасабай калат…
– Жетимдин да жетими бар да… Эркелеткенди бул эси жок билип коюптурбу?! Эркенин көз жашы тыйылса да, тентектиги тыйылбайт…
– Эй, бала, ушул чынбы? Сени Гурияга алып барам да, тирсегиңден асып коём… Качан алып кетейин, урматтуу Юлия?
– Азыр алып кетсең, азыр алып кет! Жолго жорго мингизейинби?
– Кантип… ыя… үстүнө илип алар кийими жок ко бунун…
– Өткөн жылы Авчаладан мен буну так ушундай самтыраган кебетеси менен ээрчитип келгем, урматтуу Кишварди… Өтүк деп кийип жүргөн чарыгын кошо берейинби…
– Бечара балам ай!
– Кичине шам-шум этип алсаңар болот эле, урматтуу Кишварди…
– Убара болбогула, урматтуу Юлия… Самтредиадан шам-шум этебиз, андан ары үй бир эле карыш да…
– Жолоочунун жолдогусу жакшы… Жолуңар байсалдуу болсун… Сиздерди ыйык Георгий сактасын!..
– Силер да жакшы тургула, урматтуу Юлия!..
– Буну кармай кетиңиз, урматтуу Кишварди!
– Бул эмне?
– Ар кыл документтер… Кокус сентябрда мектепке жиберип калсаңар керек болуп калат. Төртүнчү класска көчтү бул… Справкасын туура эмес жазып коюшуптур. Иомджария Нодари дегендин ордуна Ломджария Надири[1] болуп калыптыр. Бул ката деле эмес, чындыгы ошондой.
– Эй, бала, ушул чынбы? Гурияга алып барам да, тирсегиңден асып коём чынарга…
– Каеринен ассаң өзүң бил… Бирок кайра бул жакка жибере көрбө, көзүм көзүн көрбөсүн капырды!
– Тирсегинен асып коём, тирсегинен!..
– Жараткан эгем жар болсун!
– Мен кысканда колумдан таш ыйлачу… Көрсөтөм буга…
– Жакшы баргыла, урматтуу Кишварди!
– Жакшы калыңыз, урматтуу Юлия!
Кабыл алып кайра тапшырчу бул иш-чара 1938-жылдын августунун чакалай чак түшүндө Хони деген жерде, имеретендик таэнем – Назара Ломджария апамдын апасы, урматтуу Юлия Микеладзе менен гуриялык чоң атам – атамдын атасы урматтуу Кишварди Ломджария экөөнүн ортосунда болгон эле.

Анан саат өтүп өтпөй ошол бала, 1928-жылдын 14-июнунда Тбилиси шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн Нодар Ломджария, башын салаңдатып, басса чаңы сапырылып, таманды куйкалаган ысык көчөдө кудум мойнунан байлаткан торпоктой чоң атасынын артынан илкип баратты.

Хониден Кулашиге чейин чоң ата менен небере чапкан аттай тез барды, Кулашиден Самтредиага чейин линейкага отурушту. Шам-шум этип чай ичпей, шашылган бойдон чай чыгарчу фабриканын шалдыраган жүк ташычу машинасына түшүштү. Андан ары Интабуети айылын көздөй жөө-жалаңдап жөнөй беришти.

Алдыда чоң ата, артында көлөкөдөй илмеңдеген небере. Карылыктын капшабына кабылган чоң ата жол ката какырынып-түкүрүнүп үшкүрүнөт, ой келди онтойт. Бетме-бет келаткан жолоочу көрүнө калса антпей калат, аны менен башын ийип ийилген таризде учураша узатып, караан көрүнбөй калгандан кийин кайра баштайт баягысын. Кээде ал үн-сөзү жок баланы карачу – минтип каржайып карыган бээ гана акыркы үмүтүмөн таптакыр ажырап калбайын деген тейде эч нерсени элебей ээндеп калып калган кулунун карайт.

Шөлпүлдөп келаткан бала ойлонду: «Мына менин алдымда башындагы шляпасы күнгө күйүп кубарган, өзү чийдей арык, отурса-турса онтогон оорулуу абышка кетип баратат… Ал мени тирсегимен чынарга асып коём дейт… Бул абышка менин чоң атам. Менин атамдын атасы… Чоң ата!.. Мен эмнеге келжейип анын артынан кетип баратам? Эмнеге эле мен колго түшкөн кулга окшоп, чаң жолдо чаңкаганыма карабай көлөкөдөй көлбөңдөп аны ээрчийм? Жылт койсом болду – төрт тарабым кыбыла болбойбу… Көрдүңбү анте албайм! Такыр анте албайм! Кандайдыр бир күч мени артыман итерип, абышканын артынан калба деп түртүп келаткандай. Бул эмне деген күч? Ачкадан өзөргөн, ысыктан эрди кеберсип, тили кургаган мен, эмне үчүн ушу чаң жолдон жылт коюп качып кеталбайм? Эмне үчүн? Ушул күч эмне деп аталат?»

– Неберем, эмнени ойлонуп баратасың? – деп бурулду абышка балага.
– Эчтекени деле ойлогон жокмун! – деди капыс суроону күтпөгөн бала.

Ал андан баарын күтсө да мындай суроону күткөн эмес эле. Абышка жол четине чыгып, дөңчөгө көчүк басты. Кадимкисиндей какырынып-түкүрүнүп, анан шашпай балага карады да, манжаларын бирден жумуп санай баштады: 28, 29, 30, 31, 32, 33, 34, 35, 36, 37, 38.

– Неберем сен, жыйырма сегизинчи жылы төрөлүпсүң. Азыр буюрса, отуз сегизинчи жыл. Демек, сенин жашың он бирге караптыр… Чоң жигит Кан болуп калган турбайсыңбы… Кантип анан сен эч нерсени ойлобойсуң, ыя? Же менден ал оюңду жашырып жатасыңбы?

– Жок, чоң ата, чын эле эч нерсени ойлогон жокмун! – бала жалган айтты.

– Ойлонуш керек неберем, ойлоно турган куракка келип калбадыңбы… Абышка какырынып-түкүрүнүп, онтоп-сонтоп ордунан козголду да жолун улантты. А бала болсо мойнунан байлаган торпоктой артынан илкип баратты… Күнгө жүзү тотугуп чачы чакчелекей тармал бала, чынардын көлөкөсүндөгү жарга сүйөнүп, муңайым көзү менен балчыкка баткан жүндүү балтырын карады да ойлонду: «Бир жылдын ичинде эмне мынча бүкүрөйүп, эмне мынча картайып кеткен! Бетин кара, бырыштардын башы адашат… Үнүн кара чыйылдап. Эмне болсо да ушул менин жапжаш, супсулуу, үлбүрөгөн кара көз, алпейим апама окшош. Басканы да окшош, төгүлгөн чачы да окшош… Көзүңдү жумуп карасаң, кудум эле апамдын өзү!» Бала көзүн жумган жок. Ал коркуп кетти.

– Күндүз тынчымы, түндө уйкуму жоготтум, урматтуу Кишварди! Бунун апасынын арбагы түндө түшүмөн, күндүз оюман кетпей этектеп ээрчип алды… Өзүмдүн уятымдын добушу долуланып уктатпай барат жанымы… Сиз алып кеткен күндөн баштап аңгырап бош калдым, жүрөгүм кабынан суурулуп калгандай болдум… Менин баламды кайра өзүмө бер, урматтуу Кишварди!..

– Ымм, мен аны сизден алганда сары ооз балапан эле. Ал азыр балапан эмес, түлөк жигит болуп калды. Барыш, коюшту өзү билет. Барам десе жолун тоспойм.
– Ал мага аябай таарынып калыптыр… Аны менен мени бир жараштырса сиз гана жараштыра аласыз, урматтуу Кишварди. Сиз акылдуу кишисиз…
– Урматтуу Юлия, ушундай баладан силерде экөө бар го… Жок дегенде буну мага калтырыңыз!..
– Кеп эсепте эмес, урматтуу Кишварди. Эки болобу, он болобу, жүз болобу – баары бир эле! Небере деген таэне үчүн жаны бир неме турбайбы…
– Ошондою ошондой… Бирок мен кантем? Мен өлгөндөн кийин Ломджариянын тукумун ушул улантыш керек эле да…
– Мен анын фамилиясын өзгөртөт дейсиңби? Тигил экөө Ломджария болсо боло берсин, бирок бул баланы мага бер!
– Баланы алып кетейин деп келген экенсиз да, урматтуу Юлия?!
– Тиги дүйнөгө жанымды эзген күнөө менен кошо кетире көрбө! Анын энесинин жүзүн кантип караймын?!
– Ал жакка кимдин эрте кетери – өзүнчө маселе. Эгерде мен эрте кетсем бунун ата-энесине эмне дейм?
– Сизге өлүмдү кудайым кечинен берсин, урматтуу Кишварди!
– Бул бала менин жайыл көрпө жашыл талаам, менин жүрөгүмдөгү жүзүмзарым, менин тегеренген тегирменим жана да жанды жай алдырып жата турган көрүстөнүм, көрүстөнүмдүн үстүнө коюла турган таш… Жок, жок, мени жер менен жексен кылып кетсеңиз да бералбайм баланы!
– Анда мен өзүмдү өзүм өлтүрөм! Так ушерде, сиздин алдыңызда!
– Кудайдан жетсин сага, урматтуу Юлия, эмне деп өлөрманданып жатасыз!.. Ушу менен барасыңбы, бала?
– Ал бармак беле, мени унутуп калды. Сизден да сестенип, уялып жатат!
– Ушу чынбы, бала?
– Ата-эненин мээрими керек, урматтуу Кишварди? Кирин жууп, үтүктөп, самындап сууга түшүрүп, чачын тарап… Эненин бүтүргөн ишин сиз жасай албайсыз да…
– Жөн койсо жөөлөп баратат ой… Бүтүрө албайсыз… Кудайга шүгүр, жаман кийгизбедим, жаман көз тийгизбедим, баарына үлгүрүп мен бактым… Жардам сурап сизге бардымбы?..
– Талашалбайм, талашалбайм, урматтуу Кишварди! Бир айтылган Кудайы сөз да… жатар алдында бутун жууп, мектебине кел десе чуркап барыш… Эркектин иши эмес да чыны…
– А бул биздин мектептен деле жыргап кетелек… Сиздердин мектеп буга жырткыч деген ат койсо, сиз дагы ошол атка макул болгонсуз… Бул анча деле чектен чыккан жырткыч эмес…
– Ошондо менин тилиме тибиртке чыгып калса эмне!
– Бул биякка келгени кой оозунан чөп албаган момундай момпоюп, шабдалы уурдабай калыптыр деп ойлобо!
– Алганы аш болсун!
– Ун таратпай калыптыр деп да ойлоп турасыңбы?
– Кудай алсын ал ун-пунду! Менде эмне болсо баары ушунуку! Өрттөп ием десе да, мен макулмун. Каршы болдум беле, айтыңызчы?
– Чылым чегет, бул акмак!
– Бул чынбы, бала?
– Андан эмес, менден сураңыз! Чөнтөгүмдү жылан сыйпагандай кылып, тамеки эмес мүштөгүмдү таппай калып жүрөм!
– Чексе чеге берсин, тажаса коёр. Эркек деп өзүңүз эрдемсинтип…
– Дагы бир ай чыдаңыз. Жакында жибек курттун айлыгы менен сыйлыгын алам, анан чыштай кылып кийинтем… Алдырган баштанып алба-далба болуп бармак беле сиздерге!
– Сиз баланы эле берип коюңуз, кийинтиш, ичириш – менин милдетим. Көйнөгүм чечип берем, көлөкөм үчүн!
– Көйнөгүңүз өтө эле көлбөңдөп калат го балага!
– Албетте, сизге тамаша, а менин жаным оозума кептелип туру.
– А мен айтпадымбы, урматтуу Юлия, бул бала эмес жигит деп. Өзү чечсин!
– Сиз ага, кудайга ишенгендин иконасындай элесиз, ар бир сөзүңүз – кудайдын кудуреттүү сөзүндөй… Ага айтыңыз, урматтуу Кишварди!..
– Кудайдан корксоңуз боло, урматтуу Юлия! Кантип мен өзүмдүн каныма, өз тукумума менин үйүмдөн кет деп айта алам?!
– Мен эмне, бөлөкмүнбү? Бул эмне менин каным, менин тукумум эмес бекен?.. Көп болсо бир жыл калды менин өлөрүмө! Айланайын, мен сага жалдырайын, өлчөлүү өмүр, ченелүү ырыскы дейт – ошол өлчөөдөн эрте өлтүрө көрбөгүлө мени, бергиле ушул баланы ушу кемпирге!
– Урматтуу Юлия…
– Тиземди бүгүп, чөгөлөп жалдырайын, айланайын!..
– Кантесиз! Кантесиз! Антпеңиз, өйдө болуңуз! Кудай үчүн өйдө болуңуз!.. Каалаганыңыздай болсун эми…
– Оо, Жараткан эгем жар болуп, кут берип, кубаныч тартууласын ушуга!
– Кут дагы, кубаныч да көрүнбөй калды мага…
– Айланайын Кудай ай…
– Таэнең менен барагой небере!..
Так ушундай кайым айтышкан катуу таймаш бир жыл өткөн соң гуриялык чоң атам менен имеретиндик таэнемдин ортосунда болуп өткөн. Бул кабыл алып кайра тапшырчу иш-чара эмес эле. Бул кайнаган эки кандын туйлашы, өксүгөн кош жүрөктүн ыйлашы болчу. Жана да теңирден тең жаралган, ээ-жаа бербес эки сүйүүнүн кыл чайнашы баланын баёо жүрөгүн заматта лакылдатып, заматта алкымын кыскан ызанын муштумдай түйүнү – бирде муздак тер чыпылдатып, бирде денесин куйкалап, анан тулку-боюн калтыраткан бойдон кайдадыр көкүрөк тушун ысытып жатты. Акыл жетпеген бир албуут күч кой-айга койбой баланы бирде таэнесин көздөй түртүп, бирде селдей серпилип келип кайра чоң атасы тарапка ыргытып турду. Бир нече жолу бала денесин найза жарып кеткендей чыдатпай чымыратып, сыздап ооруган ооруга тушукту. Абышка менен кемпирдин жүрөккө так салган таймашы канчага созулган сайын баланы коркуунун коогалуу сезими жүгөндөп, анан эмне болорун билбеген чар-жайыт ой тумчуктуруп баратты.

Кемпир туруп, баланын жанына барып, аны кучактай калды.

– Кубанычым менин, көзүмдүн нуру сенсиң, жүр мени менен алдыңа кетейин, өмүрүмө дагы эки күндүк өмүр кош каралдым!..

Кемпир балбалактап ыйлап жиберди, анын ысык жашы баланын башына тып-тып таамп турду. Ыйлап бүтүп жоолугунун учу менен көз жашын аарчып, баланы астейдил өз ыптасына тартты, бирок бала козголуп да койгон жок, каккан казыктай, тамыры жайылып жердин тээ терең түбүнө житип кеткен дарактай солк этпеди.

– Барагой неберем, карыган таэнең менен барагой… анын сагынычы тарагандан кийин кайра мага келесиң… Ага чейин мен сени сагынып калам… Эмне деп ойлодуң элең? Небере болуш деген оңой иш эмес! Кыйындын кыйыны небере болуш деген, айрыкча таэнең менен мага окшогон картайып, калжырап-шалдырап калгандарга небере болуш өтө оор… Бар барагой, кымбаттуум… А сенин балтаң, орок, тырмоочуң, көөрүк, баштыгың, уй, торпогуң, эчки менен торопойлоруң эч жакка качып кетпейт, сенин кайтып келишиңди күтүп турушат…

Бала баарын укту, укту да өзүнчө: балта, орок, тырмооч, көөрүк, дорбо короонун бир бурчунда, уй, торпок, эчки менен торопойлор короонун башка бир бурчунда турса, кантип чоң атасы аларды көрбөй эле туруп, колу менен туура ошол тарапты көрсөтүп сүйлөп жатканына таң калды.

Чоң ата кобурун улай берди:

– Мына сенин сумкаң, бул окуй турган китептериң – грузин тили, тарых… Дагы эмнең калды? Эчтекең деле калган жок. Шымыңды, көйнөгүңдү, анан да чарыгыңды ал. Самтредиага чейин жыңайлак бар, антпесең чарыгың үйгө жетпей калат. Мына бүттү… Анда эмесе жол тарткыла!

Кишварди Ломджария небереси каккан казыктай болуп катып калганын, тамыры жер түбүнө жайылып, тээ тереңге бутактап кеткен даракты сууруп алуу мүмкүн болбогондой – аны ордунан козгоо да кыйын экенин билди. Башкача мамиле керек эле. Кандай эле ал?

Кишварди Ломджария небереси бири-бирине баш бербей эрегише тартылып турган эки кандын капшабына кабылып, каны чайналып, жаны кыйналып бирде нары, бирде бери болуп турганын түшүндү. Кимиси жеңет болду экен? Кайсы кан күчтүүлүгүн көргөзөт? Бул таймаштын акырын күтүү керекпи?.. Буркан-шаркан түшүп көбүрүп, кайнаса да кошулбай кайнап жаткан эки кан кимиси биринчи болуп кан тамырды кыйып салар экен…

Бул жолу Кишварди Ломджария кемпирди алдыга чыгарган жок.
– Эмнени күтүп жатасың? Сага жаагым жанып жатып чарчабадымбы?! Бала коркконсуп карады чоң атасына.
– Жөнө, артыңды карабай тез жөнө! Түшүндүңбү?
Бала чоң атасына ызаланып, ошол замат таэнесине эреркеп, жалжылдай тиктеп жан тартты. Тегеренип келген ысык жаш көзүн тумандатты, башы ийнине шылк дей түштү, анан ал лам деп ооз ачпай мойнунан байлаткан торпоктой, Чохатаур көчөсүнүн кызыл ашыктан келген чаңына изин калтырып, бүкүрөйүп капкара кийинген таэнесинин артынан илкип баратты.

Кишварди Ломджария от жагылган очоктун үстүндө отуруп, кичинекей жез казандагы суунун кайнарын күттү. Ал күйүп аткан отту карап, өзүнчө ойлонду. Ошол замат өзүнүн ошол обу жок ойлорунан оолактап, качып кеткиси келди. Адам өз оюнан качып кайда бармак эле? Адам деген Кудай эмес да… Баланы бербеши керек эле… Бирок мен кайгысы башынан ашып түтөгөн кемпирдин жаалына туруштук бералбай койдум…

Азыр өзүм ошондой от болуп күйүп турам. Келерки жумада ага барам, баланы бер дейм. Бербесе күчтөп тартып келем… «Менин канымдан бүткөн, менин тукум уларымды тартып алууга кандай акың бар», – дейм. «Сен эмне Кудайсыңбы?! – дейм. Бирок… ал кургур да ушул сөздү мага айтат… Мен Кудай эмесмин да, барып келип эле ысык ичип, суюк чычкан көрпендемин… Эгерде мен Кудай болсом! Эх, баарынан кыйыны адам болуш, Кудай болгондон да адам болуш миң эсе кыйын… Кудайга шүгүр, бизди куткаруучу Иисус Христос ушуга ишенген… Эмки жумада кемпирге барам, чөгөлөйм, бутуна жыгылам… Дагы бир жума күтө албайм… Бүрсүгүнү барам… Жок, эртең барам! Таң атар менен жолго чыгам… оо, Кудай, таң батыраак атса экен!»

Очоктун үстүнө отуруп үшүнтүп ойлонгон Кишварди Ломджария жез казандагы суунун кайнарын күтүп турганда, эшик шарт ачылып, босогодо баланын шылкыйган башы көрүндү. Чарыкты ийнине асып алыптыр.

– Кудай берди буйрукту! – деди чоң ата үнүн катуу чыгарып.
– Мен келдим, – деп шыбырады небере.
– Мен билгем, сенин келериңди, – деди чоң ата.
Анан Кишварди Ломджария жез дагарадагы сууга жез казандагы ысык сууну чабыштырып, небересинин чыйбыттай манжаларын бирден санап бутун жууду. Шашпай тактага төшөк салып, а өзү кичинекей секиге жатты…

Түн бир оокумда баланын үнү абышканы ойготту:
– Чоң ата, жаныңа барып жатайынбы?
– Кел, келегой чүрпөм! – деп абышка дубал жакка козголду. Бала чоң атасынын койнуна култ этип кирип кетти.

«Байкуш чоң атам тоңуп калган турбайбы!» – деп ойлоду небере. «Кандай ысыксың!» – деди ичинен чоң ата.

Бир аздан кийин чоң ата үн катты:
– Сени биякка ким алып келди, билесиңби?
– Жок!
– Анда мен сага айтып берейин: кан апкелди сени мага, билип кой! Кан деген улуу күч, чүрпөм!..
Бул түнү экөөнүн ортосунда мындан башка бир да сөз айтылбады. Эч нерсени ойлонушпады, эч нерсе жөнүндө сүйлөшпөдү.

Чоң атасын кучактап алган небере мемиреп бактылуу уктап жатты…

Кан гана ойлонуп, кан гана сүйлөп жатты. Кандын эмне жөнүндө ойлонуп, эмне жөнүндө сүйлөп жатканы бир гана кудайга белгилүү эле…

Кыргызчалаган Анатай ӨМҮРКАНОВ
«Жаңы Ала-Тоо» адабий журналы, 2011 №12 (32)

[1] Надири – Нодар – эркектин аты, надири – жырткыч деген сөз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *