Аңгеме

Саратандын ысыгында тери шоргологон момун Акбар үйүнө араң жетти. Терден нымшыган көйнөгүн босогону аттаар замат чечкенге да чамасы жетсечи, бүчүлөсүн араң ажыратты. Тулку бойдон дарман жок. Жонундагы терге чыланган көйнөгү жонуна жабышып калыптыр, чечип эле бурчка ыргытты. «Өхү» – үшкүрүгү бекер болгон жок… Ооба, бул момун жашоодо эмнени көрбөдү.

Чоң чыны толо муздак сууну шыпкаары менен көлдөлөңгө күп жыгылды. Оо бир далайдан кийин көзүн ачса, үйдүн шыпкасын желе басып, барбаналар толуп кетиптир. Үйдүн желесин шыпырганга чыгынбады, өмүрү үй тирлигин кылып көнбөгөн ага оор иштей көрүндү бу. Ага курулуштан башка иштин баары оордой көрүнөт. Желеде салбыраган барбаналарды көпкө тиктеп жатты. Барбаналар өлүүбү, тирүүбү, кыймылдаар эмес, «кой өзүм кыймылдайын» деди күбүрөнүп. «Тирилик кылайык».

Бирок тириликти эмнеден баштаарын билбей ойдолоктоп, курсак кампайткандан баштады. Кургак нан үштөп, артынан айран жутту, колго урунар башка эчтеме болбосо кантсин. Анысы да жарты бөлкө нан менен бир күрүшкө айран, бирок бул жумуруна жук болбоду. Үйдө болгон картөшкөнү аарчып, чырылдаган майга чала кууруду да, үстүнөн суу куюп, мискейдин капкагын жапты. Эми тамак бышкыча душка кирип бир сыйра чайканып алмай болду. Акбарга бу жашоонун жыргалы эле мончо, кээде мончо болбосо да ушинтип душка чайынып алганы деле анүчүн укмуштай ырахат. Ырас эле быйыл базардагы темир-тесектин арасынан көзүнө урунган бочканы алып алыптыр, минтип огороддун бир четине душ жасап алган. Жайдын саратан күнүндө суу кайнатып кереги жок, эки күндүн биринде толтуруп коюп, кара жумуштан тер басып келгенде жуунуп, сергип алмайы бар. Азыр да денесин кычуусу канганча жышынып, жылаңач денесине сүлгү оронду.

Гардеробду аңтарса, түгөнгүрдүн бир да турсийи калбаптыр. Сүлгү менен чала курганган неме үйдүн жарыгын тутантып, дырдай жылаңач бойдон гардеробдун астыңкы да, үстүңкү да полкаларын аңтарды. Болгон турсийин кийип болуптур, баары жуулбаган бойдон кир жууган эски машиненин ичинде жатат. «Турсий кийбегенимди ким көрүп атыптыр» деп сыртынан күбүрөнүп, ошол дырдай жылаңач денесин күзгүнүн алдында маашырланып карап, керилгенин кантесиң. Сыртта болсо анын дырдай жылаңач көтүн бирөө тиктеп атканы менен иши жок.

* * *

Коңшусу бар, турмуштун алтек-тентегинен адашып тээ качан Баткенден Чүйгө көчүп келген. Жаңыдан таанышканда эле «атым Абдысабыр, бирок чоң энем дайыма мени Кыпчак дечү. Үка, сен да мени Кыпчак ака деп жүрүң» деп муну өзү суранган. Анын айтымында, түбү суюлуп, кыргызга сиңип бараткан кыпчактардын тукумунан экен. Ал кембагал кыпчак тилин чолуп сүйлөгөнү болбосо, тээ качан эле эне тилин унутуптур. Уул-кыздарын өстүрүп, ар кимиси өз жолу менен кеткен. Кыпчактын көкүрөк кенже уулу Гафар гана бир жыл мурда бекен, эки жыл болдубу, айтор үйлөнгөн. Үйлөнгөнү курусун, колуктусу Мунар менен бир-эки ай жашагандан кийин Гафары көзгө урунбай калган. Көрсө, Маскөөгө иш издеп кетиптир, бирөөнүн убалынан коркпогон данкесе. Ушинтип да бүлө курабы адам. Чыбыктай солкулаган колуктусу тили чыгып калган чүрпөсүн бооруна кыса кучактап ары-бери басып калганы болбосо, үйдүн айланасынан алыс чыкканын көрбөйсүң. Гафарында аталык сезим жокпу, уулунун жентек тою менен бешик тоюн белгилегенге деле келбеди. Мунар буга канча таарынган менен айласы канча, таарынычын келгенде чыгарам дечү. Ичиндеги бугу ошол эле, башка жок. Кетип калайын дейт, бет чыдабайт. Минтип тууп алгандан кийин ата-энемдин маңдайына барып, жүк түбүндө отурмак белем дейт.

Кудайдын боору ооругандай ошол келиндин кайната-кайненеси Баткендеги туугандарынын бирөөсү өлүп, кабар келгенинен кечээ жолго чыгышкан. Алыс жолдон убара кылбайлы деп Гафарга гана кабар айтылган жок. Мунарды эскиликтин ырымы боюнча: «Сени али жаңы келген келин дейт, мурда жакшылыгына барелек элең, үйдө кал, жамандыкка барганың болбойт» – дешкенинен «майли» деп үйдө калган.

Мунар ун элеп, камыр жуурумак. Ун Гафар экөөнө арналып бүткөнү калган үйдүн далисинде турчу. Ал үйдө тирүү жандан чычкан эле болбосо, адам жашабайт. Чараны колтуктап, үйдүн илгичине колун созо берерде, көзүнө өөн көрүнгөн нерсе учурады. Көзүң жамандыкты көрбөсүн: коңшу үйдүн жарыгы күйүп, дырдай жылаңачтанып алган эркектин сөлөкөтү көрүндү. Адегенде жүзүн ала качып, көзүн жумду. Канчалык коңшу үй тарапты карабаганга аракет кылды, бирок бир заматта денеси ток өткөндөй дүр дей берди. Шаштысы да кетип калды, жүрөгү дүк-дүк…

Элеңдеп эки жагын каранат, жан киши деле жок. Коңшу үй тарапка мойнун бурарын буруп алып, жараткандан уялдыбы же өзүнөн өзү уялдыбы, өз бетин чымчыды. «Тобо, кудай сакта» деди ичинен. Адам белгисиз күчкө тез эле алдырабы? Кайра да тиктегиси келди. Күзгүнүн алдындагы булчуңу чың эркектин керилген денесине сугун артып тиктеген бойдон катты да, калды. Бир заматта сезими дүрт жанып, токтоно албачудай алдастап барып, өзүн карманды. «Жок, жок» деди ичинен… Ушунчага чейин өз эркин бекем карманчу куругур, чыдайм деди. Бирок жан темир эмес го…

Чара колунан качан түшүп кеткенин билбейт. Деми кысылып, көөдөнү карбаластатып салды. Шырп эткен дабыш чыгарбай, ордунда тура берди. Адегенде көзүнө өөн көрүнгөн эркектин жылаңач денесин эми дааналап тиктегиси келип, тиктеди. Адам бүйрү бир козголуп алса акылга да, эркке да баш ийер эместей. Жанатан бери камыр жууруйм деген Мунар эми бир ордунга тура алсачы, ары басат, бери басат, эмне кыларын билбеди. Оюнда бир эле нерсе… Ал нерсени ойлогон сайын өзүн-өзү жемелейт: «Кайсы бетим менен карадым. Жок, мен жинди болуп баратамбы…» Күбүрөнүп-шыбыранып бешикте тынч уктап жаткан наристесин бир, сырт жакты бир карайт…

«Жок, жок… Кайсы бетим калат…»

* * *

Акбар чоң таштекке чылап алган кир-кечектерин буркулдатып жууп атканда, дарбаза тыкылдады.

– Ким бул?

– Балкаңыз болсо берип турасызбы?

Сыртка башпакса, Кыпчактын келини жер карап турат. Жер караган келин башын көтөрбөгөн тейде салам узатты:

– Арыбаңыз… Кечирип коюң…

– Балка сурап атасыңбы?

– Ии… балка эле.

– Кыпчак ака баарына камдуу киши деп жүрсө… Уста кишинин балкасы жок болгону кандай? – Акбар буга чындап таңданды. – Үйдөбү а киши?

– А үйдө мен эле… Олор Баткенге өлгөнгө кетишкен…

– Ыйманы саламат болсун, жакындардан бекен? – Акбар келиндин жообун күтпөстөн, балканы алганы артына бурулду.

– Жакын деле эмес го, таанывайткем…

Келиндин жообун Акбар уктубу, уккан жокпу, балканы колго берерде гана тамаша кеп узаткысы келген:

– Кайнатаңдын устачылыгы сага да өткөн бейм…

– Жок, айласыз иш болуп калды да, ака. Кечээги катуу шамалдан үйүбүздүн эшиги пичи оонап колыптыр, ошонун мыгын бекемдеп коёюн дегем…

Акбар кошуналык милдет үчүн гана келиндин артынан кошо басып, каалганы түзөп берейин дегенден башка жаман эч нерсе ойлогон жок. Чырпык талдай келин эшикти кантип оңдомок эле деп, жууп аткан кир-кечегин кайра келип улантмак.

Мунар кыйшайган каалганы түз кармап берип, Акбар мык какмай болду. Адатындай эки-үч мыкты оозуна тиштеп алган…

Келин бир убакта Акбардын оозундагы мыктарды «келиң, мен кармап берем» деп бир колуна балка кармап, бир колу менен каалганы түрткөн Акбарга жеңилдик кылгысы келди. Колун сунуп, Акбардын оозундагы мыктарды назик манжалары менен ала берерде эркектин эрдиндеги, таноосундагы ысык демди сезди. Анын көптөн бери эркек менен болгон карыш жердей жакындыгы ушул гана. Акбардын ысык деми денесин магдыратып, көзү караңгылашып барып, кулап калчудай сезди өзүн. Каалга жөлөп турган денеси бир убакта Акбарга жакындап барып, кокустан соорусу эркектин боюна тиер замат көздөрү жумулуп, термеле баштады…

Ордунда термелген келиндин алаканындагы мыктар кошо титиреп, ага жер айлан көчөк болуп атканын балка кагып аткан эркек сезген жок. Боюна жакындап келген Мунар кулап баратканда гана шап кучактап калды. Кучактап алып, келиндин тирсийген көкүрөгүн уучтап алган олдоксон кыймылынан өзү уялды. Колундагы келиндин денеси улутунуп ыйлаган наристедей өпкөсү өпкөгө тийбей ыйлап ийди. Акбар адегенде келиндин талма оорусу барбы деп жүрөгү болк этип барып, сезим оту жанды…

Келин Акбардын топчусу бүчүлөнбөгөн дагдайган төшүн аймалап, өпкүлөй баштады. Эки албуут дайра бири-бирине кошулгандай буркан-шаркан кайнаган экөөнүн сезимин токтотор күч жок эле.

* * *

– Мени бузулган жинди келин деп атасыз го өзүңүзчө…

– Жок! – деп чочуду Акбар. Деми басылганча шып тиктеп ойлонуп жаткан момун неме келиндин бешенесинен сылап, эми биротоло эркелеткенге өттү.

– Антпе, каралдым.

Мунардын манаттай кызарган бетинен чопулдатып өпкүлөгөн Акбар жанындагы жаш дененин алоологон илебин сезип, көз ачып жумганча болуп өткөн окуяга акылы айран. Экөө бирдей марага чогуу жеткен күлүктөргө окшоп, акырындап демдерин басып, кобурашканга өттү.

– Жумакан эже эмне көптөн бери үйдө көрүнбөйт?

– Ал да Россияга тентип кеткен, – деп үшкүрдү Акбар.

– Гафарга окшоппу? – Келин да үшкүрүндү. – Сиз экөөбүздүн тагдыр окшош экен да…

– Окшош үчүн ушинтип…

Бешиктеги бала чукуранганын уккан Мунар төшүн кымтыланып, ордунан секирип турду.

– Кардың ачтыбы, жаным? – деди маңдайындагы чыпылдап аккан терди сыдырган келин баласынын алдында күнөөлүдөй.

Бешиктеги наристеден ийменгенсип, эмне кыларын билбей күйпөлөктөп да калды.

Үйдө Мунардан башка да жан бар экенин Акбар эми түшүндү. Шаша-буша чолок шымын издеп, анын тээ босогодо чечилип жатканын көрдү. Азыр эстесе, чолок шымын өзү чечпесе керек эле. Аны жана эсин жоготкон келин кире бериштен эле дырдай жылаңачтап салган. Алдындагы жер төшөктү бурдай кармап, бел курчоосуна оронгондон башка колуна эчтеңке урунар эмес. Наристенин көзүнөн эптеп уят жерин жашырып калганга үлгүрдү.

Мунар бешиктеги баланы чечкен кезде, ал түз эле «ата» деп Акбарды көздөй там-туң басып жөнөсө болобу.

– Бул ушинтип эркек киши көрсө эле баарын ата дей берет, атабыз карабай кетип… – деди келин бир эсе жайдары, бир эсе муңкангандай үн менен.

Акбар да өмүрүндө баланын «ата» деген үнүн биринчи уккандагысы ушул. Ичи элжирей түштү буга. Наристе эч чоочуркабастан Акбардын алдына келип отуруп алды. Баланын мойнунан жыттап өпкөн үйдөгү эркектин караанына Мунар ыраазы болгондой узакка тиктеди.

Ушул көз ирмемдеги эркектин балага болгон мээримине ичи жылып, жүрөгү тытылды. Бул үйдүн босогосун аттагандан бери ал өзүн азыр гана бактылуу эне сезди. Бөтөн бала дебей, Акбар да эки көзүн чылк жумуп алып, наристени гүл жыттагандай аярлык менен ырахаттанып жыттап отурган эле. Бала жытына мынчалык кумар болбосо керек буга чейин.

Согончогу канабаган Жумакан экөөнүн тагдыры кыйраганына кыйла болуп калган кембагалды заматта ой басты. Кудай таала баланы бирөөгө зар, бирөөнө кор кылып койгону ушу экенин түшүндү. Тизесинде былк этпей отурган бала өз канынан жаралгансып боор тартып калганы эмнеси, тагдыр буйругу деген ушубу? Мунардын «кел бери» деген үнүн угуп, баргысы келбей кыйылган наристеге Акбар огош бетер мээрим төгүп, маңдайынан сылап ырахат алгысы келди.

Убакыт тездиги билинбей, мына кырк жашка таяп калды, эмдигиче артында калаар туяк көрелек.

– Ах-хх… баланын жыты кандай керемет. Адамдын мындан укмуш бактысы кайсы? – деди чачын таранган Мунардын тулку боюна көз арткан Акбар.

– Бирок бала баркын биргылыдар билет экен, биргылыдар… – Ким бирөөнө кекээрденгендей үн катты келин.

– Атың ким?

– Асул, – деп булдурады бала.

– Расул, – деп түзөдү келин.

– Аа… Расул, жакшы бала турбайсыңбы. Мен бала кылып алайынбы сени? – бала дароо башын ийкеңдетип макулдугун берди.

– Мени менен кетесиңби? – мында да башын ийкеңдетти бала.

Расул баятан Акбардын кетмен-күрөктөн чор болуп бүткөн алакандарына өзүнүн быйтыйган алаканын тийгизип, кетмендей кол менен өзүнүкүн теңештирип таңгалып отурат. Анын колуна азыр ким бирөө укмуштай оюнчук карматса да, «жок, мага оюнчук эмес, мынабул кетмендей кол керек» дечүдөй, Акбардын чор болуп бүткөн алакандарынан кызыгуусу таркабады. Шуудураган бир алаканы менен баланын маңдайын сылап, бир алаканын Расулга оюнчук катары сунуп отурган Акбарга мындан өткөн ырахат жоктой туюлду. Наристе да мынчалык ырахаттуу оюнга берилди бекен. Бир убакта бала кетирекей тиштери менен Акбардын чоор алаканын тиштегилеп ойногонго өттү. Өз мыймыйы менен ойногон арстанга окшоп Акбар да Расулдун быйтыйган колдорун тиштегилеп, бала кытылдап күлө баштады. Экөө көпкө ойноду. Бир далайдан кийин Акбар чечкиндүү үн катты:

– Болду, мен сени биротоло бала кылып алам.

Бала Акбардын мойнуна жабышты.

– Мунар, бул үйдөн кенедей да түйүнчөк алба, бул үйдөн сени, анан мынабул тентекти өзүм менен биротоло алып кетем, – деди күтүүсүз.

Келин элейип катып калды. Арабөк сезимде не кыларын билбей, жооп таппады. Бир колуна баланы кучактап алган Акбар экинчи колу менен Мунарды өзүнө имере-имере тартты.

– Экөөңдү эки канатыма кыпчыдым. Эми ушул бойдон экөөңдү бул үйдөн ала кетмейин чыкпайм. Бири-бирибизге канат бололу, – Акбардын шыбыраган үнүн уккан Мунардын ээктери титиреп, не дээрин билбей ыйлап жиберди.

– Эч ойго келбеген иш болуп кетти го? – деди тагдырдан бүшүркөп коркуп калган келин.

– Бакыттын өзү ойго келбеген иш. Жүрү, кеттик. Адамга бакыт ойго келбеген жерден ушинтип жылмаят. Адам ою менен жеткендин баары – план. Адам планды гана ойлонуп жасайт. А бакытты пыландай албайбыз.

Мунар Акбардын оң канатынын алдынан чыга ала турган эмес, эркектин кучагы бекем кысып алыптыр, каршылык көрсөтө албай турду.

– Эч болбосо эки ооз кеп түшүндүрүп, кат жазып кетейин үйдөгүлөргө, – деди илбериңки келин.

Үстөл үстүндө кат жатты.

«Мен бул үйгө кайрылып келбейм. Бул үйгө малай эмес, келин болууга келгем. Ушул үйдүн босогосун аттап, көшөгөгө киргенде – башымда ак жоолук, жүрөгүмдө ак ниет гана бар эле. Тагдырымды күнөөлөйүн десем, күнөө тагдырымдан кеткен жок. Уулуңар тагдырымды оюнчуктай көрүп, таштап кетти. Эгер ал согушка кетсе, канча болсун күтөт элем. Ал биздин эмес, өзүнүн кара жаны үчүн иш издеп кеткенин эми түшүндүм. Мен аны канча жол карап күттүм, эми небереңердин жол карап өскөнүн каалабайм. Ал күткөн атасын тапты…»

* * *

Үйдө үч караан ортодогу дасторконду жайнатып ийди. Расул Акбардын көтөрүп келген баштыгындагы момпосуйларды дасторконго каалагандай чачып, той каадасын жасамыш эткен жаңы атасынын жанына жабыша калды.

– Молдо да чакырасызбы? – деди келин.

Акбар, бир саамга ойлонуп отуруп үн катты:

– Жок, өз никебизди өзүбүз кыябыз.

– Бобойт ко?

– Болот. Молдого нике кыйдыргандын баары эле бактылуу жашап атыппы? Турмушта нике кыйдыргандын канчасы түбөлүккө бирге жашап атыптыр. Нике адамдын мынабу жеринде, – Акбар жүрөк тушуна кол жаңсады. – Биздикин нике кайып дейт. Экөөбүз түбөлүк никеге ниет кылганыбыз жетет, – деген Акбар ак чыныга суу толтуруп келип, Расулдун колуна сунду.

– Кана балам, апаң экөөбүздүн никебизге сен гана күбөсүң, андыктан сен гана никебизди кыясың. Сени наристе дейт, сенин гана жүрөгүң таза.

Акбар кенедей наристеге чоң ишеним менен карап, эки адамдын ортосундагы ыйык никени кыярда кандай тилек каалап, эмне деп айтыш керектигин үйрөтө баштады.

– Сен бизден туттуңбу деп сурайсың, макулбу? Кана айтчы…

– Туттуңбу? – бала муну таптак айтты.

– Туттум, – деди атасы.

– Туттуңбу?

– Туттум, – деди жетиналбаган апасы.

Экөө баланын колундагы чөйчөктү кезектешип жутту, суу туптунук эле. Наристе да туптунук ою менен суу ууртагандарды ыржайып карап турду.

– Магачы? – деди бир убакта чөйчөктүн түбүндө тамчы суу калбаганын көргөн наристе.

– Сага болбойт, сен кийин чоң эр-азамат болосуң. Ошондо үйгө апаңдай татынакай, жакшынакай келин киргизгенде гана бизге окшоп суу ичесиң. Бул суу ыйык болот, – деди атасы.

– Кана энди бизге бата бербейсиңби? – деди жароокер апасы алакан жайып.

– Оомийи, бактыйу болула! – деп жаңы үйлөнүп аткандарга наристе батасын берди чулдурап.

* * *

Түн оокумга чейин Мунар менен Акбар үйдүн желе баскан шыбын тазалап, чаң баскан терезелерди жалтырата сүртүштү. Өмүрүндө үй тирлигин жасап көрбөгөн Акбарга негедир Мунар менен тириликти бирге жасаган эч бир оор сезилген жок, кайра жакты. Азыр ага үйдөгү аба да, жарык да такыр бир башкача туюлду. Үй ичи иретке келген кезде Мунар гардеробдун жанындагы күзгүгө келип, чаңдарын сүрүп атып күлүп ийди.

– Эмне болду сага?

– Жана сизди ушул жерден көргөм, шам маалында. Күзгүгө каранып атыпсыз.

Экөө көпкө күлдү. Айыбы ачылып калганына Акбар адегенде жүзү кызарып уялды, бирок анын көңүлүн Мунар тез эле жайгарганга өттү.

– Сизде эмес, сизди карап турган менде уят жок экен. Сизге шого анан балканы шылтоолоп…

– Ох… кандай шок мүнөзсүң! – ичи элжиреген Акбар колуктусун типтике көтөрүп, ордунан чимирилген экөө бири-бирине көпкө эркелешти. Экөөнүн үйдү жаңырткан күлкүсүн тынч уйкудагы Расул сезген да жок.

– Бул үйдү сатабыз, – деди бир убакта Акбар. – Башка жактан жаңы үй алып, жаңы жашоо баштайбыз.

– Баары сиздин эркиңизде. Сиз не десеңиз да…– Мунар мындан башка эч нерсе кошумчалаган жок.

Акбар жалдыздуу түнгө суктанып, үйгө кирди. Баары жаркырайт. Өз бөлмөсүнө башбакты, Мунар төшөк салып коюптур.

– Эмнеге жалгыз жаздык койгонсуң?

– Сиз экөөбүзгө бир эле балыш жетет. Мен мындан ары сиздин билегиңизди гана балыш ордуна төшөнүп жатам.

* * *

Акбар түн бир оокумда дарбазанын тарс-турс кагылган үнүнөн ойгонуп, сыртка атып чыкты. Сырттын жарыгын күйгүзүп корс этти:

– Бу ким?

– Мен Гафар эле.

Акбар дарбаза жакка буйдалбастан кадам шилтеди.

– Беймаал тынчыңызды алганыма кечирип коюң, Акбар ака.

– Э-эч эчнерсе эмес, үкам. Эмне мынча кеч?

– Күндүзгү самолётко белет жок, Москвадан түндө келдим. Туугандар кайтыш болуптур. Атамдар кабар бербей, достордон уктум.

– Уккам, арты кайрылуу болсун тууганыңдын. Кир бери.

– Жо, киргенде эмне. Кеп бар, бирок ушерден эле кайтайын…

– Эмне кеп?

– Кеп… Үйдө келинчегим колыпты эде, келсем жок. Үй кулп…

– Анан мында экенин угуп келдиңби? Мунар менен Расул тынч уктап жатат үйдө.

Мындай жоопту күтпөгөн Гафар ичкериге аттап, жандана түштү.

– А-аа… Ырас болду да. Жеңем жакшы жүрөбү? Үйбүлөнү сурашпай эле… – Жайдаңдап, барбаңдап турган Гафар арышын керип, калдастай түштү.

– Жеңеңдин жакшы жүргөнүн кайдан билейин. Ал да качан эле Россияга кеткен. Сен да үйбүлөнү сураштырат экенсиң да. Үйбүлөм аман-эсен… – деген Акбардын жообун уккан Гафар төбөсүнө таяк тийгендей селейип калды.

– А жеңебиз башка болуп калганбы? Билбесем шу да, укпасам… Кечирип коюң.

– Жеңең башка болуп калган.

– Жакшы, жакшы. Хап бактылуу болушта да, ким менен жашабайлы.

– Туура айтасың, ким менен жашабайлы, кеп бактылуу болушта…

Гафар босогону аттаары менен алдынан кумсарган өңдү көрдү. Жыландын алдынан чыга калган бакадай титиреген Мунар алдастап калганын көргөн Акбар ишенимдүү үн катты.

– Жеңең мына алдыңда, акыбалын сура өзүнөн.

– Мунар!

– Уулуңуздун жакшылыгын сүйүнчүлөгөндө келбедиңиз еди го, ояктагы алыс тууганыңыздын жамандыгын угуп келипсиз да!

Гафардын жүрөгү көзүнөн заар чачыраган Мунардын үнүнөн көп нерсени туйса да жаак эттери титиреп, ага муштум кезечүдөй ызырынып алдыга жүткүндү:

– Канчык!

Гафардын таштай түйүлгөн муштуму көтөрүлгөн кезде Акбар аны билектен шап кармады.

– Эй, бала тарт тилиңди! – Акбардын сестүү үнүн уккан Гафардын кайраты мокой түштү.

Тигинин кычкачтай карыштыра кармаган колу Гафарың дагы бир былк этсе, сындырып койчудай. Каршылаштын каруусу тилди да тартып сүйлөштү тез эле үйрөтүп койду ага.

– Сиз мени канчык дегидей акыңыз жок, мүмкүн канчыктардын артынан өзүңиз жүргөн үчүн тагдырыбыз шундай болмоктур, – деген жоопту уккан Гафар Мунардан биротоло түңүлгөндөй күңк этти:

– Ондо баламды колума бериң!

– Ону балам дегенге акыңыз да жок, анын атасы манау адам, – деди келин Акбарды көргөзүп.

– Баламды көзүмө бир жолу…

Расул үйдөгү кобур-собур үндөн улам ойгоо жаткан. Акбар Мунарга карап, «көргөзсөң көргөз» дегендей баш чулгап ишарат билдирген кезде там-туң баскан бала оозгу бөлмөгө өзү чыгып келди.

– Балам… Расул… Мен атаңмын… – үнү каргылданып, көз жашы каканактап төгүлүп берди.

Бала чоочуркап, Акбарга качты.

– Балам дейм! – Гафардын колдору калчылдап, ээктери титиреп эчкиргенин көргөн бала желмогуз көргөндөй коркконунан бакырып ыйлап, Акбардын бутун кучактады.

– «Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы» деген ушул, – көзүнүн жашын сыдырган Мунардын да мууну бошоп, Гафар менен кошо ыйлады. Бирок Гафарга мисирейип тиктеген көзкарашында эчбир кечиримдүүлүк жок эле.

– Сиз экөөбүз барыбир бири-бирибизге кош канат боло албадык. Тагдыр шу экен: мен өзүмдүн кош канатымды бүгүн таптым. Мен бир күн мурда өзүмдү сиздин кош канатыңыздай сезгем… – деген Мунардын өзөгү сыздап турганын көргөн Гафар канаты сынган куштай эки колу салбырап, жер караган башын көтөралбай чыгып кетти.

Артынан угулган баланын ыйы анын аталык сезимин, жүрөгүн бычактын мизиндей тилип өттү.

Олжобай ШАКИР

2012-ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *