(1-МАЕК)  (2-МАЕК)  (3-МАЕК)   (4-МАЕК)

– Мурзаке, кечээ заман алмашканда кыргыз жазуучуларынын көпчүлүгү мен куугун-сүргүн көрдүм, ыдык жедим, чыгармаларымды чыгарбай, баспай келди, Усубалиев режими деп чыгышты. Кийин байкасак, андай чыгарма деле аз, сиздин досуңуз Кубат Жусубалиевдин бирин-экин чыгармаларын эске албаганда жокко тете экен. Негедир анда сиз унчуккан жоксуз, ушул жагдайда сиздин акыбалыңыз кандай?

– Албетте, жазылып, басылбай калган аңгеме-повесттерим, жазылып, коюлбай калган пьесаларым, жазылып, тартылбай калган киносценарийлерим бар. Бирок алардын басылбай, коюлбай, тартылбай калган себептерин башка жазуучулар сыяктуу саясатка, идеологияга такагым келбейт. Анткени социализмдин мээни куйкалаган аптабынан, кылчылдатып үшүткөн көлөкөсүнөн чыгармачылыкты башынан эле качырып, оолак туткан жазуучумун. Менин басылбай, коюлбай, тартылбай калган чыгармаларымдын таржымалы, себеп-жөнү такыр башка. Көп учурда өзүмдөн кетти, көп учурда адабий чөйрөнүн элет деңгээлинен, кыргызбайчылыгынан жабыр тарттым. Себеби ушулар эле.

– Ошолордун арасынан ичиңиз аябай ооруп калгандары да бардыр. Чачыратып айтып бербейсизби?

– Бар. Маселен, 1962-жылы университеттин акыркы курсунда окуп жүргөндө эки аңгеме жазгам. Бири – «Турналар жазда келишет». Аны түз эле Чыкебиздин колуна тапшыргам. А кезде Чыңгыз Айтматов биз үчүн жаңы чыккан жылдыз, чоң авторитет, бизге духовный жөлөк-таяк сезилчү. Баягында айтпадым беле, кадыр-баркы көтөрүлүп, атак-даңкы тарай баштаган кезинде а киши жаш эле, март эле, патриоттук сезими да күчтүү болчу, бизге окшогон жаш жазуучуларга жардамга даяр турчу. Мен эле эмес, менин тааныштарымдын көпчүлүгү Чыкебиздин жардамын көрүп, аброюн пайдаланды. Ошентип ал аңгемемди өз колуна берип: «Чыке, ушуну окуп берсеңиз, буга чейин балдар үчүн жазчу элем, бул биринчи олуттуу аңгемем (чоңдор үчүн дегеним да) – деп сурансам, – таштап кет, окуйм» – деди. Ана жооп берет, мына жооп берет деп тыбырчылап жүрөм өзүмчө. А кишиге кирип, доолашуудан тартынам. О, эки ай өткөн соң союздун алдынан жолугуп калдым: а киши чыгып, мен кирип бараттым эле. Саламдашсам, алик алып, сенин аңгемеңди окуп чыктым, бүрсүгүнү ушул жерде жаш жазуучулардын семинары болот, мен доклад жасайм, аңгемеңе ошондо айтам пикиримди деди. Болуптур, Чыке дедим.

– Агезде жаш жазуучулардын республикалык семинарлары, кеңешмелери көп өтчү эле го?

– Эми республика дегенибиз менен негизинен борбордо жашап, окуп, иштеп жүргөндөр чогулчу да. Кыргыз адабиятынын Т.Сыдыкбеков, Ш.Бейшеналиев, Т.Үмөталиев сыяктуу лөктөрү катышчу. Ошолор отуруп, биз угуп бердик да. Чыкем 40 мүнөт чамасында сүйлөдү. Атайын даярданбаптыр. Башка аңгеме, повесть окубаса деле керек, байкашымча. Москва журналдарынан окуган орус жаш жазуучуларынын чыгармаларын мисал тартып отуруп алды. Мисалы, Владимир Орлов дегендин «Соленый арбуз» деген романы «Юность» журналына чыккан. Ошону айтты, ушундай жазыш керек деп. Ал жазуучунун азыр аты-жыты деле жок, унутулду. Калганы бүт менин аңгемеме арналды өңдөнөт. Аябай мактады.

– Мисалы эмне деп? Эсиңизде барбы?

– Эгер окусаң, «Турналар…» жалаң диалогдон турат. Башынан аягына чейин аялзаты менен эркектин диалогу. Чыкем айтып калды, мен мындай чыгарманы кыргыз адабиятынан окуган эмес элем, дегеле совет адабиятынан жолуктура элекмин, Мурзанын аңгемеси оригиналдуу жазылыптыр, мына ушундай жазыш керек, азыр биз жаңыча жазышыбыз керек деген сыяктуу сөздөрү эсимде калды. Мен, албетте, курсант болуп дердейе түштүм. Аңгеменин башкаларга эмес, ошо кишиге жакканы үчүн. Анткени ал киши мен үчүн Кыргызстандагы №1 жазуучу болуп калган. Мен үчүн эле эмес, башкалар үчүн деле. Аңгеме ал жылы эмес, 1963-жылы «Ала-Тоого» басылды. Кийин, кийин, Чыкемдин эң мыкты чыгармаларынын бири – «Саманчынын жолу» чыкты. Ал кезде Чыкемдин бардык чыгармаларын баса калып окучубуз да, башка китептерди, сабакты, башка иштерди таштап коюп. Ар бир чыгармасы биз үчүн зор окуя эле. «Саманчынын жолун» окуп чыгып, бүткөндөн кийин ичимен ого бетер домпоюп калдым: Чыкем повестин башынан аягына чейин диалог менен жазыптыр.

Аңгемемдин формасы чын эле жакса керек, кээде шакирттен да таасир алыш керек деп койдум. А мен сага айтсам, мен өзүм ал аңгемени Хемингуэйден таасирленип жазгам. Башка сөзгө кирип кеттим өңдөнөт. Менин айтайын дегеним, «Кенже уулунун кайтып келиши» деген экинчи аңгемем жөнүндө болучу. Аны «Ала-Тоо» журналына бергем. Ал Төлөгөн Касымбековдун колуна түшүптүр. Төкөм анда «Ала-Тоодо» иштечү, проза бөлүмүн башкарса керек, азыр ойлосом. Анысын кайдан билейин, жөнеле редакцияга таштап кеткем. Ошентип эле Чыкеден кийин биринчи Төлөгөн Касымбеков сөз алды. Бу киши менин кол жазмамды көтөрө келиптир, элдин көзүнчө аңгемемдин мазмунун жиликтеп, абийиримди аштай төкпөдүбү.

– Анчалык эмне болуп кетти?

– Эми ошондогу Төкөм сыяктуу аңгемемдин мазмунун баштан-аяк айтат окшойм. Антпесем түшүнүксүз болуп калат. Бир студент, менин каарманым, жайкы каникулда үйүнө келет. Казакстандын дың жерин өздөштүрүүгө айдалып, өткөн жылы келбей калган. Ал Казакстанда антип жүргөндө буяктан атасы өлөт. Чакырык барса, өз учурунда келалбайт. Кийин келип атпайбы. Келсе, апасы тандырга нан жаап жүрөт. Апасынын мойну-башынан кучактап ыйлайт. Апасы жемелейт, атаңа эмне үчүн топурак салганың жок, акең аябай жини келип жүрөт, сени көрсө сабашы мүмкүн, акеңдин пейилин билесиң го дейт. Акем каякта дейт, акең тетиги жылгада таш кулатып жүрөт, үй салам деп пайдубалына таш чогултуп атат, нан бышканча келип калат дейт. Студент чыйпылыктап, качан келип, качан сабайт деп коркуп отурат. Бир маалда апасына айтат, акем келбейт го, кечикти го – деп. Анда барып өзүң чакырып кел – дейт. Барса акеси таш кулатып атыптыр. Студент акесинин жанына чыгып барат. Эсенчилик-аманчылык сурашат. Акеси тилдеп, жемелеп, ачуусун чыгарып алат. Студент: – Аке, апам ысык нан жаап коюптур, барып чай ичиң, оокат жең, чарчадыңыз го – дейт. Азыр, дагы бир машине толгудай кылып коёлу, анан баралы дейт акеси. Үкөсү да жардам берип, акесинен жогоруда таш кулата баштайт. Бир убакта төмөндө акеси бар экенин унутуп калып, бир чоң ташты оодарат да, тоголотуп жиберет. Тоонун боору типтик. Таш катуу тоголонуп жөнөй берет. Караса таш бараткан тушта акеси таш козгоп жатат. Жүрөгү оозуна кептеле түшөт, коркконунан: «Аке-е, качыңыз!» – деп кыйкырып жиберет. Акеси катуу тоголонуп келаткан ташты көрө коюп алдастап калат, таш келаткан багытка карап бирде солго, бирде оңго качып. Антип-минткенче таш уруп өтөт, акеси сулап түшөт. Үкөсү буту үзүлгөнчө чуркап түшсө, акеси канга боёлуп, көзү жумулуп калган. Коркконго кош көрүнөт болуп, акем өлдү, эми эмне кылам деп өксөп жиберет. Акесинин өлүмү эмес, өзү түшөт да биринчи эсине. Адам ошондой болот эмеспи.

«Эми эмне кылам, апама эмне деп айтам? Акемди өлтүрүп алдым деймби? Ал ага ишенеби? Акең экөөң мушташа кеттиңер, сен акеңди атайылап таш менен уруп өлтүрдүң дейт да!» Ушундай ар түркүн ойго жармашып, акыры өзүн куткаруунун амалын ойлой баштайт. Апасына акемди таппай койдум, ал жакта жок экен деп барат. Анда ысык нан жеп, көк чай ичип салкындап отуруп тур, акеңди мен өзүм таап келейин, ал байкуштун карды ачты, үйгө сүйрөп келбесе, кечке жүрө берет дейт да, өзү кетет. Берки жигиттин тамагынан нан да өтпөйт, чай да өтпөйт, отурат калтырап-титиреп. Чыдай албай тыбырчылап тышка чыгат. Чыкса, апасы акесинин колун мойнуна арта салып сүйөп алган. Акеси сүйрөлө сылтый басып келатат. Студент ошондо айыбы ачылганын билет дагы, менин бул жерде калышым мүмкүн эмес деген ой башына шак урунат да, качып жөнөйт. Эшиктин алдынан суу агат, арыктын аркы өйүзү мелтиреген буудай талаа сапсары болуп бышып турат. Ошого кире качат. Ошону аралап бөжүп, мергенден качкан аң сыяктуу алдастап жөнөйт.

Апасы артынан: – Токто, мен сени өз колум  менен өлтүрөм – деп ачуу кыйкырып, агасын жерге жаткыра салып, ал дагы буудай талаага шумкуп кирет. Калың буудай денесин көмө берип, башы эле чыгып калат. А киши чылк кара кийинген, эринин азасы бар, жоолугу капкара. Буудай талаанын үстүндө капкара эле бир жоолук сүзүп бараткандай. Ошентип куушуп барат эне-бала. Бир маалда ысып-күйүп, башында жоолугун жулуп алып, колуна жогору көтөрүп «токтолоп» чуркайт. Буудай талаанын үстүндө кудум капкара туу сүзүп бараткан сыяктанат. Ушул жерге жеткенде Айтматов: «Даана киного тарта турган эпизод экен» – деп жиберди. Мында да курсант болуп калдым.

– Чындыгында эле ошондой экен.

– Аңгеменин акыры бул: жанагы көйкөлгөн буудай талаанын үстүндө сүзүп бараткан кара желек бир маалда жыгылат. Ошол бойдон турбай калат. Кенже уул кайда баратканын билбей алдастап чуркай берет. Буудай талаанын ортосунан жогорку вольттуу зым карагай өтөт, аны бойлой чаң баскан жол кетет. Ошону беттеп чуркайт, ошол жолго чыгат. Чыгып алып, кай тарапка качарын билбей абдырап туруп калат. Жолдо капкара канчык кыпкызыл тилин салаңдатып акактап келаткан болот. Студенттин алдынан өтө берет, студент негедир канчыктын артынан түшүп, калың топуракты сапырылта басып жөнөп кетет.

Ошону менен бүтөт. Төкөм, ушинтип аңгеменин сюжетин аягына чейин айтып берип, идеологиянын уу камчысы менен сабап кирбедиби мени. Бул аңгемени басышка болбойт, эне-баланын, ага-ининин мамилеси бурмаланып жатат, саясий ката бар деп. Бул аңгемем чыкпайт экен деп, ошондо эле суудум. Агезде аңгеме, повесть баса турган «Ала-Тоодон» башка эч нерсе жок болчу. «Кыргызстан маданияты» чыгалек эле. Ошентип ал семинардан Чыңгыз Айтматовдун мактоосуна канат байлап, Төкөмдүн камчысынан экинчи канатым жараланып чыкты.

– Гётенин бир айтканы бар: биздин жазуучулар бир окуяны кууп алса, алдынан аскери менен Александр Македонский чыга калса эмне болот деп ойлонбой эле жаза берет дегендей. Аңгемеңиз даяр сюжетке көнгөн кыкеңбайларга жакпай калышы мүмкүн экен. Бирок кийин, мисалы, азыр деле берсеңиз болмок.

– Туура, биздин жазуучулар алдында бен Ладен турса деле камырабай жаза берет. Эми ал кезде аңгемени эки эле жолу жазчумун: биринчиси – черновик, экинчиси – таза көчүрүлгөнү. Бизде машинке деген жок болчу да. Машинисткага бастырайын десең, акча сурайт, акча жок. Жеке эле менде эмес, биз теңдүүлөрдүн баарында эле. Ошол таза көчүрүлгөнү «Ала-Тоодо» калып кетпедиби. Семинардан уккан сөздөн соң «Ала-Тоого» экинчи барганым жок. Анда Төкөм менен да жакын, сырдаш эмес элем. Ал киши менден 4 жылы мурда бүтүргөн. Аңгеменин черновигин башка кагаздар, китептер менен эки жаман чемоданга таңып, биз жашаган университеттин подвалында аманат камера боло турган, Памирге кетерде ошого таштап кеткем. Кийин келсем аманат камера кайдадыр көчүп кетиптир, адресин айткан, анчалык деле издебедим, аларды коё турган үй-жайым да жок эле, бойдок болчумун. Кийин кайрылып жазганым жок.

– Бирок мен мындай сюжетти бир жерден окугансып атам. Эсиңизде барбы, Чыңгыз Айтматов менен Калтай Мухамеджановдун «Фудзиямадагы кадыр түн» пьесасында да таш кулатып атып, мугалим эжейин өлтүрүп алат эмеспи?..

– Ооба, ооба, кийин көп жыл өткөндөн кийин аңгемемдин арбагы Гамлеттин ата арбагынын көлөкөсүндөй болуп, көз алдыман бир өттү. Чыкемдердин сен айткан пьесасы чейрек кылым кийин чыкпадыбы. Пьесанын көпкөн каармандары мас болуп алып таш кулатып, анын алдында тоо таманына түшүп кеткен мугалим эжейин өлтүрүп алат. Ошентип аргасыз кылмыш жасашат да. Кеп анда эмес, чыныгы кылмыш кийин башталат эмеспи, бардыгы тең эптеп качып кутулууга аракет жасап, менин каарманым, студентим сыяктуу качып да кетишет эмеспи. Моюнга алып, жаканы уучтап өкүнүчтүн ордуна. Жапайы иммунитет да… Чыке менен Калтайдын пьесасында ушул мотивировка менин аңгемемде көрсөтүлгөн да. Кийин Чыкем москвалык бир гезитке берген интервьюсунда да: «Эсимде бир сюжет сакталып калыптыр. Ошону Калтайга айтып бергем» – деп жатпайбы.

– Прозаларыңыз бул экен, а пьесаларыңыздан коюлбай калгандарычы?..

– Пьесаларымдын деле көпчүлүгү коюлду. Эң жакшы көргөн эки пьесамды эсепке албаганда. Бирок экөө тең «Кадыр түн» деген пьесалар жыйнагыма кирди. Бирөө – «Жамгырлуу түндүн жомогу». Экөө эле катышат – Аял менен Эркек. Бир түн. Түнү бою жамгыр төгүп турат. Экөө түнү бою сүйлөшө берет да махабат, сүйүү ж.б. жөнүндө. Элегия маанайындагы пьеса. Коём деген жакшы режиссер чыкпады, театрдан багы ачылбады. Өзүм болсо көрүнгөнгө койдургум келбейт. Экинчи пьесамды өкмөт менен партия койдурбай койду. Жана айтып атпадым беле, идеологиялык боёктордон качып жазамын деп. Канчалык качайын десем да, кармап алышты да, кысталактар.

– Эмне, ошончолук саясатташкан пьеса беле?

– Жок, эч бир саясатка, соцреализмге тиешеси жок, театралдардын турмушунан алынган пьеса эле. Аты эле айтып турчу: «Разияны эскеребиз, же өзүбүздү өзүбүз ойнойбуз» деп. Сахнанын ичинде сахна болчу да. «Гамлетте» бар эмеспи, окуя жүрүп жатат, Гамлет көчө артисттерин алып келип, ошого байланыштуу дагы бир окуяны ойнотот. Ошол сыяктуу. Бир актрисанын трагедиялуу өлүмүн ошол эле театрдын артисттери эскерип, элестетип ойномок. Кылмыш тарыхы болучу. Ошого тиешеси барлар окубай, көрбөй туруп эле токтотуп салды сыяктанат…

– Болгон окуя беле?

– Ошентип айтса да болот. Ош театрында адабий бөлүмдү башкарчумун. Мен Ялтага, Бүткүлсоюздук драматургдар семинарына кеткен элем. Андан кайтып, Фрунзеге келип түшсөм эле тааныштарым дуулдап калыптыр: – Мурза, сенин театрыңда бир актрисаны өлтүрүп кетиптир – деп. Аяктан чала-чарпыт угуп, буякка келсем, чын эле ошондой болуптур. Бир кызыбыз бар эле, ошол өлүптүр. Ар кандай айың сөз жүрүп атыптыр. Көрсө, деректирибиз бар эле, аябай жөндөмдүү, уюштургуч, мыкты жигит эле, көзү өтүп кетти маркумдун. Ошого бир досу чалбайбы, артист кыздарыңан бир-экөөнү албайсыңбы, шаардын сыртына чыгып, чакан шаан-шөкөт кылып келели деп. Анан ал баягы кызды дагы бир жолдош кызы менен ээрчитет. Сыртка чыгышат, ойноп-күлүшөт, ичишет-жешет дегендей. Анан баягы кызыбыз өлүп калыптыр да. Эмне болуп өлгөнү белгисиз: жардан бирөө түртүп жибергенби, же кызып алып, же качып өзү кулап кеткенби? Айтор, табышмактуу өлүм. Өлүгүн кийин таап атышпайбы. Деректирди да, шеригин да камап коюптур.

Театр бүт үрпөйүп туруптур. Пьесаны ошол окуя жөнүндө жаздым эле. Ошону коёлу дедик да. Жолдош, дос, кесиптешибизди эскерели дедик. Бизден да кетип калды. Ушундай спектакль даярдалып жатат деп театрдын алдына килейген жарыя илип коюп атпайбызбы. Анда Ош обком идеологиясын Барпы Рысбаев башкарчу. Ошо киши токтоттуруп койду. Окубай-этпей, көрбөй-сөрбөй эле. Ал киши токтотконго устат эле да. Кийин уктук, даярдалып жаткан спектаклдин дайыны ЦКга чейин жетиптир. ЦК идеологиясын а кезде Жумагүл Нусупова башкарчу.

Ошол киши Барпы акеге команда бериптир деген кеп чыкты. Оштон таасир берген күчтөр да чыкса керек. Жанагы деректирдин досунун атасы депутатпы, айтор, бир чоң экен. Алар кай тараптан кандай таасир этишти катуу билет да. А пьесада корко турган эч нерсе жок эле, окуянын юридикалык жагы эмес, өзү жөнүндө кеп болчу. Ошентип пьеса токтоп калды. Андан кийин аракет жасаганым жок, сууй түштүм. Бирок жакшы көрөм, жыйнагыма кирди дебедимби. Азыркы акыбалды өзүң билесиң, пьеса койдура турган театр да жок, койдурсаң моралдык да, материалдык да ыракат албайсың…

– А киносценарийлериңиздин акыбалы кандай?

– Эми анда жазганыңдын баары эле тартылып турбайт. Ошондой өндүрүш. Жазганымдын баары тартылса, мен көп фильмдердин сценарийлеринин автору болуп калат элем. Бирок тартылбай калганына жүрөгүм ооруп жүргөндөр бар. Мисалы, «Любовная лодка» – «Сүйүү кайыгы» деген. Маяковскийдин:

«Как говорят, инцидент исчерпан
любовная лодка разбилась о быт
С тобой мы расчете
И не к чему перечень
взаимных болей бед и обид», — деген саптары бар эмес беле, ошондон алгам. Сценарийдин маани-маңызы ошол саптарга туура келет. Аны Гена Базаров бир-эки коюуга ниеттенген. Бирок аны койбой эле башка фильмдерге өтүп кетти. «Кызыл беде» – «Красный клевер» дегеним дагы ошондой тагдырга туш болду. Анын себептерин түшүнсө болот. А кезде «Кыргызфильмде» экиден гана фильм тартылчу. Москва ошого ченеп акча бөлчү. Ал фильмдердин сценарийлерин режиссерлор суктук кылып өздөрү жазып жиберчү. Анысы профессионалдуубу, профессионалдуу эмеспи – башка маселе. Азыр эгемен мамлекет эки тургай, бир фильмге акча бөлүп бералбай өчөйүп отурбайбы. «Кызыл бедеде» бир дудук аял каарманым бар эле. Режиссер досум Кадыржан Кыдыралиев ошону жактырып калыптыр. «Мурза, ушуну жазып бербейсиңби, мен тартайын» – дейт. А биз – аялым экөөбүз 2 сериялуу фильм сценарийин жазып жиберип, ашипке кетирдик да. 100 беттен ашып кетти. «Жизнь и любовь Мэри глухонемой» деген. Сценарийди «Кыргызфильм» жактырды. 25% гонорарын берди. Москва бөлүнүп кеткенден кийин киностудия өзү акчасыз калды аңкайып. Ошо бойдон биздин фильм да токтоду. «Богатые тоже плачут» дегендей сентименталдуу фильм болмок. Далайларды жашытмак. Демократтар тушунда ал сценарийди Замир Эралиев көп сериялуу телефильм тартам деп алып кетип, «Кыргызтелефильмде» да акча жок да, ары чуркап, бери чуркап тим болду.

– Замир мырза дүңкүлдөтүп реклама жасап жибергендей да болду эле…

– «Жылкыңа ченеп ышкыр» деген ошо да. Биздин азыркы заман реалист бол деп жатпайбы…

Алым ТОКТОМУШЕВ

2002-ж., 18-январь

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *