Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулу

ООГОН ОРДО

Калк туткасы Кан

Элден

Государство, добившееся сосредоточения всех усилий народа на едином хотя бы на один год, будет могущественно десять лет, государство, добившееся сосредоточения всех усилий народа на едином на десять лет, будет могущественно сто лет; государство, добившееся сосредоточения всех усилий народа на едином на сто лет, будет могущественно тысячу лет, а тот, кто будет могуществен тысячу лет, добьется владычества в Поднебесной.  

Шаңлык Жаң төрөнүн китебинен (б.з.ч. 390-338).

Теңирчилик дегенибиз диалектикалык удулунда дайыма бир аныктооч багытты алып жүрөт, ал «Жолу Улуу» учур демекчибиз. Чыныгы Даанышман ошол «Жолу Улуу» багыттын удулун кармайт. Ошол жакка салмак ооп Алтын Ордодон кыймылдуу Ордун тутат. Эгемен мамлекеттин ээси болгону менен Эгемен Эстин бийигинен өксүгөн Элдин, ириде интеллигенциянын, мамлекет адамдарынын өткөөл мезгилдеги талуу жери ушул болду, сыягы. Диалектика мыйзамын унут калтырдык. Жат тааным, бөтөн Жол Ордо салмагын ооштуруп кетти…

Айталы, эгемендик жарыялоонун эң башкы максат-маңызы өзү кыргыз мамлекеттүүлүгү эле. Же Гегелдин сөзү менен айтканда: «масса людей может называть себя государством лишь в том случае, если она объединена для совместной защиты всей совокупности своей собственности. …Для того чтобы масса людей образовало государство ей необходимо создать совместную защиту и государственную власть».

Демек, айрыкча бу тапта, универсал мыйзам ченем Оң-Сол ырааты боюнча «Төп Төгөрөктүн» алкагына алсак «Мамлекет – Жаран» катышында сөзсүз милдеттүү түрдө артыкчылык Орун – Жолу улуу Мамлекетте эле («Мамлекет» деген биз үчүн өзгөчө түшүнүк. Ал башкалар кайра-кайра азыр биздин мээбизге каккан, сенек каткан «тоталитаризм» түшүнүк эмес. Турмушка карай функциясы ийкем кыймылдуу түшүнүк дедик. Ал эми мамлекеттин өз түпкү Жолун даанышман аныктай билиши, ал, башка кеп. Анткени «Кан адашса калк адашкан» учур бар. Биз Платон айткан «Мамлекетти философ башкарган» учурду көз алдыга тутуп турбуз).

Теңирчилик талабы боюнча Элбашы Алтын Ордодон мамлекет ташы басаар тушка салмак-ык салат. Мамлекет кызыкчылыгын жарлайт. Ал канчалык ийгиликтүү ишке ашса, диалектика мыйзамы боюнча зоо жаңыргандай жаран кызыкчылыгында кайтара жаңырат. Арийне, бул эч качан жаран эркин тыкыр тушоо дегендикти билдирбейт. Диалектика өзүнүн экинчи тарабын дайыма активдүү кыймылга ала жүрөт. Антпесе, өнүгүш жок. Ал тургай парадокс ушул; чыныгы (!) мамлекет кызыкчылыгын канчалык күчтүү жарласа, ал кыймыл-өнүгүш ошончо тез өзүнүн экинчи жарымында «өлөт», же жаранда өнөт, аны башкы планга чыгарат. «Мамлекет – Жаран – Мамлекет…» чынжырында кези келгенде Жаранды негизги күчкө айлантып Мамлекетти жаңы деңгээлде чыңайт. Кайталайм, бул мамлекет өзүнүн түпкү жолун түз аныктап («түпкүлүгү түз болсун» дейт кыргыз) калк философиясына каныккан учур тууралуу. Ошого тең Жаран да: «Мамлекет ал – менин жармым» деп Эгемен Эстин бийигинен аа (мамлекетке) жаңырыкташкан учур тууралуу.

Ушунда Мамлекеттин расмий Конституциясы Элдин руханий Конституциясына бап түшөт. Мамлекет бийиктен Жаранга ийийт. Жаран жапыздан бийикке кол созот. ТЕҢ ортодо СЫЙ (сый, сүй, сүйүү) жарланат. Ар бири өз-өз маңызын өзүнүн карама-каршысынан, жок, түгөйүнөн көрөт. Ар биринин жекеме-жеке кызыкчылыктары түгөйүнөн тирилет. Жаранды: «Мен – Мамлекетмин» деген бийик сезим басат, Мамлекетте: «Мен – Жаранмын» деген ыйык сезим ташат. Бая бир айтылгандай Жер Асманмаңызга тунуп, Асманмаңыз Жермаңызда кулпунат. Теңирчилик философиясы ушунда ишке ашат. Мамлекет – Жаран кызыкчылыгы ушунда бир Төп Төгөрөктө ийрилет. БИРге биригет. Гармония табылат.

Диалектика жазмыш жазган басылбай койбос Жол ушул! Башка ыраат — хаос. Төтөн, бир түзүлүштөн экинчи түзүлүшкө бет бурган чакта «Мамлекеттин бийик Жолу» ойлонбой турган аксиомага айланат. Биз так ушул старттык ураанда таасын жаңылдык. «Адамдан» баштадык сөздү. «Жаранды» Адамга чым бастырып чалмакейин жана чалдык. Эгемендик жарыялаган күндүн эртеси демократия эйфориясында ээленип, тоталитаризмге таш атып жатып өзүбүз катаал дүйнөлүк контексте улуттук чыныгы өз алдынча мамлекетти керек болсо биринчи жолу жарлап жатканыбызды унутуп салдык. Федералдуу карт Мамлекеттеги (СССР) тоталитаризм менен унитарлуу жаш Мамлекеттеги (Кыргыстан) эмгекти уюштургуч дем, идеология (муну тоталитаризм дешке болобу?) эки башка маңыздуу мазмуун экенин элебедик. Башка эмес, дал Башкы Бийликтин үнү менен «Мамлекеттин азуусун чакмайынча тоталитаризмдин машинасы эч качан талкаланбайт» (Акаев) деп сүрдүү айбат салдык.

Көп укладдуу менчик жарланганына карабай «Мамлекеттик менчик» түшүнүгүн биринчи күндөн кунсуздап түгөл жоюуга айкын бет алдык. «Анык суверендүүлүктүн биринчи ээси – Адам» (Жаран эмес!) дедик. Мамлекетти чечкин бийлик, күчтүү мыйзам менен эмес, рынок жолу менен чыңайбыз деп экономикалык жылаңач кыртышта (а жылаңачтаган өзүбүз!) салган урааныбыз улам иллюзияга айланып барганын көрүп турсак да, ар бир жолу өзүбүздү алдап: «республиканы мамлекеттик күчтүү бийлик гана сактайт» деп жайдак жерде жар салгандан чарчабадык, чарчабадык… Ошентип өткөөл учурда мамлекет деген түшүнүктү жок дегенде Адам-Жаранга тараза илештирип карабай иш жүзүндө таманга таптап, дал ошол «АДАМ кызыкчылыгы» атынан, «Жарандык коом» атынан, «Укукчул мамлекет» атынан үстөккө босток, үстөккө босток… өлтүрүүнүн үстүндө болдук. Акыркы учурларда гана «АДАМ» артында кай кызыкчылык жатканын капыс аңдагандай «права человека и гражданина» деп экөөнү бир жалгап айтчу болдук. Не опо, Конституциядан тартып канча бир мыйзамдарда «АДАМ» ташы кайтпас басып кеткен эле эми…

Эмесе, акыл-эсти анча арбаган «укуктук мамлекеттин» тарыхына кайрадан бир сереп сал.

Бу түшүнүк өткөн кылымда, Батыш өлкөлөрү мамлекеттүүлүгүн Конституциялык негизде курууга киришкенден башталганы маалым. Башкы белгиси: мамлекеттик бийликке белгилүү бир чек коюлушу, адамдын эч ким, мамлекеттин да кийлигише алгыс белгилүү бир автоном укуктарынын гарантияланышы. Ошентип мамлекет башчысынан катардагы Жаранга чейин Конституция алдындагы бирдей жоопкерчилиги. Ырас андай болсо, бая айтылгандай, мынчалык зор мааниге ээ Башкы Мыйзам элдин жан кыртыш, дух философиясынан сызылып чыгышы көздөй шарт. Биз ушунда өксүдүк. Сырт күч ыкчам пайдаланды муну. Баш мыйзамды ойлонууга да үлгүртпөй чагылгандай тез кабыл алдырды, кыйыр мажбурлады дагы.

Дагы маалым, укуктук мамлекеттердин түбү түптөлгөн тарыхый кезең такыр башка эле, б.а. анда капитализм дүйнөлүк монополизмге, азыркы трансулут чабытка ээ эмес эле. Демек, укуктук мамлекет эркиндикке умтулган адам менен алакасын аавал бир мамлекет чегинде түзөгөн. Кийин тарыхый кырдаал өзгөрүлдү. Капитал кудурети АДАМДЫ ал жашаган Мамлекеттин алкагынан ашырып жер шарынын жаңы КУДАЙЫНА айлантты. Эми ал Дүйнөлүк Укукка (жеке менчикке) кол сермеп чыкты. Маңызы өзгөрдү. Диалектик Лениндин бир жакшы айткан сөзү бар: «Самое важное чтобы подойти к этому вопросу с точки зрения научной, это – не забывать основной исторической связи, смотреть на каждый вопрос с точки зрения того, как известное явление проходило, и с точки зрения этого его развития смотреть, чем данная вещь стала теперь…» Биздеги большевизмдин сынчылары алар айткан ушул эң элементарлуу өңдүү чындыктарды да эстен чыгарып коюшту.

Укуктук мамлекеттин бир бетин көрдү. Кечээги ички «кичиАдам» географиялык чегин канчалык кеңитип сырткы “чоң Ааламга” айланып кеткенин элебей, демократтыгы ашынып, ошо жаңы АДАМ укугун Элден, Мамлекеттен да ашык жарыялап салды. Конституциябыздын уңгусуна ушундай сырткы араанга жылаңач ачык Ө3ГӨЧӨ маңыздалган укуктук Мамлекет чөктү.

«Мыйзамдын бийлиги», «Президенттен тартып Жаранга чейинки жоопкерчилик…»

Кандай гана айыпсыз жаңырат-аа. Бирок бул бери жылма жагы. Абай баксак, татына аттын артында тагдыр чечээр маңыз бар. Термин эки сөздөн: «Укуктук» жана «Мамлекет» деген сөздөн куралган. Суроо туулат: Башкы маңыз, аныктооч күч кайсынысында? Бул тек эриккендин суроосу эмес. Эгерде маани-салмак «мамлекетте» жатат десек, анда анын экинчи учу – «Жаран» түшүнүгүндө тирилээр эле. Демек, жогоруда айтылган «Президенттен тартып акыркы атуулга» чейин диалектикалык бир катышка камтып, бир философиялык – саясый-социалдык бүтүндүктү түзөөр эле. Андай коом сырт «Адамга» катышын өзгөчө аныктаар эле. Эл аралык мамиленин Мамлекет деген өз алдынча толук кандуу, бүтүн субъекти катары чыгаар эле. Бирок биздин Конституциябыздын маңызы андай эмес, башкы салмак-маани «укуктук» деген сөздө уюган.

Мындай, б.а. биз мазмуундагандай «Укуктук Мамлекет» эл аралык укук нормаларын биринчи тутат, ириде «Адам Укугун» эң башкы туу көтөрөт. Демек факт жүзүндө, диалектикалык катышка жеке менчикчил АДАМ (Жаран эмес) жана улуттук МАМЛЕКЕТ кирет. Демек, «Адам укугу Мамлекеттен бийик» деген мүлтүң түшүнүк аңтара маңызында частник сырт мамлекеттин, капитал ээсинин укугу улуттук Мамлекетке карай алганда артыкчылыкка ээ дегенди билдирип калат. Ал эми экономикалык күч кубат жана диктат азыр бу экөөнүн кимисинде экени белгилүү. Цивилизациялуу делген мамлекеттер деле жалпыга тан укук эрежелерин тааныганы менен Мамлекеттин ички укук мыйзамдарын, Жаран укугун ага дайыма тараза алып чыкканы ошо. Б.а. алар мамлекет ташын иш жүзүндө «Адамга» эч бастырышпайт. Мамлекеттик протекционизм башкы орунда турат. «Жок, мунун баары натуура, Жаран басылган жок!» деп четке каккан күндө да мен эмес, эми Ленин айткан да бир чындыкты кантебиз: «Всякое право предполагает неравенство. Всякое право есть применение одинакового масштаба к различным людям, которые на деле не одинаковы, не равны друг-другу…» Ошондо алчы таасын жеген алтынга карк «АДАМ» менен баладай баео, чөнтөгү жыртык «Жарандын» укугун бирдейлеп, «бар, багыңан көр» деп аламанга салып ийиш эмнеге тең? Биз ушинттик. Ал эми адилдикти туу туткан көчмөн наркы мындайда тек: «чоң таш менен кичик ташты урбайт» деп вето койчу дешет…

Маселенин мындай кырынан коюлушуна кимдир бирөө (төтөн, сырттан!) ынабайт. Ал: «Жок, Адам деген Адамды, б.а. Инсанды эле билдирет» дейт. Ырас андай болсо, адам укугу улуттан да, Мамлекеттен да, ал жашаган коомдон да абсолют бийик-ыйык болсо, анда мындай бир парадокс туулат: ошол ар бир адамдын жер сабаган укугун конкрет мамлекетте айланып келип ким коргойт? Акыры мамлекетпи? Мейли миң бир жолу «укуктук» делсин, акыры мамлекетпи? Же жазылган укуктуу мыйзамдар өзүнчө жан бүтүп, автоном жашап, керек кезде бейиштен жетип келген периштедей сырткар күчпү? Албетте, жок. Албетте, айла амалын «Адамга» көшөгөлөгөн дүйнөлүк жандарм да эмес. Мамлекет өзү!

Андай болсо Мамлекет деген баарыбыздын физикалык денебизден бирдей бөлүнүп чыккан (абстрагированный) диалектикалык байланыштагы экинчи эрк, эндей денебиз экен го акыры. Тең – түгөйүбүз экен го түбү. Демек, ал БАР болгон соң алиги Адам – Инсандын укугу да эч качан асмандап абсолют бийиктеп кетпейт. Анын таманы баары бир конкреттүү Жерде-Элде, кайсыдыр бир Коомдо-Мамлекетте! Ал эч качан Мамлекеттен, Улуттан башы булуттап бөлүнбөйт, өтмө катар же диалектикалык байланышта калат. Бул — анын табияты. Демек, укуктук Мамлекет дегендин өзү чыныгы табиятында, диалектикалык катышында экинчи жарымы катары Дүйнөлүк Адамдын Укугун эмес, Конкрет Жарандын укугун алып чыга алат. АДАМ – Мамлекетти эмес, Жаран – Мамлекетти жарлайт. Калганы – фикция!

Арийне, ушундай маңыздалган бир бүтүн организмге ээ Укуктук Мамлекет гана Адам Укугунун декларациясын жылымчы саясат жытында эмес, аабалкы кабыл алынган нугунда, гумманизм духунда кабылдайт, макулдайт жана сааты чыкканда өзүнө билги кызмат кылдырат. Ошондо гана ал, да айтам, Дүйнөлүк шериктештиктин толук кандуу, бүтүн, өз алдынча субъектиси катары чыгат да эл аралык укук нормаларынын марионет кулу, бейсезим аткаруучусу эмес, аң-сезимдүү добуш ээси катары көрүнөт. Ар кандай «укук нормалары» аркылуу укурук салган нео-колониал ниетти таш каптырат. «Жаран – Мамлекет» маңызын сактайт. Ал эми «Жаран – Мамлекет» контекстинде ким-кимисине качан, кандай роль – орун ыйгарылаары тарыхый конкрет кырдаалдан агылып чыгат, ал диалектикалык мүнөзгө ээ. Биздин жаңылыштыктарыбыздын башат-теги ушуяктан – диалектиканын ыйык мыйзамын тепсегенден башталат, метафизик маанайга жеңдиргенден башталат.

Ырас, Президент баштаган реформаторлордун соңку кездери, жат элден жайдары оошкон демократиянын бардык эле принциптери бизге шай келе бербейт экен деп кеч болсо да моюндаганын түп мүдөөбүздү аныктоодогу алыстан жасалган траектория кадамындай кабылдоого болор эле. Бирок бул канчалык жакшы ниеттен айтылбасын, тек, жазгырыктай. Себеп; мамлекеттик бийик жетекчилик көздөгөн түп мүдөө түк өзгөрбөй кала берди, б.а. Батыш демократизмин идеал тутуп, а тургай аган карай чечкин кадам ташталды. Мүлдө Батышка ыңгай — тактика эмес, эми стратегияга айланды. Мамлекет ориентир тутаар башкы багыттан балким, бу саам да жаңылып жазганы турбуз. «Өткөөл учурдун мыйзамы өзгөчө» деп кечигип жар салган менен эволюция кайрадан абада асылды.

Айтса, өткөөл учур — эмнеге? Кайда? Баягы «Укукчул Мамлекетке!» «Гражданчыл коомго!» «В гражданском обществе каждый для себя – цель, все остальное для него ни­что… Индивиды в качестве граждан этого государства – частные лица, целью которых является собственный интерес».

Түлкүдөй мүлтүң масканы жылаңач сыйрыган ток этээр пикир ушул. Байыркы Эллада заманында афиналык адам биринчи гражданин катары тарых майданына чыккандан берки Батыш баскан Жол ушул. Биздин бараткан багытыбыз ушул. Эң бийик аздек туткан максатыбыз ушул. Эгоисттик коом. Эгоцентризм. Индивидуализм.

Албетте, кыргыз элинин кылымдап түзүлгөн менталитети Теңирден агылган, көчмөн турмушунан табылган жамаатчыл маанайы, жамаат ичинде гана калыптанаар кайталангыс адамдык асылнаркы, руху качан да болсо буган кайрылып каяша айтып тураар. Өзүнчө Жол нуктаар. Кандын чакырыгын бууш кыйын. Бирок… бирок реалдуу турмуш да катаал кайтпасына тартты. Сырт күч эми эң талуудан; экономикадан, жерден кармады. Анан калса биз өзүбүз да укукка ургаал умтулуп атып колу бутубузду жылма мыйзамдар менен тыкыр тушап алганбыз. Баарыдан күйгүлтүгү; — Баш Мыйзамга моминтип жазып салганбыз: «Иностранцы и лица без гражданства пользуются в Кыргызской Республике правами и свободами граждан, а также несут обязанности на основании, условиях и в порядке, предусмотренных в законах, межгосударственных договорах и соглашениях».

Ушинтип адам укугун кудайлаштырган «Укуктук мамлекет» менен «Жарандык коом» тээ тереңден илме-кайып жолдор менен жалгашат да «Жаран» ташын «Адам» ташы билинбей басат. «Биз – Жаран» менен сырткар «АДАМдын» укуктары «укуктук» мамлекетте Конституциялык деңгээлде бирдейленет. Төтөн, кол караган койдой маараган үнөмий алсыз мамлекетте капитал ээси каалагандай калчаган кырдаал түзүлөт. Укуктук Мамлекет болсо АДАМДЫН – капитал ээсинин эрке укугун өз жеринде өзү ал каалагандай коргоп берүүгө кепил өтөт. Ал укук, түбү барып, аялуу Жер маселесине байланышат. Мына ошентип акыры «Мамлекет» деген түшүнүктү Жаранга каршы жырткыч санап, аны кунсуздап курутуп тынуу-түбүндө кимге жана эмне үчүн керектелген деген маселеге да утур бардык. ЖЕРГЕ жеттик. Акыйкатта Жер эч качан утурум маселе эмес, түбөлүк ыйык маселе. Философиянын философиясы ушул. Теңирге таянч окуу бул, бар тааным барып-келип ушундан башат алган. Мамлекеттин байтүбү ал. Ансыз эгемен Эл, Мамлекеттин өзү жок! Андыктан Мамлекет идеясын эми будан ары Жер маселесине өзөктөш жалгай кеп улайлы.

ЖЕР – ATA ЖУРТ

Жер самындын алкындысы

Жылмышып чыкса колдон,

Сен да бир желип чыккан карышкырсың.

Назым Хикмет

 

Эгемендик алгандын эртесинен тарта талашка түшкөн талуу маселе ушул. Б.а. жерге жеке менчик институтун киргизүү. «Считал и считаю, что без частной собственности на землю невозможно (?), во первых перейти к экономическим методам управления сельским хозяйством, выйти из тупика в аграрном секторе экономики… Во вторых только частная собственность на землю может спасти нашу страну от катастрофы экологической»  (?)

Мени, маселен, бул ойлор ынандырбайт. Айтылгандар жерге жеке менчикти жактаган көзкараштагылардын кыргыз мамлекети өнүгүп бараар багыты, көздөгөн түпкү мүдөөсү акыры түбү ушул деп түшүнгөн идеалына, тутунган ориентирине байланыштуу пикир. Бул маанай мындайча уланат: “…без частной собственности, в том числе без частной собственности на землю, демократического общества не может быть (?) … демократии без частной собственности быть не может. Во всяком случае, история цивилизованного человеческого общества такого варианта не знала».

Жок, биринчиден «цивилизациялуу адамзаты» деген түшүнүк, менчик, анын ичинде жерге жеке менчик алакасы түбүндө эволюциялуу өнүккөн Батыш үлгүдөгү «Граждандык коом» эле эмес…

Экинчиден; жерге жеке менчиксиз демократиялуу коом болбойт деген абсолют бүтүмдүн арты кууш.

Үчүнчүдөн; биз эч качан эсептешпей кое албай турган эң орчун фактор бар. Ал – элдин менталитети. Биз кыргыз коомун, чыныгы мамлекетин иралдыда өз менталитетибизден, миңдеген жылдар бою калыптанган тарыхый, экономикалык, социалдык, психологиялык жыйынды катмарлардан эргип-серпилип чыгып гана кура алабыз, анткени табият-тарыхыбыз эч бир отурук элге окшобойт. Албетте, адамзаты жетишкен үлгүлөрдөн үйрөнөбүз, бирак бизге толук үлгүнү да эч ким, эч жактан бербейт, өзүбүз өз Жолубузда кыргыз коомунун, кыргыз Мамлекетинин жүзүн издеп, иштеп табабыз, кайталайм, калк тарыхына, салтына, рухуна үңүлө барып, таяна барып… Мына ошондо гана уңгутагдырыбызга бап (национальная идентичность) кырда тотуккан кыргыздын кызыл жүздүү коомун курабыз. Арийне, бу коом жүзүн, мамлекет мүнөзүн тарыхы, табияты бизден таптакыр башка, өнүгүүнүн өзгөчөлүү жолун баскан асман жердей айырмалуу Батыш менталитетинен мурда, тарыхый тагдырында кыйла жалпылыктары бар Кытай, Жапан, Корей, Монгол сыяк калктардьн баскан жолу, тарыхый окшош кырдаалдарда чечкен-тапкан тажрыйбаларынан да издей келип табабыз. Кезинде Жапан калкы жар салган «батыш технологиясы, жапан духу» урааны бизге да толук алымдуу. Социалисттик демократияны рынокко айкаш өнүктүрүп бараткан жамаатчыл Кытай сабагы бизге да жакын.

Демекчи, кечээги көчмөндүк келечегинде эми көчмөндух тилкесинде Дүйнөнү өздөштүрүп тереңдейт. Буга анын кудурет-менталитети куп жетик. Көчмөн ал – табигый диа­лектик. Жан жүйөөсү отурук – консерватор эмес, көчмөн – кыймылдуу, ийкем. Көчмөн Жолдо ал көкүрөгү дагдайып жаш таасирге ачык, кыргыйдай ыкчыл. Андыктан бат таасирленгич. Тез кабылдайт. Бирак өзөгүн дамамат сактайт. Ансыз да Аккан Дүйнөдө атчан агылып барган ал эң башкысын, эң зарылын дээрге кармайт, канжыгага байлайт. Жаңыны алат, алат, алат… жарамсызы калат, калат, калат… Ана ошентип Алтын Корун тынымсыз… тынымсыз байытып барат. Өчүргөн сайын өөрчүйт, өлтүргөн сайын тирилет. Анткени ал «айтөгөрөктүн «(диалектика мыйзамдын) бир жарымынан канчалык сүрүлсө, экинчи жарымынан ошончо оргуп тирилет, күч алат, кайнар табат. Кайра айланат, ийрилет. «Алтын Ордонун» көзүндө жаткан көчмөндухка түбүндө Теңир жазган тагдыр ушул. Аны жок кылууга болбойт… Эгерде, көчмөндухтун көзүнөн адашпаса! Демек, кайталайм, бүгүнкү цивилизация жетишкендигин, рынок ыраатын өз боюна тез сиңирип өздөштүрүп кетүүгө анын табият-ыңгайы ыкчыл, куп жетик.

Көчмөн ыңгайдын керемет бу касиети анын келечек тагдырынын кеңдигине мени айныксыз ишендирет. Тек, бул үчүн көздөй зарыл шарт: улуттук аң-сезимдин өзүн ыкчам таанышы, мамлекеттик деңгээлде идеологиясын аныктап бар табиятын жадыратып ачып чыгаар потенциал буккан өз Жолуна Элдин багытталышы зарыл. Бирок кантесиң, аа кайчы азыр Жер тагдыры ахилл талууга айланаар бир опуртал туру.

Ооба, ахиллес талуу… Анткени жер деген… кечээ эмес эки миң жыл мурун хунн каганы Модэ Теьрикут: «Жер деген Мамлекеттин байтүбү болот, байтүбүнө балта чапкан кайдан оңот. Башын!…» деп «жер бер» деп кеңештеген даанышмандардын башын жуткан чындык. Баары өтөт, биз да өтөбүз, Модэдей пааша да өтөт, өтпөй турган, өчпөй турган… өспөй да турган бир гана — Жер. Ал — Мамлекеттин негизи. Ал эле эмес, Ата Журт айдыңында үйүрлүү күтүрөгөн жылкы жыттуу рухий да негиз! Боордошчул дух, жамаатчыл дүйнөтааным! Жер жана Ата Мекен бир синоним. Ал — мамлекеттин негизи. Конституциябыздын 4-статьясында Жердин асты-үстү байлыктары мамлекеттики деп бул таасын жазылган. Аны мындайча өзгөртүү сунушталат: «Земля и другие природные ресурсы используются и охраняются в Кыргызской Республике как основа жизни и деятельности народа Кыргызстана». Байкагандырсыз: «Мамлекет» деген сөз өчкөн.

Анын ордун кыргыз элине кызмат кылат деген өңдүү мүлтүң түшүнүк ээлеген. «Кызмат кылдырууга» умтулган жаңы оторчулдун деле иш-аракетин бул пункт менен актап салсаң болот. Ары улайлы: «В случаях к размерах, установленных Законом Кыргызской Республики земельные участки могут передаваться в пользование гражданам и их обьединениям. Не допускается купля-продажа земли». (4ст. Зп.). А бул мындайча өзгөртүлмөкчү: «Земля и другие природные ресурсы могут находиться в государственной, коммунальной и частной собственности”; Байкагандырсыз, эми мында “Жаран” деген сөз өчкөн. Бая президенттин антына кирген «Адам» текст артында тымызын арамза жашынып турат («Жеке менчик адамдын ажырагыс укугу» К. 19 ст.).

Аабалтан белгилүү, жер Мамлекетте турганда аны тартып алуу үчүн согуш гана жарыяланат. Экономикалык жолдор менен барымта катары башкага өткөн күндө да күн кууп алаар муун калат. Андайда акыретте да акыркы юридикалык укук мамлекеттики саналат. Ал эми жеке адамдан өтүп кеткен жер менчик… — эч качан! Анткени “жерге жеке менчик, баскынчыл духтун философиясы боюнча» Адамга башка эмес, дал кудайдын өзү берген табигый укук (имиш)” !

Биз ошол опуртал процесстин алдындабыз. Конституциянын ар кайсы булуң бурчуна «айыпсыз» чачылып калган, рынокко ыкчыл мыйзамдарыбыздын, бир карасаң бир-бирине анчейин тиешеси жоктой беренелери чынында тамырларын тереңден туташтырган, бир системага айланган. Жерге жеке менчик статьясы ишке кирер менен анын баары бир күүгө келет, бир хор созот. Ал хор кимдир бирөө үчүн «Азезилдин каткырыгы» (Хокусай) чыгаар, ким бирөө үчүн Жер ыйы, Ата Журттун муңу угулаар…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *