(1729-1797), англис публицисти, философ, тарыхчы  

Реформа жасоого каражат таппаган өлкө жаңыны кой, эски реформаны калыптандырууга каражат таппайт.

* * *

Жаңылык киргизгенин реформа деп жар салгандар бар.

* * *

Дайынсыз эркиндик өзүнөн өзү дайынсыз жок болот.

* * *

Автор элге мурда көп таанылбаган болсо, абдан кызык. Арийне атагы элге жайылып кеткен автор анчалык жаңылык жаратпайт, андайлар зериктирме.

* * *

Жок нерсеге ишенүү – акылы тайкылардын дини.

* * *

Өз кемчилигин моюнга албагандардын канында бир мандем бар.

* * *

Залимдер көп үчүн залимдер көбөйдү.

* * *

Бийлик канчалык тайраңдаса, анын тагдыры ошончолук опурталдуу.

* * *

Эркиндикти колдон чыгарбаш үчүн анын чегин да билиш керек.

* * *

Сарамжалдык сараңдыкта эмес, сарамжалдыкта.

 

Люк де ВОВЕРАНГe_2zpc3orym

(1715-1747), француз жазуучусу  

 Томуктай максат үчүн да тоодой күч үрө.

* * *

Келесоолор биз ойлогондон деле аз. Болгону бири-бирибизди түшүнбөйбүз.

* * *

Саламаттыгы начар адам алча жегендин эртеси сууктан тумоолоп калса, анын көңүлүн жооткотчулар: “Алча жегени үчүн өзүңдөн кетиптир” – дешет түгөткүрлөр.

* * *

Мурда негизделген партиянын төрагалыгына акырындап жеткенге караганда жаңы партия түптөй койгон оңой.

* * *

Мыкты искусство көзбоёмочулук деген эле кеп.

* * *

Ох, ата… Өз кызыкчылыгыңды четке коюп, кирешелүү иш менен шугулдануу кандай кыйын!

* * *

Адамга канчалык көп жакшылык кылба, бары бир аз. Тескерисинче, алардын сага кылган жакшылыгы өздөрүнө көптөй көрүнөт.

* * *

Авторго сын эмес, баа берүү колубуздан келбейт.

* * *

Жок нерсени оюнан чыгаралбагандардын жалгыз жолу – болгонду болгондой айтып берүү.

* * *

Жалкоолор дайым эле бир нерсе кылгысы келип турат.

* * *

Бөөдөй балээден кутулалбай жүргөндөр шар эле төөдөй нерсени убада кылганга даяр.

* * *

Сулуулукту жаштар анча көрбөйт, алар сулуулуктун азгырыгын гана айланып жүрөт.

* * *

Атак-даңкка жетүүгө өзүбүз эле жалкоолук кылгандай көрүнөбүз, бирок атак-даңк үчүн дароо терибиздин астынан суурулуп чыгабыз.

* * *

Философия майданын майкандагандарга караганда чыныгы саясатчылар адамдарды жакшы-жаманга ажыратканды билет. Ток этерин айтканда, философтор философ эмес, эң мыкты саясатчылар философ.

* * *

Сопулардын алдында баарыбыз ыймандуу боло калабыз.

* * *

Пакиза жан болуу – жалгыздыктан өткөн чоң сыноо.

* * *

Кулчулукка басынган адам колу-бутундагы кишенден ажырагысы келбейт.

* * *

Карынын кеңеши кыштагы күндүн нурундай. Нурун чачат, бирок жылытпайт.

* * *

Намысыңды саткандан байыбайсың.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *