Ашым ЖАКЫПБЕКОВ

Новелла

«Эки адам тоого чыкса, бири көлчүктү көрөт, бири көлчүктөгү айды көрөт»
Эл сөзү

Менин таңкы салкыным

Таластын керме тоосунун этек жагында Күркүрөөнүн башында кош чоку бар. Мен азыр ошол кош чокунун ортосунда ак мөңгүнүн салкынында отурам. Этектен бери эки саатча атчан жүрүп, зорго чыктым. Жаңы чыгып келгенде өпкөсүн кагып, тизелери титиреп турду эле, тору ат эми араң отко кирди. Чылбырын сүйрөп, суу жээгиндеги көк майсаңда жүрөт. Тайган чарчамак беле, шимшилеп жойлоп кетти. Мен алдагайда төмөн калган өрөөндү карайм. Бул эки чокунун сол жактагысын Манастын чокусу дейт эл, оң жактагысын Бакайдын тоосу дейт. Манастын чокусунун боорунан калың корумду аралап, таштан-ташка соктуга тик ылдый, мен отурган тектирге кулап түшүп жаткан Шаркырак суусунун шары эки чокунун ортосун шоокумга толтуруп, атына жараша кулак тундурат. Кызык шоокум… кулагың деле тунгансыбайт, тиги торунун кез-кез бышкырганы даана угулат, а бирок суунун шары эки тараптагы зоокалардан жаңырып турса, бүт дүйнөнүн эзелтен басылбаган түбөлүктүү үнү сыяктанып туш-тушуңдан курчап, канатына көтөрүп, алда кандай жеңилдик сездирет.

«Адам тоону эмне сагынат?» – бул суроо көптөн бери көкүрөгүмдө. Тапкан жообум алымсындырбайт: «Тоолуктар туулган жерим деп сагынар. Ойдогулар тоонун залкарлыгына, көркүнө куштарбы?» Бул жетишсиздей. Мындан башкача, мындан байсалдуураак жооп тургансыйт тереңимде. Бирок оюма даана келбейт. Дамаамат ушул.

Кече шаардан келатып, автобус те төмөнкү Кара тоонун капчыгайынан береги кең өрөөндүн жайыгына суурулуп чыга бергенде да бараандатып көзгө биринчи урунган эки аксакал кейиптенип, эки чоку ар дайым биринчи көрүнөт, биринчи көрөт. Мен бул эки чокуну сагынып келаттым. «Адам эмне үчүн тоону сагынат?!» – деп ойлоп келаттым. Кара тоонун нары далдаасында эле кыялым менен автобустан озуп, бала күндөн карекке сиңген бу кош чокуну көрөр алдымда кадыресе алеп-желеп болдум, жазатайып кош чоку бул жолу ордунан көрүнбөй калчудан бетер түпөйүл өрөпкүп келдим. Анан капчыгайдан чыга берген жерде мени утурлай жанаша бастырып келаткан эки баатырдай кош чокуну көргөндө максатынан адашпай келатканына көз жеткен жолоочу мисал көңүлүм тынчыды, аяптоор кубанып калдым. Билесиңерби, ар нерсе жөнүндө адамдын көңүлүнө сиңип калган өзүнчө элеси болот. Тоолордун элеси менде өзүнчө.

Кыштын башы эле. Мен анда бала күнүм. Бир жолу кечке күн алай-дүлөй болуп, кар жыттанган суук шамал жүрдү, айылга жамгыр жаады. Түн кирди. Жатар алдында эшикке чыксам, шамал да басылыптыр, булут да жок. Асман чайыттай ачык, ай чыга элек экен, жаанга жуунган жылдыздар сергип, тазаланып, бири калбай жабалактап чыккан экен. Тоону карадым. Карап алып аптыгып кеттим. Тоого кар жааптыр. Айсыз караңгы түндө, этекте жер ылайланып карарып, төбөсүндө асман түнөрүп турган караңгыда тоолор сүткө жуугандай аппак болуп мунарланып турган экен… үйдөгүлөр үр салганча мен селейип карап тура берипмин. Ошол элес али ушу күндө көңүлүмдө тумсак бойдон. Тоо дегенде көз алдыма дайым ошол элес келет. Мен ошол түнү эшикке чыкканыма кубанам…

Азыр ошол тоонун көкүрөгүндө отурам. Төмөнкү жашылданган кең сайда чубалып калган күмүш сызма кейиптенип, алдагайда, те казактын Кара тоосунда сойлоп кирип Күркүрөө жатат. Туураланган биздин кыштак ичинде түбүнөн карасаң заңгыраган мектеп, клуб өңдүү курулуштар бул жерден көзгө илешпейт. Мына – бийиктик. Жердеги алптар тоодо майда көрүнөт. Өзүн зор эсептегендерди тоого чыгарса…

Ушундан улам болсо керек, көңүлдөгү көптөн берки капалык, кече жолдогу сары санаалар азыр маанисиз.

Ордуман турдум. Баятан бери ары жойлоп, бери жойлоп, мурдуна жыт урунбаган соң келип жаныма жаткан тайган да турду. Тору ат тойгон көрүнөт, башын жерге салып суу боюнда үргүлөп турат. Күн чак түш болуп, эки чокунун дал ортосунда, менин төбөмдө. Аркарлар жуушаган маал. Манастын чокусун таяныш керек. Өйдөкү жалама көк зоолордун түбүндөгү эшилип түшкөн мөңгүнүн салкынына жуушачу эле. Мен жеткиче кайра жайылып калар бекен. Мындан ары жол кыйындай берет: тик бет, калың корум. Ат мөңгүгө жете албас, жолго таштайм го.

Торунун басмайылын тартып миндим да, тайганды узун байлап жетелеп алдым, антпесе жыт алып жүрүп кетет, кийикти үркүтөт. Бетегеге тойгон тору бат эле кайрадан бышылдай баштады, улам-улам тезек таштап баратты. Аны кыйнабадым, эрки менен бастырып өйдөлөй бердим.

Мен машыккан деле мергенчи эмесмин. Жөн гана тоого чыкканды жакшы көрөм. Анын үстүнө көптөн бери келбегенге сагынып калыпмын. Дайым шаардан келген сайын бир чыгып кетпесем, кайра кайтканда бирдемем унут калгансып эңшерилип кетем.

Шаардан кече эле келдим. Шаардан жардамга келдим, биротоло көчүп келдим. Таарынып десем болор эле, кимге таарынам? Тагдырга деш болбойт, анткени тагдыр деген өзү болбогон эле нерсе окшойт. Турмушка десем болор эле, бирок турмуштун ээси адам өзү дешет. Демек, ага таарыныч макоолук болор. Анда ким калат? Өзүм. Эмесе, ушинтип айтсам тагыраак болор: өзүмө таарынып, өзүмөн жадап, өзүмөн качып келдим.

Үй-жайымды жарым ай мурун көчүрүп жибергем. Иштерими өткөрүп жүрүп, өзүм кече бошоп чыктым.

Мен шаарга жашай албайт экем, шаарлык боло албайт экем. Институтту бүткөндөн кийин үй-жай куруп, шаарда турганыма быйыл үч жылга аяк баскан. Жүрө берсең, эптеп күн өтө берчүдөй, ошентип көргөн күн курусун. Үмүттүн да чеги бар. Турмушубуз эртең оңолор, бүрсүгүнү оңолор деген үмүт аялым экөөбүздү үч жыл шаарда кармап келди. Акыры үмүт да чарчады, убадасын аткара албаган немече мен да шылкыйдым. Анан айыл кайдасың деп жолго салдык.

Ушундан улам болуш керек, кече жолдо келатып, улам айылга жакындаган сайын эмнегедир зааркана бердим, кысына бердим. Эртең менен жолдошум автовокзалга узатып келип, аны менен коштошуп жатканда, анан автобус шаардын четки тамдарын артка таштап, биротоло жайыкка чыгып баратканда мен эч кандай өкүнүч сезбедим, кайра шаарды табалагым келип, аны чанып бараткандай ызаланткым келди. Ошентет белем – эгер менин кетишим менен шаар эңшерилип, катуу кейиште калары чын болсо. Кайдыгер гана жөнөп кете бергем. Анан айылга жакындап жолугар тууган-туушкандарыма кантип учурашарымды, алардын суроолоруна эмне деп жооп береримди ойлоп, мен өзүмдү түлкү кууп жетпей, кайра ээсине күнөөлүү шыйпаңдап кайткан тайгандай сездим, ошого заарканып келаттым.

Аялым оорукчал эле. Баягүнү шаардан көчүп жөнөгөндө ал ыйлап кеткен. Айылга кетүүнү бирге кеңешип, бир макулдашканда эчтеме дебеген аялым анан көчкөндө ыйлаганын көрүп, анын мага чыккандагы үмүтүн актабаганым үчүн өзүмдү айыптагам. Айыптаганда аргам кайсы, көөдөнүмдү ачуу зарна ачыштырып кала бергем. Эми үйгө жакындаган сайын аялымын унчукпаган, бирок таарынычтуу көз карашын элестетип, аны көрүүдөн ого бетер заарканып келаттым…

Улам өйдөлөгөн сайын тору ат кыйнала баштады. Кулак түбүн гана тер басканы менен энтиккени катуу, тизелери араң бүгүлүп, араң жазылып, айылдан такалатып чыккан курч туяктары мерчемдүү жерине жетпей кыр ташты жаза басат да, мүдүрүлүп кете жаздайт. Түшүп жетелеп алдым. Кыйнабай өтөккө таштап, жөө деле чыгат болчумун, эгер кайра артыма кайтар болсом. Кайра кайтпайм, бу тик бетти кыялап, нары Төө-Карынга өтүшүм керек. Жанараак айттымбы-жокпу, бу жолу мен тоого үч-төрт күнгө чыктым. Кыдырар жерим бир далай…

Дагы бир топ чыгып барган соң, жаткан төөнүн жумгагындай корум таштар көбөйүп, бет ого бетер тикеленди. Атты ошерге таштадым да, тайганды жетелеп, андан өйдө жөө жөнөдүм. Улам өйдөлөгөн сайын менин да тизем бүгүлүп, көкүрөгүм ачышып чыкты. Жүрөк катуу кагып, он кадам тырмышып басам да, дем алам. Муундарым калтырап, араң таканчыктап турам. Тайган улам тумшугун көтөрүп, аба жыттайт. Кыязы, кийиктин жыты искелбей жатат окшойт, болбосо кыңшылап жулунмак.

«Мергенчи жанын жейт, үйдөгүлөр майын жейт». Муну да менден бетер күйүгүп баратканда бирөө айткан белем. Анан калса акактаган иттей оозуң менен дем алып, кыйналганың жанга батат. Ойлойсуң: «Эмне азап мынча кыйналып?.. Кийиги да курусун, же алар мага тийген жырткыч беле өчөшүп сүрө куугудай, же тиги чокуга чыксаң таалайыңы табасың деди беле?» Жеткен бийигиңен кайра кайткың келет. Токтой калганда өпкөңү кагып артыңа калчайсаң, те алыскы төмөндө, желеленген боздун астында айылың, кече эле, эрте менен эле бейкапар жүргөн тынчтыгың калган. Бирок кичине тура түшсөң эс алып каласың. Ошондо эртеден бери кыйналып чыгып келаткан мээнетиңди кыйбайсың, кайткың келбейт. Жогору чокунун түбүнө, эшилген мөңгүнүн алкымына аз эле калды. Дагы тырмышып жөнөдүм.

Мен жалакаймын. Биздин айылда Абайыл деген мергенчи жигит бар; далай жолу тоого бир чыктым, катар басышып да көрдүм. Чендетпейт. Чарчабайбы десең, ал деле кара-көк болуп түтөп, энтигип басат. Бирок өжөр, жогорудан бир белгини көздөп коёт да, ошого жетмейинче дем албайт. Аерге бир аз эс ала коюп, андан өйдө дагы ошентип жөнөйт. Ал ортодо мен эки-үч токтойм. Же алчылап майда кыялап тик өйдөлөбөй, боорлоп кыркып кетем. Ал чокуга жетип, кадимкидей эс алганда гана мен араң чыгып барам. Андан нары дагы бийигирээк чоку көрүнөт: «Эчки-теке тиги чокунун аскаларында, жүр, эрте күндү кеч кылбай», – деп ал дагы жөнөп берет. Анчалык эс алып үлгүрө элек мен ошентип уттуруп коём…

Эгер табият биздин шыбагабызды чоку-чокуга бөлүштүрүп койгон болсо, мен дайыма куру кол калмак экем.

Сыягы, ошондой болсо керек.

* * *

Чарчап барып, тик бетке, чоң таштын таза ным топурак жыттанган коңулуна башты салып коюп, чалкаңан түшүп жатсаң, бул өзү бир ырахат. Акырындап энтиккениң басылып, жердин сызына далың муздап, күн тийген көкүрөгүң кийим астында ысып, көздү жумуп, колу-бутту сунуп таштап, бир кеңирсийсиң. Үстүңдө ысыктан бозомук тарткан асман, жаныңда акактап тайган жатат. Ал салаңдаган тилин жутуп, бир азга тынч боло калса, бетегени тараган жел кулак учунда шуулдап, дүйнө адепки жаңы жаралгандагы ээн, жапайы кейпинде тургандай сезилет. Шаардын кулак-мээнин кужурун алган машиналары, күнгө күйгөн асфальт менен бензиндин жыты, кошоматчылык, көзкарандылык, куулук-шумдуктар, тыгылышкан жашоо, кыжылдашкан кезек күтмөйлөр, автобус-троллейбустарда автомат кассага бир тыйынды ашык салгысы келбей майда сурап акыйгандар, жакшы идеалдар, жаман адамдар көңүлгө алууга арзыбангандай жийиркеничтүү, маанисин жоготкондой майда көрүнүп, өзүңдү андан бийик сезесиң. Адам өмүрүндө бир жолу бийиктикти сезе албаса, кунарсыздыгы да!..

Үйлөнгөн жылдан баштап аялым экөөбүз бирөөнүн үйүндө акы төлөп, орусча айткандай, частная квартирада туруп калдык. Ээси алтымыш ашып калган эткээл, сары чийкил, тумшугунун үстү тарам-тарам кызылданган киши эле. Багыбызга, жакшы киши болчу, ыраматылык. «Үй издебей кожоюн изде» деген макал сөз бар, шаарда. Биздин кожоюнубуз эс тартканы турмуштун шары катуу жерлеринде жүрүп, жакшы-жаманды көргөн, нечен жооптуу кызматтарда иштеген, пенсияга чыкканына эки жыл болгон түшүнүктүү адам экен. Менчик «волгасы» бар. Тамды да келиштирип салыптыр, кыргызча айтканда он, орусча айтканда алты бөлмө. Балдары эр жетип, иштешет экен, кийин чогулуп бир турсак, баткыдай болсун деп салган окшойт. Азырынча ээн турганда не кажет, аялы экөө үч бөлмөнү ээлеп, калган үч бөлмөгө эки түтүн жан кирдик: бир бөлмөгө – мен аялым менен, экинчисин – бизден бир жыл мурун окууну бүткөн жигит аялы менен; ортодогу бөлмө бир орток далис.

Иван Карпович (кожоюнубуз) ачык-айрым киши, граждандык согуштун учурунда эле Кыргызстанга келип, түштүктөгү басмачыларга каршы күрөшкөн адам, кыргыздын үрп-адат, жол-жосунун билет, кыргызча суудай сүйлөйт. Сүйлөшкөндү жакшы көрөт. Басмачылар менен урушуп жүргөн окуяларды айтып отурса, өзүнчө узун сабак сөз. Кечкурун, өзү айткандай, муруттун астына (муруту деле жок) эки жүз граммды бастырып койсо, чечилип сүйлөп берет. Элүү ашып калган, көкүрөктүү, колу балбырап жумшак, мүнөзү да колуна окшош Александра Васильевна – аялы. Кийинки жылдары оорукчал болуп кетиптир. Короо-жайын зымылдатып кармаган, чачылганын жыйнап-термеген ошол. Иван Карпович эриккенде гана багын аралап, мөмө бербеген, өзү айткандай, бойдок калган бутактарын кайчы менен кыркып койгону болбосо (көп жылдар бою кызматта жүрүп суук кол болуп калса керек) көбүнесе «волгасын» айдап алып, эртеден-кечке балык уулайт. Балык уулоону кумар туткан адамдар көп эмеспи.

– Жыргал эле ушунуку,– деп калат кээде Кадыралы «волганы» тегерене басып. – Биз качан жетер экенбиз…

Кадыралы – алиги ирегелеш коңшум.

Аны укканда Иван Карповичтин көп кайталап айткан сөздөрү эске түшөт:

– Ээ, балдар, башыңар жаш. Бирок азыртан эске тутуп алгыла, турмушта тандаган жолуңар түз болсун, ишиңер ак болсун, а дүйнө деген, кыргыздар айткандай, алтын баш аман болсо табылат.

Бирок кээде Иван Карпович кайта айтар эле:

– Ушу силер, кыргыздар, абдан жалкоосуңар. Кымызга ныксырап, боордо жамбаштап жатып көнгөнсүңөр. Болбосо, карачы, шаарда менчик үйлүү кыргыздар кол менен саналат. Ха-ха…

Кадыралы жашоо-тиричиликке ыкчыл болуп чыкты. Көп өтпөй бир күнү айтып келди:

– Шаардын четинен участок кестирип алдым. Там салыш керек…

– Кантип саласың?

– Э, баштап койсо, акырындап бүтө берет да… сени ашарга чакырам…

Мен ойлоп-ойлоп акылым жетпеди: байлыгыман арылайын десең там сал, күнөөмөн арылайын десең – катын ал дегендей, там салыш оңой иш бекен. Кирпичи, жыгач-тактайлары, жадегенде мыктарына чейин… түгөнбөгөн түйшүк да. Анын үстүнө баары бекер келмек беле, же «арылайын» дегенге батпай жаткан байлык бар беле? Кадыралынын кызматы дурус, башка да ишенген жери бардыр. Менин айлыгым эки кабат болуп, иштен калып калган аялым экөөбүздүн тамагыбызга араң жетет… Жок, куру убараны башка үйбөй, коммуналдык квартиранын кезегин күтүш керек. (Иштеген жерде кезекке туруп койгом, онунчу болуп.)

Кадыралы жаркылдап сөзгө кыйын, ачык-айрым, кишинин ичи-койнуна бат эле кирип кетчү жигит. Сүйлөгөндө эки жамажайынан шилекейи чыгып, аны качан жутат деп мен быякта кысталып ооз кургатам. «Алтын шилекей» деп койчу өзү. Чакырган коноктору ар түркүм: кээде салынып жаткан тамдын ашарына катышкан студенттер келет; кээде мен иштен келатып, эшиктин алдынан жеңил машине көрөм.

Бир күнү келди ал сүйүнүп:

– Квартира алдым!

– Коммуналдыкпы?

– Ананчы.

– Тамыңчы… салып жаткан тамың?..

– Анын дубалдары туруп калган, сатып жиберем да.

Баарыбыз ал үчүн кубандык, ажыраш аяк ичип, жабыла көчүрүп койдук.

Үйгө келгенде аялым капаланат.

– Эмне болду?

– Биз качан жетер экенбиз…

– Оо… ошого элеби?

– Жакшы квартира экен, баары ичинде.

– Бизге тийгени сыртында болмок беле. Шашпа…

Бир күнү сөз ортосунда Иван Карпович айтты:

– Көрүп турам, сен эч качан жакшы жашай албайсың…

– ?..

– Кадыралыны көрдүңбү? Киши – киши менен киши дейт го силерде…

Мен эчтеме дей албадым.

Кээде чын сөз да адамды корунтуп коёт. Өзүнчө ойлонуп басып турган Иван Карпович кайра жаныма келди да, ийниме колун коюп айтты:

– А впрочем и не надо так, как он. Здесь что-то не чисто[1].

Күзүндө Иван Карпович дүйнөдөн кайтты. Алыстагы балдары келип, шаардан эски кызматташтары, башкалар болуп, көп эл чогулуп урматтап көмүштү. Чоң көчөдө веноктор чубалып, сөөктүн артынан эл чубап, элдин артынан «волгалар», «москвичтер», башка машиналар чубады.

Кадыралы экөөбүз бир катар баратат элек:

– Атаң көрү, өлгөндө артыңан ушунча машина ээрчисе, жакшы эле өлүм болот экен.

Денем «дүр» эте түштү: «Что-то не чисто» деген Иван Карповичтин сөзү эсиме кылт этти.

Баарынан да Александра Васильевнага кыйын болду, күйүтүнө өзүнүн эски кесели кошулуп, катуу жыгылды. Балдары акылдашып, энесин көчүрүп кетмей болушту.

Тамды сатууга бүтүм чыкты.

– Биз эмне кылабыз? – дейт аялым.

Бул суроо менин көкүрөгүмдө да турган.

– Эмне кылмак элек, отура беребиз…

– Там менен кошо сатылгансып… кызык болот экенсиң.

Мен аргасыздан күлүп жибердим. Аялым да айтарын айтып алып, кайра өзү күлдү.

Бирок биз ал тамда отурбадык. Жаңы кожоюн келди. Жакшылап карасаң, адамды сырт кебетесинен улам мүнөзүн, кесибин боолголоп билүүгө болот. Жаңы кожоюнубуз, сыйкы, соода тармагында, болгондо да сатуучу эмес, завхоз сыяктуу жумушта иштеген неме көрүндү: богогу ээгин тээп семиз, кандайдыр кир сезилип, ачык жерде, күн астында көп болобу, назили сары өңү тотуккан, тамак жесе ууртунан майын сарыктырып, бурдап жеген адам экен.

Кадыралынын ордуна эч ким кирген эмес, бир чоң тамда аялым экөөбүз гана турчубуз, ал келди да:

– Ну что ж, дорогие гости, придется вам освободить дом, – деди. – Нахлебников у меня достаточно, чтобы заполнить его[2].

Эмне кылмак элек, ээси келсе бээсин бер деген. Эки-үч күн тура турууга уруксат сурап алып, квартира издөөгө кирдим. Жакын тегеректи аялым арытты, алысты мен кыдырып жүрдүм. Остановка сайын акыйып зым карагайларды карай берем, квартира берилет деген сөз жазылган алакандай кагаз болсо, жулуп чөнтөккө салам (адресин көчүрүп жазып алса деле болор эле, дагы бирөө окуп, менден мурун илип кетпесин деп, жетпей жатып кызганам).

Ардеме учурунда кыйнаса, оор-жеңилине карабай, дүйнөдө андан өткөн кыйынчылык жок көрүнөт пендеге. Мен да ошондо квартира издегенден кыйын кордук жок деген ойго келдим. Буга чейин дурусураак үйдө турган жаным, дагы Иван Карповичтикиндей үй жолукчудай жүрүпмүн обол. Өтө жаманына кирбей сыртынан кеткем. Кийин жиңкеним куруганда кайра барып, ошол жаманга жетпедим. Анткени жай аяктап, айылдан шаарга умтулгандар көбөйүп, мага окшоп, үй издегендер арбын экен, илип кетишет. Ошентип эки-үч күн эмес, арадан бир апта өттү. Күндө ишке барарда бир саат, иштен чыкканда эки саат издеп жүрүп, бир кемпирдин көңканага окшогон квартирасына туш болдум. Кемпир өзү турган үйдөн бөлөк, жепирейген жалгыз бөлмө экен. Жадап бүткөн мен кайыл болдум. Кемпир жалгыз экен. Короосу кенен, бир бурчта иткана, бир бурчта ажаткана, бир бурчунда өзү турган үй, бир бурчунда алиги «көңкана», ортого чакан алча бак, калган жерине козу кулак, пыяз айдаптыр. Жанагы көк базардын кемпирлеринен болсо керек деп жорудум.

Мен квартиранын ичи-сыртын айландыра карап жүргөндө, кемпир эшик алдында ордунан жылган жок, бек буулган чаначтын оозундай бырышы көп оозун кымтып, көзүнүн төбөсүнөн тиктеп отурду. Карап бүтүп, анан акысын кестик. Чынында ошол акынын үч айлыгын чогултса ушунчалык жер кепе жасап алууга болор эле. Бирок макул болдум. Анан кемпир сурап калды:

– Дети есть?

– Нет, – дедим оюмда эчтеме жок.

– Жена работает?

– Нет, – дедим.

– Ну ладно, переезжайте…[3]

Ошону менен жаман да болсо баш калканыч тапканым үчүн балдарына эт тиштеп келаткан мышыктай кудуңдап аялыма жөнөдүм. Сүрөттөп айтып берсем, обол ал көңүлдөнбөдү. Бирок кожоюн да шаштырып жатканын ойлоду окшойт.

– Деги бир көрүп келеличи? – деди.

Эртеси ээрчишип бардык. Үйүндө күймөнүп жүргөнбү, кемпир көрүнбөдү. Ит байлануу, жетпейт. Өз үйүбүздөй короого киргиздим да, көргөздүм. Аялым «жаңы тамынын» оозуна токтоду да, ичинде жылан бар экенин билгенден бетер кирбей койду. Чын эле көңүлүнө жакпай турду. Тиштеп келген эти сасык чыгып калган мышык кейиптенип, жанында мен турдум.

Качан келгенин байкабаган экенбиз, аңгыча артыбыздан кемпир унчукту:

– Нет, нет, милые, не пойдет… я вас не пущу…[4]

Чочуп кеттик. Чүрүшүп артыбызда туруптур.

– Что ты меня обманывал? – деди мага кемпир. Анан аялымдын чедирейген курсагын чукуду. – Это что? Не котик же родится… Шум-плач, а еще подрастет, будет топтать зелень… Нет, милые мои. Поищите другую квартиру, я вас не пущу…[5] – деп кемпир жебирей берди. Биз нес болуп калыппыз, оозго сөз кирбеди. Үрөйүбүз учуп короодон чыкканча шаштык.

Үйгө жеткенче аялым экөөбүз унчугуша албадык. Баланын үмүтүндө жүргөн кош бойлуу аялыма мен атайлап ээрчитип келип алиги жаман сөздөрдү угузгансып, өзүмчө шылкыйып бардым…

Квартира эптеп табылды. Бирөөнүн жайкы кухнясы бар экен. Асты кампа, үстүндөгү бир бөлмө балакана биздин жай болду.

Андан кийин канча квартира алмаштырбадык. Бирок кыз алган жарың сыяктанып, биринчи турган квартираңа жетпейт экен. Баягы көчөдөн өтүп калсам, Иван Карповичтин тамы көзүмө жылуу учурап, киргим келчү. Анан Александра Васильевнанын тагдыры эске түшүп, азыр кандай абалда болду экен деп, аяп ойлонор элем…

Жогору аскадан таш кулады. Акактабай тынчып калган тайган селтең этип ыргып турду. Ойго алаксып көп жатып калыпмын, таштын коңулунан мен да турдум. Күн түштөн кыңкая берген экен. «Мергенчи болсоң мендей бол» – деп, өзүмө күлдүм. Эми мөңгүнүн түбүндө кийик калды дейсиңби. Бирок ушунча болуп чыгып келген соң барып кайтайын дедим. Кереге сакал мөңгүнүн түбүнө бардым. Үстү жак көк жалама зоо, асты шагыл, туш-тарап аска. Жанараак төмөнкү тектирде сарыккан суусунан башталат. Бирок ачык агып жаткан суу жок, шагылдын асты шуулдап, эки жактагы аскалар жаңырыктап турганы турган. Эки асканын ортосунда бет алдыдагы эшилген мөңгүнү аңырая тиктеп турган тайган экөөбүздү ушул чокунун жумгагына салыштырып, сырттан көргүм келди. Адамга караганда чиркей менен кумурска чоң да, күчтүү да экен. Байкуш адам!.. Анын тагдырына кейисе да, сыймыктанса да болот.

Кийиктен дайын жок, менин көзүмө эмес, тайгандын жытчыл мурдуна эчтеме илинбеди. Бүгүн бу жерге жуушабаса керек, жаңы коргол көрүнбөйт. Бирдемеден үрккөнбү, же башка себеппи, айтор, бүгүн да, кече да келбептир.

Ага мен кейиген деле жокмун. Тайганды агытып жиберип, ташка көчүк бастым, бир азга отурдум. Тайган алыстап шимшилеп кетип, шагылдын таштарын шылдыраткан шыбырты угулбай калганда көрүнбөгөн, суунун шары кайрадан бүт ааламга толуп, мени курчап алды. Сүрдүү доош. Бул доош ушул улуу чокуга гана жарашкандай. Чоку болсо көкүрөк керип заңкаят, эгер ал болбосо үстүндөгү калдыркан асман кулап түшчүдөй. Кең көкүрөгүндө анын сүрүнө билинер-билинбес калтаарып, улуулугуна апкаарып мен отурам. Бул бийикке канаттуу учуп жетпейби, асманда нокоттой тирүү караан жок. Бирок ушул бийикке жеткен тайган экөөбүз эле десем, жакаман жеңиме учуп-конуп бир чымын жүрөт… Маңдайдагы улуулукту ага ыраа көрбөдүм, кагып өлтүрүп салдым: ыйык, улуу жер болсо да адам эмнелерди илештирип келбейт…

Канча миллион жыл, канча миңдеген кылымдардан бери турат болду экен ушул тоо, ушул чоку? Геологдор муну жаш тоо, көп болсо элүү миллионго чыкты дешет. Кызык, миллион деген сан мага аз көрүнөт, андан көрө нечен миң десе кыял жетпечүдөй алыс. (Сезим менен эсептешпей, факт деп кашайган илимпоздор мунумду кыргыздын терең эсеп, чоң илимден артта калганы дешер. Айтса айта беришсин, кимдин оозун ким тыймак, өзүнө ынсап бербесе.)

Ошентип мен ушул карт, ушул жаш чоку менен бетме-бет, оозмо-ооз сүйлөшкүм келет. Бул чокунун көз алдынан кандай доорлор өттү экен? Адамзат жарала электе эле азыркыдай болуп шагылдын астынан көрүнбөгөн суу шаркырап, аскалары ушинтип жаңырып турду бекен? Адам акыл-эсине киргенден бери бу чокуга убайын көрсөттү бекен? Ал чокунун убайын гана көрүп, эсесин кайтарбай келатабы? Бизден кийин бу чоку канча кылымдар турар экен?.. Атаң көрүп, бу дүйнөдө түбөлүктүү деген нерсе болсо, ушул тоо, ушул жаратылыш, ушул дүйнөнүн өзү го. Анын жанында адам өмүрү бир жылт этип өчкөн учкун тура. Аны ойлобой дагы айлыктан айлыкка жетиш үчүн күндүн тез өтүшүн каалайбыз. Азыркы чымындай болуп…

Чоку тоготпойт, теңине алып жооп бербейт, шуулдап жаңыргандан башка тили жок. Же ушул доош анын тилидир? Адам өзүн гана акылдуу, тилдүү ойлоп, башка макулуктарды төмөн санайт эмеспи. Балким, бу таштын да тили бардыр, мунун тирүүлүгү адам тирүүлүк деп эсептеген тирүүлүктөн башкача тирүүлүктүр?.. Болбосо, жаратылыш акыл-эсти учкун мисал аз өмүрлүү адамга гана берип, түбөлүктүү өзүн куру калтырды дейсиңби? Түбөлүктүүнүн акыл-эси, тили биздей күнүмдүктөргө түшүнүксүздүр…

Мындай ойлордун түбү, тыянагы болчу беле. Бул ойлор жалгыз менин башыма келди дейсиңби, илгертен бери нечендер баш катырып өткөн ойлор да… – деп ордуман турдум, артыма кайттым. Күн кечтей электе Төө-Карынга өтүп, кечки жайытты карап, болсо-болбосо да эртерээк түнөк жай таап алыш керек. Атка бет алдым. Жогору асканын түбүнө шимшилеп кеткен тайган менин басканымды көрүп, жете келди. Менден озуп, таштардын коңулдарын шимшип жөнөдү.

Күн бешим болуп калды.

Шагылдан өтүп, кайра жанагы корумду аралап келатсам, тайган бирдемени кажылап жатат. Барсам, кулжанын башы. Чоң кулжа экен, мүйүзү эки оролуптур. Кече күнү атылган го, мүйүздүн шакектенген түбүндөгү сөөк кызарып жаңы. Тиги жуушоодо кийиктин жыты калбаганы ушу тура, бирин окко берип, үркүп кеткен белем. Кулжанын башын мүйүзүнө кызыккан неме эле артынып кетпесе, мергенчилер алып жүрбөйт, чарчаган атка өзүнчө жүк. Бирок бу баш жаңы болгону менен көзү, мээси оюлуп, маңдайында бир чымчым куйка жок. Түлкү акең түнү менен ары оодарып мүлжүп, бери оодарып мүлжүп, биротоло тазалаган соң эки мүйүздүн дал ортосуна, как чекенин үстүнө саңдап кетиптир. Карап туруп, түлкүнүн кылыгына күлдүм. Кээде кыжырың келгенде аргасыздан күлөсүң. Чоң кулжанын как чекесинин калыңдыгы бир элидей болот, анча-мынча жерден чып этменин огу теше албайт дешет мергенчилер. Өзүм атайлап атып көргөн эмесмин, болсо болот. Эми ошол ок өтпөгөн как чекени түлкүнүн кордогонун карабайсыңбы. Кулжанын бир шыйрагына тең келген түлкү… Жадегенде бекер эт жегенине ыраазы болуп кете берсе не. Жок, өлгөндүн жазасы – көмгөн кылып, кулжа жамандыгынан өлгөнсүп… Адалды арамдык жеңгенсип… О, жаратылыш, сенин адилдигиң да, адилетсиздигиң да ушу го!..

Ардемелер ойго түшүп, төмөн илкий бастым.

* * *

Төө-Карын демекчи, аты куп жарашкан. Буржук-буржуктанып домпоюп, араласаң бир жери казан чуңкур, бир жери тоголок дөбөлөнүп, өзүнчө эле тазаланбай жаткан төөнүн карыны. Төмөн алыстан карасаң Төө-Карын сырын айтып тургансыйт. Кыязы, бир доорлордо Манастын чокусунун сол тарабында андан бийик чоку болуп, жер титирегенден уламбы, ал чоку талкаланып, бери төмөн көчүп келип, жумуруланып токтоп калгандай.

Төө-Карынды аралаганымда күн дигер болуп кетти. Манастын чокусунун көлөкөсү Төө-Карынды акырын каптап баратты. Мен туш-тарапты акмалай карап, жай бастырып жүрүп отуруп, наркы күн тийген бетке жеттим. Көлөкө артыман ээрчип бара берди. Төө-Карындын ичи көбүргөндүү, көк-жашаң келет. Кийик оттоор жери көп. Дүрбү салып, жогору мөңгүдөн бери кыркып карап отурсам, жана мен өткөн капталда жайытка жаңыдан чыгып келаткан аркарларды көрүп калдым. Наркы көлөкө түшкөн коктудан улам бир-экиден чубап чыгып, токтой калып чар тарапты сактана карап, боордо келатышты. Көлөкөлүү жерде жүргөндүктөн түсү даана билинбейт, бирок жондору кызгылт-күрөң тартып калганы сезилип турду. Эки аркар башкалардан ирдүүрөөк экен, жанында козугалары ойноктоп, андан-мындан чөп башын бир искеп коюп жүрөт. Алар да багалаңдан өтө баштаптыр.

Көргөнүмө кумарланып карай бердим. Эми аларга жетиш кайдан. Жеткиче эле караңгы кирип кетер. Демек, көз кумарын кандыргандан башка чара жок.

Көлөкө жылып мага жетти, менден өтүп, арттагы бетти таянып кетти. Мөңгүдөн сыдырым жел урду. Аркарлардын карааны үзүл-кесил гана көрүнүп калды.

Ушинтип бүгүнкү мергенчилик тамам болду. Мөңгүнүн музунан ээрдин жумгагындай бир кертим алдым да, түнөк издеп өңөрүп, төмөн бастырдым. Төө-Карынды этектеп келип, чоң жарака таштын түбүнө түштүм. Өзүмө ык, атка оттуу жай экен. Тоо арасы адатынча бат эле көз байланып келди. Ээр-токумду алып, атты тушап коё бердим да, отун терип кеттим.

Бат эле каш карайды. Куураган арчадан бир кучак терип келип, от жактым. Мөңгүдөн сындырып, чайнекке салып, чай кайната баштадым. Түнкү сыдырым суук тартып, тайган экөөбүз тең отко ыктап отурдук. Бүгүн анча көп баспасам да чылгыйлык кылып атка урунуп калгамбы, эки жоон саным салмактанып ооруп, белим уюп, оттун кашында ээрге чыканактап мен жаттым. Күлдүн пыры учса, же арча чатырап, учкун атылса дирт этип коюп, көзүн кыбыңдатып, эки колуна чочоё таянып, тайган отурду. Оттун жарыгынан айлана биротоло капкара болуп, нарытан аттын күртүлдөтө чөп чайнаганы гана угулат. Кээде үстүбүздөн канаттарын шуулдатып, үкүбү, байлубу учуп өтөт. Жогору аскадан таш кулап, бир топко шалдырттап келет да, кайра тымтырс болуп калат. Элейе калган тайган экөөбүз да тынчтанабыз. Ал экөөбүздүн кулагыбыз түндө, көңүлүбүз кайда экенин өзүбүз билбейбиз. Бат эле суу ызылдап кайнап чыкты. От көкүрөккө тээп, тайгандын да тумшугу ысып, кетенчиктеп калганбыз. Чайнекке чай салдым. Куржунду жая салып, ичиндеги үч жапкан нанды алып коюп, үйдөн камдап беришкен түйүнчөктөрдү алып чече баштадым. Бир түйүнчөктө – он чакты кертим чакмак кант, бир түйүнчөктө эки тоголок пияз жүрөт. Мунун кереги деле болбой калды жана көбүргөн тере келгем. Үч түйүнчөктү жазып коюп, калай кружкага чайдан куюп, канттан салып, ышкырылта ичсең, өмүрүңдө эч качан мындай даамдуу тамак ичпегендей болосуң.

– Ах, – дедим чайды ууртап, ысык демин кайра үйлөп, – биз деле Хемингуэйден кем жашабайбыз. – Анан маңдайымда чочоюп, менин кыймылымды ээрчий карап отурган тайганга жарты нан таштадым. – Ме, М’ Кола[6].

Хемингуэй демекчи, чай ичип отуруп, оюм анын Африкадагы аңчылыгына кетти. Өзү, эркелеген аялы, кызматчылар, жол көрсөтчүлөрү болуп, бир үйүр журт. Жүктөрүн тарткан машиналар, өздөрү мингенге башка жеңил машиналар, мылтыктын ар түркүмү… Эрте менен даярдап койгон тамактан тоюп алып, жандоочуларын ээрчитип, арстан, буйвол уулап кетет. Олжолуу болсо – олжолуу, болбосо куру кол лагерине кайтып, кол ваннага түшөт, кийимин алмаштырат, анан оттун кашына отуруп алып, «виски с содовой» ичет…

Жок, анын аңчылыгынан меники кызыктуу сыяктанды. Же азыркы абалымдан ардандымбы, иши кылып Хемингуэйге суктангым келбеди. Аныкы тим эле мырзалык сейил көрүндү.

Анан дагы: кандай кыйын, акыйкат, жазуучу болгону менен төрөлүк тегин коё бербейт экен го. Бөтөн жерде көп атар мылтыкчан аңчылык кылып жүрүп, жергиликтүү элден жаа, найзачан аңчылык кылган бирөө-жарымын көрүп калса, алардын аңын алардан кызганат.

Неси болсо да, эрин күйгүзгөн калай кружкадан ширин чайды «виски с содовой» деп ичип отурдум.

Чайды ичип бүтүп, «дасторконду» жыйнап, отту дагы күчөтүп койдум да, «төшөгүмү» салдым: ээрди жаздап, «жумшактап» үстүнө желдикти коюп, ичмек тердикти астыма төшөндүм; көрпөчө менен бөктөрүнө келген купайке жуурканым болду. Бирок азыртан жатыш эрте өңдөнүп, «жууркандын» үстүнө бүкүлү бойдон– чалкаман түшүп, талыкшыган денемдеги чарчоонун ырахатын тыңшап, ободогу жылдыздар менен оттон учкан учкундар аралашып, асман-жердин ортосунда уюлгуп ойноп жатышкандай…

Ошентип жатып уктап калыпмын.

Түн бир оокумда ойгонсом, тишим тишиме тийбейт.

От алдагачан өчүптүр. Тайган бүрүшүп аягымда төшөктө жатат. От өчкөнгө асман чаңкайып, жанагы жылдыздар жанагы эле орундарында жетигендин кочушу гана казандан бирдеме сузуп алгандай чалкалап калыптыр, жана чыга элек ай алдагачан түштөн ооп, Манастын чокусунун далдаасынан шоолаланып турат. Тоо арасы ала көлөкөлөнүп, сүрдүү: жогорку мөңгү ай нуруна чагылышып кашкаят, мен турган жерди чокунун көлөкөсү калдайып басып турат.

Аттан дайын жок, карааны да көрүнбөйт, шыбырты да угулбайт. Болсо-болбосо төмөн сууга түшүп кетсе керек.

Бүткөн боюм тырышып калыптыр, чиренип жазылгым келет, чиренсем тарамыштарым үзүлүп кетчүдөй чоюлат. Атка аябай урунганым азыр катуу билинди, отту кайра жакмакчы болуп басайын десем, эки жоон саным сүйрөлбөй, жамбашым, белим ооруйт.

Аттан теке-тука болдум. Отту кайра келгенде жагармын деп, төмөн бастым. Эгер ат төмөнтөн суу ичкен соң, тетирисине алса, андан ары айыл кайдасың деп жүрүп кетиши ыктымал. Аттан айрылсам, ээн тоодо менин күнүм эмне болот. Мылтыкты алдым да, ооруган жериме карабай акырындап ылдыйладым. Бир аз бара түшкөн соң сол жагым капилеттен шыбырттап калды. Байкоос бараткан жаным, чочуп кеттим. Карасам, тайган, ал артыман жете келери эсимде жок. Жаныма тайган пайда болгондон кийин аны караан тутуп, тоо түнүнөн сүрдөбөй калдым.

Айтканымдай эле ат булакка жетип токтогон экен. Суусунун кандырып, дагы бир аз чөп чалган окшойт, азыр курсагын кампайтып, үргүлөп туруптур. Таанышына менден мурун жете барам деп, тайган аны да бир чочутуп алды. Булак менен менин түнөгүмдүн ортосу да итапкан жер экен, кайра атты жетелеп жөө чыгып келатканда билдим. Жакшы жери, үшүгөнүм өтүп, өр талашканда кайра күйүгүп, тердеп чыктым. Куураган арчалардан тере келдим да, отту жаңыртып жагып коюп, «төшөгүмдү» таштын жаракасына жакыныраак ыкка жылдырып, чындап жатмак болдум. Бирок уйку жок. Арча чатырап, учкундары мага чачырап, күйгөнүн карап жаттым.

«Жана «төшөккө» учкун түшпөгөнүн кара».

Бирок уйку келбеди. Жамбашыман таш өтөт, колумду сойлотуп, улам бирин алып таштайм, бир аздан кийин кайра эле башка жеримен өтөт.

«Жана уктаганда бу таштардын өтпөгөнүн кара».

Уйку келбес болду. Туруп отурдум. Ай чокунун далдаасынан дагы нарылап, жогорку мөңгү да эми кашкайбай, күңүрттөнүп калды. Тоо коюну дале уйкусунан ойгонбой, тынч, сүрдүү. Бу сүр – сырдуу сүр. Адамды коркутпайт, түрлөнтөт, апкаарытат. Улуулугунанбы, ээндигиненби, же ушул экөөнөн теңби, айтор, мен апкаарып отурам. Шаардын түнкү ээн көчөлөрү эске түшөт. Анда капыстан хулиган жолугабы деп, чочулап басасың. Же өзүң кичине алагүү болуп алсаң, бирөө жарым жолукса тумшукка коюп өткүң келет. Биерде кимден чочумак элем. Ээн тоодо жалгыз адам – өзүм. Бирок апкаарыйм.

Таң атары жакындыгын билгизип, мөңгүдөн сыдырым суук жел жүрдү. Тайган бүрүшүп келип, жаныма жатты. Анын да уйкусу жок, кыбыңдап отту карайт. Улам арчанын сыныктарынан отко таштап коюп, табына денем кеңирсип мен отурдум.

«Үй деген ушу да,– дедим өзүмчө күлүп, – түндүгүң асман, керегең таш, төшөгүң таш. Квартира деп шаарда сандалып жүргөнчө…»

Ушул абалымда бул оюм өзүмө жакты. Шаарлыктар суктанган, алардын бардык комфортко жеткендери эрмек таппагандан улам тоо деп шыпшынып кыялданган романтикасы менин ушу таптагы чыныгы жашоом болуп жатканыңа корстон болдум.

Таң куланөөк салганда кече кечинде аркарлар жайылып чыккан боорго жөнөш керек. Жеткенче шоола тарап, жарык болуп калат. Андан кечиксем, күндүн мурду көрүнөрү менен аркарлар нары тоо ашып кетет. Жел да күн чыккыча бет алдыман согуп, менин жытымы артка айдайт.

Ушинтип план түзүп койдум да, анан адатымча кыялга баттым: буюрса, түнү менен жуушап, башын жерден албай жаңыдан отко кирген аркарларга өңүп таңга жуук барсам… анан алардын бири кулагын тикчийтип, башын көтөрө калганда ок чыгарсам… Ал куласа… Калгандары качып бергенде узатпай дагы бирин жыгып калсам… Эгер жарадар болуп качса, тайган бар… Эки аркарды атка теңдеп артып кеткенге да куп ылайыктуу… А үчүнчүсү болуп калсачы?.. Ажап эмес да, биринчиси бир эле октон кулап калса, калгандары элеңдеп аны тегеректеп калышса, анда бирин… анан качып бергенде бирин жарадар кылсам, аны тайган тиштеп жыкса…

Байкоостон үн чыга күлүп жибердим. Тайган селт ыргып турду, обол кайдан үн чыкканын баамдай албай, жүгүрчүдөй жүткүнүп, кулак түрүп калды. Мен дагы күлдүм да, аны башын сылап жоошуттум.

Мен кыялыма күлдүм, азыркыма эмес, деги ишке ашпасын билип туруп, дамаамат ушинтип кыялдана берген адатыма күлдүм… Бул өзү эмне мүнөзбү, же жолдон кошулганбы? Качан болсо ушу…

Былтыр шаарда жашачуда не бир кыялдарга берилип, аягында өзүмө далай күлгөм.

Ошол кухняга туруп калган жылы кыш катуу болду. Былтыр эле… жок, мурдагы жылкы кыш экен. Астыбыз пол, полдун асты темир-бетон плиталар экен, подвал – кампа жабдылган да. Кышкы аязда темир-бетонуң муздачу болсо, муздун үстүнө жылаңач отургузуп койгондой. Отунду эптеп камдап алганбыз, бирок быягынан жаксаң, быягынан өчөт. Бет алдың жылыса, көчүгүң менен аркаң муздайт. Кышкы чилдеде аялым төрөп, төрөт үйүндө он күнчө жатып калып, ошондо мен көргөн азапты айтпа. Аялым үстү-үстүнө жагып турганга мурун үй ичи дурус турбайбы. Ал жок, мен эрте менен бир жагып коюп ишке кетем, кечинде келсем үй ичи муздаткычтан бетер болуп калат. Жалгыз өзүмө эчтеме эмес экен, болгон жууркан- төшөнчүлөрдү асты-үстүмө үйүп алып, билбей калам. Наристе бала менен жаңы төрөгөн аялыма кандай болор экен деп, тарткан убайым ушу болду. Жарыкчылыкка жаңы келген бала бу дүйнөңөр өтө суук экен деп, кайра кетип калбас бекен деп корком. Чыгарына эки күн калганда иштен атайын суранып алдым да, кечке меш жактым. Кичине жылымсырап калды. Болгон жалгыз керебетти мештин түбүнө жылдырып келип койдум, мурунку ордуна жылуулук жетчү эмес. Ошону туура кылыпмын.

Иши кылып, баланы жерге тийгизбей кармадык. Жатканда ортобузга алып жатабыз. Оболу уктаганда басып койбос бекенбиз деп, коркуп жүрдүк, кийин көнүп кеттик. Көнгөнүм ушунчалык, азыр да бир жамбашыман жатсам, ошол капталым биротоло уюп оорутмайынча оодарылбай жата берем. Адам көнбөс балээ барбы. Бала да көндү суукка, кайра чыйрак болчудай көрүндү. Иштегилер сураганын баланы ортого алып жатып жүргөнүбүздү жаңы тапкан айла катары мактаныч менен айтсам, бир аял:

– Но это же не гигиенично,[7] – дейт.

Жашоом алардыкындай эле деген кыяз кылып, сыр бербей жүрчү элем, уялып кеттим.

– У нас все микробы замерзли[8], – деп тамаша менен кутулдум.

Бала эчтеме болбоду, ошол кыштан аялым оорукчал болуп чыкты. Жаңы төрөгөн неме баланын кир-когун жууп, колу суудан кургабайт, көмүр жагып, күл түзөөгө чолосу тийбейт. Ал аз келгенсип, айдын аяк ченинде акчадан жуташ адат болуп кетти. Ичкен-жегени дурус болбосо, тыңый элек немеге ал да кыйын экен. Иши кылып кышы менен ооруканага үч жолу жатып чыкты. Андан деле оңолбой, ден соолугу начарлай берди.

Кырсык адамга бир жабышса биротоло төө басты кылып алат эмеспи…

Күн жылымдап, февраль аяктап калган кез эле. Мен дүкөнгө барып, нан, сүт апкелдим. Калган тыйынга сатуучу өтпөй жаткан лотерея билетинен бирди берди. Мейли деп алып алдым. Үйдө да мурун алынган эки-үчөө бар эле. Баарын алып, номерлерин карап отурдум да, өзүмчө кыялга баттым: ушулардын жок дегенде бирөө утса… «волга» утса… Сатып жиберер белем, же минип жүрөр белем? Өзүм төлөмөр үйдө турсам, мингеним «волга» болсо, куп жарашат да… Сатсам… баасына эле сатсам… Жок, баасынан ашыра сатса деле алчулар көп дешет. Бая күнү ким айтты, бирөө «волга» уткан лотерея билетин эки «волганын баасына» сатты дейт. Алар анча акчаны кайдан табат? Жейт да… Азыр жебеген киши жок окшойт, газвода саткандан баштап… Мен өз баасына эле сатат элем. Анан акчасына тамды чекесинен чертип туруп сатып албаймынбы… А эгер ушу билеттерден экөө утуп калсачы, макул, бирөө «москвич» эле болсун… Анда «волганы» сатып, там алып, «москвичти» минип жүрөр элем. Жок, «москвичти» сатыш керек, ошонун кунуна деле ойдогудай там келет, мингенге «волга» жакшы да… Анан горисполкомдун жанынан башымы чыгарып өтсөм… Дем алыш күндөрү үй-бүлөмдү салып алып, шаардын сыртына чыгып кетсем… Азыр минбеген «волганын» кийин картайганда кереги эмне… Кээде аялымдан уурданып, кыздарды салып жөнөсөм…

Анан күлүп жиберипмин.

– Ит экенсиң! – дедим. Иймейип баланын туңгагын жууп отурган аялым чочуп кетти:

– Ким?

– Ха-ха-ха!..

Оорукчан адам таарынгыч болот.

– Эмне тилдейсиң? – дейт аялым.

– О, жок сен эмес. Ушуякта бирөө…

Жогору аскадан таш кулагандай болду. Тайган ордунан аткан бойдон кетти.

«А кыялың менен куру, дагы кечиктимби?»

* * *

Мен Туюк-Төргө жеткенче күн көтөрүлүп калды. Эки-үч күн жүрүп эчтеме ата албай кетемби деп, чындап ардана баштадым. Милдетим кийик атыш болбосо да, мылтык алып тоо аралап жүргөн соң канжыгам куру кайтсам, көргөн киши күлбөйбү.

Төө-Карын болсо эчтеме бербеди. Балким, берет беле, эгер менин кыялдарым болбосо. Таңга маал тайгандын артынан мен да тура жөнөдүм. Чыгыштагы тоо баштарынын арты шоолаланып, «кадыресе жарык болуп калганда аркарлар жайылган боордун астына жеттим. Тайган алыс кетпей эле токтогон экен, байлап алгам. Түз чыгып барышка, жайыттын чет-жакасы ачык көрүндү. Кайрадан Төө-Карынды аралап имериле кеткен жылга менен өрдөп отуруп, болжолумдагы аркарлардын капталынан чыкмакчы болдум. Курсак ачып, каруу кетип, тердеп-бурдап мерчемдүү жерге жакындаганда тайган жулуна берди. Берер болсоң бере көр деп, жүрөгүм ого бетер аптыга кагып, катуулай бастым. Кара тер чыгып алган соң өпкөң шамалдап, күйүккөнүң да билинбейт экен. Салаадай болгон жылгадан чыга бергенде тайган тыбырчылап, каңшылап жиберди. Анын башын жерге ныгыра басып, тыңшай калдым. Болжолумда аркарлар элүү метрче келген өйдөңкү тектирде болуш керек. Бирок аерден үрккөн дабырт угулбады. Аңгыча жогорку асканын түбүндөгү шагыл шагырап калды.

Иш ошондо эле бузулган экен. Мен энтек-тентегим чыгып, өңүткө жеткенче күндүн нуру аска-асканын учтарына боёлуп, анан ылдый жайыла баштады. Тайган жанагысындай жулкунбай калган. Ошондо шекшип, өңүттөн башбаксам, тектирде аркар турмак балээ да жок. Улам соксоюп көтөрүлө берип, акыры тикемен тик турдум, ары-бери бастым, жаңы корголдору жайнайт, жуушаган жерлеринин чөбү жапырылып жатат. Мен жерден из карасам, тайган акыйып кыр-кыр башын карап, таңкы суук желге көзүнөн жаш чуурутуп отурган. Агытып жибердим эле тик өйдө салып-уруп жөнөдү. Багытын уланта андан озуп карасам, те күндүн нуру жаңы жайылган кырдан он бир аркар чубап ашып баратыптыр. Кызгылт-күрөң жондору күндүн тамылжыган нуруна чагылышып, эрте мененки закымда үзүл-кесил кооз элес болуп, менин карматпаган кыялдарым сыңары кыр ашып кетип баратышты. Көрүп туруп ушундай асыл макулукту аткың келбейт, бирок аттырбай кеткенине ичим ачышып калды.

Эми мына, Төө-Карынды кыркып өтүп, Туюк-Төрдүн сол ыптасындагы мөңгүлүү бийик тоонун түбүндө турам. Туш-тушунан тик болгону менен ушул тоонун башында кашка баш кишинин төбөсүндөй болгон бир гектарча тайпаң бар. Ал тиги көрүнгөн мөңгүдөн да жогору. Кийиктерге беймарал жайыт. Аерге аюу да келип калат дешет, өзүм көргөн эмесмин. Эми ошол кашкага кай жагынан чыксам дейм. Төрдү алкымдап барып, анан дагы атчан бир топ жогору капталдап чыккан жолу бар. Мергенчилер менен мурда бир чыгып көргөм. Бирок азыр аякка желкем жер тартып турат. Алыс. Бу бетинен бирөө-жарым чыкканбы, жокпу билбейм, бирок биерден караганда оңой эле көрүнөт. Болгондо атты ушерге таштап, жөө чыгыш керек.

Неси болсо да кичине ойлонуп алууга суу жээгине түштүм. Күн кадыресе ысый баштады, бирок таштан-ташка жанчылып аккан суунун салкыны жан жыргатат. Эртең менен тамактанбай күйүгүп тоого чыгып келгенге кардым катып калыптыр, жата калып тиш сындырган суудан ичтим, анан нан малып жедим. Анан жалпак таштын үстүнө чалкаман жатып алып, чыгар тоонун башын карап: «Чыкпай эле койсом эмне болот, акыры ата албагандан кийин?» – деп ойлодум. Бирок бу оюм мобу таш үстүндөгү жыргалыман улам пайда болуп жатканын, баары бир чыгарымы билип, ошондон ышынып жаттым.

Ушинтип көздү жумуп коюп, чалкаман түшүп жатсам, кайдандыр бүркүттүн шаңшыганы угулду. Көзүмү ачсам, асман ачык, тик каратпаган күндөн башка эч караан көрүнбөйт. Бирок бүркүт дагы шаңшыды. Кызыктым. Ошондо тиги мөңгүлүү зооканын далдаасынан эки бүркүт учуп чыкты. Биринин чеңгели куру эмес, тарбайып салаңдаган бирдеме кармап келатат. Аңгыча ал чеңгелиндегини коё берди, шаңшыганы угулду. Кийинкиси шукшурулуп келип, илип кетти. Мен дүрбү салдым. Чеңгелдегиси аркар экен. Айраң калыпмын. Эки бүркүт аны алмак-салмак алмашып, мен жаткан Туюк-Төрдүн үстү менен тиги Саятчынын аскаларын карай алып баратты. Дүрбү салып жаттым: аркардын али жаны бар окшойт, кыбырагансыйт, бирок ал ушу бийиктен куласа өлөрүн билип, андан көрө өпкө-жүрөгүнөн өткөн уу чеңгелдерге кайыл болуп бараткансыды.

Албетте, аркар антип ойломок кайда, жонунан мыкчылып, төрт аягы төмөн салаңдаганы менен мойнун кейкейтип, жерди карагысы келбегендей, өйдө, бүркүттү карап баратканынан улам мен ошентип ойлодум. Эки бүркүт улам бир колу талып кеткенде шаңшып таштап жиберди, элүү метрче ылдый кулаган аркарды экинчиси шуулдап жетип, андан ары илип жөнөп, менин үстүмөн алып баратты. «Баракелде!» – дедим мен алардын күчүнө, күчүнөн мурун да эрдигине, ушундай бийик үчүн жаралганына суктанып, өзүмчө толкундап.

Аздан соң бүркүттөр аркарды Саятчынын аскаларына алып кирип кетти. Кыязы, анда уясы, уясында балапандары бар го.

Биздин шаарга кээде, көбүнесе кышкы чилдеде ажайыпкана, орусча айтканда, зверинец келип калар эле. Кышында келген себеби анда ысык өлкөлөрдө жашаган пил, маймыл, тоту куш өңдүүлөр үчүн биздин түштүк ыңгайлуураак болсо керек. Ыңгайлуу болбой курусун (кышкы чилденин биздеги суугу оңой бекен), алар титиреп, жүдөп турчу. Ажайыпкана кызык жай. Бирок качан барбайын, бүркүткө, арстан менен жолборско, пилге боорум ооручу. Менин түшүнүгүмдө: бүркүт ачык асман, бийик обонун баатыры, пил болсо дүйнөдөгү айбандардын эң күчтүүсү болуп туруп, эң айкөлү, момуну. Ушул төртөөнүн кор болгонун көргүм келбейт, ушул төртөөнү кордогон адам алардан пас көрүнөт. Кор болбогондо эмне, бүркүт бийик асманынан, арстан менен жолборс жаңы кандан, пил чүйгүн отунан ажырап, кол карап, дайым камоодо. Ошондо ойлоор элем: «Ушулардын ордуна төрт жаман адамды отургузуп, көкүрөктөрүнө «Чыккынчы», «Кара мүртөз», «Мансапкор», «Кошоматчы» деп жазып койсо…»

Азыр тиги эки бүркүттү көргөндө ошол ойлоруман улам толкундап, суктанып кеттим. Бирок ажайыпканада жүргөндө башка нерсени ойлобопмун: аркар байкушта эмне жазык, жерге чыккан чөптөн башкага зыяны жок бир асыл жан, а бирок ал күчтүүлөргө жем болуш үчүн гана жаралган. Асмандагы бүркүттөн, жердеги карышкырдан коркот; азыр мылтык күчөгөн кезде адам ал үчүн карышкырдан нараак жоо болуп калды. Аркар байкуш кайда барып жан сактайт?.. Табият аны атайы күчтүүлөргө жем болуш үчүн жараткандай, аны жеш үчүн күчтүүлөрдү жараткан.

Табияттын адилеттиги да, адилетсиздиги да ушул экени кайрадан мени ойго салды.

Быйыл жазда, шаарда жүргөндө… Бир күнү иштен келаткам. Жаңы сур «волга» жаныман зуу өтө берип, токтоп калды. Ичиндеги бирөө арткы терезесинен кол булгалады. Барсам, Кадыралы экен.

– Кел, түш, – деди саламга сунган колумду тартып.

– Каякка?

– Түшө берсеңчи.

«Волга» көрсөм сүрдөп кетмей жайым, Кадыралыдан мурун да, ушундай жаркыраган машине мени күтүп калганына оюму жыйнабай түшө калдым.

– Бу кандай, же өзүң мейманга чакырбайсың, же мен чакырсам кыйыласың? – деп Кадыралы адатынча ачык-айрым күлкүсүн салды. Мен бирдеме деп күңк-мыңк эткиче кайра өзү үстөмөндөп тамашалай берди:

– Сеникине барсам чакыртпай деле барып коёт элем, кедейсиң да, жөндөп коноктой албай кайра өзүмдү уят кыласыңбы дейм. Ыя, чынбы?.. Ха-ха-ха!..

Айтканы чын эле. Мен да күлгөн болдум.

– Кандай, иштер жакшыбы? – деди кайра кадимки жөпжөнөкөй боорукерлиги менен.

– Алынча.

– Салкын кандай жүрөт? Жентекке качан чакырасыңар?

– Жүрөт… Дагы төрт-беш айдан кийин.

– Өзүң кандай?…– дедим мен кезегим келгенде.

– Көрүп турбайсыңбы, – деп ал тамашалуу үнгө салды да, эстей койду окшойт:

– Квартира эмне болду? Качан жеткидейсиң? – деди.

– Дайны жок, али баягы он кишинин бири ала элек.

– А тиги… управлениеңердин замначы албадыбы.

– Ал министерствого тийген квартираны алды дешпедиби.

– Кайдагы министерство… Быйылкы жылдын эсебинен силерге тийген квартира болчу, ошону беришти.

– Кантип?.. Ал жаңы эле келбедиби?

– Жаңы эле келип алып коёт да.

– Бизге быйыл квартира бөлүнбөй калды деген директор.

– Оо, мадыра баш… Ошол үчүн директор да, чоңуна каршы чыгууга анын башы экөө бекен.

Бир азга унчукпай бардык. Мындай иштер турмушта боло берчү эле. Бирок дал биздин оозубуздан жулуп кеткенине таң калып, туталана баштадым. Кадыралы олуттуу сүйлөдү:

– Сен көп керсейбей, башкалардай эле жүрбөйсүңбү!

– ?..

– Баягы күнү мен бир кишиге кирдим, ал экөөбүз жакшыбыз, сени өйдөрөөк кызматка алууну айттым. «Кандай жигит өзү!» – деди эле, мен байкабай: «Абдан честный…» – деп жиберипмин. «Андай немелерди семиртип койсоң, кайра өзүңүн оозуңду каңдачу эле», – дейт.

– Кызык экен, – башка сөз оозума кирбеди.

– Сенин сыртыңан кам көрбөй жүрөт дейсиңби мени. Билем, чоңоюп алды, теңсинбейт деп ойлойсуң. Жок, жолдош… Бирок ошондо мурунтан ойлоп койбой, чынын айтам деп сөзүмөн алдырып койдум. Эмки жолу антиш жок. Анан калса сен да кичине ийкемдүү болсоң боло. Принцип деп кашая бергениң менен курсагың ачып турса, эмненин принциби. Алдуу болгончо алаганыч бол, күчтүү болгончо күлөганыч бол деген…

– Колуман келбесе кантейин.

– Колуман келбесе… Ниет кылсаң…– турмуш өзү эле үйрөтөт. Акылдуунун бир аты – куу, жамандын бир аты – жоош дейт. Акылы болбосо куулукту кантип жасамак. А жоош неме куулукка кудурети жетпеген соң, принцип деген болуп бирдемеге жармашып алат. Алы жетпеген акыретчил дегендей кеп да…

– Сен мени жемелеп жатасыңбы?

Менин коруна түшкөнүмдү сезип, Кадыралы күлүп жиберди.

– Бир райондун чоңу майрамда өкмөттүн эсебинен салтанат-той өткөрүп жатып, акырын айтат дейт: «Билбегенге майрам, билгенге атамын ашы» – деп. Ошонун сыңары да… ойлонбосоң – жеме, ойлонсоң – акыл.

«Атаң көрү ээй, өскөн экен», чын эле таң калдым.

– Токтот, түшөм!

– Эмне?

Кадыралы кайрадан баягы студент, анан коңшу кездеги ак пейил теңтуштугу менен күлдү.

– Ой, жаман десе, жок, жок, жоош десе… Ха-ха-ха!..

Кадыралынын мени сыпаттаганы чын болду, мен ошерден түшүп кала албадым, анын эркине моюн сунуп, аний дебей бара бердим.

Оболу аэропортко бардык. Кадыралынын начальниги курортко жөнөп жатыптыр. Узаткандар бир топ экен. Обол мурун бири ресторанга кирүүнү сунуштады. Жок, аерден көзгө чалдыгабыз, тыякка, бактын арасына баралы деди бөлөгү. Аныкын туура табышты. Анан баарыбыз бак аралап кеттик. Самолёттун учарына дагы бир сааттай бар эле, начальник «уйкулук» деп, беркилери жөнөткөнүбүз деп, ортого коньяктар толуп кетти. Ал ден соолугун оңдоп келиши үчүн, көп тосттор көтөрүлдү. Баары ичип жатты, бир киши гана ичпеди. Оорукчал окшойт: ичкилик ага жакпасын башкалар да билет экен, көп кыйнашпады. Арык киши: «Сиздин ден соолугуңуз үчүн», – деп бир тостту көтөрттү да, ооз тийип, кайра койду. Аздан соң баары кызый баштады. Ошондо алиги оорукчал арык кишиге мүшкүл түштү. Кадыралы бул чөйрөдө да өтүмдүү окшойт, адатынча тамашага салып:

– Ой, Маке, бизди сыртыбыздан сындабай, бирди алып койбойсуңбу? – деди.

– Жок, жок, айтпадымбы…

Араң турган башкалар жаалап кетти:

– Ал эми, бирден эчтеке болбойсуң.

– Кана, колуңа эле кармачы.

– Бирди алып кой, бирди…

– Жумаш Сакеевичтин урматына…

Арык киши кыйылып болбоду. Ошондо начальник Жумаш Сакеевич стаканды кармап келип, арык кишини ийинден капшыра кучактады. Ал да абдан тамашакөй киши окшойт:

– Ушу мен бараткан самолет авария болуусун каалайсыңбы? – деп карс-карс күлдү. Анан стаканды арык кишинин колуна карматты. Арык кишинин айласы түгөндү:

– Узак жолго чыгарда… антип айтпаңыз да… Болуптур, эмесе аман-эсен жетип, жакшылап эс алып келишиңиз үчүн…

Бак ичи дуулдап, баары арык кишини мактап жатып калышты. Анан дагы ичишти, дагы ичишти. Арык киши да тартынар жер калбады, бирден кийин бир нечени көтөрүп салды. Кубаты жок неме бат эле темтеңдеди.

Самолёт учту, Жумаш Сакеевич жөнөкөй киши экен, баары менен өбүшүп коштошту. Ичкиликтен дагы калды эле, узаткандар чогулуп кайрадан ичтик. Мен да ичтим. Мен да кызый баштадым. Мен да Кадыралыдай шайыр, ачык болгум келди, боло албадым окшойт, анткени менин сөздөрүмө эч ким деле күлгөн жок. Анан чындап эле мас болуп калыпмын. Кеч күз маал эле. Чыйрыккандан акыл- эсими жыйнасам, ээн, караңгы көчөдө баратам. Саат он бир, же он эки болуп калса керек, жүргөн машине көрүнбөйт. Көрүнсө түшүп кете аламбы деп сыйпаласам, бир тыйын акча жок. Эстедим: иштен чыкканда эле жок эмес беле, ошол үчүн үйгө жөө кетип баратып Кадыралыга жолукпадым беле… Кадыралылар кантип кетти экен? Эстей албай койдум: жана алиги арык киши экөөбүз кучакташып турбадык беле. Анан эмне болду? Арык киши айтып жаткан:

– Ашказаным ооруйт… Гастрит… Ичкенде оорутууга күчү жетпей калат окшойт, унчукпай жымылдап калды. Бирок эртең азабымы берет… Кандай дейсиң, Жумаш Сакеевич жакшы киши ээ?

Мен баш ийкеп турдум окшойт.

– Мен жакшылап жөнөтө албай калдым, башкалардай болуп… Жүздү эле араң таап салдым чөнтөгүнө… Бирок жакшы киши, көңүлүнө албайт. Көрүп турбайбы менин абалымды…

Мен баш ийкеп турдум окшойт.

Анан билбейм. Арык киши кайда кетти, Кадыралы кайда кетти?.. Ал, кыязы, менден адашып калган го, болбосо машинеси менен жеткирип коёт эле. Ал мени таштап кетиптир деп ойлоодон ардандым.

Ошентип караңгы, ээн көчөдө жөө бараттым. Эсиме келгеним болбосо, коньяктын күчү кадимкисиндей эле экен. Барар үй ыраакта, башкача айла жок, кере-кере арыштап, жөө жүрүп отурдум.

«Атаң көрү, – дедим өзүмө, – мына, күчтүүлөр кандай жашайт!..»

Мен да күчтүү болгум келди. Күчтүү болсоң адилдикти да багынтып аласың, ал сага көз каранды болуп, кайра өзү кызматыңы кылат. Караңгы көчөдө өзүмчө эрдемсип, башын жерге салган начарлардан жолукса, «начарсың!» – деп ургум келип, чоң-чоң арыштап бараттым. Дүнүйөм түгөл, бар максатыма жеткендей көңүлүм көтөрүңкү. Ырас, тереңимде мен күчтүү эмес экеними, табиятымда күчтүү жаралбаган соң атайлап боло албасымды, андыктан бу кыялдарым жөн эле каалоо экенин, эртең башым шылкыярын билип бараттым. Бирок аны моюнга алгым келбеди.

Үйгө түн бир оокумда жеттим. Аялым жатып алыптыр, бирок уктабай, чырак өчүрбөй жаткан экен. Үйгө кирип, мен өзүмдү бир кызык ойдун үстүнөн кармадым: аялым менин кечиккениме таарынып, айдын аягы болуп, үйдө тыйын жок жутап турган чакта карыздап акча таап келет деп үмүттөнүп жаткан байкуштун таарынар жөнү бар экенин билип кирдим, бирок күчтүүлөр менен стакандаш болгонума корстон экеними, демек, аялымдын таарынар жөнү жок экенин сездиргим келгеними байкабадым.

Төшөктө жатып бетим ысыды.

«Атаң көрү, – дедим өзүмчө, – кунарың ушунча эле беле?..»

Эртеменен ойгонсом, башым жаздыктан көтөрүлбөй калыптыр, кече күнкү дүйнө бүгүн башкача, мурдагы күнкүсүндөй.

– Ишиңе кечиктиң го… – деди аялым. – Бала түнү менен ыйлап чыкты. Эмчегимен сүт чыкпай калыптыр…

Мен онтоп, башымы жаздыкка каттым.

Шар суунун шапатасында кичине чыйралып алган соң, тиги чокудагы тайпаңга жөнөдүм. Мергенчилер чыкчу көнүмүш жолго салбай, жана айткандай түрдүн алкымына жетип, анан имерилип жүрүүдөн ышынып, түз бетке салдым. Тиктиги болбосо, аска-зоонун аралары ачык эле көрүнүп турат, салт адам чыгып кетчүдөй.

«Кыйналып калбас бекем?» – деп ойлодум да, кайра: «Жок дегенде бир жолу бирөөнүн изин эрчибей, өзүмчө жол издейинчи», – деп өзүмдү тамашалап койдум.

Ат алыс, төмөндө калды. Тайган да менин бу жоругумду жактырбагандай улам бир жалпак ташка жетип отуруп алат да, көптө артыман көңүлсүз келет. Улам көкүрөк ачышып, тизеден кубат кеткен сайын өзүм да көңүлсүздөнө баштадым. Бирок өжөрлөндүм. Күн түштөн кыңкайып кетти. Мен чокудагы тайпаңга жеткиче бешим ооп калар. Чарчаганымы, жолдон орун тандап алганымы ойлобоюнчу дедим. Антпесең ого бетер чарчай бересиң. Асманды, туш-тарабымды карамыш болуп, ой алаксытуунун аракетинде бастым. Ар-ар жерде экскаватор челгенсип суурдун ийнин казган аюунун изи жатат. «Жолуман аюу жолукса…» – деп, андан ары эмнелер болорун ойлойм. Бирок буларга алаксый албадым, тизем бүгүлүп, жүрөгүм жарылып кетчүдөй какканда алсыз адам экеними ойлоп, аргасыз токтоп калам. Артыма карасам, байкабай кыялап жүрүп отуруп, чыккан жеримен бир топ капталдап кеткеними көрөм: тору ат биякта калыптыр. Төмөнтөн белгилеп алган багытым да туурада калып, мен азыр башка аскаларды аралачудаймын. Булар деле жанагыдай көрүндү, арасынан өтүп кетер жолу бар сыяктанат. Жанагы белгилеген багытым дурус көрүндү эле, бирок ага жетем деп, кайра артыма саламбы. Мынча чыккан соң кайтыш жок, кичине отуруп дем алып, дагы кыялап жөнөдүм.

Ошентип беш кадам аттап, бир токтоп жүрүп отуруп, дагы башка аскалардын түбүнө жеттим. Аскалар анча бийик деле эмес, бирок жалама тик, араларында ит секирип өткүдөй кычыктары бар. Ошол кычыктар менен өтүп кетермин деп, дагы тырмыштым. Кызык мына ушунда башталды, аскалардын бери түбү куюлган шагыл эле, бир кадам өөдө тырмыштым, эки кадам кайра төмөн жылбышам. Кетпеген жеримен тер кетип, күшүлдөп-бышылдап, төрт аяктап жан алакетке түшүп жатканымы сыртыман бирөө көрсө күлөр беле, же аюу деп атар беле. Өзүм өйдөлөй албай жаным кашайып жатып ушуну ойлосом, тереңимдеги чарчабаган сезимдер күлөт. Тайган күлүп турдубу, же түшүнө албай таң калып турдубу, мен эптеп аскага жетип жабышканымча артымда ордунан жылбай кадала карап тура берди. Мен калтырап-титиреп асканы таянганымда: «Ой, жаман десе, минтип чыгат» – деп акыл үйрөткөнсүп, эки-үч секирип чыга келди. «Адам төрт аяктап айбан болуп жашай албагандан кийин эки аяктап адам болуп алса керек», – деп ойлоп, тереңимдеги чарчабаган сезимдер дагы күлдү.

Бу жерге бир топ эс алдым. Канткен менен аябагандай эле бийиктеп кеткен экен. Асман жети катар болсо, төмөнкү катары ушул го. Те алыстагы бөксө тоолор Куру-Көңдөй, Бабакан козу жайчу дөңсөөлөрдөй жапыс көрүнөт. Аралап жүргөндө алар да асман тиреп турчу эле. Береги Кызыл-Таш түбүнөн караганда баш кийимиң түшчү эле, эми бут алдымда жатат. Жанагы обологон бүркүттөр деле ушу бийиктен өттү окшойт. Жердин шамалы чаң бырыксыткандан башкага жарабайт. Бу чокунун шамалы өгөө болсо керек, мен сүйөнүп турган аскалар окчунураактан караганда жылмакай көрүндү эле, эми таянсам майда-майда тикендери алаканыма өтүп, жалама бетинен бассам өтүктүн таманы чып-чып жабышып, сыйгаланбайт. Нечен кылымдар бою көзгө илешпеген кумдар менен ургулай берип, шамал биротоло чегип койгон белем.

Аскалардан ары аз эле калды окшойт, кычыктарын аралап өргө тырмыштым. Бир аз чыга түшкөн соң аскалар түгөндү да, шагыл аккан куйга туш келдим. Куйдун аркы бетинен көк жалтаң зоока көрүндү. Биротоло чарчап бүткөн элем, тизем титиреп бир азга эмне кылышты ойлоп туруп калдым. Мындай камакка кирип кетерим ойго келген эмес. Эмне кылыш керек? Наркы беттеги зоокага адам түгүл кийик өтө алар эмес. Артка кайтканда деле жанагы аскалар, аларды жармашып тике чыгып кете албаган соң ушинтип капталдап келдим. Бир азга акыл токтотуп карап турсам, наркы беттеги зооканын өйдөрөөк жагынан кысык көрүндү, кадыресе атчан адам баткыдай. Куйдун таманын өрдөп ошого жетсем, андан ары дагы бирдемеси болор дедим. Капталдап кадам шилтедим. Шилтедим да шагыл көчүп, мени төмөн аласалдырып кеткенде жүрөгүм оозума тыгылды. Далбасалап тура калып, мылтык менен дүрбүнүн мойнума чырмалышкан боолорунан бошоно албай карбаластагыча шагыл акырын көчүп, мени жанагыдан он метрче дагы төмөн түшүрүп кетти.

Тик куйдагы шагыл минтип араң турганын ойлогон да, билген да эмес элем, төрт аяктап эптеп таканчыктап туруп, алды-артымды карансам: мен баскан жердин үй ордундай шагылы жарылып, мени ала көчүптүр, төмөн дагы элүү метрче сыйгаланып барсам, андан ары шаркыратма өңдөнүп шагыл куюлуп турган туңгуюк кургуйга уча турганмын. Мына ушунда жаным көзүмө көрүндү. Боюму түзөй албадым, кыбыр этсем шагыл көчкөнү турат. Эми көчсөм мени жумалактай ылдый алып кетери бышык. Аза боюм титиреп, эки жагымды жалдырай карадым. Жардамга келчү жан жок. Тайган жанагы мен алгач куйга кадам шилтеген жерде чочоюп отурат. Ал азыр да мага күлүп отургансыды. Ал менден жыйырма-отуз метрче жогору калыптыр. Демек, бир кадам шилтегенде шагыл мени ушунча алып түшкөн экен да. Кыбыроодон корктум, атүгүл кыйкыруудан да корктум: кар көчкүсү менен жер көчкүсү жаңырыктап деле жүрүп кетет дегенди уккан элем, ошол эске түштү.

Бирок жардамга келе коёр жан жок болсо да, аска-зоолорду жаңыртып кыйкыргым келип турдум. Адам айласы түгөнгөндө кыйкыргандан, ага алы келбесе онтогондон башка амалы калбай калат окшойт. Бүткөн бойдон муздак тер кетти. Аскаларды жалмалаган шамал шуу-шуу деп, эки зоонун ортосу адепки жапан кезинде турду. Бул кебетеси мени кечегичилеп толкундатпай, эми жандан түңүлтүп коркутуп жатты. Шамал шуу-шуу десе, аскалар кошо шуулдап, жер үстүндө адамзат жарала элек кездеги доошу сыяктанып, жүрөктү үшүтөт. Учуп өткөн баренде көрүнбөйт. Же чымын, же чегиртке өңдүү макулук да жок тегерегимде.

Те төбөдө күн турат. Ал эмне кылып турат, анын нуру жылытабы, же үшүтөбү, мага таасирсиз. Анткени күн да мага кайдыгер карайт. Башка тарап бүт мупмуздак, бүт таш… таш… Таштардын арасында төрт аяктап, бир кубулуш күткөндөй жалдыраган мен…

Кайда баягы турмуш жөнүндөгү ойлор, кайда баягы максаттар, ушундайда келбейби, жардам бербесе да көңүл алаксытпайбы? Жок, алардан дарек жок, баары мени кыйынга таштап коюп, кетип калышты. Бир гана тайган, байкуш ит, асыл итим, ошол мага жардамга келатты. Абайлап жатып араң тизеледим эле, жогору жак шырп дей түштү. Коркуп селт карасам, тайган ордунан жылган экен. Менин изиме салып, шагылды дагы көчүрөбү деп, жаным чыгып кетти. Бирок тайган менден акылдуулук кылып, аскалардын түбүндөгү билектей кагын жер менен бураңдап мага бет алды. Эреркеп кеттим, сүйүнүп кеттим. Азыр чоң көчкү жүрүп, мени кошо ала кетсе да кайыл болуп, үн чыгара: «О, тирүүлүк!» – деп жибердим. Тайган менин тушума оро-пара келди да, кантип жетем дегенсип, белчемен шагылга батып отурган мени тиктеп туруп калды. Үрбөдү, жаланбады, акактабады, бардык иттик белгилерин таштап, мени камоодон кантип куткарып аларын билбей турду. Аны тиктеп, төрт аяктап жалдырап мен турдум…

Уландысы  мында: КӨЗДӨН УЧКАН АК КАЙЫК

[1] А бирок кереги жок. Бул адал иш эмес ко.

[2] Кана эмесе, кымбаттуу меймандарым, үйдү бошотосуңар го, менин бул үйдү толтурар ашкебилерим көп.

[3] Балдарың барбы?

– Жок…

– Аялың иштейби?

– Жок.

– Эмесе, көчүп келе бер.

[4] Жок, жок, мунуңар болбойт… Силерди киргизбейм…

[5] Эмне үчүн алдадың мени?.. Бул эмне? Мыймыл туубайт дейсиңби? Ызы-чуу, ый басылбаса… Буту басып алганда жашылчаларымды тепсесе… Болбойт, секеттер, башка үй таап алгыла, мен силерди киргизбейм…

[6] М’ К о л а – Э. Хемунгуэйдин «Африканын жашыл адырлары» деген китебинде мергенчи-автордун жалдап жүргөн малайы.

[7] Антүү тазалык эмес да.

[8] Биздин үйдөгү микробдор тоңуп калган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *