Француз жомогу  

Бир кембагалдын үч уулу болуптур. Бой жеткен уулдарына атасы айтат:

– Билим алууга аттанып, өнөр үйрөнгүлө. Тирликте колунан иш келбеген жан кор болот.

Уулдары уядан учуп, көп жыл окушат. Бир күнү анан үйлөрүнө кайткандагы айтып тургандары:

– Биз эми колубуздан иш келер кесип ээси болдук, адал наныбызды табууга жарайбыз.

Кемели келишип турган уулдары үчүн ата кубанбай коймокпу. Берер ашын таппай, жумуртка куурумай болот. Уулдарынын улуусу ошондо:

– Ата, убара болбо. Мен ашпозчулукту үйрөнүп келдим. Сиз сырттагы сөрүдө отура туруңуз, мен муну тез эле чыркырата коём.

Улуу уулу жүзүм чырпыктары менен заматта отту жалындатып, жумуртка куурулары менен алакандарын шакылдатып чаап койду эле; бышкан аш атасынын алдына түтүкчө аркылуу «шуу» этип жетип калат!

Уулунун шамдагайлыгы атасын таңдантат.

Баары дасторконго отурары менен дарбаза тушуна келген атчандын үнү угулат:

– Ат көлүккө така урдурганы келдим эле.

– Ата, отура бер, – дейт ортончу уул. – Бул мендей устанын иши.

Таканы алып, кызыл чокко кактаары менен чабандеске айтат:

– Атыңды бираз кетенчиктетип барып, дарбазага эки колун көтөрт.

Чабандас атын алкынтып секиртти эле: ортончу уулдун колунан ыргыган така туяктын өзүнө дадил барып жабышат.

Мындай шумдук атасынын оозун ачырат.

Капыстан мөндүр шатырап баштайт. Мөмө-жемиштери кыйрап каларына теке-тукаланган[1] атасына кенже уулу айтат:

– Эми ата, кезек мага келди, өнөрүмдү көрүп ал!

Кенже уулу жерден таяк ала коюп, мөндүрдүн ар бирин үбөлөнтүп чаап салды. Чын эле мөмө-жемиштерге бир тоголок да мөндүр тийгизбеди.

Үч уулунун тең өнөрүн көргөн атанын төбөсү көккө жетип, жетине албай турду!

Кыргызчалаган О.ШАКИР

[1] Теке-тука — тынчсыздануу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *