(1-МАЕК)  (2-МАЕК)  (3-МАЕК)   (4-МАЕК)  (5-МАЕК)

—  Юдахинге кандайча кайрылып калдыңыз?

– Константин Кузьмич менин окутуучум, менин профессорум болчу. Өзүң билесиң, КМУнун филология факультетин бүтпөдүмбү адегенде. Анан барып Госкинонун жогорку сценаристтик курсунан окудум. А киши бизге, кыргыз студенттерине 5 жыл кыргызча сабак берип, кыргыз тилин үйрөткөн. Кыргыз диалектологиясы боюнча окутчу. Ажайып адам эле, ажайып окумуштуу болчу. Гуманитармын дегендердин баары эле а кишини жакшы көрчү, көпчүлүгү ошо кишиден окушкан. Бүт өмүрүн, бүт ишмердигин Кыргызстанга байлады да. Өмүрүнүн аягына, б.а., көрүстөнгө кеткенге чейин Кыргызстанда жашап, кыргыз тилине, илимине, дегеле элине чоң эмгек сиңирди. Сен айтып аткан сөздүктөр эле эмне деген кенч. Сенин эле эмес, ар бир билимдүү кишинин, акын, жазуучу же аалымдардын үстөлдөн түшпөгөн китеби болуш керек. Бул котормо сөздүк эмес, түшүндүрмө сөздүк. В.Дальдын, В.Ожеговдун сөздүктөрү сыяктуу эле. Ой-бой, анын ичине кирсең, окуп отурсаң, кыргыздын канчалаган макал-ылакаптары, салт-санаасы, этика, эстетика, тарыхын билип чыгасың. Биз өзүбүз билбеген сөздөрдү ушу киши бизге эскертип, мынабу сенин сөзүң, мааниси мындай деп, кыргыздын кулагына куюп атпайбы. Ушунусуна эле алтындан эстелик орнотсок болмок.

– Эстелик демекчи, а киши өмүр бою иштеген, өмүр бою тапкан-ташыганын, атүгүл китепканасынан өйдө таштап, табыштап кеткен университеттин алдында Шабдан баатырдын эстелиги турат. Эстеликте эч кимдин кусаматы жок деңизчи, бирок эмне үчүн сөзсүз түрдө университеттин алдында турушу керек? Кеминдин оозунда турат го, Петр биринчинин эстелигинен ашса ашып, кемибеген эстелиги. Эмне үчүн университеттин алдында, мисалы, алиппеден баштап, кыргыз тил илиминин, дегеле маданиятынын чамгарагын көтөргөн Касым Тыныстанов турбайт? Университетти түптөшкөн ошол эле К.Юдахиндики? Б.Юнусалиевдики? Мамлекеттик ишмердики зарыл дейин десең, биздин гезит ачылгандан бери кеп кылып аткан Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн чыныгы автору Ж.Абдрахмановдуку жок! Эстеликтер боюнча мамлекет саясатына түшүнүү кыйын. Көчөдө, коомдук жайларда Юдахинди эскерген эч бир белги жок го?.. 

– Өзүң билесиң, биздин көчөлөр, мектеп-сектеп, жоголгон колхоз-совхоздор, дегеле айыл-апа кокту-колоттон чыккан, өздөрүнүн айылынан чыккан, жалпы элге белгилүү да, белгисиз да кишилердин аттары менен атала баштады. Атүгүл тирүү жүргөн акын-жазуучулардын, окумуштуулардын аты менен аталган мектептер, жерлер бар экен. Бул эми ашынып кеткендик да. Өзүнүн жеринин, же өзү окуган мектептин, же эр жеткен көчөсүнүн атын жоготуп, өз атын, же атасынын, же кайнатасынын атын коюп алууга кантип бет чыдайт. Бу да болсо биздин кыргызбайчылыгыбызды, анан маданий деңгээлибиз канчалык экендигин көрсөтөт. Ошон үчүн Юдахин сыяктуу кишилерибиз унутта калууда.

– Сөздөн четтеп кеттик сыяктанат. Ошентип фильм тартуу жөнүндө ой качан, кандайча пайда болду?

– Мындай болду. Москваны бүтүп келгенден кийин «Кыргызфильмде» иштеп калдым. Бу кишинин да ташы өйдө кулап, өкмөт менен партия түз карай баштаган. Болбосо улутчул деп куугун-сүргүнгө алып кирген. Кузьмич ошо кездеги БК бүйрөсүнөн кызарып-татарып түз эле сабакка келип: «Мени кыргыздын улутчулу деп күнөөлөп атышат» – деп айтканы эсимде. Ал көп сөз. Кыскасы, өкмөттүн көзү оңолду дебедимби, сен айткан «Кыргызчадан орусчага» сөздүгү СССР сыйлыгын алды. Анан мен өзүмдүн атыман, курсташтарымдын, филфакчылардын, дегеле кыргыз элинин атынан куттуктап койгум келди. Ага а кишинин сыйлыгы, ошо кездеги коомдук кадыр-баркы жардам берди, сценарийим өтүп кетти.

– А киши сценарий менен таанышкан жокпу?

– Таанышкан. Атүгүл баштан-аяк кеңешип турганбыз. А киши менен жеке мамилем да бар эле. А кишинин жетекчилигинде дипломдук иш жазгам. Түштүк диалекти боюнча. Өзү кулакка куюп турчу, аны кош, муну киргиз деп. Түштүктүн түмөн бай сөздөрү кыргыз адабий тилине кириш керек дечү. Түштүктүн баласы экен деп мени өзүнө алып алган да. Кийин ойлосом, Кузьмич мени окумуштуу кылам, тилчи кылам деген экен. А менин жазуучу болом деген гана жалгыз максатым бар болчу. Ошентип сценарийди баштар алдында үйүнө бардым. Мурда да барып жүргөм. Байбичесин билет элем. Чаар деген ити бар эле, аны билет элем. Мен Москвадан келгиче байбичеси кайтыш болуп кетиптир. Жалгыз жашап калыптыр. 1-Май көчөсүндө, кыргыздын «мен» дегендеринин, Аалыке, Түкөлөрдүн тегерегинде жашачу. Чоң коргону бар эле. Үйү алыс калчу. Коргонунда даричасы, кичине калиткасы бар. Калиткасында звоногунун кнопкасы бар. Кнопканы бастым. Шыңгыраса керек, ити үрүп калды. Кузьмич басып келип, эшигин ачкыча калитканы изучать эттим да. Коңгуроо кнопкасынын тегереги желелеп баратыптыр. Киши аз келет экен, киши баштагыдай каттабай калыптыр деп ойлоп койдум.  Чыкты. Үстүндө көк бейкасам чепкен бар экен. Саламдаштык. – Үйгө кир – деди. Баягы көрө жүргөн, отура жүргөн китепканасында отуруп, ой-максатымды айттым. Ал деле пенде эмеспи, кубанып кеткенсиди, ыракмат – деди. Сценарийдин планын түшүндүрдүм. Байбичеңиз кайтыш болуптур, арты кайрылуу болсун – дедим. Байбичеңиздин бейитине ар жума сайын машине менен барып, гүл коюп турат экенсиз, аны уктум, сценарийге жазсам болобу – дедим. – Жаза бер – деди. Басып-туруп тартылып бересизби, аякка жүрүп бериңиз, буякка жүрүп бериңиз дегенге макул болосузбу – дедим. – Жаза бер, эмне үчүн басып-турууга болбосун – деди. Айтор, көп нерселерди сүйлөштүк. «Революцияга чейинки кыргыздын жазма тили» деген эмгек жазайын дегем. Ташкен, Самарканды кыдырыш керек, архивдери жакшы» – деп калды. Анда сонун турбайбы, биз дагы киноэкспедиция уюштуруп, тартып калсак болобу десем, жаш балача кубанып кетти. Мен жакын арада Ташкенге барам, өз жумуштарым менен, келгенде сүйлөшөлү деп коштоштук.

Эки жумадан кийин телефон чалып келсем, коргондо бир жаш аял пайда болуп калыптыр, Жээн келиним деп тааныштырды. Экөөбүз ээн отуруп, сценарийди тактадык. Макул болду. Эми Мурза, – деди, – мынабу жээн келиниме Ысык-Көлдү көрсөтүп келейин, өзүм да эс алайын, андан кийин баштай бергиле – деп макулдаштык. Мен сценарийди өткөрүп, режиссер чектелип, калган ишти ошол киши моюнуна алып, мен кутулуп кеттим.

– Съёмкага катышкан жоксузбу?

– Сценаристтин катышуусу анчалык кажат эмес. Ошо кезде параллель ишим жүрүп жаткан. Рүстөм Ибраимбеков дегенди билесиң го. Менин курсташым. Атактуу кинодраматург. Оскарды алган. СССРдин, Россиянын мамлекеттик сыйлыктарын алган. Ошол экөөбүз биригип киносценарий жазып, аныбыз Москвада өтүп, «Кыргызфильмге» жиберилип, режиссердук сценарийин түзүшүп атканбыз. Өкмөт дачасында. Бир күнү эле Юдахин жөнүндөгү фильмдин деректири машине минип жетип келиптир: «Константин Кузьмич фильмге тартылбайм, Мурзаны чакыргыла деп чыр чыгарып жатат» – дейт. Келдик. Кузьмич филфактын өзү тартуулаган китепканасында отурган экен. Жашарып, жасанып алыптыр, көңүлү жайдары, мени жакшы кабыл алды. Экөөбүз жалгыз калып, жалгыз сүйлөштүк. Сценарий жакшы экен, окуп чыктым, мени ардактап сыйлапсың, аныңа ыракмат, бирок айрым жерлериңде мен артистке окшоп кетет экем, мен артист эмесмин да, ойной албаймын дейт. Кайсы жерлери десем, айтты…

Кыскасы, сценарий боюнча мындай болчу. Мүрзөгө гүл коюп, кичинекей аллеяда илкий басып келатат. Нар жакта көр казып атышат. Карап коёт. Аңгыча алдынан капкара кийинген супсулуу кыз чыгат. Учурашат. Кузьмич да баш ийкеп коёт. Кыргыз элинин ага болгон ызаатын, аза кайгысын бөлүшүп жатканын билдирейин дегем да. Жөн эле символ. Бүткөнү да ошондой. Чайыттай ачык күн. Баягы калитканын мен баскан коңгуроо кнопкасын бирөө басат. Бу киши жалгыз жашайт. Өзүнүн басыгы менен чайпалып, жайкалып чыгат. Эшикти ачса, башынан аягына чейин апапак кийинген жаш, сулуу аял турат. Баягы көрүстөндөн жолуккан кыз экен. Апапак кийинип келиптир. Бул эми кыргыздар чын жай, тиги дүйнө деп коёт го, ошондой символ болчу да. Экөө тиктешип туруп калат. Кино ошону менен бүтөт. Ошону жактырбай атпайбы.

– Өтө реалисттигиненби?

– Кийин иликтесем андай деле эмес экен. Жанагы жээн келиним деген аялга үйлөнүп алыптыр. Сценарийди ал аял окуптур да. Окумал аял экен, мени жазыптыр деп таанып коюптур. Ошон үчүн кыскарттырып атыптыр.

– Чын эле ошол аялды мелжеп жаздыңыз беле?

– Деталь ошол аялды көргөндөн кийинки таасирден жаралган. Акыры ушул аял көмөт го деп ойлогом. Ошондой болду. Кино кыскарып, анын ордун интервьюлар менен толуктаптыр режиссер. Лариса Лебедева деген бар го, кыргыз прозасынын чыгаандарын орус тилине оодарып жүрбөйбү. Москвада бир отурушта ошого айтып бердим бул окуяны. Кузьмичти тааныйт, сыйлайт экен. «Ой, Мурза, өзүнчө эле көркөм чыгарма экен, жарыялаш керек» – дейт. Сценарийди таппай калгам. Жаштык кез эле, мастык кез эле, ичип, көчүп жүрүп, бир жерге калтырганмын да…

2001-ж., 30-ноябрь

Бир түп өрүк менен сүзүшкөн булдузор. Бир көчөгө тыгылган кыштактар. Эрин сатпаган аял

– «Көчө» фильми тууралуу сүйлөшсөк кандай болот? Бир жылдарда АКШны кууп жетебиз деп ондогон айылдарды бир кыштакка, ондогон колхоздорду бир совхозго бириктирбедикпи. «Көчө» кыязы, ошонун тегерегинде жазылса керек?

– «Көчө» көркөм чыгарма деле эмес, бар болгону сценарий. 1968-жылы жазылган. Ооба, ошондой балакет чыкпады беле. Майда кыштактарды жоюп, шаар тибиндеги поселкаларга айлантабыз, чарбаларды ирилештиребиз деген. Ошону менен чачылып жашаган кыштактардын, үйлөрдүн баарын бошотуп, анан ал жерлерди эгин-тегин эккенге, же башка бир курулуштарга, же дагы бир башка максаттарга ылайыкташтырыш керек эле. Бул саясат СССР деген эбегейсиз зор мамлекеттин булуң-бурчтарынын баарында жүрдү. Кыргыз жергесинде да жүрдү. Кыргыз өзүң билесиң, аз болуп, жери кенен болуп, чачкын жайылып жашай берер элек. Кокту-колоттордо, түздөрдө, эгин-сегин эгиле турган жерлерде.

– Сценарийди жазууга ошолор түрткү болдубу?

– Ошентип койсо да болот. Анда жазылгандар менин айылым болчу. Баш каарман, өспүрүм, же болбосо боз бала деп коёлу, бул мен болчумун. Күндөрдүн бир күнүндө бир тууган үкамдан, 8–9-класста окуган баладан кат алам. Аппак кыш болчу. Катында минтип жазат үкам: – Ака – дейт, – колхоз биздин айылдарды көчүрмөк болуп жатат башка жакка. Биз бир жерге, бир көчөгө чогулуп, бир көчөнү бойлой отурукташа турган болуп атабыз. Ушу күздө тракторлор, булдузорлор келип дейт, биздин өрүкзарларды, бак-даракты кыйып, түп-тамыры менен сүрүп, түздөп кетишти – дейт. Бирок түздөлгөн талаада жалгыз түп өрүгүбүз калды – дейт. Ал дуб сыяктуу аябай зор өрүк эле. Баарын түздөп, ушуга келгенде баягы кыргызбайдын булдузорунун тумшугу сынып калыптыр да, анан чыгаралбай колун шилтеп басып кетиптир. Баягы өрүк бак кичине кыйшайган бойдон турат, булдузор ошону сүзгөн бойдон турат – дейт. Азыр кар жаап атат, өрүк дагы, булдузор да кар астында калды – дейт. Ал өрүктүн кылда учуна чейин далай чыгып, далай башка өрүкзарларды көргөм. Өрүктөрүн терип жегем, горосунан баштап, бизде жаңыдан түйүлгөнүн, көкмөк кезин горо деп коёт. Солженицындин «Бодался теленок с дубом» дегени эсиңдедир. «Музоо дубду сүздү, бирок албетте, аны жыгалган жок. Бирок дуб кичине кыйшайды» – дейт эмеспи. Бул эми параллель. Мааниси башка. Солженицын дуб деп мамлекетти, СССРди айткан. Музоо деп өзүн айткан. Биздики реалдуу булдузор, реалдуу өрүк болуп атпайбы. Мындайча айтканда, өрүк менин кыштагымдын символу да. Ушундан-улам көз алдыма айылым келип, жүрөгүм ооруп, көзүмө жаш айланып, кекенип, жергиликтүү бийликтен кантип өч алышты ойлодум да ошо кезде.

– Анан өч алдыңызбы?

– Кийин, кийин билсем, ойлосом, бул жергиликтүү бийликтин деле ою менен ойлонуп, колу менен жасалган иш эмес экен. Алар бар болгону жасоол тура. Ошонун баары Кремлден барчу экен, менин айылыма чейин. Бирок үкам жазган өрүк эсимен өчпөй калыптыр.

– Ошол замат баштадыңызбы?

– Агезде чыгарма жазам деген оюм жок эле. Анын үстүнө баягы сага айткан дипломдук ишти – «Ак поюзду» жазып аткам. Кийин, жогорку курсту бүтүрүп, Фрунзеге ишке орношуп, киностудияда иштеп аткан кезимде биздин Госкино, киночулар союзу, «Кыргызфильм» кошулуп, көркөм фильмдердин мыкты сценарийине конкурс жарыялап калды. Бир датага байланыштуубу, эсимде жок. Ошого катышам деп калдым. Ошол айылымдын тагдырын ошондо жаздым да. Бир нече айылдан турган чоң кыштакты бир көчөгө тыгып салып жатышпайбы. Көчө да какыр жерге түшкөн. Ал көчөнүн нугунда мурда сел кетип турчу. Колхоз айылдаштарымдын бирөөнө да бир шифер, бир торсун, бир рама, бир сом бербептир. Үйлөрүн, бак-шактарын жөнеле түрттүрүп салган. Анан бечаралар эски үйүнүн жыгачтарын, торсундарын, түркүктөрүн сүйрөп келишип, жаңысын кошуп, ыйлап-сыктап жанагы үйлөрдү эптеп тургузуп алып атышпайбы.

 – Кыштагыңар өтө көрктүү болсо керек?

– Чоң кыштак болчу. Уруу-уруу болуп жашачу элек. Нойгут, сасыкбука, кызылаяк, бостон  деп. Ар бир үй чүмкөлгөн кара бактын ичинде жашайт эле. Бир кыштак менен экинчи кыштак, бир үй менен экинчи үй жалгыз аяк сокмо жол менен катышчу. Эки кошунанын ортосунда сокмо жол болор эле. Бир коргондон экинчи коргонго кичинекей арыкта суу агып, бирөөнөн кирип, экинчисинен чыгып кетчү. Бир үйдүн бышып үзүлгөн алма, өрүгү экинчи үйдүн коргонуна кирип, чыгып турчу. Биз, балдар, суудан тутуп жээр элек. Кимдин өрүгү, кимдин алмасы экендигин да таанычубуз. Эми Алым, кыска интервьюда кыштагымдын образын, көркүн сүрөттөп айтып бералбайм да… Бир гана айтарым, ээн-эркин жашаган кишилер ошентип эшигинин алдында 6–7 сотых жерге ээ болуп, ошентип жашап калышпадыбы. А жер тарыганда кишилердин пейили да тарыйт. Дүйнөсү тарыйт. Мисал үчүн, бирөөнүн тоогу экинчи кошунаныкына кирип кетсе, ташка алып кубалап чыгат. Кыргыз ээн-эркин жашап көнгөн. Ошон үчүн пейили кең болчу. Ошо менен жашоо ыңгайы өзгөрүп атпайбы. Ал өзгөрсө, ой жүгүртүү да өзгөрөт.

– Өзүңүз билесиз, ушул эле темада В.Распутиндин повести бар, «Матёра менен коштошуу» деген. Ал бүт дүйнөнү дүң кылды. Ошол теманы жазган башкалардын, анын ичинде Сиздики эмне үчүн андай резонанс жараткан жок?

– Ал повесть меникинен он чакты жылдан кийин чыкты. Валентин Распутин абдан таланттуу, анан абдан акылдуу жазуучу. Мен ага өзүмдү салыштыра албайм. А кишинин артында улуу орус адабияты турат. Көп кылымдык традиция турат. Бул – бир. Экинчиден, биринчи эле сүйлөмүнөн баштап окууга, окурманга арнап жазган. А меники сценарий да. Сценарий көрөрманга ылайыкталат. Эпизоддон-эпизодго, сценадан-сценага өтүп дегендей, аттап-саттап жазгам да. Бул эми актануу, акчылануу эмес. Жөн эле экөөбүздүн талантыбыз эки башка, масштабыбыз эки башка деген кеп. Ал азыркы адабияттын классиги. Мисалы, биздин жазуучулар жазганды ал такыр башка жазып койгон учур арбын.

– «Живи и помнини» эске алып атасызбы?

– Ал дагы сонун повесть. Дезертир, дезертирдин аялы жөнүндө. Мындай карасаң, боло жүргөн окуя. Ата Мекендик улуу согуштан качкан качкын. Үйүнө качып келет. Өзүнүн мончосуна жашынып жүрөт. Акырындап аялына билинет. Аялы акырындап баарын түшүнөт. Акырындап күйөөсүнө күйүп, күйөөсүнө жан тартып, күйөөсүнө жардам бере баштайт. Акырындап экөө эрди-катын катары табышат, жатышат, өбүшөт дегендей. Анан боюна бүтүп калып атпайбы. Күйөөсүнүн ушул жерде экендигин билдирип албаш үчүн күйөөсүн качырышка туура келип атпайбы. Кар баскан чытырман токойго апарып, ошоякка жашырып, өзү күн сайын тынбастан тамак ташып, кийимин алмаштырып турат. Анысы коңшу-колоңдорго, айыл-апага билинип калат. Алардын арасында албетте, бир стукач болот да. Эл болгондон кийин. Ал органга билгизип атпайбы. Орган келиндин артынан түшөт. Келин артынан тушкөн сакчыларды билип калат. Өз эринен, сүйгөн жарынан эч качан айныбас аял эле да. Артынан аңдып келаткандарга эрин колго түшүрүп бербеш үчүн кайыкты Ангарага айдайт, ортосуна жеткенде боюн Ангарага таштап, агып кетет эмеспи.

Биздин адабиятта да дезертир жөнүндө жазылган повесть бар – «Бетме-бет». Ч.Айтматов жазган. Бул киши маселени башкача чечет. Идеологиялашкан жазуучу да. Кыргыз келин баягы дезертирден туулган баласын көкүрөгүнө туу катары, партбилет сыяктуу кармап алып, артынан советтик милийсаларды ээрчитип барып, жашынган үңкүрүнөн эрин кармап берет. Биздин кыргыз аялы – Чыкенин героинясы – Кычан Жакыпов же болбосо Павлик Морозовго айланып атпайбы.

– Конкурска келеличи. Эмне болду?

– Жабык конкурс болчу. «Көчөнү» жазып, «Красное небо» деген девиз менен өткөрдүм. Жюри мүчөлөрү Ч.Айтматов, Ш.Усубалиев, К.Өмүркулов баштаган дөө-шаалар экен. Баланча күнү, баланча саатта жюри заседаниеси башталды. А мен атайлап чечим чыккандан кийин келдим. Эми кичинекей деталь.

Менин сценарийим конкурска түшкөндө ошол кездеги абдан кадыр-барктуу режиссерубуз Мелис Убукеев окуптур дагы, абдан жактырып калыптыр. Меники экенин билбейт. Жюри мүчөлөрүнө, тактап айтканда, Шаршен Усубалиевичке айтыптыр: «Мен мунабу сценарийди окуп чыктым, мага абдан жакты. Эгер конкурстан ушул жеңсе, мен тартат элем. Автору менен иштешет элем» – деп заявка берип коюптур. Мага бир-эки күн кийин айтышты. Өгүнү сага айтып бербедимби, «Ак поюздун» айынан Убукеев экөөбүз араздашып калганбыз. Адам катары күн сайын саламдашып, күн сайын көрүшүп эле жүрөбүз, бирок ичибизде бар да кысталак. Эми ыраматылык Мелис келип, приемныйда отуруптур. Жюри мүчөсү эмес да. Кийин мага ушинтип айтышты. Жюри чечими чыкканга чейин отурду деди. Качан чечим чыгып, «Көчө» Мурза Гапаровдуку экендигин укканда, ал унчукпай кетип калыптыр. Ушундай киши да, эгер Мелистин амбициясы, кекирейген мүнөзү болбосо, «Мурза, куттуктайм, кел, кайрадан чогуу иштешели» – десе, экөөбүз борматуханы ортобузга коюп алып иштей берет элек да… Бай-манапский характери бар эле. Өткөндө да айтпадыкпы.

Ошентип «Көчөгө» үчүнчү сыйлык бериптир. Биринчи, экинчи эч кимге ыйгарылган жок. Бир кызыктыруучу сыйлык берилди, Улан Токомбаевдин Ленин жөнүндө сценарийине.

Сценарийди киностудия 6000 рублге сатып алды. Ага өзүң билесиң, бир жарым машине келет эле. Сценарийдин конкурстан жеңип алган катары кадыр-баркы жакшы болду. Анан баягы эле Геннадий Базаров досум басып келди. Аны менен деле сөгүшүп ажырашканбыз, «Ак поюздун» айынан. Эгер макул болсоң, мен тартайын ушул сценарийди – деди. Тарт, – дедим. Ага чейин мен дагы акыл-эсиме кирип калгам, автор катары. Кино коллективдүү искусство. Ал автордун айтканындай, жазганындай боло бербейт. Режиссердун айтканындай гана болот. Ыраматылык жердешибиз, атактуу кинорежиссер Динара Асанованын бир макаласын окугам: «Сценарий умрет, рождается кино» – дейт. Сценарий киного сиңип кетиш керек.

Иши кылып Генага мен зор ыраазымын, анан зор милдеткермин. Ушул фильмди тартты. Мени менен көп иштешти. Биринчи вариантым жакшы болчу. Бери калганда өзүмө өтө жакчу. Кайра-кайра оңдотуп жатып алышты. Бу жолу өзүбүздүн эле киностудиядагы чиновниктер. Бездарный эле кишилер. Кызматы гана бар. Мен баш ийип иштей бердим. Анда кино өткөрүү тозок эле: киностудиядан өткөндөн кийин республика Госкиносунан, андан кийин Москванын Госкиносунан өткөрүш керек. Ушундай бюрократиялык система болчу.

Ошентип иштеп, иштеп отуруп, мен жана сага айтып берген социалдык жагы мокоп отуруп, акырында комедияга жакыныраак, жеңилирээк, лирикалык фильм болду. Бирок өз учурунда эл дуулдап көрдү, державанын бардык дегидей республикаларына көрсөтүлдү, чет мамлекеттерге да сатылды.

Генанын мыктылыгы – ушул фильмге Кыргызстандын театр, кино корифейлерин тартты. Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова, Насыр Кытаев, Рысмендеева эмне деген гана айкөлдөр! Эми ушулардын бардыгы кайтыш болуп кетти. «Көчө» фильми, мындайча айтканда, «Ардак такта» болуп калды. Портреттери сакталган фильмге айланды. Мукемдин акыркы фильми ушул болчу. Башка көркөм фильмге тартылган жок. Болгону өзү жөнүндө телеочерк тартылды. «Көчө» азыр да көрсөтүлө калат. Көргөн сайын ошол кишилерди элестетем. Менин көчөм эмес, жанагы кишилердин көчөсү болуп калды.

Эми Алым, экөөбүздүн маек мемуар жанрына жакын. Менин чыгармачылыгым жөн эле сөзгө шылтоо. Канча кишилердин атын атап, арбагын ойготуп жатабыз. Кечээ Б.Бейшеналиев өлгөндө кыргыз киносу үчүн быйыл кыйын жыл болду деп кеп кылдык. Алгачкы режиссер эжебиз Лилия Турусбекованы, менин досум, таланттуу режиссер Үсөнжан Ибраимовду, Болоттун өзүн эскердик. Биринин артынан бири кетпедиби! Эми кечээ Төлөмүш Океев өтүп кетти деп, киночулар союзунан телефон чалышты. Кыргыз киносунун накта классиги эле. Улуттук колоритти мындай эч ким берген жок. Менталитетти мындай эч ким билген жок. Биздин Төкөм менен кыргыз киносунун бир доору кошо кетти. Бирок кийинки муунга, кийинки киночуларга өзүнүн «Бакайдын жайытындай» болгон жашыл чөптүү жайлоосун жана мен айткан кара топурактуу кыртышын таштай кетти. Андан Төлөмүш Океевдей таланттар өсөт деп ишенем, ишенгим келет. Кайран Төкөбүз, өзү сүйгөн, өзү күйгөн, өзү ардактаган Ата Журтун оор онтотуп, оор үшкүртүп кетти.

Алым ТОКТОМУШЕВ

2001-ж., 21-декабрь

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *