Милиция кызматкери жээк бойлоп келатса, сууда агып бараткан уйдун жампасы кыйкырат:
— Саломалейкум, кесиптеш!
— Оозуңа карап сүйлө, мен сага кайдан кесиптеш экем?!
— Кесиптеш элесиң! Анткени, сен да, мен да ички органдан болобуз да!..

* * *
— Менин ташбакамды көрдүңбү?
— Көрдүм, аның менен короодогу балдар жаңгак чагып атышат ко.

* * *
Ресторанда:
— Официант, эмне үчүн вазадагы гүлдөр жасалма?
— Биздин ресторан вегетериандык болгондуктан, клиенттерибиз жандуу гүлдөрдү арактын артынан жыттап туруп, чайнап салышат кен…

* * *

Гаишник жол эрежесин бузган машинаны токтотот:
— Жол жээгиндеги «40» деген белгини көргөн жоксуңбу?
— Көрдүм.
— Анда эмнеге 100 сомго ылдам айдадың?

* * *
Эки чөнтөкчүнүн сөзүнөн:
— Биздин укугубуз көз көрүнөө тебеленип, өлкөдө башаламандык, мыйзамсыздык күчөп кетти.
— Анча эмне болду саа?
— Кечээ, троллейбуста көзайнекчен пенсионердин чөнтөгүнөн акчасын алып чыкканча, ал шумпай манжамдагы алтын шакекти сууруп кетиптир.

* * *
Айылдык короз шаарга келет. «Народный» дүкөнүнүн алдындагы көз кызарткан гриллдерди көрүп:
— Э това! Айылдагы тооктор кайда десе, шаарга келип стриптиз бийлешет турбайбы? — деген экен.

* * *
Адатынча концертке кечигип келген кыргыз орундукка көчүк басары менен жанындагыдан сурайт:
— Оркестр кайсы обонду… ырдап, жок… неметип атат?
— Чайковский… омей…Маяковскийдин бешинчи симфониясын.
— И-ий ата-а! Бешинчисине келсем, иттей кечигипмин ээ?!

* * *
– Соңку мезгилде чиновниктердин арасында мурут өстүрмөй модага айланыптыр.

– А эмнеге андай экен?

– Көрсө, ак үйдүн 7-кабатындагылардын өпчү жерин өпкөндө, шефтердин кытыгысы келип, абдан жагат экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *