Ашым ЖАКЫПБЕКОВ

Новелла

“Эки адам тоого чыкса, бири көлчүктү көрөт, бири көлчүктөгү айды көрөт”
Эл сөзү

БАШЫ

Андан бери үч жыл өттү. Мен кайра шаарга көчүп келгем. Айылда чыдап бир жыл араң жашадым. Айылда туулуп-өскөнүм менен, жат болуп калыпмын. Алган билимим да, үйрөнгөн кесибим да айылга ылайыксыз экен. Же мугалимдик, же трактористтик жумушка жарабайм. Айыл эли боорукер эмеспи, сыйлап турушту. Бирок жыл маалы эле сый боло бермек беле, ар кимдин өзүнчө тирилиги бар. Эл тирилигин кылып жатса, солдоюп көчөгө жалгыз батпайт экенсиң. Өндүрүш бригадасына эсепчи бол деди. Мунусу сый эмес эле. Бирок ага да эбим келбеди. Анан алардын да айласы түгөндү, өзүм да мүңкүрөй баштадым. Эр болуп үй бакпасам, билимдүү болуп жумушка жарабасам… «Кой, – дедим өзүмө, – алдыга кеткендердин чаңында жүрсөм да, шаардагы жолума кайра түшөйүн». Жылдызынан адашкан жолоочудай болуп, кайра шаарга көчтүм. Турмуш кенен да: бир коңулунан кызмат, бир бурчунан баягыдай квартира таптым. Өз башыма өзүм мээнет үйгөн жаным, ушинтип жашоону кайра баштадым.

Эмнегедир былтыртан бери оорукчал болуп кеттим. Ошол үчүн бу жайда бир ай көлгө келгем…

Кече күнү ойдо жок жолугушуу болду. Көлдөн чыгып, кумда жаткандарды аралап келатат элем. Бет алдыман бир келин оро-пара боло берди. Күнгө денеси тотугуп калгандардын арасында ал аппак эле. Жанында жигити бар, анын эти да тотуккан. «Жаңы келгендерден го… Жаныбарым, жакшы мал экен»,– деп эркекчилигим менен ичимен жымыйып койдум да, ошол замат кандайдыр кылт түкшүмөлгө жүрөгүм солк этти: «Ошолбу?.. Кайдан…» Өтө берип кайра кылчайсам, келин да жалт бурулуп карап калган экен. Көздөрүбүз урунуша калып, жүрөгүм титиреп кетти. Ал да мендей болдубу, көзү жалжылдады. Бирок жигити шаштырып:

– Жүрө берсеңчи коомайланбай, жаңы чечингенде дайым ошондой болот,– деп нары ээрчитип кетти.

Мен ордумда селейип, артынан карап турдум. Ал кайра кылчая албады, бирок дагы бир карагысы келип баратканы аппак далысынан билинип баратты.

Мен катуу толкундандым. Бир аз турдум да: келиндин караанынан көзүмү албай, ошол турган жериме отурдум. Тооба, мындай жолугушуу болот деп мен эч качан үмүттөнгөн эмес элем. Анын качанкы бала кездеги апакай банттуу элесин гана кээ кездерде эстеп калганым болбосо, даргөйүмөн биротоло чыгып калгандай эле. Эми карачы…

Жигит аны колдон алып, сууга киргизди. Келин да мендей абалда болдубу, анысын билдирбеске каткырып күлгөн болуп башын чайкап кылчактап, жээктеги эл арасынан мени издеп калып жатты. Мен отуруп алганга ага көрүнбөдүм окшойт. Сөздөрү даана угулбаса да, күлкүлүү үндөрү жетип турду. Жигит аны улам тереңге тарткылап, өзүнчө жыргап баратты. Келин сыр билгизип, анын көңүлүн сындырбаска шаңкылдап күлүп, башын чайкап толгонуп, бери боло калганда эл арасын жалт-жалт карап жатты. «Унутпаган экен» – деп ойлодум. Жүрөгүм элжиреди. Жигитинен бөлүнүп, тезирээк чыгып келсе деп шашып отурдум. Келин да аны ойлоп, бирок жээкке бир келбей жатып жигитин жалгыз таштап, башка бир таанышына ашыкканы адамкерчилик болбой каларын дагы ойлоду окшойт, суу көкүрөгүнө жеткен тереңде жигитти мойнунан кучактап, аптыгып күлүп турду. Эми ал жанагысындай жээкти улам карай бербеди. Мен ызаландым. Кайра ойлодум, балким, так ал мен ойлогондой ойлогон эмес чыгар, мен өзүм эле каалаганымы чындык кылып жаткандырмын. Буга ого бетер ызаландым…

Салима! Салима!.. Чын эле ушул сенсиңби? Теңге чөпкө конгон ак көпөлөк тариздүү татынакай, кичинекей, апакай кыз сен белең. Алтынчы класста экөөбүз бир партага отуруп окубадык беле?.. Балдар бизди бирин бири сүйөт деп тамашалачу эле. Ага арданчу элек, айрыкча мен… Ортобузда чын эле кандайдыр сезимтал жакындык бар эле. Бирок аны сүйүү деп оюбузга да, оозубузга да алган эмеспиз. Ал бир өзүнчө жүрөктүн толтосун ысыткан жагымдуу сезим эле… Ошол Салима сенсиңби?.. Сен шакылдаган ачык-айрым, бажырайган бото көз, күлгөнү да, ыйлаганы да (ооба, бир ыйлаганын билем) сүйкүмдүү кыз элең. Мен болсо, сезимдерин ыйык көрүп ичине терең каткан, сага да айткысы келбеген, түнөргөн кара бала элем. Ошол Салима сенсиңби?.. Бирин бири сүйөт деген балдардын тамашасын шылдың көрүп корунуп, ал кордуктан кутулуш үчүн, мен бир жолу сага орой айттым. Сен бакырайып тиктеп алып, анан ыйлап жибердиң. Ошол түрүңдү көрүп алып, кайра жети өмүрүм жерге кирген. Баарыңар тарап кеткиче, ээн жолдо эңгиреп жалгыз отурупмун…

Андан кийин экөөбүз жолуктукпу же жокпу, билбейм. Бирок мен жолугууну каалаган эмесмин. Анткени өз күнөөмү мойнума алышка батынбагам, сенин жүзүңү кайра көрүштөн жүрөксүнгөм. Ошол күндөрдүн биринде сенин туулган күнүң болмок эле. Сен мурда мени чакыргансың. Мен эмне белек алпарарымды билбей жүрсөм, апам эки тал чийге кызыл-тазыл жибек ороп, куурчак жасап берген, ошону алпар деген. Апам сени билчү, атүгүл экөөбүздү бирибиздикине бирибиз катташып, баш тийиштирип бир отуруп сабак окуганыбызды билчү, эми ойлосом ошого апамын ичи жылып, жетине албай жүргөн белем. Алиги куурчакты ошол үчүн жасап берген тура. Ага мен уялып… Анан силер көчтүңөр. Көчөр алдында сен биздикине келипсиң, мен жок элем. Келсем апам айтты. «Эмнеге барбайсың, белегиңди али берген жоксуңбу?» – деп жемеледи. Сенин көчөөрүңдү укканда мен коркуп кеттим. Куурчакты алган бойдон жүгүрдүм. Көчөнүн башына жеткенде жүгүңөр салынган машина айылдан чыга берди. Жүктүн үстүндө сен, папаң экөөң (шаарда өскөндүк кылып атаңы «папа» дечү эмес белең) отуруп баратканыңарды алыстан көрдүм. Чымын-куюн болуп артыңардан жүгүрдүм. Бирок машинага жетмек кайда, көчөдөн чыккан жерде машинанын чаңына аралашып кала бердим… Ошол Салима сенсиңби?..

Жүрөгүм ооруп кетти. Күн куйкалап баратат. Жигити таанып коюптурбу, Салимага жакыныраак барып сууга түшөйүн дедим да, кайра айныдым: Салиманы кысынткым келбеди. Ордуман жылып, телпектин көлөкөсүнө отурдум. Аңгыча Салима да жигитинен бөлүнүп, бери карай көл жиреп басты. Ал үшүдүм дегенби, жигити артынан кыйкырганы угулду:

– Салима, көлөкөгө отур, сразу күнгө күйбө!..

Салима ага кайрылып баш ийкеди да, аппак денесинен суу тайгаланып, пери өңдөнүп көлдөн суурулуп чыгып келатты. Мен апкаарый баштадым. Жана алактап байкаган эмес экем, карап отурдум: мүчөсү көрктүү келин болуптур, келин курагына ылайык саал толуңку; анысы ого бетер сулуу көрсөтүп, маңкаят… Ал көзү менен эл арасынан (кыязы, мени) издеп жээкке чыкканда ордуман турдум. Ал көрдү да, түз мага баспай башка телпектин түбүнө кетти. Кыз кезинде мектептин тегерегинен же жолдон көрө калса: «Ай токточу…» – деп, башка кыздардан бөтөнчө аппак алжапкыч, апакай бантчан шакылдап жетип келчү эле. Анда мен: «Балдар көрсө дагы тамаша кылат, эмнеге келатат», – деп кысынып турчумун. Азыр каалап турганымда антип түз келбей, буйтап басып кеткенине ичим ачышса да, байыстуулугуна ыраазы болдум. Ал бош телпек таап, көлөкөсүнө отурганда жанына бардым. Жүрөгүм лакылдап, көмөкөйүм кургап кетти.

– Салима… Саламатсыңбы, Салима, – дедим аптыгып. Ал эндүү сүлгү жамынып, тизесин кысып, нары толгоно чачынын суу болгон өрүмүн сыгып, отурган экен. Менин барарымы билип, күтүп, көкүрөгү көтөрүлө өрөпкүп отурган окшойт. Курулай каада кармап таанымаксан болбоду, үнүм чыкканда жалт бурулуп, ичтеги толкунун баса албай жалжылдай тиктеди да:

– Сенсиңби? – деди.

Анан толкундап көл бетине көз жиберди. Мен да көлдү карадым. Жигити нары карап сүзүп бараткан экен. Эмнеден сөз баштоону билбей аптыгып калдым.

– Кандайча?.. – дедим мукактана.

Ал түшүндү, абалымы сезди. Ушунча жылдар бою көрүшпөй, көрүшүүнү ойломок турсун, унутушуп баратканда жолуксаң, мурдагы күнү көргөн таанышың менен сүйлөшкөнсүп жөнөкөй ал-жай сураша албайт экенсиң. Же ысык кучакташып калар да жөнүбүз жок эле. Башка сөз керек болду, аны мен таппадым. Бала кездеги мамилебизди тапатандан эскерте кетүү ылайыксыз болду. Табиятында эркектен сезимтал болгону менен тар жерден жол тапкан аялдардын эпчилдиги мына ушундайда жардамга келет. Салима менин элесимде аппак бантчан, бакыраң көз кичинекей кыз бойдон жүргөнү менен, бу кезде эс токтоткон келин болгонун азыр байкадым: менчелик эле толкундап отурганы сезилип турса да, анысын басып, ортобузда эч кандай ылымталык болбогон сыңары, азыр гана таанышып отурган кишиче:

– Кайда иштейсиң? – деп жөпжөнөкөй сурады.

Мен ушинтип андан сурасам, балким, тоңдоосун чыгар беле. Бирок Салимага таарынбадым, кайра туюктан чыгарганына ыраазы болдум.

Ушинтип, оболу бири-бирибизге үзүк-үзүк суроо беришип, анан акырындап сөзгө кирдик. Салима азыр үй-жайлуу болуптур. Тиги көлдөгү жигит күйөөсү экен, бу биз жаткан санаторийде эс алып жатыптыр. Эки балалуу болуптур. Азыр үй-бүлөсү менен Пржевальскиде турат экен. Ошол шаардагы пединститутту бүтүптүр. Өзү азыр шаарда экен, күйөөсү менен учурашып кетүү үчүн бүгүн келиптир.

– Эмне, кайра кайтасыңбы?

– Эртең.

Ичимде бир сезимдин кылы үзүлүп кетти. Сөзүбүз кошо үзүлдү. Экөөбүз тең тунжурап көлдү тиктедик. Күйөөсү бери карай сүзүп келатыптыр. Салима оңтойсуздангандай ордунан козголуп калды. Мен жанынан турдум. «Күйөөң кызганчаакпы?» – деген суроо тилимин учуна келе түштү, кайра тиштендим: ушундай асыл туткан адамымдан антип сурашым арсыздык болор эле, аны орусча «пошлость» деп таасын айткан. Коштошподук, дагы жолугушабыз деп убадалашпадык, жүрөгүм өйүй тартып четтеп басып кеттим.

Ошо бойдон Салиманы кечки тамакка барганда көрдүм. Мурда элес албапмын, күйөөсүнүн столу биздикинен алыс эмес экен. Салима экөөбүз көз кыйыгыбыз менен бири-бирибизди көрдүк да, экинчи карашпай тамак ичтик. Күйөөсү мындагы тамакты начар даярдашарын наалыппы, же башка нерселерденби, тез-тез сүйлөп жатты. Салима ага туш келди баш ийкеп коюп, кээде укпай калгандай күйөөсүн тиктейт: анын ою башкада болуп отурду. Тамактан кийин көрө албадым. Издеген да жокмун, жок нерседен күйөөсүн шек алдыргым келбеди. Эч жакка чыкпай бөлмөдө жаттым.

Ал түнү көпкө уктабадым. Ардемелер ойго түшүп, өткөн өмүр кайрадан элестеп, жүрөгүм ооруп жатты. Адатынча оюм менен жүрөгүм эки жаат болуп алып, жаакташканга кирди. Ал экөөн жараштыра албай, жараштыргым да келбей, тыянагы эмне менен бүтөрүн билгим келип, өзүм ортодо болдум.

«Эмне үчүн мен ушундай жаралгам? – деди жүрөк өзүнчө сыздап. – «Курдаштардын тамашасынан корунуп, бала күнүмдө Салимадан айрылдым. Балдар Салимага жетпегени үчүн ошентишти, а мен колумдагы ырысымды төктүм. Бул эмне, мүнөзбү, же табиятымбы?»

«Табиятыңан начарсың» – деди ой дароо.

«Эмне? А-а, сен белең, куукаптал. Сенин айтарың ошол да. Кычыткың бар эмеспи».

«Мына, чынын айтсам ызалана баштадыңбы! Ушунуң үчүн начарсың. Болбосо качанаак аталат белең. Шаарда окудуң, шаарда иштеп калдың. А кезде окууну бүтүп, каалагандын баары эле шаарда кала алчу эмес. Сен иштеп жүрдүң, бирок башкаларчылап жашоо үчүн күрөшө албадың, айылга качып бердиң».

«Аның ырас,– деди жүрөк, – бирок мен жашоодон эмес, кошоматчылыктан, карөзгөйлүктөн качтым».

«Койсоңчу, – деди ой ого бетер кыжырын келтирип, – баягы жел ооз сөздөрүң кала элекпи. Эсиңдеби, институтту жаңы бүткөн кезде сен өзүңдү ким көрдүң эле? Бу дүйнөнүн аруулугу үчүн жаралган жалгыз өзүң сыяктуу жүрчүсүң. Бу дүйнөгө кандай периште болуп келсең, элдин баарын өзүңдөй кылып тазартып, анан кетчүдөй ойлочусуң. Кийин Кадыралылар жер үстүндө шаңдуу жүрүп, сен аларга теңеле албай, алардай жашай албай мүңкүрөй баштаганда турмуштагы ордумду айылдан издейм деген жок шылтоо менен өзүңдү алдап, качып жөнөдүң.

Ыраспы?» «Ырас. Бирок ойлосоң да, тайкы ойлоносуң. Мен бу дүйнөгө курсак тойгузуп гана жыргап өтөйүн деп келген эмесмин…»

Ой анын сөзүн бөлдү:

«Мунуң эски сөз. Качканыңы айтчы, начарлыгыңанбы?»

«Жок, мен Кадыралылардан жийиркендим…»

Ой адатынча үстөмөндөп алды:

«О-о, кайраным, дагы эле өзүңдү өзүң алдап жүрөсүңбү! Оозуң барбаса мен айтып берейин: Кадыралы максатына жетиш үчүн адамдар колдонуп жүргөн бардык амал-айлаларды колдонду. Ал утту. Андайларды күчтүүлөр дейт. А сен, андайлар менен күрөшүп, дүйнөнү тазалап кетчү сен, аларга теңтайлаша албадың, жеңилдиң. Жок, күрөшүп жеңилген да жакшы, сен күрөшө албадың, күрөштөн жүрөксүп качтың».

«?..» – жүрөк өйүп турду.

«Анан айылга барып эмне таптың? – деп ой биротоло желкелеп алды. – Эчтеме? Айылдагы эл жашабай эле, ак шоокумдун ичинде ырдап жаткандай ойлогонсуң. Барып көрсөң, аерде да күрөш бар экен. Эсиңдеби, баягы түлкү заңдап кеткен кулжанын куу башы? Сен ошо болдуң. Дагы ошол алыңда мергенчилер кылымдардан бери басып жүргөн жолду жерип, аскадан өзүңчө жол издедиң. Анан эмне болду?»

«Жок, жок, ой, тантырап баратасың. Чабалдык кылсам кылгандырмын, бирок өзүнчө жол издөөнүн эч жамандыгы жок».

«Жакшылыгың ошо асканын арасында өлүп кала жаздаганыңбы?»

«Өлүп калышка да болот. Жаңы жол издеш деген күрөш, бири өлсө экинчи бирөө табат…»

«Анан өлө турган болгондо итке жалынат дечи?..»

«Ажыкыстанба. Ой болгонуң менен ага акылың жетпейт. Сен ойлогон Кадыралынын күрөшү күрөш эмес, жанбактылык».

«Бирок ал күчтүүлөргө кирет. Өзүң айткансың. Эсиңдеби? Баягы аэропорттон кызуу кайткан түнчү?..

«Арам күчтүүлөргө кирет де!..»

«Макул, арам эле болсун. А баягы Туюк-Төрдүн оозунда жатып көргөнүңчү. Саятчыга аркар алып өткөн эки бүркүт эсиңдеби?»

«Алар кандай күчтүүлөр?»

«Мен бүркүттөрдүн бийиктигине, адилдигине суктангам…»

«Адилдиги ошобу, сен көздөгөн бейкүнөө аркарды алып кетти го…»

«Кадыралың карышкырга окшош, тийсе кырып кетет. А бүркүт асылдарга кирет, алса бирди гана алат, бүлгүн салбайт. Айырмасы бар бекен?»

«Анан сага окшогондор Салимасынан айрылып, жел кыялы менен кур жалак калат дечи?»

Жүрөк эриксизден күлдү:

«Оңбогон митаамсың ээ, ой?..»

«Ээ, байкуш жүрөк, сезимиң бар, эсиң жок… Иши кылып аман бол…»

Жүрөк тереңдигиндеги акыйкатын түшүндүрө албаганына ыза болуп, кулжуюп тынч жатты. Ой болсо аны артынан карап, кытмыр күлүп, ойгоо турду.

Булардын талашынан дайындуу тыянак чыкпасына көзүм жетип, мен уйкуга кеттим.

* * *

Эртеси Салима жөнөдү. Күйөөсү автостанцияга жөнөтүп барды. Айлам кетти. Жакшылап бир сүйлөшө албай каламбы деп корктум. Экөөн артынан акмалап, автостанцияга мен да бардым. Салима менин ээрчип баратканымы көрдү, сыр бербеди. Мен да жакын жүрүп, күйөөсүн бушайман кылгым келбеди. Автостанцияда эл көп экен. Салима автобуска түштү. Четтен карап чыйпылыктап мен турдум. Автобуска эл шыкалып толду. Күйөөсү ооздон сүйлөшүп, чарбачыл неме окшойт, тапшырмаларын айтып жатты. Автобус жөнөмөй болду. Мен чыдабадым, түрткүлөп жатып эптеп кирдим. Жөөлөп өтүп баратсам күйөөсү мени карап бүшүркөп тааныды, бирок автобуска түшкөнүмө маани берген жок.

Автобус жүрдү. Күйөөсү калды. Салимага жете албай, артта тыгылышкан жүргүнчүлөрдүн кысындысында бутум жерге тийбей мен бараттым. Автобус жүрө бергенде Салима мени эстей койдубу, терезеден далбастап сыртты, эл ичин карады. Мени издедиби, же күйөөсүнө айтылбай калган сөзү болдубу, билбейм өзүмө жорудум да, ичим жылыды. Эптеп түрткүлөшүп ага артынан жакындай бердим. Жетип ийнине кол койгонумда Салима жалт карады да, сүйүнүп кетти, күлүп жиберди.

– Мен сени калып калды го дедим эле, коштошууга жарабай…

«Коштошууга жарабай» дегени кадимки бакыраң көз, ачык-айрым кыз Салима эле, бирок анысына азыркы келин Салиманын какшыгы кошулуп турду.

– Бир жолу коштошпой калам деп он беш жыл жоготтум, эми коштошпой калсам кайра көрөрүмдү ким билет.

Салима ал кезди эстеди, көзү коймолжуп, жаркылдаган тамашакөй кебетеси өзгөрүлүп, бет алдын ойлуу тиктеп калды.

– Өзүңөн… – деди анан билинер-билинбес кейиш менен.

Кечеки сүйлөшкөнүбүздө кандайдыр сый кармануу бар эле, азыркы кебетесине жүрөгүм лакылдап кетти, кучактап өпкүм келди. Бирок элдин көзүнчө кайдан…

Кучактап өбүү демекчи, ойлосом, кечетен бери бу дүйнөдө Салимадан башка жакын кишим болбогондой жагымдуу ысык сезимде жүрөм. Бирок баягы-баягы экөөбүз кол кармашып жүгүрүп жүрчү бала кезде мен Салимага тике карап, бир жылуу сөз айттым беле? Эстей албайм, ошого өкүнөм.

Автобус бир топ жүрүп алды.

– Эми сен кайда барасың? – деди Салима.

– Билбейм… сени менен жай олтуруп сүйлөшсөм дедим эле.

– Сүйлөшкөндө эмне. Көрүштүк, учураштык, башка эмнени сүйлөшмөкпүз. Же бирдеме өзгөрүп кетмек беле андан. Бала кез өттү-кетти… кайра кайрый алмак белек, – деди Салима бет алдын телмире тиктеп.

– Ошондо да… жөн эле сүйлөшсөк…

Салима мага жүзүн көтөрүп, түшүнгөндөй сүйкүм жылмайды да, башын чайкады. Мен толкундап кеттим.

– Түшүп калчы, кийинки автобус менен кетерсиң.

Салима бир саамга ойлонуп барды да:

– Кой, – деди. – Бекер өзүбүздү кыйнаганда эмне.

Мен эмне кыларымды билбедим, жанында туруп бара бердим. Салима мага жакын да, алыс да болуп көрүндү. Кала бергим келбеди, каерге чейин бара береримди да билбедим.

Далай жерге бардым, улам бир кыштакты мээлеп, жол акымы үч кайталап төлөдүм. Автобустагы жүргүнчүлөр суюлуп, Салиманын жанындагы орун да бошоду. Жанаша отуруп бараттым. Анын денеси денеме тийгенде көңүлүмө өрт кетти. Мен Салиманы өзүмөн купуя чындап сагынып жүргөнүмү ушунда билдим. Ажырап калыш эми ого бетер оор болду.

Салима барар жолдун ортосуна жеткендей болдук. Автобус бир чоң кыштакка токтоду. Жүргүнчүлөрдүн түшкөнү түшүп калып, нары жөнөчүлөрү он беш мүнөт убакыттан пайдаланып, түштөнүүгө кетишти. Салима экөөбүз бакка кирип, жеңил наар алдык да, көлөкөдө аркы-терки басып турдук.

Мындан ары ээрчип бара беришим кажетсиз болду. Алиги сезим: Салима мага эң жакыным да, биротоло кайра колго тийгис жоголгон эң алысым да болуп көрүнгөнү көңүлүмө орноп алып мени кыйнай берди. Ортобузда бала кезде жылт этип өчкөн, кечетен бери гана кайра козголгон мамилебиз жөнүндө кайталап сүйлөшпөдүк. Демейки иштерибизди айтыштык, адрес алмаштык. Ал ортодо он беш мүнөт да өтүп кетти. Автобустан сигнал угулду. Жанатан бери тынчып, атүгүл түңүлгөнсүп калган элем, кайра аптыга баштадым, Салиманы дагы жоготкум келбеди. Эмне дээримди билбей:

– Салима, калчы? – дедим.

Салима күлдү.

– Сен баягы эле бойдон турбайсыңбы…

Ал колун сунду. Мен колун алып, кучактоого өзүмө тарттым.

– Кой,– деди Салима,– таза нерсе таза бойдон калсын.

Муну айтарын айтып алып, жакшынакай көзүнө жаш кылгыра түштү. Мен кайра умтулбадым, бирок ичим куйкаланып, жанында араң бараттым. Бактан чыга бериште коштоштук. Автобуска чейин узатып барышымды ал каалабады, мен да туура көрдүм: баары түшүнүктүү болуп турганда куру сыпайкерчиликтин кереги эмне.

Ошентип, Салима кетти. Жол боюнда мен дагы жалгыз калдым. Тегерегимде эл көп эле, бирок мен ээн талаада барар жагы, издээр максаты жок кишидей ичим эңшерилип, жалгыз турдум.

Ал күнү санаторийге кеч кайттым. Көңүлүм бузулуп, адатымча өзүмөн өзүм чөгүп ичтим. Жалгыз отуруп ичкендерге таң калчу элем, көрсө болот экен. Санаторийге жеткенимде түнкү саат он-он бир болуп калган эле. Тоодон шамал катуулап согуп, асман алай-дүлөй болуп келатты. Көлгө барып бир чөмүлүп кайткым келди.

Жээктеги оттор толкундардын жалында сүрдүү ойноп, көл бетин караңгы түн басып түнөртүп турган экен. Жээк шарпылдап, толкун күчөй баштаптыр. Мен жээкке жакындаганда толкундарга чайпалган жалгыз кайык көрүндү. Кайыктар пирстин түбүндөгү сыпайларга байланчу эле, бул кайык кайдан бошонуп кеткен, же ошол пирс тараптан толкун айдап келгенби, же сейил кургандар бош таштап кеткенби? Кароолчу чал байкуш эртең бир кайыктын кунун мойнуна артабы. Шамал айдап кете электе кайыкты кармап калгым келип, шашыла чечиндим. Бул учурда кайык жээктен жыйырма метрче алыс эле, мен муздай баштаган кум үстүнө чечинип, көлгө киргенче кайык жээктен элүү метрче алыстап кетти. Түрүлүп жөнөлгөн толкунга артыла жыгылып мен да артынан жөнөдүм. Сүзгөндү көп жакшы билчү эмес элем, жээктен сүрүлгөн толкундар удаама-удаа артыман келип, желкемен түрткүлөп, тез алып баратты.

Толкундун кырына чыга бергенимде кайык көрүнөт. Ал жанагыдан да алыстап алыптыр, көлгө сынып түшкөн куштун чалгыны сыңары кичирейип көрүнөт. Муздак суу денени чыйрыктырып эсиме келдим. Кайыкка жетер эмесмин. Аны куусам артынан мен да кайтпай жоголчудаймын. Артыма кылчайсам, жээк кадыресе алыс калыптыр. Күр-шар эткен толкундар мени түнөргөн капкара көл үстүндө чабындыдай чайпап жүрөт. Корктум. Кайра тарттым. Толкун бет алдыдан жүргөндө ага каршы сүзүү кыйын экенин уккан элем, эми өзүм туш болдум. Бат эле көкүрөгүм ачышып, муундарыман каруу кете баштады. Азга эс алып токтоло калсам, толкун мени артка, көлдүн тереңине алып баратканы сезилет. Айлам кетти. Жан талаштым. Толкундарга тике каршы сүзбөй, кыйгачтап сүздүм. Тоого деле тике чыкпай кыялап чыгарды эстедим. Көл үстүндө кыялап, жээктеги отторду карай далбас уруп бараттым.

Жээкке чыгып жыгылганда эстен тана жаздап араң калган элем. Баш көтөрүп көл бетин карасам, ак кайык сынып түшкөн чалгын мисал – алдагайдан көздөн учуп, караңгыга сиңип бараткан экен.

Ал кайрылгыс болуп кетип баратты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *