«Мекендеш» рубрикабыздын бүгүнкү мейманы Россиянын Москва калаасында эмгектенген мингранттарыбыздын бири, акын эжекебиз Бактыгүл Сейитбекова болду.

– Бактыгүл эже, арыбаңыз… Канча жылдардан бери тышкы миграциянын көйүн өз жонтериңиз менен сезип-туюп келаткан чыгармачыл адамсыз. Андыктан артта калган азаптар менен бүгүнкү жетишкендиктериңиз туурасында сөз курар учур келди го дейм. Же дале жан үрөгөн тирилик менен алышып жүрөсүзбү? Дегеле ушул тапта эмне менен алексиз, жанга жай турмушка жеттиңизби?

– Саламатчылык. Албетте, азыр бир топ жетишкендиктер бар. Келген жылдар менен азыркы учурдун айрымасы абдан эле чоң. Заман да өзгөрдү, биз да өзгөрдүк дегендей. Ал кезде эртеден кечке жайкы каникулда уулумду жетелеп иштечүмүн. Окуусу башталганда окуусуна жеткирип, кайра тосуп алып, кайрадан базардын жумушу менен алектенчүмүн. Самолет дегенге дээрлик түшкөнүм жок. Кыргызстанга бир жылда бир гана жолу уулум окуусунан тараганда барчуубуз. Азыр болсо ар бир эки айда Кыргызстанга самолет менен учабыз. Базарда болсо кыздар иштейт. Мен көзөмөлдөп гана турам. Бир топ максат-тилек ишке ашты. Бирок ар бир жетишкен ийгиликтин артында чоң мээнет, кажыбаган кайрат, чыдамкайлык сабырдуулук турду. Кудайга шүгүр азыр баягыдай оор жумуш жок.

– Россияга кеткениңизден берки жылдар аралыгы канча болуп кетти? Канча жашыңызда сыртка кеттиңиз экен?

– Россияга келгениме көп жыл болду.1997-жылдан бери ушул жактамын. 34 жашымда келгем. Быйыл туура 19 жыл болуп калат ко. Өмүрдүн кызык кези ушул жакта калды окшойт. Иш менен алек болуп убакыттын кандай өткөнү билинген жок. Улам бир максатты алдыга коюп, ошол беттеген максатты ишке ашыруу менен күрөшүп жүрүп ушунча жылдарды арытыптырмын. Дагы деле тактык, кылдаттык болбосо чет жерде тирлик кылуу өтө кыйын. Ар бир ишке олуттуу мамиле кылууга туура келет…

– Мурдагы мезгилдерде Россияда эмгектенген мигранттар арасында көчө шыпырып, даараткана жуугандарга намыстанган мекендештер болуп калар эле. Ошол учурларга салыштырмалуу азыркы тапта кыргыз мигранттары кыйла жеңил жумуштарда эмгектенерин айткандар да бар. Эгер чын эле ошондой болсо, мунун себептерин эмнеден деп ойлойсуз?

– Келген мигранттар ар түрдүү болот, ар кимисинин кыял-жоруктары да ар башка… Бул жерге атайы иштегени келгенден кийин иштөөгө мажбур экенин сезгени бар, сезбегени бар. Эгер жалкоо болбосоң, иш сөзсүз табылат. Таза иштеп, так жүрсөң иш сени өзү издейт. Менин тааныштарымдын арасында иштен намыстанган адамдар жокко эсе. Тескерисинче, өзүм баш болуп баардыгыбыздын экиден жумушубуз бар. Бул жакта кошумча иштер (подработка) көп эле табылат. Мен өзүм да «Комфорт» деген компанияда кошумча иштерди жасайм. Мен билгенден, кыз-келиндер арасында иштен сетиркебеген, намыстанбаган мээнеткечтер абыдан көп; өздөрү жана жакындары үчүн жан үрөп иштеген.

Албетте, мурдакы мезгилдерге салыштырмалуу – азыр бир топ жакшы жумуштарда иштеген мекендештерибиз арбын. Алардын алды Москванын чок ортосунан үй алып, дача алып, кымбат машиналдарды минип, бизнес ачып ирденип кеткендерине сыймыктана алабыз. Ошол эле убакта алардын көбү бул жактын эмес, кыргыз жарандыгы менен жүргөнү да чоң мааниге ээ дейм. Андай мекендештерибиз коомдук иштерден сыртта калбай, уюмдарды, диаспораларды түзүп, баш көтөрүп калышканын кубаттасак болот…

Менимче, ар бир ийгиликке жетишкен мекендешибиз Кыргызстанга кайтпай койбойт. Буюрса, өзүм 2017-жылы Россия менен коштошом… Мекенге кайтаар кез келди деп турам. Чет жерде канчалык жакшы жашоо болсо да, бирок өз мекениңе жетеби. Ар бир мигранттын карегинде Ата-Журт бар. Көздөн учуп, кусалык арттырып, эңсетип, дегдетип турат. Деги эле миграция токтосо кандай жакшы болмок. Тилекке каршы, өлкөбүздө миграция агымын токтотуу саясаты өз деңгээлинде улантылбай келет.

Азыр албетте, эмгектенем деген адамдарга Кыргызстанда деле жашоо оңдуу болуп калды. Чет жерде жүргөнгөбү, айтор, ар бир жолу барганда мекениңдин ал абалына абдан көз жүгүртүп ойлонбой койбойсуң. Элдин абалы азыр кыйла жакшырды. Мамлекетибиз жөлөк пулду олчойто берип, пенсияны көбөйтө албаса да кыргыз эли өзү кыйын калк экен: эгемендик жылдарында канчалаган келин-кыздарыбыз, ишке жарамдуу албан-субандай жигиттерибиз чет жактарга жапырт кетип, бүгүнкү күндө ошолор эле мамлекет салыгына чоң жардамдарын берип келатышат. Сыртта жүргөн мигранттар бешене тер менен тапкандарын бир гана өздөрүнүн ата-энелерине, жакындарына бербестен, Кыргызстандын өзүнө жардам кылып тырбаңдап келатышат. Бийлик башкаргандар ошолордун мээнетин унутпоого тийиш. Чоңдорубуз мигранттарды мекенге кайтарууну ойлоно турган учур келди. Кылаарга иши жок, уйкусурап олтуруп улам бир элге күлкү боло турган тема көтөргөндүн ордуна жаштарга иш таап берип, жумушчу орундарды тузүшсө миграция токтойт эле го! Кыргызстанга кетип жаткан «груз-200дү» көргөндө жүрөк тилинип, жүлүн зыркырайт. Албетте, алардын баары кырчындай жаштар болууда.

Учурда айыл жерлеринде фермерлер, дыйкандар көп чыгууда. Ар бир үйдө кеминде экиден машина турат, алды 80-100дөн уй-жылкы күтсө, өзүн кедей санагандардын короосуна деле быдыр мал токтоп калды. Канча гектарлаган жерлерди иштетип аткандар арбыды, менимче, ушунун көбүнө мигранттардын түздөн-түз салымы чоң.

«Коом жана Мен»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *