Которгон Сагын АКМАТБЕКОВА

1

Ү н: – Сен мен ойлогондой эмес экенсиң.
М е н: – Ага мен күнөөлүү эмесмин.
Ү н: – Ошентип ойлотуп мени чаташтырган сенсиң.
М е н: – Жок, мен эмесмин.
Ү н: – Бирок сен көркөмдүктү жана сулуулукту жакшы көрөсүң, аны жакшы билем. Же жөн эле жакшы көргөнсүп жүрөсүңбү?
М е н: – Жакшы көрөм.


Ү н: – Кайсынысын жакшы көрөсүң? Көркөм чыгарманыбы, же өзүң ашык болгон аялдыбы?
М е н: – Анысын да, мунусун да.
Ү н (кекээрлей күлүп): – Экөөнү тең сүйөм деп өзүңө өзүң каршы чыгып аткан жоксуңбу?
М е н: – Каршы чыккан жокмун. Ашыгын сүйгөн киши аземдүү фарфор буюмун сүйбөшү мүмкүн. Себеби жөнөкөй эле – ал кооздукту, көркөмдүктү түшүнбөйт.
Ү н: – Ал эми эстет же анысын, же мунусун тандап алышы зарыл.
М е н: – Тилекке каршы, менде эстеттиктен карандай пендечилик басымдуу. Ошону эске алып айтып атам. Табиятынан пенде ач көз жаралган, андыктан, келечекте мен, балким, ашыгымды эмес, баалуу фарфор буюмун тандаармын.
Ү н: – Демек, сен туруктуу эмессиң.
М е н: – Бул туруктуулук эмес делсе, анда инфлюэнция менен жабыгып, күн сайын муздак сууга чайынган киши туруктуу чыгаар.
Ү н: – Өзүңдү алдуу-күчтүү кылып көрсөтпөй эле койсоңчу. Алсызсың. Бирок минтип текеберленгениң – сени кысымга алган коомчулукка көргөзгөн айбат эмеспи?
М е н: – Ананчы, аны да эсиме алдым. Айбатка айбат кылбасам, мени тебелеп кетишпейби.
Ү н: – Кандай арсызсың.
М е н: – Кымындай да арсыз эмесмин. Менин жүрөгүм кыпындай жамандыктан музга тийгендей ичиркенип сыздап турат.
Ү н: – Сен айбаттуу гана эмес, беттегенин бербеген кайраттуу да окшойсуң.
М е н: – Албетте, мен кайраттууларга кошулам. Бирок өтө кайраттуусу эмесмин. Андай болгондо Гётеге окшогон зээн-сезимсиз, сенек адамга оңой эле айланып алмакмын.
Ү н: – Койчу! Гётенин сезими чын, сүйүүсү таза болчу.
М е н: – Калп! Адабият тарыхчыларынын калпы. Гёте отуз беш жашында капысынан Италияга качкан. Ооба! Бул сырды Гётеден башка мадам Штейн гана билчү.
Ү н: – Сенин айтып турганыңдын баары – актанууга гана жатат. Актануудан оңой нерсе жок.
М е н: – Актануу – оңой иш эмес, оңой болгондо, адвокаттык кесип пайда болбойт эле.
Ү н: – Кудай аткан маңыз! Минтип отурсаң сенин жаныңа киши жолобойт.
М е н: – Кудайга шүгүр, жүрөгүмдү толкутар дарактар жана суулар бар. Андан тышкары япон, кытай, чыгыш, батыш адабиятынан тандалган үч жүздөн ашуун китептерим бар. Жетет ошолор.
Ү н: – Бирок окурмандарыңдан биротоло кол жууйсуң.
М е н: – Менин окурмандарым – келечекте.
Үн. Келечектеги окурмандарың сага нан таап бермек беле?
М е н: – Азыркылары деле жыргатып ийген жок. Менин эң жогорку калам акым – барагына он иен.
Ү н: – Бирок угушума караганда азыраак байлыгы бар адам болсоң керек эле.
М е н: – Көлөмү мышыктын бетиндей келген Хондзёдеги жер… Ай сайын тапкан кирешем дурус дегенде үч жүз сом. Ошол бар байлыгым.
Ү н: – Үстүңдө үйүң бар. Жаңы адабияттын хрестоматиясын да түздүң.
М е н: – Үйүм тар, төбөсү тумчуктурганча жапыс. Ал эми хрестоматиядан түшкөн кирешемди сага эле берейин, ага мен беш жүз эле сом алдым.
Ү н: – Хрестоматияны түзгөндөн уялсаң боло.
М е н: – Эмнеге уялмак элем?
Ү н: – Агартуучулардын катарына кирип албадыңбы!
М е н: – Жалган. Керек болсо алар биздин катарга кирди. Мен алардын ишин аткарып гана бердим.
Ү н: – Сен Нацуме-сэнсейдин шакиртисиң да!
М е н: – Албетте, Нацуме-сэнсейдин шакиртимин. Сен аны, балким, адабиятчылык менен алектенген Сосэки-сэнсэй менен чаташтырып жатпагын. Ал эми жин даарыганга окшогон ашкере гениалдуу Нацуме-сэнсейди билбейт окшойсуң.
Ү н: – Өзүң көтөргөн идея жок. Кез-кез боло калса – баары бир бир жактуу эмес.
М е н: – Демек, бир жерде айланып туруп калган жокмун, алга баратам. Асмандагы күндүн көлөмү машине жиптин чарыгындай эле деп көк мээлер гана акыр-аягына чейин ишенип өтөт.
Ү н: – Текебердигиң – түбүңө жетет.
М е н: – Мен төшөгүндө жатып өлүүчүлөрдөн эмесмин. Кээде мага ушундай ойлор келет.
Ү н: – Өлүмдөн коркпойт окшойсуң…
М е н: – Корком. Бирок өлүп алыш кыйын эмес. Бир нече жолу мойнума жип салып муунуп көрдүм. Жыйырма секундга созулган кыйналуудан кийин кандайдыр бир жагымдуулукту сезе баштайт экенсиң. Адамгерчиликсиз балит иштерге аралашсам ойлонбой туруп жан кыюуга даярмын.
Ү н: – Анда эмне үчүн өлбөй жүрөсүң? Заң алдында деле, пендечиликтин алдында деле күнөөң тоодой.
М е н: – Бул оюңа макулмун. Верлен, Вагнер, же улуу Стриндберг сыяктуу…
Ү н: – Бирок күнөөңдү жууш үчүн эч нерсе кылбадың.
М е н: – Кылдым. Күнөөдөн арылуу деген – кайгы чегүү, санааркоо.
Ү н: – Сөз жебеген шылуун экенсиң.
М е н: – Антпей эле ак жүрөк окшойм. Шылуун болгонумда мынчалык азаптанбайт элем. А түгүл мага ашык болгон аялдарды пайдаланып, акча да өндүрүп алмакмын.
Ү н: – Анда эле сен айбансың.
М е н: – Айбан чыгармын. «Айбандын аңгемесин» жазган неменин ой жүгүртүүсү дал мага окшош.
Ү н: – Турмушту билбейсиң.
М е н: – Эгер турмушту билүү негизги нерсе болсо, жүрөк менен эмес, эсеп-чот, карандай акыл-эс менен жашагандар баарынан кыйын болмок.
Ү н: – Сүйүүнү жокко чыгардың эле. Бирок эмилеки сөзүңө караганда сүйүүнү бардыгынан жогору коюп жатасың.
М е н: – Жок, сүйүүнү баарынан бийик коё албайм. Мен – акынмын. Сүрөткермин.
Ү н: – Бирок сүйүүнүн айынан атаңды, энеңди, аялыңды, балдарыңды таштап кеттиң го, же калппы?
М е н: – Сүйүү үчүн эмес, өз кызыкчылыгым үчүн таштадым.
Ү н: – Анда сен өзүмчүл турбайсыңбы?
М е н: – Тилекке каршы, өзүмчүл да эмесмин. Бирок өзүмчүл болууну каалар элем.
Ү н: – Азыркы адамдардын бардыгы өзүмчүлдүк оорусу менен ооруп жатышат. Өзүмчүлдүк сага ошолордон жукту.
М е н: – Ошол үчүн мен азыркы учурдун кишисимин.
Ү н: – Азыркы учурдагы кишилерди илгеркилер менен салыштырып бекер.
М е н: – Илгеркилер деле учурунда өз учурунун адамдарынан болгон.
Ү н: – Аялың менен балдарыңа бооруң оорубайбы?
М е н: – Ооруйт. Аялы менен балдарына жаны ачыбаган бирөөнү көрдүң беле? Гогендин каттарын окусаң.
Ү н: – Кандайынан айлантсам да, актангандан тажабайт экенсиң.
М е н: – Актангым келсе сени менен сүйлөшпөйт элем.
Ү н: – Демек, актанган жоксуңбу?
М е н: – Мен жөн гана тагдырыма баш ийдим.
Ү н: – А жоопкерчилик дегенди каякка алпарасың?
М е н: – Күнөөнүн бардыгы – менин канымдагы тукум куучулукта, кокустукта, айлана-чөйрөнүн таасиринде… ошолордун калганын гана күнөөм деп эсептейм, ошон үчүн жооп берүүгө даярмын.
Ү н: – Кандай гана пас адамсың!
М е н: – Баары эле мага окшогон пас адамдар.
Ү н: – Сен сатанистсиң.
М е н: – Бакытка жараша сатанист эмесмин. Аларды теңиме да албайм.
Ү н (бир аз унчукпай туруп): – Андай болсо ичиңден жабыгып, жебеген кайгыны жеп жүрөсүң. Жок дегенде ушуну мойнуңа ал.
М е н: – Антип мени өтө бийик баалаба. Балким, мен кайгы жегеним үчүн сыймыктанып да жаткандырмын… Алдуулар алганын бергенден коркпойт.
Ү н: – Же сен чын эле ак жүрөксүң, же… апендисиңби?
М е н: – Мен да ошону ойлоп атам. Киммин?
Ү н: – Өзүңдү дайыма реалист деп эсептечү элең.
М е н: – Ошончолук идеалист экемин.
Ү н: – Бир күнү өзүңдү өзүң өлтүрөт болууң керек.
М е н: – Бирок мени жараткан табият мага окшош дагы бирөөнү жаратат.
Ү н: – Андай болсо каалаган кайгыңды жеп, жата бер. Мен кеттим!
М е н: – Токтой тур. Мага айтып туруп кетчи, – кимсиң сен, мени такып сураган, кимсиң сен – мага көрүнбөй туруп сүйлөшкөн, кимсиң?
Ү н: – Менби? Мен дүйнө жаралганда Иаков менен эрегишкен периштемин.

2
Ү н: – Жакшылап ойлосом, сен эр жүрөк адам экенсиң.
М е н: – Жок. Андай болгондо мен арстандын оозуна өзүм секирип кирип бербейт элем. Ал мени жегенче күтүп турмакмын.
Ү н: – Бирок адамгерчилик иш жасадың.
М е н: – Адамгерчиликте айбандык да теңме-тең.
Ү н: – Сен кылмыш кылган жоксуң. Азыркы кездеги коомдук түзүлүштүн айынан гана азап чегип жатасың.
М е н: – Коомдук түзүлүш өзгөрүп кеткен күндө да, мен жасаган иш баары бир кимдир бирөөнү бактысыз кылмак.
Ү н: – Жаныңды кыйган жоксуң. Андыктан, азбы-көппү, дале күрөшүүгө күчүң бар.
М е н: – Жанымды бир нече жолу кыйгым келди. Өз ажалым менен өлгөнсүйүн деп бир күндө бир топ чымын кармап жеген күндөрүм болду. Чымынды кол менен майдалап, мыкчып туруп жутуп ийсең жакшы, бирок чайнагандан кудай сактасын, окшуп ийе таштайсың.
Ү н: – Залкар болуп каласың.
М е н: – Залкарлыктын артынан кууган эмесмин. Бир гана каалоом – тынч жашоо. Вагнердин каттарын окуп көрсөң. Сүйүп алган аялы жана эки, же үч баласы болуп, тапкан акчасы ошолорду бакканга жетип турса, ал ушуга эле ыраазы болуп өмүр сүрмөк экен. Улуу искусствону жаратпай эле ушинтип жай жашаганга ыраазы болмок экен. А түгүл Вагнер, ашкере индивидуалист Вагнер ушундай жашоону каалаптыр.
Ү н: – Кантсе да азап чектиң. Абийириң, арың бар.
М е н: – Абийир эмес, нервим гана бар.
Ү н: – Үй-бүлөчүлүк турмуштан бактысыз болдуң.
М е н: – Бирок аялым көзүмө чөп салган жок.
Ү н: – Сенин трагедияң – эстүүлүгүң менен акылдуулугуңда.
М е н: – Калп айтасың. Меники трагедия эмес, комедия. Комедиялыгы ушунда – турмушту билбейм.
Ү н: – Бирок сен аруусуң. Ошондуктан: «Сенин аялыңды жакшы көрөм» – деп күйөөсүнө айтып, күнөөңдү мойнуңа алдың.
М е н: – Бу да жалган. Ага мен өз сезимимди жашырганга күчүм жетпей калганда гана бардым. Мен коркокмун.
Ү н: – Сен акынсың. Сүрөткерсиң. Сага баары кечиримдүү.
М е н: – Ооба. Бирок мен да коомдун мүчөсүмүн. Колум менен кылганды мойнум менен тартканым – таң каларлык эмес.
Ү н: – Ким экениңди эсиңен чыгарып жатасың. Таланттуусуң. Өзүңдү баала, майда адамдар сенин теңиң эмес.
М е н: – Ансыз деле өзүмдү баалайм. Бирок майдалар деп калың элди тепсеп кете албайм. «Кымбат баалуу, асыл нарктуу буюмдар сына берсин, аны жараткан топурак калат» – деп айттым эле бир кездерде. Шекспир, Гёте, Тикамацу Мондзаэмон качандыр бир кездерде жок болушат, ал эми аларды жараткан эл кала берет. Ар бир искусствонун тамыры – элде. Формасы гана өзгөрөт.
Ү н: – Сенин жазгандарыңдын баары өзүнчө кайталангыс, оригиналдуу.
М е н: – Кайталангыс, оригиналдуу дейсиңби? Деги эле антип жазгандар ким экен? Бардык мезгилдердин таланттуулары өз чыгармаларын бири-бирине таасирленип жазышкан. Мен да көп эле уурдап көрдүм.
Ү н: – Анткени менен сен үйрөтүп да жатасың.
М е н: – Колдон келбеске гана үйрөттүм. Колдон келе турган болсо өңгөлөрдү үйрөткөнчө, өзүм үйрөнмөкмүн.
Ү н: – Көзү ачык, даанышман кишисиң.
М е н: – Андай киши – бир гана Заратустра. Бирок Заратустра кандай өлүм менен кетти, аны Ницшенин өзү да билбейт.
Ү н: – Коомдон жадегенде сен да коркот экенсиң.
М е н: – А ким коркпойт экен?
Ү н: – Түрмөдө үч жылы отурган Уайльдды карачы. «Жаныңды кыйганың – жеңилгениң» дептир ал.
М е н: – Түрмөдө жатканда Уайльд бир нече жолу өлгүсү келген. Кандай жол менен өлүүнү таба албай гана тирүү калган.
Ү н: – Жакшылык менен жамандыктын күрөшүнө кол шилтеп кой.
М е н: – А мен ак гана болгум келет.
Ү н: – Аябагандай баёо, карапайым экенсиң.
М е н: – Жок, аябагандай, татаал жана терсмин.
Ү н: – Көңүлүң жай болсун, сени окуй тургандар дайыма болот…
М е н: – Автордук укук деген мекеме иштебей калганда гана…
Ү н: – Сүйүүнүн айынан азап чектиң.
М е н: – Койсоңчу болбогон кепти. Аны балапан ооз жазгычтарга айт. Мен сүйүүгө байкабай гана чалынып алдым.
Ү н: – Сүйүүгө ар бир эле киши чалынышы мүмкүн.
М е н: – Ал – акчага ар бир эле киши азгырылат дегендей эле кеп.
Ү н: – Сен турмуш бороонунун нак борборунда калдың.
М е н: – Ойношун өлтүргөн, ошондой эле бирөөнүн акчасын уурдаган неме деле нак ошол бороондо.
Ү н: – Турмуш анчалык караңгы эмес.
М е н: – «Тандалма азчылыктардан» башкалардын баарына турмуш түшүнүксүз, караңгы. Ал эми «тандалма азчылык» деген митайым менен наадандардын экинчи бир наамы.
Ү н: – Анда азабыңды жеп жата бер. Билесиңби мени? Сени сооротоюн деп атайын келгем, билесиңби мени?
М е н: – Сен дөбөтсүң. Сен дөбөт кейпин кийип Фаустка көрүнгөн шайтансың.

3
Ү н: – Эмне кылып жатасың?
М е н: – Жазып гана жатам.
Ү н: – Эмне үчүн жазасың?
М е н: – Жазбай коё албайт экемин, ошон үчүн жазып жатам.
Ү н: – Анда жаза бер. Жаның чыкканча жаз.
М е н: – Албетте, жазгандан башка ишим деле калган жок.
Ү н: – Мен күтпөгөндөй көңүлүң жай экен.
М е н: – Көңүлүм жай эмес. Сен мени жакшы билгендердин бирөө болсоң минтип айтпайт элең.
Ү н: – Пешенеңдеги кубаныч каякка кеткен?
М е н: – Асманга, кудайларга учуп кетишти. Турмушта күлүп- жайнап, жай оокат кылыш үчүн, биринчиден, сылык-сыпаа мүнөз, экинчиден, акча, үчүнчүдөн бекем нерв керек экен.
Ү н: – Санааңдан арыла түшкөн окшойсуң.
М е н: – Ооба, бир аз тынчтангансып калдым. Бирок жылаңач ийинге алдыдагы бүт өмүрдүн жүгүн көтөрүүгө туура келет.
Ү н: – Эми өз өмүрүңдү өзүн каалагандай сүрүүң керек. Же болбосо өзүң каалагандай…
М е н: – Өлүп алуудан башка айла калган жок.
Ү н: – Мурдагыдай эмес, башка, аруу, таза киши болосуң.
М е н: – Мен дайыма мурдагыдаймын. Жылан сыяктуу гана кабыгымды таштап турганым болбосо…
Ү н: – Сен баарын билесиң. Баарына көзүң, эсиң жетет.
М е н: – Баарын эле биле бербейм. Билгендерим – менин жандүйнөмдүн бир гана бөлүгү. Ал эми билбегендеримдин бир бөлүгү – менин жандүйнөмдүн Африкасы – учу-кыйырсыз созулуп жатат. Ошондон корком. Коркунучтуу нерселер көрүнөө жерлерде эмес…
Ү н: – Сен дагы менин перзентимсиң.
М е н: – Кимсиң сен? Сен – менин пешенемен сылаган кимсиң? Ооба, мен сени тааныйм.
Ү н: – Андай болсо айтчы, киммин?
М е н: – Сен – түн уйкумдан бездирип, тынчымды алдың. Жалгыз эле мени бездирип, жалгыз эле мени түйшөлттүңбү? Буздуңбу менин гана жандүйнөмдүн тынчтыгын? Сенин курмандыктарың – бардык жерде. Адабиятта да, гезит-мезиттерде да сенин курмандыктарың. Сенин кесепетиңден биз баарыбыз – тынч жашоодон бездик. Байыркы кытай даанышманы үйрөткөн жандүйнөнүн тазалыгынан, тереңдигинен, кеменгерликтен айрылдык.
Ү н: – Ким менин атым?
М е н: – Мен… билбейм. Бирок башкалардын сөзү менен айтсам – Сен бизден алда канча жарык, бизден алда канча терең, алда канча бийик… адил, адал дүйнөсүң. Бизди багындырган… пайгамбарсың.
Ү н: – Өзүңдү өзүң куттуктап кой. Мен ар бир эле кишиге келе бербейм.
М е н: – Жок! Мен качан болбосун, кайда болбоюн, сага жолугуудан качам. Сен болгон жерде – тынчтык жок. Бирок сенде рентген нурлары сыяктуу күч бар. Бардык нерсени көзөп өтө аласың. Сенден качып кутулууга мүмкүн эмес.
Ү н: – Мындан ары сак бол.
М е н: – Ананчы, сак болом. Бирок колумда калем турганда…
Ү н: – Кел деп айтасың.
М е н: – Кел деп ким айтат экен? Мен майда жазуучулардын биримин. Майда эле болгум келет. Тынч жашоо үчүн майда эле болгон жакшы. Бирок колумда калем турганда, дале туткунуңа түшөрмүн.
Ү н: – Дайыма сак бол. Балким, сен жазган ар бир сөздү, ар бир ойду мен турмушка ашырармын. Көрүшкөнчө кош бол! Качандыр бир мен сага дагы келем, качандыр бир…
Ү н (жалгыз): – Акутагава Рюноске! Акутагава Рюноске! Сен бир дарак талаадагы жапжалгыз, Сен бир чырпык ыргалган. Бекем тур! Тамырыңды терең жай! Бүркөө асманың ачылар, соккон бороон басылар. Бекем тур, өзүң үчүн, балдарың үчүн! Өзүңдөн өзүң манчыркап ашкере көкөлөбө, өзүңдү өзүң басынтып ашкере чөгө бербе. Ошондо гана улуу болосуң. Ошондо гана жеңиш сеники болот.

«Жаңы Ала-Тоо» — 2013, №12 (56)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *