(1-МАЕК)  (2-МАЕК)  (3-МАЕК)   (4-МАЕК) (5-МАЕК(6-7-МАЕК)

Багы жок элдин баатырлары. Көйкөлгөн көкнарылар. Кына койгон кыздар

– Жазуучулардыкы эле эмес, бардыгыбыздыкы – бүт совет элиники окшош эмес беле. Бирдей сүйлөп, бирдей маарап, бирдей колдоп тургула деп тим болбой, өмүр баяныңар да бирдей болсун, сөзсүз, кедей-дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккыла деген көрүнбөс зекүү бар болчу. Ансыз комсомолго өтчү эмес, окууга, партияга алынчу эмес, демек, чокчоңдоп ат минип,  чочоңдоп эл башкара албай калчу. Өзүң билесиң, ансыз көп кыргыз кыргыз болбой калат. Азыр баары тең эле эрдемсип атпайбы: манаптан чыкканбыз, тектүү жердин тукумубуз деп. Иттин уулу Байгара деле ошентип атат, ашкан атеисттердин баары молдо, жеткен коммунисттердин баары демократ болгондой, баары эле манаптын уулу болгусу келип калды. Ал мезгилде ошенткенин көрөт элек. Азыр манапмын деп адыраңдап, шадыраңдап жаткандардын кимисинин болбосун ошол кезде өз колу менен жазган өмүр баянын окуй келсең, бүт эле кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Алдагы Кыргыз Энциклопедиясын аччы, Кыргызстанды 24 жыл кыңк эттирбей башкарган Усубалиев аксакал деле «чынжырлуу» дыйкандын тукумунан.

Ал кезде ошондой эмес беле. Ар ким өзүнө өзү цензор болчу, ар ким өз көлөкөсүн өзү жашырып жашачу. Бардык жерде «кулак» болор эле, КГБнын локатордой «кулагы» канча жашынам десе да, бардык жерден калдайып чыгып турчу. Мен киностудия, телестудия, киносоюз, Жазуучулар союзу сыяктуу идеологиянын кайнаган жеринде иштебедимби. Мисалы, киностудияда жүздөгөн киши иштейт, ондогон киши аңдып жүрөт, жок эле дегенде, сөз ташыйт. Андай экенин сезип эле жүрөсүң, бирок сен да ага өзүңдүн сезгениңди билдирбейсиң.

Анан кантип өзгөчөлөнүп, өзүңчө жазуучулук биография түзөсүң? Кимдин биографиясында канчалык «кара так» бар экендиги партияга аларда же чет мамлекетке чыгарда кудум рентгенге салгандай көрүнүп калчу. Мен ошондон коркуп эле Монголияга да суранган жокмун.

 

Мурзаке эмне үчүн Монголияга да чыккан жок?

 – Өмүр баянымда деле анчалык шек жок. Өзүмчө эле шектене берчүмүн да, таап алат го деп. Анткени ата-тегимде совет бийлигине каршы чыккан кишилер да болуптур. Мисалы, таятамды Абжапар жүзбашы деп койчу экен. Эскиче кат тааныган, дин насытын улаган, көзү ачык, көкүрөгү тирик киши эле дешет. Өзүң билесиң, мен ноокаттыкмын. Ноокат басмачылардын мекени болгонун да билесиң. «Басмачы» деген совет бийлигинин термини да, биз жакта аларды бектер деп сыйлап айтышат. Чынында өз жеринин патриоттору болгон да. Айтор, кызыл аскерлер Ноокатты басып кирет эмеспи. Ноокаттын эли жалпы эл сыяктуу эле караңгы кыргыз да. Үйүнө ким кирип, жерине ким кожоюн болгусу келип атат, – билбейт, иши да жок. Билгендери менин таятама окшогон жаш жигиттер. Таятам ат-көлүгү, курал-жарагы бар, өзүнө окшогон эр көкүрөк жүз жигитти чогултуп, келгиндерге, мындайча айтканда, кызыл аскерлерге каршы ок атып атпайбы. Бектерде мамлекеттик таалим-тарбия болбосо, анан өз аты, өз курал-жарагы менен чыгып атса… Аттарына жем-чөп, өздөрүнө тамак-аш керек болгондо, жакага түшүп, чоттуу-чоттуу алдуубай-малдуубайларды тандап, керектүү нерселерин «келе!» деп алып турчу да. Анысын ушу кезге чейин басмачылар карапайым калкты талап-тоногон деп окутуп келатпайбы.

Канткен менен бектердин шары менен калк катуу козголуп турган. Ноокат, Алай элинин патриоттук сезими, күч-кайраты түпкүлүгүнөн өтө катуу өнүккөн эл. «Аттан!» дегенде, атка шарт ыргып минип, союлу болсо союлун, мылтыгы болсо мылтыгын көтөрүп чыккан эл азыркыга чейин ошол бойдон келатышат. Мекен маселесине келгенде «дүрт!» эте түшүшөт. Ош окуясы көрсөтпөдүбү…

 

Өз элин кул кылгысы келгендер өздөрү кул болот

– Сүйөркул Тургунбаевдин макаласын окудуңбу дейсиңби? Окудум. Угушумча акындын айткан сөздөрүнө теригип аткандар да бар имиш го. Сын айттырбай, сын укпай көнүшкөн да. А чындыгында Сүйөркул көп жеринен туура айтат. Ош окуясы өтө опуртал окуя болду. Ылайым анын жүзүн ары кылсын! Ылайым кайталанбасын! Бирок анда ким күнөөлүү, ким күнөөсүз деген маселе коюлган жок. Бери калганда, мен ушундай ойлойм. Чыкем, биздин Чыңгыз Айтматов сыяктуу ситуацияны жакшы түшүнбөгөн, ал жердин элинин азап-тозогу, кубаныч-кайгысы менен иши жок, кылымдар бою чогуу жашап келаткан калктардын кошуналык катышын, ашыналык алакасын, туугандык мамилесин жакшы билбеген кишилер чалмакей чалды да, «көзүм көрбөсө…» болуп басып кетти. Чындап жабыр тарткан ага-инилер жабыр тарткан бойдон калды. Советтик доордо, Горбачевдун мезгилинде да, калыстыкка караганда, саясий ката кетирбейин, эл жабыр тартса да мен жабыр тартпайын деген психология күч эмес беле, биздин идеологдордо, идеология «тууларында», камчы чабарларында. Ошондой адамдар көп аралашып, ошол кездеги мамлекет башчыларыбыз да, окуяны басканы келген москвалык эмиссарлар да, анын ичинен биздин Чыкебиз да ошолордун жетегинде калып, баш ориентирин жоготуп алды. Менин өкүнгөнүм, окуяга акцент туура эмес, бир тарапка гана оодарылып коюлгандыктан, кыргыздар тарап гана жаманатты болуп калды.

Эми экөөбүз тең саясатчы эмеспиз, адабиятчыбыз. Аны башка кишилер сүйлөшсө жарашмак. Бирок Ош окуясы ар кандай улут аралык, эл аралык кырдаалда абдан сак, кылдат, этият болушубуз керектигин көрсөттү. Эң негизгиси, өзүбүздү өзүбүз басынтпашыбыз керек экен. Кыргыз эли ансыз да басынган эл. Оор турмуш ого бетер басынтып атат. Басынган эл кулга айланат. Чеховдун бир акылман сөзү бар. Жаңылбасам, минтип айтылат: «Я по каплю выжимал из себя раба». Анын сыңарындай биздин ар бирибиз өзүбүздөгү кулдук психологияны бир тамчыдан болсо дагы сыгып жатып кутулушубуз керек. Антпесек, биз кичине элбиз, ушул кул бойдон калып, же башка элдерге кул болуп сиңип кетебиз. Биздин «жаңы кыргыздар», баймын деп, көзүн май баскан кыргыздар ушуну түшүнбөй атат. Булар байыган сайын өздөрүн элден бөлүп карап, өздөрүн бек, калган калкты кул санап алды. А чындыгында алар кечээги эле кембагалдар, көпчүлүгү заман ополоң-тополоңунда орто байлыгын талап-тоноп капчыгын кампайтып алгандар. Ошондуктан булардын байлыгы өз боюна сиңелек. Ач көз, алдым-жуттум болуп, арааны ого бетер ачылып атканы да ушундан. Андан айрылып калса, кайреле сен экөөбүзгө окшоп бечара болуп чыга келет.

Эми бизди кул кылган ким? Мына бул көчөлөрдө агылып бараткан ишсиз жаштар, ошол эле көчөлөрдүн бойлорунда уят-сыйытын сатып отурган кыз-келиндердин убалы кимге? Казакстандын какыр талааларына тамеки эгип, жарыбаган эмгек акысын алалбай жалдырап, чегарадан ары ыргытылып, бери ыргытылып жүргөн жалаң кыргыздардыкычы? Россиянын шаар, кыштактарында кар кечип, баткакта калып, нан издеп жүргөн кыргыздардын убал-сообучу?..

Туура айтасың, эл тагдыры – жер тагдыры менен бир. Көз алдыбызда Ата Журттун аймактары ар өлкөгө кесилип өтө баштады. Мына ушунун өзү эле элибизди көз каранды, кол каранды кылып, кулчулукка алып барат.

 

Өз түшүнүгүнө курман болду. Өз жерине коюлган жок

– Эсимде, эсимде. Сен анда «Кыргызстан маданиятында» иштечү эмес белең. Салттуу, нарктуу гезит эле. Бекер өлтүрүп алдыңар да. Тактап айтканда, бекер өлтүрүп алдык. Айрым жазуучуларыбыздын ач көздүгүнөн, дүнүйөкордугунан, мансапкорлугунан таланып-тонолуп жок болду. Андан бери 10 жылдан ашуун убакыт өтүп кеттиби? И-и, ошо силерге берген интервьюда кеп кылбадык беле, багы жок эл баатырга муктаж деп. Бертольд Брехтин бул таамай сөзүнүн тагыраагы мындай сыяктанды эле: «Баатыры жок өлкө эмес, баатырга муктаж өлкө бактысыз». Ошондой болуп атпайбы. Ошондой болуп келди. Кыязы, ошондой боло берет. Жок баатырларды 70–80 жыл ойдон чыгарып жасадык. Дагы эле бачке-бачке кылып жасап атабыз. Элибиз чын эле муктаж. Короодон «тоок» койбогон баатырларга эмес, короодон беш кадам ары узап чыккан баатырларга. Биздики бүт эле күтүрөп бийлик короосунда жүрөт. Жүрө келген, жүрө берет окшойт.

Таятамдын андан нары эмне болгонун сурасаң, ал киши алынын жетишинче кызыл аскерлер менен аткылашат. Анан кийин аны бирөө кызылдарга сатып койгон экен. Таятам жан жигиттери менен аш жеп, чай ичип, чайханада отурганда кызылдар дүңгүрөтүп замбирек менен чайхананы атат. Таятам катуу жарадар болот. Жигиттери көз байланганда арабага жаңы чабылган жаш беде төшөп, таятамды чалкасынан жаткырышат да, алыскы айылдарга алып жөнөшөт. Таятам айды карап келатып, жарым жолдо жан берет. Жигиттери аны өз айылына эмес, кошуна айылдын бирине эч кимге билгизбей койгон экен. Кызылдар көрсө ачып, сөөгүн кордоп кетеби деп коркушса керек. Мен ушул күнгө чейин таятамдын кайда коюлганын билбейм.

 

Ноокаттык Ромео менен Жульетта

– Чоң атамды да жакшы билбейм. А киши жаңы замандын жытын жапайы сезим менен бир топ эле аңдап алса керек. 20-жылдары жаңы өкмөттүн кызматын өтөптүр. Эмне кызматта иштегенин да билбейм. Анын жанында ар дайым бир жан жигити болчу дешет. А киши кечээ жакында эле 90 жаштан ашуун жашап, көз жумду. Узун бойлуу, зор киши эле. Ошол кишиден эмне кылчу элеңер деп сурасам, мынабу Нойгуттан чыкчу элек дейт ат минип. Нойгут биздин айыл. Биздин уруубуз да нойгут. Чоң аталарым те, Баткен тараптан Сох дайрасын бойлоп түшүп келип, ушул жерге отурукташыптыр. Ээн талаа, эрме сай дегидей жерди жапжашыл кыштакка айлантыптыр. Экөөбүз эки ат минип, Нойгуттан чыгып, бир айылдан экинчи айылды арытып отуруп, тетиги Кыргыз-Атага чейин барып кайтчубуз дейт. Эми экөөнүн ортосу эки колхоздун айылдары. Эмне иш кылчу элеңер десем, ошол айыл-апаларда чыр-чатак чыгар эле, жаңжал болуп калчу, анан а киши барып, тынчытар эле, басар эле дейт. Кыскасы, а киши эмне кызмат кылганын алигиче билбейм, билейин деп иликтегеним да жок чынын айтканда. Ошондой кызматта иштеп жүрүп, кийин өз ажалынан эле каза тааптыр. Чоң атам менен таятам ынтымак-ынак, жакын тууган кишилер экен. Атабыз менен апабызды бешиктеги кезинде эле кудалап коюптур. Атабыз 14 жашка, апабыз 13 жашка чыкканда үйлөнүшүптүр. Ромео менен Жульеттанын курагы. Жок, мен жөнеле дал келип калганын айтып атам. Эми, чырымтал түгү түшелек дегендей курак да. Чоң энебиз 13 жашар апабызды эки жылдай өз койнуна алып жатып анан: «Бар эми, эриң менен жат» – деп, атабызга өткөрүп берген имиш.

 

Эки коргондун эрке баласы

Апамды да жакшы элестете албай калдым. Азыр эсептеп көрсөм, апам каза болгондо мен 3–4 жашта болсом керек. Ал кезде келиндер жаш кезинен көп өлчү экен. Андан үч бала элек: агам Зулпукар, эжем Ибадат, анан мен. Үчөөбүз апабыздан эрте ажырадык. Бизди таэнебиз чоңойтту. Менин «биринчи университетим» ошо киши болду да. Салттуу, нарктуу, эски замандын кишилеринен эле. Бизди эрке жетим кылып өстүрдү. Апабыздын да, атабыздын да жоктугун эч билгизбеди. Атабызбы? Согушка кетип калган. Согушка кеткенде мен жаш элем, мектепке баралек болчумун. 42-жылдан 45-жылга чейин Улуу согушта жүрүп, согушту бүтүрүп, анан келди.

Таэнемдин аты – Сялма. «А» менен, быяктын тили менен жазсаң, Салма болуп калат. «Я» же ичкертүү белгисин (ь) кошуп жазуу керек. Ооба, бизде деле Салма, Салиман, Салия ж.б. аттар көп. Бирок таэнемдики аларга туура келбейт.

Үйүбүз эки коргондон турар эле. Коргондун ичи жык толо алма, өрүк, жаңгак, шабдаалы, алча, гилас… Алардын арасынан туптунук тоо суулары агып өтөт. Айылдын бактарынан күбүлгөн мөмө-чөмөлөр да суу менен кошо агып турчу. Биз аларды тутуп алып жечүбүз, атургай кайсы бактан түшкөнүн да таанычубуз деп мен сага айтып эле жүрөм го. Ал эми кош коргондун артында биздин аталарыбыздан калган кең өрүкзарлар жатчу созулуп. Ал өрүкзарга кош коргондон кош дарича чыгат.

Биздин үйгө бир чоң түп өрүк сөйкөнүп өсчү. Кыштын күндөрү, шамал түндөрү ошол өрүк кычырап, кычыраганы үйдүн ичине кирип турчу эле. А биз болсо үйдүн ичинде сандалды тегеректеп отурабыз. Сандалыңыз эмне дейсиңби? Сандал түштүк кыргыздарда печкенин милдетин аткарган. Үйдүн ортосуна жерди кичине казандай кылып оюп, ага кыпкызыл өрүктүн чогун салат, анан ал чок тез өчпөс үчүн үстүнө төрт бурчтуу жапыс үстөл орнотулат. Ал үстөлдүн үстүнө дасторкон жайып, оокат ичсе да болот, оокаттан кийин аны төшөнчү менен жаап, сандалга бутту катып тегеренип жатса да болот. Ушундай сандал япондордо да бар. Аны орус котормочулары «жаровня» деп которуп жүрөт.

Биз ошол сандалды тегеректеп, үч небере өрүктүн кычыраганын тыңшап уктачу элек. Менин колтугумда бырылдап таргыл мышык уктачу. Таэнем ташфонардын жарыгында отуруп, ийик ийричү. Кыш ичи эчкинин жүнүнөн же болбосо пахтадан жип ийрип чыгар эле. Жаз келип, күн жылый баштаганда эшиктин алдына таар (өрмөк) курат эле. Керели-кечке майышып, кайышып отуруп таар согот эле, жука кылып. Боёчу. Кышында араалап, отун кыла турган картаң өрүктөр болот, алардын дүмүрчөлөрү калат. Ошолорду жаз келип, жер жибий баштаганда акеме кетмендетип каздырат эле. Анан казган тамырларын балталап кыйдырат эле. Энем ошол тамырлардын кабыктарын чогултуп алып, казанга салып кайнатат эле ийриген жиби менен кошо. Анан боёлуп чыга келчү. Таар согулган соң, кайчысын алып, үстүн тегиздеп кыркып, агама, мага шым тигип берчү. Өзүң билесиң, анда кабат-кабат кийим жок, бирден ыштан-көйнөк, бирден шым кийип чоңойдук да.

Анан атабыз аскерден келип, агабыз үйлөндү, эжебизди күйөөгө бердик. Энемдин колунда мен калдым.

 

Нойгуттар мануфактурасы жана эстетикасы

Биринчи коргондун таржымалы ушундай. Мынча болду, экинчисин да айтып берейин. Окурмандарды тажатып жибербесек болду. «Гапаровдун короолору менен кемпирлеринин кимге кереги бар?» дебесе болду. Айтышат, айтышат. Менин эле калемдеш досторум айтат. Айткан менен төө кыядан өтүп кеткенин билишпейт да, кысыталактар. Мунун баары жанагы сенин кыргыз жазуучуларынын өмүр баяны эмне үчүн окшош дегениңен чыгып калды. Баарыбыз эле детдомдо өсүп, инкубатордо көз жарган эмеспиз да. Ар бир жазуучу көргөн-өскөнүнө, акыл-эсине, билимине, табитине жараша өз турмушун өзгөчө курат, өзгөчө жашайт, өзгөчө ойлонот, анан ошолордун баары айланып келип, чыгармаларында чагылат да. Менин айтып аткандарым ошол чагылгандар. Кудай дагы биртике өмүр берип, аман-эсен турсак, чагыла тургандар. Сөз бурулуп кеттиби? Эми бул алдын-ала актаныш үчүн айтып атканым. Орус адабиятынын көпчүлүк лөктөрү, мисалы, Толстой менен Бунин же Горький бала чагы, өспүрүм курагы, боз жигит кездери жөнүндө өздөрү жазып кетти. Орустар ошондой: өзү жазбаса, замандаштары жазат, замандаштары жазбаса, аялы, бала-чакасы жазат. Жок эле дегенде алар каттарынан кадимкидей көрүнүп, сезилип, угулуп турат.

Бизде эми андай маданият жок да, эпистолярный жанр, мемуар, күндөлүк, чыгармачылык запискалар деген жок. Ошон үчүн инкубатордон чыккандай болуп атпайбызбы…

Ошентип, экинчи коргон алты пакса дубалдан согулган чоң коргон эле. Чоң атам кишилерди жалдап, ылайды жалаң ат менен тебелетип, аябай бышырып курдурган экен. Аны курушкан айылдаш акелерди кийин көрүп жүрдүм. Силердин коргонду биз курганбыз деп калышчу. Анда эки үй-бүлө жашайт. Мен туулган үйдө атамдар, экинчи үйдө атамдын иниси – Сатар авам жашайт. Сатар авамдын апасы мага чоң эне да. Билесиң, илгерки кыргыздарды. Агасы өлсө, агасынын аялын инисине алып берип койчу эмес беле. Сатар авамдын атасы өлгөндө чоң энемди анын кайниси Тешебайга алып беришиптир. А Тешебай Гапардын бир тууган агасы болуп атпайбы.

Чоң энемдин аты Галыш болчу. Калы бар үчүнбү, айтор, Галмама деп коёт эле. Галмама чоң энем таэнемден да өткүр киши эле. Чо-оң атканабыз бар эле, ошол аткананы жазында мисирдей кылып тазалап, жыт-пытын кетирип, ошол жерге бөз токуйт эле да. Кийин, кечээ жакында эле борбордо мода болуп кетпедиби, ошол бөздү катын-кыздар кадимкидей издеп калышты. Ошону токуйт эле, баягы сарайдын тиги башынан бу башына чейин тизилген приспособление дейбизби, станок дейбизби, ошонусу бар болчу. Кудум фабрикадагыдай өзү тик туруп, тигил башынан бу башына чейин жүгүрүп иштечү. Мен атканага киргенде анын жалгыз терезесинен түшкөн нур токулуп аткан бөзгө чагылышат эле дагы, караңгыда жөргөмүштүн желесиндей бопбоз көрүнүп кетчү. Ошолордун арасында энем өз торун токуган жөргөмүшкө окшоп кыдырып басып жүрөр эле. Жана таэнем таар сокчу дебедимби, ал мунун алдында жөн эле примитивдүү, таш доорундагы кыргыздын бирдемеси болчу.

Анан дагы бир атканабыз бар эле, аны жайында геологдор ээлеп, азыркыча айтканда, арендага алып дегендей, биздин адырларды казып, бирдеме издеп жүрчү. Чоң атам аны аткана дебейт экен, мен жаңылып атам, амбар экен, дан сактаган амбар экен. Ичине кирсең, жалаң жыгачтан жасаган ноолуларды көрөт элең. Бийик сандыктары болот эле, аны биз сүкөн деп коёбуз. Буудайын бир бөлөк, арпа, жүгөрүсүн бир бөлөк толтуруп таштайт эле, анысы бир жылга кенен-чонон жетет эле. Азыр ойлосом, чоң атамдын жерлери көп экен, бир чакан колхоздукуна тете жер экен, бак-шактары, өрүкзарлары менен кошо эсептегенде. Амбарды ошого чактап курду да. Ооба, менчиги. Кийин колхоз алып койду дечи. Мен сага айтып бербедим беле, чоң атам менен таяталарым Баткен тараптан, Сох дайрасы куралган жерден көчүп келиптир. Суу жетпеген жерлерге арык казып, суу алып чыгышыптыр, ал арык азыр да Нойгуттардын арыгы деп аталат, бак-дарак тигишип, жакшы жашашыптыр. Баткенде азыр нойгуттар көп. Бир колхоз. Зардали деп, Баткен окуясында аты чыкпадыбы, биздин аталар ошол жерден түшкөн экен. Кайра коргонго келели. Коргон толтура алма бак, өрүк, анан шабдоолулар. Галмама чоң энем жеткен кызык, эч кимге окшобогон киши болчу. Тиштерин капкара кылып боёп алат эле. Жаш кезинен ошентчү экен. Кийин биздин уруктагы жаш аялдар да боёп жүрүштү. Бир кара боёк болор эле, көп жыл чыдайт экен. Чыгыш аялдарынын адат-салтында барбы, же тишти жакшы сактайбы, же көрк үчүн элеби, айтор, билбейм.

Коргондун ичин бүт чоң энем карап, чоң энем багат эле. Сабиз, пияз деп, жер-жемиштин бүт түрлөрүн отургузат, андан сырткары жыттуу, даамдуу чөптөрдүн миң түркүнүн айдайт. Анан аларды аралатып, көкнары эгип таштайт. Көкнарыны билесиң, ал кадимки апийим. Ысык-Көлдүн апийиминин гүлү кызыл болот. А бул болсо көпкөк. Ушунчалык тунук көк. Эми элестетип көр: картөшкө гүлдөп турат, анын гүлү да көркөм болот эмеспи, нары жагында пияз көпкөк болуп көрүнүп турат, андан ары алардан да бийик, алардан да көпкөк көкнары көйкөлөт. Чоң энем пакенерек киши эле, аларды отоп, сугарып жүргөндө көкнарылар анын боюн көөмп калчу. Эми муну сүрөттөп айталбайм, муну кинолентага гана тартыш керек. Ушунчалык сулуу гүлдөйт.

Көкнарыны апийим тилгендей тилбейт эле, аны тилбейт окшойт. Сабиз, пияз, чөп-чардын баарын чогултуп алган соң, көкнары калчу аягында, кургап, куурап саргая баштаган. Ошондо чоң энем калта көтөрүп барат дагы, ичиндеги уругу менен баштарын жулуп-жулуп алып, торбо-торбо кылып үйдөгү пешайвандын түркүгүнө илип коёт. Кийин кыш киргенде жаш балдар чүчкүрүп-бышкырып баштайт, ошондо келин-кесектер балдарын көтөрүп келе берет: «Баланча эже, баланча жеңе, бала ооруп калыптыр, жанагы дарыңыздан биртике берип койсоңуз» – деп. Ошолорго берчү, бирден-экиден. «Кайнатып туруп, суусун ичир» – деп коёр эле. Ошентип айыгып кетишчү. Кээде энесине күн көрсөтпөгөн абдан кыйык, чыргоок балдар болот эмеспи, ошолорго да берчү, жоошутуп таштайт турбайбы. Кыскасы, көкнары экөөбүз ичсек жараша турган дары экен.

Энемдин дагы бир хоббиси бар болчу. Жанагы сабиз, пияз эккен участогуна дагы бир гүл дамамат эгер эле. Кыргызчасын билбейм, кийин сүрүштүрсөм, орусчасы петуший гребешок (короз таажы) экен, короздун таажысындай кыпкызыл, укмуш декаративдүү гүл, бышканы да, куураганы да билинбейт, кыпкызыл баркытка окшоп тура берет. Чоң энем ошону эгип, күзүндө орок менен оруп, боолап туруп, аны да үйдөгү шыптарга, түркүктөргө илип койчу. Ал кыш ичи да, жаз ичи да тура берчү. Чоң энемдин үйүнө кирсең, дүйнө ушунчалык кооз болуп кетер эле: пешайванында көкнары, короз таажы илинген, андан башка кызыл, сары, айтор, ар түркүн гүлдөр бар, баарын оруп, боолап-боолап туруп илип коё берчү. Табити ошондой болчу. Эки чо-оң сандыгы болор эле, сандык дечү эмес, жабан дечү. Китеп шкафын көрүп турасың го, ошонун алдындай узундугу. Бирок капкактары сай менен сүрүлүп ачылып-жабылат. Япондор бир бөлмөнүн ортосун жука, дубал сыяктуу бирдеме менен бөлүп коёт. Ролик менен ачылып-жабылып турат. Сүрүп ачып койсоң, бир чоң бөлмө, жаап салсаң эки кичине бөлмө. Чоң энемдин сандыгынын капкагы да ошентип ачылып-жабылчу. Бурчтагы узун арча бакан шыпка жыгачтан чабылган идиш-аяктары, кооз-кооз тузбаштык, аяк-каптар, эликтин мүйүздөрү, бугунун мүйүзү башы менен. Ошол кезде биздин тоолордо бугу болгон экен, чоң энемдин кудасы атып келип, калтырып кетиптир, шолор тирелип илинип турчу. Арча бакандын аарчылган илмектери майланышып, сапсары болуп көзгө шумдук көрүнөр эле.

Чоң энемдин ушундай жосундарын кийин «Көчө» деген киносценарийиме көп пайдаландым.

 

Ромео эмес, Гапар-татти

Сен атам менен энемди Ромео, Жульетта деп айттырып жиберип, мени кыргыздардын алдында осол кылганы турасың. Кайталап айтайын: болгону атам менен апамдын жаштары алардыкына туура келип калыптыр. Бу кыргызың жок дегенде Олжобай менен Кишимжан деп айтпайбы деп, мурдун чүйрүгөндөр чыгышы мүмкүн.

Ырас, атам тууралуу сурап калдың, ал кишинин өмүр баянында бир нече кызык деталдар бар, ошолордон айтып берейин. Маселен, атабыз табити жагынан көркөм өнөргө жакын киши болгон экен. Жашында комуз чертип, кыл кыяк тартыптыр. Теңтуштары чебер кыякчы экенин айтып калчу. Тели-теңтуштарынын көңүлүн алып, кыз-кыркындарды кыялдантканга уста эле дешет. Өзү жакшы кийинип, боюн таза алып жүрчү экен. Ошондуктан эл арасындагы анын экинчи аты Гапар-татти болчу. Орусча айтканда, «щеголь». Анан да атабыз өтө азартный адам болгон экен. Байге чапкан, улак тарткан жерден калчу эмес эле дешет, анан да жаш кезинен кумар ойноптур. Мен бир эле оюнун айтып берейин, аны дос-жоросунан дагы, өз оозунан да уктум эле.

Ноокаттын Көк-Жар деген жери бар. Көк-Жар – атактуу Мойдун бектин айылы. Бир күнү ушул айылда чоң той болуп калат. Атабыз да бир короо достору менен барат ал тойго. Тойдо байге чабылат, улак тартылат дегендей, шаан-шөкөтү катуу кызыган кезде көпчүлүккө жар салынып калат: «О, агайын журт! Биздин Мойдун бек кумар ойнойм деп жатат. Бекке кимиңер чыгасыңар?» Эч ким чыкпайт. Эки башым бар беле дегендей эч ким үн катпайт. Ошондо менин атам, жанагы сен айткан Ромео: «Мен чыгам!» – деп атпайбы. 20га чыгып-чыгалек, акылга анча келелек жаш жигит окшойт, азыр ойлоп көрсөм.

Оюн башталат. Алым, сен, кыргыздардын кумар ойногонун көргөнсүңбү? А мен көргөм. Бул карта эмес, мисалы, бир кирпичти же балта, же бычак менен түптүз кылып кырат, жонот. Кирпич күзгүнүн бетиндей жалтыраганда аны бир нерсеге жарым-жартылай жантайтып жөлөп коёт. Мындан тышкары төрт чүкө болот. Ошол чүкөлөрдү ар бир оюнчу нөөмөт менен алаканына тизет дагы, анан: «Дарткем!» – деп өзүн өзү көкүрөккө шалк эттире чабат дагы, чүкөлөрдү баягы кирпичтин бетине урат. Чүкөлөр жерге чачылып жатып калат, упай ошолордун кантип конгону, жатканы боюнча эсептелет.

Өзүң билесиң, ар кандай оюнда жалаң эле чеберчилик же айла-амалдар менен жеңбейт. Оруста «везение» деген бар, кыргыздар: «Колу келип калыптыр» – деп коёт. Кыскасы, ошол оюнда атамын колу келип калыптыр. Мойдун бекти улам-улам ута баштайт. Бир паста эки оюнчунун ортосундагы акча ой, дөбө болуп чыгыптыр. Мына ушул жерге жеткенде атамдын артынан кимдир-бирөө акырын такымга тебет. Атам мындай кылчайып караса, өзүнүн жоролорунун бири экен. «Уткуруп бер, болбосо башыңдан айрыласың» – деп шыбырайт жоросу. Атам Мойдун бекти караса, бектин бети түнөрүп, муруттары диртилдей баштаптыр. Ошондо эстейт атам, ким менен ойноп жатканын. Анан ачыктан-ачык кошоматчылыкка өтөт. «Бегим, бүгүн сиздин колуңуз анча келбей жатат, дагы бир өкчөң» – деп сүрөмөлөйт. Мойдун бек дагы анын кошоматчылыгын кадыресе «аш кылып», кайра өкчөйт. Бул жолу да колу оң келбейт. Атамдын чый-пыйы чыгат. «Бегим, бул жолу сөзсүз ашыгыңыз алчы турат, дагы бир чабыңыз» – дейт. Бек үчүнчү жолу чабат. Атам айткандай эле бу саам ашыгы алчы турат. «Мына, айтпадым беле, бегим!» – деп сүйүнгөнүнөн кыйкырып жиберет атам. «Бек утту! Бек утту! Утушуңуз менен, Бегим!» – деп, коштоп кетет кошоматчы калк. Ушул уу-дуудан пайдаланып, эки теңтушу атамды эки ийнинен сүйрөп келип, атына арта салат. Ошол удургутуп чапкан бойдон Ноокатка – Нойгутка кирип келишет.

Эртеси жанагы тойдо калып кеткен жоролорунун бири келип: «Эй, Татты, кечээ бекер качыпсың, Бек артыңдан издетти» – дейт имиш. «Эмнеге?» – дейт атам. «Ка-ап, мени менен ойногонун кара, эр жүрөк бала экен» – дептир бек. Эл болсо: «Татты табылганда, бек ат мингизип жөнөтөт эле» – деп шыпшынып тим болуптур.

…Сен жана жазуучулардын өмүр баянынан баштадың эле. Мен өмүр баянымды жазсам, ушуга окшогон окуяларды жазмакмын да. Албетте, мындай кургак эмес, көркөм чыгармаларыма жакындаттырып жазмакмын. Мисалы, кайсылар жөнүндө дейсиңби? Мисалы, менин чыгармаларымдын жаралышына түздөн-түз түрткү болгон түштөрүм, арчалар арасында өскөн лимондор, кына коюнган кыздар, биринчи сүйгөн боз баласын күтө берип, кемпир болгон кыз-аял… ж.б. жаштык кездин эстен чыккыс элестери…

Алым ТОКТОМУШЕВ 

2002-ж., 1-март

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *