Авар жомогу

Түлкү менен жылан дос болуп калышып, жер шарын кыдырмай болушат. Экөө далай токой аралап, далай тоо кесип, талаа-түздү аралап, акыры чоң жайык сууга келишет.

– Кел эми, суудан сүзүп өтөлү, – дейт түлкү.

– А мен чабак урганды билбейм да, – дейт жылан.

– Кайгырба, досум. Мага оролуп ал, суудан өзүм өткөрөм.

Жылан түлкүнүн тулку боюна оролуп алат. Суудан чыкканча түлкүгө канчалык оор болбосун, бирок ал кыйналганын эч билдирбейт.

Экөө жээкке жакындап калганда жылан түлкүгө бекем оролуп, досун муунта баштайт.

– Сен эмне кылып атасың, жылан? Бошотчу мени, өлтүрөсүңбү? – дейт жүрөгү кысылган түлкү.

– Сага бул да аздык кылат! – дейт жылан.

– Болуптур, ажалдан ким качып кутулган. Өлтүрөр болсоң, өлтүр. Бирок өлүм алдында сенден суранарым: ушунча убакыттан бери кыйышкыс дос элек, бирок өлүм алдында жүзүңдү бир ирет көрсөтүп койчу, – дейт кыңкыстаган түлкү.

– Болуптур. Мен да сенин жүзүңдү акыркы ирет көрүп алайын, – деген жылан түлкүнүн маңдайына башын соймоңдотот.

Түлкү ошол замат жыландын башын чайнап салат да, жээке чыгат. Жээктен анан өлгөн жыландын оролгон жасатынан кутулганда айткан экен:

– Кыйшыңы бар досторго ишенбегиле.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

0 Replies to “Түлкү менен жылан”

  1. Маалыматыңар окуурлук, бирок кыргыз тамгаларын чагылдырганга бир амал колдонбосоңуздар болбойт го.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *