Виргиния университетинин студенттери, окутуучулары менен аңгеме

Суроо: Готорн өмүрүндө оң каармандын образын түзө албаптыр. Анткен менен ал түзгөн терс каармандар чыгармачылык залкарлыгынын өзөгү болуп калды. Мындан биз, оң каарманга караганда терс каармандын образын оңой деп ойлосок болобу?

Жооп: Бул, жазуучунун кулк-мүнөзү, таалим-табитине эле эмес, дегеле адамдык табиятына байланыштуу болсо керек: дүйнөнүн жарык жактарынан көрө, караңгы жактарын чындыкка сыярлык, турмуштагыдай ишенимдүү сүрөттөө жеңил.

Суроо: Мистер Фолкнер, жазуучу болуш үчүн жогорку билим, сөзсүз, керекпи, же?..

Жооп: Кандай десем? Бул жазуучуга жылуу квартира керекпи дегендей эле кеп. Биз от жагылбаган, муздак квартирада иштей албаган сыяктуу эле, мүмкүн айрым жазуучулар жогорку билимсиз жаза алышпас. Минтип ичкелентип жооп берип жатканымдын да жөнү бар, анткени өзүм аңдай жогорку билимге эгедер эмесмин. Айталы, колледж адамдык сапаттардын калыптанышына өбөлгө түзүп, гуманисттик сезимдерге азык берер: жердигинен гуманист эместер жазуучулук жайында ойлонбой да коюшса болот; жок, аны жогорку окуу жайлары бере турган болсо, албетте, жогорку билим керек.

Суроо: Кыскасы, дээринде дүрмөтү барлар өзү эле жазуучу болуп алат дегениңиз го?

Жооп: Ананчы. Бул колледжди таптакыр эле жерип салгандык эмес, тек, өзү жазуучу боло албаганды колледж жазуучу кылалбайт.

Суроо: Мистер Фолкнер, жазып жатканда окуучулар же кайсыдыр аудитория жөнүндө ойлойсузбу?

Жооп: Жок. Жаза берем, жылдар да өтө берет, а менин былжырбайларымды кимдир бирөө кызыгып окуйт экен деген түшүмө да кирбейт. Кыскасы, адат болуп калган. Мен алиге чейин эле көкүрөк дартымды кагазга түшүрүп алмайынча жаным жай албайт.

Суроо: Аңгеме жазууга нелер түрткү болот жана кантип жаралат? Менин бир жазуучу жолдошумдун айтуусуна караганда: оболу бир катуу ойлонот экен, анан кетти дейт… Экинчи оңдоп-түзөп да убара болбойт, анткени мээде ушунчалык бышкан имиш… Сизде да андай учурлар болобу?

Жооп: Андай да болуп калышы ыктымал. Арийне, аңгемени андай жазат, мындай жазат деп айныбас жол-жобо, атайын көрсөтмө бериш кыйын. Оболу эмне керек? Жазуучу өзү да түшүнбөгөн жазууга ынтызарлык, коё турайын десе да болбой, этектеп калем карматкан ышкы. А аңгеме кээде бир көргөн эле кишиңден, кээде бир уккан эле анекдоттон улам жаралышы мүмкүн. Мен эч качан кандайдыр бир идея айтайын деп ниеттенбейм, ал жөнүндө түшүнүгүм да жок. Мени дайыма адамдар кызыктырат; тагыраак айтканда, алардын ички уйгу-туйгусу, бөтөн эл, бөтөн жер менен, ар кандай жагдай, мезгилдер менен кагылышуусу… Албетте, бул менин жеке ишим, а аңгеменин кантип жазыларын айтып, жолдомо бериш кыйын.

Суроо: Жаш талапкерди дасыккан жазуучу үйрөтүп чыгалабы?

Жооп: Дегеле бирөө бирөөнү бир нерсеге үйрөтө коёт деп ойлобойм. Эгер жаш жазуучуга чынардай кумар тынчтык бербей жатса, эмнени жазарын түшүнүп, кантип кагазга түшүрөргө шаасы жетпей турса, кимден үйрөнүп, кимден окуш керектигин эч кимден сурабайт. Жазуучу жазуучудан эмес, жайчарба эле улуулардан, турмуштун ар кандай жагдайларынан окуйт. Менимче, кимдир бирөө жазууга тири укмуш дилгир болуп, убакыттын эле мөртүн келтире албаса, демек, партадан эмес, турмуштан окуп жүргөнү ошол. Андай учурда аны бирөөлөр эмес, өзүнүн аяр көкүрөгү нускап турат. Жазууга жалындаган ынтызарлык болбосо, окуп-чокуганга деле мойну жар берерин кудай билет.

Суроо: Сиз жазууга шыгыңыз бардыгын алгач кантип баамдаганыңызды айта кетесизби?

Жооп: Кыязы, кат тааныгандан эле чиймелей баштадым өңдөнөт. Алгач ыр жазып жүрдүм. Качан ырларым жеткен былжырак экенин билип, жакшы ыр жазуу менин колумдан келбесине көзүм жеткенде гана демим басылды. Ал кезде жыйырмалардан ооп калгам, Жаңы Орлеанда жашачу элем. Ары урунуп, бери урунуп жүрүп, Шервуд Андерсен менен таанышып алдым. Ымалабыз келишип калдыбы, айтор, кечке шаарда бирге каңгып, алда кимдер менен таанышып, кечкисин бир кабактан табылып калчу болдук. Бир күнү Андерсен көрүнбөй калды эле, иштеп жатат деп калышты. Экинчи күнү келди да, эртеси кайрадан иштеп калды. Ошондо жазуучулук өнөктүк ушул болсо, мен да жазуучу болуп албай деп биринчи жолу ойлондум. Жаза баштадым, жазган тим эле жыргал экен. Алгачкы романым «Жоокердик сый» (1926) жазылды, басчулар да табылды… Чыгармачылыктын ыракатын ошентип туйдум, ошондон бери берилгенден берилип жазып келатам.

Суроо: А кантип жан багып жүрдүңүз?

Жооп: Колуман көп иш келчү: катер, ал гана эмес, самолёт да айдап жиберчүмүн, фермерлик кылчумун, үй шыбап, актап ж.б. толгон иштерди катырчумун. Анын үстүнө Жаңы Орлеанда аябай арзанчылык; көп акчанын деле кереги жок болчу. Баш калкалар жай, анча-мынча нан, тамеки, виски болсо болду, ошого эле канимет кылчумун. Эки-үч күнү катуу иштеп коём, бир айлык каражат даяр. Мен жердигимен эле бекер, каңгып жүргөндү жакшы көрөм. Акча үчүн өлүп баратса иштегим келбейт.

Суроо: «Каркасон» аттуу аңгемеңизде эмнелерди айткыңыз келген?

Жооп: Айлана-чөйрөнүн элдешпес карама-каршылыктарына кабылган жигитти көргөзгүм келген. Реалисттик каңдим ык менен жазсам, мудаама жетпей, көп нерселерди уттуруп коёрумду боолголодум, андыктан баянга фантастикалык ык оң көрүндү. Бул менин жаңылбай жакшы көрүп келаткан чыгармам, анткени анда кайрадан акын болуп кеткенсийм.

Суроо: Автору жадымда жок, айтор, француздардын байыркы бир дастаны бар, анын сюжети менен сиздин аңгемеңиз аябай окшош болуп калган экен. Сизге ал мурдатан эле тааныш беле, же?..

Жооп: Жок, окубапмын, эгер анын сюжети аңгемеме керек болуп калса, окуган күндө деле тартынбай пайдаланмакмын.

Суроо: Сиздин оюңузча жазуучунун каармандары аркылуу берилген «мени» менен сырткы дүйнө жана реалдуу турмуштагы адамдардын таасиринен улам пайда болгон ички «мени» кандай карым-катнашта болуш керек?

Жооп: Менимче, жазуучулуктун мында эч кандай тиешиси жок. Жазуучу деле адам: ал ар түркүн адамдар менен байланышып, ичкиликке, кумарга берилип кетиши ыктымал. Чыгармачылыкка анын эмне кереги бар? Жок, жазгысы келип, ошону көрсөтүүнү мелжеп алса, жазат. Болбосо, «катын-балам жазууга жолтоо болуп жатат», «жумуштан чолоо жок, болбосо катыра жазат элем» дегендерди көп эле угуп жүрөм. Алар мени, албетте, ынандырбайт. Жазгың келип турса, сени эч ким жана эч нерсе токтото да албайт. Далайлары сыяктуу эле ал иштен майнап чыгара албасаңыз, башка ишке өтүү жөн.

Суроо: Көп эле жазуучулар адепки чыгармаларында өзүн каарман, болгондо да оң каарман кылып алышат экен. Мындай учурларды сизден такыр эле жолуктура албай койдум?

Жооп: Кайсы гана жазуучу болбосун каарманына өзүн канчалык даражада окшоштурганын кыйналбай эле айтып берет. Адатта өспүрүм өзүн мелжеп жазганды жакшы көрөт, анткени башкаларга караганда өзүн жакшы билет эмеспи. Ар кандай жагдайларды өз деңгээли менен өлчөйт; көбүнесе өзүн эртеңки күнү кандай көргүсү келгенин кыялданып сүрөттөйт, өзү жек көргөн кемчиликтерди да кагазга түшүрүшү мүмкүн… Чынында ишке баш-отуң менен кирип алганда такыр башкача болуп чыгат: каармандар менен өзүңдүн ажатыңды айрып олтурганга чама-чак келбей калат. Албетте, чындыкка, турмуштун айрым жагдайларына дал келгендей кылып, каармандарды сыпаттоого туура келет, ошол тапта гана каарман сиздин көз караш боюнча сүйлөп, аракет жасоого аргасыз болот. Бул каарманыңыздын ордуна өз пикириңизди макалдатып айта берсеңиз болот деген кеп эмес, анда адамдар жөнүндө айтууга чолооңуз да тийбейт. Тек, кайсы бир маанилүү маселелерди чечүүдө чектелүү гана мерчемдерге каарман сиздин тил менен сүйлөшү мүмкүн.

Суроо: «Августтагы жарык» романынан улам бир собол: Хайкхтауэрдин мурунку турмушу жөнүндөгү бөлүмдү китептин акырына киргизипсиз. Китептин башында, а киши чыгар замат эле баяндап берсеңиз болбойт беле?!

Жооп: Окуялар адаттагыдай, айталы, окуялуу китептердикиндей куюлушуп турбаса, демек, өз алдынча, бирок бири-бири менен үндөшүп, чыгармадан сырткары да жашай ала турганы. Китеп жазуу – дүкөндүн витринасын жасалгалоону элестетет. Ылаажы болсо, буюмдарды көз жоосун алгыдай жайгаштырып, көркөм жасалгалоо үчүн да сергек табит, сейрек ык керек… Хайткхтауэр көкүрөгүн өргө айдаган адам: аны турмушундагы эң оор кыйынчылык да бөксөртө алган жок. Мыктылыгын айкындаш үчүн ошолор эле жетмек, арийне ал антынан да аттап, өткөндөргө, укумтукумунан келаткан каарман салттарга кетип калды… Аны китебимдин акырында ачык-айкын баяндап берүү мага оңтойлуу туюлду.

Суроо: Сэр, сиздин оюңузча аялдын образын түзүү жеңилби, же эркектин образын түзүү жеңилби?

Жооп: Аялдар жөнүндө жазуу кызык, аларды жакшы билбегенимен уламбы, айтор, алар мага дайыма таң каларлык элестетет… Дегинкиси, оорчулугун эсепке албаганда, эркектерге караганда аялдар жөнүндө жазуу бир топ ыракат.

Суроо: Сиз азыркы жазуучулардын кимисине тан бересиз?

Жооп: Суроого так жооп бериш мен үчүн бир топ кыйынчылыкты туудуруп жатат. Адатта мен жазуучу жөнүндө эмес, ал жараткан каарман жөнүндө ойлоном. Сандаган китептердин сандаган каармандары дайыма жадымда турса да, авторлорун эске тутуп жүрө албайм. Бала кезде пир туткан жазуучум Томас Бир эле, кийин чыгармачылыгыма айталы, Чехов өңдүү жазуучулар зор таасирин тийгизген…

Суроо: Түн ортосунда секирип туруп, таң атканча жазган учуруңуз барбы?

Жооп: Бар. Ал эмес, аябай көп. Менде атайын түзүлгөн колдонмо жок. Угушума караганда көп эле жазуучулар баш көтөрбөй олтуруп иштеп, сандаган барактарды толтуруп коюшат экен, арийне, андай сапат менде жок. Көбүнесе ысыкта иштегениңди жактырам, эс алам, кайра жазам дегендей… Кээде он-он беш саат маталып жазып, кээде он-он беш күн бир да сап жаза албай калам…

Суроо: Сэр, «Ыйык жай» романын жөн эле агымга карата, акчанын айласына жазгам дегендей кылдыңыз. Ошол тажрыйбаңызды жаштарга кеңеш катары сунуш кыла аласызбы? Айталы таланттуу автор сенсация үчүн, же жөн эле өзүн даректеп коюу үчүн китеп жазса болобу? Же сиз жогоруда белгилеп өткөндөй, сөзсүз эле ички муктаждык нускамайынча колго калем алып кереги жокпу?

Жооп: Автор каарманын турмуштагыдай кылып, чын дилинен ишенимдүү сүрөттөп бере алса, сенсация үчүн жазса жаза берсин. Ал эми карандай сенсациянын кулкун тыя албаган кулу болуп калыш, таланты таш капкандык эле эмес, кечиримсиз кылмыш. Сенсация деген жазуучу үчүн колунан көөрү төгүлгөн устанын мык кага турган балкасындай эле кеп. Уста мык кагып коюш үчүн эле эмес, үй тургузуш үчүн колуна балка кармайт.

Суроо: Мурда окуган китептериңизди кайрылып окуганда кандайдыр жаңы сезимге дуушар болбойсузбу?

Жооп: Ооба, эски досторду жаңы көргөндөй эле…

Суроо: Кайсы китептерди танбай окуп келатасыз?

Жооп: Дон-Кихотту. Библия колдон түшпөй турган китеп. Диккенсти такай окуйм. Шекспирдин чөнтөк китепчеси бар. Жозеф Конрад, «Моби-Дик», Чехов, «Мадам Бовари», Бальзак, Лев Толстой, Гоголь. XIX кылымдагы француз жазуучуларынын көптөгөн чыгармаларын күн сайын окуп турам.

Суроо: Көп эле жазуучулардын жаңыча тил менен жазууга далалаты зор. Сиз буга кандай дейсиз, жазуучу өзүнчө тил түзүп алууга, тагыраак айтканда, атам замандан бери түзүлгөн эне тилибизге кыянаттык кылууга акысы барбы? Айталы, Жойс менен Элиот өзгөчө тил менен жазууга аракет кылып жүрүп өтүп кетишти. Алар мурда сүйлөнүп жүргөн тил ойлорун жеткирүүгө дараметсиз деп табышып, аргасыз муктаж болуп жатышкандай түр көрсөтүштү эле…

Жооп: Мейли, түзсө түзүп алышсын, арийне, ал тили элге жетсе болду. Мен муну менен Уитмендин белгилүү ырын кайталагым келет: «Жакшы окуучу улуу акынды жаратат»… Жаңылбасам ушундай беле? Залдагылардан: «…Жакшы угуучу…» Фолкнер: Ошондой. Таланттуу жазуучунун алдындагы ыйык милдети – элге түшүнүктүү кылып жазуу. Бул жазгандарыңды көрүнгөн эле көк мээ түшүнө берсин деген кеп эмес, тек, жазуучунун тили көпчүлүктүн күнүмдүк тиричиликтеги пайдаланып жүргөн тилиндей эле жатык болуш керек…

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

«Жаңы Ала-Тоо» адабий-көркөм журналы, 2011 №3 (23)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *