«Эй, вы там, наверху!»

Жер туткасы Эл
Элден

«Элдик бийлик», «суверендүүлүктүн алып жүрүүчүсү – бир гана Эл», «жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу – Элдин эрки» деп бийик түшүнүктөрдү ураан пайдалангандар улам арбып, арбыгандан бу түшүнүктүн түбүндө да эмне чөккөнүн аңдап алган эп. Эмесе, керек болсо, анын чыныгы асыл түбүндө да «мамлекет» идеясы жатат…

«Эл» деген тек инсан жыйынды эмес, ал касиет. Касиет… бирок бир учурда: ӨТКӨН тарыхый эсин калыптап, анын жарыгында УЧУРУН аныктап, анын жарыгында БОЛООРДУ болжоп турган тушта – мына ошондо гана ал «Эл» деген касиеттин чыныгы калкагарына жанашат. Ошондо гана ал — өзүн тааныган, түпкү вазийфатын билги аңдап, ага аң-сезимдүү умтулган өз тагдырынын, тарыхынын чыныгы ээси, жаратуучусу. Кечээгиси Келечегине — айтөгөрөк көпүрө. Анын «мал-толпа» деген мазмуундан айырмасы, бийиктиги ушунда, калыптанган моралга, аңдалган философияга, руханий категорияга айланып калганында. Жок, улуттук аң-сезимдин бийигине жанаша албай өксүп калса, нетесиң, ара жолдо. Же ал караламан, мал-масса. Албетте, анын тарыхый себеби бар.

Бардык доор-замандарда бардык муундун энчисине «Эл» деген касиетти сактоо, мурастоо вазийфаты жүктөлгөн. Ал «мал-көлүккө» айланганда маалы өтөт, коому бүтөт. Карт тарыхта качандыр чачырап жок болуп кетпей бу күнгө эсен келгенибиз ырас болсо, ал — бабалар, кантсе да заман талаптаган ошол бийиктикте болгондугун күбөлөйт. Элдигин сактагандыгын айгинелейт. Келме кезек, терме тезек. «Эл» милдети эми бизде…

Чындап келсе «Кыргыз эл» деген наамга ээ эмеспиз али толук. Ал – арбакка айланган аталардын укугу, ээ-энчиси… Эл тагдырын аталардан кандай аманат алсак, дал ошондой, жок, Ата Журт айдыңында бир тал чырпык ашык көктөтүп калтыра алсак гана «Эл» деген атка арзырбыз. Болбосо, боз килкилдек массабыз… Кара (Эл) эмес, Караламан (Кара аламан). Эртеңки муундун кендирин кесээр, бүрсүгүнкү Улутту курутуп тынаар… Өз тагдырыбызга өзүбүз өгөй, жатпыз. Мүрзө элес… Мындайда Теңир элден жүзүн бурат, каарлайт…

Серп салсак: акыркы жүз, жүз элүү жылдары көчмөн кыргыз башына тарых улам-улам жаңы сыноолорду салды. Калыгул, Арстанбек олуялардан беркини айтсак, «Замана» деп жарыша кардыккан үн бекерби?! Эл башына, ар бир жолу анын традициялык таанымына кайчы ыңгай, жат элдин дүйнө тартиби үстөмөн таңууланып келди. Кыргыздын түпкү нарк-жамаатчыл менталитетине, социалдык идеалына Совет жашоо мүнөзү кыйла бап түшсө да, идеологиялык дүң багыт мында да өксүтпөй койгон жери жок. Заман заңы ошондой болду.

Ушундай узаакы жолдо Уңгутагдыр зак алды. Дил шамчырагы – улуттук философиясы үлбүл жанды. Ал ошентип өз табиятынан чоочун да тартты. Көчмөн тагдыр – өзгөчө тагдыр… Мына эми Эл кайрадан өзүн жаратып алаар эгемен кезең буюрду. Бирок тарых канча бир жолу какшап айткан чындыкты – чыныгы рухий Эгемендиктин өзүбүздөн башка эч кимге керек эместигин да бир жолу тастыктап атамзамандан келаткан «разделяй и властвуй» күч кошо ойгонду. Кечээ кең Российден болсо, бүгүн карышкыр карт дүйнөдөн! Айкын кызыкчылыкка ээ, ошондон улам өзүндөй «ойлонууга, жашоого» ачык азгырган да, тымызын аргасыздаган да баягыдан да азуулуу жат менталитет «Адам улук», «жергилик эл өзүңдү өзүң башкар», «кудай сага берген укук» деп көрпенденин талуусуна дал тиер «таттуу» саясат таңуулап, үнөмий (экономика) таасирге алып, эми акыркы чеп — жер тагдырын тикийип тиктеп босогодо тур. Бир «один хороший, умный и хитрый еврейдин» (Акаев) колу менен бүтүндөй бир мамлекетти кандайча ичтен иритип, багытын буруп кеткени тууралуу ажайып тамсилди кыргыз тарыхчылары илгери-кийин иликтей жатышаар. Ошол жөөт чийген чийинди Талмуддай кастарлап, СЕБЕП башатын издөө ордуна НАТЫЙЖАНЫН чытырман жышында адашып, дале элди ала жыгылып, ар бирибиз дагы далай… далай чайналарбыз. Улам убакыт өткөн сайын Конституциянын сүзүлүп чыгаар ууру жыртыктары, «оймоктой ойрон тешиктери» улам жаңы проблемаларды куткуп чыгаар… Эгерде эгемен Эс, Эл, Мамлекеттин бийигинде боло албасак!

Аавал күндөн мындайда кылым тарыхтын сабагына канган Дааналар кыраа жол чалган, кылчайбай Эл баштаган, Эл да ага өз тагдырын табыштаган. Ал вазийфат — Мамлекетте азыр. Миң жылдыктар тогошкон айла амалдуу заманда Мамлекет гана Эл баштайт. Ал ошол элдин экинчи теңи, бийик аң-сезимделген түгөйү, өзүн аңдаган жармы.

Сурай турган суроо бар, сурабай турган суроо бар. Эсеби ал – Мамлекет, «эл аралык жеке укук» деген эмне экенин жети атасы укпаган элге: «Жерди жеке менчикке таратууга макулсузбу?» деп референдум салбайт. Элди сыйлайт. Жат тааным түзгөн жаңы кырдаалда: «Эл өзү чечет эми», деп аны улуттук өксүгөн таанымга сүйөөсал таңуулабайт. Элдин философиясына үңүлүп, мамлекеттик деңгээлде идеологиясын аныктайт. РУХ кубатын бир тарап нуктайт. Мамлекет ролу ар бир тарыхый шартка карай өзгөрүп өркүндөй барат. Ал — диалектикалуу, кыймылдуу. Бу ыйык түшүнүктү кечээги СССР менен кошо тарых бүктөмүнө кеткен «тоталитаризм» аталган чээнге камап, бир критерийде катырып салыш — мамлекеттин эмес, өзүбүздүн сенектик. Анткени – турмуш өзү жандуу, анан да ал уламдан улам ургаал өнүгүүгө өткөн. Жаңы доордун аныктооч мүнөзү — өкүм зорлор мээ каңгытып өз менталитетин таңуулоо, өзүнө кең жол ачаар ыңгайын, мыйзамын таңуулоо, жарыш таңуулоо, жиниктирүү маанай күткөн. Мындайда доор кыймылын антеннадай дирт кабылдаар да – мамлекет! Рынокту тескеп, уюштураар да – мамлекет! Демек чындап келсе мамлекеттик бийлик деген түшүнүктүн башкы бакыры эми чыгат. Кайриет, Конституциябызда аган жол ачкан жоболор да жетишээрлик. Дегеле Конституция дегениңдин өзү да жандуу, организм сыяк. Ал узаакы мезгилге эсептелген документ болгондуктан анын бардык эле жоболору жарышып бир учурда ишке кирбейт. Бир мерчемин дымытып, бир мерчемин кызытып, ар бир жолу анын тереңинен заман зарылдаган идеяны алдыңкы планга алып чыкса болот.

Айталы, бир жагынан кредит шартын артынган, бир жагынан биздин радикал демократтар коштоп жаңырган сырткы баскынчыл күчтёр Конституцияда жылма катылган ар мүмкүнчүлүктү (м: ушул эле, жерге жеке менчик, же мамлекеттен ажыратылган жергиликтүү өзүн өзү башкаруу) өзүлөрүнө керектүү нукка өжөр… өжөр өнүктүрүп барат.

Конституциябызда, аа кайчы — улуттук ыңгайдагы мамлекеттүүлүк идеясына шай өзөктүү жагдай да жатат. Ал — биримдик бийлик, же анын бир танабы – Аткаруучул бийликтин акыркы звеного чейинки үзүлбөй уланган вертикал ырааты. Акыркы звеносунда өкүлчүлүк бийлиги менен бир денеге биригиши. Кыргыз менталитетинде мамлекеттүүлүк идеясы, анын мазмуун-формасы коомдон бөлүнбөй чулу аныкталып калган! Эл жана Мамлекет түшүнүгү өзөктөш бүткөн. «Эл-Журт» деген эң жөнөкөй сөз бар кыргызда. Экөө диалектикалык биримдикте. Эл – жалпылык, журт – жекелик. Бул вертикал бийлик Теңир мыйзамына ылайык «Улууга (Теңир) – урмат, Кичүүгө (Жер) – ызаат» принцибинде курулган. Ким бирөө ойлогондой «Эл» абстракт түшүнүк эмес. Ар-ар жерде чачылган уруу, урук, журт жыйылып өзүн сактоо үчүн «Эл» деген түшүнүккө уюган.

Түбүнө үңүлсөк, ал Ата, Чоң Ата, Жети ата, тууган, урук, уруу өңдүү колго кармаласаң болгудай түшүнүктөрдөн да артык конкреттелген. Анткени ал ар бирибиздин керт башыбыздын сакталып турушундагы биринчи шарт. Көчмөндүн: «Атанын уулу болбой Элдин уулу бол» деген эски накылы ошол. Дал ошол сыңары мамлекет деген да үй, айыл, аймак, дубан, жерге, өрөөн өңдүү аягыңды сүйөп турган материалдуу түшүнүктөрдөн да алда канча материалдуурак. Анткени бул дагы керт башыбыздын сакталып турушундагы биринчи шарт. Көчмөн үчүн аяк алдындагы жерден — Ата Мекен башталганы да ошол.

Демек, «Эл-Журт» түшүнүгүндө Элдин Жолу айкараңгыда да бийик, улуу. «Жергилик өзүн башкаруудан» «мамлекетти башкаруу» күнжарыктай ыйык, улуу. Демек мындай дүйнөтаанымда: “эл бийлигинин түпкү негизи жана логикасы бузулган, элдик суверенитеттин кыймылы тескери багытта жүргөн» (Акаев) дешке болобу? Жок! Анткени мында Батышчыл: «Мен – мамлекет» деген башкадан обочолонгон кертчил эгоизм эмес. Теңирчил: «Мамлекет – мен» деген башкага жалганган наркчыл жамаатчылык жатат…

Мындай учурда мамлекеттик бийликтен жергилик бийликти ажыратуунун маани-маңызы өзү өчөт, б.а. ал абалкы «элдик биримдик бийлик» («көчмөн демократизм») маанисине келет, чыныгы табиятына табышат. Демек, Мамлекеттик бирдиктүү башкарууну башынан аягына үзүлтпөй-сүзүлтпөй алып өткөн Конституциянын бу танабын эркин рынокко шылтап, же эпадам күтүлгөн жер менчикке ыңгайлап бөлүп ажыратып бошоңдотуу эмес, тескеринче, рынокту мамлекеттик тескөө, уюштуруу, калыптандыруу зарылдыгынан улам бекемдөө, күчөтүү кажет!

Бул айтылгандан кыр чыгарып, экономиканы – баягы командачыл башкарууга чакырык салгандай түшүнүү жарабайт. Кеп, экономиканы таптаза рынок механизмдери аркылуу гана башкарабыз деген идеянын иллюзия экени тууралуу. Эркин рынокко шылтап ээ жаа бердирбей экономика тизгинин колдон жулуп эркибизден сырт чыгарып кеткен сырткы күч тууралуу. Таман алдында эң башкы жана эң акыркы Жер-Таянчы калган Мамлекеттин эми марионет калбайм десе, жапан стихияны акыры аң-сезимдүү бир нукташы, элин бир идея алдында ийириши тууралуу. Мамлекеттик патернализм эч качан жокко чыкпайт. Тек анын деңгээли ар кыл. Кечээги СССР дагы борборлошкон диктаттын жөнү бир бөлөк. Эмики чарба, ишкана, тармактардын ички кудуретин сүйөмөл ачып чыгууга көмөк этүү бир бөлөк. Атургай мамлекеттик тескөө азыркы өнүккөн капмамлекеттердин өзүндө бар. Аң-сезимдүү таңууланган сырткы РЫНОК стихиясын (анархиясын) аң-сезимдүү ички нарк экономикасына айлантуу ушул ЖОЛДО ишке ашаар.

Аал, тең ортодо майдан талаага айланып Конституция жатыры.

Акыйкатта, саясат менен экономиканын катышы өзү диалектикалык биримдикте. «Деидеологизация экономики» деп шок терапияны таңуулагандыктын өзү идеология. Экономиканы мамлекеттик тескөөдөн ажыратуу дегендин өзү саясат. Айрыкча тарыхый өткөөл кезеңдерде экономиканын мамлекеттик башкаруудан сырт калышы дегеле мүмкүн эмес.

Ээленген эркин конкуренция жыйырманчы жылдардын аягында ушул эле АКШны улуу депрессияга кабылтканда андан сууруп чыккан да Рузвельттин «мамлекетчил» саясаты. Экономиканын түйүндүү-түйүндүү тармактарын мамлекеттин түз башкарууга алышы. Рынок экономикасынын жүгөнсүз стихиясына каршылык ирээти Францияда эки ирээт (1945 – 1948, 1981 – 1982-ж) жеке менчикти кайра казыналаштыруу жүргүзүлгөн. Кубаттуу мамлекеттик сектор түзүлгөн. Мамлекеттештирүүнүн экинчи этабында эң биринчи даражадагы элүү компания мамлекеттик менчикке каратылган, банк системасынын 90 пайызын мамлекеттик сектор өз контролдугуна алган. Экинчи дүйнөлүк согуштан соң Европанын бир катар капөлкөлөрүндө (Германия, Италия, айрыкча Австрия д.у.с.) түзүлгөн мамлекеттик күчтүү сектор бу күндө да жеке менчик менен катарлаш ырааттуу өнүгүүдө. Эң соңку мисал, Маргарэт Тэтчер тушунда мамлекеттик ишканаларды тездик менен приватташтырган про­цесс акыркы кезеңде кайра ага анти жолго жанды.

Демек, өнүккөн рыноктуу дүйнө өзү бир тарап менчиктештирүүнү эле билбейт, анда стихияга кайчы-казыналаштыруу процесси, мамлекеттик түз да, кыйыр да тескөө дайым бар. Мамлекет түшүнүгү түбүндө өзгөчө маңыздалган менталитетке ээ биз кантишибиз керек анда? Бир нерсе айкын: эми революционерликти токтотуш керек! Жер тагдырына эволюциялуу мамиле этпеске аргабыз жок. Ал – Ата Мекен. Мамлекет негизи! Эгер жергилик өзүн башкаруу азыркы сунушталган тейинде жер менчикти бооруна басып, «Адам укукчул» мыйзам жамынып мамлекеттин тик бийлигинен чыгып кетсе, анда ал мамлекет ташын тамам басат. Уңгутагдырга уланаар чыныгы улуттук мамлекеттүүлүк идеясын кыйракандайт. Улуттук азчылыктар үйүрлүү жашаган аймактарда сырт дүйнөгө байланышкан сепаратизм күчөөрү, «Эл» деген асыл маңызынан өксүгөн ара жолдогу улуттук аң-сезимде трайбализм гүлдөөрү – ал өзүнчө поэма, географиялык чек билбей, же бир улут тандабай банктан, банкка тегеренээр Жер – бул өзүнчө бир дастан!

Тең ортодо Жер тагдыры тараза ташын калт-калт кармап жатыры…

Бир конституциянын өнө боюнда катылган ушул эки башталыштын кимиси биринчилик алат? Ал эми коомдун түпкү өнүгүү багытын, максатын ким, кайдан, эмнеден көргөнүнө байланышат. Баятан айтылган баян – бийик жетекчилик мамлекет кораблин бир тарап Батыш үлгүгө чечкин баштаганын көрсөттү. Бир жагы, буга — сырт күч, кредит шарты шыкак.

…Эгерде «эл» деген «мал» эмес чын эле касиет болсо, тереңинде, акыркы агониясында да «коломтодон күкүрт табаар» көмүскө күч букканы ырас болсо, анда кызыган кыймыл траекториясын алыстан болсо да аң-сезимдүү кайырышы кажет. Эң алды элдин эси — улут интеллектуалдары улуттук философиянын удулунан чыгып, эл менталитетине айкаш коомдук-идеал ориентирлерин кайра бир терең аныкташы ажеп, калкын ага ишендириши кажет. Ошондо гана Маркс айткан: «Когда идеи овладевают массами превращается в материальную силу» деген чындык чыгаар. Аа дейре улуттук мамлекеттүүлүктүн гана өткөөлү эмес, эң башкысы Уңгутагдырды издеген улуттук аң-сезимдин өткөөлүндө турган чакта Мамлекеттин байтүбү – кара жерди Конституциядагы аныктамасында сактап калуу каректей милдет! Калганын калыс мезгил дагы өзү айтаар…

Чоюн ӨМҮРАЛЫ уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *