(1-МАЕК)  (2-МАЕК)  (3-МАЕК)   (4-МАЕК) (5-МАЕК(6-7-МАЕК) (8-МАЕК)

— Мырзаке, буга чейин айлыңызды кеп кылдык, ата-тегиңизди кеп кылдык, балалык, чалалыкты кеп кылдык. Эринбей эң бир ширин-ширин аңгемелерди куруп бердиңиз, ыракмат! «Акынды түшүнгүң келсе, туулган жерине бар» – дейт эмеспи, кеменгер Гёте. Анын сыңарындай, Сиздин чыгармаларыңыздын кыргыз жазуучуларына таптакыр окшобогон колориттүүлүгү ошол Сиз көз жарып өскөн жердин, чөйрөнүн, суунун, абанын, адамдардын, атургай Сизди чоңойтуп-чочойтуп, эрезеге жеткирген чоң энелериңиздин өзгөчөлүгүнө байланыштуубу деген ой калды менде. Сиз буга кандай карар элеңиз?

– Ооба, экөөбүз кыргыз гезиттеринде жок жосунду баштап, буга чейинки салттарды бузуп, күнүмдүк сөздөрдөн чыгып өмүр баянга, мындайча айтканда, мемуар тибиндеги материалдарга өтүп кеттик. Муну менен мүмкүн, «Агымдын» окуучуларын да иренжитип, айрымдарын сөгүнтүп аткандырбыз. Айрыкча менин кесиптеш акын-жазуучуларым, киночулар: «Ой, энеңди урайын, мындай өмүр баяндын кереги кимге, ал менде деле бар, мен деле отуруп алып, чоң эне, чоң аталарым жөнүндө былжырап айта берсем, гезит аны былжыратып баса берсе болот экен да?!» – деп, кычырап атат болуш керек. Экөөбүз өгүнү кеп кылдык го, ар кимибиз өзүбүзгө, өз Ата Журтубузга жараша таалим-тарбия алдык.

Өзүңдү коюп, коомдук кызыкчылыкты айт деген советтик «союлдун» астында чоңойдук. Чоң энелерди эмес, эмгектинби, же кандайдыр бир балакеттинби, баатырларын жазууга тийиш элек да. Ошого жараша ойлогон оюбуз, сүйлөгөн сөзүбүз, жашаган турмушубуз окшош болуп келди. Кааласак, каалабасак дагы өмүр баяныбыз окшош, толтурган анкеталарыбыз окшош, баарыбыз эле кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулганбыз деп, баягүнү айтпадыкпы. Эми анысы да чын болчу, биз, 30-жылдардын балдары туула баштаганда эл кедей-дыйкан болуп, жылаңачтанып калган. Кудум азыркыдай. Анда жеке менчикти талап-тоноп тартып алышса, азыр орто байлыгын талап-тоноп кетишпедиби. Айырмасы ошол. Сөздүн нугун башкага бурбасак, эң жаман жери, баарыбыздын ичибизде кошо жатып, кошо турган, кошо жүргөн көрүнбөс редакторлорубуз, цензорубуз болор эле. Ошол редактор, ошол цензор бизге жалаң гана соцреализм китебин жаздыртып, киносун, сүрөтүн тарттырып, театрын койдуртуп, окурман, көрөрмандарга ошолорду гана тартуулатып келбедиби. Ошондуктан экөөбүз сүйлөшүп, айтып аткан сөздөр өөн учурашы мүмкүн.

Ал эми сенин сурооңо келсек, бизди курчаган дүйнөдө шыкты ойготуп, дымакты, кыялды козгой турган нерселер түмөн. Анын ичинен художник өзүнө керектүүсүнө, өзүнүн алы жете турганына «асылат». Анын ичинде тууган жер, өскөн эл да бар. Кыргыздар ошон үчүн айтышат да, көргөн-өскөнү жакшы же жаман деп. Мисалы, Тургенев Россиянын чок борборунда эмес, Парижде туулуп, жалаң Парижде өссө, «Аңчынын аңгемелери», «Алгачкы махабат», «Ася», «Вешнее воды» сыяктуу керемет чыгармаларын кантип жазат эле. Орус адабиятында андай мисал көп экенин өзүң билесиң.

Дегинкиси прозаикпи, художникпи, композиторбу, иши кылып көркөм өнөр менен жашаган кишилердин натурасы поэтикалуу, б.а., акын жандуу болуш керек. Гёте ошонун баарын жалпылаштырып акын атап атпайбы. Жашоо-турмуш өзү кичинекей эле деталдардан турат, таптакыр бүтүп калган эч нерсе жок. Деталь. Калганы художниктин кыялына, фантазиясына, мындайча айтканда, акындык көрөңгөсүнө байланыштуу.

– Пастернак: «Всевышний бог деталей» – деп, бекеринен аны Теңирге салыштырган эмес экен да?..

– Ошондой. Алардын мага кандай таасир этерин мурдагы маектерде айрым чыгармаларымдын негизинде айтып бердим.

– Ошондой катуу таасир берип, бирок жазылбай калган же келечекте жазыла турган деталдар барбы?

– Көп. Столумда, башымда, чыгармачылык запискелеримде көп аңгеме, повесть, пьесалар жазылбай жатат. Өмүр өткөн сайын мен көптөрүнөн күдөр үзүп да калдым, эми булар жазылбайт деп.

– Ошолордон кеп куруп бербейсизби? Кудай кубат берип, көкүрөктөгү отту өчүрбөсө, качандыр бир жазылат деңизчи. Бирок жазылбай да, айтылбай да калуу коркунучу бар экендигин моюнга алуу оң. Андан көрө гезиттин тили менен болсо да айтылып калсын. Мисалы, азыр бардыгын жыйнаштырып коюп, эмне жөнүндө жазат элеңиз?

– Кына коюнган кыздар жөнүндө. Бая экөөбүз аңгемелешип отурганда оозумдан чыгып кетти эле, сен гезитке да берип жибердиң. Бирок айтылбай калыптыр. Жазайын деп жүргөн элем, эми жазалбайм.

– Кыз-келиндердин баары эле кына коюнат го, Мырзаке?

– Бирок алар магазинден сатып алган порошокту колдонушат. Мен нукура кынаны айтып жатам. Аябай эсимде калыптыр. Кына койгон кыздар – менин эжелерим, жеңелерим, карындаштарым эле да. Галыш чоң энемдин коргону, көкнарыларын сүйлөп бербедим беле. Ошону туураппы, коргондун ортосунан тоонун суусу агып өтчү эле, ошол арыктын жээктерине эже-жеңе, карындаштарым жыл сайын гүл эгишет. Кыргыз гүлдү түстөштүрүп туруп эле кызыл, сары, ак гүл деп коёт эмеспи. Ошонун сан түркүнүн эгишер эле. Алардын чекелерине кына эгип коюшчу. Ачык, даана кызыл-тазыл түркүн түс атластар болот го, ошону Ошто кан атлес деп коёт, канышалар кийген үчүнбү, же жөн эле канга түспөлдөштүгүнөнбү, айтор, билбейм. Кына гүлдөгөндө дал ошол кан атлестей гүлдөйт. Жалбырактары укмуш кооз, гүлү андан бетер. Бүчүрү, бүчүрүнүн ичинде даны болот. Аны кийинки жылы эксе болот. Бир метрге жетип-жетпей өсөт. Жазында эгишет, жайында бышып, даяр болуп калат.

Эже-жеңелерим ошону эртең менен оруп же сындырып, бир-эки талын саратанга, күндүн аптабына таштап кетет. Колхоздун ишине кетет да, тамеки үзүп, тамеки тизет дегендей. Кечинде келишет, жанагы кына аптапка соолуп, жумшарып калат. Эми ошону жыгач сокуга салыппы, иши кылып жанчышат, б.а., өсүмдүктү копкоюу шире кылып эзишет да, көкташты күлдөй майдалап ага сээп аралаштырат. Көрсө, көкташ кынаны жакшы сиңиртет экен. Кына алаканга, буттун, колдун тырмактарына коюлат. Кантип дейсиңби? Жанагы ийленген кынаны адегенде камырдай кылып жайышат дагы жатарда колуна, бутуна байлап салышат. Адегенде бир колго коюлат, бир колу менен кийинип-ичинип туруш керек да. Эртеси экинчи колуна дегендей. Эртең менен турса, баягы кына алаканын отуна, буту-колунун тырмактарына сиңип, кызыл-тазыл болуп эле жатып калат. Ушунчалык кооз көрүнөт. Анын үстүнө кыз-келиндер да буралган жаш, сулуу. Айрыкча айжамал кыздарга аябай жарашчу эле. Чыкпайт, самындасаң да, жуусаң да, бир-эки айга жөнеле жетет. Бир сезондо 2–З жолу коюнат да…

Мен эми эже-жеңелеримдин ичинде жалгыз эрке бала болуп өстүм. Алардын кына жасаган, кына коюнган кыймылдарынын баарын жалдырап карап отурам. Федерико Феллининин «8,5» деген фильми бар го: апа, эже, жеңелери кантип эркелетип, кантип ойнотуп, кантип сууга киринтишкенин шумдук тартат. Бергманда да ошондой фильм бар. Айтор, менин ошол бала чагымдай учурду көп эле режиссерлор тартышкан. Толстой, Бунин окшогон чоң жазуучулар жазышкан. Мүмкүн мүнөзүмдүн калыптанышына ошол аял, кыздардын чөйрөсүндө өсүп калганымдын оң, терс таасири тийгендир. Оңун башкалар айтар, терси эркектик дух менен шуулдап, дуулдап, колдон суурула албайм. Аялга жакындыгым, аялдардын дүйнөсүн жакындан билип калганым ошондон болсо керек.

Бир жолу менин колума да кына коё турган болушту. Койгондо да, мага ыштан, көйнөк кийгендин кереги жок сыяктантып, эки колума тең коюп салышты. Суунун болор-болбос шоокумун тыңшап сыртта жатабыз, эже-жеңелеримдин катарында. Эми муну айтса да болот, айтпаса да болот, ошондо жеңелеримдин бирөө кулагыма акырын шыбырап атпайбы: «Кичине бала, уктап жатканда осурбаң, осуруп жиберсеңиз, мынабу кына сиңбей коёт» – деп. Мен ошого ишенип алып бекем кысып жатам да. Уктаганга чейин. Уктагандан кийин ким билсин. Бирок эртеси: «Ой, карасаңар, биздикине караганда Мурзага жакшы сиңиптир» – деп чурулдап калышканы эсимде бар. Ону бир жазалбай калдым.

– Бир жакшы миниатюра экен да?

– Ошон үчүн айтып атпайымбы, калганы кыргызчасын билбейм, орусча айтканда, поэтикалык воображениенин иши деп.

– Качандыр бир жазылат деп туралы. Дагы кайсы деталь жазылалек деп ойлойсуз?

– Роберт Бернстин атактуу ыры бар. Бир сабын Селинджер пайдаланган, романын «Над пропастью во ржи» деп атап. Мен да ошол ырды окуган сайын көз алдыма бозбала чагым элестейт. Анан бир өзүмө теңтуш кызды эстейм. Эсиңде болсо, Бернстин ыры минтип башталат:

«Пробираясь до калитки
Полем вдоль межи,
Дженни вымокла до нитки
Вечером во ржи».
Биздин бала чакта буудай тектир-тектир болуп өсөт эле. Ошондой эгишчү. Эки тектирдин ортосун шак деп коёбуз. Эки тектирдин чегарасы да. Ал жерге буудай чыкпайт, көйкөлгөн чөп чыгат. Жанагы Бернстин кызы да ошол шакты аралап келип атпайбы, даричасына. Шөмтүрөп баштан-аяк суу болгон дейт.

«И какая нам забота,
Если у межи
Целовался с кем-то кто-то
Вечером во ржи» – деп, өзүнчө бир картинаны, кыздын жолугуу баянын түзөт.

…Мен дагы жайдын бир күнү ошол тектирлер ортосундагы шак менен келатам. Жаан жаап атат. Келатсам, жапжашыл буудайдын ортосунда, буудай а кезде биздин боюбузду көөмп калгандай өсөт эле, ошонун ортосунда айылдаш кызым, теңтуш кызым, жакшы көргөн кызым буурчак терип жүрүптүр. Буурчакты билесиң, буудайлар жарылган кезде жетилип калат. Чоң энелерибиз, апаларыбыз бизди: – Буурчак терип келгиле – деп жөнөтчү. Өзүң билесиң, согуш мезгил, арпа, буудай али бышалек, алар бышкыча көк чөп, козу карын, жаш өрүк, жалбыз, үлкөн анан… буурчак жеп чоңойдук. Буурчакты майга кууруп, же сууга кайнатып деле бере берет эле. Азыр деле базарда сатып отурушпайбы экмелерин, биз жапайысын терет элек.

Ошентип теңтуш кызым буурчак терип жүрүптүр. Башынан аягына чейин суу. Жаан жаап атат. Үстү-башы жупуну. Баарыбыздын эле үстү-башыбыз жупуну эле да. Бутунда апасынын жаман калиши. Штаны суу, көйнөгү суу. Менин бутумда чарык. Өгүздүн терисинен жасап беришкен ийлеп туруп. Мен кыйкырдым: «Э-эй, жаанды көрбөй атасыңбы, ушундай жаанда да буурчак тереби?» – деп, ага күйгөн болдум. «Торбом толоюн деп калды, ушуну толтуруп алып чыгып кетем» – дейт. Мен бурулдум дагы буудайды аралап кирип, торбосун толтуруштум. Анан экөөбүз өскүлөң буудайды аралап ээрчишип, дагы бир тектирчеге чыктык. Тектирченин ортосунда эндүү шак, картаң-картаң өрүктөр бар эле. Өрүктөр эми гана ыраң кайтарып, кызарып келаткан. Жаандын басылышын күтөлү дедик дагы, баягы өрүктөрдүн арасына туруп калдык. Мындай карасам, менин боюм жете турган пасырак жерде өрүктүн саргайып бышкан шагы ийилип калыптыр. Ошондон бирден-экиден үзүп кызга берип, өзүм жеп, жаанды күтүп турабыз. Ошол учурду элестетип көр. Азыркы шаарда өскөн улан-кыздын жолугар жери башка. А Тургеневдин мезгилинде часовняларда (кичинекей чиркөөлөрдө) жолукчу. Романтикалуу жазуучу эмеспи…

Биз чала бышкан сары өрүктү жеп турсак, жаан басылды. Дагы тура бериппиз. Бир маалда кыз: «Мурза, карасаң, тетиги тектирге асан-үсөн түштү» – деп кыйкырып жиберди. Асан-үсөн деп күндүн желесин айтчу эмес белек. Байкап аткандырсың, менин чыгармаларымдын бүтөр жерине окшоп турат. Жазсам ошентип бүтүрмөкмүн. Бул жазылган жок.

Мындан башка көз алдыма дагы бир баланы элестеп турам. Энесинин эчкилерин керели-кечке кайтарган. Энеси эчкилерди саап, желиндерине калта байлап коёр эле, улактар ээмп албасын деп. Баары бир ээмп алышчу. Ошол бала бир жолу колхоздун саманын уурдап келатканын элестетем. Кеч караңгыда уурдайсың да. Жаңыдан жыйылган жалдын (скирданын) этегинен бир кап саман салып алып, аны жонго көтөрүп алаңдап айылга түшүп келатасың. Оюрма деген тообуз бар, жол ошонун этегинде. Ошол маалда асман ушунчалык ачык, тунук, үстүмдө саманчынын жолу асылып турат. Мен ойлоп коём, асманда мага окшогон бирөө саман уурдап келатса керек деп. Ал жазылган жок.

2002-ж., 8-март.

Маектешкен Алым ТОКТОМУШЕВ

Маек соңу

«Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны»   (Түзгөн Абдыкерим Муратов) деген китептен

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *