Түр жомогу

Бар экен, жок экен, илгери өткөн заманда падышалар көп болгон экен. Ошол байыркы-байыркы заманда, калың казан түбүндө бир падыша болуптур да, анын жалгыз уулу бар экен.

Бала он жети-он сегизге чыкканда атасы аны үйлөмөкчү болот. Кыйла жерден кыз издеп, акыры ылайыктуусун таап, падышалардын салты менен үйлөнтөт.

Той шааниси башталат. Кырк күндүк, кырк түндүк тойдун бир түнүбү, күнүбү айтор жаңы келген келин жоголот. Арытан издейт жок, беритен издейт жок. Же бир дайыны, же бир шек-шыбасы болсочу, жер жуткандай жок эле, жок. Акыры айла кетип эң кыйын деген төлгөөчүгө барышат. Ал кумун чуурутуп көрүп:

— О шах, кызды дөө уурдап кеткен. Азыр Каф тоосунда. Ал дөө бул кызды өз баласына аял кылып алып берген атат, — дейт.

— Кандай андай болуп кетти? — Падышанын акылы айран. — Эми ал жакка ким барат?

— Өкүмдарым, ал жакка эч ким барган эмес, бара да албайт, ал жакка барар адам баласы туулган эмес…

— Анан эмне кылабыз? Айласын тапкыла?

— Эми жалгыз айла, бир тобокел – дагы да барса жалгыз уулуңуз шахзаада өзү барат, -дейт төлгөөчү.

Муну угуп шахзаада атасынан уруксат сурап, алыс жолго камынгысы келет:

— Барам. Келинчегимди дөөлөрдүн колунан куткарып келем! – дейт шахзаада да чечкиндүү.

— Балам, сен али балапансың, дөөлөр сени эки чайнап, бир жутат! – атасы каршы болот.

Уулу айтканынан кайтпайт:

— Сөзсүз барышым керек. Эгер аны куткара алсам — жакшы, эгер куткара албасам, анда мага башканын кереги жок!

Падыша ойлонуп-ойлонуп туруп эч нерсе кыла албашын түшүнөт. Баласына уруксат берет. Тулпар аттан бирди тандап минип бала жолго чыгат.

Ал тынбай жол жүрөт, жол жүргөндө мол жүрөт, тыным алып уйку билбей, бийик тоодон жел болуп өтөт, өрөөндөрдөн сел болуп өтөт, ошентип аябай көп жүрүп акыры бир күн бир тоонун чокусунда эс алмакка көк чөпкө отура кетет. Караса эки жылан, бири – ак, экинчиси – кара чаар, алар ышкырып, бири-бирине тап берип, бири-бирин жутканы калыптыр.

Жигит таш алды да, кара чаар жыланды жанчып салды. Ошондо ак жылан адамча сүйлөп:

— Оо, шахзаада, сен мени өлүмдөн куткардың. Мен пери-падышанын уулумун. Не тилесең тилегиңди айт, мен аткарам! — дейт.

Шахзаада адамча сүйлөгөн жыландан коркуп кетти, киши-жылан болсо кебин улантат:

— Коркпо, адам уулу, корпо? Мен сага кыянаттык кылбайм. Сага мен жакшылык гана кылам.

Жигит бир аз өзүн токтотуп, анан башынан өткөн таржымалын, эми кайда баратканын айтып кирет.

— Ошентип мен Каф тоосуна жөнөдүм. Колуңдан келсе мени ошол жакка алып бар, — дейт жигит.

— О, шахзаада, — дейт жылан, — бизге ал жакка барууга тыюу салынган. Мен сени Каф тоосунун этегине гана алып барып кое алам, андан ары сен өзүң жол тап! Ал жактын дөөлөрү сени бир кесим эттей жутуп салат. Ошон үчүн мен сага темир соот* жана үч жебе берем. Сен Каф тоосуна барып келгенче мен күтүп турам, а сен келген соң мен кайра сени жериңе алып келип коем.

— Мунуң да жакшы, — дейт жигит ага ыраазы боло, — а мен болсо жолго чыккан кишимин, же кызды алып келем, же өзүм өлөм!

Пери аны кысып, көккө көтөрүлөт, көздү жумуп бир топ жүргөн соң алар бир тоонун этегине келишет.

— Мына келдик, мен сени ушул жерде күтөм, ай барып, аман кел! — деп пери-падышанын жылан уулу берки жигитти бооруна кысат да, ага соот кийгизет, колуна үч жебе карматат.

Жигит андан ары жолун улайт. Бир нече күн жүргөн соң тоолордон куралган сепилге кезигет. Ал абдан чарчагандыктан бул жерден кантип өтөр айласын таппай отуруп, бир убакта уйкуга алдырат.

Көп өтпөй мындай доош угулат:

— О, адам баласы, абайлай көр!

Шахзаада көзүн ачып караса, коркунучтуу эле бир жандык – дөө экен, оозунан жалын бүркүп, денесинин баары түк, ушундай бир коркунучтуу. Жигитти калтырак басып, эриндери титиреп кирди.

— Адам баласы, сен бул жерде не кылып жүрөсүң? Бул жерге шайтан да, сыйкырчы да келе албайт, эки аяктуу адам уулу болсо такыр жакындаган эмес, — дейт дөө корулдап үнү менен аска-зоону титиретип.

Шахзаада коркуп, титиреп-калтырап жатып не болсо, ошо болсун деп эмне келгенин айтып берди.

— Эгер сен мени менен дос болсоң жана менин тилегиме жетүүгө жардам берсең, анда мен сени айткан жериңе алып барам? —  дейт дөө.

— А сенин тилегиң кандай?

— Сенин келинчегиңди алып кеткен дөөнүн кызы бар, мен ошол кызына ашык болуп жүрөм. Жетимиш жылдан бери мен ага жете албай зарлап келем. Мен ал жакка жалгыз баруудан коркчу элем. Эми сенин колуктуңду алып кетиптир, экөөбүз кошо баралы. Сен өзүңдүн жарыңды бошот, мен болсо ашыгымды алып качамын. Биз ал жакка барганда дөөлөр биз менен кармашка чыгат. Мынабул камчыны сен ал, алар менин эсимди оодарса, же биротоло жанымды алса, сен ушул камчы менен менин жонума чапсаң, мага кайра жан кирет. Андан ары ишибиз оңолот.

Ушинтет да ал шахзааданы колуна көтөрүп жөнөйт. Бир жерге келсе шалбаа арасынан эле бир кудуктан от чыгат. Көрсө, бул жер дөөлөрдүн түнөгөн үңкүрү экен.

Дөө менен шахшаада кудукка жакындайт. Шахзаада кудук түбүнө кантип түшсөм экен деп ойлонуп турганча ал кудуктун ичинен айкырган эле ар кыл үндөр чыгат. Бир убакта ал жактан тоодой болгон дөө көрүнөт, анын оозунан от бүркөт.

— Адам баласы, мен сени күтүп аткамын. Өзүң келдиңби?! Кел кармаш! — дейт ал каардуу үн менен шахзаадага кайрылып.

— Жок, кармашууга биринчи сен кел! — Шахзаада да кайраттуу турат.

Ошентип экөө ары кетип, бери кетип турганча кудук ичинен дагы бир башкача үн чыгып, жер чайкалып, тоодогу таштар кулап, «зыңгыр-зыңгыр» доош угулуп, кудук ичинен жети баштуу ажыдар көрүнөт.

Ажыдар шахзааданы ээрчип келген дөөгө асылып кармаша кетет, бала менен кудуктан чыккан дөө алышат. Көпкө алышат, бири-бирин жеңе албайт. Бир убакта шахзаада белиндеги саадагынан* жебе алып чыгып дөөнүн оң көзүн мээлеп атты эле, жебе келип оң көзгө матырылды.

Экинчисин алып, сол көздү мээлеп атты эле, жебе келип сол көздү соолутту. Үчүнчүсүн маңдайга атты.

Ошондо дөө адам чыдагыс айкырыкты салып, тоо-түздүн баарын чапчып:

— Адам уулу, сен менин жанымды* таптың! — деп кыйкырды да теректей болуп сулап түштү.

Шахзаада анын колунан кылычын сууруп алып, башын кыя чабат.

Ал бурулуп караса, ажыдаар берки дөө досун сугунганы калыптыр.

Чуркап барып кылыч менен шилеп калды эле, бир шилөө менен ажыдардын жети башын шылып түшүптүр. Мунара сындуу ажыдар да кулап түшүп, керилип жерде жатып калды.

Ажалдан аман калган досу — дөө шахзааданы кучактап:

— Сага ырахмат! Сен абдан баатыр экенсиң! Эгер сен болбосоң менин ажалымдын жеткени болмок! Эми биздин иш буйруса оңуна кетет! — деди.

Кудуктун оозуна келип, дөө баланы кучактап экөө кудуктун ичине киришти. Кирсе, ал жакта темир каалга. Аны ачып ичине өтсө укмуш жемишке бай бак экен, ортосунда көз уялткан заңгыраган сарай.

Дөө менен шахзаада сарай ичин кыдырып, бир бөлмөнү ачса суйкайган сулуу келинчеги өңү боппоз болуп муңайым отуруптур.

— Сен кайдан, шахзаадам?! — Колуктусу чочуп кетти. — Жанагы канкор дөө көрсө сени чайнабай жутат!

— Андан корпо, ардагым. Мен аны келбес жакка кетирдим!

Ошентип экөө сагынычын таратып кучакташып көрүшүп, ыйлап-сыкташып көпкө турушту.

Шахзааданын досу дөө да сарайдын ар бөлмөсүн аңтарып карап, өз ашыгы дөөнүн кызын таап, алар да кучакташып көрүшүп, ыйлап-сыкташып көпкө турушту.

Анан алар сарайдагы болгон кымбат баалуу алтын-күмүшүн, берметин, дагы башка асыл таштардын баарын алып, дөө бир колуна шахзааданы, экинчи колуна анын келинчегин көтөрүп, учуп жөнөйт да, Каф тоосунун этегине келгенде буларды таштап:

— Алла силердин жолуңарды ачык кылсын! — деп тиги экөө менен кош айтышып, өзү кайра артка учуп кетет.

Жаш жубайлар эс алып отурса, алардын алдында пери-падышанын уулу пайда болот да:

— Кош келипсиңер! — дейт ыраазы боло жылмайып.

Анан ал адам балдарын алып учуп алыскы атасынын сарайынын алдына чейин алып келип таштайт.

Уулун көрүп атасы эреркеп, баласынын мойнуна асылат:

— Кош келгиле, айланайындар! Сени мен ушунчалык сагындым, уулум!

Шахзааде келинчегин гаремге* жиберип, болгон-көргөндүн баарын атасына божурап берет. Атасы ошондо бүт мамлекет боюнча майрам өткөрүүгө жарлык чыгарат. Жума күнү эки жашты никелеп, кырк күн, кырк түн тоюн берип, жаңы үй-бүлө курайт.

Ошондон кийин эрте менен падыша увазирлерин*, шейхулисламдарын*, ажылар менен кожолорун жана дагы башка өзүнө карагандардын баарын чакырып, чакыргандардын баары келгенде падышылык тагынан түшүп келип, ал жерге баласын отургузат:

— Мен арыдым, карыдым, өлкөнү эми башкарууга дарманым келбей калды.

Мындан кийин өкүмдарыңар ушул уулум болсун, кандай дейсиңер? — Ушинтип айтканда келгендердин баары бир ооздон:

— Болсун! Болсун! Так жалгасын! — деп падышанын кебин колдошот.

Падыша болсо ар бир кишиге дөөнүн турагынан алып келген алтын-күмүш, бермет, жакут, лаал таштарынан бирден таратып элди да ыраазы кылат.

Эл да ыраазы болуп, ошол мамлекетте бейпилдик орноп, акыр аягына чейин бул үй-бүлө бактылуу жашаптыр.

Кыргызчалаган Абдыкерим МУРАТОВ

Сөздүк:

шахшаада – падашанын, хандын, шахтын уулу

соот – темирден жасалган кийим

саадак – жаанын жебелерин салуу үчүн жасалган буюм

жан – жомоктордо дөөлөрдүн жаны аялуу бир жерде болот, ошол жерге

          жеткенче аны өлтүрүү мүмкүн эмес

гарем – хан сарайдын аялдар жүргөн тарабы (айрым маанилерде хандын

             аялдары турган бөлмөлөр)

увазир – падышанын кеңешчилери, бийликтин акылман кишилери

шейхулислам – мусулмандардын жогорку диний даражасы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *