№5

Балдар үчүн эки көшөгөлүү жомок

Катышуучулар:

Абышка — Нураалы
Кемпир — Асылгүл
Бермет — кыздардын улуусу
Седеп — ортончусу
Айкан — кенжеси
Мастан кемпир

Окуя токой четиндеги эски алачыкта өтөт. Алачык четинде айдалган жашылчалар – картөшкө, пияз, сабиз, жүгөрү ж. б. у. с…

Чал-кемпир дыйканчылык менен үч кызын багып келаткан абыгерлер. Экөө бир күнү «кыздарыбыз чоңоюп калышты, эми бизге кимиси күйүмдүү болор экен» деп сынамак болушат.

Улуу кызы Бермет 15; Седеп 13 жаштарда. Айкан болсо 9 жашар тестиер. Кыздар ата-энесинен суранышып, токойго гүл тергени жөнөмөк болушат.

Бермет: Ата, апа… уруксат берсеңер Седеп, Айкан болуп алыс барбай, токой аралап ойноп, бир аз гүл терип келеличи.

Седеп: Оба, апа… Уруксат бериңизчи. Биз картошка, сабиз отоп чарчадык, бир аз гүл терип эс алалычы.

Айкан: А мен чарчаганым жок. Апам жибербесе, иштей берем.

Нураалы: Барсаңар баргыла, бирок алыс кетпегиле. Токой чытырман, адашып каласыңар. Анын үстүнө токойдун тереңинде мастан кемпир бар экенин билесиңер, сак болгула, кыздарым!

Асылгүл: Этиет болгула, каралдыларым. Мастан кемпирдин бизге өч экенин билесиңер. Айрыкча Айкан, сен сак бол! Эжелериңден бөлүнүп калбай ойно. Кеч күүгүмгө кала көрбөгүлө. А курсагыңар ачса, мынабул калама нан менен айранга өзөк жалгайсыңар.

Кыздар сүйүнгөн боюнча апасы берген түйүнчөктү алып кетишет.

Нураалы: Мына байбиче, кыздар кетти. Кайтканында кимиси бизге күйүмдүү экенин сынап көрөлү.

Асылгүл: Мейли атасы, сынайм деп эле калдың, сынаса сынап көрөлү. Бирак кыздарымдын баары эле күйүмдүүдөй.

Нураалы: Көрөбүз байбиче, кимиси күйүмдүү.

Асылгүл: Эмне кылып сынаганы турасың.

Нураалы: Экөөбүз тең оорумуш болуп жатып калабыз…

Асылгүл: Ботом, тиричилик эмне болот, биз жатып алсак?

Нураалы: Кеп ошол тиричиликте… Кыздарыбыздын маңдайында экөөбүз түбөлүк турат белек. Кимиси эмнеге жөндөмдүү экени ушундайда билинет. Андан гөрө кыздар келгиче жакшылап даярданалы, сен белим деп турбай кал, а мен бутуман аксап турбай калайын. Сыр бербе, байбиче…

Асылгүл: Мейли, атасы. Баары айтканыңдай болот.

Чал-кемпир курсактарын тойгузуп, тамак калтырбай казанды жууп көмкөрүп, онтоп ооруп жатып калышат. Үч кыз токойдон кучактарын гүлгө толтуруп кайтып келишет. Түрлөрү – ачка болуп чарчап келгендей.

Бермет: Ато-ов, апо-ов, биз келдик. Кайдасыңар? Апей! Эмне эрте жатып алдыңар? Чал-кемпирдин кыңкыстап ооруган үндөрү угулат.

Нураалы: Бутумдун баягы эски оорусу кармап  калыптыр. Силер кеткени  тура  алсамчы. Чай  кайнатып  ичээр алыбыз жок жатабыз. Менин оорум  аз келгенсип, апаңар да белим деп кыймылдабай жатат.

Асылгүл: Ооба, кыздарым… Оору айттырбай келет тура. Бул белим көптөн бери  кармап жүрүп, бүгүн жылдырбай калыптыр. Силерге да тамак жасай албадым.

Нураалы: О-ох! Башым да  ооруп  чыкты,  ысык  чай  кайната  койчу,  Бермет.

Үчөө алгач элейип катып, бир аздан кийин эстерин жыйышат.  

Бермет: Мен да чарчадым. Анын үстүнө мен  от жаккым  келбейт. Седеп, сен  кайнатчы.

Нураалы: Ооба, ооба. Седеп, сен эле  кайната  салчы, отун белен. Апаңар  экөөбүздүн да  курсагыбыз  ачты.

Седеп да бир аз үнсүз турат да, башын чайкайт.

Седеп: Жо-ок. Мен деле от  жагалбайм. Мен  деле чарчадым. Уйкум да келди.

Бермет: Кызыксың, Седеп. Баарыбыздын эле курсагыбыз  ачты, кайнат. От жаккының.

Седеп: Сенчи! Өзүң деле кайнатпайсыңбы. Сен улуусуң, бизди багышың керек.

Бермет: Ошол улуунун айтканын аткарып, сен чай  кайнатасың.

Седеп: Жо-ок кайнатпайм дедимби, кайнатпайм.

Экөө уруша баштайт. Алардын чачташа турганын көргөн ата-энелери кейийт. Эки эжесинин  ортосуна түшкөн Айкан урушкандарды бас-бас кылат.

Айкан: Атов! Апов! Чайды мен эле  кайнатам. Алгач тигил турган эттен даамдуу  шорпо жасай салайын. Анан чай кайнатайын… А силер эжелерим, урушпагыла! Тамакты да, чайды да өзүм даяр кылам заматта.

Тигилер тынчтана түшөт. Күлмүңдөгөн ата-эне бири-бирин тиктейт. Кыңылдап ырдаган Айкан шымаланып тамак жасап жүрөт. От жагылып, Айкандын маанайы да үйгө жылуулук  тартуулап, баарынын маанайы көтөрүлө баштайт.

Айкан: (Кыңылдап от жагып олтурат).
Бой жеткенде максатым –
Ардактайт элем атамды.
Ардактайт элем апамды…

Мынаа ата, апа, эжелерим… Тамак да бышты!

Бермет: Бышса алып келбейсиңби.

Нураалы:  Кыздарым, сиңдиңерге жардамдашкыла.

Седеп: Салсын өзү эле. Мен бетиме сүзмө сүйкөп атам.

Бермет: А мен чачымды өрүп атам.

Айкан: Өзүм эле жайгарам. Ата, апа башыңарды көтөргүлө. Эжелериме анан деле дасторкон салам.

Айкан атасы менен апасынын башын бийиктетип, тамак куюп келип берет. Андан соң эжелерине дасторкон жаят. Тиги экөө шыпылдап тамактанып болгон соң: Айкан жайган дасторконду жыйнап да койбостон туруп кетишет. Айкан ата-энесин тамактандырып, чай берип, эки жагын кымтылап, дасторкон жыйнап, эжелерине төшөк салат. Түн кирип, таң атат. Абышка-кемпир ордуларынан онтолоп турушат. Улуу кыздары уктап жатат. Айкан ата-энеси менен бирге ыргып туруп, ал-абалын сурап, кайрадан от жагып, чай кайнатып кирет.

Нураалы: Кыздарым, тургула. Апаңардын дале бели ооруп жатат. Эптеп бакчаны  сугаргыла, антпесеңер баары  куурайт. Эптеп жабыла  сугаралы, мага жардам бергиле.

Бермет менен  Седеп жарыша жооп беришет: Жок, ата, сугарбай эле коелучу. Биз деле ооруп атабыз.

Нураалы: Оой кыздарым  анан кышында эмне жейбиз?! Картөшкө, сабиз, пиязсыз калабызбы?

Бермет: Ата, башым  ооруп  турат, жардам бералбайм.

Седеп: Менин  тишим ооруп атат. Мен да жардам бералбайм.

Айкан: Ато-ов  мен жардам  берем, сиз көрсөтүп бериңиз. Эжелерим ооруп жатса, иштин баарын мен кылам.

Атасы менен Айкан бакча сугарат. Ата-энеси «ооруп» жатканына карабай, эки уулу кыз сыланып-таранып жата беришет.

Экинчи көшөгө

Дагы эле баягы көрүнүш. Айкан тейлеп, баардыгы тамак ичип олтурушат. Абышка-кемпир тың жүрөт. Бирок аларга жардам берген Айкандын гана жаны тынбайт. Бермет: Апа, биз зериктик. Биз токой аралап, гүл терип келеличи.

Седеп: Ооба, зериктик. Гүл терип, сууга түшүп келеличи.

Асылгүл: Кыздарым, бүгүн сабиз отойлу. Биз ооруп калганга сабизибизди чөп басып кетти. Бүгүн гүл тергенче, сабиз отогула.

Бермет: Апа, сабизди кийин отойлучу.

Седеп: Сабизди атам, сиз, Айкан учөөң отосоңор деле жетишесиңер да, биз гүл терип келеличи.

Асылгүл: Мейли, кыздарым. Анда Айканды да кошуп алгыла.

Айкан: Мен атам экөөңдү сабиз ототуп коюп, гүл терип ойнобойле койдум. Эжемдер бара берсин.

Гүл тергени кеткен Бермет менен Седеп токойдон мастан кемпирдин колуна түшүп калышат. Мастан кемпир колуна түшкөн эки кыздын мойнуна үйүндөгү баардык түйшүктү үйүп таштайт. Атургай экөөнү эки ажаан итине кайтартып да таштайт. Эки кыз мастан кемпирдин колунда жүрүп, түрдүү кыйынчылыктарды көрүп, баардык тириликке тез эле үйрөнүп кетишет. Экөө ата-эне кадырын ошондо билип ыйлашат. «Экинчи ата-энебизди таарынтпай, ардактап багабыз деп бирине бири ант берет.  

Күндөрдүн биринде Айкан эки эжесин токойго издеп келип, мастан кемпирдин эки итине ырдап берип, иттерди уктатып таштап, эки эжесин куткарып кетет. Мастан кемпир иттерин ойготуп, качкандардын артынан кууп жетээрде, алдыдан чоң агын сууга кездешет. Айкан апасынын атайын берген тарагын сууга ыргытып, апасы үйрөткөн сөздү айтып, таракты көпүрө кылат да, өтүп кетишет.

Мастан кемпир суудан өтө албай, иттери менен жээкте калат.

Кыздар ата-энесине келгенде, кечирим сурап ыйлашат. Алар ошондон кийин баягыдай жалкоо болбой, ата-энесине жардам берген тил алчаак кыздардан болуп калышат. 

Соңу

Сынак шарты менен ушул жерден тааныша аласыздар.

P.S. Сынакка келип түшкөн чыгармалардын авторлору жана калыстар курамындагы төрт адамдын аты-жөнү сынак жыйынтыгына чейин эч жерде жарыяланбайт. Азырынча купуялык үчүн ар бир автор номер түрүндө гана белгиленет.

Аталган сынакка катышкан авторлор менен калыстар курамындагы адамдар туурасындагы маалымат сынактын жыйынтыгынан кийин гана коомчулукка жарыяланат. О.э. бул сынакка тандалган калыстар курамындагы мүчөлөр да азырынча бири-бирин тааныбайт…Балдар үчүн жарыяланган бул сынак объективдүү баасын алсын үчүн сынактын катышуучуларынын да, калыстар курамынын да аты-жөндөрүн ачыкка чыгарбоону туура көрдүк.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *