Англис жомогу

Адептүү кыз чычайган сылаңкорооз джентельмендин үй кызматчысы болуп калат.

Үй ээси кыздан сурайт:

– Мени эмне деп чакырасың?

– Сизге кандайча кайрылганым ыңгайлуу, сэр? Кожоюн же мырза дейинби?

– Мага «урматтуунун урматтуусу» деп кайрылууга тийишсиң. Ал эми могуну эмне дешиң керек? – өзү жатчу керебетти көрсөтөт.

– Керебет же төшөнчү десемчи, сизге кандай дегеним ыңгайлуу, сэр?

– Сен муну «магдырооч» атоого тийишсиң. А булчу? – өзү кийип турган шымды көрсөтөт кызга.

– Шым же дамбал десемчи, сизге кандай дегеним ыңгайлуу, сэр?

– Сен муну «фар-фарфырак» атоого тийишсиң. А буну не деп атайсың? – мышыгын көрсөтөт.

– Мышык же мыймый дейм да, а сизге кандайы ыңгайлуу?

– Сен муну «апакай мырза» дешиң керек. А муну кантип атайсың? – үй ээси сууну көрсөтөт.

– Суу же суусундук, а сизге кандайы ыңгайлуу, сэр?

– Сен муну «тунук суюктук» атоого тийишсиң. А бул эмне? – Отту көрсөтөт.

– От же жалын дейм да, а сизге кандайы ыңгайлуу, сэр?

– Сен муну «кызыл таажы короозчо» атоого тийишсиң? А булчу? – өз үйүн көрсөтөт.

– Үй же кансарай дейм да, а сизге кандайы ыңгайлуу, сэр?

– Сен муну «асман алдындагы чамгарак» атоого тийишсиң.

Так ошол түнү үй ээсин үрпөйгөн кызматчысы ойготот:

– Урматтуунун урматтуусу! Тезирек магдыроочуңуздан туруп, фар-фарфырагыңызды кийиңиз! Апапакай мырзаңыз шамды кулатып таштаптыр. Эгерде азыр тунук суюктук чачпасаңыз, кызыл таажы короозчо сиздин асман алдындагы чамгарагыңызды күлгө айлантып тынат! – деген экен.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *