Калчоро КӨКҮЛОВ

Аңгеме

Чырбаш тулку бою коргошундан куйгандай болгон чымыр киши. Бою да узун. МТСте темир уста болуп иштейт. Качан барба маңдайынан мончоктоп тер кетип, дөшүдөгү темирди камырдай ийлеп атканын көрөсүң. Келбетинде анык балбандын сүрү бар.  Ошондонбу, Чырбаш менен тамаша айтышып, теңтушсунуп азилдешкен кишини мен көргөн эмесмин. Кокус ачуусуна тийип алып, “бөөдө өлүп калбайлы” деп жүрөксүшсө керек да.

Балкачысы Токтосун деген неме. Анын деле сөөлөтү бир топ. Тааныгандар аны “Токтосун таз” деп коюшат. Башы жалтырап, жыргаган чачы жок. Тамашанын сазайын ушул Токтосун берет. Колу кичине эле бошой калса, оозу бир тынбайт. Качан болбосун ырсалактап бир күлкүлүү окуяны  айтып атканын көрөсүң. Устасы Чырбаштын ушул окуясын дагы  Токтосундун оозунан уккам.

Чырбаш балбан илгери аскерге барыптыр. Сибирдин кайсы бир жеринде кызмат кылат экен. Ал жакта күн кычырап суук эмеспи. От көп жагылат. Күндө эртең менен командир орус жигит Чырбашка отун жардырат имиш. Таштай катуу Сибирдин карагайы менен кайыңы балтага анчейин моюн бербей, отун жарган кишинин кыйла күчүн алары турган иш. Бирок өгүздөй күчтүү Чырбашка кайдан туруштук берсин,  чапкан эле жерден ажырап-ажырап түшүп калат экен.

Эртең мененки тамакты ичкенден кийин эле ошол орус командир Чырбаштын колуна балтаны карматып: – А нука чурбан, давай начинай! — деп далысынан таптап, күлүп коет имиш.

Орусча бир ооз билбеген Чырбаш дардая түшүп, күчүнүн болушунча отунду койгулап калат дейт. Тигинин шылдың сөзүн “мактап атат. Кана балбан, баштай бер” деп түшүнөт экен  да.

Бир күнү анан, кошо кызмат кылган казак бала тигил командирдин Чырбашты шылдыңдап кордогонун түшүндүрүп коюптур. Эртеси баягы сөзүн баштаганда эле Чырбаш тигини ээктен ары керилип туруп урган экен, чиңкилдек атып барып, алда кайда түшүптүр. Ошондон кийин ал жердегилер Чырбаш менен эсебин билип сүйлөшүп калышкан имиш.

Ушул окуяны Токтосун таз көп жолу айтты. Мен эле үч-төрт жолкусун уктум. Уккан сайын моокумум канып, Чырбаштын балбандыгына суктана берчүмүн.

Ошол Токтосундун шайтаны кээде моюнуна мине калып, Чырбашка дагы азилин көрсөтүп ийчү. Күнүгө миң жолу уруп жүргөн балкасын калп эле жаземдеп шилтеп , безерилик кылып калат.

— Эмине эс аласыңбы? — дейт Чырбаш кабагын чытый.

— Жок, жөн эле ойлонуп кетпедимби, — деп коет Токтосун эсин жыйган киши болуп.

А чынында  ажыккысы кармап кетип атпайбы.

— Көрдүңөрбү, мен Чырбаш балбаныңар менен деле азилдешип кое берем, — бул анын дымагы: кыпкызыл темирди ийлеп аткан устаны абаз кылып тиктеп тургандарга көз кысып…

Ал эми бизге окшогон ою-кую будуң-чаң балдар менен көргөн эле жерден эсин жыйбай тамашага түшүп кетет. Ошон үчүн биз Токтосунду жакшы көрөбүз. Кокус көчөдөн көрүп калсак, кое бербей этектеп алып эрмектеше беребиз.

— Ой сен, орустан аял алган турбайсыңбы, — дейт Темишти карап.

— Жок, менин аялым жок, — дейт Темиш элейе калып.

— Кантип аялың жок. Тигил Никалай радистин кызын алыптыр деп укпадымбы. Өзүң бир ооз орусча билбесең, аялың менен кантип сүйлөшүп атасың? — деп тамашаны андан ары улайт. Ошентип атып эле баарыбыздын боорубузду эзип коет. Таппаган сөзү жок.

Бир күнү чоң жол менен белесепед тээп келатып жыгылып, чаңга оонап эле жатып калды. Ал кезде айылдын жолдорунун чаңы да бир укмуш эле. Борпулдаган майда топурак бурр дей түшүп, бир топко дейре туман болуп туруп калмайы бар. Белесепети бир жакка кетип, башындагы калпагы башка жакка учуп, өзү чаңдан көрүнбөй калды. Аялдабай жетип барып, алыбыздын келишинче жөлөп-таяп тургузуп атсак бизге карап:

— Т-у-у-й, ата. Аз жерден жыгылып кала жаздабадымбы, — дейт анан да. Кыраан каткы күлдүк. Жыгылганда да оңбогондой жыгылып алып, анан айтып турган сөзү бул. Кантип күлбөйсүң.

Бир жолу кызык болду. Ошол Чырбаш менен Токтосун иштеген МТСке жакын жерде жашаган Арстаке деген киши той берип калды. Тойдун улам бир тамашасын көрүп, жыргалга батып биз жүрөбүз. Анан эле күрөш башталды. Арстакенин жээндериненби, же кайнилери тараптанбы, Шерикбай деген башка айылдык балбан ортого чыкты. Орто бойлуу кагелес Шерикбай балбандын турпаты деле кыйла экен. Мурда кийин күрөшүп, далай байгелерди алып жүрүптүр. Анан эле биздин айылдын эли «Чырбаш, Чырбаш!» ураанын таштап калышты эле, тиги Шерикбайың ортодон чыга качты.

— Чырбаш менен күрөшө албайм. Ага алым жетпейт. Байгеңерди Чырбашка бере бергиле. Мага болсо тамаша көргөзө турган өзүм чамалаш киши тапкыла, — деген такилибин коюп турду.

Ошондо эле Токтосун калдаңдап ортого чыга калбаспы.

– Чырбаш менен күрөшө албасаң, мына мага чык! — деп тигини кыстап калды.

Экөө белдешип күрөшө кетишти. А биз Токтосунга күйөрман болуп, демибизди ичибизге алып турабыз кудайлап. Аңгыча эле Шерикбай балбан биздин алаңгазарыбызды жамбашка куп келтирип туруп, шамдагайлык менен жерге чаап калса болобу. Токтосундун коңултак кийген керзи өтүгүнүн экөө эки башка ыргып кетти. Күлбөгөн киши калган жок. Токтосун болсо кыпкызыл болуп, ордунан тура калып, тигиге кайра асылды. Бутунун жыңайлагына да караган жок. Ошондо Чырбаш барып экөөнү бир булкуп ажыратып, балкачысынын өтүктөрүн колуна берип кийгизип, анан топтон алып чыгып, ээрчитип кетип калды.

Эртеси барсак дегеле эч нерсе болбогондой кызуу иштеп атышыптыр. Токтосун дале ажыккыстанып бизди карап көзүн кысып койду. Ошону менен бул иш унутулду да калды.

Азыркыдай телевизор деген ал кезде жок. Элге эрмек болор оюн-зоок таңсык. Айрыкча ошондой тамаша бизге окшогон мадыра баштарга табылгыс. Баланча жактан артисттер келиптир десе, өлө сүйүнөбүз. Ошолорду ээрчип алып, кээде коңшу айылдарга деле кетип кала беребиз. Бир көргөн концертибизди он көргөнүбүзгө деле кайылбыз. Иши кылып таң-тамаша болсо болду. Ошол арттистер кеткенден кийин деле алардын кылык-жоруктарын айтып  түгөтө албайбыз. Ошол бизге эрмек.

Бир жолу клубга тирукмуш жарыя илинди. “Кыргыз эл баатыры Шералы Атбасаров” деп жазылган плакатта бир алп кишинин сүрөтү, анан  балбандын чынжырга байланган волганы тиши менен сүйрөп баратканы, андан төмөн чалкасынан жаткан ал балбандын үстүндөгү тактай менен ошол волганын тигини тебелеп өтүп баратканы колго тартылыптыр. Оозубуз ачылды. Уктабай калдык. Ошолордун келээр күнүн чыдамсыздык менен күттүк. Таң атпайт да, кеч кирбейт.

Келди акыры ошол күн. Биз күтүп дегдеген укмуштуу күн келип, удургуп нары-бери чуркап, жанагы Шералы Атбасаров деген балбандын караанын бир көрүп калар бекенбиз деген тилекте, кечке клубду айланчыктап жүрдүк. Балээниби, жүк салган машине менен бир кичине маймыл, анан арык орус киши келди. Маймылдын чоңдугу мышыктай эле. Аны бир бети тордолгон капаска салып алып, жанагы киши көтөрүп жүрөт. Бизден алакчылап аны да дурустап көрсөтпөдү.

Кечке маал оюн башталарда, клубга бүт айыл көчүп келди. Эси-көөнүбүз эле адамдан башкача балбанды бир көрүп калуу. Жанагы орус киши ошолордун маскарапозу экен. Кыпкызыл мурун кепти  кийип, бетин жошолоп алып,  түрдүү жоруктарды көрсөтүп, күлдүрүп атты. Скрипканы алып чыгып жаңы эле тарта баштаганда, моюнундагы жагоосу кошо бийлеп кетет. Тигил “ээн баш” жагоосун эпке келтире албай убара. Кийимин оңдоп-түздөмөк болуп жатса аспабынын кыл тарткычын маймылы көтөрө качат. Тигил шымына чалынып, маймылды кууп жөнөйт. Ошого эле эсибиз оогончо күлөбүз. Күлүп атып көзүбүздөн жаш сыгылат десең.

Жанагы Шералы Атбасаров деген балбандын сахнага чыгышы бир башкача салтанат-зоок болду. Кырмызыдан жалтырак көйнөк кийишкен беш-алты сулуу кыз адегенде чыгып келип, каз- катар тизилип калышты. Дүңкүлдөгөн добулбастар кагылып, ага удаа узун кернайлай бапылдап, кыргыз эл баатыры Шералы Атбасаров деген шаңдуу  жарыя кулак тундуруп, анан барып бел кырчоосуна чейин чечинген балбан эки колу менен эки гиряны чимирилте ыргытып, кайра тосуп алып, бир башкача сүр менен эл алдына келди.Анын чыгышы менен жанагы сулуу кыздар жанданып, сүлкүлдөй бийлешип, шаңга-шаң кошуп турушту.

Тим эле бир шумдук. Ушул Шералы Атбасаров деген балбан бүткүл адамзаттан башкача  мартаба менен туулуп калгансып, бүт дүйнө ушул кишинин амирине гана кармалып, аласалып кетпей тургансып, заматта ортого  дүң түштү да калды.

Ансайын таңданабыз. Даңазасы таш жарган балбанды мактаган жарчынын үнү сахнадан байма-бай жаңырат. Канча бир мелдештерде бул балбанга тең чыкпай чемпиондук наамдарды шурудай тизип алыптыр. Канча бир элдер Шералы Атбасаровдун атын укканда сыймыкка тунуп, этегине намаз окуп ийгенге даяр имиш. Дагы канча бир мамлекеттер балбандын  караанын бир көрүүгө зар болушуп, кайра-кайра чакыруу каттарын жазып, бир жетпей жүрүшүптүр. Балбан болбосоң кое кал! Энеден туулбасаң кое кал!

Буга чейин мындай укмушту көрмөк түгүл укпаган биз чындап элейдик. Ушул даңазасы менен ооматы артык балбандын биздин айылга келип калышына сыймык артып олтурдук. Утур бирден көтөрүп чыгып атып балбандын тегерегине гирлер толуп кетти. Чоң кичинеси, оор-жеңили болуп олтуруп жайнап калды тим эле. Оордун ооруна, чоңдун чоңуна да тигиниң карай турган эмес. Кайра ошол оор дегендерди экиден үчтөн кылып кошоктоштуруп, жибек жипке байлап алып эбелектей көтөрөт десең, түгөт. Жөн эле көтөрбөйт: гиря таштар чырмай байланган бышык жипти бирде бармагына, бирде ортонуна, кайра туруп чыпалагына илип алып түрлөнтүп, оштонтуп көтөрөт.

Мына атаң гөрү! Чыныгы балбан деп шуну айт! Клубдагылар кут эткенге дарманы келбей дымып турат. Бир гана белине жашыл шайыдан белбоо тартынган Кыргыз эл баатыры Шералы Атбасаров өзбөк чалымы менен сүйлөп: «Мына бул гиря мынча пуддук, бул болсо анча пуддук», — деп утур бир өнөрдүн кырын чыгарат. Бул дүйнөнүн жалгыз алпы Шералы Атбасаров! Жалгыз тиреги Шералы Атбасаров! Дүйнө Шералы Атбасаров бар үчүн аңкилдек атып кетпей кармалып турат! Шералы Атбасаровдун амирине добулбас кагылат! Шералы Атбасаровдун эрдигине Кернай тартылат! Шералы Атбасаровдун урматына алакан чабылат! Алп болбосоң      кое кал да, шер болбосоң кое кал!

Ошентип атканда нары жактан огеле чоң гиряны араң көтөрүп жанагы кызыл мурун маскарапоз чыкты. Жүгүнүн оордугунан майышып-чоюшуп араң басат. Анан экөө мелдеше кетишти.

– Мен мынабул гирияны көтөрөм, — деди маскарапоз.

– Көтөрө албайсың, — деди балбан.

Ошентип экөө мелдешип, тигил тырталаңдап… оор гирияны өйдө түртүп атып эле бир убакта элди көздөй шилтеп калды. Жан деген кыйын эмеспи, алдыда олтургандар заматта жапырыла түштү. Көрсө, тиги шумпай жеңил, үйлөнгөн ырызыңке гирянын кебин калп эле көтөрө албай аткан киши болуп майышып атыптыр да. Жанатан бери балбандын балбандыгына эсибиз ооп олтурган жаныбыз бир жеңилдеп, жыргап күлүп калдык.

Ошентип жаңы эле эсибизди жыйган ортодо сахнадагы кыздар жылып чыгып кетишти. Гиряларды да бирден ташып чыгарып кетишти. Сценада жалгыз Шералы Атбасаров калды. Арытан эки жигит бир олчойгон гиряны колдошуп, сахнага араң көтөрүп келип коюшту.

Шералы балбан ошол гиряны бир канча пуд деп жарыялады да:

— Кана, араңарда чыныгы энеден туулган балбаныңар болсо ушул темирди башынан ашыра көтөрүп берсин, — деген шартты койду.

Ошону менен эле тим болбой, эл арасында деле намыска туулган азаматтар бар экенин, кээ бир айылдардан ушул зылдай болгон салмакты жеңгендер чыгып атканын, атүгүл кайсы бир айылда ушул гиряны аял киши көтөрүп жибергенинен бери айтып ийди (мунусуна биз анча деле ишенген жокпуз).

Ошондо барып эл эсине Чырбаш түштү окшойт.

– Чырбаш! Чырбаш! — деген кыйкырыктар чыгып, бизде деле намыска жарачу балбан бар эмеспи дегенсип, шерденип турдук.

Кудай жалгап Чырбаш элдин арасында экен, кериле басып сценага ишенимдүү чыкканда  ого бетер жаалап, шатырата алакан чаап калдык.

— Ке балбан, кол алышып коелу, — деген Шералы Атбасаров кыла жүргөн каадасын көрсөттү.

Экөө кол алышты. Чырбаш тактайды ныгыра басып, гиряны тооруп келгенде баарыбыз дем тартпай тымып калдык. Анан эмей. Ортодо ошончо элдин намысы турса…

Ошондо Чырбашты кудай чындап урду. «И-и-к!» дей түшкөн балбаныбыз сом темирди көкүрөгүнө чейин да алпара алган жок. Кайра жерге кое коюп, дагы аракет көрдү эле. Болбоду. Зыл темир зылдыгын кылды.

— Рахмат! Рахмат! — деди Шералы Атбасаров шаңдана. Чырбаш кыпкызыл болуп, жүзүн кан тээп, сахнадан түшүп кетти.

— Балким араңарда дагы балбандар бардыр? — деп мөөрөйү үстөм болгон Шералы кыйкырып турду.

Ошондо ошол эле МТСте ширетүүчү болуп жүрчү Саня деген орус жигит ортого чыга калса болобу. Адегенде биз аны темир көтөргөнү чыкты деп деле ойлогон эмеспиз. Качан гана Атбасаров менен кол алышуу жөрөлгөсүн кылгандан кийин анын мелдешке чыкканын билдик.

Таптакыр акылга сыйбаган жорук заматта болуп кетти. Элдин кол чаап сүйүнгөнүн айтпа. «Молодец! Молодец!» — деген үндөргө клуб ичи жаңырат. Чыканактай болгон арык Саня тырбалаңдап атып тигил темирди эки жолу башынан ашыра тапатак көтөрүп жерге койду.  Шералы Атбасаров Саняны колдон алып, балбан урматына деп, добулбасын кактырып, кернайын тарттырып, сахнада шаң менен ары-бери жетелей басты. Акырында көкүрөгүнө кыса астейдил кучактап бетинен өптү да, өзгөчө ыкылас, зор урмат менен сахнадан узатып калды.

— Биринчи чыккан балбаныңар нонок адам экен. Кол берип учурашканда менин колумду сыга кармап оорутуп койду. Андай эле балбан болсо мынабул темирди көтөрүп кетпейт беле, — деп Чырбаштын дарегине доомат артып, атүгүл таалим-тарбиясына чейин шек келтирип ийди Атбасаров.

Ал эми Саняны жер  көргөн, журт көргөн маданияттуу балбан экен дегенчелик көтөрө чалып сүйлөдү.

Көрсө, Чырбаш энөөлүк кылып, балбандыктын бир шарты ушул дегендей, тигиге сес менен тийген тура. А Саня болсо  андай “осолдуктан” оолак болуптур.

Ошол окуядан кийин мен көпкө чейин санаркап жүрдүм. Чырбашты көр да, Саняны көр. Тигил Саня Чырбаш балбандын жанында жүргөн бир көр пенде. Чырбаштын болсо жанагынча сөөлөтү бар. Чырбаш деген аты бар. Буркуйган булчуңучу. Ух!.. Күржүйгөн шилисичи. Пай-пай!.. Анан эле бул окуя кандайча болуп кеткенине акылым жетпей, бүшүркөйм. Мөөрөйүмдү чоочун эле немелерге алдырып ийгенсип кичирейем.

Көрсө, күч-кубаттын да илееси болот тура. Ыгы менен кам-чому болот экен. Жалоондой болгон азоо аттардын туягын карылуу колу менен кыймылдатпай кармап, орус таканы мыктап каккан Чырбаш балбан бирде-экиде гиря дегенди өмүрүндө көрбөптүр да. Саня болсо “түмөндү түрө кыдырып” жүргөн неме экен, темир көтөрүштүн ыгын билет тура.

Ал эми Шералы Атбасаров жалаң ошол сом темирлердин арты менен атагын чыгарып жүргөн бир оюнчу экен. Чырбаштай болуп азоо аттардын шыйрагын кыймылдатпай капшыра кармап, орус така какканда көрөт элем күчүн.

Жакында айылга барганда устанын дайынын сурасам, дүйнөндөн өтүп кеткен дешти. Бала-чакасын сураштырсам, бир баласы болуш керек беле деп бүшүркөп коюшту. Атасын тарткан балдары жок окшойт. Болсо айтышмак .

Унутулуп баратыптыр да кайран Чырбаш балбан…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *