Аңгеме

— Агай, мени да досторуңуздун арасына кошконуңуз үчүн рахмат. Мени менен эмнеге дос болгуңуз келди? Бул мага абыдан күтүүсүз болду.

—  Жөн гана «дос» издедим.

—  Бирок «дос» деп тырмакчага алганыңыз кызык экен.

– Фейсбуктагынын баары менен дос болгум келбейт. ФБ деген балээң – таанышасыңбы дебестен, каалайсыңбы, жокпу, түз эле баарын катары менен «достоштургусу» келет экен да… А менин өмүрүмдө саналуу эле досторум бар, калгандын баары тырмакчанын ичинде.

– Мейли анда, мен дагы тырмакчанын ичиндеги эле «досторуңуздан» болоюн.

– Сиз эмне менен алексиз, Гүлинса? Кесибиңиз эмне?

– Мен агай, жазуучу болгум келип жүрөт.

– Охо!

– Жазуучу болуш үчүн эчбир кесипке да ээ боло элекмин, жашым жыйырма бешке келди.

– Мм… – Эмилди ой басты. Андан берки убакытты ичинен эсептеп, эрдин кырча тиштенди. Ал тек гана Гүлинса Сариева деген ысымды Фейсбуктан табарын таап алып, «ошолбу, ошол эмеспи» деген кызыгуу менен достук сунушун жөнөттү эле да.

– Өзүм жазуучу болгум келет, бирок мектепти жалаң «2», «3» деген баа менен аяктагамын. Бирок мен башка сабактардан өтө начар болгонум менен адабияттан эжей-агайларды ыйлатчумун, себеби аларга караганда билимдүү болчумун. Кийин жогорку окуу жайына тапшырдым, бирок ал жактагы мугалимдер менден да билимсиз экенине көзүм жетип, жогорку окуу жайын таштап койгомун.

– Кызык. А кайсы факультетинде окучу элеңиз?

– Философия. Мен бала күнүмдөн өзүмдү китепке байлап койгомун, эчбир окуу жайдын эмес, чыныгы турмуштун улуу мектебинен өттүм.

– Демек, эч качан аттестат же диплом үчүн окугандардан болбопсуз да.

– Ооба, агай. Мен БИЛИМ үчүн окугандыктан мектептен баштап эле «2» деген бааны көп алчумун.

– Буга чейин китебиңиз чыкты беле?

– Жок, жакында чыгат.

– Аталышы кандай?

– «Сойкунун турмушу».

– Ал өз башыңыздан өткөн турмуш туурасындабы?

– Албетте. Себеби сойкулук турмуш өз башыман өткөн. «Сойкунун турмушу» аттуу китебимде асман-айдан алынган идея жок. Ал жалаң апам экөөбүздүн жеке турмуштан алынган (Эмил Гүлинсанын так ушул ««Сойкунун турмушу» жалаң апам экөөбүздүн жеке турмуштан алынган» деген жообун окуганда безге сайгандай ордунан серпилип алды). Адамдын көбү турмушка кереги жок билим алып, кереги жок суроо бергенге көнүп алган. А мен өзүмө гана керектүү билим алуу үчүн эч кандай окуу жайдын босогосун аттаганым жок. Мен турмуштун гана улуу мектебинен тарбияландым. Мага бу дүйнөдө апам менен ТУРМУШ деген машаяктан өткөн мугалим жок. Окурмандарга менин чыгармаларым жеңил окулушу мүмкүн, бирок кунт коё келгенде сөздөрдүн түбүндө катылган сөздөр бар, ошону көбү баамдай элек. А мен буга көп жылдап жеттим.

– Сиздин жазуучу болуп калууңузга эмне түрткү болду анчалык?

—  Турмуш мени аргамжыдай чыйралтып, акыры калем кармоого аргасыз кылды. Эми ошол башыман өткөн тагдырды жаман чыгарма кылып жазуу да мүмкүн эмес.

Эмил кызга жооп кылып оозун ачкан смайлик жөнөттү. gmif8r5bxh0

— ))))))))) Береги ооз ачып турган смайлигиңизди көрүп, бирдеңкени эстей калдым.

—  Эмнени?

—  Өткөндө мага бирөө так ушундай смайлик жөнөткөнүнөн, түкүрүп коёюнбу дедим. «Эмнеге» дейт. Кыргызда бул жакшы ырым экенин айттым. Оозуң ушинтип ачылып турганда түкүрүп койсом, талантыбыз оошуп кетээрин; илгери элдик шайырлар «чымыны бар» баланы байкап калышса, оозуна түкүрүп коюшчу, ошентип бири-биринин оозуна түкүрүп жүрүп эле канчалаган залкар комузчулар, канча манасчылар чыккан. Кыргыздан чыккан улуу таланттардын эчкимиси академиялык билим албай эле өлбөс, өчпөс оозеки чыгармачылык мурастарын калтырып кетишкенин айтсам, чындап ишенди.

—  Абыдан тамашөкөй экенсиз, карындаш.

—  Сиздин да «чымыныңыз» бар эмеспи, оозума түкүрүп койбойсузбу, агай… Мага да талантыңыз оошуп калар, – деген Гүлинса да Эмилге оозун ачкан смайлик жөнөттү.

—  Мунуң жакшы сөз экен.

—  Менин оозуман дайым эле жакшы сөз чыгат, агай. Оозуман уу сөз менен таттуу сөз чубуруп турмайын кантип жазуучу болмок элем. Жазуучу болор адамдын тилинен уу да, бал да тамып турушу керек деп ойлойм. Болбосо жакшы чыгарма жаратуу мүмкүн эмес.

— Өзүңүз жаш болгонуңуз менен чындап эле турмушта көптү көргөн окшойсуз, карындаш, – деген Эмил сөз учугун тез эле башкага бурушту ойлоно баштады. Улам чыдамы кетип, Гүлинсанын апасынын аты ким экенин кантип билиштин айласын таппай ойдолоктоп отурду.

— Турмушта көптү көргөн, көп нерсеге күйгөн адам чындыкты чучукка жеткире айта алат, так что, турмуш канчалык күйгүзсө, азапты колуңа берсе, ошончо жакшы. Кирпичти канчалык көп күйгүзсө ошончо бышык болгондой, көп күйгөн адам бышык болорун айтыптыр бир даанышман. Турмушунда көп жолу күйгөн адам чынчыл, адилеттү, ал эмес даанышман болуп чыгарына көзүм жетти.

— Да… акылыңыз жетик экен абыдан.

— Мага сен деп эле кайрылыңызчы, агай. Мен бүгүн өзүмчө эле буулугуп турам. Кээде ушинтип буулуга берген адатым бар.

— Буулугуп турган да жакшы, демек, шайтаның бар кызсың. Адамдын бир ийнинде шайтан, бир ийнинде периште болот дейт. Эгер жандүйнөңдү жалаң эле периште айланып жүрсө – эң жаманы ошол.

— Агай, сиз эмнеге чыгарма жаратпай калдыңыз? Кийин жалаң башкаларды сындагандан бөлөк эч нерсе жазбай калдыңыз го?

— Жазуучудай чыгарма жаза албай койгондон сынчы болуп калгам, башкалар жазып атканын көрүп да жазбай коё албайм, ошентип адабиятка илээшип жүрөм.

— Негизи адабиятка илээшип жүргөндөр көп ээ, агай? Апамдын айтымында, менин атам да адабиятка илээшкендердин бири болуптур. Бирок мен атамдын бу дүйнөдө бар же жогун ушул күнгө чейин билбейм, билгим да келбейт. Кийин ал да сынчы болуп кеткенин уккам, – Гүлинса бирок Фейсбукта өз атасы менен кат жазышып отурам деп эч ойлогон эмес. Бир кезде ал Эмил Жумашевдин жазуучу экенин гана билчү, а кийин бирин-экин сын макаларын окуп калган жайы бар. Азыр болсо ойдо жок жерден достук сунушун жөнөткөн көптөрдүн бири менен сукпат куруп отурам деп гана ойлогон. Бир жагынан чыгармачыл чөйрөдө элге ысымы белгилүү адамдын достук сунушун жөнөткөнү күтүүсүз болгон эле ага.

II

Жанара менен Эмилдин жылдызы келишип калган курсташтардан эле. Университеттин фойесиндеги чоң кара роялдын клавишаларында ойногон Жанаранын татынакай манжалары жеңил каалгыган куш канатын элестетчү. А бирде көл үстүндөгү майда-майда толкундардай ылдамдыкка өткөн манжалардын учунан кереметтүү кайрыктар өзүнөн өзү төгүлүп, ошол күчкө арбалган Эмил сыйкырдуу колдордон көзүн алчу эмес.

Клавишаларга тийер тийбес ичке манжалар майда толкундардан бетер жылт-жулт жанып тургандай көрүнчү. Ичке назик манжалардын учунан нур чачыраган мындай сулуулукту Жараткан эмес, Жанара өзү жаратып, өзү келишимдүү боёп алганына суктанчу. Башка студенттер деле Жанаранын музыкадагы чеберчилигине суктанып, сабактан бош учурларда роялдын тегерегине үйүлүп калышчу. Бирок котологон студенттердин арасынан музыкага өзгөчө кунт коюп уга билгендерден Эмил гана жалгыз экенин Жанара жүрөгүнүн тереңинен туйчу. Эмил эч качан Жанараны башкаларга окшоп ашкере мактачу эмес. Болгону «во, класс!» деп гана койчу. Анын «во, класс!» дегени же Жанараны мактаганын, же ойнолгон музыканын өзүн мактаганын туйдурбаган туюк сезим үчүн кыз жүрөгүндө сырдуу жигит көрүнчү. Башкалардын өтүнүчү кээде Жанаранын күлкүсүн жаратчу, себеби алар «дири-дири…дири-дири…ля-ля-ля-ля…ля-ля-ля деген музыка бар эле го, ошону ойноп берчи», – деп өздөрү да чайналып, Жанараны да чайнашчу. Жанара куругур болсо дири-дири…дири-дири…ля-ля-ля-ля…ля-ля-ля деген музыкалардын кайсы бирин эстей алсын.

Эмил башкалардан айырмаланып кайсы музыканы уккусу келсе, роялдын тегерегинде үйүлүп алгандар суюлган кезде гана Жанаранын кулагына аспиет шыбырачу: «Бетховендин «Лунная сонетасын» ойноп берчи, суранам», – дейт же Брамстын №15-вальсын атайт, айтор, кайсы музыканы уккусу келсе, аксөөктөрдүн бал кечелериндеги чыныгы тапёрдон өтүнгөндөй өзгөчө бир сыйда байсал мамиле менен кайрылчу. Жүрөгүндө аздектеген жигиттин суранычы боюнча Жанара кайсы музыканы ойнобосун Эмил дайыма «во, класс!» деп гана койчу. Анын пианистик шыгын Эмил да күндөн күнгө ошентип ойгото берди. Болбосо пианиносун таштап койгону качан. Окууга өткөндөн баштап кээде эрингенден университеттин фойесинде чаң басып турган роялды эрмектечү. Апасы болсо Жанаранын музыкалык өнөрдү таштап койгонуна кейип жүрүп тили тешилген эбак…

Жанара менен Эмил дайыма дем алыш күндөрүн китепканадан чогу өткөрүп, экөөнүн ымаласын жакындаткан музыка, искусство, адабият болду. Экөө ишенби, жекшенби күндөрү китепкана босогосун башкалардан мурда аттачу. Ал эмес экөөнүн китепкана кызматкерлеринен мурдарак келип, кире бериште сагаалап турушканын көргөн короо шыпырган чал экөөнү алкап турар эле. Эмил да чал менен жакшы тамашалашчу. Себеби Эмил студент болгону менен түнкүсүн көчө шыпырып акча тапкан үчүн чал менен «…кандайсыз, кесиптеш ава» деп учурашканы тиги кишиге жагып калган…

Ээрчишкен кыз-жигит болсо фонетикадан керектүү китептерин таптырып алышып, шыр эле искусство бөлүмүндөгү терезенин түбүндөгү орунтукту элден мурда ээлегенге шашышат. Себеби ал күнөс тарап болгондуктан жарык, жылуу, жумшак. Экөө маңдай-тескей коюлган жумшак мамыкка жайгашат да, өздөрү сүйгөн пластинкаларды тандап алышып, ошону менен керээлдин кечке жылбай отурушат. Бирде китеп окуп, бирде музыка угуп, кээде бир нече оркестрдин коштоосундагы бир эле музыканы кайсы дирижёр кандай мүнөзгө салып, кандай полифония жаңырып, кандай штрихтер менен кооздогонунан өйдө керээлдин кечке талкуулашат, кээде талаша кетишет. Түштөнүү маалында астыңкы кабаттагы китепкананын ашканасынан тамактанып, кайра келишет.

Китепканага дайыма келип жүргөндөр бири-бирин сыртынан таанышат. Бул жерге ээрчишип келип, ээрчишип кеткен Эмил менен Жанара кээсине жаңыдан баш кошкон түгөйлөрдөй көрүнчү. Бул экөө бирок ушунча болуп бири-бирине сезимдерин ачык билдире элек болчу. Бир сапар гана короо шыпырган чал эртең менен эрте китепканага Эмилдин жалгыз келатканын көрүп, алдынан утурлай басты. Экөө учурашары менен:

— Эмне бүгүн жалгызсың, келинчегиң келбедиби? – деди чал.

— Ал келинчегим эмес.

— Аа… сүйлөшүп жүргөн кызыңбы?

— Сүйлөшкөн да кызым эмес.

Эмилге суроолуу тиктеди кары. Ошо менен экөө бири-бирине үндөгөн жок. Короо шыпырган чал өз иши менен алектенип, Эмил болсо китепкана али ачыла электигин көрүп ары-бери басып жүргөн.

— Жаншеригиң келбейби бүгүн? – Короо шыпыргыч Эмилди кайрадан кепке тартты.

— Келеби, келбейби, билбейм… Келет болуш керек.

— Аа… келеби… Жакшы. Экөөңдү бирдей жакшы көрөм, балам. Эмне бүгүн чогуу келбедиңер дейм да?..

— Ну так, просто, – деди Эмил Жанаранын келер, келбесине кайдыгердей.

Мурунку күнү кечте студенттик жатаканада бирөөнүн туулган күнү болгон. Курсташтар чогулуп көпкө шаракташты, бирок Эмилдин гана маанайы пас отурду. Кечеде бейтааныштар да болду. Ошол бейтааныштардын арасынан бир жигит Жанаранын жанынан чыккан жок көпкө. Ал жигит улам-улам Жанараны сыртка чакырып кетип сүйлөшкүсү келгенин байкаган Эмил өзүнчө кыжаалат болуп, маанайсыз отурду. Бир убакта гитара чертилип, анын коштоосунда ырдагандардын ичинен Жанарадай жагымдуу ырдагандар жок болуп чыкты. Баары гитара коштоосунда жагымдуу үн созгон Жанараны жабыла мактап, жабыла кубаттаган үчүн чогулгандардын көңүл чордонуна айланган Жанара Эмилдин кандай маанайда отурганына бир да көңүл буруп койгон жок. Мүмкүн көңүл бургандыр, бирок Эмилге ошондой туюлду. Ансайын тиги чоочун жигит Жанараны шынаарлады да калды. Эмилдин кетип калгысы келди, бирок бейтааныш жигит менен Жанаранын ортосунда пайда болгон ынак мамилеге байкоо салып отура берди, отура берди. Акыры жини кайнап туталана баштап, кетип калды. Ошо бойдон эртең менен эрте туруп, чала-була шам-шум этип эле Жанараны күтпөстөн китепканага жөнөп кетти.

— Ме балам, жаншеригиңе…

Караса, короо шыпырган чал бир кулач роза гүлүн терип келип калыптыр.

— Жараткандын колунан бүткөн келишимдүү эки сулуулук бар: бири – аялзаты, экинчиси – гүл.

Эмил болсо алдындагы кары кишинин колун сууткандан уялган үчүн гана гүлдөрдү албаска аргасыз эле.

— Рахмат, ава…

Короо шыпыргыч болсо мээримдүү жылмайып, жердеги шаймандарын эңкейип алаары менен колун булгалап өз ишин кайрадан уланта берди. Ангыча китепкана ачылып, Эмил кучагындагы буркураган гүлдөрдү үстүндөгү кара плащы менен бирге гардеробго тапшырып, күндөгүдөй үстүнкү кабатка көтөрүлдү. Артынан көп өтпөй Жанара да пайда болду. Искусство бөлүмүндө үңкүйүп отурган Эмилди көргөн Жанара күтүүсүз нерсеге таңгалгандай учурашты…

– Ты что сегодня такой странный?

Жанара менен ооз учунан учурашкан Эмил ордунан козголуп койгон жок.

– Утром мог бы… ко мне заходит? Что случилось, милый друг?

Эмил үндөбөдү, китептен баш көтөрбөй отура берди.

– Надо же… сидишь обиженный… Эми-ил… Пойдем, покурим.

– Мы же с тобой бросили курить.

– А сегодня можно. Пойдем поговорим, потом вместе продолжим дело.

Эмил эрксизден ордунан туруп, экөө чылым чеккени ылдыйга түштү. Эмилдин таарынгандай түрүн көргөн Жанара чебелектей баштады.

– Что случилось, милый. Почему ты на меня сердишься? Ну, не молчи же… Ты мой единственный мужчина, слыши-ишь? Единственный, который я на этом свете влюблена. Я сильно тебя люблю, Эмил, а ты?

Жанаранын ысык эриндери чулчуюп таарынган жаак эттерине тийер замат Эмилдин дуңкуйганы заматта жазылып кетти.

– И я тебя люблю. И ты моя единственная. Поэтому сильно тебя ревную, Жанарка… Сен эми эки көзүңдү ачпай турчу.

Шырп алдырбай гардеробго тапшырган барпыйган гүлдөрдү Жанаранын кучагына сунду.

– Эми көзүңдү ач.

– Вау! Ты мой волшебник, откуда они у тебя?!

– Айтпа-а-аа-йм-м…

Кылыгы чыгып, кыз гүлдү кумарлана жыттады. Бир кучагына гүлдү, бир кучагына Эмилди кыскан Жанара махабатка мас тейде магдырап турду.

Ошол ошо болду. Ошондон тарта экөө ээрчишкен козудай бири-биринен калышпаган күндөр улана берди. Ошондон тарта экөөнүн айы да, күнү да бирге чыгып, бирге батчу болгон. Далай айлуу түндүн кучагында эркелешти, кыялга батышты. Далай жамгырлуу күндөрдө шаар аралап, далай чайыттай ачык күндөрдү тоо-таш, талаа-түздө, кызгалдактуу айдыңдарда өткөрүштү.

Бу дүйнөдө эмне таттуу болсо бөлүшүп жешчү, турмушта баардык ачууну тең бөлөбүз дешчү. Бирок сүйүү канчалык таттуу, канчалык ысык, канчалык ишенимдүү болбосун – акыры анын кызганыч деген душманы чыгат экен. Канчалар жеңе албаган кызганычтуу сезим Эмилди да айланып өтпөдү. Турмуштун баардык ысык-суугун, азабын-тозогун бирге тартабыз, бирге көтөрөбүз дечү бул экөө да кызканычтын кенедей ызасын тарта алышпады, көтөрө алышпады. Сүйүү – кызганыч, кызганыч – сүйүү экенин экөө тең ажыратпады. Сүйүү анты ушунчалык морт экенин билишпептир. Экөөнүн ортосундагы сүйүү сезимдин аралыгынан да кызганычтуу сезимдин аралыгы өтө жакын болуп чыкты. Көрсө, экөөнүн ортосундагы аралыктан да сүйүү менен кызканычтын аралыгы жакын турбайбы.

Үймөлөктөшкөн студенттер күндө бир маал университеттин фойесиндеги роялда кол ойноткон Жанарага суктанып, анын музыкада шыгына таңыркабаган жаштар жок. Пианинодо кайдан мынча чебер ойногонду үйрөнүп келгени узун сөзгө айланган учур келди. Университетте эле эмес, бара-бара шаардык жаштар арасында да Жанаранын аты таанылып, жылдызы жанган мезгил келди. Андай кыз көпчүлүккө көйрөңдөнбөй коёбу… Эмилдин кысканычы ансайын күчөдү. Ансайын көпчүлүк көзүнөн кызганган жигити сүйгөнүнүн жанына байланды да калды. Башка окуу жайдан келип Жанараны шыңаарлаган жигиттер Эмилдин көзүн өйкөй баштады. Ага Жанаранын баарына ачык, баарына шайыр мүнөзү жакпай баратты. Кээде Жанара көз көрүнөө тийишкен жигиттерди кагып койбой, кайра шыңкылдап күлгөнүн көргөн Эмилдин канча жолу жүнү тескери айланды. Түбөлүккө жар болор селкисинин ачык мүнөздүүлүгү Эмилге баладай баё, баладай өнөө көрүнчү болду кээде. Ортодогу кызганычтан чыккан кептерден улам кыз-жигиттин кер-мур айтыш бара-бара арбыды.

Бир курдай окуу жайдын кара мурутчан, сыйда келбеттүү мугалими пианинодо ойногон кызды тегеректеген жаштарды залдан чыгарып жиберип, Жанараны жалгыз сүйлөшүү үчүн алып калды. Мурутчан ал кайбар университетте окуган келбеттүү кыз-кыркындан напсисин тыйбаган неме экенин буга чейин көп жолу эшиткен Эмилди эми каскүмөн ойлор каптады. Бети түктүйүп, ойлору удургуп баштады.

Тиги мугалим фойеден сыртка чыгар замат Эмил Жанараны колдон жетелеп жөнөдү да, ээн жерден атырылып бир тийди:

— Башкаларга ойсокелигиң качан калат?! Шыңкылдайсың го тимеле…Тигил экөөң эмнени сүйлөштүңөр, жалгыздап…

— Эч нерсе сүйлөшкөн жокпуз.

— Анда эмне кылдыңар?

— Аны өзүм билем. Баскан-турганымдан өйдө отчет беришим керекпи сага?! – Жанара туталанып жооп берди.

Ошо менен көпкө чейин сүйлөшпөй калышты. Күздө болсо экөөнүн үйлөнүү үлпөтү болмок. Бирок экөө тең бири-бирине тултуйган бойдон жүрө берди. Жанара жигитинин текеберчилигине ызаланса, Эмил да кыздын көк беттигине эрегишти.

Жанара канчалык кыз кылыгын, кыз каадасын күтпөсүн, акыры өзү асыл туткан адамына барууга аргасыз эле. Ооба, аны аргасыздыкка түрткөн иш болду: боюна бүтүп калыптыр. Анысын күндө эле көңүлү айланганынан гинекологго барганда гана билди, өзү деле шекшинген, бирок ал гинекологдун оозунан укмайын өз божомолуна ишенген эмес.

Бул жаңылыкты укканда адегенде чочулады, кайра кубанды. «Мунүчүн эмнеге коркушум» керек деген ой менен өзүн өзү жооткотуп, кайра аны кубанычтуу сезим коштоду. Ошол кубанычтуу сезимин бөлүшөр бир гана адамы бар эми, ошол адамына учуп-күйүп жетмеги бар. Таманы жерге тийбей Эмилге сүйүнчү айтканы жүгүрүп бараткан Жанара өткөн таарынычтардын баарын унутуп, алдыда күткөн бактылуу турмушуна ашыккан. Шашкалактаган жаны Эмилдин комнатасын тыкылдатты. «Да» деген сүйүктүү үндү угары менен жетиналбай жүгүрүп кирди. Эмили жалгыз отуруптур, эркектин күржүйгөн далысына асылды. Анда да болбой сустайган Эмил дале кара күчкө тултуйгандай туюлду кызга. «Бирдеңке айтайынбы?» – деген Жанаранын эркелигине да баштагыдай жибий бербеди. Баятан жалгыз өзү кубанычтуу жаңылыкты көкүрөгүнө батыра албай тыбырчылаган кыз эми чындап жагаалдана баштады.

— Гераклим менин, арстаным.

Тигиниси тескери бурулду, ага болбой жагаалданган Жанара болгон ишти айтты эле, уккан жообу бу болду:

— Ар кимди ээрчип жүрүп ушуну көрмөксүң, – деди бети түктүйгөн Эмил эч камаарабагандай.

Мындай жоопту күтпөгөн кыз бетине муздак суу серпилгендей селт этти.

— Ким менен?! – деген Жанаранын өңү аппак шейшептей кубарып, уккан кулагына ишенбегенсип Эмилдин көзүнө тике кадалды.

— Көрүнгөн менен… – деп корс эткен жигит бул менин эң акыркы кебим дегенсип Жанарага сыртын салып чыгып кетти.

Эки жандын тагдыры эки башка экенин жүрөгү муздаган Жанара ошондо гана туйду. Тилек – бир, тагдыр – ача деген чындык ушулбу деди абдаарып. «Көрүнгөн менен» көрүнгөн жакта жүрөт деп санаган Эмилдин кеби жеберине жеткире ызалантты. Өзүнө да ызаланды. Өзүнүн баятан бери эркектин алдында эбедейи эзилип чебелектегени үчүн ачуу ызасы, кетпес кеги турду. Ушул комнатада, ушул керебетте уйпаланган далай сүйүү кечтери үчүн эми кимди кектейт ал?

«Шашпа – деди ичинен, –көзүмдүн агы менен айлантпасам элеби! Бүгүн келбесең эртең, эртең болбосо даа бир күнү келерсиң» деген. Келгенде да шылкыйып бир келерсиң, шелпейип бир келерсиң деген. Келбеди. Шагыраган жигиттер артынан калбаган Жанаранын ошондогу дымагы дал ушундай болгон. Жаштыктын кемели, сулуунун бедели бийик эле анда: эртеби, кечпи, Эмил акыры артыман өзү келет деген. Келгенде да алдымда чөгөлөтпөсөмбү деген эсеби бар болчу. Эркектин текеберчилигине эрдин кырча тиштенген сулуу менменсингендей түр менен ичинен кымырынып, ичинен заарданып чыгып кеткен. Өзөгү өрт болуп турса да коридордо турган Эмилдин алдынан мисирейип өттү, башын көтөрүп өттү. Эч нерсе болбогондой түр көрсөттү. «Сен болбосоң, сенден башкалар толуп атат аркаман чуркачу» деген текебер жаштык, текебер сулуулук эле ал.

Өз бөлмөсүнө келгенде гана эмне кылмак, болгон күчүн көнөктөгөн көз жаштан чыгарды. Жаздыгын сабап ыйлады. Акыры окуусун таштаганга туура келди.

Фойедеги рояль болсо мурдагысындай чаң басып жатты.

III

Эмил болсо канчалаган жылдардан кийин эми минтип өз канынан жаралган кызы менен фейсбукта сукпат куруп отурат. Ал Сариева Гүлинса өз канынан жаралган кыз экенин Жанара менен университетте чогуу окуган эң жакын курбусунун оозунан кечээ эле уккан. Тек гана Жанара Гүлинсаны өз фамилиясына каттатып алганын билгенден улам бүгүн фейсбукта отуруп Сариева Гүлинса аттууга достук сунушун жөнөткөн. Мына эми өз канынан жаралган кызынын «мен атамдын бу дүйнөдө бар же жогун ушул күнгө чейин билбейм, билгим да келбейт» деген жообу Эмилди моло таштай ордуна катытып таштады.

Гүлинсага жооп кылып бирдеңке жазайын десе, колдору титиреп, эмне сөз жазышты билбеди. Тула бою калчылдап, жүрөгүн мыкчыды. Ою чаташып, оюнун быт-чыты чыккан Эмил бир заматта зомби кейиптенип отуруп калды. Манжалары титиреген бечара фейсбуктун сол бурчундагы «ищити людей» дегенге Сариева Жанаранын ысымын жазып, Enter басылары менен Эмилдин маңдайында Жанаранын жаркылдап күлүп турган сүрөтү пайда болду. Ай чырайы келишкен бир кездеги Жанара азыр мурдагысынан да байыстуу сулуу, байсал келишимдүү көрүндү көзүнө. Көңүлүндө тумсак сакталган Жанаранын ажары көзүн өрттөдү азыр.

Эми ал фейсбуктагы Жанаранын фото бөлүмүнө кирди. Гүлинса Жанара экөөнүн кан-жанынан жаралган кызбы, – ошонун чын-бышыгына ишенүү үчүн сүрөттөр ачылганча шашты. Альбом толтура сүрөттөрдүн баарында Жанаранын Гүлинсасыз түшпөгөн сүрөттөрү жок экен. Гүлинсанын ымыркай кезинен ушул күнгө чейинки сүрөт альбомду көрүп отурган Эмил эчкирип ыйлады. Ал азыр адам баласы кудайдан мурда эле өзүн өзү жазалай турганын түшүндү.

Өз жазасын өзү тартаар тагдыр ушул күндөн башталарын сезип, өзөгүн өрт чалды.

Олжобай ШАКИР

2013-14-ж.ж.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *