Түрк жомогу

Бул жомок болгонбу, болбогонбу, аны биз билбейбиз, бир гана Алла билет, айтор, илгери өткөн заманда бир киши жана анын бир аялы бар экен.
Экөөнүн жалгыз гана кызы болуптур. Алар бай да эмес, анча жакыр да эмес, кудайга шүгүр эле жашашчу экен.
Күндөрдүн биринде аял ооруп калат.
Төшөктө көп жатат, табыптар менен кожолор көрүп, ар кыл дары-дармектерин берет, бирок кесели айыкпайт. Дартынын дабасы табылбай акыры ажал алып тынат.
Ата менен кыз ыйлап-сыктайт, өлгөндүн салтын кылат.
Кайгы баскан, энеси жок үйдө ырыс болмокпу. Канча ыйлаган менен аялдын орду толбойт. Үй оокатын кылганга кыз да жаш. Кыз да ал апасын эстеп көп өксүчүү болду. Ойлонуп-ойлонуп отуруп атасы башка бирөөгө үйлөнсөмбү, ошентсем, үй оокатына да, бу жетим кызга да огожо болор деп чечет.


«Ылайыктуу аял издеп көрбөйсүңөрбү, кызыма эне болсун, ал жетимим апасын эстеп өксүп жүрөт» деген оюн бир күнү кошуналарына билдирет.
Кошуналар ал жак, бул жактан караштырып, акыры бирөөнү таап келет.
Экөөнүн башы кошулат.
Жаңы келген келиндин ээрчите келген дагы бир кызы бар экен. Атанын кызы андан алда канча сулуу да, акылдуу да эле. Жаңы кыз менен эски кыз батышпады. Өгөй эне өгөй кызды жаман көрөт. Ошон үчүн күйөөсүнө айтып анын кызын жоготууну талап кылуунун пайын издейт.
Өгөй кыз канча жумуш кылса да, оту менен керип, күлү менен чыкса да өгөй энесине жакпайт. Кызды жектейт, урат, кагат. Өз энесин элестеп далай жолу ыйлайт, өлүп алайын дейт, жан ширин экен, өлбөй калат.
Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде аялы күйөөсүнө минтет:
— Бул үйдө же сенин кызың жашасын, же мен жашайын!
Мындай талапка не деген жооп айтарын билбеген ата:
— Кое тур, кызымды бир жакка алып барып келем! — дейт да ошол күндүн келишин ичинен кыжаалат болуп күтө берет.
Анан бир күн кызына айтат:
— Жүр, кызым, сен экөөбүз тоо тарапка чыгып ойноп, көңүл ачып келели.
Өксүп, бук болуп жүргөн кызы бул сунушка аябай кубанат. Анан өгөй энесинен алыс, жакшы көргөн атасы менен тоого баруу ага бакыт, ырахат туюлат!
Атасы менен кызы ээрчишип көпкө жүрөт. Кыздын көңүлү бүгүн негедир ачык. Ар нерселерди сүйлөп, божурап, жылмаймак түгүл бир аз күлүп апасын эстейт… Атанын болсо кабагы салыңкы үшкүрүнөт. Ошентип экөө көп жол басат. Жолуккан адамдарга бир нерсе айтайын деп негедир оозу барбайт…
Акыры алар тоонун чокусуна келди. Отуруп көпкө эс алышты. Кыз ойноп ары кетти. Ошондо атасы кургаган эки ашкабак алып келип, экөөнү туташтыра байлап, бир даракка илип, өзү болсо кызына көрүнбөй кетип калат.
Кыз атасы турган жерге келсе, атасы жок. Ары карайт, бери карайт, атасын таппайт. Же буер эмеспи деп жакшылап байкаса, даракта эки ашкабак шамалга термелип, бирине бири тийип үн чыгарат:
— Аш… ка…бак…, аш… ка… бак…
Кыз ыйлап кирет:
— Аш… ка… бак…, аш… ка… бак…, атам мени алдап кетти, аш… ка… бак, аш… ка… бак!.. — Ал көпкө ыйлады да, баарын ойлонду, акыры жалгыз калганына көзү жетип сооронду.
Кыз атасын издеп келе берди. Үйгө баргысы келбеди. Көкүрөгү кусалыкка, ыйга, муңга толду, тоодон өттү, талааны басты, шалбааны аралады. Булактардан, дайралардан суу ичти. Булбулдардын, күкүктүн доошун укту, үкүнүн, сүтактын сайраганын тыңдады.
Кечинде дагы бир булактын жанында калды. Кайда барышын билбейт.
Бир дарактын башына чыкты да ошол жерде түнөмөк болду.
Ошол таңда падышанын баласы мергенчиликке чыгып, тоону кыдырып, ойду кыдырып ал да ушул булактын жанына келди.
Аны көрүп кыз минтти:
— Аш…ка… бак, аш… ка… бак, атам мени алдап кетти…
Шахзаада ый аралаш үндөн баш көтөрүп караса, даракта бир кыз отурат.
Кыз он төрт күндүк айдай кулпурат.
— Мына, менин бүгүнкү уум, -дейт ал, — ай, кыз, сен инсиңби* же жинсиңби?*
— Мен ин да эмесмин, жин да эмесмин. Сендей эле бирөөмүн.
— Кана дарактан түшчү бери, көрөйүн!
Кыз жерге түшөт. Шахзаада кыздан не болгонун сурайт, ал баарын төкпөй-чачпай айтып берет.
Жигит кызды падышанын сарайына алып келет да, атасына болгон окуяны айтып берет, кызды келин кылып алып калууну суранат. Шах кыздын көркүн, акылын көрүп, дароо эле келин кылып алууга макул болот. Кырк күн, кырк түн той болуп, падышанын үйүнө ай десе аркы, күн десе көркү бар келин өзү буйруп келет.
Мезгил – күлүк. Өтө берет, кете берет. Ошентип шахзаада менен баягы өгөй кыз бактылуу күндөрүн баштан өткөрүп, арадан жыл жылып, бир балалуу болот. Күндөр айга, айлар жылга алмашып, жомоктордо мезгил ушунча тез өтөт эмеспи, дагы бир уулдуу болушат. Ошентип булар баш кошкондон сегиз жыл өтөт. Бири бирине коендой окшош, бири биринен сүйкүмдүү жети эркек бала төрөлөт.
Чоң уулу сегизге келгенде ойлуу жүргөн аялына шахзаада ойдо жок жерден суроо берип калат:
— Султаншаа, сен нени ойлоп калдың?
— Атамды ойлоп атам, — дейт, — мага бир кезде жамандык кылып, ошонусуна өкүндү бекен, деги атам кандай болуп калды экен, көрүшсөк болот эле?..
Антсе шахзаада айтат:
— Султаншаа, баары сен каалагандай болот. Барсаң барып кел!
Шахзаада бул ойду падышага айтат.
— Баарын чогулт, эл-жерине барып келсин, балдар тага* журтун көрүп келсин! — дейт өкүмдар.
Чакан аскер камдап, жаш баласы менен келинди чүмбөттүү атка отургузуп, кербен башы кылып баш увазирди дайындап, жети баласы менен энесин өз өлкөсүнө барып келүүгө жиберди.
Кербен тынбай жол жүрүп, жол жүргөндө мол жүрүп, бир күн ажайып кооз жайлоого келет. Ошол жерге түнөмөк болуп, жүк түшөт, аттар отко коюлат, балдар менен энеге өргөө көтөрүлөт.
Ошол кезде шахзааданын аялын көрүп калган башкы увазирдин көңүлү бузулат. Анын сулуулугуна суктанып, аял кылып алгысы келет.
Түн кирет. Баары уктап жаткан. Увазир акырын басып султаншаанын өргөөсүн аттайт.
— Сен эмне келдиң? — Келин аны көрүп чочуп кетет.
Баш увазир канжарын сууруп чыгып:
— Үнүңдү чыгарба! Кыңк этсең өлөсүң! — дейт.
Аял эптеп кутулуунун айласында болот. Увазир аны мага тийесиң деп коркута баштайт.
— Эгер көнбөсөң, балдарыңды өлтүрөм!- Увазир каарданып алган, канжарын кайра-кайра жаркылдатат.
— Өлтүрсөң, өлтүр! Мен сага аял болбойм!
Увазир балдардын бирин өлтүрөт.
Келин дале ыйлайт. Бирок ага маакул болбойт.
Ошондо увазир балдарынын баарын өлтүрөт.
— Эми сени өлтүрөм! — дейт увазир канталаган көздөрүн кызартып.
— Бир азга мени кое бер, анын эмне кылсаң ошол кыл? — дейт келин айласы кеткенде жалынып.
— Сен мени алдап атасың! Кое берсем качып кетесиң!
— Анда белимен жип менен байлагын да, бир учун кармап тур, -дейт келин айласы куруп.
Увазир көнөт, келиндин белинен жип менен байлайт. Султаншаа сыртка чыгып барып, ары жеткенде жибин чечип, бир учун ташка байлап, өзү караңгыга сиңип жоголот.
Жипти улам тартып көрүп, көңүлү тынган увазир күтүп тура берет. Уктап да кетет. Келин дале келбейт. Таң калып барса, жиптин бир учунда таш байланып турат.
— Алдандым! — деп акырын келип өз өргөөсүнө жатып алат.
Таң атарда сакчылар сурнайларын дүңгүрөтүп, аскерди жолго чыгууга чакырат.
— Барып султан ханымды ойготкула, — дейт увазир эчтеке билбегендей.
Сакчы барып султан ханымдын өргөөсүндө эч ким тура электигин айтып келет. Аны ээрчитип увазир өзү барат. Барышса, балдар өлүп жатат, энеси жок.
Увазир айтат:
— Жапайы кыз жапайылыгын кылган экен. Ордого тоодон келип, кайра тоосуна кеткен экен!
Балдарды жерге көөмп, кербен кайра шаарга — падышанын ордосуна кайтат.
«Эмне мынча тез келди?» деп падышанын уулу таң калып, өзү тосуп чыгат.
Баш увазир аларга келип, жер өөп:
— О шахзаада! Тоодон келгендерде мээрим деген болбойт тура! Жайлоого жетип, түнөккө жатканда ал жапайы канчык балдарына канжар сайып, өзү болсо көздөн кайым болуп качып кетиптир. Биз эмне кылмак элек? Кайтып келе бердик! — дейт.
Муну угуп шахзаада ыйлап-сыктап, кыйкырат:
— О, кандай азап, кандай кайгы? Жок, мен ишенбейм?.. Ишенбейм! Мында бир сыр бар! Мен аны издеп, жер астынан болсо да таап келем!..
Ал ошентип падыша атасынан уруксат сурап жолго чыгат.
Сапардагы шахзаада кете берсин, биз анын аялынан кабар алалы.
Ал увазирдин кылыгынан жүрөгү түшүп, туш келген жакка жүрө берди.
Таң аткыча жүгүрдү. Бир тоонун чокусуна келип, чарчап-чаалыгып отуруп калды. Эс алганы отурду. Балдарын эстеп ыйлай берди, ыйлай берди, көзүнөн жаш ордуна кан чыкты. Ошентип уктап кетти. Түшүндө ак сакалы жайкалган бир абышка ага жакын келди да: «Кызым, неге ыйлап атасың? Ыйлаба, сенин балдарыңды өлтүргөн жерде азыр эч ким жок. Сен буерде жатпай, ошол жакка бар. Балдардын сөөгү жашырылган жерди тап да, аларды казып алып, дарыяга жуугун, анан Алладан алардын тирилүүсүн тилегин, ошондо балдарыңа кайрадан жан кирет», — дейт.
Аял ойгонуп кетип, түшүн эстейт. Ошол түш боюнча баягы өргүп жаткан жерди табат. Чын эле жан адам жок. Балдары көмүлгөн жерди казат, түшүндөгү ак сакал атанын айтканындай кылат. Көп өтпөй чын эле балдары биринен өтүп бири сулуу болуп тириле баштайт: бирөөсү энесин аймалап кирет, бирөөсү эркелейт, бирөөсү көкүрөгүн тытмалайт, бирөөсү тамак сурайт.
«Алла мага балдарымды кайрып берди, эми күйөөмдү да кайрып берет» деп ойлоп ал балдарын ээрчитип жолго чыгат.
Шахзаада болсо аялынын кайда кеткенин билбей, тоодон тоого өтүп жөн гана каңгып жүрдү.
Балдарын ээрчиткен келин келатса, бир тоонун этегинде бир дөө аял казан кайнатып атыптыр. Келаткандар не кылышарын, кайда качышарын билбейт. Не болсоң, ошо бол деп келин балдары менен коркпой-үркпөй дөө аялга жакындай берет.
— Энекем, ой! — деп ал дөөнүн эки эмчегин өөп, аны кучактап кирет.
— Кел, мага кел!? Сен аябай чарчаган турбайсыңбы? Мен силерге тамак берем. Сен мени энеке дебебиңби, болбосо мынабул казанга баарынаңды салып балдарыма бышырып берет элем!
Султан ханым коркконунан не кыларын билбей калтырап-титирей берет.
Дөө аял келинге бир табак чорбо* куюп берет, ал ачкалыгынан аябай ичет, балдарына да жетет. Дөөнүн сураганынан улам бүт тагдырын, кайдан келип, кайда баратканын айтат.
— Ошонун көзү соолусун, — дейт увазир тууралуу укканда дөө эне, — ушул балдарга кантип колу барды. Ал үчүн сен ойлонбо, ал Алладан айыбын тартат. Иншаллах*, шахзаада менен сен кезигесиң. Бирок сен буерде турба.
Кеч киргенде менин кырк балам келет. Аларга жолуксаң оңбой калганың.
Сен артка, тоолорго карап кет. Аякта үңкүр бар, ошол жерде бир нече күн жаша! Жапайы жырткычтардан этият бол!
Дөө эне конокторуна анча-мынча жей турган бир нерселерди берип, тоо тарапка узатат. Алар бир үңкүрдү байырлайт. Күндө балдарын уктатып коюп, энеси чыгып ар жакты абайлап карап жүрүп, алыстан койчуну көрөт.
Ага жакындап, аны менен сүйлөшүп, ал күндө кой жайып келерин, аны аялы ушул жердин шахынын багбаны* экенин билет.
— Мен жети бала менен мында — үңкүрдө эптеп жашап атам, мени алып кет, жашоого жай, жумуш таап бер? — деп жалдырайт койчуга.
Койчунун ага боору ооруйт. Бир күнү ал келинди ала кетет да, аялына көрсөтөт. Ал болсо султан ханымга бак өстүрүүнүн сырларын үйрөтө баштайт.
Койчу коюн жайып кетет. Аялдар болсо бактагы иштер менен алек. Жаңы бакчы келин жети түп, жети кыл роза өстүрөт, алар биринен бири өтүп кооз, көркөм болот. Ар бирине ар бир уулунун атын берет. Ошентип жети гүл – жети баланын ысмындагы розалар шаарда таланып алынат, аларга алыстан кардарлар келе баштайт. Бул гүлдөр тууралуу шахзаада да билет.
Уулдарынын ысмындагы гүлдөрдү көрүп, бул анын аялынын колунан келгенин түшүнөт да, бул гүлдөр кайсыл жерде, кайсыл падышанын авлисинде* өстүрүлгөнүн сурап билип, анан издеп жөнөйт.
Ошол күнү аял жети баласына өз-өз аты менен аталган жети түрдүү роза берип ойноп келүүгө чыгарган. Атасы балдарын тааныйт. Бир уулунун колунан бир тал розасын алып, аны кумарлана өөп, шакегин балага чечип берет. Бала апасына чуркап барат. Шакекти көрүп шахзааданын келгенин түшүнгөн апасы уулуна:
— Ошол киши дагы келсе, биздин бакка чакыр?! — деп суранат.
Эртеси шакек берген байкесин көргөн баягы бала аны бакка келүүгө апасы таклиб кылып атканын айтат.
Шахзаада бакка кирсе, укмуш сонун гүлдөрдүн арасында, булбул куштардын авазынын коштоосунда баягы сүйүктүү аялы биринен бири кооз розаларга суу чачып жүрөт. Алар бири бирине жакындап, султан ханым башынан өткөндүн баарын айтып берип, ыйлап-сыктап да, кубанып да алышат.
Атасы балдарын, аялын шаарына алып кетет. Ал падыша атасына баарын айтып бергенде, ал баш увазирдин башын алууга буйрук берет. Анан кырк күн, кырк түн той берилип, булар бактылуу өмүр кечиришиптир…

Түрк тилинен которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Сөздүк:
Ин жана жин – ин деген адам тукумунан дегендер анын тескериси, адам баласы эмес дегендер, шайтан-шабырлар
Тага – таяке , келиндин төркүнү тарап
Чорбо – түрк элинин суюк тамагынын бир түрү
Иншаллах – кудай буйруса, Алла кааласа деген мааниде
Багбан – бак, гүл өстүрүүчүлөр
Авли – огород, тамарка

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *