1-МАЕК

* * *

Эртеси эртең менен телефон чырылдады, Хемингуэй мейманканага дароо келишимди өтүндү. Үнүнө караганда бир аз кабатырланып турганы билинди. Мен бир стакан кофени чала-була ичтим да номерине келгенимде эшик ачык экен. Кирсем Хемингуэй телефондо сүйлөшүп атыптыр. Үстүндөгү чакмак сүрөттүү кызыл сары чапаны өзүнө кичирээк келгенсип турду. Бир колунда шампан куюлган бокал. Сакалы кечээкиден да уйпаланып калгансыйт.

— Гарварддан уулум Патрик келмекчи, ошого бир номер калтырууңузду суранам, — деди телефонго, — Патрик деймин, баш тамгасы «П» дан башталат, — бир аз унчукпай отурду да колундагы бокалдан бир жутуп алды. – Көптөн-көп рахмат. Гарвардтан келет.

Хемингуэй трубканы коё коюп, чапанынын чөнтөгүнөн кичинекей кутуча алып, андан эки таблетка дарыны шампан менен ичип койду. Андан кийин гана мага эртең мененки саат алтыда туруп, андан бери бир аз жазып таштаганын, эми болсо, мени менен аңгемелешкиси келерин, айым болсо али уктап жатканын айтты. Адатта бирөө менен аңгемелешкенде тыныгып калам дейт. Ар качан саарда туруп жумуш иштөөгө адаттанган. Себеби, кабагы өтө назик, ошон үчүн да көзүнө күндүн жарыгы тиери менен уктай албай турган адаты бар экен.

— Мен өз өмүрүмдө ягний жарым кылым бою таң нурун тосуп алып, күндүн кандай чыгаарын көрүп келатам, — деди ал.

Бүгүн эртең менен өз кол жазмасын өтө дыкаттык менен окуп чыккан экен.

— Баертең эрте ойгондум. Башыма нечен түрдүү сөз, сүйлөмдөр келе берди. Ошон үчүн да аларды кантсем да айтып калуум же кагазга түшүрүп калуум керек болду, — деди ал, — Кандай, сизге Капуста жактыбы?

— Өтө жакты, — дедим.

— Ушул Капуста менен Ингрид (кино актриса Ингрид Бергманды айтмакчы) экөөнү жакшы көрөм, — деди, — Эгер мынабу Мэри айымды сүйүп, ага үйлөнбөгөн болсом, ошол экөөнү тең өзүмө каратып алууга тырышат элем. Булардын биринде жок касиет экинчисинен табылар эле. Ошон үчүн мага ар кимиси өзүнчө жагат, — деп бир аз өз сөзүнө таң калгандай түр көрсөттү да, анан тез өзгөрүп, — актрисага эч качан үйлөнбөс элем. Анткени алар мансап издеп ошонун артында жүрүп, шарты жок жагдайда жумуш иштөөгө көнүп алышкан, — деди.

— Плащ сатып алуу оюңузда барбы? – дедим.

— Албетте, плащ алуум керек, бирок сапырылган элдин арасына барып, кысылып, кымтылып жүрүүнү жактырбаган адатым бар, анын үстүнө күн да салкын тартып турат, — деп жооп берди.

Орундук жанындагы кичинекей столдо муз салынган эки идиште шампан бөтөлкөлөрү турган. Анын бирин алып ичин карады эле, анда эч нерсе жок экен. Анан экинчи бөтөлкөнүн оозун ачып, бокалдарга шампан куюп атып:

Огум кана, келтир бери – берегөр,
Дивизиям сен үчүн мен төгөм тер.
Ач бөрүдөй арааның чоң жоокерсиң,
Бир жеңиштен бир жеңишке жете бер, — деп кыңылдап ырга көчтү. Анан бир аз унчукпай калып, ырдын маанисин түшүндүрдү:

— Бул үчүнчү жөө аскер дивизиясынын шыгыры болчу. Ушул ырды жакшы көрөм, ошон үчүн музыкага ынтызар болгон кезимде дайыма айта берем.

Негизинде мен музыканын баарын эле жакшы көрөм, ал түгүл опералык музыканы да жактырам. Бирок менин үнүм жок, ошон үчүн обондотуп ырдоого чоркогуракмын. Музыканы даана сезгеним менен эч кандай музыкалык аспапта, жок дегенде роялда да ойной албайм. Энем мени виоленчелде ойноого үйрөтмөк болгон. Ошол себептен бир кездери мени мектептен чыгарып алган. А мен болсом футбол ойноого кумарландым. Энем үйүбүздө камералык музыка шаңшып турса деп ойлогон өңдүү.

Оозу ачылган портфели жазуу столунун жанындагы орундукта жаткан. Портфелден кимдир бирөө башаламан бүктөп сала койгондой кол жазмалары көрүнүп турду. Хемингуэй ал кол жазмаларын кайра карап, кыскартып атканын айтты.

— Автор жазгандарынан канчалык керектүү жерлерин алып таштаса, китептин кандай экенин ошого карап эле байкоого болот, — деди ал. — Жазып атканымда, капырай, арстандай айбаттуу боло кетем! Мен англис тилинин өтө эски тилдерин көп колдоном. Эл мени нары акмак, нары чала сабат, макоо, тилге жеңил сөздөрдү билбейт дешет. Мен аларды билбейм эмес, билем, бирок эски тил болгону менен анда өтө жакшы сөздөр бар, эгер аларды орду-орду менен туура колдонсо, түбөлүктүү эсте калгычалык. Эсиңе сакта, өтө көп билемин, көп окуум бар деп көкүрөгүн урган киши негизи эки жагынан бирдей эле куру алакан бойдон калат.

— Кызым, муну да эсиңе сакта, мен төрт жашка чыгарым менен эле жаныма куурчак алып жатканды калтыргамын. Ал эми бүгүнкү күнү сексендеги кемпирлер да майданда каза таап, алтын жылдыз менен сыйланган солдаттардын энелери акысыз окуп билим алууга болот деген аскер кызматкерлеринин укугу жөнүндөгү мыйзамдан пайда көргүсү келишет. Мен өзүмө өзүм степендия даярдап, өзүмдү өзүм Гарвард университетине жиберсем деген кыялды да ойлонуштургам. Анткени, менин эжем Арабелла, Хемингуэйлер тукумундагы колледждин эшигин ачпаган жалгыз мен экениме катуу иренжиген эле. Бирок менин жумуштан колум такыр бошобой, окууга да убакыт табылган эмес. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин тез бүтүрүүчү эки жылдык аскери курска түштүм, француз тилин эч качан окуган эмесмин. Мен алды менен французчаны американ тилинде өзүм окуп алгам, андан кийин француз тилине көчүрүлүп басылган «Ассошнэйтес пресстин» кабарлары боюнча окуп үйрөнө баштадым. Акыр аягында өз көзүм менен көрүп, күбөсү болгон окуялар жөнүндө, ошондой эле спорт жыңылыктары менен кылмыштуу иштер жөнүндөгү кабарларды окуй ала турган даражага жеттим. Мына ушул тажрыйбадан кийин Мопассан мырза мен үчүн анчалык кыйын болбой калды. Анткени ал мага тааныш, түшүнүктүү нерселер жөнүндө жазган. Мен Дюманыбы, Додэниби, Стендальдыбы кимди окусам да ошолордой жазуу керек экенин түшүндүм. Флобер мырзанын сөз жүйөсү ар качан так, эпкиндүү, нары чагарактап келет экен. Булардан кийин Бодлер мырза менен тааныштым, ал мени өтө кыйын нерселерге үйрөтө алды, Рембо мырза бүткүл өмүрүндө эч качан жакшы бирдеме айта албаптыр. Андре Жид мырза менен Валери мырзадан эч нерсе үйрөнө алганым жок. Валери мырза мен үчүн өтө сулуу көрүнсө керек. Жек Бриттон менен Бенни Леонард да дал эле ошондой болду.

— Жек Бриттон, — деди андан ары Хемингуэй, — боксер эле. Мен ага айран таң калчумун. Жек Бриттон ар качан сак, кыраакы болчу. Рингде карбалас чуркап-чуркап жүрүп, эч качан өзүнө кату сокку жолотчу эмес. Мен дагы ошол өңдүү дайыма ар нерсеге даяр турам да, өзүмө эч качан катуу сокку тийгизбейм. Эгер жеңе албасыңа көзүң жетсе, бекерден бекер балээге кабылба. Боксерду бир бурчка камагын да… — деп Хемингуэй ордунан туруп боксер өңдүү жерге таманын тиреп алып, шампан бокалын кыса кармаган оң колун көкүрөгүнө алпарды. Сол колу менен маңдайындагы кимдир бир боксерду уруп аткансып, бир нече катуу сокку ургансыды, — эсиңде болсун, бар күчүңдү салып, өзүңө эч бир сокку тийгизбей үстү-үстүнө төпөштөй бер.

Ал боюн жазып, ойлуу гана колундагы бокалга бир карап алган соң мындай деди:

— Бир жолу Жектен, Бенни Леонард экөөнүн мелдешин айта отуруп, «Жек, сен Беннини кантип тез эле жеңип алдың?» деп сураганымда, «Эрни, — деди ал мага, — Бенни өтө адискөй боксер экени чын. Ага карабастан мелдеш кезинде  дайыма ойлоно берет. Ошон үчүн ал айкалып-жайкалып ойлоно бергенче мен аны сого бердим».

Ушул сөздөрдү өзү жаңыдан угуп аткансып Хемингуэй бүлкүлдөй күлдү, — Жек өз боюна бир миллиметр чайпалбаган, рингде өтө дал кыймылдап жүргөн. Ага эч ким да катуу сокку уралчу эмес жана андан сокку жебеген боксер болгон эмес. «Ал ойлонуп  жүргүчө, мен аны сого бердим» — деп ал дагы күлүп алды.

Ушул окуяны Хемингуэй өзүнүн «Элүү миңинчи» деген аңгемесинин алгачкы нускасында сүрөттөп жазганын, бирок кийин Скотт Фицджеральд ошол жерин алып таштоого көндүргөнүн айтты мага.

— Скотт, кыязы, бул окуяны баары билет деп ойлоду. Чындыгында Жек Бриттон экөөбүздөн башка эч ким билген эмес. Жек муну мага гана айткан. Деген менен Скотт мени ошол жерин алып таштоого көндүрдү. Мен ага келишким келген эмес, бирок Скотт өзүм сыйлаган атактуу жазуучу болгондуктан анын көңүлүн кыйганым жок.

Хемингуэй тактага барып отурду да, көңүлүмдү бура мага карап, бир нече жолу башын ийкеди.

— Картайган чагыңда кейипкер табуу да кыйын. Бирок ал абдан керектүү нерсе, — деди ал, — Менин Бойз деген мышыгым бар, ошол киши болгусу келет, — деди ал үнүн басаң чыгарып шыбырап, — ошол мышыгым киши эмне жесе анын баарын жейт. Ал түгүл «В» витамини бар ачуу жалбыракты да жейт. Кан басымымды азайтуучу дарымды уйку алдында уйку дарысын бербесем, ал мени кыязы, сараңдык кылды деп ойлойт, — деп каткыра күлдү, — мен бир абышкамын да, буга эмне айтасыңар мырзалар?

— Элүү жаш, — деди Хемингуэй, — бир аз унчукпай отуруп калды. — Элүү жаш – эрдин жашы. Ушул элүү жашка чыгып дагы өз атагыңды өзүң коргоп калышың бир сыймык эмеспи. Мен жыйырманчы жылдары өзүмдүн атагыма ээ болдум. Отузунчу, кыркынчы жылдарда да аны коргой алдым. Эми элүүнчү жылдарда да коргоп калууга даярмын.

Бөлмөгө Хемингуэй айым кирди. Үстүндө ак кофта, жумшак сур кездемеден тигилген шымы бар. Көңүл күүсү, денсоолугу жакшы экенин, кийинки алты ай ичинде бүгүн биринчи жолу ысык ваннага түшкөнүн айтты. Ал өз жумушу менен бир жакка кетмекчи экен. Хемингуэйге да кийинип жумушуң боюнча барып келсеңчи деди. Хемингуэй ага түшкү тамак маалы болуп калбадыбы, эгер номерден чыгып кетсек, ар кимибиз ар жерден тамактанууга тура келет. Ал эми баарыбыз ушул жерде отуруп тамактансак, кыйла убакытты үнөмдөй алабыз, — деди. Хемингуэй айым күйөөсүнүн кийинип болгонунча тамак алдырарын айтты. Хемингуэй тактадан көңүлсүз турду да, колундагы шампанын ичип алып, уктоочу бөлмөгө кирип кетти. Ал кайырма жакалуу, топчулары бар көк көйнөгүн эсепке албаганда дал эле кечээкидей кийинип кайра чыкканда, офицант тамагын алып келип үлгүргөн эле. Хемингуэй өзүлөрү адатта түшкү тамакты шарапсыз ичпесин айтты эле, официант шарап алып келгиче тамак ичпей күтүп отурдук.

Хемингуэй тамагын алды менен устрицадан баштады да, оозундагысын ашыкпай чайнап жеди.

— Тамакты жакшылап чайнап жесең, жакшы сиңет, — деди ал бизге карап.

— Папасы, көз айнегиңди оңдотуп ал, — деди Хемингуэй айым.

Хемингуэй башын ийкеп жооп берди, мага карап да бир нече жолу башын ийкеп койду.

— Карыган кезде беймаза болбой, салабаттуу абышка болгум келет, — деди да официант алдына тамак коюп, шарап куйганча унчукпай отурду. Анан шараптын даамын татып көрүп официантка, жакшы экен деген ишаратын жасады. — Мен жаңы чыккан боксерлорду, күлүк аттарды, балетти, велосипед жарышын, букалар менен чайкашууну, сүрөтчүлөрдү – мына ушулардын баарын, самолетторду, кафеге келген кымкуут келимсектерди, эл аралык байланышчыларды көрүп жүрдүм. Ресторанда эң эски шараптардын даамын татып, гезиттеги кабарларды окучумун. Бирок ушулар жөнүндө эч качан бирдеме жазбас элем. Анын ордуна мен досторума көптөп кат жазып, ошолордон жооп алганды жакшы көрдүм. Мен дагы Клемансо өңдүү сексен беш жашка келгенге чейин туурунан тайбаган эркек болуп калсам дейм. Бирок Берни Барух өңдөнгүм келбейт. Паркка барганымда орундуктарда жөн эле отурчу эмесмин, парктын ичин аралап жүрүп кээде көгүчкөндөргө жем чачаар элем. Дүйнөдө Бернард Шоуго окшобогон, жок дегенде, жалгыз абышка болуу үчүн сакалымды коё бербес элем.

Ал бир аз унчукпай отурду да, колунун сырты менен сакалын сылап коюп, кандайдыр бир ойлуу кебете менен бөлмөнү тегерете көз жүгүртүп алды.

— Шоу мырза менен эч качан кезигишкен эмесмин, — деп оюн андан ары улантты. — Ошол өңдүү эле Ниагар шаркыратмасында да болгонум жок. Бирок ат чабышта мөрөй өңдүү кумарды кайрадан баштоого даярмын. Ат чабуу дегендин өзүн чын мааниси боюнча түшүнгөн кез — жашың жетимиш бешке келгенде калыптанат экен. Андан кийин мен оюнчулар жалаң жаштардан куралган бейсбол клубун тапсам деген оюм бар. Бирок оюндун жараянын өзгөртмөк болгонумда, аларга колумдагы программа менен белги бербес элем. Мен эмне менен белги берээримди азырга чейин ойлонуштура элекмин. Бул жалганда бары өтөт, кетет, илгерки сулуу Флойд өңдөнүп, бир кезде менин да сөөгүм куурап калаар. Баш коргоо деген жалгыз гана оозунан эне сүтү кетелектердин иши да. Коргоп турган чебиңди кармап туралбаган кезде, кантсең да аны душманга кымбатка түшүрүүгө аракеттенгениң өңдүү, бул өмүрдөн сыйлуу болуп кетээр кезде ким жанын аяган эле. Өлүү деген анчалык кыйын жумуш эмес да.

Ал оозун ачып алып алды менен үнсүз, анан каткыра күлүп алды.

— Эми мага кайгырып, убайым тартар эч нерсе жок, — деп жеп аткан тамагын бармагы менен илип алып, анысына көңүлсүз карап калды.

— Тек, кудуреттүү киши гана ажал үстүндө акылынан адашпай өтөт.

Хемингуэй айым тамагын ичип болуп, шарабын да тез ичип жиберди. Хемингуэй болсо шарабын ичүүгө ашыкпады. Саатымды карасам үчкө таяп калган экен. Официант столду жыйнай баштаганда биз да ордубуздан турдук. Хемингуэй ортолоп калган шампан бөтөлкөсүн кыйбай, ага томсоро карап турду. Каным ичигин кийди, мен дагы кийиндим.

— Ичилбей калган шампан– адамзаттын душманы, — деди ал.

Биз кайрадан отурдук.

— Колума акча тийгенде шампандан башкага жумшоо керексиз деп эсептейм, — деди Хемингуэй бокалын толтуруп атып.

Шампан ичилип болгон соң баарыбыз тышка чыктык. Төмөнгө түшкөнүбүздө Хемингуэй ханым көз айнекти оңдоткула деп дагы бир жолу өтүндү. Анан кайда кеткени белгисиз, көздөн кайым болду. Хемингуэй эшик алдында бир аз сенделип жүрдү.

Күн суук, асман бүркөк эле.

— Көчөдө серүүндөп жүргүчөлүк күн анча жакшы эмес экен. — деди ал кабагын чытып, анан тамагы ооруй турганын айтты.

— Врачка көрүнгүңүз келбейби, — дедим эле, — Көрүнгүм келбейт, — деп жооп берди.

— Эмдегенине акы сураган врачка мен эч качан ишенбейм, — деди ал. Бешинчи авенюнун аркы өйүзүнө өтүп баратканыбызда, бир топ көгүчкөн пыр-р этип учуп калды. Хемингуэй токтой калып, асманга көз салды да колунда мылтыгы бардан бетер мээлеп мылтыктын машаасын баскандай кыймыл жасады. Өңүндө, каап деп өкүнгөнсүгөн кебете бар эле.

— Атуунун өтө кыйыны ушул, — деп тез бурулуп, жок мылтыгын сундургандай болду, — Ал эми атуунун жеңили бул, — көргүлөчү! — деди ал.

Ошондой деп тротуарга түшкөн такты көрсөтүп, өзү алабармандап турса да, көңүлү ордуна түшкөнсүдү.

— Алды менен оптика дүкөнүнө кирбейсизби, — дедим эле, жок киргим келбейт, — деди.

Ошол учурда плащты да эсине салдым. Буга жооп иретинде эки ийнин козгоп койду. Хемингуэй каным плащты «Аберкромби менен Фитч» магазининен издегениң дурус болмок дегени үчүн мен дагы ошол дүкөндү ылайык көрдүм. Ал дагы бир жолу ийнин козгоп, жай басып таксиге жөнөдү. Биз түшкү тамактан кийинки сапырылган миңдеген машиналардын арасында бешинчи авеню менен келаттык. 54-көчөнүн бурулушунда полицейдин ышкырыгы чыгып, машинабыз токтоп калды. Хемингуэй буга күйпөлөктөп жиберди.

— Үшүп, делдектеп турган ирландиялык полицейди көргөндө кыбам кана түшөт, — деди, — Эгер согуш маалында ушул неме аскери полицияда иштебеген болсо, менин атым өчсүн. Батчагардын чебердигин айт. Ала таягын чочоңдотуп турганын карачы! Чыныгы турмуштагы полицейлер Хэллинджердин кинофильмдериндеги, өзүбүз көптөн көрүп жүргөндөгүлөргө таптакыр окшобойт, бирер жарымы гана болбосо…

Биз ары кетип баратканыбызда ал Скотт Фицджеральд экөө бир кезде бешинчи авенюну кесип өткөн жерин көрсөттү.

— Скоттун Принстондон кеткенине бир далай болгон болсо да, ал эмгиче футбол жөнүндө айтуудан тажабайт, — деди Хемингуэй көңүлсүз гана, — Ал футболсуз өткөн өмүрүн өмүр сүрдүм деп эсептеген эмес. Мен «Скотт, сен ушул футбол дегениңди койбой келатасың» дегенимде «Акылыңан ажырайын деген экенсиң жигитим» деп жооп берген. Маегибиздин баш аягы ушул болду. Эгер көчөдөн өтө албасаң, футболдогу коргонуу чебин кантип бузмаксың? Бирок мен Томас Манн эмесмин. Менин өзүмдүн пикирим бар, — деп сөзүн корутундулады Хемингуэй.

«Аберкромби» дүкөнүнө жеткенибизде Хемингуэй дагы өңүн суутуп, таксиден зорго чыгып, дүкөнгө да араң кирди. Мен алды менен эмнени көргүңүз келет, плащтыбы же башка бирдемениби? — дедим.

— Плащты, — деди ал акырын гана.

Лифт ичинде Хемингуэй мурдагыдан да күржүйүңкү көрүндү. Анын кебетеси кыйналып, азаптанган кишиники эле. Жанында турган орто жашар аял анын куудай аппак, уйпаланган сакалын сескене нары жактырбаган түр менен карап атты.

— Ой тобо! – деди Хемингуэй лифт ичиндеги тынчтыкты кокус бузуп.

Керектүү кабатка жеткенде эшик ачылды да биз лифттен чыгып, плащ сатыла турган бөлмөгө ыктадык. Үстү башы жыпжылма, узун бойлуу сатуучу алдыбыздан чыга келгенде, Хемингуэй эки колун шымынын чөнтөгүнө салып ага беттеди:

— Бул дүкөндө мага насияга алууга кандайдыр бир нерсе табылаар бекен?

— Бар да, мырза, — деп сатуучу жөтөлүп алды.

— Мага плащ керек, — деди Хемингуэй сатуучуга сес көрсөткөнсүп.

— Албетте, мырза, — деди сатуучу, — кандай плащты көргүңүз келет?

— Тээтигини.

Ал ийиндүү илгичке илинип турган таардай көлкүлдөгөн, куру жок күрөң габардин плащты жаңдап койду. Сатуучу плащты алып берип, Хемингуэйди жетелеп чоң күзгүнүн алдына алып барды.

— Кепинге окшойт экен, — деди Хемингуэй плащты чечип атып, — менин боюма чак келбейт. Башка плащтарыңыз жокпу? — деди «жок деп калгысы бардыр» деген үмүт менен. Андан ары лифтти көздөй баса берди.

— Мамуну көрүңүз, мырза, топчулануучу аштары да бар, мырза, — деди сатуучу.

Бул плащтын куру бар экен. Хемингуэй өзүнө өлчөп күзгүдөн каранды да мылтыгын сундуруп аткансып эки колун көтөрүп көрдү.

— Сиз бул плащ менен ууга чыкмак белеңиз, мырза?—деп сурады сатуучу.

Хемингуэй бырс күлдү да ушул плащты алам деди. Ал сатуучуга өзүнүн атын атады эле, сатуучу манжаларын кырсылдатып аңырая карап калды.

— Албетте, — деди ал, — ууга чыккандан башка эмне демекчисиң…

Хемингуэй саал ийменип, кысылгансып калды. Ал плащты «Шерри Нэдерленд» мейманканасына жибериңиз» — деди да курду көрсөтүүнү өтүндү.

— Кандай курду жакшы көрөсүз, Хемингуэй мырза, — деди сатуучу.

— Күрөңү жакшыдыр, — деди Хемингуэй.

Биз курларды сатуучу жерге бардык эле жаныбызга дагы бир сатуучу жетип келди.

— Хемингуэй мырзага курларды көрсөтүңүзчү, — деп мурдагы сатуучу чегинди да андан көзүн албай карап турду.

Экинчи сатуучу чөнтөгүнөн өлчөгүч сантиметрди сууруп чыгып, «кыязы Хемингуэй мырзага кырк алтынчы же кырк төртүнчү размер керек окшойт» — деди.

— Мелдешесизби? – деп сурады Хемингуэй, анан сатуучунун колунан кармап, анын колу менен өзүнүн курсагын катуу согуп алды.

— Курсактын атасы тура, Болоттой бекем! – деп сатуучу Хемингуэйдин белин өлчөдү.

— Отуз сегиз, — деди сатуучу, — Тулкуңузга караганда белиңиз ичкерээк экен. Спорт менен көп машыгасыз го, дейм?

Хемингуэй дагы ыңгайсыздана кетти да колун шилтеп күлдү. Мейманканадан чыкканыбыздан бери анын көңүлү көтөрүлгөнү ушул. Ал дагы муштуму менен өзүн өзү коюп-коюп алды.

— Бул жолу кайсы жакка бет алдыңыз, дагы эле Испаниягабы? – деп сурады сатуучу.

— Италияга, — деди Хемингуэй. өз ичин өзү муштап коюп.

Хемингуэй күрөң булгары курду тандап алгандан кийин сатуучу: акча сала турган: намиян керек эмеспи? – деди. Хемингуэй: намияндын кереги жок. Анткени акчаны банкта сактайм, — деди.

Биз бут кийим саткан бөлүмдө бир аз аялдадык, алардан Хемингуэй түндө кие турган башмак сурады.

— Вагондо кие турган башмак? — деди сатуучу, — Кандай размери керек эле?

— Он биринчи.

Башмакты көрүп, сатуучуга мына ушуну алам деди.

— Муну чөнтөгүмө салып да алам, — деди ал, — кымырып кетти дебесин үчүн чек жазып бериңиз.

— Сиз билбейсиз, бизде чынында да көп уурдашат, — деди жапалдаш бойлуу сатуучу абышка, — Эгер билгиңиз келсе, кечөө кечинде белгисиз бир шумпай биринчи кабаттан рулетка оюнунун чоң дөңгөлөгүн алып кетти. Ийнине көтөргөн бойдон кете бергени…

Хемингуэй аны уккан да жок.

— Вулфи! – деп кыйкырып жиберди ал. Артын салып турган зор денелүү кишиге.

Тиги жалт бурулду. Чоң, тегерек жагымдуу жүзү Хемингуэйди көргөндө кубанычтуу нур жайнады.

— Папа! – деп ал да кыйкырып жиберди. Бул зор киши менен Хемингуэй кучакташып, көпкө чейин биринин аркасын бири каккылап турушту. Бул киши Хемингуэй менен ууга дайыма бирге чыгып жүргөн досторунун бири – Уинстон Гэст экен. Ал жогорку кабатка мылтык сатып алуу үчүн баратканын айтып бирге баралы, — деди. Хемингуэй: кандай мылтык сатып алмаксың, — деди. Гэст онунчу калибрдүү винчестер мылтыгын алаарын айтты.

— Ал өтө жакшы мылтык, — деди Хемингуэй, сатып алган башмагын чөнтөгүнө салып жатып.

Лифтте баратып Хемингуэй менен Гэст бир биринен канчага арыктаганын сурашты. Гэст азыр салмагы жүз он килограмм экенин, ошондо да салт ат менен көп жүрүп, ат үстү ойнолуучу топту көп ойноорун айтты. Хемингуэй Кубада аң уулап, жана китеп жазуу менен алектенгенин айтып, салмагын токсон жети килограммга түшүргөнүн айтты.

— Ал эми, китебиң эмне болуп атат, Папа? – деп сурады Гэс лифттен чыгып келе жатканыбызда.

Хемингуэй оозун колу менен жаап туруп күлдү да, өзүнүн аброй – атагын алиде көпкө коргой алаарын айтты. — Вулфи, мен бирдемени ачык түшүнүп калдым, бармагымды тиштеп өкүнүүнүн ордуна, азыркы күндө да мурдагыдай мыктуу жазат экенмин, — деди жай гана. —  Башымдагынын баары кайра өзгөрүп калыбына келгенге чейин бир аз убакыт керек болгон өңдүү. Ал үчүн автомобиль кырсыгына учуратып, башымды жаралоо, же жети жолу мээмди чайкалтуу, же кырк жетиде экениме карабастан алты кабыргамды сындыруу, же машина терезесинин темири менен башымды оюп таштоо, ойгондо да жүлүнүмө закым келтирүү, же айталык, денеме бир нече жолу ок атуу тап такыр керек эмес экен. Экинчиден, Вулфи, ушул кырсыктардын баарына каарыңды төгүп зекип койсоң эле болчудай. Алар куйруктарын кысып, ар кайсысы өз ийиндерине жашынып кала берет, — деп каткыра күлдү.

Гэстин жоон тулкусу катуу күлкүдөн солкулдап атты.

— Кудайым ай, Папа! – деди ал, — Аралдагы үйүмдө сенин ууга чыкканда кие турган кийимиң алиде сакталып турат. Ууга эми качан чыгабыз, Папа? — деди ал.

Хемингуэй дагы күлүп, аны аркасына каккылап коюп:

— Вулфи, сен алпсың да, — деди.

Гэс мылтыкты берип жиберүү жөнүндө сатуучуга тапшыргандан кийин биз лифтке дагы кирдик. Андан ары булар былтыр салмагы жарым тонна келген балык кармаган бирөө жөнүндө сүйлөшө баштады.

— Кана, буга эмне дейсиңер мырзалар? — деди Хемингуэй үнүн катуураак чыгарып.

— О-о, кудурет, Папа! — деди Гэс биринчи кабаттагы тамда турган пилдин башын көрсөтүп, — Мунуң пил эмес эле эргежээлдин башы го, папа, — деди.

— Пил бекен, койчу нары! – деп Хемингуэй да аны коштоду.

Булар бирин бири кучактап көчөгө чыгышты. Мен кетишим керек, дедим. Хемингуэй мага: кантсең да эртең эрте келиңиз. Патрик болуп баарыбыз Метрополитэн музейине барабыз, — деди.

Кетип баратканымда Гэстин:

— Кудайга шүгүр, Папа! Өмүрүмдө уялып, кызараар эч нерсем жок. — деп жатканын угуп калдым.

— Бир кызыгы, мен дагы ошондоймун, — деди Хемингуэй.

Артыма бурулуп карасам, булар бири-биринин курсактарына согуп каткырып күлүп жатышкан экен.

* * *

Эртеси мага эртең менен эшик ачкан Патрик болду. Орто бойлуу, көздөрү бакыракай назик, уялчаак жигит экен. Үстүндө ачык жакалуу ак көйнөк, жумшак кездемеден тигилген боз шым, бутунда болсо, жүн байпак менен маасы өңдүү жумшак бут кийим. Хемингуэй каным кат жазып атыптыр.

Мен келип киргенимде ал башын көтөрүп:

— Папа кийинип болгон соң сүрөттөрдү көргөнү барабыз, — деп койду да катын улантып жаза баштады.

Патрик картиналарды күнү кечке көрө берүүгө кумар экенин, анткени, өзү да аздап сүрөт сызаарын айтты.

— Папа, түшкү тамакка чейин кайра келүүгө тийиш. Ал скрибнер мырзаны (Хемингуэйдин китептерин басуучу) чакырган болчу, — деди Патрик. Андан кийин атасын жолго жөнөтүү үчүн өзү шаарда эртеңки күнгө чейин калаарын айтты.

Ошол учурда телефон чырр эте түштү, ал трубканы алды.

— Папа, бул Жижиго кыязы, – деди уктоочу бөлмөнүн ачык турган эшигин карап..

Хемингуэй көйнөкчөн телефонго барды.

— Абалың кандай, балакай? — деп Жижини каникулда үйгө – Финк фермасына келип жат деп чакырды.

— Сен ал жерде качан болсо да урматтуу конок болосуң, Жижи, — деди, — Баягы өзүң жакшы көргөн мышыгың эсиңдеби, Аромат ат койгон? Биз анын атын өзгөртүп Экстаз деп атап алганбыз Бардык мышыгыбыз өздөрүнүн аттарын билет.

Трубканы ордуна койгондон кийин мага Жижи мыкты мерген экенин, он бир жашында Кубада болгон мергендердин мелдешинде экинчи орунга ээ болгондугун айтты.

— «Дал лау» же Кап тешер? – деп сурады ал өзүнчө.

— Ооба, Папа, дал ошондой, — деди Патрик.

Мен «Дал лау» деген эмне деп сурадым. Хемингуэй бул англичандардын орой тилинде кабар — очор деген сөз «лау» дегенибиз «кайгуулдоо» деген сөздөн чыккан.

— Анын өзү үчкө бөлүнөт: адаттагыдай эле кабар очор «Дал лау», ал эми «өтө дал лау» десе ага ылайык кыймыл –аракет жасай берүүгө болот, — деди.

Ошентти да жашыл орхидей гүлүнө карап:

— Мага энем эч качанда гүл жиберген эмес, — деди.

Мен Хемингуэйдин энеси сексенге келип калган киши экенин, Иллинойс штатындагы Ривер Форест деген жерде тураарын билдим. Атасы дарыгер экен, көп жылдар мурда эле кайтыш болуптур. Ал Эрнесттин бала кезинде эле өзүн өзү атып өлгөн экен.

— Картиналарды көрмөкчү болсок кетишибиз керек, — деди Хемингуэй, — мен Чарли Скриптердин бул жакка саат бирге келишин сурангам. Кечиресиз, мен жуунуп алайын. Чоң шаарларда моюнду жууп жүргөн жакшы да …

Ал уктоочу бөлмөгө кирип кетти. Ал ары кирээри менен Хемингуэй ханым Эрнест алты баланын экинчиси экенин: балдарынын туңгучунун Марселина деген энеси болгонун, андан кийинкилери Эрнисттин өзү, Урсула, Мадлена, Карола деген карындаштары дагы эң кичүүсү — жалгыз иниси Лестер экенин айтты. Эже-карындаштарынын баары олуялардын аттары менен аталыптыр. Булардын баары үйлүү-жайлуу экен. Лестер Колумбиядагы Богота шаарында туруп, Американын ошол жердеги элчилигинде иштейт экен.

Бир аздан кийин Хемингуэй жаңы плащын кийип чыкты. Хемингуэй ханым менен Патрик да палтолорун кийгенден кийин төмөнгө түштүк. Жаан жаап туруптур, ошон үчүн да такси табууга ашыктык. Музейге баратканыбызда Хемингуэй көбүнчө унчукпай отурду. Өз өзүнчө бирдемелерди айтып, обондотуп көчөгө карап отура берди. Хемингуэй ханым: күйөөм таксини жаман көрөт, себеби, айдоочунун жанында отурганында жолду байкабай калат, — деди.

Машинанын терезесине карап, Хемингуэй учуп бараткан бир топ кушту көрсөттү:

— Бул шаарда куштар учканы менен көңүлдөнө учпайт экен, — деди ал, — Нью-Йорктун куштары көкөлөп учпайт.

Музейдин эшигинин алдына келип токтогонубузда, бир топ мектеп окуучулары бир-бирден кирип жатыптыр, Хемингуэй күтүп туралбай бизди балдардын арасына кошуп өткөрүп жиберди. Кирүүчү бөлмөнүн эшик алдына токтоп, пальтосунун чөнтөгүндөгү күмүш кутусун чыгарып, оозун толтура бир жутуп алды. Кутусун кайра чөнтөгүнө салып жатып, Хемингуэй ханымдан: алды менен кайсынысын көргүң келет, Гояныбы же Брейгельдиби? – деп сурады. Аялы: Брейгельди көргүм келет, — деди.

— Мен жазууну Париждеги Люксембург музейине коюлган картиналарды көрө берип үйрөнгөн болчумун, — деди ал. — Мен институт бүтүргөнүм жок. Курсагың курулдап жүрсө, музейге кирүү акысыз болсо, албетте, сен биринчилерден болуп музейге барасың. Карагылачы, — деди ал, кээде Тациандыкы деп да, кээде Джорджонуку деп айтылып жүргөн «Эр кишинин сүрөтү» деген картинанын алдына токтоп, — Булардын бардыгы, баягы Венециадан алынган.

— Мага мынабу жагат, Папа, — деди Патрик, ошон үчүн Хемингуэй Франческо Франчианын «Федериго Гензагонун портрети» (1500 – 1540) деген сүрөтүнүн жанына келди. Кездеменин бетине табият көрүнүшүнө тушма-туш жайгаштырылган, үстүнө плащ кийген, салаңдаган узун чачтуу кичинекей бир баланын сүрөтү тартылган экен..

— Биз дагы, жазганыбызда, каптешээрим, накта ушундай сүрөттөөгө тырышабыз. – деди Хемингуэй, картинадагы жыгачтардын сүрөтүн көрсөтүп. Китеп жазганда аларсыз болбойт.

Бизди Хемингуэй ханым чакырды. Ал Ван Дейктин «Сүрөтчүнүн портрети» деген картинасынын алдында туруптур. Хемингуэй ал сүрөткө карап туруп, жарайт, дегенсип башын ийкеди да, мындай деди:

— Испанияда жүргөнүмдө Уитти Дал деген учкуч болгон, Бир күнү ошол Уитти мага келип: «Хемингуэй мырза, Ван Дейик жакшы сүрөтчүбү?» деп сурады. Мен: «Ооба, жакшы» деп жооп бердим. Ал «Анда, менин бөлмөмдө ошол сүрөтчүнүн картинасы илинип турат. Мен ошол картинаны өтө жактырам. Анын жакшы сүрөтчү болгонуна кубанам, себеби ал мага өтө жагат, — деди. Ошол Уитти эртеси каза болду…

Биз Рубенстин «Ыйса Пайгамбардын күн менен ажалды жеңиши» деген картинасынын жанына келдик. Картинада Ыйсанын жыландар менен периштелер арасында жүргөнү сүрөттөлүптүр. Ал эми, асмандагы булуттардан бирөөлөрдүн бакылап турган сүрөтү бар. Хемингуэй ханым менен Патрик бул картинаны Рубенстин дайыма тартып жүргөн сүрөттөрүнө окшобойт дегенди айтты.

— Анткен менен, бул картинаны жазган Рубенстин дал өзү, — деди Хемингуэй ишенимдүү түрдө. — Мунун түп нуска экенин уучул иттин аңдарды жытынан сезгендей эле билесиң. Жытынан сезесиң. Мындай сезим өтө жөнөкөй болгону менен, бирок, өтө жакшы сүрөтчүдөн үйрөнсөң гана пайдалуу болмок.

Анын бул сөздөрү Рубенстин картиналары жөнүндөгү күмөндү чечип койду. Биз Брейгельдин сүрөттөрү илинген бөлмөгө бардык. Бөлмөнүн эшиги жабык экен Эшикке «Оңдоого жабылды» деген жазуусу бар кагазды илип коюптур.

— Кантмек элек, мунусун кечиребиз да, — деп Хемингуэй кутудагы арагынан дагы бир ууртап алды.

— Канткен күндө да мага жакшы Брейгель көрүнбөй турат, — деди ал ары басаарыбызда. — Ал айыл көрүнүштөрүн сүрөттөгөн кыл калем чеберлеринин ичинде эң улуусу. Аштык орумун сүрөттөгөндө көп кишилердин бар экендиги көрсөтүлгөн. Ал эми, аштык машактарын дапдаана, ал түгүл геометриялык тартип менен орноштурат да, көрүүчүлөргө катуу таасир калтырат. Ошонусу эле менин оюмду бийлеп алып сай сөөгүмдү сыздатат.

Биз Эль Греконун жашыл боёк менен тарткан «Толедонун көрүнүшү» деген картинанын жанына келип көпкө карап турдук.

— Менин оюмча музейдеги эң жакшы картина ушул. Ал эми, мында жакшы картиналар аз эмес, — деди Хемингуэй.

Патрик болсо, атасы жактырбаган айрым картиналарга суктана берди. Ушундай шартта Хемингуэй уулу экөө катуу талашка да түшүп жатышты. Патрик тек кана башын чайкап-чайкап алып күлө берет, Хемингуэйдин пикирин кошоматтайт да күлө берет. Андан ары талашпаска тырышат.

— Бул менин шайтаныма керек дейсиңби! — деди кокус Хемингуэй, — Мен көркөм-сүрөт сынчысы болгум келбейт. Мен картиналарды жөн эле көргүм келет. Ошолордон белгилүү бир лаззат алып, ошолордон үйрөнгүм келет. Мынабу картина менин оюмча шумдуктай жакшы экен, — деп бир аз чегинди да көзүн сүзүп Рейнольддун «Полковник Георг Куссмакер» деген картинасын карап калды. Картинада аскер башчысы атка минип, аркасын жыгачка сөйөп, тизгинди колуна кармап турган көрүнүштө сүрөттөлгөн экен. – Мынабу полковник – накта шумпайдын өзү экен. Ошол доордун эң мыкты деген сүрөтчүсү сүрөтүн тартканы үчүн акча төлөөгө даяр турган, — деп Хемингуэй күлүп жиберди, — Карагылачы, жүзү кандай менменсинген, текебер, астындагы атынын мойнуна жана эки бутунун салбырап турганын карагылачы. Мунун текеберлиги шончолук, ат үстүнө отуруп жыгачка сөйөнүп, чиренип калыптыр.

Ар ким өз эркинче залды бир аз кыдырып жүрдү. Анан, Хемингуэй бизди чакырып алып төмөн жагына чоң тамгалар менен «Катарина Лориллард Вулф» деген жазуулары бар, анын алдында дагы кичине тамгалар менен «сүрөтчү Кабанель» деп жазылган сүрөттү көрсөттү.

— Ушундай бир картина жөнүндө Чикагодо, бала кезимде чатакка кабылганым бар, — деди ал, — Мен көпкө чейин өзүмдүн эң мыкты сүрөтчүлөрүм Бунте менен Райерсон деп жүрчүмүн. Алар Чикагодогу өтө бай адамдардын эки үй-бүлөсүнүн фамилиялары экен. Ал кезде мен картиналардын астына чоң тамгалар менен жазылган сөздөр – сүрөтчүлөрдүн аттары болсо керек, деп ойлопмун.

Биз Сезан Дега жана башкалары өңдүү импрессионисттердин жанына бардык, Хемингуэй барган сайын делебеси козголуп кызый баштады. Ал ар бир сүрөтчүнүн канчалык жетишкендигине кандай жол менен ээ болгонун жана алар бир биринен кандай үйрөнүп, үлгү алгандыгын баяндай кетти. Патрик атасын кунт коюп угуп, мындан ары боёлгон сүрөттүн техникасы жөнүндө ооз ачпаска бекиген өңдүү көрүндү. Хемингуэй бир нече минут Сезандын «Жар таштар — Фонтен блодогу токой» деген картинасына карап турду.

— Биз жазган убакта ушундай сүрөттөөгө тырышабыз, Мына бийик жыгачтар, мына, тырмышып чыгаар жар таштар, — деди ал, — Көөнө сүрөт чеберлеринен көбүрөөк жакшы көргөнүм — Сезан. Ажайып, өтө ажайып сүрөтчү! Дега дагы ажайып сүрөтчү. Мен Деганын бир дагы начар картинасын көргөнүм жок. Ал жаман картиналарын эмне кылаарын билесизби? Өрттөп салат экен.

Хемингуэй кутусунан дагы бир серпип алды. Биз Манэнин пастель боёгу менен тарткан Вальтес де ля Бинь бийкечтин сүрөтүнүн жанына келдик. Бул, чачын бийик түйгөн, ак саргыл келген жаш кыздын сүрөтү экен. Хемингуэй бир нече секунд унчукпай турду да бизге бурулуп:

— Манэ бул турмуштан алиде күдөрүн үзбөгөн, андан тажай элек жаштардын ички дүйнөсүнүн гүлдөй жайнап кулпуруп турганын сүрөт менен чагылдырып бере алган, — деди.

Экөөбүз бир аз бирге келаттык эле, Хемингуэй мага мындай деди:

— Мен Поль Сезандын сүрөттөрүндөгү табият көрүнүштөрү өңдөнтүп сүрөттөп жаза алам. Ичегим курулдап ачка жүрүп, миң сан ирет Люксембург музейин кыдырып жүргөнүмдө табият көрүнүштөрүн сыпаттап жазууну ушул сүрөтчүдөн үйрөнгөм. Эгер Поль мырза тирүү болсо, менин табият көрүнүштөрүн сүрөттөп жазганым ага жагаар эле да, бул үчүн мен анын өзүнөн үйрөнгөнүмө кубанычта болоор элем. Буга иманым камил.

Андан кийин, Хемингуэй Иоганн Себастьян Бахтан да көп нерселерди үйрөндүм деди.

— «Кош бол, куралым» романынын алгачкы сүйлөмдөрүндө Иоганн Себастьян Бахтын контрапунктун баса көрсөткүсү келгенде дайыма кайталай берээри өңдүү мен дагы «жана» деген сөздү атайын көп колдонгом. Мен кээде Иоганн мырзадай, кантсем да ошого жаккандай жаза алам десем болот. Андай кишилер менен иштешүү оңой эле нерсе, себеби алардан үйрөнүү керектигин качан болсо да жакшы билесиң.

— Папа, момуну карачы, — деди Патрик. Ал, Карпаччонун «Крест азабы жөнүндө ойлор» деген картинасын көрүп туруп, — Дин темасына тартылган сүрөт десең, мында алыскы жерлердин макулуктары өтө көп экен, — деди ал.

— Э-э, — деди Хемингуэй, — Бул сүрөтчүлөр дайыма олуялар жөнүндөгү окуялардын көрүнүшүн Италиянын өздөрү көбүрөөк жактырган же алардын ашык болгон аялдары туулуп өскөн жерде болгондой кылып көрсөтөт. Алар Мариям эненин сүрөттөрүн өздөрү сүйгөн жарларынын бетине карап отуруп тартышат. Негизинде ал жер Палестинанын жери болууга тийиш, бирок, сүрөтчүнүн ою боюнча Палестина өтө алыс жерде, ошон үчүн да кызыл тотукуштун, бугу-маралдын, кабыландын сүрөттөрүн киргизе беришет. Андан ары, дагы ойлонуп, бул алыстагы чыгыш эмеспи, деп венециялыктардын ата душманы болуп келген маврларды дагы киргизип коюшат.

Ал бир аз туруп, сүрөтчүнүн дагы кандай немелерди киргизип койгонун караңгылай баштады.

— Андан кийин сүрөтчү ачкалыктан курсагынын курулдап баратканын сезет да бакма коёндун сүрөтүн кошуп коёт, — деди ал, — Жерге кирсин, каптешээрим, биз бир далай жакшы картиналарды көрдүк. Кап тешээрим, не ойдосуң, жетээрлик эки саат картина көрүү — аз убакыт болбосо керек?

Картиналарды эки саат көрүү жетээрлик дегенге баарыбыз эле макул болдук. Хемингуэй, Гояны бүгүн көрбөй эле коёлу, бирок, зайыбым экөөбүз Европадан келгенде дагы музейге келебиз, — деди.

Музейден тышка чыксак ак жаан жаап турган экен.

— Куруп кеткирдики, жамгырлуу күнү тышка чыкканды жаман көрөм, — деди Хемингуэй, — сууга чыланууну жек көрөм.

* * *

Чарли Скрепнер тышкы үйдө күтүп отуруптур.

— Эрнест, — деди ал Хемингуэйдин колун силкилдете кармап.

Бул киши ак чачтуу, сөздү баптап сүйлөгөн, тулку бою да жагымдуу, кандайдыр бир шаңдуу көрүнгөн киши экен.

— Биз, ар түрдүү сүрөттөрдү көрдүк Чарли, — деди Хемингуэй биз лифтке кире бергенибизде, — Мында өтө жакшы сүрөттөр бар экен,

Чарли Скрепнер башын ийкеп:

— О –о, — деп күңкүлдөй кеткенсиди.

— Мен өңдүү элет жердин адамынын кумары бир канды, — деди Хемингуэй.

— О-о…

Номерге кирип пальтолорубузду чечкенден кийин Хемингуэй, түшкү тамакты ушул жерде ичелик, — деди. Ал ресторанга телефон чалды. Хемингуэй ханым столго отуруп алып жаңкы жазып жаткан катын улантууга киришти. Хемингуэй Скрипнер мырза менен диванга отуруп алып, китепти жазып жатканда кудум алты күнгө созулган велосипед жарышындай эле тез кыймылдоого өткөнүн айтып ага даттана баштады. Патрик бөлмөнүн бир бурчунда унчукпай атасынан көзүн айырбай карап отурду.

Официант кирди, ал тамак-аш менюсун ала келиптир. Скрепнер: буга Хемингуэй төлөйт, ошон үчүн эң кымбат тамак буюрам, деди. Ушул сөзүнө ал күлдү эле, ага кошулуп Патрик да күлүп калды. Официант буюрулган тамакка кеткенде Скрипнер менен Хемингуэй жумуш жөнүндө бир аз сүйлөшө кетти. Скрипнер Хемингуэйден: Мен сизге жазган каттарды ала келдиңизби, деп сурады.

— Мен аларды кайда барсам да, Роберт Браунингдин ырлары менен кошо ала жүрөм, Чарли, — деди Хемингуэй.

Скрепнер башын ийкеп, күрмөсүнүн ички чөнтөгүнөн кандайдыр бир кагаздарды чыгарды, анын айтуусуна караганда, бул кагаздар жаңы китебине жасаган келишимдин бир нече барагы экен. Келишимде жыйырма беш миң доллар тегерегинде аванса берилет деп жазылыптыр.

Хемингуэй келишимге колун койду да дивандан туруп мындай деди:

— Өзүмдү эч качан да даанышман деп эсептеген эмесмин, бирок, алдыңкы деген бардык жаш жазуучулардын алдында өзүмдүн аброй-атагымды мурдагыдай эле коргой алам, — деп ал башын качыргансып, сол бутун алдыга жылдырды да бир нече жолу солдон да оңдон да сокку уруп жаткансып колдорун шилтеп- шилтеп алды, — өзүңө эч качан да катуу сокку тийгизбешиң керек.

Скрипнер Хемингуэйден сизди Европанын кайсы жеринен табууга болот, деп сурады. Хемингуэй баарынан да «Гаранти Траст» компаниясынын Париждеги бөлүмчөсү аркылуу издеңиз, — деп жооп берди.

— Биз Парижди алганыбызда, мен ушул банкты басып алууга тырыштым, бирок, катуу каршылыкка кабылдым, — деп ал бир түрдүү ыңгайсыздык менен күлдү, — Атаңгөрү, менин өзүмө караштуу жеке менчик банкым болсо эмне, кызыгы ошол болмок.

— О-о, о-о.., — деп күңкүлдөмүш болду Скрипнер, — Ал эми Италияда сиз эмне иштемекчисиз, Эрнест?

Хемингуэй узун күндүн бир бөлүгүн жумуш менен өткөрүп, итальян достору менен кезигишип калса, эртең мененки убактысын өрдөк атууга арнай турганын айтты.

— Бир күнү эртең менен, биз алты киши үч жүз отуз бир өрдөк атып алганбыз, — деди ал, — Мэри да жакшы аткан эле.

Хемингуэй ханым башын көтөрүп:

— Папага тием деген аялдын баары эле мылтыкты ата билиши керек. – деди да өзүнүн жазып жаткан катына кайрадан үңүлдү.

— Мен Англиядагы Суффолкта бир эле жолу ууга чыккам, — деди Скрибнер, угуп отургандар иштин уландысын күтүп, сыпайыгерчилик менен унчугушпай тынып калышты. – Суффолкта мага эртең мененки тамакка каздын жумурткасын бергендери эсимде. Анан биз ууга чыктык. Мен керек болсо, мылтыктын машаасын басканды да билчү эмесмин.

— Ууга чыгуу – жакшы өткөрүлгөн өмүрдүн бир бөлүгү, — деди Хемингуэй, — Вест – порттон же Бронксвиллден алда канча артык.

— Мылтык машаасын басууну үйрөнсөм да огумду эч нерсеге тийгизе албай койдум, — деди Скрибнер.

— Монте-Карлодогу атышуунун чоң жарышында жана Сан-Ремодо болуучу Эл аралык мергендер жарышына кечигип калбасам экен, — деди Хемингуэй, — Менин мергендик өнөрүм азыр жакшы, ошон үчүн да ушул мелдештердин кайсынысы болсо да уялбай катыша алам. Спорттун бул түрү жалгыз гана көрөрмандар үчүн эмес, кишинин кумарын бирден козгоп алат, ошон үчүн да оюңдакыга жеткенге чейин бир жашап каласың. Өткөндө чоң мергенчилик мелдешинде, мен Вулфиди да жеңип чыккам, ал эми андан ашкан мерген жок да. Аны жеңүү деген сөз азоо атты үйрөтүү менен тең да.

— Акырында бирин атып жыктым го эптеп, — деп Скрибнер сөзүн аяктады.

— Эмнени атып жыктың? – деди Хемингуэй чукулап.

— Бакма коёнду, — деди Скрибнер, — Мен бакма коёнду атып жыккам.

— Монте-Карлодо 1939-жылынан бери чоң мергенчилик жарыштары өткөрүлгөн эмес, — деди Хемингуэй, — Жетимиш төрт жыл ичинде жалгыз эки америка кишиси ушундай мелдеште утуп чыккан. Мергенчилик менин көңүлүмдү көтөрүп чер кумарымды таратат. Ал көп жагынан мына буларга байланыштуу: мергенчилик мелдешинде сен өзүңө ыкылас байлап, жакшы кишилердин жанында отурасың, ал эми башка жерлерде отурсаң баары сени көрө албастык менен карап сага жамандык кана тилеп отурушат. Бул бейсболдон да тез өтө турган оюн, биринчи аткан огуң тийбей калса эле сен оюндан чыгып каласың.

Телефон шыңгырады. Хемингуэй трубканы алып бир аз сүйлөштү да, бизге бурулуп: «Эндоременте инкорпорейтед» деген кандайдыр бир жарнак мекемеси атыңызды суусундуктарды мактаган жарнакка пайдаланууга уруксат этсеңиз, төрт миң доллар берээр элек деп кыйылып суранганын айтты.

— Мен аларга кайдагы бир суюктукту төрт миң доллар берсе да, ичпей турганымды айттым, — деди ал, — Жакшы көргөнүм эле шампан, деди аларга. Качан бир айтканга көнгөн, айдаганга жүргөн жигит болууга аракеттенем, бирок, ал өтө кыйын. Бостондо утканың менен Чикагодо утуласың.

Которгон Аман САСПАЕВ 

«Жаңы Ала-Тоо» журналынан

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *