ТАРЫХНААМЭ

«Укпайын деп онтогонун эненин,
Көрбөйүн деп чабылганын эл-жердин.
Эне-Сайдын эрке уулу кыргыздар,
Азап менен журт которуп Батышка,
Уккансыңбы кайрылбаска келгенин?
Тек калганы эстөө экен түтпөгөн,
Андан башка ушул ыр бар бүтпөгөн».
Фу-йу кыргыздарынын «Сагынуу ыры»

«Юань тарыхы» 1369–1370-жылдары жазылып бүткөн. Бул тарыхый булакты Суң лан жазган. Жалпы 210 оромдон турат. Ал мезгилдеги сарай тарыхнаамэлеринин көчүрүлгөн мазмундун куну абдан жогору.

XIII кылымдагы кыргыз өлкөсү Селенгиден Алтайга чейин созулуп жаткан чоң өрөөн. Кыргыздар ыраакы түндүктөгү Ангара менен Эне-Сайдын кошулуп кеткен чатында Кикас деген шаар болгон. Көтөрүлгөн кыргыздарды басууга чыккан Чынгысхандын уулу Жучи «тоңуп калган Селенга жана башка дайралардан өтүп, анан кыргыздардын атырабын басып алган. Кыргыздар түндүктөгү монгол тилинде сүйлөшкөн уруулар менен чектеш болушкан же чогуу жашашкан. Туматтар «кыргыз өлкөсүнүн чегинде жашаган өтө эле согушчан уруу болгон». «Кыргыздардын өлкөсүнүн чет жагында» булагачиндер менен кэрэмучиндер жашаган. «Кыргыздар менен Кэм-Кэмжиуттардын өлкөсүнө чектеш токойлордо» урасуттар, теленгуттар, куштемдер жайгашкан. Чынгысханга тууган тайчжиуттардын «монгол, кыргыз, баргуттардын өлкөсүнүн ичинде» өздөрүнүн турган жери болгон.

Чынгысхандын бийлиги орногондон кийин кыргыздар да монголдордун кол алдында болуп калат, ошентип, кыргыздар да Чынгысханга уйгурлар менен карлуктар сыңары эле ыктыярдуу түрдө баш ийип беришет. Монголдорго кыргыздардын, дагы башка «токой элдериндей» эле баш ийиши «Монголдордун жашыруун тарыхынын» («Сокровенное сказание») 239-бөлүмүндө минтип жазылат: «Коён жылында (1207) Жучи оң канатынын аскерлери менен токой элдерине каршы жортуулга жөнөтүлөт. Ага Буха жол көрсөткүч болот. Элден мурун Худуха-беки өзүнүн түмөн-ойроттору менен баш ийип берет. Чжочиге андан ары ошол Худуха-беки жол көрсөтүп кетет… Жучи түмөн-кыргыздарга жакындап келет. Ошондо Жучиге кыргыз ноёндору Еди, Инал Алдиер, Олебек-дигин баш ийгендерин билдиришип, ак шумкарларын, ак боз тулпарларын, суусарларын падышага тартуу кылышат. Жучи токой элдеринин баарын монголдорго баш ийдирет. Ал өзү менен кошо кыргыздардын миң башы, он миң башыларын, токой элдеринин ноёндорун ээрчите келип, Чынгысханга кезиктирет да, падышага ак шумкарларын, ак тулпарларын, апакай калтарларын тартуу кылууларын тигилерге буюрат. Чынгысхан Жучиге ыраазы боло карап: «…Баары тең өзүнө баш ийсин» – дейт.

«Юань шидеги» Чынгысхандын өмүр баянында Чынгысхан кыргыздардын элчилигине жана тартууларына жооп кылып, 1207-жылы аларга эки кишини жибергендиги айтылат. Бул китепке карасак мамиле түзүү жагы кыргыздардан башталганы көрүнүп турат. Жучинин өмүр баянында ага түндүк-батыштагы жерлер энчиленип берилгендиги туурасында жазылып жүрөт. Бул жерлер борбордон ондогон ли аралыкта жайгашкан. Тез-тез ат которуп тынбай жүрүп отурганда да аякка жетиш үчүн 200дөй күн керек болгон. Сөз, албетте, кыргыздар же токой элдери жөнүндө эле эмес, бүтүндөй Жучинин улусу жөнүндө баратат.

Монгол китептерине караганда 1207-жылдагы кыргыздар «түмөн кыргызуд» же «түмөн кыргыздар» эле эмес, бул өздөрүнүн он миң, миң башылары бар эл. XII кылымдан баштап кыргыздардын тагдыры «токой элдери» менен, өзгөчө Байкалдан Алтайга чейин созулган жерлерди, Саян-Алтай тоо кыркаларын мекендеген элдер менен тыкыс байланышкан. Кыргыздар Чынгысхан менен байланыш түзгөн 1206-жылы «токой элдери» Чынгысхандын жан-жөкөрү Хорчиге баш ийдирилип берилген. Хорчи жаш кезинде Чынгысхандын ага 30 аял алып берем деген убадасы болгон: «Хорчи үч миң эле баарындерди башкарбай, миң башылар Тахай, Ашихтар менен бирге жаңы кошулган миңцеген адаркиндерди, чиностерди, тоолестерди, теленгуттарды да башкарсын. Хорчиден уруксат болмоюн токой элдери көчө алчу эмес. Өз ойлорунча кетип калуу алардын оюнда да жок болгон. Ошентип, токой элдеринин Жучиден бөлөк дагы бир чоңу бар болучу. Хорчи оюн ишке ашырмак болуп туматтардан 30 кыз алыш үчүн барганда, туматтар кыздарын бермек тургай Хорчинин өзүн туткундап алышат.

Мындан кийин туматтарга Дорбо-Докшин жөнөтүлөт, ал туматтарды жеңип, Хорчини бошотуп келет. «Тумат элин экинчи козголгус кылып, Дорбо жүздөй туматтарды Борхулдун куну үчүн анын үйбүлөсүнө берет. Хорчи өзүнө 30 кыз тандап алат да, Ботохай күпчөктү (туматтардын акимшасы) Худуха-бекиге берет». Ушуну менен эле баары бүтүп калбайт. Рашид-ад-диндин маалыматына караганда, туматтардын көтөрүлүшүнө кыргыздар да катышкан болот. 603-жылы (1206–07) Чынгысхан ушул кыргыздарга Алтан менен Букраны элчи кылып жиберет. Алар Алтан менен Букрага өзүлөрүнүн үч элчисин… ак шумкарлары менен… баш ийип беришет.

Ошондон 12 жыл өтпөй Баргужин-Токум менен Байлуктагы туматтар көтөрүлүшөт, алардын көтөрүлүшүн басуу үчүн монголдор кыргыздардан аскер талап кылышат, анткени туматтар кыргыздарга жакын жерлерде турушчу. Кыргыздар монголдорго аскер бермек түгүл өздөрү кошо көтөрүлүшөт. Чынгысхан аларга уулу Жучини аскерлери менен жөнөтөт. Кыргыздардын жол башчысы Курлун болгон. Монголдордун Нока деген эмири өз аскерлери менен кыргыздарды багындырат. Ошентип, бизге кыргыздын үч акиминин аты белгилүү болду. Булар – Алдиердин иналы Еди-Орун (аны Курлун деп да аташчу, балким, ал башкы аким болгон болуу керек), Урус иналы, кандын ордун басуучу канзада тегин Олебек-дигин. Орлун 1219-жылы (монгол аскерлеринен жеңилишке учураган. «Юань династиясынын тарыхын» (Юань ши) монгол империясынын жерлерин сүрөттөгөн бөлүгүндө, «Түндүк-батыш жерлери» деген тиркемесинде кыргыздар (цзилицзиси) жана аны менен коңшулаш турган элдер жөнүндө жазылган маалыматтар бар. «Кыргыздар жөнүндө айта турган болсок, адегенде жердин аты болуп айтылгандыгын белгилеп кетүүбүз керек. Кыргыздын жеринен түштүктү карай Дадуга (Пекин) он миңлидей (5 миң чакырымдан көбүрөөк).

Уламыштарга караганда мурун бул жерде (кыргыздардын өлкөсүндө) наймандар жашаган. Юань династиясынын бийликке келиши менен (1271-жыл) кыргыздарды майдалап 9 миң түтүн кылышкан. Кыргыздардын жеринин узундугу 1400 ли (700 чакырымдан көп), туурасы болсо ушунун жарымындай келет. Цзяньхэ дайрасы (Кэм, Жогорку Енисей) ушул жерди кесип өтөт да, түндүк-батышты карай агат. Андан бөлөк түштүк-батышта Апу дайрасы бар. Түндүк-батыштагы дайра Юйсюй деп аталат. Бул дайралардын баары тең эпсиз чоң. Алар Цянь менен Ангарага кошулуп, түндүктөгү деңизге куят.

Кыргыздардын каада-салты башка элдердикинен аябай эле айырмаланып турат. Алачыктарда, боз үйлөрдө жашашат. Жашаган жерлериндеги суу менен чөптүн молдугуна карай көчүп-конуп жүрүшөт. Дыйканчылыкты да жакшы өздөштүрүп алышкан. Кар түшкөндө лыжа тээп аң уулашат. Бул элдин минген аттары таза кандуу жылкылардан, таптаган ак, кара шумкарлары бар болот.

Чынгысхан өлгөндөн кийин (1227) анын ордун Огодой (Угэдей, ал 1241-жылы өлөт) басат, анын аялы кыргыз болот. Кыргыздар жашаган жерди бир топ мезгилге чейин Чынгысхандын кичүү уулу Тулуй (1232-жылы өлгөн) башкарып турган. Угэдей өлгөндөн кийин бийликке Чынгысхандын кичүү уулунун балдары келет. 1251-жылдан 1259-жылга чейин такта Тулуйдун тун уулу Мунке (1209–1259) отурат. Мунке өлгөндөн кийин такка Тулуйдун ортончу уулу Хубилай (1215–1294) келет. Бирок аны менен такты Тулуйдун кичүү баласы Арык-Буга (1266-жылы өлгөн) талашат. Хубилай Дадуда (Пекинде), Арык-Буга Каракорумда турган. Согуш башталып, 1264-жылы Арик-буга жеңилет. Кийинчерээк Хубилайга каршы Угэдейдин небереси Хайду (1255–1301) чыгат, ал Чынгысхандын башка укум-тукумдарына кошулуп, жаңы согуш баштайт. Хайдунун күч алып, согушуп чыккан жери кыргыздар мекендеген Алтай, уйгурлардын мекени Хотан болот. Хайду ушул согушта алган жаратынан оңоло албай көз жумат. XIII кылымдын ортосунан баштап кыргыздардын тагдыры ушул жүрүп турган согуштар, коңшулаш турган ойроттор менен тыкыс байланышта болот.

Ошол мезгилде кыргыздар жашоо шартына жана чарба жүргүзүү мүнөзүнө карап эки топко бөлүнүшөт. Биринчиси – мал чарбачылыгы менен дыйканчылыкты кесип кылган тала кыргыздары. Экинчиси – мал чарбачылыгын жана аңчылыкты кесип кылып, Эне-Сайдын баш жактарындагы тоолуу жерлерде жашашкан токой кыргыздары. Эне-Сайдын баш жагындагы кыргыздардын коңшулары ойроттор болгон, алар турматтарды сүрүп чыгып, сегиз суунун тегерегинде жашашкан. Кыргыздар менен жана башка түрк элдери менен болгон тыкыс байланыштар ойроттордун тилине да өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Алар жашаган жердин аты да түрк сөзү «секи» менен моңгол сөзү «муренден» турган, Эне-Сайга Кемчик дайрасы куйган жер Кемчик-Бору» деп аталган. «Кемчик» түрк тилинен которгондо «аз суу» дегенди билдирет, «борук» болсо ойроттун «аска-тоолор» деген сөзү. Биз жогоруда көптөгөн жерлердин жердин шартына, ыңгайына карап, же ошол жерден агып өткөн суунун аты менен аталып калгандыктарына күбө болдук.

«Кемчик-Борунун» жаратылыш өзгөчөлүгүн көрсөтүш үчүн ойроттор бул жерди «бору» деп аташкан. Кыргыздардын бир бөлүгүнүн «бурут» деп аталып калышы да, алар жашаган аска-зоолуу жерлер менен байланышкан болуу керек. Кийинчерээк «бурут» деген этноним менен ойроттор кыргыздардын баарын аташкан. Кыргыздарды кийин «бурут» деш манчьжурларга, Цин династиясынын маньчжур жана кытай тексттерине (ХVII–ХIХ кылымдар) да өтөт. Кыргыздардын өзүнүн ичинде да бурут деген ат айтылып жүргөн болуу керек. Манастын атасы «Жакып – кыргыз, ал – бурут». Манас жөнүндө карыган калмак минтип түкшүмөлдөйт:
«Мобул бурут кимдин баласы?»
Бурут кайда, эл кайда?
Мындайчылык кезекте,
Урут келээр жер кайда?
Эгер ойроттор токойлордо жашаса, кыргыздар тоо арасын мекендеген. Бурут менен кошо эле монголдор кыргыздарды «кэргют» деп да аташкан.

ХIII–ХIV кылымдардын аралыгында кыргыздар монгол жана кыргыз жазуулары боюнча ойроттордун – угэлэт, балагут, хойт жана киргиз деген төрт түмөнүнүн ичинде болушкан. Кыргыздар ойрот конфедерациясынын курамында өз алдынчалыкка ээ болгон. Арык-Буга менен Хубилайдын кармаштарында Арык-Бугунун аскерлеринин негизги бөлүгүн ойроттор менен кыргыздар түзгөн. Арык-буга жеңилип, Хубилайга кулдук уруп турганда. Хубилай ага Алтайдагы, Текедеги жана Кыргыздагы жерлерди калтырат. Ушул кезде кыргыздардын бир бөлүгү ойротторго кошулуп, Енисей-Иртыш дайраларынын ортосундагы өрөөндөн Чыгыш-Тяньшандагы Алтай-Хангай тоо кыркаларын карай көчүп кетиши да ыктымал. Согуш кыргыздарды ар кайсы тарапка ыдыратып чачат. 1275–1276-жж. Кыргыздардын бир бөлүгү көтөрүлүп чыгат. Көтөрүлүш басылгандан соң кыргыздардын чоң бөлүгү Батыш Маньчжуриядагы 1277-жылы негизделген округдун жаңы борбору Чжаочжоу шаарына көчүрүлөт.

Хайду менен Хубилайдын ортосундагы согуш да кыргыздарга бир топ мүшкүлдөрдү кошо ала келет. Алтай-Хангай тоолорун мекендеген кыргыздар Хубилайдын буйругу менен 9 миң түтүндүү Баяндын (1236–1295) түмөнүнө бириктирилет да, Монголиянын ички райондоруна көчүрүлөт. 1290-жылы монголдордо кызмат кылган кыпчак Тутух Хубилайдын буйругу менен Алтайдагы Хайдуга каршы жортуулга чыгат да, бул жортуулдун натыйжасында 3 миң үй-бүлө көчүрүлүп келет. Тутух андан кийин Эне-Сайдын башын мекендеген кыргыздарды баш ийдирет.

Хайду кыргыздарды куткарып алмакчы болот, бирок жеңилип калат. Кыргыздардын дагы бир бөлүгүн монголдор Хубилайдын ички жерлерине көчүрүп алып келишет. 1289-жылы бийлик башындагылар Каракорумдагы жашаган кыргыздардын эсебин алышат. Кедей- кембагалдарга жардам көрсөтүлөт. 1293-жылы кыргыздардын бир тобу Чжирхэхусо гай деген жерден Маньчжуриянын түштүк-чыгышындагы Ляодун провинциясындагы Хэсыхе районуна көчүрүлөт. Алтайдагы кыргыздардын дагы бир тобу 1295-жылы күч менен Шаньдунга көчүрүлөт. Ляодунда да, Шаньдунда да кыргыздар аскер келгиндери катары отурукташтырылат. XIII кылымдын акырында кыргыздар ары-бери көчүрүлө берип аябагандай эле бытырап кетет. Кыргыздарды минтип зордуктап көчүрүү XIV кылымдын биринчи жарымынан 1389-жылы Юань династиясы кулаганга чейин деле улана бериши мүмкүн.

Элдин бытырап кетиши, ар кандай чачылып кетиши «Манас» эпосунун негизги лейтмотивдеринен десек болот. «Элибизди жоготтук», – дейт Жакып. Ал өзү да Котон (Катунь) дайрасы, Суушань (Суншань, Карагайлуу тоолордун жаны) көлү тараптан көчүп келген. Ал бутапарас-сарттардын арыгын казат, ал кыргыздар мусулман динин биле элек мезгилде жашайт. Кыргыздардын Алтайды ашып кетишин Жакып минтип сүрөттөйт: «Ата-бабаларыбыз кыргыз уруусунан, жерибиз – кең Алтай». «Алтайдан келгендердин, башы болчу бай Жакып».

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылардын көбү Эне-Сай кыргыздары менен Фу-йу кыргыздарынын ортосундагы байланыштын бар экендигин жокко чыгарбайт. Бүгүнкү күндө Кытай Эл Республикасындагы Хейлунжаң аймагында Манжуриянын фу-йү кыргыздары, 2001-жылдагы 5 жолку эл каттоонун статистикалык маалыматтары боюнча Фу-йуда – 1155, анын ичинде фу-йу мал чарба фермасында – 289, Фу-йу базасында – 239, Таха айылында  – 209, Лоң-эн-Чиао базарында – 46, Фу-хай базарында – 30, Ардао-Ван – 8, Ужасун айылында – 276, Чижасун айылында – 151 адам жашайт. Фу-йуда, негизинен, кыргыздар эки айылда олтурукташкан У-жа-сун (Ужакент) – бул кытай тилинен 5 үй-бүлө деп, ал эми кыргыздардын экинчи айылы Чи-жа-сун (Чижакент) 7 үй-бүлө деп которулат. Демек, фу-йу кыргыздарынын берген маалыматы боюнча У-жа-сунга 5 үй-бүлө, Чи-жа-сунга 7 үй-бүлө көчүрүлүп келгендиги жергиликтүү уламыштарда айтылып жана бүгүнкү күнгө чейин аталыштарын сактап калышкан. Чижасун айылында 1595 аянтты камтыган музей бар экен. Музейдин аянтты кыргыздардын санына карата алынган. Ал музейди Манас айылы деп коюшат. Анда 348 метрлик коридору бар, Манастын айкели орнотулган. «Манас» эпосун айтышпайт. Кытайдагы Кызыл-Суу кыргызы Жусуп Мамайдын вариантынан окуп билишип, анын негизинде музей салынган. Ал жерде өтүп баратып, Манастын төрөлүшү, чоңоюшу, кыргызды бириктиргенине күбө болосуң.

Бирок Манас боюнча өздөрүнүн да санжырасы бар экен. Желунжан деген жерде көл бар. Анда жергиликтүү бийдин 9-уулу кайып болуп кеткен. Аны Манастын уулу Семетей менен байланыштырышат. Арийне, Фу-йу кыргыздары жана Шинжан кыргыздары, анын ичинен Жусуп Мамайдын эпосу менен тыгыз байланышкан жана фу-йу кыргыздарынын турган жеринен үйрөнүү кыргыз тарых таануучуларынын олуттуу милдети.

Гүлзада АБДАЛИЕВА 

Макелек ӨМҮРБАЙ: VIII кылымдагы кыргыз ажосунун айкели Ши-Ан шаарында

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *