Биринчи жомокту шумер жазуучулары ойлоп табышат. Асман менен тең кудайды Деңир (Теңир) деп аташат. Ал жомок байыркы чыгыш элдерине таркап, Азияны дээрлик кучагына алат. Ойдуң талаа, түз, Ала-Тоо, Кара-Тоо, Теңир-Тоо, Алай, Алтай коюнунда жашаган элдерге ошол эле ат менен Кудай деген түшүнүктө таркайт. Заман өзгөргөн сайын анын улам башка үлгүлөрү жаралат.
Автор

АЛТЫН КЫРГООЛ

Илгери бир Ырыскелди деген киши жашайт. Ал ата-энесин алпештеп багып, Теңирден коркуп жашайт. Ар апта сайын базарга отун көтөрүп барып сатып турат. Тапкан акчасы бирде кийим-кечекке жетсе, бирде нан-чайга да жетпейт.

Бир күнү отун алып атканда капталында бадал арасынан короз кыргоол кыйкырат! Бадалды аралай басса, шибердин үстүндө чырмоокко буту чалынган кыргоол жатат! Жүнү кулпунуп, алтынга окшоп жалт-жулт этет! Ырыскелди кыргоолдун шыйрактарын чырмооктон бошотуп атып, эмнегедир кушту коё бергиси келип кетет. Бирок башына: «Кийин бир мергендин олжосу же ийри тумшук алгыр куштун жеми болор» деген да ой кетет. Андан көрө деп Ырыскелди кыргоолду үйүнө алып келет. Ошондон тарта Ырыскелдинин бүлөсү кыргоолду бапес менен багат. Айры куйрукка алдырбай, ичерине суу, жемине жүгөрү, таруу мол камдап багышат.

Күндөрдүн бир күнүндө Ырыскелди кыргоолду көрөйүнчү деп барса анын бир тал канаты жерде жатат. Колуна алса алтын болуп кубула түшөт! Көргөн көзүнө ишенбей базардагы зергерге алып барат. Зергер «лам» дебестен канатты көмүркөйүнө салат да, баасын мол төлөйт. Ырыскелди ал күнү базардан толгон токой дүр-дүйнө алып үйүнө кайтат. Акыры Ырыскелдинин жашоо-тиричилиги оңолот. Кыргоол түлөгөн сайын анын жүнүн базарга алып барып сатып, марый баштайт.

Бир жолу кандын баш министри базар аралап жүрүп, куштун канатына окшогон чылк алтын буюмга көзү түшөт. Аны кан сарайына алып келип алтын чапкан зергерчилерин чогултуп, мындай ажайып буюм чабыш кимдин колунан келди? – деп сурайт. Зергерчилери: «Мындай буюм жасаш адам баласынын колунан келбейт!» – деп жооп беришет. Ары жүгүрүп, бери жүгүрүп акыры алтынды сатып жүргөн кишини билишет. Кандын баш министри жанына жоон топ жигит алып, Ырыскелдиникине келип түшөт. Үйдүн ичин аңтарып-теңтерип алтын издешет. Эч нерсе таба алышпайт, бирок көздүн жоосун алган кыргоолдун корозун табышат. Аны торго салып канжыгага байлап коюп, бастырар алдында кандын баш министри жигиттерине кайрылат:

– Ырыскелди нагыз кылмышкер экен, көзүн ушул жерден тазалап салып кетишибиз оң! Кармагыла! – деп буйрук берет.

Ырыскелдинин балдары ыйлап-сыктап:

– Атамдын айыбы эмнеде? – деп чыркырашат.

– Атаңар кенч таап алса да канга айтпаптыр! – дейт баш министр. – Мынча байлыкты кармоого кандын гана акысы бар! Айыбы ошол!

Ырыскелдинин башын алуу камы желе баштайт. Кандын баш министри тордогу кыргоолдун жонун сылап, эрмектейт. Куш жонуна колу тийген сайын министр көңүлү Ырыскелдинин көзүн тазалатуудан айный калып турат. Акыры:

– Шашпагылачы! – деп жигиттерин тыят. – Колу-бутун чечкиле! Анын каны менин мойнумда! Бошоткула, бу бейбакта күнөө жок!

Жигиттери оозунан жаңылган министрге жалт карап алышат да, бирок айтканын кылышат. Жарыяланган буйрукту кан гана буза алмак. Бул жерде баш министр буйрукту аткартууга келгенде мажүрөөлүк кылып аткан. Ошондуктан министр эми катуу жазага тартылышы ылажым болчу. Жигиттеринин текебердигин кагыш үчүн министр аларга кыргоолду көргөзүп:

– Ким-кимиң мунун жүнүн сылагыла, – деп буюрат.

Ар бир жигит кыргоолдун жүнүнө колу тиер замат кең пейил боло калып атканын сезишет. Ошондон соң Ырыскелдини унутушат да, кыргоолду кандын сарайына алып кетишет. Канат-куйругу алтын болуп кубулган кушту көргөндө кан эчкирип иет:

– Жүнүн жулуп, этин казанга салгыла. Канат-куйругун эле сатканда казынам карк дөөлөткө батчудай! Тез! – деп бажылдайт.

Чай кайнамдай болгондо, кандын алдына ашмачысы жүгүрүп келет:

– Аламын десеңиз баш мына, каным! Кыргоолду соё албай койдум. Колум барбай атат! – деп ыйлайт.

– Короз сойгондон корккон да ашмачы болобу? – деп нааразы болгон кан кылычын кынынан суура басып, ашканага кирет да кыргоолдун башын кыя чабат. Мис табакка калдырт деп түшкөн куш жаны чыкканча тыбырчылып, чимирик ата баштайт. Демейде кулпунган канат-куйрук, жүнү кадимки эле кыргоол куштун жүнү болуп калат.

АТ-БАШЫ

Качандыр өткөн заманда атагы алыска кеткен саяпкер жашайт. Ал жылкы жаныбардын кайсынысы сай күлүк, кайсынысы сай аргымак, кайсынысы сай буудан, кайсынысы сай кашка жазбай тааныйт. Өзүнүн бир үйүр жылкысы болот. Өлөр алдында маңдайына уулун чакыртып:

– Тору кебимди ук! Чаар бээни колуңан чыгарба, сай аргымак туучу мал ошол! – дейт.

Саяпкер жерге берилгенге жыл айланат. Тору эл чакырып атасына аш берет. Төлгө кылып Чаар бээни баш байгеге саят. Ат чабышта Чаар бээ марага биринчи болуп келет. Мага буюрган мал экен деп Тору асыл жаныбарды жылкысына кошуп алат. Эл ичинде Чаар бээни уурдайбыз дегендер көп болот. Ошондо бээнин изин жашырыш үчүн Тору эл жайлабаган Үч-Келтебиктин төрүнө бээлерин чыгарып иет.

Аптасына бир жолу барып малы кайда экенин көрүп коюп жүрөт. Бир жолу барып бээсин таппай калат. Үч-Келтебик ичин төлүй кыдырып, ал жактан асканын ташын кулаткан эчки-теке, аркары, тоо жаңырта ышкырык аткан улары менен асманды кайтарган кузгундан башка эч нерсе көрбөй, чаалыгып капа болуп келет. Адал малын таппаса болбой турганын көрүп, алыс жолго аттанат. Ала-Тоо, эки Алай, Кашкар-Тоо бүт кыдырат. Жогун андан таппаганда Саян, Орол-Тоо, Алтай, Памир коюнунан бир да кокту-колот калтырбай баарын кыдырат. Ал жактан да жолу болбогондо Кан-Теңири тегеренип, Ала-Мышыкты арытып Чеч-Төбөгө түшөт. Бир айылда чүкө ойноп аткан балдар арасынан суурулуп бир боз бала Торунун астын утурлап басат:

– Минген атыңыз Чаар бээнин тукуму экен, – деп Торунун атын улам бир капталына чыгып карайт. – Сай аргымак көзүн көрүп калган бактылуу киши турбайсызбы!

– Капырай! – деп Тору айран-таң калат. – Чаар бээни жоготкон мен болом, аны билемин деген сен болдуң. Чаар бээ азыр кайда?

– Аргымактын куу башы бар өзү жок.

Тору атын моюнга чаап, бастырып канга барат. Уккан-көргөнүн айтат. Тынымга ойлоно калган кан үн катат:

– Болору болуптур эми чыдай тур. Кырман басуу кызыды. Ороо куу бүтөрү менен эгин алуу тою келет. Шондо жамы журт Чеч-Төбөгө жыйылат. Ал балакайдын, шондо эмне деген жообу болот угалы. Эл алдында айткан кептин калпы болбойт, – дейт.

Эгин алуу тоюн майрамдайбыз деп убай-чубай эл келет. Атчандар өрдө, жөөлөр Чеч-Төбө боорун бербей, чар-тарап жайнаган элге жык толот. Кылкылдаган көпчүлүк арасынан өспүрүмдү таап, кандын чатырына алып келишет. Тоо таяна тигилген алтын тактуу түркүгү күмүш кең чатырдын ичинде кырк уруудан кырк манап, канчалаган бай, оозунда кеби бар ак сакал, көк сакал, кара сакал уй мүйүз тарта катарма катар олтурушат. Шаан-шөкөтү уланып аткан жыйындын ортосуна өспүрүмдү кан жигиттери коштоп чыгышат. Чаар бээнин куну улуттун намысына айланган кезде аргымак жайын териштирүү кай-кай жерде өткөн жыйында көч башында турган кеп болуп аткан. Шондуктан кан өзү сурак сурайт.

– Балакай, сенин атың ким болот? – дейт кан.

– Толубай, – деп улан жооп катат.

– Сен, бала борбуюң көтөрүп алсаң эле оозуңа эмне келсе айта берсем болот дейсиң го? Жүгүң өгүз белинде турса да дымагың төө белинде турат дейт окшойсуң, ыя? Жалган айтып турсам жалган деп бетиме кой. Чаар бээнин куу башын көрдүм дейт экенсиң. Ошол баш Чаар бээники деп сага ким айтты?

– Жүрөгүм менен сездим.

– Бу жерде олтурган саяпкерлер Чаар бээ киши колдуу болуптур. Ал азыр аркандалуу турат деп атышпайбы.

– Алдаяр каным, Чаар бээнин куураган башы коктуда күлдө жатат.

– Эмне үчүн саяпкерлер айткан далилге ишенбей сен айткан далилге ишенишим керек?

– Билбейм, – дейт Толубай.

– Бала! Баланын иши чала! – деп саяпкерлер кыйыны кепти алат. – Каным, ырайым этиңиз! Күнөө балада эмес, ууруда…

– Анан?.. – деп кан Толубайды карайт.

– Саяпкерлер жылкы арасынан Чаар бээнин тукумун чыгарып беришсин, – дейт.

Кан балакай койгон талап адилет экенин көрүп сынак өткөрмөк болот. Алдына жигиттерин чакыртып, жамы журтта саяпкерлер көрсөткөн жылкынын баарын айдап келесиңер деп буюрат.

Күн төбөдөн оой күтүрөгөн жылкы добушу ок атымга жаңырып каада өтүп аткан жердеги эл алдынан төлүй чаар жылкы убай-чубай өтө баштайт. Саяпкерлер тапкан жылкы баласы жалаң чаар же ала болот. Ошондуктан эл анын баары Чаар бээнин тукуму тура деп кабылдашат. Сынак эки күнгө созулат. Чубатууга салынган кулун, тай, кунан, байтал, бышты, жаңы асый, бир асый, эки асый, үч асый, бээ же айгыр, ат же чобур ат кан баштаган эл алдынан дайрадай агып турат. Саяпкерлер улам бир жылкыны камчысынын сабы менен көрсөтүп канга баяндама беришет.

Толубайды жыйындан көрүшпөй эл нааразы болот. Саяпкерлерден кыйыны кеп алып элге жарыя айтат:

– Чаар бээни жети күндүк алыста уурдап алган киши аркандап салган. Жаныбардын көзү тирүү! – дейт.

Аңгыча Толубай ала баш атын теминип ортого чыгат.

– И?! И?! – деген кан дуу-дууну тыйып, өспүрүм кебине кулак салдырат.

Толубай үнүн көтөрө сүйлөп, элге кайрылат:

– Мынабу куураган баш сай аргымак Чаар бээнин баш сөөгү! – деп өңөрө келген ак дакиге оролуу сөөктү өйдө көтөрөт. – Эгер жүрөгүм сезгени чын болсо бу турган жылкы арасынан Чаар бээден тараган жаныбарлар азыр бир жышаан берет. Кана, көрүп тургула!

Толубай атына камчы басып озуп чыгат. Көлдөй толкуган көп жаныбардын арасы удургуй түшүп, төлүй аласы Толубай атын ээрчип, аны коштоп жөнөйт. Калган чаар жылкы турганы турган жеринде кала беришет.

Жаш саяпкер түмөн ала жылкыны кумдай чууртуп ээрчитип барып, куураган баш табылган күлү додо кабакка жетип токтойт. Селдей каптап келген ала мал ошол жердеги айылды үч айланта тегеректеп курчай токтошот. Айылды бууп курчап алган жаныбарлар бышкырып, ичин тартып, кошкурук атып тынып турушат. Толубай куу башты жерге кынаптап көөмп өйдө болгуча жер жайнаган ала жаныбарлар ошол жерде тура беришет.

Элде саяпкер туулду деген жакшы аңырт таркайт. Карылар кайрадан: «Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол!» – деп балдарына насаат айтчу болот. Кан өз жардыгы менен Чаар бээ башы көмүлгөн коктуга шаар салдырат. Атын Ат-Башы койдурат.

«ЭЖЕКЕ, БЭЭ САА!»

Илгери өткөн заманда артын караса Кичи Алай, астын караса Чоң Алай көрүнгөн ара жолдо Сактан аттуу киши жашайт. Жардылыгы жанда жок туруп кур намыс менен курсагы тоюп, кекирейген жан болот. Жаз кылтайды дегиче көчүп, жаман үйүн бөксөлөй тигип алып кыш түшкөнчө жайлоодон жайлоо кыдырып күн көрөт. Эл көзүнөн далда ач кулагыман тынч кулагым деп жалгыздап жашаганды жакшы көрөт. Бир желе бээсин саап кымыз ичип, күз келери менен кулунун сатып кышка согум камдап жан сактайт.

Жактырып алган жубайы кыз тууп берип, арадан он жыл өткөндө уул тууп, төрөттөн көз жумат.

Ошондон кийин аял албай так өтчүмүн деп Сактан сакалын сүйрөп, эки баласын жалгыз багып калат. Кызы он бешке толгондо уулу бешке карайт. Бойдок башы колоктоп күндү кечкиртип, түндү түндөй тизе кучактап таңды атырат. Жер агарды дегиче туруп күл чыгарып, от жагып, сакадай балдары кор болбосун деп жүргөндө эле, баргандан барып жүүнү бошоп, эңшериле карып кетет. Бир жолу эртең менен төшөгүнөн турбай калат. Балдары атакесинин уктап атканын көргөндө, ойготпойлу деп тышка ойноп кетет. Курсактары ачканда келип атакесин ойготсо ойгонбойт. Айылдын кишилери келип Сактанды жерге берип, балдарды көкүлүнөн сылап: «Багыңардан көргүлө» – деп таркап кетишет.

Кеч киргенден элеңдешкен жетимдер, кучакташып алып ыйлап-сыктап, түн оой талыкшып болгондо уктап кетишет. Ошондон тарта, түн кирген сайын кучакташып алып ыйга кирип, таңды атырышчу болот.

Бир жолу жетимдер кеңеше кетип:

– Мындан ары көргөн күнүбүз кандай болот? – дейт эжекеси.

– Биртике чыда, эжеке! Мен чоңоёмун, акча таап багам! – дейт иниси.

– Сен чоңойгончо төөнүн куйругу жерге тиет. Ага дейре ачкадан өлөбүзбү? – дейт эжеси.

Жетимдер ары ойлоп, бери ойлоп атасы барда көнүп калган адаты менен элден обочо жашайлы дешет. Эжекеси бээ саап, иниси кулун салып кымыз жасашат. Тоодон бирде ышкын, бирде карагат менен бүлдүркөн терип, саздан кемирчек казып жеп күн көрүшөт.

Бир жолу эжекеси кечинде инисине кеп салат:

– Чоң Алайдын кыздары күч күйөө таап албайсыңбы дешет. Буга кандай дейсиң?

– Ал деле жезде да? Абдан жакшы! – дейт иниси.

– Эртең мобул тоонун башына чык. Өрөөндү тең жарып өткөн чоң жолду көрөсүң. Ошол жолдон өткөн жолоочудан сурамжыла. Эжекеңе күч күйөө болчу бирөө бар бекен? Бар болсо тап! – дейт эжекеси.

Тоонун башына чыгып, иниси жол карайт. Эки Алайдын кайсынысынан караан көрүнгөндө утурлай жүгүрүп, жолоочу чукул келгенде эжекеме күч күйөө болчу киши барбы деп сурамжылай берет.

Дагы бир жолу эжекеси келип инисинен акыл сурайт:

– Кичи Алайдын кыздары күч күйөө таап албайсыңбы дешет. Буга сен не дейсиң?

– Жакшы болмок… – дейт иниси.

Эртеси артын караса Кичи Алай, астын караса Чоң Алай көрүнчү тектирге чыгып иниси жол карайт. Ары-бери өткөндөрдөн:

– Эй, кадырман, араңарда мага жезде, эжекеме күйөө болор киши барбы? – деп сурайт.

Күндөрдүн бир күнүндө бир жигит атынын оозун тарта калат:

– Сага жезде болчу мен, эжекеңе ээрчитип бар! – дейт.

Минген аты семиз, кийгени адеми, муруту чертилген кай жагынан келишкен жигит.

– Конок таап келдиңби! – деп эжекеси кубанат.

– Шул күндөн баштап бул жигит сага күйөө, мага жезде болот, – дейт кубанычы койнуна батпаган иниси.

– Мындан ары эч нерседен кем, эч кимден кор болбойсуңар. – дейт жигит.

Жигит өзү айткандай карамдуу киши болот.

– Жыгач чөйчөгүңү алтын аякка алмаштырам, – дейт жигит кыз менен сырдашкан сайын. – Кийгениң шайы, ичкениң бал менен май болот.

Бир жолу баланын түшүнө ак канаттуу ат минген жездеси кирет. Эжекесин учкаштырып алып асманга шарт учуп жөнөйт. «Эжеке! Эжеке, мени таштаба!» – деп чыркыраса кылчайып карап коюшпай кырды ашып кетип калышат. Чочуп ойгонгон эжесине түшүн айтып берет:

– Антпейт-этпейт, – деп эжекеси жооткотот.

Бир жолу иниси бээни кечки саамга айдап келгени кетет. Келсе жездеси астынан чыкпайт. Көнөгүн билегине илип желенин жанында турчу эжекеси да жок. Үйдүн жанына келип:

– Эжеке, бээ саа! – деп чакырат.

Жооп укпайт. Кайра да: «Эжеке, бээ саа!» – деп чакырат. Иниси түшү туш келгенин билип: «Эжеке, бээ саа!» – деп миң чыркырап үнү кудайга жетет.

Балага боору ооруган Кудай учуп эжесине жетсин деп инисинин далысына канат тагат. Эжекеси билсин деп тилин кыргызча чыгарат. Таң агарып атканда нокоттой кара көзү бар томуктай боз чымык эжесин издеп эки Алайдын ортосунан учуп чыгат. Тоо-таш, токой аралап учуп ошол күндөн ушул күн «Эжеке, бээ саалап!» сайрап калат.

АЙДАЙ СУЛУУ КАРАЧАЧ

Илгерки өткөн заманда Чеч-Төбө өрөөнүндө бир байдын токолу айдай аппак кыз бала төрөйт. Көз тийбесин деп байбиче Карачач деген ат койдурат. Карачач көркүнөн көз тайган жан болуп чоңоёт. Ким көрбөсүн кыздын илги акылын, учу жерде сүйрөлүп жүрчү эки кулач Чеч-Төбөнүн түнүндөй капкара чачын кеп салышат. Байбиче тогуз айылдан Карачачка тогуз курбу кызды кошо багат. Кыздар сейилге чыккан сайын:

– Сууга түшсөңөр Карачачтын башын жуубагыла, кырга чыксаңар чачын тарабагыла! – деп эскертет байбиче.

Бир жолу кыздар сууга түшүп, байбиченин кебин унутуп, баары башын жуушат. Карачачтын бир тал чачы агып кетет. Суу менен агып баратып чач тегирмендин парасына оролуп кыл буугандай бууп, төө жүк тегирменди токтотуп салат. Тегирменчи сууну жыгып, дөөтүнүн астына түшүп караса ташты айлантчу параны токтоткон бир тал чач болот. Укканды айран-азыр калтырган ал кабар канга жетет. Бир тал чачы эле тегирменди жүргүзбөй салса анын өзү кандай жан болду деп кан эртеден- кечке ойлонот. Акыры жигиттерин алдырып:

– Катындын чачы узун, акылы кыска деген, барып ал жанды алдыма алып келгиле! – дейт.

Кандын жигиттери суунун агымын кууп өрдөп олтуруп, Чеч-Төбөгө келишет. Карачач сулууну табышат. Кандан чабарман келгенге бай жетине албай, жигиттерди ызаат-ыраат менен тосот. Конокторго кымыз сунган тогуз кыздын кимиси алар издеп келген сулуу экенине көздөрү жетпейт. Ошондо жигиттердин башчысы:

– Байым, сыйга сый, сыр аякка бал деген. Бизди урматтап канга урмат көрсөттүңүз. А биздин жайды сурасаңыз кан тапшырмасы менен жүрөбүз. Аны аткаруу сиздин милдет, биздин милдет. Бир тал чачы тегирмен ташын бууп токтоткон кызыңызды кан сарайга алып барышыбыз керек! – дейт.

Бай маңдайында кыздарга карап:

– Карачачка айткылачы, келип өзү жооп берсин, – дейт.

Алтын тутка каалга жай ачылып, шол замат үйдүн ичи күн тийгендей жаркый түшөт. Кериле басып Карачач кирет. Анын жөө тумандай түгөнбөй созулган кара чачын кучакташкан тогуз кыз кошо кирет. Кандын чабармандары сулуунун сүрүнө баш ийип, тизе бүгүшөт.

– Кан алдына баруу-коюу милдети моюнумда болсун, – деп айтат Карачач. – Алды менен бийик даражалуу канга менден дубай саламымды айткыла. Алтымыш нарга жүктөлгөн дөөлөттү алдыма тартып келет экен ыраазы эмесмин. Мен андан көрө кысыр эмди он сегиз торпокту өйдө баалайм. Элүү атка карк жүктөлгөн алтын, күмүшкө да ыраазы эмесмин. Андан көрө жыйырма борук өйдө. Көңүл чиркиниң ошондо чалкыр. Кырк топозго жүктөлгөн байлык да өзүндө калсын, мага отуз аркар жетиштүү! Кан менин дубай саламымды кабылдаса анан баруу- коюу менин милдетим болот.

Карачачтын табышмактуу дубай саламы кандын оюн онго бөлөт. Элиндеги мен акылман дегендин баарын чакыртып, алардын көзүнчө Карачачтын саламын айттырып, артынан өзүнүн буйругун кошо айтып:

– Сулуу сураган малды алдына салып берип, өзүн сарайыма алып келсин! Ыя?! – дейт.

– Шашылба, каным! – деп сакалы аппак акылман кепти алат.– Сулуу сизден жандырмак сурап атыр. Алды менен ошого кулак салыңыз.

Кан сарайга келгендер дым боло түшөт.

– Алтымыш нарга жүктөгөн дөөлөткө караганда кысыр эмди он сегиз торпок өйдө деши, каным, сиздин курак алтымышта экен анда сизге караганда он сегиз жаштагы ала көөдөн улан жакшы деши. Элүү атка сылай жүктөлгөн алтын, күмүш да мага кунарсыз деши: эркек элүүгө киргенде мамыга байлаган ат. Аны эч кандай байлык же мансап жашарта албайт деши. Анда чалагайым болсо да жыйырмадагы жигит менен жашоо өйдө деши. Кыркка кирген менен сүйлөшкүсү келбейт, отузга караган эркек болсоңуз анда ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп макул болормун деши.

Кан үн катпайт. Курагы алтымыштан ашкан аны баары билет. Акыры такыр унчукпай да коё албай:

– Сулуу акылы менен анда калсын, биз байлыгыбыз менен мында калалы! Бирак шул күндөн тарта Чеч-Төбөдө эл менен алыш-бериш алакага тыюу салынат! Кандын нанын кесир кылат экен – өз арбайын өзү согуп, журтта калган иттей жеке күн көрүшсүн! – дейт кан.

Кандын буйругун аткарбаган жан болбос. Эл ошондон тарта сулуу Карачач жашаган өрөөнгө каттабачу болот. Күн артынан күн, ай артынан ай өтөт. Кандын санаасынан айдай сулуу Карачач кетпей коёт. Акыры жашырын барып кызды бир көрүп кайтмак болот. Жанына увазирин алып сапарга аттанат.

Карачач кырга чыгып ээн калган талааны көрүп, каңырыгы түтөйт. Аны коштоп жүрчү тогуз кыз Карачачты кучактап кошо ыйлайт. Аңгыча адырдан соккон шамал куюндай айланып кыздардын үстүн жайпап өтөт. Карачачтын бир тал чачын учура кетет. Будуң чаңы асманга жетип, куюн бат эле омолонуп-томолонуп жолунан кой чыкса койду, уй чыкса уйду, боз үйдү, баарын алып учуп алай-дүлөй салып жөнөйт. Канды увазири менен бирге учуруп, ийик ийиргендей чимирик аттырып асманга алып чыгып жерге урат.  Эсине келип аягына турайын десе тура албайт. Куюн бир тал чач менен канды увазири экөөн аркалаштыра таңып кетет. Ордунан тура алышпайт. Күн батып, таң атат. Ошондо ай-талааны аралай бастырган жалгыз атчан көрүнөт. Бозгундап жүргөн жигит экенин көрүп кан озуна:

– Атың ким, баатыр? – дейт.

– Самат! – деп жооп берет жигит.

–  Кайдан чыгып, кай тарапка жол алдың?

– Киндик каным тамган жер касиеттүү кең Чаткал! Барар жолумду ат билет. Жалгыздап жер кыдырган жолоочумун. Сиздер ким болосуздар?

– Мен сенин каныңмын? Аркамда байланган увазирим.

– Каным эмессиз! – деп жигит ататтырбайт.

Кан асыл ташка мөөрү чөгөрүлгөн алтын шакегин сунат:

– Ме! Карма! – дейт.

Самат мөөрдү тааный коюп:

– Каным, айыбым мойнумда! – деп атынан ыргып түшөт.

– Шакек наркы казынамда байлыктын жарымына тең. Аны ал да бизди бул балээден куткар!

Самат канды увазири менен тордон бошотуп коюп аттанып жолуна түшөт. Кандын дагы бир шакеги аты жогунда эле көөнү ток ал да увазири менен аттанып жолун улайт.

Бай жетине бербей канга эшикти өзү ачып, конок алат. Көп өтпөй жолбундап келаткан Самат жигит да келип түшкөндө аны башка өргөөгө киргизет. Жолдон кезиккен жигит да келгенин көргөндө кандын ичи тарыйт. Аты жогундагы шакегин чыгарып, увазирине кайрылат:

– Муну сулуунун колуна сал. Карачач менин бүт байлыгымдан артык! Ага ушинтип айт! – дейт кан.

Бет ачаар каадасы келип канды жаңы өргөөгө киргизет. Ал жерде жалгыз олтурган Саматты көрүп кандын ичи ого бетер тарыйт. Алтын тутка каалга калдайып ачылып ай десе ай, күн десе күнгө теңегис Карачач маалкый басып ичке кирет. Сулуу артынан тогуз кучак кара чач көтөрүшкөн тогуз кыз удаа киришет. Кан ордунан ыргып туруп, калдактап барып Карачачтын маңдайына чөгөлөйт. Увазири кошо жүгүрүп кандын артына ал да чөк түшөт. Айдай сулуу Карачач былк этпей төрдө олтурган жигитке карап:

– Арбаңыз, каным! – деп кол сунат. – Мына аманат кылган шакегиңиз. Аны өзүңүзгө кайтардым. Мен ансыз сизге жар болууга макулмун.

– Жок, мен эмес, – деп Самат кыз алдында чөгөлөгөндөр тарапка ээк шилтейт. – Кан маңдайыңызда.

– Боору менен жылган канат байласа да уча албайт! – дейт Карачач. – Менин алдыма чөгөлөчү киши сиздин кулуңуз эмеспи!

Кан чалкасынан кетип, шырдактын үстүндө саамга чабалактап атып мүрт кетип өлөт.

Ошентип, бозгундап жүрүп Самат жубайлуу болуп кайра Чаткалга кетүүнү ойлойт. Айылына чабарман жиберип тууган- уруктарына кабар айттырып, тойго камынышат.

Айдай сулуу Карачач гана эмес кан байлыгын бүт ээлеп, марыйт. Кандын эки мөөрү тең анын колуна тийгендиктен эл аны кан көтөрөт. Саматтын асмандан издегени жерден табылып, жыргалдуу турмушта жашап калат. Самат колуктусунун көркүнө көзү тойбой, уктап атса да капталында Карачачтын ажарына суктанып карап олтуруп таңды атырат. Чанып кетпесин деп ичи тарып бир жолу шуушаң кайчы менен колуктусунун олоң чачын кесип салат. Айдай сулуу Карачачтын мурдагы олоң чачы баштагысындай жөө тумандай убай-чубай өспөй калат.

МҮНҮШКӨР МЕНЕН КЕРБЕНЧИ

Илгери бир заманда Адат деген мүнүшкөр болот. Жибек жолдун боюнда жашаптыр. Төрдө олтуруп бир жолу жол менен өтүп бараткан кербенди көрөт. Эсине «кербенчини ээрчиген ит өлөт?» деген лакап келет, ошого карабай Адат атын токуп, туйгунун колуна кондуруп жолоочу болуп кошо жөнөйт. Сураштыра келсе бай тоюна чакырылган коноктор. Турпандан жол алып барар жери Сары Өзөн Чүй. Кандын тоюна деп кырк нарга сылай жүктөлгөн белек алып баратышкан экен. Жолдо улам бири кеп салып калат. Товарларына үйрүлүп түшүп күнү-түнү көздүн карегиндей сактап бек кайтарышат.

– Бээжиндин жибеги. Баткак жолго же чаң жолго төшө! Үстүнөн бир короо кой айда. Анан шар аккан сууга чайка. Болду. Жибек баягысындай кулпунуп калат. Тойго алып бараткан жибегим канга жагат! – дейт кербен башчы.

– Кандын байлыгы жерге баткыз, ошентсе да мен алып бараткан жамбылар анда аз! Кандын кадырман коногу мен болом! – дейт дагы бири.

Кербенчилер кылчайып жолоочуга карашат. Адат унчукпайт. Мээлейинде олтурган куштун жонун сылап, канат учун кайчылаштырып, куйругун оңдогулап лам дебейт.

– Сен, тууган чакырылбаган конок экенсиң, – деп кербен башчы ага кайрылат. – Кан тоюна алып бараткан баалуу белегиң кайсы?

– Кан тоюна жолбун коноктон өткөн кадырлуу белек жоктур, – дейт Адат.

– Кадырың анда бизге да тиет турбайбы? Ошон үчүн сени ээрчитип алган турбайбызбы? – деп келекелейт.

Мүнүшкөрдүн кебине шагы сынган кербенчилер аны жолго таштап кетүүнүн амалын издейт. Кеч киргенде өргүү алган жери капка тоонун асты, кашка суунун бою болот. Төөлөр чидерленип, тистенип отко коюлат, аттар аркандалат. Чатыр тигип, таш калактарга от жагып тамак бышырып түн камын жешет. Кербенчилерден бир атым арыда мүнүшкөр камчысына туйгунун кондуруп, атын отко коёт. Тердигин жерге салып, ээрин башына жазданып, чепкенди айкарасынан жамынып уктап кетет.

Мүнүшкөрдүн уйкуга киргенин көргөндө кербенчилер жабыла кармап анын атын союп, ич этинен казанга салып калган этин зоо коюнуна ыргытып, камчы сапта олтурган туйгундун боосун чечип асманга учуруп ийишет. Эт бышканда жеп алып, кербенчилер түнката жолун улашат.

Таң куланөөк салганда ойгонуп, Адат атын, аты тургай туйгунун таппай калат. Ээрин аркасына көтөрүп алып, аты менен кушун издеп жөнөйт. Чукулку тоонун башына чыгып караса, капталда зоонун үстүндө жору айланат. Акмалап барса, зоонун киши түшө алгыс тегинде кызылала болуп союлган аты жатат.

Мүнүшкөр катуу кейиште калат. Кушунун качышын жаман жышаан көрүп зээни кейийт. Бийик зоонун кырына чыгат. Жанын кыйгысы келет. Тоодон ылдый кулоого эки адым калганда көктөн шаңшыган туйгунунун үнүн угат! Көзүн ача салып асманды караса куушурулуп түшүп келаткан туйгунун көрөт. Мүнүшкөр аска четиндеги таманын тартып алып кушуна удул мээлейин тосот. Туйгуну лып этип келип колуна конот.

Адат белин бекем бууп, кайратына кайра келип жолун улайт. Азбы-көппү жол арытып, Сары Өзөн Чүй өрөөнүнө келет. Кан уулунун үйлөнүү тою кызуу жүрүп аткан учур болот.

Ырчылар казганактаган элдин улам бир этегине чапкылап ырга айланта жар салып, тойдун шаан-шөкөтү тойго келген коноктор кулагын жапырт түргүзгөн кез болот. Куш салуу башталат. Аты жок жөө келаткан Адат, кыйырдан чыга берип, жабалактап учкан көп кушту карай туйгунун шилтеп калат. Эл тараптан коё берилген бир үйүр түлкү кылактап, талаа үстүнөн тамтык жер койбой туш-тарапка качып чыгышат. Адырдан коё берилген Адаттын туйгуну «чу» дегенде эле кылактап качкан түлкүгө жетип, тумшугун кайырып келип куйругун астына катып Адат келгиче кыймылдатпай мыкчып турат.

Тоодактарга куш салуу жарыяланат. Шумкар ал жолу да авада кезинде эки тоодакты тээп түшүрүп, кайра келип Адаттын колуна конот. Уларга куш салганда да шумкар Адатка олжо алып берет.

Салбуурун өнөрчүлөрү деми суугуча оюн уланат. Ал байыды болгондо, кандын жигиттери Адатты сый-урмат менен кандын үстүнө баштап барат. Элден мурда кандын алтын дарбазалары каалгып ачылгыча, ошол жерге жетип келген кербенчилер Адатты таанып чуркашат. Үстүндө көйнөк-дамбал, жылаңайлак, жылаңбаш, жалдырашып:

– Түндө каракчылар бизди тоноп кетишти! Балаңдан айланайын жолоочум, кыйла жолду чогуу карыттык эле. Бир ооз биздин өтүнүчтү улуу даражалуу канга айта бар. Биз чакырылган конок элек, а бул жерде белегиңер жок селсаяксыңар деп кан сарайына киргизбей атат, – деп какшап ыйлап Адаттын бутун кучакташат.

Мүнүшкөр ээрин аркасына көтөрүп, кушун төбөсүнө кондуруп баратканда алдынан кан чагат.

– Мүнүшкөрүм! Атың жок окшойт ээриңди көтөрүп алыпсың, бул ырас! Бирок туур көрүп кушуң башыңа конуп алыптыр, бу кандай? – дейт кан.

– Ат сураса ким болбосун берет, ээрди эч ким бербес. Ошон үчүн атымдан ажыраганыма кайыл, ээримди көтөрүп келатам. Кушту таптаган – миң, куштун дилин билген – бир. Туйгун менден ажырагысы келбей башыма конуп алганы шондон, – деп жооп берет Адат.

Мүнүшкөр жолдо башынан өткөндү айтат. Кан аны моюп угат да байгеге сайылган мал, мүлккө кошуп өз байлыгынан дагы бир мөрөй берет. Адат той байыгыча конок болуп кет деген кандын сөзүнө көнбөйт. Эртеси кайра жолго чыгат.

Адат алдына сандаган мал айдап алтын дарбазадан чыкканда, ал жерде дагы эле турушкан кербенчилер жабыла чуркап тосуп алышат.

– Шыралга, баатыр, шыралга! – деп баары тегиз сүйүнүшөт.

Мүнүшкөр аңчы салтын таштай албай, кан берген бир мөрөй мал менен мүлктү кербенчилерге сөгүп берип, жолун улайт.

МОМУЯ

Илгери-илгери кең Таласты байырлаган, көптүгүнөн малынын санын албаган ордолуу бай өтөт. Карылыкка моюн сунуп калган кезде кичи токолу уул төрөп берет. Бай улуу каада менен элине жентек жегизет. Акылы тунук алты чал ары талашып, бери талашып баланын атын Момуя коёт.

Момуя тестиер болгон кезинде катыгып адам болсун деп бай аны койчусуна кошуп берет. Ай артынан ай, жыл артынан жыл өтөт. Момуяга зээн эрте кирет. Бир жолу койчусу байынын алдына келип:

– Момуянын суроосуна кээде эмне дээримди билбей, абдырачу болдум, – дейт.

Бай малын чачып баласына арнап сарай салдырат. Бөлөк элден мугалим алдырат. Окуткула деп тапшырма берет. Момуя тамга таануу менен табыят таануу сабактарын илинтпей өздөштүрөт. Арифметика менен латын тилин бирдей оңой үйрөнөт. Мугалимдер кайсы сабак болбосун Момуянын оңой өздөштүрүп кетишине айран-азыр калышат. Бир күнү мугалимдери чогуу отурганда:

– Агайлар, эжелер! – дейт Момуя. – Мындан ары силерге менин керегим жок.

– Түшүнбөдүк. Бул не дегениң? – деп сурашса.

– Окугум келбейт! – дейт Момуя. – Силер айткан акыл китепте жазылуу экен. Аны жалгыз өздөштүргүм келет!

Бай эки тарап бетме-бет олтурганда алардын талашын угуп уулунун кебин жактырат. Мугалимдерге бапырата акы төлөп, аттантып иет.

Жайылган койдун четинде жатып Момуя табыят табышмагын китепте акылдуу сөздөргө салыштырат. Алардын шайкеш жерлерин таап өлбөстүн дарысын жасоону самайт.

Момуя тогуз чөптү сегиз жолу бирин кошпой жанаякка салып бариктүү чөптүн тамырын тилип сүтүн агызып талкандай маштайт. Четинен үзүп корголдой тоголоктойт. Ар бир жолу корголду авага ыргытуу менен дары даяр же даяр эместигин билет. Биринчи же тогузунчу жолу асманга ыргыткан корголду кайдан-жайдан пайда болгон канаттуу куш жерге тийгизбей илип алып жейт. Дайыны билингенде ал чөптөрдөн таколдук чогултат. Ара-чолодо дары ийлейт. Момуянын жанына куйругун шыйпаңдатып дөбөт келет. Мекиренген эчки келет. Сунган корголду бири-биринен талашып жеп турушат. Артынан Момуянын колун жалашат!

Бир күнү талмасы кармап койчусу чалкасынан кетип, оозунан көбүк агып, калтырап-титиреп жатып калат. Момуя калтасында дарынын бир корголун оозуна салса койчусу биртикеден кийин: «Өх!» – деп ордунан туруп басып кетет. Ошондон тарта таластык дарыгер атагы алыска кетип, Момуя атты уккандардын кулагы сүйүнөт. Айыгууну самаган кимде-ким: «Касиеттүү кең Талас кайдасың» – деп убай-чубай эл келчү болот.

Бай анда малын чачып пул кылып, доктур гана эмес эмчи-домчу кабылдачу көрктүүлүгү көз жоосун алган кең сарай салдырат. Калың кара той берип, өзү эл алдына чыгат:

– О, кагылайын калайык кебимди ук! Ушул мүнөт, ушул күндөн тарта ордумду мураскорума бердим! Азыр ушуга күбө болуп атасыңар! Мени кандай сыйлап келсеңер уулумду ошондой сыйлап алгыла! Кана эмесе, – деп кол жая, бата тилейт.

Туш тарап дүркүрөтө алакан жайып, эл бата берет.

Тойду каадалуу бай аптадан аптага созо бердирет. Жамы журт улам күргүчтөп келип, ал учур коноктун аягы үзүлбөйт. Күлүк чабылып, такыя сайып, төө чечмей өткөрүлө эл чардайт. Зээни кейиген жалгыз Момуя болот.

– Атаке, мени чоонук болсун деп сыртта бактырдың. «Билимдүүнүн билими жугат, билимсиздин ириңи жугат» – деп билимге карк кылдың! Эми төрт дубал ичинде кармайын дедиңби. А мен тоого кайтып кетким келет. Ээн жердин бөрүсү болуп сан гүлдөр арасында жашап көнүп калыпмын. Ал жакта кайсы бир саат, кайсы бир мүнөттө кубаты жетилип анан куурай турган чөптөр өсөт. Аны өз убагында алып калбасам каалаган дарыны жасай албайм.

Бай ары карап күлүп, бери карап ыйлап туруп:

– Балам, сен муну айткан жоксуң, мен аны уккан жокмун! – дейт.

Момуя атасынын ордосунда калат. Дарычылыгы күчтүү чөптөр бышкан күнү малайларын чогултуп, Момуя аларга кайсы жерде өсчү кандай чөптү кантип теришти үйрөтөт. Малайлар чөп тамырын күн тууй электе суур десе, алар чөптү качан тапкан учурда сууруп, шүүдүрүм саай кел десе арыкта суудан чөмүрө келип убаданы буза беришет. Момуя коргол жасап итине сунса жыттабай, малдын озуна салса бири да жебейт.

Күндөрдүн бир күнүндө бай ооруп төшөктө жатып калат. Тили сүйлөгөнү менен денесин кыймылдабаган шал ооруга чалдыгат. Ошондо Момуяны алдына чакыртып алып:

– Байлыгым болсо баары болот дечү элем. Жалган экен. Өзүңдү өзүмдөй мансап күтсө дечү элем. Бу да жалган чыкты! Эңсеген тоолоруңа кайтып бар. Атаңын дартына дабаа тап, – дейт.

Атакесин төшүнөн кыса-кыса кучактап, көзүнүн жашын сыгып салып, Момуя тышка чыгат. Мамыда байлануу ала айгырды минип жайлоонун төрүн карай учкан куштай зымырап жөнөйт. Койчусуна атынан түшүп берип, куржунун моюнуна артып, жөө басат. Коён токой бадалды аралап тоо таяна бергенге чейин койчусу Момуяны ээрчий карап узатат.

Момуя тоого чыгып баратып аруу чөптөр кулактарын үзө басып, ар кошмосу менен аралаш ийлеп, дарылыгы жеткенде аткулактын жалбырагына ороп, артынан келген малайынан үйүнө жиберет. Момуя ал дары атасынын оорусуна утурумдук дабаа экенин билет. Атасынын дартына даба болор ак гүл аччу чөп куураган кез эле. Тоо башына чукул, бийикте өсүп кеч жетилчүсүн табыш үчүн өйдөлөп чыга баштайт. Мөңгүнүн этеги тийип турган жалама зоого келип асканын ташын жарып өскөн бариктүү чөптү жолуктурат. Асманда жылдыз тегиз чыкканча ал жерде олтурат. Ай жарыгы көк гүл кантип ачылганын көргөзүп турат. Көк гүлдүн мөөнөтү жетип бышканын билет. Сүйүнүп гүлдүн бээ эмчектей жалгыз тамырын сууруп тазалап дары ийлеп кирет. Көзүнөн тамган жаш жанаякта дарыны нымдап турат. Бир кезде кантип уктап кеткенин билбей жыгылат. Капилеттен барк эткен ач кыйкырык Момуяны уйкудан ойготот. Күн тууп, шүүдүрүм тоборсуган кез болот. Текти караса: кол сунса жетчүдөй чукул. Ат үстүндө соройгон малай кумурскадай кыбырап көзгө араң илээшет. Бирок үнү Момуянын кулагына кебелбей жетип турат. Момуя түнү бою ийлеп даярдап койгон муштумдай дарысын ышкындын жалбырагына ороп, төмөндү карай ыргытат. Дары малайдын колуна тийгенде:

– Атам кантип калды? – деп сурайт.

– Кечээ жакшы болуп калган. Таңга жуук тилден калды, – дейт малайы.

Момуя калтасынан коргол алып, төлгө болсун деп абага ыргытат. Кызыл тумшук чөкө таан пайда болуп, дарыны илип кетет. Бирок бул дары да атасынын дартына даба болбосун билет. Саамга өксөп ыйлап алып мындан да күчтүү дары жасамак болот. Ага жарачу бир гана чөп калган. Ал тескейдеги күн тийбес жайда өсөт. Кызыл гүлү кеч ачылчу жапан чөп. Андан уу сымал дары жасалат. Ичкендин жүлүн оорусу айыгат. Момуя ак мөңгүлүү тоонун күнгөйүнөн тескейине өтөт. Издеп барган чөптүн гүлү күбүлүп башы богок алып чанагын урук тээп турганын көрөт. Момуя андан башка дары чөп бардыр ниети менен мүлдө тик чокуну карай таш бооруна жармашып төрт аяктап чыга баштайт…

Ордолуу бай көз жуумп эли жетим калат. Момуяны иликтеген киши болбойт.

БАКЫТ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Илгери-илгери Гүл аттуу кыз, Камчы аттуу жигит жашаптыр. Алар баш кошкондо эне-аталары дүр-дүнүйө мол берип, жайлоосуна ак өргөө, кыштымына ак сарай салдырып беришет. Жер жайнаган мал, малын караар малайларын кошо берет. Кыз-күйөө карыны ток, кайгысы жок малын чачып, байлыгын тепсеп куунап өмүр сүрөт. Жыл артынан жыл өтүп, жыргалдын ырын ырдашат. Бир күнү карашса малы саналуу, дүнүйөсү чамалуу болуп калат. Дагы бир жолу карашса короосу ээн, ак сарайын алды-артын чөп басып, ак өргөөсү кызыл уук кыңкайып калган экен. Аны кармаган малайынын бири жок. Үйдү чечип кайра тигели деп эрди-катын алабакан талашып, чамгарак көтөрүлбөй, чырлашып экөө бири-бирине далысын салып уктап калышат.

Камчы жүүнү бош, Гүл зээни жок чыкканын көрүп эне-ата, тууган-уруктары тетири карап кетет. Ичи күйгөн эрди-катын башка жакка көчүп кетишет.

Жыл артынан жыл өтсө да Гүлдүн согончогу канабайт. Бала асырап алалы деп үймө-үй кыдырып балаңарды бергиле – деп жалынып жалбарышат. Баласын эч ким бербейт. Бир күнү туубас катын мазар тоонун башына түнөсө бала көрөт деген ушак-айың угушат. Экөө түн жамынып касиеттүү тоонун кырына чыгышат. Ай жаркырап тийип, асманда жылдыз жайнаган кезде Гүл чөгөлөп олтуруп эрин да жеңден тартып чөк түшүрүп, тунжураша, бир кереметтин болуп кетишин күтүп калышат. Эч жышаан болбогондо:

– Кел, Теңирден бала сурайлы! Зардуу үнүбүз жараткандын кулагына жетсин! – дейт Гүл.

– Мен сыйынып көргөн эмесмин! – дейт Камчы.

– Мен эмне айтсам артымдан кайталай бер. Мынамындай де! Кагылайын Теңирим! Суранчымды кабылда! Каралдың алдыңа келди. Какшаган кайгы-муңун ук! Жүрөгүндө ашып-ташып батпаган дартын ук! Өзүңүн алдыңа чөгөлөп туруп тилээрибиз – бирөө! Кимди көрбөйлү артында калар туягы бар. Биз гана эки баш тиктешип жалгыз жашайбыз! Бирөөлөргө он, бирөөлөргө беш бала берет экенсиң, бизге бир эле бала берчи! Кагылайын Теңирим биздин жалынып жалбаруубузду ук! Бизди зарланткан тилек шул, аны орундат!

Гүл оозунан чыккан сөздү Камчы жазбай кайталап турат. Жубайлар өйдө болуп тизесин күбүп бүтө электе кырды бойлоп келаткан боз уланды көрүшөт. Жакын келип учураша кетет:

– Силер бала эңсеп мазар тоого чыктыңар, мен тумалак жетим эне-ата издеп бул жерде жүрөм. Мени асырап алгыла, бала болоюн, – дейт.

Камчы менен Гүл баа деп бакырып, Теңирине муң-зары жеткенин көрүп баланы кучактап алып ыйлашат.

– Атың ким? – дейт Камчы.

– Таалай, – деп жооп берет боз улан.

Эрди катын тоодон түшүп, балалуу болушканын эч кимге айтпайт. Көндүм турмуш селкинчегинде термелип кайрадан жыргап башташат. Бир жолу Камчы адаттагысындай түшкө жуук ойгонуп, караса төбөсү бийик ак сарайдын төрүндө калың жууркан жамынып уктап жатат. Камчынын көңүлү жайланып, кең сарайдын жасалгасын сыдыра карап рахатка батат. Кыйлага эрмектеп жатып кайра кантип көзү илинип кеткенин билбейт.

Жанына басып келген доошту угуп Камчы көзүн ачса Гүл! Кийгени кымкап шайыдан, жака жеңине ак седеп тагылган, белинде алтын жаткырылган туну боо. Баягы бүжүрөгөн Гүл жок, каада күткөн нарктуу жан.

– Бакытты бизге да буюрган экен таап келди! Мындан ары куурабайбыз! Балалуу болот деген шул экен го, чиркин! – дейт Камчы.

Таалай эне-атасынын көңүлү өскөнүн көрүп сүйүнөт. Камчынын тез байып кеткенин көргөн кошуна-колоңдору гана ичинен тынып, көз артчу болот.

Бир жолу тамак ичилип болгондон кийин Камчы асырап алган баласына:

– Айлап, күндөп көрүнбөйсүң, эне-атаңа карабачу болдуң, – деп насаат айтат.

Таалай үн дебестен ордунан туруп эшикке чыгып кетет.

– Баланы чакыргылачы. Кайда жүрөт, мен жоголбо десем, жоголгону кандай? – деп Камчы бир жолу малайларына буюрат.

– Аны Теңирим бизге бала болсун деп жибергенден бери көрө элекмин! Бизди такыр унутту! Эч жакка барбай, алдыбызга кызмат кылсын! – деп Гүл бери жактан кошулат.

Малайлары Таалайды иштеп аткан ишин таштатып, алып келет. Ата-энеси албан төш, сүрүнөн көз тайган, сомодой жигитти көрүшөт. Кийген кийими кул кийчү таар кемсел, куур шым болот.

– Биз жыргалдуу турмушта жашап баштадык. Сени кудай бизди алпечтесин деп жолубузга туш кылды. Сен эмнеге бизди унутуп салдың! – дейт апасы.

– Айланайын атаке, кагылайын апаке! Мен эртеден-кечке силердин камыңарды жеп жүрөмүн. Көрүнбөгөнүмдүн себеби, качан келбейин, силер уктап жатасыңар. Учураша албай калдым деп ыңырылып ишке кетем, – деп какшап иет Таалай.

– Баланы ошон үчүн тилегенбиз. Эне-атаңдын камын сен жебегенде ким жейт? – дейт Гүл.

– Апаке, сага эмне жетишпейт?

Гүл дароо жооп берет:

– Кошунаман өйдө жашасам дейм, балам! Ага качан жетем?

– Атаке, сен эмине демекчисиң?

– Бел тутканыбыз жалгыз өзүң. Иш кылгандан тажаба! Сени таап алганда кудайдын кулагы сүйүнсүн деп, катуу кубандык эле, ишенимди акта! – дейт Камчы.

Таалай бул жолу да сөз айтпастан үйдөн чыгып кетет.

Күндөрдүн бир күнүндө Камчы адатынча шашкеге дейре төшөгүндө оонап жатып ойгонот. Демейде кирип-чыгып жаны тынбай иш кылуучу малайлары көрүнбөйт. Үйдүн ичи кулак кескендей тымтырс. Гүлдү капталга түртүп ойготуп, таап келчи – деп эшикке жиберет. Ашканага башбакса ашмачылары жок. Үйгө кирип эрине даттанат. Камчы туруп эшикке чыкса дарбаза ачылуу калган. Алыстан келген кербен төөлөрү чөгөрүлүү турат, белинде таңгак жүктөр түшүрүлө элек… Таалайды издеп, эч жактан таппайт.

Гүл менен Камчы жылуу төшөккө жеткенде Таалай келип баарын тейлейт деп уктап кетишет. Түн кирет, таң атат. Күн батып кайра да таң атат. Уйкудан тажашкан эрди-катын терезеге келип тышты караса короонун ичи уй жалагандай таптаза. Сан жеткиз малынан чычкак улак, чети оюлбаган байлыгынан чыт жоолук калбайт. Жакырчылык кайрадан Камчы менен Гүлдүн башына түшөт. Алар ошондо да кербендей чубалып түгөнбөгөн кембагалдык эмнеден экенин түшүнүшпөйт.

ИСКЕНДЕР ЖАНА АСАНКАЙГЫ

Бул окуя илгери-илгери, кадимки эле Асанкайгы жашаган заманда болгон дешет. Асанкайгы жерде кыбыр эткендин баарына боору ооруп, аларды канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, коргоп туруучу адам болот.

– Байкуштарым-ай! Кыйбай турам! Алардын камын же деп кудай менин акылыма салып атпайбы! Бу, жан-жаныбар, курт-кумурска, бөйөн-чаян макулук тарткан азап адамдыкынан кем эмес! – дейт.

Жолунан жаман абалда калган макулук кабылды дегиче Асанкайгы аны ал абалдан куткармайын кетпейт. Токойдо кумурска чөмөлөсү күйүп атса үстүндө чепкенин сыйрып өрттү өчүрүп кирет. Көлчүккө түшүп калган ылааны көрсө аны көлчүктөн алып чыгып күнөстүү жерге бапестеп жаткырып жанында турат. Ылаа канаты кургап учуп кеткенге дейре ал жерде тура берет.

Күндөрдүн бир күнүндө кыргыз жерин Арстанбап өрөөнү тараптан Искендердин колу басып кирет.

Кыргыз каны шашылыш акылмандарын чакыртып: ары кеңешип, бери кеңешип Искендердин жортуулун кантип токтотуунун амалын издейт. Акылмандары кымбат баалуу дүр-дүнүйө тартуулоодон бөлөк жол жок дешет. Кан элине салык салып сокудай күмүш, сокбилектей алтын жыйнатат, ага кошуп жер жайнаган мал топтотот. Аны Искендерге тапшырып, жөн гана кайра бастыра бербей, улуу жол башчынын көңүлүн таап, оң жооп алып келчү киши издешет.

– Даяр тартууну баскынчы колуна тапшырып, кайра тирүү келер жан барбы? – деп кан элине жар салдырат.

Мен барайын деген бир да жан табылбайт. Кан жаны кашайганда:

– Жоо көрбөгөн жүүнү боштор! Кыргызда жатып өлгүчө атып өл деген, тартууга менин башым да кошулсун! Кербенди өзүм баштап барамын! Кайтпай калсам бирөөнү кан көтөрүп алгыла! – дейт.

– Ырайым кылыңыз, каным! – деп ошондо Асанкайгы кепти алат. – Искендерге мен барамын. Бирок… эгерим менин бир шертиме көнсөңүз гана…

– Шертиңди айт! – деп кан Асанкайгы кебине ынайт.

– Баскынчы биздин жерди пул менен малдан жутаганы үчүн басып кирген жок. Ага ким-кимибиздин жаныбыз баалуу. Ал биздин жаныбызды алыш үчүн келди! Ага сокудай алтын, сокбилектей күмүш эмес чымындай жан керек. Ошол чоң олжо. Алдаяр каным Искендер кылычынын мизине кетчү сиздикиндей жан менде да бар. Ошону алсын! Ага эл дөөлөтү эмес мен керт башымды тартуулап барайын. Ушул менин шертим!

Кан тегеректеп турган акылмандары менен бир пикирге келишкенден кийин, жай эскертет:

– Сенин жаның кыргызга керек, бир айла таап, алтын башыңды аман алып кел! – дейт кан.

– Мен айла-амал издегенден эч нерсе чыкпайт. Баары кудайдын буйругунан!

Асанкайгы колуна аса-муса алып тагдырына жазылган менен жүздөшүү үчүн адым коёт. Бообаш-Атанын сеңирдей белин ашып түшүп, бейиши жер токойлуу өрөөн Арстанбапка өтөт. Македондук кошуун өрөөндө өтөк, жайык, ачык жер калтырбай ээлеп чардап жаткан болот. Сен кимсиң? Кайдан келдиң деген киши болбойт. Кеч киргенге дейре Асанкайгы жоо аскерин аралап басып ээн-эркин жүрө берет. Топ аскер түнөк алган улуу жаңгак шагы астына ал да чепкенин айкарасынан жамынып, уйкуга кирет. Асанкайгы тырп этпей уктап кеткенде анын жолбун киши экенин көрүп жоо аскерлер карыянын чепкенин үстүнөн сыйрып алып, жаңгактын бийик бутагына илип салышат. Шондон соң да Асанкайгынын уйкусун буза алышпайт. Биртикеден кийин дыбыратып күн жаап, анын аягы катуулап барып көнөктөп куйган нөшөргө айланат. Канча жолу мындайды көргөн жоо аскери калканын жамынып, тынчып калышат. Асанкайгы жаткан жердин үстүндөгү шак жаан өткөрбөй, үстү кургак бойдон калып, мемиреп уктай берет.

Таң агарып атканда аскерлер туруп, машыгуу үчүн чогулушат. Тилмеч жалгыз уктап жаткан чоочун кишинин жанына келип:

– Алда кокуй-ай! – деп чалды кабыргадан ары тээп калат. – Эй, тур! Сен кайдагы немесиң?

Асанкайгы көзүн ачып маңдайда бутакта илинүү турган өзүнүн чепкенин көрөт. Анын астына тушташ алкынган ак боз айгыр минген улуу кол башчы турган болот. Искендер эртең мененки сыркаарга карабай ак көйнөкчөн! Демейде кийчү зоот чапкыты жок турду. Айбаты келбетине шайкеш, сүрү эч бир күч жеңип алгыс, куду жаналгычтай көрүнөт. Жанында кол башчысын тыгыз курчаган сакчылары жапырт соот чапкыт жарагы менен дагы бир сүр болуп, көк темиринен көз таят. Арыда аскерлери топ-тобу менен колуна кыны жок кылыч алып жол башчысы алдында машыгуу өткөрүп атышат.

– Улуу даражалуу Искендер! Маңдайыңда шакка илинүү турган чепкенди бери бердиртчи. Даракка чыкканды билбеймин, – дейт Асанкайгы.

Карыянын кебин тилмеч шак которот.

– Малайы жок туруп бирөөнү малайдай жумшаган бу ким? Жоготкула нары! – дейт Искендер.

– Ырайым эт, улуу даражалуу жол башчы! Мен кыргыз эли жиберген аманатты алдыңа тартуу кылып алып келдим, – дейт Асанкайгы.

– Элиңде кеп билген адам жок беле? Же одонолуу кеп айтып мени осол кылайын дедиңби? Ал үчүн башыңан айрыларыңды билесиңби!

– Улуу урматтуу Искендер, кишинин жанын алууга жер менен жөрмөлөгөн жөргөмүш деле жарайт… Оболтон элде баш кесмек бар, тил кесмек жок деген… Мен жакшы кабар – элимдин улуу өтүнүчүн алып келдим.

Жини катуу келген император:

– Башын алып салгыла! – деп кыйкырып иет.

– Улуу урматтуум, ачууңузду сурап калдык, кулак салыңыз, – деп жанында дайыма коштоп жүрчү төрөлөрдүн бири Искендерге кайрылат. – Тентип жүргөн селсаяк кеби сиз үчүн не болуп кетиптир? Алды менен бу селсаяктын текебер сүйлөшүнүн себебин билишсин.

Бирок император көнбөй:

– Күн туугуча башы алынсын! – деп мурдагы буйругун бекемдейт.

Сакчылар дароо Асанкайгыны курчап, ортого алышат. Ошол саат Искендер: «Ий!» – деп айкырып иет. Баары жабыла караганда император өз желкесин өзү тарс-турс койгулап, атынан ыргып түшөт. Коштоп жүргөн жоон топ атчандар Искендер артынан дабыр-дубур аттарынан түшүшөт. Чукул төрөлөрү Искендерди ортого алып:

– О, улуу алдаяр! – деп жабыла карап императордун желкесиндеги ийненин көзүндөй кара чекитти көрүшөт.

– Кол салуу жерден болдубу, асманданбы? Буйрук бериңиз, биз ким болбосун ташын талкан кылууга даярбыз! – деп сакчылары тизе бүгүшөт.

Ошондо өзүн бир макулук чагаарын орой абышка алдын- ала билгенин Искендер түшүнөт. Желкеси шишик тээп дулдуюп чыгат. Бүткөн бою калтырап, эски талмасы кармачудай көрүнөт.

– Тентиген чалды бери чакыргылачы. Менин денемди аралап, жүлүнүмө жеткен бул балакетти ал билген.

Тилмеч императордун сөзүн которуп, ээрчите басып, Асанкайгыга жерден өйдө боло албай, чөгөлөп калган императордун желкесин көргөзөт.

– Каракурт чагыптыр! – дейт Асанкайгы. – Бөйү уусуна кабылгандан көрө кылычтын мизине кабыл дейт… Кишинин жанын чай кайнамга жеткирбей алат!

– Дабаасын билет экенсиң айыктыр! – деп жаалап ийишет төрөлөр.

Асанкайгы олтура калып шишиктин ортосундагы кара чекиттен улам кан аралаш уу соруп жерге түкүрүп турат. Чай кайнамга жетпей Искендер эсин жыйып, өйдө болот. Асанкайгыны аскерлер кайра жаңгак дарактын жанына алып кетишет.

Күн тоонун башынан кылтайганда Искендердин тентиген абышканын башын алуу мөөнөтү келет. Аскерлер курчап Асанкайгыны четке чыгарып баратканда алардын астын торой баскан кол башчы:

– Абышка, сен мени бир ажалдан аман алып калдың, – деп кол сунат. – Сен ким болбо, каныңан кечтим! Элиңе кайтып барганда кол башчың менен жолукканда ал жиберген белеги арзырлык болду деп менден ыраазычылык билдир.

– Баары кудайдын буюрганынан! – дейт Асанкайгы.

– Мага айтчу кандай кебиң бар?

Асанкайгы үн катпаганда кепти Искендер өзү улайт:

– Мен жеринен акылман кишини урматтап келем. Сен менин сыйыма татырлык киши экенсиң! Мен эмне кылып сенин жакшылыгыңды актай алам?

– О, даңктуу атанын тукуму, улуу кол башчы Искендер! Менин сураганым, элимдин азаттыгын колуна бер! Кылычыңды кынына кат, артыңа кайт!

Искендер жаңы туулган күндү карап, Бообаш-Атанын чокусу тарапка көз жүгүртө тунжурай түшөт.

Асанкайгы артына кырк унаага сылай жүктөлгөн дүр-дүнүйө – Искендердин белеги менен аса-мусасын таянып жолго жөө чыгат. Айылына жете электе артынан Искендер аскерлери Арстанбаптан чыгып кетишти деген кабар жетет.

Кыргызда Асанкайгынын ким экенин билбеген жан жок, анын Арстанбапты кантип бошоткону туурасында билген аз.

КӨЗҮ АЧЫК ЖАНА УУРУ

Күндөрдүн бир күнүндө кандын казынасы чабылат. Кан акылмандарын чакыртат. Алыс жашагандары ат минип, жакындагылары жөө келет. Келгендер саны кыркка жеткенде кан алардын алдына чыгып:

– Казынам тонолду! Алы келишинче алып, жешинче жеп кетти, – деп тепсеп турган килемди камчысы менен сабап иет.

Кандын оң көзү делчү Черик жер карап туралбай:

– Каным, бушаймандыгыңызды тең бөлүшөм, бирок ууру кармоого жокмун, – дейт.

Кандын оң көзү болууну самап жүргөн Кыпчак кепти улайт:

– Улуу каным, сиздин шул оор кайгыңыз менин оор кайгым! Бул жолу мен да тээк боло албайт окшодум.

Үчүнчү болуп кепти Бугу алат:

– Биздин айылда Касым деген бир киши өзүн көзүм ачык деп мактайт. Ууруну тап деп ошого буйрук бериңиз. Табат экен – көзүнүн ачыктыгы анык болот, таппайт экен – көзүн тазалап салышка болот. Каркыттап алчусу жок итке минген томаяк.

Бугунун акылын туура тапкан кан жанына кырк уруудан кырк акылманды алып, демейде коштоп жүрчү аттуу-баштуу кишилери менен Касым турган айылга сый көргөзүп өзү келет. Ат жалында казан асышкандан соң, кандын кишилери Касымды ортого алат. Ошондо кан:

– Ниети кара шумпайды тап! – деп буйрук берет. – Эмне десең берейин. Аскер десең – мына! Курал десең – ана! Эмне дебе – баары болот.

Касым өзү келген ырыскыны туюп, анын шылтоосу менен алтымыш түтүн айылын бир тойгузуп алууну ойлойт. Кандын буйругун аткарсам жаным калат, аткарбасам жок дегенде атым калат – дейт.

– Мага борго байланган алтымыш борук керек, – деп кеп баштайт Касым. – Өзгөндүн кызыл күрүчүнөн алтымыш кап, кытайдын мамли чайынан шончо бачке, набаты да шонча кадак керек болот.

– Сени шаштырбайм, акыры, ууруну кармашың эсеп, – дейт кан.

– Хэ-хэ-хэ! – деп каткырат Касым. – Алты күн ичинде ууруну моюнуна курун салдырып алдыңызга чөгөлөтөм!

– Кандын казынасын чапкан жоо оңой эмес! – деп Кыпчак ыргып кетет. – Ооз кесир айтпай сүйлө.

– Э-э! Болуптур деген Касым моюбайт.

– Үйүңү кайтарчу аскер коём. Катылат экен башы алынат, – дейт кан.

– Хэ-хэ-хэ! – Касым бу жолу да каткырат. – Аскерди менин үйүм тургай Ысык-Көл жээгинен чыгарып кеткиле! Кара ниетти колго түшүрөлү десеңер аскердин караанын көргөзбөгүлө. Мага тетиги бийик чокуга жалгыз боз үй тиккиле. Ар түн сайын ошол үйгө барып түнөп турам.

– Мейли, башы баш, багалчагы кара таш! – деп кан атын моюнга салып, бастырып кетет.

Кан жигиттерине Касым айтканын аткарып бергиле деп буюрат.

Ошол эле күнү Ысык-Көлдүн күнгөйү менен тескейинен бир айыл калбай кан казынасына кол салган ууруну кармоону баланча айылдагы Касым деген кишиге буюрулуптур деген айың сөз тарайт. Ууру башчы каракчыларын алдына чакыртып, ал өз буйругун берип:

– Түн оой барып чал уйкуга киргенде боз үйүн өрттөп, күлүн көлгө чачып ийгиле! – дейт.

Көз байланганда Касым чокуга тигилген боз үйгө карап басат. Чалдан мурда келген үч каракчы боз үйдүн артына жашынып, туурдуктун четин өйдө көтөрүп ичте Касым эмне кылып атат көрүп турушат. Чал жатаар алдында куржун көзүнөн бир чеңгел өрүк алат:

– Хэ-хэ-хэ! Касым-ай, Касым! – деп алакандагы өрүккө тигиле карап кобурайт: – Бардыгың отуз эле. Үчөөң келдиңер. Бүгүн бирөөңүн башы алынсын, экөөң тура тургула.

Каракчылар уккан кулагына ишенбей сенейип калышат. Чал алар тууралуу айтып тургандай. Уюшкан уурулар эсеби отуз болчу! Бул жерге келгени үчөө! Чал каракчылар сырын билип алган адам! Боз үйдү өрттөгөндөн көрө бул кабарды башчыга жеткирген оң деп кайра тартышат. Банданын башында келбети келишкен олбурлуу жигит болот. Ал алигиче чал тирүү деген кабарды айткан каракчыны ошол жерде аягына тургуз кылып жыга муштап мерт кылат.

– Бок жүрөктөр! – деп албууттанган башчы тирүү калган экөөн тепкилеп аз жерден аларды да өлтүрүп коё жаздайт.

– Ал балакет чал баарын билет экен – деген эки каракчынын кебин кулагына илбейт.

Касым кийинки түнү төшөккө жатар алдында куржундун көзүнө кол салып жалгыз өрүк алып чыгат. Дандуу, бирок арт жагында курт түшкөн жери бар болот. Ошол жерин карап туруп кобурайт:

– Хэ-хэ-хэ! Бүгүн бири жалгыз келди. Болгондо да алардын чоңу экен! Куйругунда курту бар көрүнөт. Касым, булардын болгону отуз эле. Бири кечөө түнү жок кылынды. Эми мунусу…

Ууру башчынын таамай айтылган кепке ишенбеске аргасы калбайт. Алар бардыгы отуз экени чын болчу. Өзү кечөө жыга муштап отуздун бирин жок кылган. Ал да чын. Өңгөсүнөн да өзүнүн чуркусу бар экенин кошо айтып салышы таң калтырат. Башчы чуркусун катыны экөөнөн бөлөк эч ким билбечү. Эмне кылар айласын таппайт. Ары ойлонуп, бери ойлонуп чал канга айтып коё элегинде аны тилге келтирип, камактан кутулуу жолун издегенге өтөт.

– Кутмандуу түн, аксакал! – деген каракчы эшикти шарт ачып кирип барат. – Түн каткан жолоочу жылт эткен отту көрүп жолдон адашат дейт, айып этпеңиз, отко жылына өтөйүн!

– Хэ-хэ-хэ! Бу арада киши адашчу жол жок эле, – дейт Касым.

– Менин кайсы жолдон адашканым сизге маалым, – деп каракчы наалыйт.

– Албетте, мага маалым…

– Айтканыңызда калет жок. Кандын казынасын биз чаптык. Азыр бирөө кем отузбуз. Кечөө отузубуздун бири көзү тазаланат деп аны алдын-ала билдиңиз. Бүгүн менин чурку экениме дейре айттыңыз. Мен алардын чоңу болорумду да билдиңиз. Жашынгандан пайда жок, чыкпай калды. Мендеги сунуш мындай. Казынадан алынган дөөлөт чети оюлбаган боюнча тескейде зоонун бооруна жашырылуу бойдон турат. Биз жазадан кутулсак кан дөөлөтү катылуу үңкүр дайынын айтып берем.

– Хэ-хэ-хэ! Жазадан кутулсам де… – деп Касым каткырат. – Мен бир айдан соң канга айтайын деп аттым эле, болбостур… Үңкүргө кирген да, чыккан да жол жок, бу кандай?

– Тектирдеги көрүстөндөн бейит казып ичинен үңкүргө дейре жол салып алганбыз, – дейт башчы.

– Жаза алгыңар келбейт экен… көл кылаасын таштап башка жакка ооп кеткиле. Мен бир ай убакыт берем, – дейт Касым.

Айылынын курсагын бир тойгузуп, кырга тиккен боз үйдү чечтирип, Касым кандын алдына барат. Уурдалган байлыгы катылган жердин дарегин билген кан жерге-сууга батпай эми ууруларды кармап шыйбылчагын чакчумун деп мактанат. Алдында турган Касымга:

– Сенин көзүң чын эле ачык окшойт, кана айтчы, сен экөөбүздүн кимибиз мурда өлөбүз? – дейт.

Касым мукактанып барып каткырып иет:

– Хэ-хэ-хэ! Аны билбейм! Эч ким билбейт! Теңирим билет. Мобуреки тоо, тетиреки асман билет…

Эртеси кан аттанып жоон топ аскерин алдыга салып, коктуну өрдөй башында үңкүрдү карап чыга башташат. Бир маалда заматта көктү кара булут каптап жаан жаап, күн күркүрөп чагылган жарк-журк этип, коктунун ичи алай-дүлөй болот. Чагылгандын огу бараткандардын алдын торой жаңылып, саргайган чөпкө өрт кетет! Артта келаткандар аман калып, алдыда бараткан беш-алты киши күйүп көсөөгө айланып калат. Алардын бири кан экенин боолголоп таанышат.

“Ала-Тоо”, июль, 2015

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *