Түрк жомогу

Качандыр бир кезде отунчу жашаптыр, анын үч кызы болуптур. Оокат-тиричиликтин айынан отунчу күн сайын токойдон керээлден кечке отун алып, анысын базарга албарып сатып жан бакчу экен.

Бир күнү адаттагыдай эле токойго барып отун алып атса кайдан-жайдан бир дервиш пайда болуп минтет:

— Салам, абышка, салам!

Отунчу анын саламын алик алып жооп айтат:

— Не жаңылык бар, дервиш?

— Мен сенден сурайм, сен айт!

— Маакул! — Отунчу көнөт.

— Ай деген эмне, жылдыз деген эмне, түн деген эмне жана күн деген эмне? Үч күндө тапсаң – жакшы, таппасаң – башың алынат! — Ушинтет да дервиш көздөн кайым болот.

Көрсө ал дервиш падышанын өзү экен.

Отунчу ойлонду, ойлонду, бирок тиги тапшырманын жообун чече албады.

«Не деген азап башыма үйүлдү? Неге мага оор тапшырма берилди? Оо, кудай, бул азаптан куткара көр?» Ушундай ойлор келип, жүрөгү кысылып, ишке да кызыгы келбей, отун да албай койду. Болгонун сураган баасына сатты да, үйүнө кайтты.

Улуу кызы эшик ачты. Атасынын кабагы салыңкы экенин туйду.

— Ой, ата, сага эмне болду? Неге шүмүрөйүп калдың?

— Кызым, ай, бүгүн токойго дервиш келди да, менден бир нерселерди сурап, көңүлүмдү иренжитип кетти.

— Ха-ха-ха, — кызы каткырды, — мен да ойлопмун, «Менин кызымда баары бар, бир гана жаңы шайы көйнөгү жок» деп айтат экен деп.

Кызы ошенткенде атасынын кабагына андан бетер кар жаады:

— Жиндиленбей ары жоголчу! — Ошентти да кайрадан ой басты.

Таң атты. Абышка балтасын алып, кайра токойго жолуна түштү. Баягы дервиш кайра пайда болот.

— Таптыңбы, абышка? — деп сурайт ал отунчудан. Анысы болсо унчукпай көпкө турду да минтти:

— Жок. Таба алган жокмун.

— Эми эки күнүң калды, — дейт да дервиш жолго түшөт.

Бечаранын жүрөгү андан бетер кысылат. Алган биртике отунун ошол ордуна таштап, үйүнө кайтат. Эшикти ортончу кызы ачат. Караса атасынын өңү сумсайыңкы.

— Ата, сага не болду? Кабагың неге салыңкы? Бүгүн эрте да келдиң?

— Ары барчы, көп сүйлөбөй?! Эжең айтканды сен да айтасың да!

— Антпечи, ата, балким сырыңды айтсаң менен сага жардам беремин, айтчы?

Атасы болгонун айтып берет. Ал кызы да эжесинин айтканын кайталайт. Кызын кууп ийип, уйкусуз таң атырат.

Таң эртең кайра токойго барат. Дервиш кайра пайда болот.

— Таптыңбы, абышка?!

— Таба албадым.

— Болуптур. Бир күн калды. — Дервиш жолго түшөт. Отунчуну ой басат. Үйүнө кайтат.

Отунсуз же акчасыз келген атасын бул жолу кичүү кызы тосуп чыгат. Каалганы ачып эле кызы:

— Ата, өңү-түсүң не болгон? Карачы? Кейпиң кетип бүтүптүр го?..

Отунчу ага эч нерсе айткысы келбейт. Бул да эжелеринин биридир деп ойлойт. Кыз суранат, өтүнөт, жалынат. Акыры атасы болгонун болгондой кылып айтып берүүгө мажбур болот.

— А, ата, ошол да кеппи? Дервиш эми келсе айт: «Ай деген — Сиз, падышасыз, жылдыздар – Сиздин увазирлериңиз, түн – Сиздин кичүү кулдарыңыз, күн – Сиздин улуу кулдарыңыз».

Бул жоопту угуп отунчу сүйүнүп кетти. Таң атканча бул сөздөрдү жаттап чыкты.

Таң эртең колго балтасын, жибин алып баягы токоюна кайра жөнөдү.

Дервиш келди.

— Таптыңбы, абышка?

— Таптым!

— Айтчы?!

Отунчу кызы үйрөткөн жоопту айтып берет.

— Карыя, — дейт ошондо дервиш, сенин үч кызың бар, үчөө тең күйөөгө чыга элек, үчөө тең жети айлык боюнда бар.

Ушинтет да ал жолго түшөт, отунчуну кайра ой бийлейт. Ишин таштап үйгө кайтат.

Дагы кичүү кызы тосуп чыгат.

— Таптыңбы, ата?

— Анысын таптым. Дагы башка табышмагын илип салды, — дейт да дервиштин сөзүн айтып берет.

— Мунун жарасы жеңил эле экен, — дейт кызы күлө багып, — өзү келсин да, жообун мындан алып кетсин.

Эрте менен турса эле отунчунун үйүнө чабарман келип калат:

— Эй, үч кызыңды тең падыша чакырып атат! Алып чык!

Атасы бул тууралуу кыздарына айтат. Алар ылдам кийинип даяр болот. Кичүүсү улуусуна айтат:

— Падыша сенден «Көңүлүң эмнени күсөп турат» деп сураганда, сен айт: «кыямды»* деп.

Ортончусуна айтат:

— А сенден сураса, «этти» дегин.

Чабармандын чүмбөт арабасына отурган кыздар падышанын ордосуна келишет.

Падыша аларга бир топ тигилип турат да, улуусунан сурайт:

— Сенин көңүлүң эмнени каалайт?

— Кыямды.

— Муну багбанга алып бергиле?!- Падыша  ошол замат өкүм чыгарды.

Ошол эле суроону ортончу кызга узатты.

— Этти, — деди ал кыз токтолбой.

— Мунусун касапка* алып бергиле!

Суроо кезеги бир туугандардын кичүүсүнө келди.

— Сен нени каалап турасың?

— Абадагы балыкты, деңиздеги укропту.

— Абада балык, сууда укроп болмок беле? — Падыша кызга таң кала тигилди.

— Андай болсо күйөөгө тийе элек үч кыз жети айлык боюнда болмок беле? — Кыз тарсылдап жооп берип, падышаны ыраазы кылат.

Падыша болсо увазирине кайрылат:

— Бул кызды болсо мага алып бергиле!

Кырк күн, кырк түн той болуп, отунчунун кичүү кызы менен падыша баш кошот.

Андан ары не болгонун билбейбиз… Чамасы жакшы жашап, бактылуу болушса керек…

Түрк тилинен которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Сөздүк:
Кыям – варьене
Касап – эт саткан соодагер

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *