Мурдагыдай таң атаарын жар салып,
Короздордун «хору» неге угулбайт?
Ал ордуна обон созуп таң сайын,
Азанчынын «ариясы» уңулдайт….

Таң атаардын жарчылары короздор,
Доошуң өчүп, эмне болду силерге?
Же силерден мурунураак үн созгон,
«Жем» болдуңбу азанчыдай «Киллерге»…

Азанчылар озоңдосо эмне экен,
Ардангыдай, сен алардан кем белең?..
Андан көрө, таң жарчысы короздор,
Кыйкыргыла, аба жарып дембе-дем.

Таажысы кооз койкоңдогон короздор,
Чакыргыла, азанчыдан озгула.
Бакыргыла, таң азанга чуу салып,
Уксун баары, доошуңарды созгула.

Элди ойготуп таң эртеде уйкудан,
Караңгыны качыргыла, сүргүлө!
Кагылайын короздорум, ар качан,
Аман-эсен үн алышып жүргүлө.

Мухаммеддин динин жарлап жаханга,
Муэдзиндер жаагын жанып муңканат.
Атеисттер анын баары жалган деп,
Аксымданса, ким унчукпай тим калат?

Качан токтойт адамзатта бул талаш?..
Муэдзиндер күнү-түнү муңканат…
А мен болсо жадап бүттүм баарынан –
Учкум келет турна болуп миң канат,
Уккум келет, уккум келет миң санат…

Калык ИБРАИМОВ2759c3fb-06ac-40e3-b380-866b7e4cce5f_w987_r1_s

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *