Бейшебай УСУБАЛИЕВ

Аңгеме

Айылга анда-санда каттап калам. Биздин үй чоң жолдон анча деле алыс эмес. Үйдү көздөй үч-төрт жол кетет. Мен көбүнчө ортоңку жол менен барам. Мурда — бала чагымда — ушул эле жол болор эле. Ошондуктанбы, ал мага кандайдыр бир өзгөчө, атүгүл атайын энчиленип берилгендей, өз жолумдай туюла берет. Бала кезде далай жолу жылаңайлак чуркаган ушул өз жолум менен кетип баратып, жол жээгиндеги бир үйдүн жанынан өтө бергенде, дайыма ал үйдү көздөй башым бурула түшөт. Сөзсүз карап өтөм. Карабай өтүүгө дараметим да, эрким да жетпейт.

Карайм да…

Эми ойлосом, анын атын эч ким билчү эмес экен. Атүгүл атың ким деп эч кимиси кызыкпаса деле керек. Аны көрүп-билгендердин баары кыш куюп жүргөн бала же жөн гана бала деп аташаар эле. Эмне экенин билбейм, мен бир бала дечүмүн. Бүгүн да кадимкидей көз алдымда: мотурайган кара бала эле. Көп сүйлөчү эмес, күдүңдөп эле иштей берчү. Ары-бери өткөндөр тамашаласа жарк этип күлүп койчу да, анан ал киши менен таптакыр иши жоктой калыбын сүйрөп жөнөчү. «Анан эмне кылсын байкуш, — дешчү кемпир-кезектер ага боор оорушуп. — Атайы акча табайын деп келгенден кийин иштеши керек да. Ар ким менен божурашып отура берсе, бүтөбү… -Шыпшынышат. — Жан бакмак парз…»

Чын эле, бул бала кыш куюп, акча тапканы атайы коңшу айылдан келиптир. Ошол жылдары жаңы үй салуу биздин айылда өнөкөткө айланган эле. Уста табыш кыйын болчу. Үй салуучулар алдын ала эле уста издей башташчу. Алар башка айылдардан келишчү. Биздин коңшубуз Алыбек да үй салдырам деп оолугуп калды. Көпкө уста издеди, таппай кыйналды. Эптеп бирөөнү тапса, ал бүгүн өзүң кете бер, мен эртең барам деп элүү сомун алып калыптыр да, ошол бойдон жылт коюптур. Ошондон кийин Алыбек айылдагы усталардын баарын алдамчылар деп жемелеп, жети атасынан бери сөгүп-сагып жүрдү. Чарчаганда кайра издей баштады. Акыры мотурайган ушу баланы таап келиптир. Аны көргөндө эле, аялы мурдун чүйрүп, кейкеңдей баштады:

— Эки жыл бою издеп тапканың ушу чычкандай болгон немеби? Мунуң бул кейпи менен сегиз миң кышты сегиз жылда да куюп бүтө албайт!

— Сегиз жыл эмес, сексен жылда куюп бүтпөсө да ушуга берем. Бул алдабайт. Чоң усталарды деле көрүп жатам го, баары  алдамчылар, элди тим эле соруп-жеп атышат!..

— Аа, алдабайбы!.. Алдабастыгын кайдан билдиң?

— Көзүнөн…

— Көзүнөн!.. — Алыбекти толук сүйлөтпөй, шылдыңдагандай каткырды. — Баягында ырайынан билип, элүүнү карматып жиберип, жер сыйпап калдыңбы! Калдың!.. Сени баары алдашат, карап турсаң, мунуң да алдайт. Талаада калмай болдук. Көзүнөн деп… -Ыйлактай баштады.

Алыбек чыдабай кетти көрүнөт, безилдеп жаткан аялын бир салды да, басып кетти. Аялы теңселе түштү, үнү да тып басылды. Анан эчтеке болбогондой бейкапар кетип бараткан Алыбекти узата карап, бир азга туруп калды да, эсине келгендей, кайрадан ажылдай баштады. Бир сөздүн аягына чыкпай жатып, экинчисин баштап, быдылдап кирди: күйөөсүнүн өлжүрөк экенин, оозун ачып жүрүп, элүү сомун алдатып жибергенин, эки жылдан бери бир уста таба албаганын, муну менен тең баштагандардын баары эчак үйгө киришкенин, ушуларды көрүп туруп кантип тирүү басып жүргөнүн, өзүнүн жыргабай келатканын, болгону үч көйнөгү бар экенин, алардын баары тең мына бүгүн-эртең жыртылганы турганын, кайдан жүрүп ушул өлжүрөккө туш болуп калганын, эми калган өмүрү деле ушинтип өтөрүн, деги койчу, баарын-баарын биринин артынан бирин чууртуп жатты. Алыбек көңүл бурган жок, атүгүл артына бурулуп карап да койбоду. Эчтеке укпаган, билбеген кишидей болуп тамды айлана басып кетип калды. Мен кечинде бул чатакты атама төкпөй-чачпай жеткирдим. Атам негедир кубанды:

— Киши болуп калган турбайбы! — деди барбалаңдап сүйүнүп.

— Киши болот деген ушул!..

Апам, адаттагыдай эле, жактыра бербеди:

— Киши уялат экен!.. — Сүйүнүп жаткан атама угузбай өзүнчө ушинтип алды да, анан угуза. — Мунун сүйүнө турган эмнеси бар, эмне, аялын уруу өнөрбү?

— Жок! — деди атам чечкиндүү. — Уруу эмне, уруу иттин уулу байгаранын колунан деле келет. Кеп – уруп туруп, карабай басып кеткенинде. Минтүү эрдин эринин колунан гана келет.

Өзүнчө ачуулана кетти.

— Ии, атаңдын оозун урайындар, айылда эркек өңдүү бир да эркек калбаптыр. Качан болсо эле катындары менен ажылдашып жатканын көрөм, булар качан ойлонот, качан иштешет -билбейм…

Апам өзүнчө күңкүлдөп койду:

— Эми саа киши жетеби, сен эле кыйынсың!..

— Көзүнөн билдим деди дедиң,ээ? — Атам апама назар бурбай, мага кайрылды. — Бу байкуштун атасы ушундай ишенчээк, ак көңүл эле…

— Жакшы болсо да атасын тарткан дейсиң, жаман болсо да атасын тарткан деп жер сабайсың! — Апам чыдай албай, кепке кийлигише кетти. — Деги…

Атам сөздү толук укпай:

— Анан эмне дешим керек? — деди кызаңдап. — Атасын тартты дебегенде, анан эмне дейм?!.

Апам укпамыш болуп чыгып кетти. Ичинен күбүрөп баратты.

— Эркектин ишине кийлигишип эмне кылат? — деди атам Алыбектин аялына ачуулана. — Эптеп таап келсе… Алдап кетет деп. — Мага кайрылды. — Мен деле көрдүм ал баланы. Киши түгүл, айбанды  алдабайт ал бала. Алдай албайт. — Кайрадан ачууланды. — Андан көрө аяшы керек, тамакты өз маалында берсин… — Ары-бери баса баштады. Терезени карап калды да, мени жанына чакырды. Бардым. — Карачы, -деди эшикти көрсөтүп. Бала ылай чылаганы суу жыгып жүрүптүр. — Ушу бала кантип алдасын! Эмне, алдайбы? — Маа суроолуу тигилди. Мен эмне дээримди билбей элейдим. — Алдабайт, алдай албайт дейм!.. — деди кекенгендей. — Алдап кетет деп… Атасы ушундай майда неме болчу… — Колун шилтеп койду.

Мен жылып жөнөдүм. Баланын жанына бардым. Ал мени карап кыйлага турду да, көзүн кысып күлүп койду. Мен да күлдүм. Андан кийин сүйлөгөн жок. Ылай чылай баштады. Иштеп жатканда тилин салаңдатып алат экен. Мага кызыктай туюлду.

— Тилиңди эмне чыгарып аласың? — дедим мен таңдана.

Тиги чочуп кетти. Анан тилин тартып алды да, уялгандай күлдү:

— Билбейм. Сен аны кайдан билдиң?

— Эмнени?

— Тилимди чыгарып алганымдычы.

— Көрдүм да. Салаңдатып алат экенсиң. Мына минтип… — Мен аны туурай кеттим.

Ал күлдү да, башын чайкады:

— Билбейм…

— Атам сени иттей мактады.

— Атам дейсиңби? — деди ал таңдана. — Эмнеге?

— Сени алдабайт дейт.

— Алдабайт! Кимди?..

— Билбейм. Алдабайт деди. Айбанды да алдабайт дейт.

Кеп эмне тууралуу болуп жатканын ал түшүнгөн жок. Мен да жөндөп түшүндүрө албадым.

— Апам экөө урушту, — дедим айлам кеткенде, эмне дээримди билбей.

— Ким?! — деди ал селт этип.

— Атамчы. Апам айтат, аялын уруу да өнөрбү, жаман болсо да атасы дейсиң, жакшы болсо да атасы дейсиң… өзүң эле кыйынсың.

— Анан?.. — Тиги ого бетер элейди.

— Анан ошо, — дедим мен. — Анан апам кетип калды. Атам сени мактады.

Тиги эмне дээрин билбей, күлүп тура берди. Акыры көзүн кысып койду да, ылай тепсей баштады. Мага назар салбай калды. Мен аны таңдана карап кыйлага турдум да, үйдү карай чу койдум.

Биздин таанышуу ушундайча башталды. Эртеси мен уй кайтарышканы кеттим. Кайтарышканы деле эмес, агам жөн эле эрмек болсун деп мени жанына ала кетти. Келсем, атам шаабайыңкы. Жанталашып иштеп жаткан баягы баланы муңайым карап, тепкичте отуруптур.

— Атама эмне болгон? — деди агам апама.

— Баягысы да. Наалып отурат!..

— Эмнеге?

— Билбейм! өзү да билбейт. Тиги бала менен сүйлөшүп келди да, жылдызы чөгүп эле отуруп калды. — Мага кайрылып. -Сен барып, чай ичкин дечи, башкабызга болбойт.

Шыйпаңдап атамдын жанына бардым. Атамдын жини келип турганда же бир нерсеге нааразы болуп отурганда (апам айткандай, эмнеге нааразы болуп отурганын көбүнчө өзү деле жакшы билчү эмес) чай ичкин деп эч ким даап айта алчу эмес. Көбүнчө мени жиберишер эле. Мен барганда, атам жанына отургузуп, башыман сылачу. Кээде мага назар бурбай, иче бергиле, мен тойдум деп койчу. Бул жолу чай ичкин десем, укпаган кишидей үндөгөн жок. Бир топтон кийин гана отурчу дегендей колун жаңсады. Отура кеттим. Кыйлага башымдан сылагылап турду да, төбөмдөн сүйдү. Анан чепкенинин ички чөнтөгүнөн бир сом сууруп чыгып, эки жакты элеңдей карады. Эч ким жоктугуна көзү жеткен соң, мага сунду:

— Ме, кишиге көрсөтпөй катып ал.

— Эмнеге? — дедим мен таңдана.

— Жөн эле. Момпосуй алып жегин. Баягүнү бербей калыптырмын. — Шып илип алдым да, чөнтөккө жымырдым. Атам мени күлүмсүрөй карап койду да, балага колун жаңсап:

— Тигини көрдүңбү? — деди.

Башымды ийкедим.

— Сүйлөштүңбү аны менен?

— Ооба, сүйлөштүм.

— Эмнени?

— Билбейм…Сүйлөшкөм.

Атам ыраазы болгондой күлдү да:

— Карачы, ал эмне кылып жатат?

— Иштеп.

— Иштегенин мен деле көрүп турам. Бирок айтчы, эмне үчүн иштеп жатат?

Ийнимди куушурдум. Бүшүркөй түштүм. Мен үчүн атамдын суроосу менен жаандын тамчысын күтүү бирдей эле. Жаандан кийин шөлбүрөп тамды айлана басканда, көбүнчө желкени кымтылап, кымырынып жүрчүбүз. Бирок эмне экенин билбейм, канчалык кымырынып жүрсөк деле, тамчы дал желкеге тамар эле. Тамгандан кийин эс ала түшөсүң. Баарынан мына тамат, ана тамат деп күткөнүң тозок. Мупмуздак суу мойнуңдан ылдый жылжып келаткансып, ушунчалык жүдөйсүң дейсиң. Атамдын суроосу да дал ушул тамчыны күткөндөй жүдөтчү. Ал өтө татаал деле эмес эле, бирок дайыма сырдуу, туңгуюк болор эле. Ошол сырдуулугу, туңгуюктуулугу менен сени дал желкеге мээлеп, мына тамам, ана тамам деп кам уруп жаткан тамчыга опокшош туюлчу. Суроо бергенден кийин кадимкидей эс ала түшчүмүн, анткени мындан кийин эмне болору мага белгилүү эле: же жооп бере алчу эмесмин, же теңирден тескери жооп кайтарар элем. Бул жолу да атам жооп күтүп кыйлага үндөбөй отурду, мен болсо жооп кайтармак түгүл, суроого түшүнбөй элейгенден элейдим.

— Сүйлөштүм дедиң, ээ, -деди атам акыры чарчагандай. -А сен сурадыңбы, эмне үчүн иштеп жүрөсүң дедиңби?

Башымды чайкадым.

— Аа… — деди атам адатынча, нааразы болгондой. — Акылың деле жок. Сурашың керек да. Тиги деле сендей бала тура. Бирок карачы, жанын таштап иштеп жатат. Эмне үчүн?

Мен адатымча башымды чайкадым.

— Акылың жок…

Башымдан сылап койду да, буктан арылгандай жеңилдене үйгө кирип кетти.

Мен атамдын не дегенине түшүнгөнүм жок. Санаада жанагы бир сом турду. Атам үйгө кирип кетери менен, тамдын артына жөнөдүм. Бир сомду катып алуу кыйын деле эмес дечи. Кеп — жоготууда. Бир туугандарыма, атүгүл апама билдирбей, кантип сарпташым керек? Дерделеңдеп мактанып, бирөөгө эле шегин билгизип койсоң, иштин бүткөнү дей бер — чыр чыгат да калат. Кайдан алдың, ким берди? Атам эмне үчүн бизге бербейт да, сага берет? А апам адатынча атама асылат: Катып берип жүрүп, баланы жаман көндүрмөй болду. Берсе, баарына эле бирдей бербейби, бул эмне, башкалардан артыкпы? Дагы, дагы… Ошентип, дале баягы атам экөөбүз күнөөкөрдөй болуп өзүбүзчө бөлүнүп калабыз. Кандай кыйын… Атам акча сунуп, ме эч кимге көрсөтпөгүн, момпосуй алып жегин дегенде, мен дайыма ушундай туюкка келип кептелем. Бул дагы эчтеке эмес, акча мени мындан да сырдуу, мындан да коркунучтуу дагы кандай гана туңгуюкка алып келип кептебейт дейсиң. Муну айлык тараткан күнү даана сезесиң.

Анда кызык эле: айлыкты дайыма майрам алдында таратышчу. Таратканда да таң заарынан таратчу. Бул өзүнчө эле бир майрам эле. Атам мени ээрчитип алчу. Кассирдин үйүнө барчубуз. Кассирди тегеректеген эл. Баары өзгөрүп кеткендей, баары жайдары. Бир кагазга кол койдуртуп, кассир улам бирөөнү узатып турат. Кезек бизге келет. Кассир лам деп ооз ачпастан, бармагы менен кагазды нукуйт да, сен да келдиңби дегендей мага тигилет. Кызык, атам негедир алактап калат: мына бул жерге кол коюшуң керек деп сайып көрсөтүп турса да, кай жерге кол коёрду билбегендей, кассирдин нукуп турган бармагын көрө албай жаткандай кайпастай берет. Көзүн башкара албай калгансыйт, алакандай кагаз мейкин талаага айланат да, алдындагы кагазды өрттөп жиберчүдөй болуп жалын бүрккөн атамдын көздөрү атамдын өзүн ала качып жөнөйт, көзүн ээрчип башы да кыймылдай баштайт: бир туруп кагаздын башынан аягына, кайра аягынан башына, кайра…кайра… Акыры көзү кассирдин бармагына такалат да, калемди шап ала коюп, шашкан боюнча кол коё салат. Анан оор милдеттен кутулгандай эс ала түшкөнсүйт. Баягы жалын чачкан көздөрү өчүңкү тартып, муну менен бирге баягы кыймылы да токтолуп, эчтеке менен иши жоктой кайдыгер мелтиреп отуруп калат. Ушуну эле күтүп жаткансып, оозу бүлкүлдөп, оозу менен кошо бүт денеси бүлкүлдөп, кассир акчаны улам-улам санай баштайт. Акыры ал чарчагандай акчаны сунат да, акчадан кутулуп жатканына сүйүнгөнсүп, жылмая кетет. Атам үндөбөстөн акчаны алат. Санабайт. Буюм көрүп жаткансып, жөн гана кармалап кыйлага турат да, ичинен эки-үчөөнү сууруп алып, кассирге сунат:

— Ме, буларды алмаштырчы.

— Эмнеге?

— Катырактарына.

— Ай жарыктык, аа-ай, — дейт кассир жылмайып. — Дайыма ушинтесиз. Кандай айырмасы бар? Бул деле бир сомдук, тиги деле бир сомдук…

— Айырмасы чоң. — Атам күлөт. — Тигиниң калдырак. — Мени башымдан сылап коёт. — Бу жаманым акчанын эмне экенин билбейт. Бирок калдырагын жакшы көрөт.

Кассир түшүндүм дегендей жылмаят да, алмаштырып берет. Атам экөөбүз үйгө жол тартабыз. Кичине узай бергенде, атам баягы калдырак акчалардын бирөөсүн сууруп алат да, мага сунат:

— Ме гой, катып ал. Эч кимге көрсөтпө. Чыр чыгат.

Түшүнөм дегендей башымды ийкейм да, чөнтөккө жымырам. Атам башымдан сылап коёт. Көпкө чейин үндөбөй барабыз. Бир маалда атам тып токтойт да, мага жалт бурулуп:

— Элди көрдүңбү? — дейт чочугандай.

— Кайсы? — дейм мен элейип.

— Акча алып жаткан элди көрдүңбү?

— Ооба…

— Аа… — Башын ийкейт. — Атаңдын көрүү-ү де! — дейт анан нааразы  болгондой. — Акчанын күчүн айтам да, көздү ала чакмак кылат, ыя! — Мага кайрылат. Мен үндөбөйм, анткени атамдын эмнени айтып жатканын түшүнбөймүн. Атам да үндөбөй калат, бир нерсеге таңдангандай башын чайкагылай берет. Атамды карап туруп, мен да өзүмчө эле кыжалаттана баштайм. Сүйлөшүшпөгөндүктөнбү, аба оор тартып, думуга түшкөнсүйм. Аңгыча атам кайрадан тык токтойт да, башымдан сылап: — Акча жакшы, ээ? — дейт эркелеткендей мээримдүү.

— Жакшы, — дейм мен башымды ийкеп, бир балээден кутулгандай сүйүнө.

— Эмнеси жакшы?

— Жакшы да. Акча берсең, момпосуй берет. Оюнчук берет… Баарын…

Атам сөзүмдү толук укпай, биресе эркелеткендей, биресе нааразы болгондой күңк этет:

— Акылың жок…

Сырдуу күлүп коёт да, ойго батат. Үндөшпөй калабыз, аба кайрадан ордой түшкөнсүйт.

— Баарын деп коёт! — дейт анан көп өтпөй өзүнчө күңкүлдөп. -Атасынын оозун урайын ушунун, сенин мунуң эмне экен баарын дегендей?.. — Чепкенинин жан чөнтөгүнө колун салат да, бир нерсени куудурата баштайт. Кызык, атам колу менен эмне кылып жатканын мен көрбөйм десең, бирок, ошентсе деле, ал мага жанагы акчаларды болгон күчү менен бырыштыра-тырыштыра бекем кармагылап, мыкчып-мыкчып жаткандай туюла берет. Бир маалда колун шып сууруп алат да, мага буйра сүйлөйт:

— Эми жоготкун! Тезирээк жоготкун!..

— Эмнени?

— Алдыкыны. Акчаны!

Мен суроолуу элейем.

— Акча таптыңбы — шыдыр жоготкунуң. Болбосо… — Кебин улоого дарамети жетпегендей, колун шилтеп коёт.

Мен дагы эле суроолуу мелтирейм.

— Болбосо, — дейт атам үнүн ого бетер бийик чыгарып, — ал өзүңдү жоготот. Жеп бүтүрөт — жоготкону ушу да…

Мен селт этип, коркуп кетем:

— Кантип?! — дейм көзүмдү алайтып.

Атам түшүнүксүз күңкүлдөйт:

— Жоготот. Оңой эле. Акчанын кереги деле жок…

Дагы үндөбөй калат. Мен акчаны калдыратуу менен алек болом. Мени акча анча деле кубандырчу эмес. Мени кубанычка бөлөгөнү анын калдыраганы эле. Калдырак жана жалтырак, эч бир жери бырышпаган акчалар көзгө бөтөнчө көрүнөр эле. Анда кандайдыр бир сыр, керемет катылып жаткандай туюлчу. Мындай акчаны урунууга менин да, атамдын да укугу жоктой, алар чоңдорго — башкармага, бригадирге гана — ылайыктуудай, буларды кармоого алар гана акылуудай сезилчү мага. Ошондуктанбы, азыр да калдырак акчаларды көргөндө, балалыкка кайрылып бир бара калам… Айла жок, бул калдырак бир сом жумшалбай койбойт. Аны дүкөнчүгө сунуп жатканда, акчадан айрылганга эмес, калдырак бир кереметтен айрылганыма ичим күйөт: анан кап, калдырабаган эле акча алсам болмок экен деп өкүнүп калам. Бирок ошентсе да, ар сайын чөнтөктөгү акча дүкөнчүгө сунулуп, дагы бир жолу өкүттө калтырары менен ишим жок, мен эдиреңдеп келем. Атам болсо мени менен иши жоктой, өзүнчө сүйлөнө баштайт:

— Тирүү адам армандан арылат дейсиңби? — дейт өзүнө-өзү собол таштап. — Жок!.. -Кассирден алган акчаны сууруп чыгат да, өз сөзүнүн тууралыгына күбө тарткандай силкилдетет: — Мына мобул турганда, адам дегениң армандан кутула албайт!

Бейкапар бараткан жаным селт этип чочуп кетем да, эч нерсеге түшүнбөй суроолуу карап калам. Мага баары түшүнүксүз, жадагалса арман дегени эмне экенин да билбейм. Атамдын ырай-бешенесинен, үнүнөн улам гана арман дегениң бир жаман нерсе болсо керек деп боолголойм, атама да баары бир экен: мен чоңмунбу же баламынбы, арманды билеминби же билбейминби — атам муну менен эч бир эсептешчү эмес көрүнөт. Акча алган сайын көкүрөк күйүтүн төгүп алуу ал үчүн өнөкөткө айланып калган окшойт.

— Арман… -дейт атам кайрадан шыбырап. Анан мага угузбоого далалаттангандай, өзүнчө сүйлөп кирет: — Атадан айрыласың — бул арман эмес, энеден айрыласың — бул деле арман эмес, жадагалса балаңдан да айрыласың — атаңдын көр-рү, бул да арман эмес. Мунун баары эгемдин иши: бергенин албай тынбайт. Арман — мына бул!.. — Мага угузбайын дегенин унутуп калып, акчаны күчүнүн бардыгынча силкилдете баштайт. Кайра эсине келе калат да, акчаны өчү бардай мыкчый кармап, чөнтөгүнө жыпшыра салат. Анан күнөөлүүдөй күңкүлдөй кетет: — Ушул арман, балам. Бул жоголмоюнча… — Башын чайкап коёт.

— Жоголобу? — дейм мен элейип.

— Жоголот! — дейт атам ишенимдүү.

— Ким жоготот?

— Ким болмок эле, киши да! — дейт атам нааразы болгондой. -Киши гана жоготот. Ошол жоготуу үчүн жашайт адам. — Акчаны кайра сууруп чыгат да, силкилдете. — Кишиден башка эч ким жогото албайт муну, кишиден башкага кереги жок мунуңдун…

— Анда кантебиз? — дейм ойлонуп-ойлонбой.

— Кандай кантебиз?!

— Акча жок болсочу… — Мен өзүмчө шыбырап санап кирем. -Кийим, момпосуй… май….

Атам жооп кайтарчу эмес. Кыйладан кийин гана менин суроомо эмес, сөзүмө кыжырдана бурк этчү:

— Кантебиз дейсиңби! Сен бул сөздү кайдан билесиң, ыя?! Кантебиз деп коёт…

Эми үндөбөйт, дымыйт. Көпкө үндөбөй барат да, акыры чарчагандай үшкүрүнүп, башымдан сылай кетет. Чын эле, мен таптакыр ишенчү эмесмин. Мага акча бар үчүн гана кийим, момпосуй, май…деги койчу, баары болуп тургандай, акча жоголсо эле, бардыгы жоголуп, дүкөндөрдүн баары жабылып калчудай сезилчү. Дүкөндөгүлөрдүн түгөнбөй тургандыгынын себеби элде акчанын жетишсиздигинен, эгер акча өтө көп болсо, булар да заматта түгөнүп калар эле деп ойлочумун. Атүгүл акча бар үчүн гана жашоо өтүп жаткандай туюлчу. Кыскасы, акча таптакыр жоюлат дегенге түк ишенчү эмесмин. Атам ишенчү. Ал акчаны ушунчалык жек көрөр эле, колдон келсе мыжып-мыжып туруп, жеп жибергиси келчү. Биз ээрчишип далай жолу акча алдык. Мен кийинчерээк бир нерсени байкап калдым — айлык алып келатып, акча тууралуу кеп урганда, атам көбүнчө менин бала экенимди эсинен чыгарып коёр эле. Анан эч нерсе түшүнбөй, бүшүркөй караган мени көрүп, бала экеним эсине шак түшө калчу да, сөзүн тык токтотуп, күнөөлүүдөй башымдан сылагылай баштачу. Менин бала экенимди унутуп, акча тууралуу кеп урганын негедир көпкө дейре унута алчу эмес. Унутмайынча ал өзүн менин алдымда күнөөкөрдөй сезерин мен кийинчерээк даана туюп жүрдүм. Ошондо ал мага аянычтуу көрүнчү. Өзүнүн калпыстыгын сезген соң, ал үйгө жетер жеткенче минтип улам-улам кайталай берчү:

— Акча эмне…Атасынын оозун урайын…Акчаны киши жоготоюн, сарптайын деп табат. Тынч жашайын деп табат. Акча эмне…

Бирок кызык, үйгө жете бергенде, ал менин бала экенимди кайрадан эсинен чыгарып жиберчү. Жан чөнтөгүнө колун салчу да, оозун кыбыратып, адаттагысындай акчаны мыжып кирер эле. Ушул маалда колу гана эмес, бүткүл тулку-бою, көздөрү, бети, бетиндеги, чекесиндеги, көзү менен оозунун тегерегиндеги бырыштары  кыймылдап, бүлкүлдөй баштачу. Анан анын бүткүл тулку-бою бырышка айланып кеткендей, ал акчаны колу менен эмес, а бүткүл бою, дал ушул көздөрү, бүкүлдөгөн бети, бетиндеги, чекесиндеги көзү менен оозунун тегерегиндеги кыйма-чийме бырыштары менен мыжып, эзгилеп жаткандай туюлар эле мага. Ушул калыбынан жазбай үйгө кирчү. Кирери менен баягы бырышып-тырышкан акчанын бирин калтырбай апама бере салчу да, оор жүктөн кутулгандай үшкүрүнө кетчү.

— Муну эмне, талаадан терип келдиңерби? — дейт апам таңдана. — Шамалга учуруп жиберип, жанталашып тергенсиңер го. Бырышып-тырышып…

— Бырышабы-тырышабы, жалтырайбы-калтырайбы, — дейт атам  ызалана, — баары бир акча да!..

Ушинтет да, дагы акча жөнүндө кеп кылуудан корккондой, эшикке жөнөйт. Бүттү, атам эми акчага таптакыр кийлигишпейт. Майрамга карата акча бөлүштүрүү — апамдын иши. Ал жаш курагыбызга жараша бөлүштүрөт.

— Сага канча кытып берди? — дейт апам мага кезек келгенде.

— Эчтеке берген жок! — дейм мен адатымча.

— Бербесе, ме, муну алгын. — Көбүнчө элүү тыйын сунат да, тигилерге угузбай шыбырайт. — Берерин берди дечи, кантип бербей койсун, тигилерге көрсөтпө.

Эдиреңдеп эшикке чыгам. Атам тынчсыздангандай ары-бери басып турган болот.

— Бердиби? — дейт чыгарым менен.

— Берди! — дейм мен кудуңдай, тыйынды көсөтүп.

— Аа… — дейт санаасы тына. — Бербей коёбу деп чочуладым эле. Эми тигини эч кимге көрсөтпө.

Башымды ийкейм. Бирок баары бир кармалып калам. Анткени тигилердин тыйыны заматта, кечке жетпей эле, жок болот. А меники түгөнбөйт. Эки күнгө жетет. Анан чыр башталат.

— Сен бизди жеп жүрөсүң! — дейт агам кыйкырып.

— Качан жедим? — дейм мен түшүнбөй.

— Жегениң ушу да, сен акчаны бизден көп алыптырсың.

— Көп алган эмесмин.

— Албасаң, эмне үчүн сеники такыр түгөнбөйт.

— Билбейм.

— Билбей эле, сен бизди жеп жүрөсүң.

Чурулдап апама келебиз, апам атама жиберет.

— Мунуң бизди жеп жүрүптүр, — дейт агам өзүнүн табылгасына дердеңдеп. -Кандай эле мунун акчасы түгөнбөйт десе…

— Эчтеке жегеним жок, — дейм мен дале эчтеке түшүнбөй ыйламсырап. (Мен «жейт» деген сөздүн маанисин чын эле түшүнчү эмесмин.)

— Жесе, — дейт атам агама, — өзүнүкү. Уктуңбу — өзүнүкү. Акча деген — эмгек. — Мага колун жаңсап. — Бул таң заардан турабы — турат, а силер сасып уктап жатасыңарбы — жатасыңар, мени менен кошо барабы куурап — барат, а силер биз келгенде деле уктап жатасыңарбы сасып — уктап жатасыңар… Бул, эмне, эмгек эмес бекен?! Эмгек кылып жатат, ошон үчүн силерден көп алат. Кыйын болсоңор, силер таң заарынан туруп көргүлөчү…

Унчуга албай калышат. Агам гана:

— Өзү ойготпой кетет да…- деп күңкүлдөп алат.

— А мен муну ойготуп жатыптырмынбы, — дейт атам мени нукуп.

— Өзү эле турат.

Агам күйүп кетет:

— Ооба, өзү турат!.. Ойготосуң!

— Ойготпойм!

Атамдын жаалын байкап, тигилер үндөбөй жылт коюшат. Мен жалгыз калам.

— Көрсөтпө дебедим беле! — дейт атам.

— Көрсөткөнүм жок. — Актана баштайм. — Көрсөтпөсөм деле өздөрү билип алышты.

Атам сырдуу күлүп коёт:

— Акылың жок…

…Бир сомду чөнтөгүмдөн сууруп жатканда, көз алдымдан ушунун баары чууруп өттү. Колумдагы бир сомдук анча деле калдырак эмес экен — буга көңүл деле бурбадым. Акчаны чөнтөгүмдөн алгандан кийин, атамдын муну берип жаткандагы элеси көз алдыма келе калды. Негедир күнөөлүүдөй жалтаңдайт. Айтпадым беле — менин бала экенимди унутуп, акча жөнүндө күйүтүн төгүп алгандан кийин, ал дайыма өзүн менин алдымда күнөөлүүдөй сезет. Азыр да дал ушул кейпин кийип турду. Акча жөнүндө лам деп ооз ачпаса деле. Кызык… Себебин таппадым. Акчаны чөнтөккө кайра салдым да, ылай чылап жаткан балага тыз койдум. Ал келдиңби дегендей күлүп койду да, мени унутуп калгандай ылай тепсей баштады. Мен негедир арданып кеттим:

— Сен, эмне, малайсыңбы?

Тиги чочуп кетти:

— Жок, ким айтты?

— Эч ким.

— Мен малай эмесмин! — деди ардангандай. — Мен иштеп жатам.

— Малай деле иштейт да.

— Малай акы албай иштейт. -Ал мага түшүндүрө баштады. — А мен акы алам; канча иштесем, ошого жараша акча алам.

— Көп акча аласыңбы?

Тиги ооба дегендей башын ийкеди.

— Көп акчаны кишилер алат да. Сен, эмне, кишисиңби?

— Анан киммин? Кишимин да. Сен да кишисиң.

— Ооба саа, мен киши эмесмин. Сен да киши эмессиң.

— Анан киммин?

— Баласың. Апам айткан. Сени бала экен деген. Мени да баласың дейт. Балага акчанын эмне кереги бар дейт. Атам да айтат — сени кичинекей эле бала дейт…

Ал мойнуна алгандай үндөй албады. Кыйладан кийин ылайдан чыкты да, кетменин таянып туруп калды.

— Мен кишимин, — деди анан ойлуу. — Иштеп жатам, бөбөктөрүмдү багып жатам. Демек, кишимин да.

— Алдаба, — дедим мен күлүп, — багып жатам деп коёт. Атаң багат да. Мына биздин баарыбызды атам багат. Апамды да атам багат.

Ал күлүмүш болду. Чылаган ылайын тиктеп, азга турду да, маанайы пас:

— Атам жок. Өлүп калган, — деди.

Мени унутуп калгандай, үй жакка басып кетти. Мен эмне кыларымды билбей, аны тиктеп кыйлага турдум. Аны аяганым деле жок — өлүм эмне экенин билчү эмесмин. Болгону баланын кимдир бирөөгө нааразы болгонсуган үнү мени дел кылып таштады. Ал кайрылып артын карабады, алдын да карабады — жер карап баратты, буту менен эмес, бүткүл тулку-бою менен бирдей жылып бараткандай болду. Ошо жылган боюнча үйгө кирип кетти. Мен томпойгон ылайды карап көпкө турдум. Бул ылай негедир бейитке окшоп кетти — эмне экенин билбейм, ушул маалда мындай томпойгон топурактын алдына кишинин сөөгү коюлары эсиме шак дей түштү, бир силкинип алдым. Артымды карабай үйдү көздөй жөнөдүм. Кайрылып кароодон корктум.

— Сага эмне болгон?! — деди кирерим менен апам. — Дагы эмнени бүлдүрүп жетип келдиң?

— Бүлдүргөнүм жок.

— Ырайыңды карачы. Соо эмессиң…

— Соо элемин!

— Мунуң ушундай! — деди апам атама. — Каратып туруп танат. Жакшылап сурасаң, айтты-койду дебе, мунуң сөзсүз бирдемени талкалап келди…

— Талкаласа, кудай албайт! — деди атам адатынча мага болушуп.- Ушу чычкандай болгон неме талкалап эмнени кыйратат дейсиң!..

Апам өзүнчө күңкүлдөп жок болду. А мени томпойгон ылай далайга дейре ээрчип жүрдү.

— Ата, ата, — дедим мен жатарда. — Сен калпычы турбайсыңбы!

Атам секирип кетти:

— Эмне дейт бул!

— Сен айтпадың беле, кыш куйган баланычы. Бала дебедиң беле. Калп айткан турбайсыңбы.

— Ии… Бала дегем. Ал — чын эле бала.

— Бала эмесмин, кишимин деп атпайбы.

— Кандайча?

— Бөбөктөрүмдү багып жатам. Ошон үчүн бала эмесмин, кишимин дейт.

Атам жооп таба албай, мукактанып калды. Кыйлага ойлонуп турду да:

— Акылы бар экен! — деди суктангандай башын чайкап. Алаканын жайып, мага суроолуу карады. — Бүлө багып жатса, чын эле киши да, ыя? — Көп өтпөй эле, адатынча кайра айныды. — Кайдагы киши! Бала да. Бала болгону үчүн ушинтип айтып жатат да. Кийин билет…

— Эмнени?

— Бала экенин. Кийин-кийин, мендей абышка болгондо, билет: азыр киши экенин, а баягы кыш куюп жүргөндө бала эле экенин.

— Азыр, эмне, билбейби?

— Билбейт. Бала деген өзүнүн бала экенин билбейт. Билсе эле чоң кишиге айланып калат.

Мен эч нерсе түшүнгөнүм жок. Ишенбедим. Кантип эле бала экенин билсе чоң кишиге айланып кетсин, анда мен деле чоң киши болуп калбайт белем деп ойлодум.

— Анан сен эмне дедиң? — деди атам аңгыча. — Кишимин, бөбөктөрүмдү багып жатам десе эле, аа чын эле киши экен деп калдыңбы?

— Жок. Мен ага айттым, бөбөктөрүңдү атаң бакпайбы, биздин баарыбызды атам багат, апамды да атам багат дедим.

— Кыйратасыңар! — деди апам бырс күлүп, биресе ыраазы болгондой, биресе мыскылдагандай.

Атам өкүнгөндөй шыпшына кетти:

— Бекер айтыпсың!.. — Өкүнгөнүн билдирбегендей. — Ал эмне деди анан?

— Эчтеке. Атам жок, өлүп калган дейт.  Анан кетип калды…

— Аа… — Атам башын чайкады да, дымып калды.

— Ата, ата.

— Ии…

— Өлүп калды деген эмне?

— Эмне дейт?! Муну саа ким айтып жүрөт, ыя?!

— Кыш куйган бала айтты деп жатпаймынбы. Атам жок, өлгөн дейт.

— Аа… — Мукактанып турду да. — Өлүп калды дегени — тээ алыска кетти дегени, көпкө-көпкө чейин келбейт дегени.

— Ал бакпайбы?

— Кимди?

— Балдарынчы.

Атам кайрадан мукактанып калды да:

— Багат, — деди ишенимсиз.

— Анда тиги бала эмне мен багып жатам деп мактанат.

— Туура. Багып жатат.

— Атасы багат деп жатпайсыңбы.

Атам жооп таба албай, айласы кетип калды.

— Атасы колдойт да, — деди анан жообуна сүйүнгөндөй. — Бакканы ушу эмеспи.

— Колдогону эмнеси?

— Колдогону — бакканы да! — деп кыйкырды атам акыры жиндене.- Какшап атса, түшүнбөйт!..

Мен мурчуюп калдым. Атам муну сезди окшойт, жай түшүндүрүп кирди:

— Мен саа айтып жатпаймынбы, атасы тээ алыска кетти, көпкө-көпкө чейин келбейт деп. Анан ошол алыс-алыс жактан кийимди, нанды, момпосуйду кантип алып келип турат? Буларды атасы келгиче, жанагы баласы таап бериши керек да. А атасы алыста жүрсө да балдарын ойлойт, аман жүрүшсө экен деп тилейт. Ушул тилегени — колдогону да…

Түшүндүңбү дегендей мени карады. Оңгулуктуу түшүнбөсөм да, мен башымды ийкедим. Бул күнү мен көпкө чейин уктай албай, чабалактай бердим. Көз алдымда — бүткүл денеси менен жылып бараткан бала, анан бейитке опокшош томпойгон ылай. Ушул томпойгон ылай дал ушундай томпойгон кейпинде бир туруп баланы ээрчип бараткандай, бир туруп мени көздөй жылып келаткандай туюла берди.

— Ата, ата, — дедим ага ыктай.

— Ии… — Атам мага башын бурду да, ойгоо экениме тандангандай, ормоё тиктеп калды.

— Мүрзөгө окшош экен ээ, — дедим мен калтаарый.

— Эмне дейт?!

— Ылайчы. Тиги бала чылап койгон ылай.

— Аны ким айтып жүрөт саа?

— Эч ким айткан жок. Карап турсам эле мүрзөгө окшоп кетти. Анан корктум.

— Эмнеден?

— Мүрзөдөнчү.

-Акылың жок… Мүрзөдөн да киши коркобу. Анда деле кишилер жатат да. Биздей эле кишилер. Уктап жатышат. А биз ойгообуз. Баарынын тилеги ак. Силер тирүү жүргүлө, жамандык көрбөгүлө… Анан ушулардан да киши коркобу?

— Анда эмне үчүн көөмп салышат?

Бул суроону укканда атам кадимкидей коркуп кетти, шак башын көтөрдү да, элеңдеп:

— Көөмп?! Кимди!.

— Өлгөндөрдүчү.

— Аа… — Санаасы тынгандай, башын жаздыкка койду. Анан бир топко үн-сөзсүз жатты да. — Тынч уктасын дейт да, балам, — деди кайдыгер. — Чочуп ойгонбосун дейт да. Мына биз деле жатканда, жарыкты өчүрүп, жууркан жамынып жүрбөйбүзбү. Киши тынч укташы керек. — Үшкүрүнө кетти. — Чым жазданып жатабызбы, төшөктө жатабы — киши тынч укташы керек.

— Аа…

— Сен коркпогун. Мүрзөдөн коркпой жүр. Анда ата-бабаларың сени колдоп уктап жатат.

Мен башымды ийкедим, атам мени кучагына бекем кысып алды. Бирок баары бир уйкуга чөмүлүп кеткенче мага баягы томпойгон  ылай дал ошол томпойгон кейпинде улам ары жылып, анан кайра мени көздөй жылып келаткандай боло берди.

Эртеси эртең менен чай ичип бүткөндөн кийин терезеден карасам, баягы томпойгон ылай жок. Жер кышка жайнап калыптыр.

— Ата, ата! — дедим сүйүнүп. — Баштаптыр.  Кыш деген тим эле жайнайт.

Атам негедир мага нааразы болду.

— Баштаганы качан? — деди жактыра бербей. — Келгенинин эртесинде эле баштабады беле, бүгүн көрдүңбү? Күн сайын ошол жерде жүрөсүң, анан ар жактагы кышты көрбөйсүң. Киши деле болбойсуң го.

Чын эле, мен кышты көргөн эмесмин. Көрсөм да, назар салбасам керек. Көрсө, тиги бала тамдын ары жагында орун калбай калгандыктан, бери жакка таштай баштаган тура. Кыймылын карап турсаң — таң каласың. Бири-бирине улаштырылган, баш-аягы билинбеген упузун аргамжыны эске салат. Калыпты жүгүргөн бойдон сүйрөп келет да, аңтара салып көтөрүп алат. Көтөрүп алган соң, кандай түштү дегендей, тигиле карап калат. Анан санаасы тынгандай билинер-билинбес жылмайып коёт да, кайра чуркап кетет. Өзгөчө калыпка ылай салганы бир укмуш. Колу лепилдеп, көзгө илешпейт. Биринчи майдалап койгон саманды чачат да, анан кетмен менен ылай сала баштайт. Атайы ченеп алгандай сузат. Бир кетмени калыптын бир көзүнө дал келе түшөт. Колунда кандайдыр бир сыйкырдуу күч бардай сезилет.

— Карачы! — дейт атам суктангандай. — Иштеген сайын жаны жыргап, эс ала түшөт экен. — Алыбектин аялына ачуулана кетет.

— Ушундай бала кантип анан кишини алдасын! Алдайт деп… Атаңдын оозун урайын десе, атасы ушундай майда неме болчу. — Нааразы болгондой колун шилтеп коёт.

Атам да, мен да көпкө чейин карап турабыз. Атам сакалын сербеңдетип, эрдин кыбыратып, ичинен күбүрөп, башын чайкай берет. Мен баланын кыймылынан көзүмдү албайм, мага дагы эле баягы баш-аягы билинбеген, көзгө илешпеген упузун аргамжы чубалып бараткандай, мен анын артынан узата карап тургандай сезиле берет. Анан туруп-туруп эле ал иштебей эле, ойноп жаткандай туюлуп кетет.

— Ата, — дедим мен анан ойлонуп-ойлонбой. — Мен да киши болоюнбу?

— Бол, бол, — дейт атам таңдана. — Бирок кантип?

— Иштейм да. Акча табам. Анан…

Апам чыдай албай, кыйкырып жиберди:

— Акчанын мээнетин ал! Бу сени, эмне, акча менен оозантканбы, ыя?! — Атама карап. — Акча катып берип жүрүп…Мына эми…

Атам апамдын сөзүнө назар бурган деле жок.

— Акча табуу оңой бекен? — деди ойлуу. — Акча деген — балакет, жан кыйналмайынча, акча табылбайт. — Мага карап. — Сен азыр баласың. Баланын жанын кыйноо — чоң күнөө. Анда бизди теңирим кечирбейт. Апаң экөөбүз тең күнөөгө батып калабыз. Сен азыр оюнду эле бил. Жакшы ойно. Оюн да иш. А иштин, акчанын өз учуру бар. Ошондо иштебей, акча таппай колоктоп жүрсөң, сен күнөөгө батасың.

— Тиги деле иштеп жүрбөйбү.

— Ал сенден чоң. Анын үстүнө ал жыргаганынан иштеген жок. Ал деле сендей ойногусу келет…

Атам башымдан сылап койду да, эшикке чыгып кетти. Мен баланы көздөй чу койдум. Ал келдиңби дегендей жылмайды да, ишин уланта берди.

— Сенин ойногуң келбейби? — дедим мен.

Мындай суроону күтпөгөн көрүнөт, эмне дээрин билбей, таңдана карап калды.

— Келет, — деди кыйладан кийин күлүмсүрөп.

— Анда эмне үчүн ойнобойсуң?

Ал түшүнбөгөндөй мени суроолуу карап турду да:

— Ойноп кетсем, кышты ким куят? — деди күлүмсүрөй ийнин куушуруп. — Бир айда бүтүп берем дегем. Бүтпөсөм — уят.

— Уятың эмне?

— Уят деген уят да. Бүтүрөм десең, анан бүтүрө албай калсаң — уят да…

Күлүп койду да, чуркаган бойдон калыпты сүйрөп жөнөдү.

— Сен эмне үчүн чуркайсың? — дедим ал келгенде.

Ал негедир жадырай кетти:

— Билбейм…

— Сен калпычы турбайсыңбы.

— Ким айтты?! — деди ал чочуп. — Мен кимди алдаптырмын?

— Сен иштеп жатам дейсиң да, ойнойсуң.

— Ойногонум жок. Иштеп жатпаймынбы. Ойносом — тиги кышты ким куйду?

— Жүгүрүп жатпайсыңбы. Киши жүгүрүп иштебейт да. Ойногондо жүгүрөт.

(Чын эле, мен ушинтип ойлочумун. Мага оюн менен жүгүрүү бири-биринен ажырабай, бирин-бири коштоп жүргөндөй сезилчү. Ошондуктан оюн дегенде эле чурулдашып, чымын-куюн болуп, ары-бери жүгүрүп жүргөндөр көз алдыма тартыла калчу.)

Ал менин эмне деп жатканыма эми араң түшүндү да:

— Мен ушинтип иштейм, — деди жадырап. — Жүгүрмөйүнчө иштей албайм. Жүгүргөнүмдү өзүм билбей калам…

Кайрадан ишке киришти. Мени унутуп калгандай, жүгүрүп иштей баштады. Мен аны карап тура бердим. Бир маалда ал чочугандай ишин токтото койду да, менин жаныма келди. Мени күлүмсүрөй карап турду. Бир нерсе айткысы келди да, кайра тарткынчыктап үндөбөй калды. Акыры кысынгандай:

— Эжең окуйбу? — деди.

— Кайсы?

— Жанагы суу ташып жүргөнчү. Дайыма тетиги жолдон суу көтөрүп өтөт го.

— Окуйт.

— Канчанчы класста?

— Ал класста окубайт, мектепте окуйт.

Ал түшүндүрүп кирди. Мектепте көп класстар болорун, балдар улам өйдөлөп жүрүп отурарын айтты да:

— Эжең ушул класстардын кайсынысына барат? — деди.

Мен ийнимди куушурдум:

— Билбейм.

Менден эч нерсе чыкпасын түшүндү окшойт, аа… деп койду да ишине киришти. Мындан кийин мага назар бурган жок.

Ошентип, күндөр өтө берди. Бала унутта калгандай. Адегенде элдин баары кызыгып сурап жүрүштү эле, эми аны сураган эч ким жок. Ары-бери өткөндөр аа, баягы дале иштеп жаткан тура деген кыязда кайдыгер карап кете беришет. Ушундай күндөрдүн биринде эжем мага минтип кыйытып калды:

— Досуң кайдан келиптир?

— Кайсы?

— Кыш куюп жүргөнчү.

— Ал досум эмес, ал — киши.

— Киши болсо да дос да. Сен дайыма жанында жүрөсүң, көп сүйлөшөсүң…

— Киши дейм. Ал деген бөбөктөрүн багып жатат. Көп-көп акча алат…

— Болуптур эми, киши, — деди эжем тажаганда чарчагандай. — Ошо киши каяктан келиптир?

— Билбейм.

— Күн сайын жанында жүрүп, анан кайдан келгенин билбейсиңби? Деги эмне жөнүндө сүйлөшөсүңөр?

— Билбейм.

Бир азга үндөбөй турду да, кысынгандай акырын шыбырады:

— Ал мени…мени… сурайбы?

Эжем бул сөздү ушунчалык тез айтты. Эми ойлосом, араң айткан экен. Үнү бир кызыктай болуп дирилдеп турду. Ошондуктанбы, мага анын оозунан сөз чыкпай эле, кандайдыр бир куш дир-рр эттире шаңдуу үн салып, асманды көздөй учуп чыгып кеткендей туюлду. Мен эмне болуп кетти дегенсип, бир асманды, бир эжемдин оозун карадым. Кызык, эжем асманды карамак турсун, мени да карай албай, жүзүн менден ала качып, башын ары кыңкайта жер карап туруптур. А мага болсо эжем асманга тигилип, шаңдуу сүйлөп жаткандай сезилген эле. Эмне экенин билбейм, мен жөндөн-жөн эле ызалана кеттим:

— Жок! — дедим чукчуңдай. Кайра адатымча. — Билбейм…  — Ийнимди куушурдум.

— Аа… — Жүзүн мага бурду да, негедир ындыны өчө түштү.

Ушул маалда менин оюма баланын суроосу капысынан шак дей түштү.

— Сураган, — дедим шашып. — Сени эмес, классты сураган.

— Кайсы классты? — деди эжем бүшүркөй.

— Эжең кайсы класста окуйт деген.

— Ыя?! — Эжем алактап коркуп кетти да. — Анда мени сураган тура! — деди сүйүнө. Анан уялгандай кызарып. — Классты сурады деп коёт, — деди.

— Классты эле сураган, — дедим мурчуя.

— Болуптур, классты сураптыр. Сен эмне дедиң анан?..

— Эчтеке… Класста окубайт, мектепте окуйт дедим…

— Жинди десе…

Эжем шаңк эте күлүп басып кетти. Кызык, ал кечинде дагы сурады:

— Айтсаң, чын эле ал мени сурадыбы?

— Сени сураган жок дейм, классты сурады.

— Жинди десе…

Кайрадан шаңк этти да, кайрадан жадырады. Ал мага дайыма дал ушул кейпинде жадырап жүргөндөй туюлду. Үнү өзгөрүп кеткендей болду: анын шаңк эткени күлкүгө, үнгө эмес, а таптаза, туптунук сууга окшоп турду. Ошондо мен дагы бир нерсени байкадым — ушуга чейин анын ырай-пешенесине назар салбаптырмын, атүгүл ырайы кандай экенин да билбептирмин. Ушуга чейин далай жолу дал бүгүнкүдөй шаңк этип, бүгүнкүдөй жадырап, үнү менен ырайы жуурулушуп, экөө бири-биринен айырмаланбай (кызык, мен ушундан кийин кишинин ырайы менен үнү окшош болот тура деп ойлоп калдым) тургандыр же жылдызы чөгүп муңайгандыр — бирок мен анын бирөөнү да элес алган эмес экенмин. Ушинтип үнү менен жүзү жуурулуп жадырап жүргөн күндөрдүн биринде эжем экөөбүз капысынан чокуша кеттик. Ошондо мен анын төрт сырын апамдын алдына жайып таштадым:

— Айтайынбы, ыя?! — дедим.

— Эмнени? — деди ал.

— Баягыны!..

— Баягың эмне? — деди апам.

— Мунуң сураган. Кыш куюп жүргөн бала мени сурадыбы деген.

Эжем муну күткөн эмес көрүнөт, бир силкинип алды. Анан мени үнсүз телмире тиктеди. Жек көрө деле караган жок, сен ушинтмек белең дегендей жалооруй карады. Эмне экенин билбейм, ал ошондо менин көзүмө баягы жадырап жүргөн күндөгүдөн да татына көрүндү. Мен муну көп-көп эстейм, эстеген сайын бир нерсеге ынанам: ал ошондо мага нааразы болбоптур да таарынбаптыр, таарынуу керектигин өзү да билбептир, болгону өзүндөгү өзүнө да, өзгөгө да билинбеген кандайдыр бир сезимге сыймыктанган экен. Ошол жалооруган бойдон ары бурулду да, үндөбөй басып кетти. Апам да дел болуп кыйлага үндөй албай калды. Эжем ары узап кеткенден кийин гана, негедир ичи күйгөндөй:

— Ии, билдиңби? — деди туңгуюк.

Мен эмнени дегендей суроолуу карадым. Апам үн-сөзсүз ойлуу турду да, кимдир бирөөгө нааразы болгондой, кимдир бирөөгө кекенгендей:

— Эжең чоңоюп калган тура… — деди үшкүрүнө.

Ушинтти да, биресе аягандай, биресе ичи күйгөндөй эжемди узакка карап турду. Анан мага бурулуп:

— Аа-й!.. — деди нааразылана. — Сени киши болот экен деп жүрсө!..- Сөзүн бүтүрбөй кетип калды.

Мен элейип кала бердим. Эжеме да, апама да түшүнгөн жокмун.

Атүгүл таңдандым. Бала кезде боло берет эмеспи — биз канча жолу чырдашпадык. Жаман сөздөрдү айтып, көңүлүн ооруткан күндөрүм деле болбоду беле. Бүгүн бир да жаман сөз айтканым жок да. Анан эмне… Азыр ушул окуя эске түшө калганда, танданам да өкүнөм. Эмне үчүн ушул сөздү айттым, эмне үчүн мурункудай эле жаман сөздөрдү айтып тилдебедим дейм. Же мен да чоңоюп калдым беле?..

Балалык деген балалык да. Мен муну бир-эки күндөн кийин эле унутуп калдым. Же тажагандыктанбы, же оюндан кол бошобогондуктанбы, айтор, кыш куюп жүргөн балага көп күн бою барбай кеттим. Анан бир күнү кечинде капысынан жетип бардым. Мурда менин келген-койгонума анча деле назар бурбаган ал бул жолу негедир сүйүнүп кетти:

— Кайда жүрдүң? — деди көрөрү менен, жумушун токтото коюп.

— Үйдө.

— Анда эмне көрүнбөйсүң? Ойнобой калдыңбы?

— Ойноп эле жүрөм.

— Аа…

Адатынча күлүп койду. Жаныма жакын келди да, кысынгандай шыбырады:

— Эжең бир жакка кеткенби?

— Жок. Үйдө эле.

— Анда эмне көрүнбөйт?

— Билбейм… — Чукчуңдагандай болдум. — Үйдө эле дебедимби.

— Аа… — Мага көңүл бурбай, өзүнчө кобурана кетти. — Мен бир жакка кеттиби десем… Дайыма эки маал тиги менен, — жолго  колун жаңсап койду, — суу алып өтчү эле… — Мени карап жылмайды да, ишине киришти. Эмнегедир сүйүнүп жаткансыды. Көп өтпөй, күндөгүдөй эле мени унутуп калды. Бирок ошентсе да, ал мага кандайдыр бир нерсеге сүйүнүп жаткандай туюлду.

Ушундан үч-төрт күн өтпөй эле баягы чыр кайрадан башталды.

— Ме, чайнекке суу алып келе койчу, — деди эжем.

— Өзүң алып алгын, — дедим мен.

— Сен алып келсең, эмне бир жериң кемип калабы? — деди апам. — Элдин сендей эле балдары уй кайтарып жүрөт. — Эжемди көрсөтүп. — Муну, эмне, союп жейсиңерби? Күн сайын үч маал суу ташыйт…

— Алдаба, — дедим мен. — Сууга бара элек мунуң.

— Анан ким алып келип атат?

— Билбейм.

— Билбесең — сүйлөбө. Дайыма алып келет. Мындан кийин бир маал сен алып келип жүргүн.

— Алып келген жок дейм! — Чыйпыйым чыкты. — Алып келсе, тетиги жолдон өтпөйт беле. Бир да жолу өтө элек деп жатпайбы!..

— Кайсы жол? — деди апам түшүнбөй, мен көрсөткөн жакты таңдана карап.

Эжем сөздү шап илип алды:

— Мен башка жол менен келем, — деди апамды толук сүйлөттүрбөй. -Ал жол алыс экен, мен жакын жолго салам. — Эмне дээрин билбей калды да: — Барбасаң, жатып алчы. Сага жалдыраганча… — Чайнекти жулуп алып, басып кетти.

Кызык, мен анын үнүнөн кыжырданууну эмес, тескерисинче, кандайдыр бир назик күлкү аралашкан сырдуу сыймыктанууну туйдум. А апам эчтекени элес алган жок:

— Аясаңар боло! — деди ал, эжем кеткенден кийин мага. — Суу көтөрүп жүрүп, карачы, бүкүр болуп да баратат.

— Аяп эле атпаймынбы!

— Аяганың ушубу?

— Аяп эле атам… — Сөз таппай калдым да. — Баягүнү эки момпосуй бергем. Аясам деле…

— Кыйратыптырсың!..

Апам же күлөрүн, же урушарын билбей басып кетти.

Күндөр өтүп жатты. Бала куйган кыш жайылып жаткан койлордой болуп уламдан-улам көбөйө берди.

— Кудай уруп, күн жаап жибербесе экен. Тиги байкуштун эмгеги бөөдө талаага кетип…

Атам күн сайын ушинтет. Кечкурун эшиктин алдында баланы ойлуу карап отурат да, ушинтип айтат. Белгисиз бир нерседен кооптонгондой, сөзүнүн аягына чыкпайт. Сөзүн жарым жолдо үзүп таштап, батып бараткан күнгө көз жиберет да:

— Аа, жаачудай түрү жок, — деп коёт санаасы тынгандай. Мага кайрылып, балага колун жаңсайт. — Көрдүңбү, жан багыш деген кыйын!..

Мен түшүнгөндөй башымды ийкеп коём. Бирок атам кудайга канчалык жалынбасын, күн дегениң баары бир күн экен — бир күнү жаап таштаптыр. Эртең менен эрте таң заарынан баштаптыр. Кечинде эле атам жаай койбос деп санаасы тынгандай компоюп жаткан болчу. Ошентсе да…

— Бир аз кечиккенде кыштын баарын эзип кетмек экен, — деди эртең менен атам чай ичип жатканда. — Бала экөөбүз болгон кара кагазды жаап чыктык. Үч күн жааса да өтпөчүдөй кылдык. — Мактана кетти. — Кечинде эле бир балээ болорун сезип жаткам, жүрөгүм алактап эле…

— Койчу айланайын, — деди апам бырс күлүп, — кечинде эле жаабайт дебедиң беле! — Негедир жактыра бербегендей. — Жүрөгүң алактагандай эмне балээ болуп кетиптир?!

— Мен жаабайт десем эле, эмне, жаабай калмак беле. — Атам ызалана кетти. — Жаабайт десем да алактаган. Эмне, кыштын баарын эзип кетсе, жакшы болот беле?!

— Жакшы болот деп ким айтып жатат?

— Жакшы дегениң ушу да. Эмне балээ болуп кетиптир деп…

— Алыбек менен аялына ачуулана кетти. — Уйкудан өлүшөт. Күн төгүп атса, уктап жатышат!.. — Адатынча баштан-аяк айта баштады. — Кечинде эле шек санап жаткан жаным чочуп ойгонгон экенмин, ойгонсом күн дыбыратып жаткансыйт. Ордумдан ыргып турдум да, жөнөдүм. Барсам — жыргап уктап атышат. Терезесин койгулап жатып, араң ойготтум. Тынччылыкпы деп коёт жаман кудай урган. Жаан жаап жатпайбы деп өкүрсөм, ошондо араң туйду жаанды. Үйүнө жүгүрүп кирип кеткен, өзү келеби десем, жок, тиги баланы жибериптир. Бекер куюп жатканың жок, акысын аласың дегени да! Экөөлөп араң жаптык…

Атам барбалаңдап сүйүнүп жатты. Ушул маалда Алыбектин аялы кирип калды. Ал кирери менен, атам чыгып кетти. Үйгө келиндер киргенде, ал көбүнчө эшикке чыгып кетер эле. Отурары менен эле эпилдеп кирди:

— Ий-й жеңе, кудай чоң сактабадыбы. Акем болбосо, кыштан кол жууп калмак экенбиз.

— Ошону эми эле айтып атты эле, — деди апам күлүп. — Тоо томкоруп келгенсип…

— Андан да чоң иш кылды окшойт байкуш акем, жеңе. — Актана кетти. — Жанагы чечек эрте турчу эле, ошого ишенип экөөбүз тең уктап…

— Балада айып жок, — деди апам анын сөзүн жактыра бербей. — Эмнени айтасыңар, бир алтын балага жолугупсуңар. Жаны темирденби дейм…

— Алтыны алтын, — деди тиги ого бетер эпилдеп. -Кээде эле коё берип койгону болбосо…

— Коё бергени эмнеси?.. — Апам элейди.

— Кээде төшөккө коё берип коймою бар экен. — Табасы кангандай, кыткылыктап күлө кетти.

— Ыя! — Апам чочуп кетти да, мени шектүү тиктеп калды. — Сөз тыңшабай жүр деп саа канча какшайм, ыя?!

— Тыңшаганым жок!..

Чукчуңдап басып кеттим. Коё бергени эмне экенин оңгулуктуу түшүнбөдүм. Аңгыча апамдын жаны ачыган үнү даана угулду:

— Баланын убал-сообу кимге, ботом? Бекер иштеп жаткан жок, акысын алат деп эле кыйнай бергенде болмок беле. Ал деле бирөөнүн баласы да… — Кичине тынып алды да, ээлиге кетти. — Ие айланайын, кыйналса, бала түгүл, чоң киши деле сийип коёт да, ыя! Жок дегенде бир күн эс алдыбы? Жок! Анан…

— Ой, жеңе, — деди Алый жанталашып актана, — бизди эмне, айтпай койду дейсиңби, эс алып ал деп эле какшап атабыз, көшөрүп эле болбойт…

— Болбой койсо эле, эркине коюш керекпи? Ал бала да, ботом, азыр эчтекени билбейт…

Алый үндөбөй калды. Сыягы, күнөөсүн мойнуна алып калды окшойт.

Эртеси күн чайыттай ачылды. Эшикке чыксам, бала жанталашып кыш куюп жүрүптүр. Кечээги эсиме түштү да, негедир сүйүнүп кеттим. Дердеңдеп жүгүрүп, заматта жанына жетип бардым. Ал келдиңби дегендей бейкапар күлүп койду.

— Сен коё берип коёт турбайсыңбы! — дедим мен сүйүнгөндөй эдиреңдеп.

Тиги чочуп кетти:

— Эмнени?!

— Төшөккө коё берип коёт деп жатпайбы.

— Ким?

— Алый.

Ал күлөрүн же урушарын билбей, бозоруп туруп калды. Көпкө турду.

— Алый айтты, — дедим мен сөзүмдү жулдуруп ийчүдөй шашкалактап. — Апам урушту анан. Аябайсыңбы деди. Кыйналат да, анан кантип сийбейт деди. Кыйналса, чоң киши деле сийип коёт деди.

Ал дале эмне кыларын билбей, дел болуп турду.

— Чын элеби, — дедим мен тигинин колунан тарткылап, — кыйналса, чопчоң кишилер деле сийип коёбу?

Үндөгөн жок, күлүмүш болду. Анан эсине келгендей шарт бурулду да, ишине киришти. Үндөбөй, дулдуңдап иштей берди. Аны карап отура берип, тажап кеттим. Ордуман турдум. Кетип баратсам, тиги чочугандай селт этип алды да, ишин токтото коюп, жаныма чуркап келди. Мени качып кетчүдөй бекем кармап:

— Ал бар беле? — деди.

Мен суроолуу элейдим.

— Мени төшөккө коё берип коёт экен деп айтканда ким бар эле?

— Апам, анан мен. Анан…- Таппай калдым. Ким бар экенин өзүм деле жакшы билчү эмесмин. Апамдын бар экенин гана даана билчүмүн.

Тиги эки жагын элеңдей карады да, күнөөлүүдөй:

— Эжең да бар беле? — деди акырын.

— Билбейм…

Кетирбей туруп алды:

— Айтсаң, — деди жалооруй, — эжең да уктубу?

— Билбейм…

— Билесиң, — деди ал мени өзүнө тартып, силкилдете. Көздөрү бир жалооруйт да, бир күйөт десең. — Айтсаң эми…

Негедир жиним келип кетти:

— Бар болчу! — дедим. — Уккан…

Ал шалдая түштү. Кете бер дегендей колун жаңсады да, калыпты сүйрөй жөнөдү. Жай баратты, өтө жай, каалгып баратты. Анын чуркабай, жай баратканын биринчи жолу көрүшүм…

Эртеси иштеген жок.

— Ии, ушинтсин! — деди апам өзүнчө эле сүйүнүп. — Баягүнү айда сүйлөндүм эле. Кичине эс алдырсын да…

Кызык, экинчи күнү да ишке чыкпады. Дайнын түш ченде Алыйдан уктук. Ал үйгө кирбей жатып эле:

— Жеңе, биздин балабыз соо эмес экен… Кечээ эртең менен эле турбайт.

— Эмне?! — дедим апам чочуп элеңдей. -Дагы коё бериптирби?

-Уксаң, жеңе, — деди Алый кыткылыктап, — турбайт десең. Ана турат — жок, мына турат — жок. Тигиниң дагы коё берип коюп, уялып кылтыйып жатат окшойт деп Алыбекти жибердим. Ал кыйкырып мени чакырат.  Барсам… Барсам — төшөктө эч ким жок. Жүрөгүм түшүп калды, эми эле жатпадыбы беле, кайда кетти дегендей Алыбекке карасам, ал жаздыкты көрсөтүп, ийнин куушуруп койду. Келесоо жаным ошондо араң түшүнүп жүрөм эмне болгонун… Көрсө… Айланайын жеңе, бешиктен бели чыга элек жатып, акылын карабайсыңбы молонун, жаздыктарды төшөккө кишидей кылып жаткырыптыр да, өзү кетип калыптыр. Жууркан жаап койсоң, кудум эле киши. Алыбек кетти алып келем деп…

Апам шыдыр эле түшүндү да, мени жалт карады. Мен көзүмдү ала качтым.

— Жеткирген экенсиң ээ, желмаян!..

Ызалана кеттим:

— Жеткирдиң деп коёт. Өздөрү айтып коюшат да, анан… Өзүң деле айтпадың беле?

Апам уялып кетти:

— Эмне дейт? Кимге айттым эле?

— Атама.

Апам сүйлөй албай калды.

— Эмнени? — деди Алый түшүнө бербей.

— Сийип салды деп! — дедим мен ага өкүрүп. — Өздөрү айтып коюшат да!..

Алый баары түшүнүктүү дегендей башын ийкеп, үндөбөй калды.

Кечинде Алыбек солдоюп өзү жалгыс келди. Акедей асылсам да болбой койду, эмне үчүн кетип калдың, же саа бирөө бирдеме дедиби десем да, сүйлөбөй мелтиреп туруп алды дейт. Апасы да баргын деп асылды дейт, анда да барбайм деп башын чайкап, мелтиреп туруп алыптыр. Эртеси эртең менен Алыбек кайрадан камына баштады. «Кой, — деди ал аялына. — Жок дегенде акчасын алып барып берейин. Кетип калды эле деп, эмне, акысын бербей коймок белек?» Алый жарыла албай эле араң турган окшойт, алкылдап коё берди.

— Эм-мне?! Алып барып берем?! Өзү келип алсын!.. Качып кеттиби, керек болсо, өзү келсин! Же аны бирөө урбаса, жаман сөз айтпаса… Төшөккө сийип салганы чынбы? Чын! Мунун эмнесине качып кетет? Андай эле кыйын экен, намыскөй экен, санаасын бөлүп жатпайбы!..

Эмне үчүн кетип калганын Алыбек эми араң түшүндү окшойт, Алыйды жалдырай карап, турган ордуна катып калды. Анан эсине келе калды да, колундагы ээрин ыргытып жиберип, аялын кууп жөнөдү:

— Энеңди урайын, ит, баарын бүлдүргөн сен турбайсыңбы, ыя?!. Ушунуңду качан коёсуң, ыя!.. Эмне үчүн сүйүнчүлөйсүң дейм?! Чарчаганынан коё берип коюптур… Ошонун… Эми кышты өзүң куй!..

Мындай куушмай күн сайын болуп турду. Алыбек жумуштан келген сайын аялын баягы бала үйүп койгон кышты айландырып кууп калат.

— Баягылар дагы башташты!.. Кой деп койсоң боло, — дейт атама апам.

— Тим кой, — дейт атам, — көксөөсү сууп калсын! — Алыйга ачуулана кетет. — Чын эле, анын эмнесин сүйүнчүлөйт дейм да!.. Бу катындарга акыл качан кирет, билбейм!

Акыры атам да тажады көрүнөт, бир күнү аялын кышты айландыра кубалап, жедеп чарчаганда жолдун жээгинде отуруп калган  Алыбекке атайы басып барды да:

— Көксөөң суудубу? — деди күлүп.

— Айланайын байке, — деди ал атамды эле күтүп аткандай,-жаның күйөт экен! Эмне үчүн сүйүнчүлөйт, ыя?!

— Сүйүнчүлөбөсө аял, аял болбой калбайбы, — деди атам жооткото.

— Аларды эгем ушул үчүн жараткан. -Алыбектин жанына көчүк басты да. — Эми сен обуң менен кубала, эл-журтка шерменде болосуң. Андан көрө кыш куйсаң боло?

Алыбек чочуп кетти:

— Менби?!. Кантип? Жумуш…

— Жумуштан кийин эмне кыласың? Аялың менен эле тытышып жүрө бересиңби? — Бала жыйып кеткен кышка колун жаңсап. — Карачы, тетигини чычкандай эле бала бүтүрбөдүбү. Анан сенин колуңдан келбейби? Ашып кетсе беш күндүк эле жумуш калды. Чыгынсаң эле бүтөсүң.

Алыбек үндөй албай калды. Чын эле, эки-үч күн өтпөй эле ал кайниси менен кыш куюуга киришти.

Мени апам да, Алый да жоолап жүрдү. Мен буга ызаланган деле жокмун. Мени баланын кетип калганы гана өзгөчө сыздатты. Айыл аңгырап, тиричилик токтоп калгандай туюлду мага. Ушунчалык ардандым. Ошондо негедир атам берген калдырак бир сомдуктар эсиме түштү. Эмне экенин билбейм, мага баягы баланы дал ушул бир сомдуктар жалмап кеткендей эле сезилип туруп алды. Бул бир сомдуктар баланы гана эмес, мендеги кандайдыр бир кымбат нерсени да колумдан, жок, жок, колумдан эмес, көөдөнүмдөн сууруп кеткендей болду. Мен көөдөнүмдөн сууруп кеткен кымбат нерсе эмне экенин билбедим, болгону көөдөнүм эңгиреп эле бош калганын туйдум. Мурда мен акчаны эстечү эмесмин, атам бергенде, же момпосуй жегим келгенде, ошондо да анда-санда гана эстер элем. Эми жөндөн-жөн эле акча эсиме түшчү болду, муну менен бирге бала да көз алдыма тартыла түшөт. Анан корккондой селт этип алам.

Кызык, ушул окуядан кийин мен атамдан баягы калдыраган бир сомдуктардан алдымбы же жокпу — таптакыр эстей албайм. Ушул окуяга чейинки акчалар гана оюма түшө берет… Ушинтип эңгиреп жүргөн учурда мен дагы бир нерсени байкап, титиреп алдым. Эжем өчөшкөнсүп эми өзү баспай калган баягы жолдон өтчү болду. Суу көтөрүп келатып, баягы жерге келгенде, эки жагын элеңдей карайт да, сууну жерге коёт. Анын кайрадан эки жакты элеңдей карап, баягы жакка тигиле ойлуу туруп калат. Анан дагы эле эки жакты карап алат да, суусун көтөрүп, үйдү көздөй шашылып жөнөйт. Мен муну далай жолу байкадым. Көргөн сайын көөдөнүмдөн дагы эле баягыдай көзгө көрүнбөгөн, колго кармалбаган, эмне экенин өзүм да билбеген, бирок өтө кымбат нерсе биринин артынан бири учуп чыгып жаткандай боло берет. Анан эңгиреп бош калат да, ушунчалык арданып, заманам куурулат. Кимдир бирөөгө нааразы болуп ызаланам. Бирок кимге экенин өзүм билбейм…

Чырылдашып жүрүп, кыш да куюлду, үй да бүттү. Жапжаңы. Апапак. Мезгил баарын карытат эмеспи — азыр ал үй айылдагы эски үйлөрдүн бирине айланган. Бирок мен үчүн бул үй дайым жаңыдай, курулуп бүтө электей, атүгүл курулуп бүтпөчүдөй туюла берет. Жанынан өтүп баратканда, менин көз алдыма үй эмес, жыйылган кыштар, томпойгон, жыпжылма ылай, анан тилин салаңдатып, калыпты ары-бери жүгүрүп сүйрөп жүргөн кара тоголок бала тартыла калат. Дел болуп талып, кыйлага турам. Жүрөгүмдө кандайдыр бир ээндик пайда болот да, өзүмдү ээн талаада эңгиреп жапжалгыз калгандай сезем. Дале баягыдай — эң кымбат нерсемден ажырагандай улутуна берем.

Ооба, мен бул үй менен да, бала менен да дайыма-дайыма кездешермин. Ким билет, ар биринде ар башкача кездешермин. Анткени жакында эле мен мурункудан башкачараак кездешпедимби: атамдын жаны кыйналып, тили буулуп, сүйлөй албай жалдырап жатканда, эмнегедир менин оюма ошол бала түштү. Улам бирдеме айтуучудай болуп камданып, бирок сүйлөөгө гана эмес, оозун ачууга да дарамети жетпей, шилекейи кургап, тили куудурап, көздөрү жалжылдап, ошол жалжылдап жалдырай караган көздөрүнөн ушуга чейинки өмүрүнүн, ой-санаасынын, тилек-мүдөөсүнүн баарын чачыратып, башын кейкеңдетип жаткан атам мага: «Сен анын эмне үчүн иштеп жатканын билесиңби?» — деп собол таштагандай туюлду. Анан мен аргасыздан атамдын акчаны силкилдетип, мобул турганда адам армандан кутула албайт деп кимдир бирөөгө нааразы болуп наалыганын, акчанын таптакыр жоюларына жана да адам баласы бул жарык дүйнөгө ушул үчүн гана — акчаны таптакыр тыптыйпыл кылуу үчүн гана — келерине ушунчалык ишенгенин эстеп, заманам куурулду.

Атамды жайпамага жашырып, кара кайгыга малынып келатканда да, көөдөндөгүсүн чыгара албай, көкөйү кесилип, тилеги соолуп арманда кеткен байкуш атамдын элеси кайрадан көз алдыма тартылды. Буга удаалаш эле баягы бала да эсиме түштү. Эмне экенин билбейм, мен ошондо өзүмдү ошо баланын алдында, атамдын алдында, эжемдин алдында, өзгөчө кара баскан акчанын алдында айыптуу сезип кеттим…

… Анан кантип карабай өтө алам. Карайм да, улутуна эңшерилем…

0 Replies to “Акча”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *