Армян жомогу

Калппы, чынбы – бир короз болуптур. Ошол короз бок чокуп атып алтын монета таап алып, чатырга учуп чыгып жар салат:

– Ку-ка-ре-ку, пул таап алдым!

Муну уккан кан акчаны короздон тартып алууну жан-жөкөрлөрүнө буюрат.

Жан-жөкөрлөр короздун тапканын жулуп алып, канга апкелип беришет.

Короз кыйкырат:

– Ку-ка-ре-ку, кан тапканымды тартып алды!

Кан ошондо акчаны жан-жөкөрлөрүнө берип айтып турганы:

– Шүмшүктүкүн кайра апарып бергилечи, болбосо бүт дүйнөгө шерменде кылгыдай!

Жан-жөкөрлөр акчаны кайра апарышат. Короз чатырга чыгып дагы кыйкырат:

– Ку-ка-ре-ку, кан коркуп кетти!

Кандын каары кайнап, жан-жөкөрлөрүнө буюрат:

– Ач кулактан, тынч кулак болсун: шул шүмшүктүн башын кыйып, өзүмө бышырып бергиле. Мен аны бир отоло жеп тындырам! – дейт.

Жан-жөкөрлөр корозду колго түшүрөт. Короз чаңырат:

– Ку-ка-ре-ку, кан мени конокко чакыртыптыр!

Корозду союп, казанга салып бышырмак болушат.

Короздун жаагы басылбайт:

– Ку-ка-ре-ку, кан мени кайнаган мончого жөнөттү!

Корозду бышырып кандын алдына алып келишет.

– Короз кыйкырат:

– Кан менен бир дасторкондо отурам! Ку-ка-ре-ку!

Кан короздун этин оозуна тыгат. Кокосуна кирип бараткан корооз чаңырат:

– Кууш көчөдө кысылып баратам! Ку-ка-ре-ку!

Короздун жаагы жабылбаганы кандын канын кайнатат. Агер короз дагы кыйкырса кылычыңарды камдап тургула деп жанындагы жан-жөкөрлөрүнө эскертет.

Жан-жөкөрлөр кылыч жалаңдатып даяр турат: бири оң жагында, бири сол жагында шымаланат.

Короз кандын ашказанына жетип даа кыйкырат:

– Жарыктан ажырап, кара өзгөй кандын кардына түштүм! Ку-ка-ре-ку!

– Чапкыла! – деп буйруйт кан.

Жан-жөкөрлөр кандын кардын жара сайышат. Короз болсо секирип чыгып, чатырдын башына конуп кайрадан кыйкырат:

– Ку-ка-ре-ку!

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *