№6

Ойноп жатып  Аскат, Таштан.
Коюшту алар чырды баштап.
— Кедей атаң, коон саткан…
Менин атам бай! — деди Аскат.

— Менин атам коон сатса,
Сенин атаң тоону саткан ! —
-Ким айтты-ы-ы! — деди Аскат.
Атам айткан, — деди Таштан.

Айткылачы, балдар чыны,
Калыстыкта бүтсүн чыры.
Туура беле, коон саткан?
Же туурабы тоону саткан !?

Жылдыздардын атасы кайда?
Бал, балакай, балакай,
Асман тиктеп карады Ай.
Жылдыздарды көрдү анан,
Жыбыраган баладай.

Ай экен деп, ойлоду,
Жылдыздардын апасы.
Апасы го, Ай экен,
Кайда кеткен атасы?

Атама окшоп ал дагы,
Кетсе керек жумушка.
Ушуларды ойлонуп,
Калды балакай уктап.

Атасы деп ойлоду,
Таң эртеси Күн чыкса.
Кара эми,  кызык ээ,
Кайда кеткен жылдыздар ?…

Өрүк
Өрүк-өрүк, өрүк деп,
Өстүк биз да өрүк жеп.
Бирок балдар болбойлу,
Биз өрүктөй эзилчээк.

Сынак шарты менен ушул жерден тааныша аласыздар.

P.S. Сынакка келип түшкөн чыгармалардын авторлору жана калыстар курамындагы төрт адамдын аты-жөнү сынак жыйынтыгына чейин эч жерде жарыяланбайт. Азырынча купуялык үчүн ар бир автор номер түрүндө гана белгиленет.

Аталган сынакка катышкан авторлор менен калыстар курамындагы адамдар туурасындагы маалымат сынактын жыйынтыгынан кийин гана коомчулукка жарыяланат. О.э. бул сынакка тандалган калыстар курамындагы мүчөлөр да азырынча бири-бирин тааныбайт…Балдар үчүн жарыяланган бул сынак объективдүү баасын алсын үчүн сынактын катышуучуларынын да, калыстар курамынын да аты-жөндөрүн ачыкка чыгарбоону туура көрдүк.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *