Чоң жолдо чарчап-чаалыккан уй келатат. Жүндөрү саксайып, уйпаланып, илкип араң басат.
Тааныш уйлар:
— Сүйрөлүп кайдан?
— Алабукадан…

* * *
— Арак ичесиңби?
— Мунуң сурообу же сунушпу?
— Суроо.
— Жок, ичпейм.
— Сунуш болсочу?
— Анда, ичем!..

* * *

— Колуң көкүрөктөн жумшак сылап ылдый түшөт да арка-белден сыдырып жамбашка жетет…
— Бул эмне, Камасутрабы? — дейт кыз.
— Жок, бул деген бажы текшерүүчүлөрдү эрежеси.
* * *
Жаш эне «Тез жардамга» аптыгып чалып атат:
— Эки жашар балам кумга тоюп алыптыр, эмне кылам?!
— Балаңды эми цементке жолото көрбө!..
* * *
— Кыз-жигиттин мамилеси олуттуу экенин кантип билсе болот?
— Кыздын квартирасынан жигит таштанды көтөрүп чыга баштаганынан билсе болот…

* * *
Баласы 18ге чыкканда, еврей аталык насаатын айтат дейт:
— Мени жакшылап уккун: сен эми чоң киши болдуң.
— Билем, папа…
— Сен өзү Мекенди коргоо деген кесип бар экенин билесиңби?
— Билем…
— Эмесе эсиңе түй, балам, ал — биздин кесип эмес!

* * *
Баласы атасына:
— Ата, менин класс жетекчи эжейим сизди сүйүп калган окшойт!
— Капырай де?!
— Чын айтам, сизди мектепке дагы чакырып атат!
* * *
Эркектер эмне жөнүндө сүйлөшөт:
Отузга чыкканча канча кызды сүйгөнүн айтып түгөтө албайт. Отуздан алтымышка чыкканча канча литр ичимдик ичкенин айтып түгөтө албайт. Алтымыштан ары канча жолу инфаркт болгонун айтып коркута беришет.

* * *
Кечке маал. Иштен катуу чарчаган гаишник таягын сермеп, машинаны токтотот:
— Саламатсызбы! Лейтенант Сапаркулов! — дейт колун чекесине көтөрүп, — акчаңыз баары жайындабы, көрсөтүп коюңуз!..
* * *
Карт гаишник каза болуп, тиги дүйнөгө сапар тартат. Кудай сурайт:
— Айта бер, пендем, адамдарга жакшылык жасадың беле?
— Жасаган учурларым болгон.
— Жамандыкчы?
— Андай да болгон.
— Анда эмесе астыңда эки жол турат: бири бейишке. Экинчиси тозокко. Кайсынысын тандасаң, ошол жакка барасың.
Гаишник бир аз ойлонуп туруп айтат дейт:
— Ушул эки жолдун кесилишинде калсам болобу?..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *