Авар жомогу

Мышык бир күнү эле Меккеге барып Алланын алдында өз күнөөсүнөн арылууга аттанаарын жар салат. Чынында анын моюнга алаар күнөөсү көп болчу, өзгөчө чычкандардын алдында.

Мышык анан «чычкандарды жебеймин, атургай жонума минип алышса да тийбеймин» деген имиш таратат.

Бул кабар чычкандардын паашасына да жетет. Пааша сүйүнөт – «мышык өз күнөөсүн моюндаса, ырас жаныбыз жай алат экен». Ал анан мунун чын-бышыгын билмекке эки жаш чычканды мышыкка жөнөтөт.

Мышык аларды мээримдүү кабыл алып айтканы:

– Кагылайын туугандарым, күнөөмдү кечиргиле. Мүмкүн силердин да жакындарыңар менден ажал тапкандыр. Бирок бул экинчи кайталанбайт. Баарыбызды кудай бирдей жараткан, андыктан бирибизге-бирибиз таарынбай жашайлы.

Кийинки күнү мышыктын алдына курчоосундагылар менен бирге чычкандардын паашасы өзү да келет. Мышык баарын жайдары тосуп алып, кечирим суранат. Чычкандын баары мышыкты тегеректеп, кубанычтарын жашырбайт. Бир гана картаң чычкан жакын жердеги ийининен башын кылтыйтып карап турат. Аны чычкандын баары чакырат:

– Эй, келесоо, бизге кошулбайсыңбы? Мышык таптакыр өзгөрүп, бизге тийбей турганын айтты го!

– Кимди өзгөрдү дейсиңер, чычайган муруту турат ко, – дейт картаң чычкан. Деп ал айтып-айта электе эле мышык тегерегиндеги чычкандардын баарын басып жыгылыптыр.

Кыргызчалаган О.ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *