АҢГЕМЕ

… Комуз күүсү тээ бийикте бүркүт каалгып учкандай созулуп барып, жай жүрүштө салмактуу чыкты. Өкүмдар эми баштагыдай көзүн ачып-жумбай көңүл коюп, комуз дилин билип, тилин илгиртпей түшүндү. Кошо келген жигиттер таштай катып мостоюп, баш көтөрүшпөдү. Комуз үнү буттары тыбырап, жарышка түшкөн күлүктөрдөй бара-бара өөрчүп, эми болсо жонунан суу төгүлбөс жоргодой салып баратты. Пааша каардуу караган менен жүзү өзгөрүп, маанайы ачыла түшкөндөй. Комузчунун колдору өзү эле элирип ойноп, манжалары тез кыймылдап, кылдарды элпек терип, күүсүн өзү да тыңдап жаткандай башын оңго кыйшайтып, кашындагы паашаны караганга эрки жетпей турганда, ал өзү дал маңдайга келип калыптыр. Жигиттери каккан казыктай акыйат. Дем алгандары да билинбейт. Эми комуз таң алдында үн алышкан булбулдай укмуш кооз сайрап келди. Комузчу эми кызып, оң колу ылдый, өйдө шамдагай кыймылдап, салааларынан үн төгүлүп атты. Колдору маш келип, өтө кылдат чертти. Маңдайында бу он сегиз миң ааламдын паашасы отурганын сезбей баратты. Жан кечти Айхан дымып укту.

Кудум булбул сайрап жатты. Кубултуп сайрайт. Кулактын кужурун алып сайрайт. Жүрөк түпкүрүнөн сайрайт. Аруу, мөлтүр сайрайт. Ымыркай төрөлгөндөгү кубанычты сайрайт. Наристе күлкүсүндөй тунук сайрайт. Бала балтыр эти толуп, күлүк чаап, ата-энеси жетине албай карап турган көз ирмемди сайрайт. Өспүрүм бой жетип, сүйгөнүнө арзыган махабат кереметин сайрайт. Жазгы гүлдөй жайнаган жаштыкты жар салат. Бийиктикти даңазалайт. Сулуулукту саймедирейт. Өмүрдү даңктайт. Оо, Жараткан, ушундай сезимдерге бөлөгөн өмүр дегениң укмуш керемет экен го!

Бул сезимди жан дүйнөсү булганыч мерес адам кайдан сезе билсин. Мындай обологон керемет көз ирмемдер көкүрөгүндө таруудай да кири жок нагыз аруу жүрөктөргө гана таандык. Комузчу эргип чертип, элирип баратты. Комуз таңшып, булбул сайрап, жүрөк толкуп атты. Дүйнө жана пааша аны тыңдап туру.

Бу ааламдын паашасы эми кулагы менен эмес, жүрөгү менен берилип укту. Мындай кубулжуган күүнүн шаңында тээ кылыч чапкан баатырдык күндөрү шоона эшпей калды. Ойлонуп укту, толгонуп укту, жыргап укту. Бирок жүрөк толтосуна бир күкүм кум түшүп кетип, ал улам чоңоюп келаткандай опкоолжуп өйкөп атты.

Бука комузчу бүт тулпарларды чаңында калтырып, марага биринчи келаткан күлүктөй көл-шал тердеп, элирип алды. Эми чүкөдөй чал гана бу чөлкөмдө падыша болуп, өзүн кожоюн сезип, алиги Айхан болсо катардагы бир угарманга айланды. Элирген аргымактай демиген комузчуну эми эч бир күч токтото алчудай эмес.

Жүрөгүн эч ким жибите албаган, жүрөгү эмес, боору да таштан бүткөн, эне сөзүнө да, сүйгөн жардын назына да жумшарып койбогон Айхан эми комуз үнүнө жибип, жазыла түшкөнсүдү. Ошону баамдап комузчу өзүн накта падыша сезе баштады. Комуз менен кошо колу, башы, денеси кыймылдап, өйдө-төмөн ойкутуп, кайкытып чертип, аны карап турган Айхан да токтоно албай башын обонго үндөш ийкеп атты. Кудайга да эгерим баш ийгиси келбеген жанкечти эми комуз үнүнө баш ийип баратты.

Комуз дегениң укмуш турбайбы! Кылыч дегениң бир темирдин сыныгыдыр, өмүр дегениң куштун бир канат сермегенидир, алтын дегениң таштын бир бүртүгүдүр, комуз гана бу дүйнөнү ажарлантып, гүлдөтүп, миң кубултуп, жокту бар кылып, адамга канат байлап, тээ көк мейкинге алып учкан касиетке ээ окшобойбу! Куураган куу жыгачка эле үч кыл тартылып, бирок жүрөк менен жан дүйнөнү ээлеп алган бу сыйкырды ким ойлоп тапкан, аттигиниң!

Өлбөң, Теңир жалгаң! Комузду ким жаратса!

Ноён гана бул эргүүгө баш бербей саамдан кийин жер жарылып кетчүдөй бир нерсени күтүп атты. Кылт этип эле кыл жибин тартса дүйнө аңтарылып, теңтерилип кетчүдөй сезилип туру. Комуздун шаңдуу керемети көпкө созулуп кеткендей. Комузчу бул жерге неге келгенин унутуп калгандай. Ноён чыдамы бүтүп камчысы менен өтүгүн чаап ишаарат берди. Айхан бир селт этип алды. Ошондо гана комузчу тек-жайды түшүнүп, неге келгенин эстеди. Комузду оң колунан сол колуна алмашты.

Комуздун шаңшыганы билинбей пастап барып, эми боздогонго өттү. Адеп тээ улуу тоонун артынан угулар-угулбас гана үн угулду. Ыраактан чыккан күңгүрөгөн добуш жүрөккө жетип-жетпей атты. Ал обон улам жакындап келатты. Айхан отурган жеринен бир копшолуп алды. Эми комуз жөн эле чертиле бербей кадимкидей сыбызгып өксүп, бара-бара бышактап ыйлап баштады. Сол колунун манжалары сөөмөй, ортон, аты жок, чыпалагы менен тийээр-тиймексен муңкантып, өкүтү өзөк өрттөп, кабырга кайыштырып, хандын заманасы куурулуп баратты. Кыргыз баласы боз үйдөгү өлүккө алыстан адеп жасалма өкүрөт. Жакындаган сайын чындап өкүрөт. Өлүктүн жанына жеткенде эч ким көз жаш чыгарбай туралбайт. Жоктоп ыйлайт. Дал ошол сыңары ыйлаган комуз улам муңканып баратты. Эчкирип, эми зар какшады. Кудум азыр эле эмизип, энелик кумары канбай калган инген ботосун колдон алдыргандай. Жүрөгү капшырылып калгандай. Ары бир чуркап, бери бир чуркап, бу дүйнөдө таянарга эч нерсе таба албай, ээн талаа, эрме чөлдө темселеп, ботосунан айрылган боз ингендей боздоду.

Айхан эми жүрөгү оозунан атырылып чыгып кетчүдөй комузчуга жини келип, ээрди кыймылдап, жаак этинде бырыш пайда болуп, көзүнөн каарын чачты. Жүрөгү жамандыкты сезди. Бетинин түгү сыртына чыкты. Буга дейре адам өлүмү Айхан үчүн чымын өлгөндөй да эмес эле. Канча адамды өз колу менен өлтүрүп, канча өлүктөн ыракат алган. Тулпарынын туягында канча адамдын жаны калды. Он да, жүз да, миң да эмес, түмөн да эмес, сан жеткис. Ал өлтүргөн адамдардын башын чогултса эбак эле үйүлгөн опол тоо толмок. Канчасы көмүлгөн жок. Баланы атадан, кызды энеден, селкини бозойдон, элди журтунан ажыратты. Бирине да боору ачышкан эмес. Миң жыл көгөрүп уюп жаткан мөңгү акыры бир күн ачуу тийгенде ээригендей, таштан бүткөн боору болкулдап жумшарып, ачышып баратты. Асмандын бир жак ыптасы урап түшүп келаткандай болду.

Комузчу эми элирбей өзүнө келип, этият черткенге аракет кылды. Азыр кичине эле жаздым басып, жаза кетсе заардуу хан башын алчудай. Эми өмүрү Айхандын гана колунда. Комузчунун чымындай жаны падышанын бир көз ирмеми эле. Ал макул деп баш ийкеп белги берсе эле башы чабылат. «Балким бул күү –  бу жарыктагы менин эң акыркы күүм чыгар, бул күн – менин эң акыркы күнүм чыгар» деп ойлоп, комузчу ого бетер жүрөк кан тамырын жарып ийчүдөй, ушул муңга чыдабай комуз кылы үзүлүп кетчүдөй ичке боздотту. Ичтен сызылып кан акты, боорду жарып жаш акты. Комуз көөдөнүнөн шолоктоп турду. Жан чыдабай баратты.

Айхандын алкымы буулуп каардуу көзүнөн кандуу жаш имерип, ээк ылдый агып келип, тып деп мөндүрдөй тоголонуп түштү.

Эми айтчу сөзүн айтпаса болбойт, жүрөк чыдабай жарылып кетчүдөй.

— Ээ-хии, ии-эй, атаңдын гөрү дүнүйө! – деп созуп келип туруп, комузчу Бука төгүп кирди:

Туу куйругу бир кучак,
Тулпар качты Айханым.
Туурунан бошонуп,
Шумкар качты Айханым.
Алтын така, күмүш мык,
Дулдул качты Айханым.
Алтын Ордо башынан,
Булбул качты Айханым.
Деңиз толкуп чайпалып,
Көл бөксөрдү Айханым.
Терек түптөн жулунуп,
Жер бөксөрдү Айханым.
Берекелүү нур качып,
Эл бөксөрдү Айханым.
Төрөлөрдүн уруктан,
Төл бөксөрдү Айханым.
Агын дайра соолуп,
Көл бөксөрдү Айханым.
Кара жандан таптатты,
Ынак көчтү Айханым.
Касиеттүү башкача,
Чырак өчтү Айханым…

Бул обонго, бул күүгө, бул кайгыга жүрөгү менен берилип алган катаал пааша эми тун уулу Жуучуну жоготуп алганын түшүнүп, ичтеги кайгысын токтоналбай сыртка чыгарып, муңду эле уга бербей, эми өзү да кошулуп зарлап, эки жаагы бүлкүлдөп барып, өзүнүн пааша экенин унутуп, күйүттүү атага айланып, Буканын ыргагына салып:

Кет-кет, Кет Бука,
Кеби суук ит Бука.
Карап турган кашымда,
Кашың да курсун ит Бука.
Күү менен сүйлөгөн,
Сөзүң курсун ит Бука.
Комуз чертип ырдаган,
Ырың курсун ит Бука.
Кара жанды кашайткан,
Чырың курсун Кет Бука.
Атайы келген алдыма,
Ишиң курсун Кет Бука.
Комуз чертип жоруган,
Түшүң курсун Кет Бука, — деп эмне айтканын анча аңдай бербей дөөгүрсүдү.

Дүйнөнү алаканга салып каалаганындай калчап келген пааша эми өзү комузчунун манжасынын учунда, үч кылдын ортосунда калчанып туру. Ал деле бир пенде экен. Бышактап ыйлап, уулунан ажыраган бир байкуш чал кейпин кийип калды. Байкуш болбой калсын, бу жексур бу дүйнөдө боору бүтүн адам калтырган эмес. Эми өз канынан жаралган баатыр чыкма, эң ишенген тун уулу Жуучунун өлүмүн угузуп аткан бу ак калпакчан комузчуну соо койчубу. Эми ага ушул комузчу уулун өлтүргөндөй кара жолтой сезилди. Өз колу менен ушунун башын алгысы келди. Бирок жанында жигиттер турганда майда өлүмгө колун булгагысы жок. Ал өлтүрсө баатырдын гана башын алганы дурус. Падыша комузчуну өлтүрсө элге кеп тарап, даражасына доо кетпейби.

Комуз үнү да өксүп, каргылданып тумчугуп баратты. Жер үстү бүт кайгыга толду. Кара туман каптады. Бүт аалам бир тең да, Айхандын заар чачкан кабагы бир тең. Азыр ачуусу менен бу Жаратканды, бүт ааламды өрттөп ийчүдөй сезилди. Чындап эле өрттөп ийсе, бүт аалам бир додо күлгө айланып, ээн, ээсиз калса анын атын ким даңктайт? Кимге бийлик кылат? Комуз эми үч кылынан эмес, куураган  куу жыгачынан үн чыгарып аткандай такыр эле эчкирип, таңдайга тамчы суу жетпей калгандай какшып баратты. Эми ашкере кол ойнотпой, акырын терип чертип калды. Эң соңку кайрыгы менен сабырдуулукка чакыргандай болду. Өксүп, каргылданып барып комуз үнү тыйылды. Зарлап атып комуздун да көз жашы соолуп калгандай. Айхандын башы төмөн шылкыйды. Болор иш болду. Өлөр уулу өлдү. Өрт күйүп бүтүп күлү калды. Суу какшып болуп куму калды. Өмүр соолуп, топосу калды.  Дүйнө чымынга арзыбай туру. Бирок ушул кайгылуу кабар угузган комузчуну соо коё берсе, жүрөгүн мыжыктырганы үчүн кегин албаса, анда Айхан өзү Айхан болбой калбайбы.

Бирок аны бүркүттөй шукшурулган жигиттери илгиртпей түшүнөт, айттырбай жасайт. Комузчуну тез эле желкеден сүйрөп тышка апкетишти. Чын эле хан уулун өз колу менен өлтүргөндөй комузчу өзүн күнөөлүү сезип баратты.

Тигине, эмне болор экен деп кыргыз, казак, нойгут, найман уруулары чогулган дөбө. Алар да өздөрүн айыптуу сезип, хан уулунун өлгөнүнө аза күтүп атышкан. Кечээ адегенде Жуучунун өлүмүн ким угузат деп киши тандашты. Казактан бир домбурачы, кыргыздан бир комузчу чыкты. Муюп угуп көрүштү. Домбура үнү шаңдуураак чертилди. Комуз үнү муңдуураак угулду. Анан суук кабар угузганга муңдуу үн керек деп комузчуну тандашты.

Жуучунун жигиттери чыккынчыны колго түшүргөнсүп комузчуну алдыга салып, эл алдына апкелишти. Үн каткан, сөз сүйлөгөн киши жок. Баары бири-бирин көз караштан түшүнөт. Комузчу гана эч нерсени аңдабады. Же өлөбү, же жаны аман калабы.

Адегенде эл алдына чыгарып, комуздун кулагына кыт куюшту. Аны көрүп, комузчу өз денесине кыт куюлуп жаткансып бүткөн боюн бир жыйрып алды.

Эми баталгага колун создуруп, манжаларын балталамак болушту. Жанагы баарын боздотуп черткен ушул манжалары болчу. Эми манжасынан ажыраса ал үчүн дүйнөнүн кызыгы бүтмөк. Ошондо комузчу каргылданган үнү менен «Колумду кескенден көрө көзүмдү оюп алгыла» деди тайманбай. Мындайды уккан моңол жигиттери жөн турчубу. Башын чалкалатып, жайнаган эки көзүнө чыртылдап кайнап аткан коргошундан эки тамчы тамчылатты. Келген эл мындай мыкаачылыкты караганга батына албай жүз бурушту. Баары үн чыгаргандан апкаарышты. Комузчунун өзүнөн бир кыйла кичүү өмүрлүк жары Күнжаркын гана алыстан «Жарыгым!» деп аны көздөй жулунуп,  жанындагылар кармап калып, «Өзүңдү ойлобосоң да курсагыңдагы ымыркайды ойло» дегенде бир ачуу чаңырып, жүткүнүп, анан барып басылды. Комузчу болсо түгөйүнө жооп кылгансып жан чыдагыс катуу үн чыгарып алды. Ошондо алиги жигиттердин бири комузун колуна кармата салды. Бүткүл дене оорусун, жан оорусун комуздан чыгарып, эми жаны үзүлүп бараткандай комузун сай-сөөктү сыздатып, боздотуп, какшатып  чертти:

Какыраган кара кум,
Чөлдө калдым Жаркыным.
Кара сел каптап тунарбас,
Көлдө калдым Жаркыным.
Кара зоока, күн тийбес,
Белде калдым Жаркыным.
Чөп өспөгөн, гүл жайнап,
Жерде калдым Жаркыным.
Тирүү жүрүп өлүктөй,
Көрдө калдым Жаркыным…
Көр сокур болуп калгыдай,
Эмне кылдым Жаркыным?
… Чогулган эл дымып укту. Комузчу болуу бирде атак-даңк болсо, бирде шор экенин аңдашты. Ошол түнү Буканын шакирттери түн кечип, тоо ашып Алтай тарапка качып кетишти. Комузчулук өнөрпоздугу үчүн аларды да Айхандын жигиттери же мунжу кылып, же өлтүрүп салчудай кооптонушту.

Бирок муну менен эле могол жигиттеринин кеги кетип, көксөөсү сууп калган жок. Комузуна, жайнаган эки көзүнө коргошун куюлган менен анын бу дүйнөдө тирүү басып жүргөнү тигилерге ашыкча көрүнүп туруп алды. Өлтүргөнгө да батына алышпады. Анткени, айбатына адам даабаган Айхан өзү башын алганга буйрук берген эмес эле.

Кантсе да Ноёндун амалкөй жигиттери өз колдорун тийгизбей, эми айбан колу менен өлтүрүүнүн жолун ойлоп табышты.

Аң уулап жүргөндө Жуучуну чаап өлтүргөн алаяк жолборстун өзүнө салып берели деп чечишти. Токойду үч күн тинтип, бул чөлкөмдө жалгыз бийлик кылган алаяк жолборсту таба алышпады. Аны илгертен ушул жердин ээси деп коюшаар эле. Алар тебелебеген токой калбады. Жапыра кыдырышты. Болгону ар кай жерде тоңкоюп марал өлүгү жайнайт. Бүт баарынын желиндери кесилген. Анткени, Жуучунун жаш катыны маралдын желинин куурутуп жегенге талгак болуп, анан эки ай бою аң уулашып бу чөлкөмдө тирүү марал калбады. Этин жегенге үлгүрүшпөдү. Тирүүлөй атып, жаны чыга электе желинин кесип алып атышты. Ошончо маралдын баарын Жуучу өз колу менен атты. Жигиттери маралдарды үйүрү менен айдап, тосмо тосуп, буктурмалап берип, башкаларга атууга тыюу салынып, алардын көзүнчө ханзаада Жуучу өзү гана бирден терип атты. Аны коштогон жигиттер өздөрүн кийиктей сезишчү. Себеби алар айбанды ыктоо, ачык, ыңгайлуу жерге гана кубалап чыгып, камап берип, өздөрү ок атканга акысы жок болчу. Андай кумарды Жуучу өзүнө гана ыраа көрдү. Жигиттери черге кире качкан каманды, аскага чыга качкан кийикти, арча түбүнө жашынган кашабаңды толук айдап анын астына гана апкелиши милдет. Антпей бирөөсүн эле жаза качырса өзү кийик болгон туру.

Ошондой күндөрдүн биринде Жуучунун өзүн капыстан Жолборс келип артынан чапты. Адам паашасынын баласын айбан паашасы өлтүрдү.  Укмуш сүрдүү болгондуктан баары дабдырап коркуп, эч кимиси ок тийгизе албай, жолборс кайра токойго кире качкан.

Эми комузчуну ошол жолборско салып бергени алып келишти. Издеп таба алышпай, акыры оттон качып чыгат деп токойду өрттөштү. Карагай чер кагаздай тез күйдү. Жалбырты асманга жетти. Күйгөндө чатыраган үнү кулак жаңыртты. Беш күн бою могол жигиттери токой тегеректеп жолборсту күтүштү. Айбан да болсо жан таттуу эмеспи. Өрт чыкканда канаттарын калдайтып бүркүт качты токойдон, көздөрүн жайнактатып элик качты токойдон, куйругун кыпчып карышкыр качты токойдон, эки жагын карап шыйпаңдап түлкү качты токойдон. Качпай жалгыз кумурска калды, жанталашып үйүн коргоп. Качпай анан жолборс калды. Беш күн, беш түндөн кийин жапжашыл ажайып токой карарган күлгө айланды. Бирок жолборс чыкпады. Өрттүн жалбырты басылганда токойдун дал ортосундагы аралчада кашкайган көк жарча көрүндү. Болду болбоду ушул жакта болуу керек деп боолгоп могол жигиттери азиз комузчуну алдыга салып, өздөрү куралдары менен саксактап тегеректеп, азыр эле алдынан жолборс чыга калчудай этият, кылдаттык менен жарга жакындап келатышты. Тээ алыстан эле ырылдап, тиштери арсайып, көздөрүнөн каары чыгып алаяк жолборс көрүндү. Улуу өрттө баары качып, баары өлүп, баары күлгө булганса да жолборс аска жарда тирүү калып, атургай алдыңкы бутундагы ак алаягы да эч булганып койбоптур. Айбан болбосоң коё кал. Жолборс жолборстугун кылып көк жардын түбүндө оролуп, эч коркпой ырылдап тап берип, же ордунан туруп койбой былк этпестен жатты.

Жоокерлер эки катар болуп тегерете оролушту. Арты көк жар. Үстү зоока. Бет маңдайда жолборс. Туш тарабы курчаган могол жоокерлери. Бирок мунун баарын Бука комузчу көрбөдү. Көкүрөгү менен сезип баратты. Жана ырылдаганынан ит экен деп ойлогон. Эми үнү жоон чыгып, жакын эле жерден угулуп атты. Жигиттердин баары көз ирмебей тиктешип, аларга азыр эле комузчуну жолборс бир серпип алчудай сезилип жатты. Анан тиги айбан комузчуну бычыратып жесе көксөөлөрү канып, ошондон кийин гана жолборстун өзүн өлтүрүшөт эле. Ошентип Айхандын алдында актанышмак. Беш-алты кадам жете бергенде жолборс катуу ырылдады. Ушул жерден токтош керек экенин сезип, Бука комузун толгоду. Капкагына коргошун куюлуп, бир аз үнү коңур чыгып жаткандай туюлду. Ортоңку, ылдыйкы буроосун бурап, тепкегин тууралап, эми ак шапак болуп калган көзүм көркүмдү бузат дегенсип, башын асманды каратып, кербез күүнү баштады. Жайнаган гүлдү, мөлтүр сууну, тийген күндү, сулуунун айжамал жүзүн, каалгыган аппак булуттарды, таңдын атканын, көк ирим көктөмдү, деги керемет дүйнөнү эми көрбөй калган арманын төктү. Эч бир дүйнө, эч бир жан угалек керемет, муңду боздоду. …Ичи бөлтөйүп билинип калганына карабай өмүрлөшү Күнжаркын жолборско жакын келген эрин көздөй жүткүндү. Укмуш чертилип жаткан кайрыктарга тоскоол болбоюн дегендей кайра быкшып ыйлап барып токтоло түштү. Бетме-бет минтип жолборсту биринчи көрүшү. Коркконду да  унутуп койду.

Карарган талаа.., күйгөн токой.., күл болгон жер.., ханзаадасынан ажыраган жигиттер.., айнектей көздөн ажыраган комузчу.., жарга кептелген жолборс.., боздогон күү… Бу дүйнө баары айланып келип, биригип бир көз жаш тамчыдай болуп таамп кетчүдөй муңдап турду. «Каак» эткен карга, «куук» эткен кузгун жок. Өрттөн аман калган кумурскалар гана шишкебек болуп күйүп, күлү додо болгон марал өлүктөрүн тегеректейт. Кыбырап-сыбырап, ошолор гана өмүр бүтпөй тирлик уланып атканын билдирип жаткансыйт.

Кыбыраган кумурска эле болбосо, калган дүйнө өлүктөй катып, муңдаган комузду эшитип туру. Азыр эле күркүрөп, атырылып бир серпип жок кылчудай сезилген алаяк жолборс эми үн чыгарбай, Айхан паашаныкындай жүлжүк көзүн ачып-жуумп, көшүлүп тыңдап баштады.

Комузчудан башкасы таштай катып турду. Комуздун гана үнү угулат, калганы муюп угуп беришти. Айхандын миңдеген жоокерлери тирүү өлүк болуп катып турушту. Өрткө күйүп күлгө айланган жан-жаныбарлардын өлүктөрү андан көп. Кечээки өрттүн илеби али кайталек. Өрт менен өлүктүн жыты каңшаарды өрдөйт. Комуз гана бу дүйнөдө өлбөй тирүү жалгыз калгандай. Комуз гана таңшыйт, боздойт, шолоктойт. Комуз үнү сайдан сайга, тоодон тоого жаңырып угулуп, улам арылап бу чөлкөмдү кучагына алып баратты. Кечээги токойдун өртү эчтеке эмес. Бүгүнкү комуздун өртү өпкө-боорду аралап, жүрөктүн толтосун тилип атты. Комуздун кылы жүрөктүн кылына айланды. Жүрөк эми комуз менен кошо кагылып, кошо дем алып туру.

Эр жүрөк Жуучу өзү кезинде жигиттери менен бу чөлкөмдө жолборстой жортуп жүрүп, далайды чапкан. Эми акыры өзүн алаяк жолборс чапты. Ошол жолборс эми бир чүкөдөй азис комузчунун астында жолборстугунан кайтып, күү угуп, муң угуп, боору жумшарып, жүрөгү эзилип, дене бою жазылып, бөбөктөй көшүлүп уктап баратты…

Күнжаркын да сооронуп басылды. Ошондон көп өтпөй эле ошо жолборстун жүрөгүнө талгак болду.

…Муну уккан соң жамы журт тимеле кыргыздар барып Айхандын өзүн чаап келгендей кайраттанып, дуулдап кеп курушуп, түн бою от тегерегинде болушуп, таң эрте жеңил-желпи эле Теңир Тоону көздөй жол улап кетишти.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *