Эсенбай НУРУШЕВ 

Салижан Жигитовдун 80 жылдыгына карата

Ыракматы Салижан агайды ушинтип өз аты менен атай турган маал келди.

Албетте, муну апыртсын баа деп айтчулар да табылат. Ошондуктан алдын-ала «гений» деген түшүнүктүн өзүн биртике тактап коёлу.

Көөнө латын тилиндеги genius сөзү адегенде эр адамдын, андан соң үй-бүлөнүн жана коомдун көзгө көрүнбөс сыйкырдуу колдоочусу, пири дегенди билдирген. Кайра жаралуу доорунда «гений» деп түшүнтүп бере алгыс чыгармачылык ийгиликке жетишкен адамды айтышкан. Бу түшүнүктү эстетикалык мааниде биринчи ирет И.Кант санжаптап (системалап) чыгып, аны: «Адамдын тубаса жөндөмү» – деп атаган. «Дал ушул тубаса шык аркылуу табият көркөм өнөрдүн эреже-тартибин аныктайт» (И.Кант. Критика способности суждения. М.,1966). Эртеги немец романтиктери генийлик адамдын табигый касиеттеринин бири экенин, ал ар бир адамда, айрыкча жаш балдарда «үргүлөп» жатарын белгилешкен. XIX кылымдын этегинде бул термин элитардык мааниге өтүп, акылы жана таланты жагынан көпчүлүктөн айырмаланып турган адамга айтыла баштаган. Азыркы кеңири маанисинде чыгармачылык шык-жөндөмдүн эң жогорку жана бийик деңгээлде көрүнгөн учурун билдирет.

Илимдин ушул позицияларынан караганда Салижан агайды озук ойчул, ал эми сөз өнөрүнө калганда анын генийи деп айтсак толук жарашат. Муну тастыктаган танык да бар: ким бирөөлөр каалайбы-каалабайбы, моюнга алабы-жокпу, аларга жагабы-жакпайбы, ага карабай биздеги улуттук коомдук ойдо «салижанизм» (salijanism) деген өзүнчө бир агым, нук, багыт жаралды. Бу реалдуу факт, ким бирөөнүн колдоо-коргоосуна, тескөө-нускоосуна муктаж болбой эле объективдүү түрдө жашап жаткан феномен. Салижанизм сай-сайлап кеткен бир нече салаадан, эсил киши өзү айткандай, «көп коёндон» турат, балким, алар келечекте бир өстөнгө кошулуп, бир көгөнгө байланып, коомдук ойдун өзүнчө бир мектеби болуп калгысы бардыр. Анын үстүнө Салижан агайдын ар бир «коёну» кыргыз коому үчүн өзүнчө эле бир адабий-эстетикалык, социалдык-гуманитардык маанидеги теория, концепция болгонго татыйт. Алардын арасынан экөөнө кененирээк токтоло кетейин деп турам. Мен аларды Салижан агайдын «философиялык доктриналары» деп атадым.

ЭЛДИК ЭЙДОС ДОКТРИНАСЫsake

Салижан агайдын биринчи доктринасы деп, албетте, анын улуттук жолойго (менталитетке), элдик эйдоско (идеялар дүйнөсүнө) байланышкан, ушулардын тегерегинде айтылган ар түрдүү көз караштарын, пикирлерин, ойлорун айтуу керек. Биздин элдин рационалдык ойдун баскычына чыкпай калганын а киши кыргыздын чоң өксүгү, кенемтеси деп эсептейт эле. Карапайым эл турсун анын алдыңкы, агарып-көгөргөн өкүлдөрү деле куру кыялдарга, ар кандай утопияларга, мистикага көп ишенерине, жомокту чындыктай көрүп аларына, прагматикага жок экенине такай кейип, бу жагынан кыргыз коомун сөөгүнөн суу чыккыдай кылып сындап жүрүп өттү. Бир ирет «кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесине бүтүп калганын» айтып салып, жалаң асмандын башын сүйлөгөн абстракционист-философтордун ой-тоону айтып, ойгелди чечендеген софисттердин, «кыргыз» деп кыйкырганы менен акыл торбосунда эки тоголок мыдыры жок улутсаактардын оргу-баргы сөздөрүн уккан учуру да болду. «Кысталак бу кыргыздан мага эчтеме деле керек эмес, орден-медалына, атак-наамына мурдум бүтүп турган жери жок. Кокус көзүм өтүп кетсе, бир көчөгө атымы коюп, эстелигимди деле тургузбасын. Болгону бу кыргыз башын иштетип, акылын өстүрүп, алдыңкы элдердин катарына теңелип алса болду эле, мага ошол жетишет», – деп күпүлдөп калар эле айрым кезде ич күптүсүн чыгарып. «Кээде ушу кыргыз болуп калганыма арданам», – деп ачууланганын да көп уктум.

…Бир жолу телефон чалып: «Ой, сен мага бир келбейсиңби, баягы теманы өзүбүз эле айта бербей, гезитиңер аркылуу элге да чыгаралы», – деп калды. «Баягы тема» дегени улут темасы эле. Советтик маркадагы эски бир магнитофонду көтөрүп алып, ишемби күнү илимдер академиясына бардым. Агайдын кызыл чайынан ууртап, чылымды буркуратып коюп, беш-алты сааттай сүйлөшүп отурдук. Жаздырып алгандарымын баарын кийин кертип-жонуп, анан агайдын өзүнө көрсөтүп, редакциялатып, «Жаңы заман келатат. Биз кантебиз?» деген ат менен гезитке (азыркы «Кыргыз Туусуна») жарыяладык. Менимче, ал Салижан агайдын жаңы доордун шартында улуттун келечегине, өнүгүүсүнө серепчилеп көз салган программалык ой-толгоосу болгон эле. Ошо жерде да а киши биз баарыдан мурда акылга, илим-билимге таянышыбыз керектигин, ушул жолдо гана биздин улуттун келечеги болорун өзөктүү ой кылып айткан эле.

Деги эмнеге а киши интеллектти, илим-билимди кыргыз үчүн өзгөчө капитал деп эсептеп, аларды баарынан жогору баалайт эле?

Маркстын заманында британдыктардын төрт ирет премьер-министри болгон Ульиям Гладстон деген жазуучусу болгон. Илимий коммунизмдин атасы аны «улуу шумпай» атаган. Ошо Гладстон кайсы бир макаласында: «Тарыхтын чаңында калгысы келбеген чакан өлкөлөр эки нерсеге ээ болушу керек – алардын же табигый чоң байлыгы, же болбосо өнүккөн интеллекти болушу керек. Эгер мунун экөө тең жок болсо, анда андай өлкөлөрдүн келечеги күмөндүү болот», – деп жазганы бар. Муну кийин тарых тастыктады. Табигый байлыкка чукак «азиялык жолборстордун» баары жалаң акылдын аркасы менен дүйнөлүк өнүгүүнүн алдыңкы сабына секирип чыгышты. Ал эми байлыгы башынан ашып-ташып аткан кээ бир өлкөлөр болсо интеллекттин тартыштыгынан дале итке минип отурушат.

Бизде Кудай берген кордолуу байлык деле бар эле, бирок анын үзүрүн кыргыз азырынча көргөн жок, балким, көрбөйт да болуш керек. Ал эми интеллект жагына келсек, албетте, «акыл-эс ар дайым болот, бирок ал ар дайым эле акыл-эс формасында көрүнө бербейт» (Маркс). Биз азыр ушундай абалдабыз.

Салижан агай өзү ички жасат-жаны жагынан рационалдык ойдун бийик өрүшүнө жеткен инсан эле. Мунусу кала берсе анын поэзиясынан да таасын байкалат. Кайсыл ырын албайлы, алардан жогорку интеллекттин илеби уруп, акылдын эстетикасы кашкайып турат. Анын ырларында турмуш акыйкаты адамдын кабылдоосунан жана аң-сезиминен тышкары кандай формада жашаса, ошол турпатында көрүнөт. Реалисттик көркөм ойдун мындай оролуна чанда бир таланттар гана жеткен.

Ойлоо манерасы жагынан Салижан агай XIX кылымдын орто ченинен тартып калыптанган прагматикалык философиянын өкүлдөрүнө (Ч.Пирс, Ж.Дьюи, Ж.Мид ж.б.) окшошуп кетчү. Ошентсе да жалпысынан мен а кишини «ким дүйнөгө акыл-эстүү караса, дүйнө да ага акыл-эстүү карайт» (Гегель) деген позицияда турган кадимки эле классикалык (рационалдык) философиянын өкүлү деп айтар элем.

Салижан агайдын элдик эйдос доктринасы жөнүндө айтканда анын өз улутуна байланыштуу позициясынан кыйгап өткөнгө болбойт. Ашынган жарма патриоттор аны азыр деле «нигилист» деп жактырышпайт. Бирок а киши анык «улутчул» болгон, болгону анын улутчулдугу түркөй түрүндө эмес, абдан өнүккөн, жогорку формада, айталы, өз элин «бутунан башына чейин жек көргөн, бирок муну чет элдик бирөө айтса өлөрчө арданган» Пушкиндин деңгээлинде көрүнгөн. Кезинде «чаарбаш» аталып, орус падышасынын жарлыгы менен «ырасмий жинди» болуп жарыяланган керагар ойчулдардын бири П.Чаадаевдин: «Өз элимди өзөртө сындагым келет, мазактап кордогум келет, басынткым келет, бир гана алдагым келбейт», – деп жазганы бар. Салижан агайдын аталган маселедеги бүткүл позициясын да дал ушул принцип түзгөн.

ӨРНӨКТҮҮ ТЕКСТТЕР ДОКТРИНАСЫ

Салижан агай кыргызга, өзү көп какшап айткандай, улут тилиндеги «өрнөктүү тексттердин» мүрөл үлгүлөрүн көрсөтүп берди. Илимий эмгектери, кара макалалары, поэзиясы, прозасы болсун – анын колунан чыккан жазма продукциянын баары логостун эң жогорку талаптарына төп келген деңгээлде жасалган. Эне тилдин жанарын жайнатып, кыргызча мыкты жазган авторлор бизде бир топ эле бар. Бирок баары бир текст түзүү жагынан Салижан агайдын алдына чыккан адамды, ачыгын айтканда, кыргыздын жазма маданиятынын тарыхынан мен ушу күнгө чейин учурата элекмин.

Жарыктык а киши өзү да «адамдын билими, акыл-парасаты, ички дасмиясы, дегеле бүт насили ушу текстке чыгарын» абдан көп айтат эле. «Сабаттуу текст мээдеги чаржайыт ойлорду иретке келтирип, тартипке салат, адамды бузулгус бир ыдырда ойлонгонго үйрөтөт», – деп келет эле.

Кыргыз гезиттеринде бир эле сүйлөмдө бир сөздү беш-алты ирет кайталаган макалаларды окуганда куйкасы курушуп, кадимкидей туталанып кетчү. «Башкасын кой, бечелдигибиз ушул текст түзгөндөн эле көрүнүп турбайбы, анан кантип жүрүп алдыңкы эл болмок элек», – деп күйүп-бышкан учурларын көп көрдүм.

Салижан агайдын текст дегенге безеленип мынчалык чоң маани бергенин, ыймандай сырымды айтсам, адегенде түшүнгөн эмесмин. Кийин жаш бир топ өйдөлөп калганда грамматология (Ж.Деррида), тексттер анализи (Р.Барт), семанализ (Ю.Кристева), герменевтика (М.Хайдегер, Х.Гадамер) өңдүү агымдар тууралуу анча-мынча кабардар болгон соң гана бу текст деген балакетиң башы казандай болгон далай ойчулдарды азапка салган, иш жүзүндө дүйнөнү аңдап-таануу (гносеология), жалпы болмуш (онтология) менен байланышкан абдан чоң проблема экенин аңдадым. Көрсө, жарыкчылык жазмыштын өзү Чоң Текст экен, анын сырбелгисин (кодун) тапканы же ачканы байыркы жана классикалык, постклассикалык философиядан тартып гуманитардык ойдун after-postmodernism сыяктуу эң соңку салаалары тургай математика, физика баш болгон так илимдер ушу күнгө чейин арпалышып келатат. Салижан агай болгону бизге бу маселенин эң эле жөнөкөй алиппесин айтып, ошону да аш кыла албаган мажестигибизге жаны кашайып жүргөн экен. Неге дегенде «кирди-чыкты ойлонгон адам кирди-чыкты текст түзөрү», тескерисинче, «таасын ойлонгон адам таасын текст жазары» (эки цитата тең Аристотелдики), тавтология болсо оорунун белгиси экени эзелки доорлордо эле дайын болгон экен. Азыркы замандагы психолингвистикада текст: «Адамдын дени-карды соо экенин текшере турган сынамык» – деп саналат. Кайран киши кайсы элде өз тилинде таасын, сабаттуу текст жаза алган кишилер катмары канчалык калың болсо, ошол эл алдыңкы маданиятка жетерин айныбай билген экен, ушуга кайгырып убайым тарткан экен.

А кишинин «өрнөктүү текст» жөнүндөгү ойлору бүгүн деле өзгөчө актуал бойдон турат. Эне тилдин келечеги, анын өрүшүн кеңейтүү, коомдук турмуштун кеңири чөйрөлөрүнө, айрыкча илим-билимге жайылышы барып келип эле ушул маселеге байланат. Стилистикалык стандарттарды, эрежелерди мындай коёлу, сүйлөмүнүн башы менен этеги бирикпеген тексттер бизде кадыресе норма катары каралат. Аналитикалык философия мындай карапайым тилди жаңылыштыктар менен каталыктардын башкы булагы деп таап, аны логиканын бардык мыйзамдарына жараша тартипке, ыраатка салынган тил менен алмаштырганына бир кылымдай болду. Салижан агайдын «өрнөктүү текст» ташбыйкатын «лингвистикалык бурулуш» аталган ушул заманбап философиялык концепциянын кыргызча варианты деп атасак болот. Ушундай бурулуш жасала элек тилде, постмодернизмдин аныктамалары менен айтканда, логофилия эмес, логофобия үстөмдүк кылат. Биздин эне тилдин башкы бир проблемасы да мына ушунда.

ӨЗГӨЧӨ ПОЭЗИЯ

Эми Салижан агайдын таза поэтикалык таланты тууралуу эки ооз кеп. Бул темада башка авторлор да айтат, жазат болуу керек, мен тек өзүм байкаган бир нече жагдайды гана учкай белгилеп кетким келет.

Биринчи. Чакан бир ырында адамдын беш-алты, кээде андан көп сезимин кошо козгоп, аларды бирдиктүү жалпы бир туюмга айланта билген акындар дүйнөлүк поэзияда деле көп эмес. Сейрек кезиккен мындай ыкма философияда жана эстетикада «синестезия» деп аталат. Аны Аристотель («О душе»), Д.Дидро («Письмо о слепых, предназначенное зрячим»), постмодернизмде Ж.Бодрийяр («Экстаз коммуникации») изилдеп, көркөм таланттын өзгөчө бир касиети деп аныкташкан.

Салижан агайда ушундай «полистилистикада» (көп түркүн стилде) жазылган ырлар итапкан бар. Ишенбегендер бир эле «Элегиясын» окуп көрүшсүн. Элет жеринде туулуп, элет жеринде өскөн адам бул ырдан канча бир сезимге кабылат. Демейде анча элес ала бербеген теректер эле бир нече абазда: кеч күздө – муңдуу, жазда – жайдары, жайда – алдейлүү, мелүүн үн чыгарып шуулдайт. Ушул эле угумдар көз алдыга үч түрдүү түс – чымкый жашыл, кочкул жашыл жана керсары жалбырактардын элесин тартат. Буларга лирикалык каармандын – автордун кабырга кайыштырган кайгысы, күрсүнткөн күйүтү, калбаат кусалыгы, салабат санаасы, бактылуу балалыгы, анын аруу деми, айылдын ажайып бир баракаты кошулуп, баары аралашып, башкача бир туюм жаратат. Сөз дегенди бапестеп бага жүргөн, андан да поэзия дегендин кадырын жакшы билген айрым авторлор, эсил кайран кишинин шакирттери, айрыкча Алым Токтомушев, Нуралы Капаров ж.б.: «Жалгыз ушул ыры үчүн гана Салижан агайга эстелик орнотсо жарашмак» – деп жүрүшкөнү бекеринен эмес.

Экинчи. Салижан агайдын «Уйкашсыз уюган ырлар» деп аталган өзүнчө түрмөгү бар. Формасы жагынан кадимки эле кыргыздын салттуу, жайдары стилинде жазылган, болгону саптардагы акыркы сөздөрдө уйкаштык жок. Бирок аларды адатта «ак ыр» деп аталып жүргөн поэзиянын түрү дегенге да болбойт, анткени ички үндөштүктүн күчүнөн улам анык уйкаштуу ырдай кабыл алынат, окуп атып алардын уйкашсыз экенин таптакыр баам албай каласың. Ушул түрмөккө топтолгон чыгармалар, өзгөчө «Күз дастаны» поэмасы эмнегедир мага Салижан агайдын «ак ырчыларды» эликтеп, чыгармачыл эрөөлгө чакырган тукуругундай, «ырасмий» акындарга сабак же санат кылып көрсөтүү үчүн атайын жасаган экспериментиндей асер калтырат. Канеткен күндө да бу тажрыйба «ак ыр» менен кадимки традициялуу ырдын кошундусунан куралган өзүнчө бир табылга, кайсыдыр бир мааниде поэзиянын жаңы түрү деп атагыдай көркөм туундулар болгону талашсыз. Бери эле дегенде уйкашсыз ырды минтип уйкаштуу ырдай кылып салуу ар кимдин эле колунан келе бербейт.

Үчүнчү. Азыркы герменевтиканын (сөз таануу илиминин) атасы Ханс Гадамерге ишенсек, «котормонун базасында философиялык ой-пикир алышуу мүмкүн эмес». Минтип ал ар бир тилдин уникалдуу система экенин, алардын ар биринин кайталангыс өзгөчөлүктөрү, башка тилде туюнтуп, түшүнтө алгыс маанилери, ньюанстары болорун өтө мыкты билгенден улам айткан. Конгениалдуу котормо болбосуна башка адистер да бир ооздон кошулат. Салижан агай болсо кайсыдыр бир өлчөмдө ушул чындыкты төгүнгө чыгара алды десек болот. Ал которгон Назым Хикмет менен Мустай Каримдин ырлары буга далил. Эгер аларды авторун айтпай кайсы кыргызга окутса да, муну биздин эле таланттуу бир акын жазган деп айтары шексиз.

Мен атактуу бу эки акындын чыгармаларын түп нускасында окуган жокмун, бирок орус тилиндеги котормолоруна салыштырганда Салижан агайдын кыргызча таржымалары өзүнчө эле бир шедевр деп айта алам. Муну кызыккан ар бир адам, айрыкча поэзия ышкыбоздору өздөрү деле текшерип көрсө болот.

ПИР

Салижан агай менен «эски» тааныш элем. «Эски» дегеним анын адабий сын макалаларын, ырларын мектептеги жылдарда эле «Ала – Тоо» журналы менен «Кыргызстан маданияты» апталыгынан тытып окудум. Көп ырларын, айрыкча «Уйкусуз түндөр», «Муңдуу баян» (биринчи мерте «Жаштык делебе» деген ат менен жарыяланган) поэмаларын жадыбалдай жатка билчүмүн, аларды туурап ырлар да жазгам. Кийин жакындан таанышкан соң а кишиден дагы көп сапаттарды ачтым. Бир ирет кадимки эле орто мектепте өтүлө турган кыргыз тил китебин окуп отуруптур. «Жарыктык, мында эмне жоготтуңуз эле?» – десем: «Бу силер билбейсиңер, илим, билим дегендин бүт уюткусу ушу китептерде», – деп айтты. Ошондон кийин мен да мектеп үчүн жазылган окуулуктарды кез-кезде барактачу болуп алгам. Чын эле ошол китептер «билбегенди билгизет».

Эсил кайран киши журналистиканы да мыкты билет эле. «Баланчадан төл алды, түкүнчөдөн түшүм алды деп эле жаза бересиңер, мунун эмнеси жаңылык. Бу бийлик элден, коомчулуктан эмнени жашырып айтпай атса, ошону жазгыла, жаңылык ошо», – деп калат эле. «Адамды ит каап алса жаңылык эмес, итти адам каап алса мына ошол жаңылык» дегенди да биринчи ирет тээ сексенинчи жылдардын башталышында Салижан агайдан уккам. Кийин билсем, мунун баары Батышта XIX кылымда эле белгилүү болгон экен. Жабык коом шартында жашаса да, «буржуазиялык» деп аталган «бөкөчө» басма сөздүн принциптеринен ошо кезде эле жакшы кабардар болгонун карабайсызбы!

Айтор, өңгөнү билбейм, жеке мага эсил киши сөз менен интеллектуализмдин пири өңдөнүп көрүнөт эле. Жигитов дебей, жанатан бери жалаң Салижан агай деп атканым ошондон.

А киши болсо өзүнүн мындайлыгын билчү эмес. «Майда элиң баары бир майда болот экен, кысталак. Элиң майда болсо сен да майдасың да. Жаңылып-жазып бу кыргызга Айтматов бир жаралып калган экен, аны да көрө албай атпайбызбы. Бизге окшогон кибиреген элден мындай киши чыгышы кыйын экенин ойлонуп көргөн адам жок. Кыргыздын кыйынымын дегендердин баарын чогултуп келсең чоң элдин орточо он кишисине тең келбейт», – деп калат эле жарыктык киши.

Мунусу да чын. Ошонубуздан улам арабызда эле аралашып жүрүп, биз сыяктуу эле көрүнүп, алакандай кыргыздын гений деп айткыдай дагы бир улуу азаматы жашап өткөнүн эми билип атпайбызбы, арман күн!

Э.Нурушев: Тилине тибиртке чыккандар үчүн

С.Жигитов: Ит атаар жана башкалар ушул шилтемеде

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *