Макелек ӨМҮРБАЙ

Кыргыз элинин тарыхы эң эле узун экени жазма тарыхтан ишенимдүү көрсөтүлүп келет. Ал кыргыздын бийлик курган тарыхы да санактан мурдагы 200-жылдарда кагаз бетине түшкөн болуп, кытай тарыхынын атасы Сыма Чыян «кыргыз мамлекети» деген маалыматты берген. Бирок ушул баянга түкшүмөл кароочулар да жок эмес. Себеби кыргыз бийлигинин тарыхын изилдөө кеч калып, ал тургай кыргыздын ошол эле санактан мурда курулган бийлигинин башында кимдер турган, кайсыл ажо кайсыл кылымдын канчанчы жылдары кыргыз бийлигинин тактысында олтурган дегенди ушул күнгө чейин тизмелеп көрсөтө албай келебиз. Ошондуктан, кыргыздын мамлекеттүүлүгү кандайдыр бир жомок сыяктуу гана баяндалып, чыныгы тарыхтын бети ачылбай келгенин ачык айтсак болот. Ооба, ушул күндөгү кыргыздын байыркы тарыхын баяндаган эмгектерде, кыргыз бийлигинин баш кишисинен бир-эки гана адамды, атап айтканда, Барсбек жана Жаглакар ханды айтып тим болгонубуз, кыргыздын бийлик тарыхын түкшүмөлгө түшүрүп келе жатканын туюнганыбыз абзел.

Кыргыздын улуттук тарыхын тактоодо улут болуп, кыргыз атка конуп жашаган тарыхы менен кошо, ал бийлик куруп, дүйнөгө чамгарак көтөргөн тарыхын билүү да абдан зарыл. Ушул максаттын тутумунда, көп жылдардан бери кыргыздын тарыхын, ошонун ичинде мамлекеттүүлүк бийлик тарыхын кытай жазма булактарына үңүлүп олтуруп, кыргыздын  VIII кылымдагы ажосу Жетисан Бекбай Багачор ажонун өмүр баянын жана анын айкелин кытайдын таң падышалыгы доорунда астана шаар болуп турган «Чаң Ан ордосунан» (азыркы Шаншы провинциясынын Ши Ан шаарынан) таап алууга жетиштик. Анда, кыргызды улут болуп калыптанган тарыхынын узун экенин айтууну коё туралы да, кыргыз бийлик тарыхынын килитин ача турган баяндарга, анын ичинде өз көзүм менен көрүп, колум менен сылап келген Жетисан Бекбей Багачор ажонун Ши Андагы айкелинен сөздү баштап, кыргыз бийлигинин тарыхынын түптүү экенин тарыхый бийлигинде тактыда олтурган ажолорунун (хагандарынын) тизмегин көрсөтүүгө далалат жасайлы.

VIII кылымдагы кыргыз ажосунун таштан сомдолгон айкели, ушул күндө Кытай Эл Республикасынын Шан Ши провинциясындагы Шаняң шаары Чаншыян район борборунан алты километр алыста Лаңшан тоо этегиндеги «чыянлың» аталган падыша көрүстөнүнө коюлган «61 чет элдик баш кишилердин башы жок айкели» деген айкелдер тобунун ичинде турат. Ал падышалык күмбөз Кытайдын таң падышалыгынын 3-падышасы Таң Гавзоң (650-жылдан 684-жылга чейин тактыда) менен анын жубайы, Таң падышалыгынын 6-падышасы, кытайдын биринчи аял падышасы Ву Зытыяндын (684–70-жылга чейин тактыда) көрүстөнү болуп, кытайда «чыянлың күмбөзү» деп аталат да, ошол падышалык күмбөздүн эки капталына бир жагына 32 кишинин, дагы бир капталына 29 кишинин төрттөн катар тизилип турган айкели коюлган. Анда бул айкелдер эмнеге коюлган? Качан коюлган? Эмнеге алардын баштары жок? деген табышмактарга жандырмак айтсак, анан кыргыз ажосунун айкели ал жерге эмнеге орнотулганын түшүнүүгө жетишебиз.

Жазма маалыматта 61 айкелдин жасалышы, курулушу өтө көлөмдүү болуп, 684-жылы жасоону баштап, 23 жыл ичинде, атап айтканда, 707-жылы бүткөн. Ошол эле жазма баянда, жалпы 64 кишинин айкелин коюу долбоорлонуп, үчөө тулкусу сомдолгон боюнча, бирок кишинин кебетеси бүтпөй кала берген да алар коюлбаган, азыркы 61 кишинин айкели ырасмий орнотулган. Бул 61 кишинин таш айкели ошол кишинин тирүү кезиндеги бой-туругу, өңү, кийими сомдолгон. Ал ар бир таш айкел кишинин жонуна атын жана кайсыл мамлекеттин кандай баш кишиси экенин кытай жазуусу менен чегип койгон.

61 айкелдин «чыянлың»» күмбөзүнүн эки капталына коюлушунун себептери жөнүндө көрүстөндүн өзүндөгү ташка чегилген жазмаларда эч кандай маалымат айтылбаган. Ал эми кийинки изилдөөчүлөр бул айкелдердин ошол көрүстөнгө коюлушун мындай бир нече жактарга жорушат.

  1. Түрк каадасы боюнча күчтүү баатырлардын тул ташын күмбөзүнө койдурган деген жоромолдор айтылат. Бул жоромолду айтуучулар таң падышалыгын түптөөчүсү Таң Гавзунун (618-жылдан 627-жылга чейин тактыда) тукумунда түндүктөгү аз улуттардын кандаштыгы бар. Алар түндүк жактагы улуттар менен тага-жээндик карым-катышта болгон деген жоромолду айтышат да, таң падышалыгынын 2-падышасы Таң Тайзоңдун «жавлың күмбөзү» аталган күмбөздүн алдына да 14 кишинин айкелин тургузган. Анын ичинде түрктөрдүн Асана жамаатынан 4 кишинин айкели тургузулуп, жалпы таш айкелдин 30 пайызын түзгөн (караңыз, «чыянлың күмбөзү ажайыпканасынын» адис изилдөөчүсү Фан Йыңфың жазган «чыянлыңдагы 61 чет элдиктин айкелин кайра изилдөө» макаласы). Ушул эле жөрөлгөнү улап, «чыянлың» күмбөзүнө 61 чет элдик жана түндүктөгү аз улуттардын баш кишилеринин тул ташы Таң Гавзоң менен Ву Зытыяндын күмбөзүнө да коюлган деген жоромол бар.
  2. Таң Гавзоңдун кара ашына (684-жылы) келген чет элдик жана түндүктөгү аз улуттардын баш кишилеринин таш айкели тургузулган деген жоромолду айтуучу окумуштуулар Таң Гавзоң (Ли Жийе) 684-жылы кайтыш болгондо, анын жубайы жана анын ордуна тактыга олтурган аял падыша Ву Зытыян күйөөсүнүн кара ашына келген чет элдик баш кишилердин айкели күмбөзүнүн башына тургузган дегенди бир кыйла бекем айтып жатышат (караңыз, «Шанши» провинциясы жалпы тезкиресинде). Бирок мындай айтымга ынанбаган окумуштуулар, ошол 61 айкелдин ичиндеги кишилердин ичинде жана тизмесинде эчак кайтыш болуп кеткен кишилер да бар экенин туура тартып «кара ашка келгендер» дегенге күмөндүү карашууда. Мисали, 61 таш айкелдин бирөө түрктүн баш кишиси боз атчан сангун, улуу хаган Асана Мыш 662-жылы эле кайтыш болгон. Ошого 684-жылы дүйнө салган Таң Гавзуңдун кара ашына келди дегени болбойт, кадыресе тизмедеги таш айкелдин бир мунчасынын ысмынын алдына «кайтыш болгон» деген жазуу кошо чегилген, ошо «ашка келгендердин» жорумдары ишенимсиз бойдон калууда.
  3. Таң падышалыгы тушундагы коргоочу мекемелердин баш кишилери болушу мүмкүн деген жоромолду койгон окумуштуулар ошол таш айкели тургузулган мансаптуу адамдардын теги-жайын териштирип, алардын таң падышалыгы менен болгон байланышы жана андан ээ болгон мансаптарын көрсөтүшүп, таң падышалыгынан мансап алган сангундар (генералдар) болушу мүмкүн дешет. Ошол көз караштагылар, кийинки кездерде 61 таш айкелдин ичинен 36 кишинин ысмын жана мансабын окуп чыгып (калгандары окулбай өчүп калган), ошол 36 кишинин 16 кишиси сангун кол башчы экенин мисалга тартып сүйлөшүүдө. Бул жорумдагылар «чыянлың» көрүстөнү аталган бул көлөмдүү көрүстөнгө, Таң Гавзуң падыша менен Ву Зытыян аял падышанын доорунда таң падышалыгынын кол башчыларынын таш айкелин да көрүстөнгө баруучу жолдун эки жээгине каруу-жарагы менен тургузганын мисалга тартып көрсөтүшкөн. Азырынча, 61 таш айкелдин «чыянлың» падышалык көрүстөндүн күмбөз алдына коюлушу жөнүндөгү көз караштар жогоркулар.

61 айкелдин жөн-жайынын изилдениши, жогоруда айткандай, бул 61 таш айкел 707-жылы ошол көрүстөнгө орнотулганы менен, ошондон кийин 300 жылдан ашуун убакыт ичинде, 61 таш айкел жөнүндө эч кандай маалымат айтылбай кала берген. Ал Кытайдын түндүк суң падышалыгы дооруна келгенде (960–1127-жылдарда), түндүк суң падышалыгы кезиндеги жер кезер окумуштуу Суң Мейчу (1019–1079-жылдарда жашаган) аттуу киши «Чаң-Ан санжырасы» («长安志») аттуу китепти жазуу жүрүшүндө «чыянлың» падышалык көрүстөндү чалгындап текшерип, таш айкелдерин жонуна чегилген адамдардын ысымдарын көрүп, жергиликтүү элдин колунан ал айкелдер жөнүндө маалыматтары бар кагаздарды чогултуу негизинде тизме түзүп, 16 кишини бир топ кылып, жалпак ташка катары менен ысмын, мамлекетин, мансабын кайра чектирип, жалпы 4 эстелик таш койдурган. Ошону менен бул көрүстөнгө коюлган таш айкелдер кайрадан иреттелүүгө жетишкен.

Ошондон дагы 300 жыл чамасы өтүп, Кытайдын юан падышалыгы дооруна келгенде, Ли Хавин аттуу мансаптар окумушту «Чаң-Ан санжыра карыйтасы» («长安志图») аттуу китепти жазган (1342–1344-жылдар). Ошондо, «чыянлың» падышалык көрүстөндө тигил суң доорунда тургузган төрт эстелик тизме таштын үчөө гана калган болуп, 61 таш айкелдин ичинен 39 кишиинин жөн-жайын окуп, китебине киргизген.

Ошондон дагы 300 жыл чамасы өтүп, кытайдын чиң падышалыгы дооруна келгенде, Йе Йибав (1629–1686-жылдарда жашаган) аттуу окумуштуу «алтын таш санжырасы» («金石录补») аттуу китеп жазып, ал китебине 61 таш айкелдин ичинде 38 кишинин аты-жөнүн гана окуп киргизген.

61 айкелдин башынын жоголушу. Азыр Кытайдын Шанши провинциясынын Ши-Ан шаарына барып, «чыянлың» падышалык көрүстөнүн көргөн кишилер 61 таш айкелдин башы жок, тек эки айкелдин гана башы бар (бирөө кыргыз) экенин көрөт. Анда дароо башы жок жасалганбы? Башы эмне болду экен? деген суроого кабылат. Бул 61 айкелдин башынын жок болушуна жазмада айкын маалымат жок болгон соң, окумуштуулар төмөнкүдөй эки жоромол айтышат:

  1. Жер титирөөдөн баштары ыргыган. Жергиликтүү санжырадагы маалыматтарды окуган окумуштуулар ошол чөлкөмдө 1555-жылы катуу жер титиреп чоң зилзала болгонун, анда 800 миң киши каза тапканын көрсөтүп, ошол жер титирөөдө 61 айкел кулап түшүп, баштары денесинен бөлүнүп жоголгон деп жорушат. Бул жорумду ырастаган киши 1906-жылы Ши-Анга келген жапандык жер кезер болуп, ал «чыянлың» көрүстөнүн өз көзү менен чалгындап көргөн, кийин мекенине кайтып барып, «Чаң Ан тарых издери» аттуу китеп жазган. Анда 20 нече айкел жерде жатат, ооп-кыйшайып жаткандары да бар, булардын баштары катуу жер титирегенде кыйраган деген карашты жазган.
  2. Баштары киши колдуу алынган. 61 таш айкелдин башынын жоголушу боюнча жергиликтүү элдин айтымдары да чогултулган. Мында көп айтылганы: «Бир чет элдик саякатчы «чыянлың» падышалык көрүстөндү көргөн экен да, ал өзүнүн баш кишиси бул жерде күмбөз кайтарып тургандай туругуна намыстанып, өзү кыйратып жиберсе, жанына тап жетерин ойлоп, жергиликтүү элдерге: «Силердин жергеде бир кас нерсе бар экен, аны жоготпосоңор жалчыбайсыңар, апат боло берет» – деп сөз таратат. Ал ошол 61 таш айкелди кас нерселер деп көрсөтөт. Ошондо, жергиликтүү эл алардын баштарын кыйраткан экен» деген айтым басымдуу айтылып калган.

«Киши колдуу кыйратылган» дегенге дагы бир айтым: Кидан, Жүржүт сыяктуу аз улут эли Кытайды сурап турганда, алардын баш кишилери Таң Гавзоңдун көрүстөнүн кайтарып турган кебетени көрүп намыстанып, айкелдин баштарын талкалап салган болуу керек деген жоромол басма сөздөрдө көп айтылат.

Кыргыз ажосу башы менен калган. «Чыянлың» падышалык көрүстөнүнө барып 61 таш айкелди көргөндө, эки гана айкел башы менен турганын, калгандарынын бардыгы мойнунан, ал тургай көкүрөгүнөн өйдөсү жок экенин көрүшөт. Ал башы менен турган айкелдин бирөө жылаңбаш, тармал чач, муруттуу, кадыресе тонун сол жагынан кумтуланган (кыргыздар ошондой) айкелди учуратат. Бул кытай тарыхый жазмаларында, ошол эле «Чаң Ан санжырасында» жазылып калган кыргыздын VIII кылымдагы ажосу Жетисан Бекбай Багачордун айкели экени ырасталды. Бул айкелдин башы 1971-жылы көрүстөндүн айланасында жашоочу дыйкан арык казып жатканда «таш башты» чукуп алган. Кийин археологдорго тапшырган. Археологдор тарыхый жазмаларга негиздеп, ар бир таш айкелдин мойнуна табылган башты ашташтырып көрүү аркылуу, кыргыздын денесиндеги моюнга аштап, ошол тармал чач кыргыздын башын өз ордуна койгон. Дагы бир айдар чачтуу башы менен айкел бар. Аны изилдөөчүлөр тарыхый жазмага негиздеп, ал айкел түркчө жасанып жүрүүчү Таң Тайзоңдун (Ли Шымыңдын) такты мурасчы уулу Ли Чиңкүндүн айкели деп ырасташты. Анын башында 13 тал айдар чачы болуп, ал дайыма түркчө жасанып жүрчү экен деген маалыматты табышкан. Ал эми өзүнчө бөлүп айтар сөз, 61 айкелдин ичинде кыргыз ажосу башы менен, жонунда жазылган ысмы, мансабы менен таанылып турушу (ушул күндө, жонунда жазуусу барлар алтоо гана калган), Кыргыздын ороюн гана көрсөтүп калбай, VIII кылымда кыргыз бийлиги коңшу элдин көөнүн бурарлуу, атак-даңкы менен болгонун айтса болот. Азыр ажонун таш айкели башы менен турганын, жазуусу эмдигиче калышын кыргыздын ооматы катары ырымдаса болот.

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН БАШ КИШИЛЕРИ (КАГАНДАРЫ)

Кыргыздар эң эртеде бийлигинин баш кишисин «бек, бий» атагандыгы жөнүндө жазма булактарда жазылган. Андан кийин баш кишисин «Эр» (Эр Манас, Эр Солтоной ж. б.) атаган. Андан соң өзүнүн канатташ урууларына ээлик кыла баштаганда, баш кишисин «Ажо» титулу менен аташат. Кийин түрктөрдүн бийлик таасири менен баш кишисин «хаган, хан» титулдары менен, ал кийин түрктөргө каранды болуп турган доордо баш кишисин «Элтабер» титулу менен атаган. Ал Кытай таң империясы менен байланыш түзгөндөн кийин, «Тутук» титулу кошумча колдонулган. Кыргыздар уйгур бийлигине каранды болуп турган кезде, баш кишисин «Эркин» титулу менен, ал эми моңгул доорунда баш кишисин «Инал» титулу менен атаган. Мындай көп титулдар менен аталышы, көбүнчөсү, башка бийликке каранды болгон кезде, же ынтымакташ бийлик жүргүзгөн кезде, ошол башка бийлик жагынан коюлган титулдар болгону белгилүү болду. Мен чогулткан материалга негиздеп, кыргыздын баш кишилерин төмөнкүдөй тизип чыктым, негизи, Кытай мамлекетинин беделдүү интернеттик маалыматтарына таяндым. Төмөнкү кыргыздын баш кишилери деген аттарда, көбү адамдын өзүнүн ысмы эмес, ошол кезде атаган титулдук аталыштары катары көрүнөт.

Кытай жазмаларындагы ырасмий маалыматта, Кыргыз мамлекетинин баш кишилери булар болгон:

  1. Какей хан (583-жыл). Кыргыздардын эң эртеде кагаз бетине түшкөн баш кишиси Какей хан аталып, ал биздин санактын 583-жылынан 603-жылына чейин 20 жыл мансап кармаганы жазылган (Түндүк тарыхы 99-ором. «Түрктөр баяны»).
  2. Элтебер Ишбара ажо (643-жыл). Жазма тарыхка караганда, Элтебер Ишбара ажо 643-жылы Кыргыз бийлигинин ажосу болгон. Ал Кытай менен биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде байланыш түзгөн кыргыздын хаганы экени тарыхый жазмаларда кенен жазылган. Ажо 648-жылы Таң падышалыгынын ордосу Чаң-Анга өзү элчилик тобун баштап келип, императордун кызуу кабылдашына ээ болгон. Ажого сол канат сангун, Кыргыз тутук мекемесинин тутугу деген мансаптарды берген. Ажо да сый дасторкондо кенен сүйлөп: «Кыргыздардын бир тайпасы байыркы Ли лың сангундун тукумдарынан болобуз» деген сөздү айткан. Бул Кытай падышасы үчүн күтүлбөгөн сүйүнүч болуп: «Теги-түбүбүз бир экен» деген сөздү айтып, ажону абдан урматтаган. Элтебер Ишбара ажо 37 жыл тактыда олтурган деген маалымат жазылган.
  3. Тачам кутлук (681-жыл). Кытай жазма булактарында, кыргыз хаганы Тачам Кутлук деген гана маалымат жазылган. Бирок ал боюнча баяндар али изилденип жатат. Тачам Кутлук 681-жылдан 693-жылга чейин тактыда олтургандыгы жөнүндө маалымат жазылган. Тачам Кутлук бийлик башында 12 жыл турган.
  4. Жетисан Бекбай Багачор (693–708) Кыргыз бийлигинин Тактысында 14 жыл чамасы отурган. Бул кыргыз хаганынын ысмы жана мансабы кытай тарыхында айкын жазылып гана калбай, анын таштан сомдолгон айкели да таң падышалыгынын байыркы ордосу «Чаң-анда» ушул күнгө чейин турат. Кытай тарыхында, бул кишинин өз аты «Жетисан» экени, ал өз кезегинде «бек» болгону жана «бай» деген атагы бар экени, ошол кездеги мансабы «багачор» аталган деп чечмеленген. Ал эми таң падышалыгы аны «сол канат сангун, кыргыз коргоочу мекемесинин тутугу» деген наам менен атаганы жазылган.
  5. Барс бек (708-жыл). Тарыхта жазылган маалыматка караганда, Барс бек кыргыз хандыгына 708-жылы баш киши болуп турган. Мансап аталышы «Бек» болгон. Ал бийлик тактысында 4 жыл олтурган. Барс бектин баяны чыгыш түрк хандыктарынын ташка чегилген баяндарында, атап айтканда, «Тунюкук», «Колтегин», «Билге хаган» ташка тамга басылган баяндарда жазылып калган. Барс бектин таш тулу Чыгыш Түрк хагандарынын бейитине коюлгандыгы жөнүндө айтылат. Барс бек Чыгыш Түрк хаганы кыргыздарды түн уйкуда бастык, хаганын өлтүрдүк деген баяндагы хаган ошол Барс бек болмогу убакытка шай келип турат.
  6. Кутлук Билге (711-жыл) хагандын баяны 718-жылкы түрктөр менен Таң падышалыгынын согуш окуясында баяндалып, кыргыз хаганы өзү черүү тартып, Таң падышалыгы менен бирге согушка катышканы, кыргыз хаганы баштаган кошууну абдан баатырлык көрсөтүп, Таң падышалыгы жагынан: «Атканын жазбаган, беттеген жагынан кайтпаган» кошуун деген даңаза алганы жазылуу турат. Ал кыргыз хаганына: «Оң канат ноён сангун, Кыргыз тутук мекемесинин тутугу» деген мансапты берген. Кутлук Билге хаган тактыда 11 жыл олтурганы жазылган.
  7. Ишбара Шайжо Баш эркин (722-жыл). Тарыхый булактардагы жазмада, кыргыздын Ишбара Шайжо Баш эркини 722-жылы кийинки түрк хагандары менен чогуу Таң падышалыгы ордосуна келгендиги, Таң кыргыздын хаганын өзгөчө сыйлап, ага ноён сангун атагын бергендиги жөнүндө баян жазылган. Ишбара Шайжо Баш эркин тактыда бир жыл гана олтурган.
  8. Чолпон Бага Чоң эркин (723-жыл). Тарыхый жазмада, кыргыздын дагы баягыл эле кийинки түрктөрдүн хагандары менен чогуу Таң падышалыгынын ордосуна келгендиги боюнча маалымат жазылган. Ал баш кишиге да ноён сангун атагын берген. Чолпон Бага Чоң эркин тактыда 35 жыл отурганы жазылган.
  9. Билге Тон эркин (758-жыл). 758-жылдан 790 жылга чейин 32 жыл бийлик жүргүзгөн. Анын бийлиги тушунда кыргыздар уйгур бийлигине каранды болуп турган кез болгон. Ал тарыхта жазылышынча, Тон эркин кезинде, арабдардан абдан оор кебез була олпоктор ташылып келгендиги, ар бир олпокту 24 унаага жүктөп келүүгө боло турганы жөнүндө баяндалат.
  10. Кыргыз хан (790-жыл). Кыргыздарды карандысына алып турган уйгур бийлиги алсырай баштаганда, кыргыздын баш кишиси Эр өзүн кыргыз хан деп жарыялаган. Ал хандык тактыда 32 жыл олтурган. Ал уйгурлар менен 20 жылга жакын согушкан. Кийин уйгурдун ордосун кыйратып, олжого түшкөн Таң императорунун ханыш кызын куткарып чыгып, аны Таң ордосуна элчилик тобу менен коштотуп жолго салганда, жолдон уйгурлардын калдык жоокерлери элчисин, коштогон жоокерин өлтүрүп, ханыш кызды тартып алып кеткен окуя жазылган. «Худуд ал аалам» аттуу эмгекте кыргыздардын баш кишиси «Кыргыз хан» аталат деп да жазылганы бар.
  11. Бойла Кутлук жаркан (822-жыл). Кыргыздын баш кишилери жөнүндө Кытай тарыхый жазмаларында эң көп баяндалган хаганы, 822-жылдан 863-жылга чейин 41 жыл тактыда олтурган. Тарыхтан караганда, тактыда олтурган убакты да эң узун хаган болуп, бул хаган Кыргыздын улуу каганатын курган хаганы деп айтууга болот. Бул каганды «Яглакар хаган» деп атаган изилдөөчүлөр да көп. Асиресе, өзүнө койдурган «Сужи дабандагы» тул ташка: «Мен Бойла Кутлук жаркан…» – деп баштап, керээзин ташка чектирген. Ал керээзи ушул күндүн изилдөөсүндө «Сужи эстелиги» деген ат менен дүйнөгө таанылуу болуп келет. Бойла Кутлук жаркан кыргыз бийлигинин башында турганда, Кытайдын Таң падышалыгы жана анын падышасы менен өтө тыкыс байланыш орноткону, өзүнүн территориялык чөлкөмү Энесайдан баштап, Тян-Шан–Памирге чейинки аймактар экени тарыхый булактарда кенен жазылган. 840-жылдан 847-жылга чейин Кытай падышасы менен 15 жолудан көп кат алышкан, ал каттары азыр да сакталуу турат. Ошол эле 7 жыл ичинде Таң падышалыгына үч жолу элчи жибергени, эң эле атактуусу 843-жылы Жоокусол алп баштаган 300 адамды элчиликке жөнөткөнү, ал элчилиги Чаң-анга келгенде, падыша өтө жакындык менен тосуп алганы жазылган. Тарыхый жазмада, кыргыз элчиликтин бул жолку тобу да бүт эле кыргыздын этнографиясын алып келип, атап айтканда, куш-тайганы менен келгендиги жөнүндө баян жазылган. Падыша вазирине буйруп, бул жолу келген кыргыз элчилик тобун сүрөткө чийдирип, «Кыргыздардын ордого келгендиги жана тартуулары» аттуу баянын жаздырган. Ал китепти ордонун бүтүкчүсү Лү шу аттуу киши жазып бүткөн. Китепке Ли дийү деген окумуштуу вазир баш сөзүн жазган. Азыр бул китеп али бар экени жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга ээбиз. Бирок китепти колго тийгизүү мындан кийинкинин жумушу катары турат. Ал Кытай падышасынын кыргыз хаганы Яглакарга жазган каттары «Ли дийү чыгармалар жыйнагы» деген ат менен сакталуу. Ошол китепте кыргыздардын элчилигин сүрөткө чийген сүрөттөрдүн кээ бирөө да табылды. Бойла Кутлук жаркан хаганга, атап айтканда, Яглакар хаганга 847-жылы Таң императору өтө салтанат менен атайын элчи жиберип, «Бабасынан бери акылман, баатыр хаган» деген атакты тапшырткан. Бирок ошол жылы хаган кайтыш болгон.
  12. Орус инал (1207) кыргыздарды моңгулдар каратып алганда, анын карамагындагы бийлик жүргүзгөн кыргыздардын баш кишисин «Инал» мансабы менен атаган. «Юан тарыхында» кыргыздын Орозду (Орус) инал, Каркатай инал деген сыяктуу бир нече баш кишилеринин аты айрым-айрым доорлордо аталганын окуйбуз.
  13. Мөңкө Темир хан (1399~1415) тарыхта Огачы Кашка, Бурят Огачы деп да аталган. Моңгол бийлиги тушунда ооматы келип, Атсо, артай уруулары менен биргелешип, ойрот ханын жеңип, кандык тактыда олтурган. Юан падышалыгынын наамын ногой (татар) деп өзгөртүүгө жетишкен. Бийлик жүргүзгөн кезде «ойротто жок» баш киши болуп өкүмүн жүргүзгөн.
  14. Эскей хан (1415~1425) Мөңкө Темир хандын баласы. Аны эл ичинде Отор хан деп да атаган. Атасы Мөңкө Темир хан (Огачы Кашка) ойроттор жагынан өлтүрүлүп, бир мезгил бийликти ойроттор алган. Эскей эр жетип, Миң падышалыгынын колдоосу менен моңгол талаасынын бийлигин кайрадан алып, 10 жыл тактыда олтурган. Кийин бийликти кайра батыш ойроттор алуу менен кыргыз бийлиги колдон кеткен. Ошондон соң кыргыздардын батышка көчүүсү басым болуп, моңгол талаасы кыргыздын колунан кеткен.

«Ала-Тоо», декабрь, 2015

Үндөш тема: «Юан тарыхый» жазма булагы, Фу-йу кыргыздары

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *